Юсуф Идрис 1927-жылы 19-майда Аш-Шаркия губернясынын Бейрум айылында төрөлүп, 1991-жылдын 4-августунда каза болгон египеттик жазуучу. Ал Каир университетинде медицина тармагында окуп, өзүн толугу менен адабиятка арнаганга чейин бир аз убакыт алган кесиби менен иштеген. 1959-жылы «Аль Гумхурия» гезитинде журналисттик ишке өткөн.
Студенттик жылдарында аңгеме жаза баштаган. Биринчи жыйнагы – “Эң арзан түндөр” 1954-жылы жарык көргөн. Жалпысынан Ы.Ыдырыс он аңгемелер жыйнагын, бир нече повестерин жарыкка чыгарган. Ал египеттик «Аль-Ахрам» гезитинде дайыма басылып турган. Новелла жазуунун чебери эсептелген.
АҢГЕМЕ
Анын түн ортосунан көп өтпөй укканын чаңырык дешке да болбойт. Бул үн адамдан, жадагалса жаныбардан да чыккан добушка окшобойт. Тескерисинче, бир зор күчкө ээ, боору ооруганды таптакыр билбеген кандайдыр бир акылга сыйбас алптын колу менен сөөктөрдүн кычырап сынганына окшош болчу. Үн күтүлбөгөн жерден караңгылыктын кучагындагы бейпил жаткан жайлуу үйдүн жымжырттыгында жаңырды. Уйкуда жаткан бул үй өзүнүн өзгөчө түнкү жыты менен, башка үйлөрдөн айырмаланып турчу. Үй терезелери, көчө жарыктары акырындап өчүп, айланадагылардын баарын үргүлөтүп барып терең уйкунун кучагына тартып кетчү шаардын эң бир кооз, тандамал бөлүгүндө жайгашкан. Бул жерге шаардын борборунан чыккан тынымсыз ызы-чуунун алсыз жаңырыгы учуп жетип, эмне айтып жатканы билинбей күүлдөп турчу.
Мына ушул бейпилчиликте жаткан тынчтыкты кайдан-жайдан, балким башка дүйнөдөн, капысынан, далыга бычак сайылгандай, кырылдаган, тамакты жарып чыккансыган, уккан адамдын кулагы чыдагыс жапайы, түшүнүксүз чаңырык бузду. Бирок үйдө да, бүтүндөй кварталда да бул чаңырыкты ал гана жалгыз уккандай сезилди. Көзүн жумуп, жарым эс болуп, уйку-соо ортосунда жатты. Үн күтүлбөгөн жерден чыккандыктан, ал эмне экенин дароо түшүнгөн жок. Бирок кийинки көз ирмемде денеси белгисиз шектенүүдөн улам титиреп чыкты.
Бул бир гана көз ирмемге созулганы менен, уйкусу умачтай ачылып, аны бир күнөөлүү сезим, бул чаңырык менен өзүмдүн кандайдыр бир байланышым бар, бул байланышты өзүм жараттым, ага мен гана жооптуумун деген түшүнүксүз, бүдөмүк адам чыдагыс тынчсыздануу басып алды. Эми ал акырына чейин баарына чыдашы керек.
Башын буруп аялын карады. Аялы ойгонбоптур. Ал кыймылдаганда аялы бир нерсе деп күбүрөнүп, экинчи капталына оодарылды. Кудай жалгап, чаңырык анын уйкусун бузган жок. Ага эч ким тоскоол болбосун түшүнгөндө көңүлү бир аз жайланды. Өз алапайын табалбай турган учурда аялынын бул жерге аралашканынын кажети жок.
Бул эмне деген чаңырык, ал кайдан чыкты?
Ошол замат анын оюна миңдеген божомолдор келди, ал корккон жападан жалгыз нерседен башкасы. Үйдө да, кварталда да, бүт дүйнөдө да эч нерсе өзгөргөн жок. Албетте, бул күтүүсүз үн чоочун, бул жерге бөтөн, жат адамдан чыккан, бирок ага болгон акыл-эси, жан дүйнөсү менен ишенгиси келбеди. Ал мындан ары ойлонгусу келген жок. Бул жөн эле үн болчу. Эң башкысы, кайра кайталанган жок. Бир аз убакыт өттү. Бир көз ирмем, бир мүнөт, бир нече мүнөт өттү. Түнкү жымжырттыкта эч нерсе угулбайт. Үмүт пайда болду.
