Улук Уракун: Токтогул менен Бокемдин жолугушуусу

  • 17.03.2023
  • 2202

АҢГЕМЕ-ФЭНТЕЗИ

Абсурд аны менен макул болбогондо гана мааниси бар.
(Альбер Камю)

Анын ушундай мурду болгон, бильярддын кийи менен сайып жибергиң келчү. 
(Даниил Хармс)

Белгилүү төкмө акын Болот Назаров түтүн каптаган дүйнөдөгү эң кир шаар аталып, атагы алыска кеткен Бишкекти аралап жүрөт. Жупуну кийинген акын айлана-чөйрөгө көңүл бурбай бозоргон шаардын келбетине дал келип өзү да бозала чаң.

Болот башын ылдый салып ойго чөмүлгөнү чөмүлгөн. Көңүлү сумсайынкы акын басканын да, ойлонгонун да токтото албай барат. Ошентип отуруп өткөн кылымдын башында жергиликтүү болуштун уулдарын “беш каман” деп сындап, сүргүнгө айдалган улуу акын Токтогулдун опера жана балет театрынын жанындагы айкелине жетип калганда Болот эстеликтин астындагы тепкичке капыстан чалынып, жерге кулап түшөт. Өйдө болуп ооруксунуп калган бетин канадыбы деп колу менен ушаласа, кан тургай мурдунан дайын жок! Чочуган акын карайлап эки жагын карап балээ баскан мурдун издей баштайт.

- Макоолукка айла жок! – асмандан күн күркүрөп чагылган түшкөндөй... бирөөнүн үнү жаңырат.

“Кудай урду, бул эмне болгон шумдук!” деп акын эсин жыйгыча болбой: 

– Ме, жем баштыгыңды ал да, бул жерден көзүмө көрүнбөй тезинен кет! – деп аны өйдөдөн чыккан үн кубалайт. Караса, кадимки акындардын пири аталган Токтогул, тагыраагы, анын заңгыраган эстелиги, жанданып маңдайында турат. Ажайып айкел адегенде Болоттун барбыйган мурдун сол колу менен ээсине ыргытып берди да, андан соң оң колундагы комузун колтугуна катып, жерди титиреткен кадамдар менен ары карай басып кетти.

Зор эстелик кыйылбаган бытыраңкы бадалдарды айланып өтүп, бийик калың дарактарды аралап барып театрдын артына бурулуп, көздөн кайым болду. Анын артынан элейип караган Болот «сыягы, өзүн жеңилдетүүгө жөнөп калган го» деп ойлоп койду, мурду табылганына сүйүнүп.

Ошондон бери Болоттун мурду кайра оордуна тагыла элек. Доктурлар жардам берүү колдорунан келбестигин айткан соң, ал аны бөлмөсүндөгү шкафынын түбүнө формалин куюлган банкага сактап койгон. Мурунсуз Болот атка конгон акын, дайыма бул кемчилигин жашырып, бет капчан жүрөт. Болот мурун деле өзүн өгөйлөткөн коомдон сырткары сезип жүргөнү менен, чынында ал жашоонун эң таза түрүндөгү тирүү жан эле. Демек, мурдунун бары-жогу анын тагдырын анчейин деле өзгөрткөн жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз