АҢГЕМЕ
Кайсы бир айлуу түндө Төлөбете ачылыш жасады.
Ал мындай эле: төшөктө оң капталы менен жатса ал өзүн румын сезет. А сол капталына оодарылса – ал, демек, молдован. Ачылыш, эгер ойлоп көрсө, күтүлбөстөн, атургай, табышмактуу болду. Ошондуктан Төлөбете аялын ойготту. Ал аңкоо катын болсо да, тигинин эмне тууралуу эбиреп жатканын түшүнгөндө тек гана көздөрүн алайтып катып калды. Андан соң ал мурда айтууга батына албай жүргөнүн моюнга алды: көрсө ал, мына, эки жылдан бери чалкасынан жатса өзүн румын айым, ал эми көмкөрөсүнөн жатса – молдован айым сезип жүрүптүр.
Аялынын бул сөзү Төлөбетеге аябагандай катуу таасир этти. Бирок ал эч нерсе деп айткан жок, тек гана ага дубалдагы күбө жеген тушкийиздин тешигинен шыкаалаган атчан түрктүн желе басып саргайган сүрөтүн карап тим болду. Акыр-аягы, таңкы төрт чендерде, аялы бул тирукмуш улуттук чаташуудан эси оой, бети менен жаздык кучактап уйкуга киргенде, Төлөбете жаман айтпай жакшы жок деген жыйынтыкка келди.
Үй-бүлөлүк турмушуң кандай гана бактылуу болбосун, эч качан көкөйгө тийбейт дегендериң да качандыр бир кезеңде тажата баштайт эмеспи. Бирок аялың чалкалап жатса румын айымга, а көмкөрөсүнөн көмөлөнсө – молдован айымга айлана турган болсо, сенден ашкан бай болорбу?! Анткени сен туруп-туруп эле эки аялдуу боло калып атпайсыңбы. Гарем! Эми минтип Төлөбете өзү же ал каалаган ыңгайга жараша экөө менен тең жатат: бирде румын айым менен, бирде молдован айым менен.
Төлөбете оң капталы менен жатканда өзүн румын, а сол капталы менен жатса – молдован сезерин билип алган соң аялы ары оонаса – румын, бери оонаса – молдован күйөөсү менен жатканда өзүн ар башкача алып жүрө баштады. Башкача айтканда, ал канчалык аңкоо болбосун, өзү молдован айым болсо да (көмкөрөсүнөн жатканда) румын менен (Төлөбете оң капталына оогондо) уктагандын кыныгына кирип алды.
Бир жума ушинтип өттү. А кийинкиси келгенде окуянын жүрүшү кескин өзгөрдү. Анткени аялы: румын менен эле уктай беремби? Кудай алып кетсин, эми мен молдован менен жатам деди өзүнө өзү. Анын бул чечими төшөктө жатуу абалын радикалдык алмаштырууга алып келбеспи: аялы чалкасынан жатса, күйөөсү дароо сол капталга оойт. Мунун баары анын күчүн эки элди төшөктө жатуу ыңгайынын төрт абалына бөлүү жолу менен өлчөнүүчү болуп көрбөгөндөй канааттануу менен аяктачу.
Кереметтүү түндөрдүн бир түнүндө аялынын боюна бүтүп калгыча бардыгы жакшы келаткан. Анан көп узабастан көз жарды. Бирок аял кызыгы күч махабат кучагында болгон ушунча айлар ичинде өзүн бирде румын айым, бирде молдован айым сезип жүргөндүктөн, ичтен чыккан чүрпөсүнүн кайсы улуттан жаралганын эсептей албай койду. ЗАГС кызматкери ата-энесинин кайсы улутка таандык экендигин сураганда Төлөбете эрди-катындар кайсы күнү кайсы капталда жатышканын эстей албай эңги-деңги болушту.
Төлөбете ата катары, тактап айтканда, молдован боло туруп, андан да тагыраак кеткенде, сол капталы менен жатып канча ирет туш кийиздин тешигинен атчан түрктү көргөнүн эстей албай эси оосо, ошол эле маалда аялы баланын энеси катары Төлөбетенин канча жолу оң капталга оогонун, башкача айтканда, канча ирет румын болуп жарпын жазганын чечекейи чеч боло санаса да санай албай айласы алты куруду.
ЗАГС кызматкери, ошентип, ымыркайдын ата-энеси кайсы улуттан экенин аягына чейин аңдай алган жок. Бирок тиги экөөнүн үзүл-кесил кептеринде кайдагы бир атчан түрк дембе-дем айтылгандыктан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө ал дагы атчан түрктөрдөн чыккан деп жазып салды.
Албетте, бул тарыхый чындыкка шайкеш келбейт. Бирок анын андай эместигин далилдеш үчүн толгон-токой академиялардын күч үрөгөн аракети, ага кошо жүз жылдык иликтөөлөр, ага кошо бир атуулдук жана бир дүйнөлүк согуш талап кылынды.
Орусчадан которгон Капар ТОКТОШОВ