Бирок капысынан күңгүрөгөн үн чыгып, ал тик жерден шаркыратма кулап түшкөнсүгөн күркүрөккө айланды. Жанагыдай эле сынган сөөктөрдүн кычыраганы туюк түтүктүн ичинде жаңырып, күңгүрөп жаткандай сезилди. Аңгыча түтүктүн оозу ачылып, андан жардамга чакырган ачуу, көпкө созулган, бүтпөчүдөй чаңырган үн чыкты. Чаңырган неме унчукпай калгандан коркконсуп: ал үчүн үн чыгарбоо өлүм менен барабар сыяктуу. Мына. Кайра башталды.
Экинчи чаңырык ушунчалык үрөй учургандай чыкты, бирок бул жолу анын булагын так билсе дагы, денесиндеги титирөө коркуудан эмес, чаңырыктын артында катылып жаткан коркунучтуу белгисиздиктен улам чыгып, ал дагы эле калтыраганын баса албады. Ал ушунчалык чочуп, дал боло түшкөндүктөн, аялы ойгонуп, кантип керебеттен баш көтөрүп олтуруп калганын байкабаптыр, аны ага бурулуп, коркуп, шыбырап суроо бергенде гана көрдү:
- Бул эмне? Оо, Кудай, тез айтчы, тыякта эмне болуп жатат?.. Кудай үчүн бол тез, тезирек карачы…
Ал эмне деп жооп берерин түшүнө электе, аялы оюна келген коркунучтуу шектенүүдөн теңселе түшүп, эрине жекире карады:
- Бул жанагы немеңби?
Күйөөсүн оозун ачканга үлгүртпөй ажылдады:
– Мен сага айттым го. Жакшы эле какшагам. Ушундай болорун билгем….
Ооба, ал чындап эле айткан, талашкан. Жанагы болгондун баары анын эркине, макулдугуна каршы болгон. Албетте, эми ал ошол айтканын караманча унутпайт, айла канча, ага чыдап, тынчтандырыш керек. Анткени бул жөн гана түш. Баары өтөт. Баары жакшы болот. Баары мурункудай болот.
Эми баары мурункудай болушу мүмкүнбү? Атүгүл сөздөр, атүгүл эң жөнөкөй тыбыштар да өзгөрүп кеткенсиди. Бул ашыкча кептердин азыр кереги барбы? Көп сөздөр айтылды. Бул анын позициясында таң калыштуу деле эмес. Сулуу аял, азыр эле сахнага чыкса да жарашат. Сандарын карабайсыңбы, ал тургай караңгыда да үлбүрөгөн түнкү көйнөгүнүн ичинен тысырайып адамды азгырып турат. Бир гана өкүнүчтүүсү, азгырганга эч ким жок. Жадагалса төшөктө жатса да кийгени жарашыктуу көйнөк, денесине шыбаганы жыпар жыттуу косметика. А жанында жан дүйнөсү карып, чачтары түшүп, көздөрү мурдагы курчтугун жоготуп, дайыма тыбырчылап уктай албай жаткан күйөөсү. Мындай шартта сөздөрдүн көбү кайра-кайра кайталана берери таң калыштуу деле эмес. Адатта, анын өз ою жок болчу.
Эми экөө тең үчүнчү чаңырыкты чыдамсыздык менен күтүп, күйөөсү кайра кайталанбайт деп ишендирди, аялы сөзсүз кайталанат деп тажаалданды. Бир маалда ашканадан, ооба, ошол жактан, бул жолу эч кандай шек жок, мышыктын айласы кеткен мыялоосун эске салган чаңырык угулду.
Ал аны ооздуктоого аракет кылып, бүт эрки менен каршылык кылса да, сыртка жарып чыккансыйт. Сыягы, ал киши болгон күчүн чогултуп, кандай болбосун үнүн сыртка чыгарбоону чечкен го. Бул жан чыдагыс, азаптуу, муңдуу, боздогон үн, айласыздан жардам сураган: «Аа, аа-аа-аа, аа-аа!» – деген кыска-узун, созулган, тарсылдаган, укмуштуудай бийик да жапыз, эрктин күчү менен басаңдаган, кансыраган, кыпкызыл чокко салгандай, жаңы жарага йод куюп жибергендей үндөрдүн аралашмасы эле.
Ою туура чыкканына көзү жеткен аялы коркконунан оозу ачылды. Ал тиги чаңырыктын бүтүшүн эле күтүп, өзү кыйкырууга даяр болчу. Бирок ый аралашкан чаңырык токтогон жок, ал айласыздан тыңшап калды. Оозу дагы эле жабылбай ачык. Бүткөн бою титиреп, эринин колун мыкчый кармап, ага жабышты. Дал ошол учурда ал чыдабай бакырып жиберер абалга жеткенде, тигил боздогон үн аны чыгарып жаткан кандайдыр бир аппарат бузулуп калгансып тык токтоду.
Кереметтүү, ооруну басып, айыктыруучу бальзамдай болгон бузулбас жымжырттык. Эгер жымжырттык дал ушул маалда келбесе, мынчалык бузулбаса, жинди болуп кетүүгө мүмкүн.
Көпкө унчукпай отургандан кийин аялы:
- Мына, көрдүңбү, Хадиди!
Ал араң угулган шыбыры менен жооп берди:
- Афат, суранам сенден...
Бирок аялы анын өтүнүчүнө кулак салган жок. Акырын, бирок өжөрлүк менен кулагына ызылдап жатты:
- Мен жөн гана билгим келет... Суранам, мени жинди кылба... Мен аны эмне үчүн мейманканага жайгаштырбаганыңды билгим келет? Эмнеге туугандарыныкында калтырган жоксуң? Эмнеге мындай кылдың? Эмне үчүн? Мени жинди кылуу үчүнбү?
Эмне үчүн мындай кылганын өзү билбесе, ага кантип түшүндүрөт.
* * *
... Ал эчак эле өз чечимин чыгарып, Зининдин тургундарына жардам берүүнү таптакыр токтоткон. Аларды жумушка орноштуруп, иштерине кийлигишкенди койгон. Анткени анын жердештери ушундай, кокустан эл ичинен бирөө баш көтөрүп чыкса болду, баарылап бутунан ылдый тартып, өз түйшүктөрүнүн сазына батырышат.
Тууган-туушкандарынын түйшүктөрүнүн көбүн айтпай эле кой! Баарын таштап, жалаң ошолор менен гана алектенсең да, өмүрүң жетпейт. Анткени, ар бир адамдын өз көйгөйү бар, ар бириники маанилүү, ар бириники шашылыш, баары туура чечимди талап кылат. Ал эми Зининде жүз миң киши, демек жүз миңдей көйгөйлүү иши бар. Ошондуктан, ал өз алдынча жашоону биротоло жана чечкиндүү түрдө чечип, бир гана өз түйшүгү, өз иштери менен алектенип, бийиктикке өсүп чыккан адамдын абалы алар үчүн адам чыдагыс азаптай сезилип, аны өздөрүнүн деңгээлине чейин чөгөлөтүп тизе бүктүрүп, алсыздыгын мойнуна алганга чейин тынчыбай, ылдый сүйрөөгө умтулган сансыз колдордон арылууну көздөгөн.
Бирок бүгүн түшкө жакын катчысы кирип, Фахминин жакындары, анын атасы жана агасы, ага жолукканы келишкенин кабарлады. Өмүрүндө бир гана Фахмини билчү. Бул ал-Хадидинин өзүнөн акылдуу деп билген биринчи, балким акыркы адамы. Мектепте окуп жүргөндө эле Фахми класста эч ким жооп бере албаган суроого жооп берүү үчүн ордунан турганда, аль-Хадиди бүт денеси менен ага бурулуп, анын акыл-эстүүлүгүн, көрүнүктүү жеке сапаттары чагылдырган кубарган, сөөктүү, ошол эле учурда сүйкүмдүү жүзүн көпкө суктана тиктер эле.
Анын ар бир сөзүн калтырбай кунт коюп укчу. Ал тургай Фахминин кантип сүйлөгөнү да жакчу. Анын үстүнө анын сөздөрү укмуштай так, ар бир сөзү башка окуучулардын түшүнө да кирбес ойду ушунчалык түшүнүктүү жеткирер эле. Фахми андай ойлорду оңой эле, кымындай да аракет кылбастан, дубалдары сыйрылып, боёгу түшкөн жеринен чопосу көрүнгөн класстан тапчу.
Шиферден бир аз чоңурак, кичинекей эскилиги жеткен тактай илинип турчу класста жүндөн же кагаздан жасап алган топучан, агалары же аталарынын жамап-жаскап берген эски бут кийимдерин кийишкен, апалары көйнөк тигүү үчүн сатылып алынган кездеменин калдыктарынан тиккен баштыкчаларын жандарына коюп, ондогон окуучулар отурушчу. Ошол өткөн күндөрдө аль-Хадиди билимдин босогосун жаңы аттаган, окуганды, жазганды үйрөнгөн. Ошол кезде Фахми анын ынак досу, аздек тутканы болчу.
Чын эле анын үй-бүлөсү азыр күтүү залында анын кабыл алуусун күтүп олтурушабы?
Аларды кирүүгө буйрук берди.
Үчөө, жок, төртөө кирди, окшошуп баарынын бойлору кичинекей. Эмнегедир төртүнчүсү үч бүктөлүп алыптыр. Аль-Хадиди аларды кунт коюп карады. Фахминин элеси анын эсинде өчпөстөй болуп сакталган. Ал Фахминин атасы же агасы ким экенин билүүгө аракет кылып, кайра-кайра карады. Бирок ага бул жердегилердин жүздөрү бейтааныш эле, ал тургай Зинин шаарынын тургундарынын бирине да окшошпойт.
- Фахми кайда?
Өздөрүн ыңгайсыз сезген тиги үчөө бири-бири менен жарыша үч бүктөлгөн төртүнчү адамды көрсөтүштү.
- Мына...
- Ал мына, Хадиди бей.
- Демек, бул сенсиңби?
- Ооба, ал ушул...
Эркек башын көтөрүп аль-Хадидини карады, бирок ийилген белин түздөгөн жок. Аль-Хадиди чөптүн арасынан ийне тапкысы келгенсип көпкө тиктеди: ал жок дегенде ага бир кезде абдан кымбат, бала кездеги досунун элесин табууга аракеттенди.
— Сен Фахмисиңби?
— Ооба… бул ошол, мырза.
Анын жүзү мүрзөдөн жаңы эле чыгарылган же тескерисинче, ошол жерге коё турган мумия сыяктуу болчу. Оорунун катып калган издери анын жүзүн кыймылсыз кылып салгандай.
– Сен Фахми – эчки уурусуңбу?
– Ошонун дал өзү, байкеси... Сиз аны менен чогуу мектепке окубадыңыз беле... Сиз аны унутуп койсоңуз керек.
Ушундай болушу мүмкүнбү? Жүзүнө шыктуулуктун мөөрү басылган, тыкан, таза, акылы, кыраакылыгы жаркыраган көздөрүнөн көрүнгөн, сейрек кездешүүчү жөндөмү бар бала, эми араңжан, жүзү топурактай бозоруп, майы түгөнүп бараткан биликтей бүлбүлдөп, көздөрүнүн жалыны өчкөн бир чал...
Аль-Хадиди таң калганынан эси эңгирей түштү. Ал эртеби-кечпи Фахми менен жолугарын билген, бул маанилүү жолугушууга өзүн өзү даярдап жүрчү. Аль-Фахминин алдында кандайдыр бир тартынгансып турчу, бирок бул көбүнчө Фахминин өзүнөн жана башкалардан түбөлүккө жогору турарына болгон ишениминен улам болчу. Эгер ал бала кезинде биринчи болсо, анда ал өспүрүм учурунда да, жигит болгондо да биринчи болот деген сезими бар эле.
Бирок жолугушуу ушундай шартта болуп, анын эсинен кетпей жүргөн бир кездеги ынак бала ушул аянычтуу адамга айланат деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Фахми менен болор жолугушууну ойлогондо, ага көп нерсени айтууга камданган. Ал анын профессор, Чыгыштагы органикалык химия боюнча эң атактуу адис, чоң фирманын башкармасынын төрагасы, доктор ал-Хадиди болушуна, министрликке кайра-кайра көрсөтүлүп, Чыгыштагы жана Батыштагы ондогон илимий комитеттердин, уюмдардын мүчөлүктөрүнө шайланышына Фахминин салымы чоң деп айткысы келген. Отуз жылдан ашык убакыт бою анын элеси аль-Хадидинин дымагын тынымсыз камчылап, касиеттери олуянын өчпөс жүзүндөй эсинде сакталып калган таланттуу баладан жок дегенде бир жолу да ашып түшсөм деген купуя умтулуусуна түрткү болгон. Мына, ошол жолугушуу. Мына ошол ыйык адам.
– Сен Фахми… эчки уурусуңбу?
– Ооба, мырза...
– Эчки эсиңдеби?
–-Кайсы эчки, мырза?
Фахми бул эчкини тантык Мансурдун атасы Хусейн Абу Махмудго элүү пиастрдык дары сатып алуу үчүн уурдаган, айтымдарында, анын жанын сактап калар жападан жалгыз дары ошол экен. Анткени, Фахминин башка сапаттары менен бирге, аябай боорукердиги, адамгерчилиги бар эле. Кимдир бирөө бир нерсеге муктаж экенин билсе, ага жардам кылуу үчүн башка шаарга жөө баруудан, же түнү бою уктабай, же эртеден кечке талаада иштөөдөн да тартынчу эмес. Ал эчкини уурдап кеткенде баары аябай таң калышты. Кийинчерек анын эмне максатта ал ишке барганы белгилүү болгондон кийин, аны кечиришти, бирок баары бир, лакап аты ошо боюнча калып, акырындык менен анын чыныгы атын алмаштырган болчу.
– Сени көргөнүмө кубанычтамын... Менден кандай жардам керек?
Алар дагы жүздөгөн адамдар сыяктуу эле ал өзүнүн таасирин, кадыр-баркын салып, керемет жаратат деп үмүттөнүшкөнү анык. Фахми, ооруп жатыптыр, аны ооруканага жаткыргылары келет. Ал Фахми менен өзү сүйлөшүп, оорусун сурайын деп аракет жасады, бирок тигил бүгүлгөн боюнча башын көтөргөн жок, ал бир да сөздү укпаган сыяктуу. Атасы менен агасы кечирим сурап, ал көптөн бери ушинтип жүргөнүн, кээде дудук немедей керээлдин кечке унчукпай каларын айтышты. Бирок ал жинди болбоптур, анын оорусу психикалык эмес, табарсыкта экен.
Алардын сөзүнөн аль-Хадиди бул табарсык рагына айланган бильгарциоз экенин түшүндү. Алар аймактагы бардык дарыгерлерге, ооруканаларга барышты, күйгүзүп жана акупунктура менен дарылаган табыптарга кайрылышты. Акыры провинциянын башкы ооруканасында операциянын эч кандай пайдасы жогун, Каирде рентген менен дарылануу керектигин айтышты...
– Ошентип сага келдик, мырза, Аллах сени, балдарыңды бардык жаман нерселерден сактап, ден соолук берсин.
Тигилер айтпаса деле Фахмиге жардам берүүгө аракет кылам деп чечкен. Кантсе да ал бул үч бүктүлгөн эски кийимчен кишиге чексиз карыз. Карыздан кутулууга убакыт келди.
Биринчи кезекте Фахмини коштоп жүргөн «жуучулардан» кутулуу зарыл, аны үйүнө түнөтүп, эртең менен рентгенолог досторунун биринин жардамы менен ооруканага жаткырышы керек… Бирок аны үйүнө Фахми үчүн кемсинте турган эч нерсе болбогудай, ошол эле учурда үй-бүлөсү да, кошуналар менен кызматчылары да аны Хадидинин бир агасы же тууганы катары кабыл албагыдай кылып жеткириш керек. Андай адамды бир түнгө, ал тургай ашканада же кызматчылардын шкафында уктайт деген шарт менен болсо да үйүнгө киргизгиси келбеген аялы Афатты көндүрүү керек болчу.
Баары аль-Хадидинин ойлогонундай болду, кичинекей нерседен башкасы, – ал аялынын каршылыгын аягына чейин сындыра алган жок. Бирок ошентсе да ал Фахмиди үйгө киргизип, атүгүл кызматчыларына аны жайгаштырып, тамактандырууну буйруган. Аялын үйдөн алып чыгуу үчүн аль-Хадиди ага театрга барууну сунуштаган. Түн жарымы чамасында кайтып келишти, үйдө баары тынч, ашканада жарык жок болчу. Жарым сааттан кийин Афат таттуу уйкуга кирди, ал-Хадиди көзүн жумган менен уктай албай жатты. Анын тынчын алган Фахмидке байланыштуу кийинкиге жылдырууга туура келген башкармалыктын жыйыны болчу. Гендиректорду куралсыздандырып, же баарына келесоо, сабатсыз кылып көрсөтүү, же кызматтан кетүүгө аргасыз кылуу үчүн алдын ала даярдап койгон арамза оюн акырындык менен көз алдына тарта баштаган.
Дал ошол учурда биринчи чаңырык угулду. Анын артынан экинчиси, үчүнчүсү жаңырды.
Кырдаал жерер чегине чейин курчуду. Ал байкабастан өлүмгө тете ката кетирип алдыбы? Жансыз, жүрөгүнө кымбат болгон бир нерсени баш калкалатып, эртең менен аны оңдоп-түзөөгө жөнөткүсү келген, бирок ал нерсе жарылып, бүт үйдү талкалай турган бомба болуп чыкты.
Ал ашканага жылаңаяк чуркап кирди. Ал жерде караңгы эле, бирок босогодон аттаар замат каңылжаарын өрдөгөн коюу кычкыл жыт келди. Ал жарыкты күйгүзүү үчүн колун сунду, бирок өчүргүчкө жетпей ордунда катты: тар ашканада катуу онтогон үн жаңырып, анын бүтүндөй денесин ондогон курч, ууланган ийнелер менен сайыгылап өткөнсүдү. Бул оорунун үнү эмес, бул таптакыр эле добуш дегидей эмес, чириген эттин тереңинен чыккансыган, адам баласы угууга чыдагыс, сезимди тилип өткөн кандайдыр бир материалдык нерсе болчу.
Үрөйү учуп жарыкты күйгүздү. Ал Фахмини дароо көргөн жок. Ага салып берген шейшептер тамтыгы чыгып айрылыптыр, ашканадагы буюмдар чакчалекей чачылып, жулмаланган шыпыргыгын талдары ар кай жерде сапырылып жатат. Пол, муздаткычтын капкагы, аппак үстөлдөрдүн беттери кыпкызыл кан, саргыч тактарга боёлуптур. Куралсыз адам менен көзгө көрүнбөгөн күчтүү душмандын ортосунда кандуу кармаш болгонсуйт, ашканада буруксуган сасык жыт. Жүрөк титиреткен чаңырык ага катуу соккуларды урган табышмактуу душмандын алдында адам үрөйү учканынан кабар бергенсийт.
Аль-Хадиди аялынын көзү менен ашкананы дагы бир жолу карады, ал болорун болжоп да билалбаган трагедия болгонун даана түшүндү. Айланта карап, Фахмини издеди, анын эки ашкана үстөлүнүн ортосунда кыпчылып олтурганын көрдү. Ал жыртылган футболкасын эсепке албаганда таптакыр эле жылаңач болчу. Башы калтырап, бош, тунарган көздөрү алайып, чанагынан чыгууга даяр көрүндү. Бүткүл жан-дүйнөсү менен, ал кайдадыр бир өйдө карай умтулуп, бирок кыязы, бул балээден кутула албасын түшүнгөндөй.
Табарсык рагы чогулган заара шишиктен жабыркаган каналдарды басып калганда, өтө катуу ооруну пайда кылат. Кичинекей тамчы ушунчалык азап тартырат дейсиң, оорулуу канчалык алп, териси пилдикиндей калың болсо да кирерге жер таппай, жер тытып, бакырып ыйлайт. Адамдар үчүн бул чыдагыс азап. Бул азапка туруштук берүү адамдын колунан келбейт. Алардын нервдери мындай кыйноолорго туруштук бере албайт...
Ал Фахмини жашынган жеринен алып чыкты. Ал оорунун чеңгелинен кутулгусу келгендей кайра-кайра баш чулгуйт. Ал Хадидини байкамак турсун, кайда жүргөнүн түшүнгөн жок, айланасын көрбөй, ичинде болгон оору менен кармашып жатты. Бирде ордунан ыргып туруп, бирде тизелеп жыгылып, бирде жата калып жөрмөлөп, чөгөлөй калып кайра турат. Бакырыгын басуу үчүн колуна тийген жаздык, шыпыргы сыяктуу буюмдар менен оозун жаап, аларга тиштерин батырат. Колдору менен эриндери чайналып, андан тамган кызыл кан сапсары сийдигине аралашып полго тамчылап жаткан.
Аль-Хадиди өзүн да, жердештерин да сөгүп, өмүрүнүн акырына чейин өз айылынын жакырчылыгынан жаралган азап-тозогун, ооруларынын түйшүктөрүн көтөрүү үчүн туулган каргашалуу күнгө наалат айтып, катуу тумчугуп, алыскы бир жактарга качкысы келди. Бирок анын каргышын, күңгүрөнүн ким угат, качканынын кимге кереги бар?! Ал Фахминин кыйналганын, ашканада азап чегип жатканын токтото албайт. Анын ичиндеги ооруну басаңдатууга, кутурган шайтанын жоошутуп кууп чыгууга кудурети жок.
Ал конок бөлмөсүнөн чыккан тез кадамдардын дабышын угуп, аялы бул коркунучтуу көрүнүштүн баарын көрүп калат деп коркту, шашылыш жарыкты өчүрүп, уктоочу бөлмөгө жөнөдү. Жарым жолдон Афат бет алдынан чыкты.
– Сен... бул жерде эмне кылып жүрдүң?
– Кыйкырба! – дедим.
– Ал кыйкырсачы?
- Кыйкырбайт...
«Ай, аа-аа, аа-аа-аа, аа!»
Аял коркконунан уктоочу бөлмөгө кире качты, ал карбаластап анын артынан жүгүрдү. Чаңырык токтоору менен ал артына бурулуп, аны тиктеп калды, ал чатак баштоого даяр эле. Бирок ал андан озуп аракеттенди, аялы болгон күчүнө салып түрткүлөсө да, аны бекем кучактап алды. Өзү араң турса да, чындыкты мойнуна алып, туура эмес кылганына, мындай кылбашы керектинине макул болуп, кечирим сурады. Андан көрө аны кечирип, абалдан чыгуунун жолун биргелешип табууга жардам берсин; алар ушундай коркунучтуу абалга туш болушкандыктан, чыдап туруу гана калды. Эмне үчүн ал балдар бөлмөсүнө барып, ошол жерде жатууга болбосун?
– Уят, шермендечилик, түнкү эки болду! Андан көрө апамдыкына кетем.
– Азырбы? Бирок мен кантем. Суранам, мен үчүн...
– Жок, кала албайм.
– Суранам. Мен ката кетирдим, кечирим сурайм. Мага жардам бер, сабыр кыл.
– Кудайым ай, кантип чыдайсың?! Кантип чыдайсың?!
«А, аа, аа, аа, аа, аа, аа!»
– Ой, апа, мен кала албайм, кала албайм!
"Ух, ой, у... Ах-ах-ах-ах-ах!"
– Бул эмне? Бул адам эмес! Булар шайтан! Жин-шайтан! Мени куткар апа, мен жинди болуп баратам!
“A, aa, aa, aa, aa, aa, aa!”
Акырындык менен аль-Хадидинин ушул уктоочу бөлмөсү, кучагында кармап, тынчтандырууга аракет кылган жубайы, ушул үйдө өткөзгөн бүткүл өмүрү менен болгон байланышы алсырап, ыдырап, аң-сезими кандайдыр бир мемиреген тынч көлгө чөгүп баратканын сезди, бирок ошол эле учурда Фахминин ар бир шыбыртаган үнүн, болор болбос кыймылын кетирбей угуп жаткансыды.
"Ой-оо-оо-оо-оо-оо-оо-оо... А-аа-аа-аа-аа..."
Оорусу барган сайын күчөгөнсүйт. Ырайымдуу Кудай ага жардам бере көр!
– Вах-вах-вах-вах-вах...
Ашканадан чыккан чаңырыкка кошуна бөлмөдөгү жаш баланын ыйы кошулду. Аны угары менен Афат өтө тез кыймыл менен күйөөсүнүн кучагынан бошонуп, баласынын бөлмөсүнө чуркады. Баласы, жалгыз уулу энесин чакырып ыйлап, аны көздөй келаткан. Ал аны колуна алып, уктоочу бөлмөгө алып кирди да, ачууланып, күйөөсүнө бакырды:
– Мени ук! Сен аны азыр, дал ушул мүнөттө үйдөн чыгар. Кайда барса ошол жакка барсын, бирок бул жерде калтырба. Көрдүңбү, баланын титиреп коркуп жатканын.
– Афат, суранам... Мен сага баарын түшүндүрдүм го: бул киши мен үчүн кымбат, аны кууп чыга албайм.
– Ал сен үчүн менден да, биздин Фахмиден да кымбатпы?
— Жок, ошентсе да... Уулубузга анын атын койгонумду айтсам эле жетиштүү. Ал менин бала кезимден бери билген жана сүйгөн жалгыз адамым.
– Сен аны кууп чыгасың же мен үйдөн кетем.
– Ошондо мен эмне кылышым керек? Чөгөлөп, сабыр кылууңду суранайынбы? Азыр мен дарыгер чакырам, ал дары берет, оорусун басат...
Аль-Хадиди тез жардам чакырды. Дарыгер мындай учурда дары начар таасир берип, ооруну басаңдатпайт дегенине таң калган жок. Рактын бул түрүндө оору дарыларга жана адамдарга белгилүү бардык тынчтандыруучу каражаттарга караганда күчтүү. Ошентсе да дарыгердин келгени жакшы болду, ал-Хадидинин аялына уктатуучу дары берди. Анан көп өтпөй апасына жармашып кичинекей Фахми да уктап калды.
Акыры ал жалгыз калып, азап чеккен адам баласынын жан-дүйнөсүнүн түпкүрүнөн чыккан чаңырыктарын тыңшап олтурду. Дарыгер туура айтыптыр, дарынын эч кандай таасир бергени байкалбайт. Эң негизгиси, уулу ойгонуп, аялы козголоң чыгарганга чейинки маанайы кайра өзүнө келди. Ал бул абалды жакшы билет жана эсинде. Ал дагы эле ушул жерде, абдан жакын, бирок таркап, жок болуп барат. Ал ошол өзүнүн өзгөчө жана кадимки абалынын ортосундагы бир жерде.
"А-аа-аа-аа-аа... О-о-оо-оо-оо..."
Ал кандайдыр бир бүдөмүктөнгөн бейпилдик сезимин туйду. Жан дүйнөсүнүн ыйык сакталган түпкүрүнө жиреп кирген үн ага өмүр берүүчү таасир берип, өзүнүн айтылбаган азаптары топтолгон алыскы бурчуна чейин жетти. Ооруга барып оору кошулду. Бул адамдын ички маңызынын тили, оорунун тили эле. Ал тил өзүндө, аль-Хадидиде жашаган азапты билдирет.
Көп жылдардан бери ал ат-Тахрир аянтына баргысы келип, бүт кайратын, бардык күчүн чогултуп, Фахми азыр чаңырып жаткандай, катуу чаңырып-чаңырып алып, азабынан, ичке толгон бугунан арылгысы келчү. Бирок ага чечкиндүүлүгү жетишпей, эл аны шылдыңдап, жинди деп ойлойт деп коркчу. Ошондуктан ал өзүндөгү бул көксөөсүн, башка көптөгөн каалоолору сыяктуу эле, аң-сезиминин түпкүрүнө житире басып коё турган.
«Ааааааа... Ооооооо...»
Эми гана ал өз азабынын даамын толук татты. Бул Фахминин оорусунан, анын тарткан азабынан да жаман. Фахмиден айырмасы – ал адамдардын мээримдүүлүгүнө укугу жок. Чыдатпаган, түбөлүк кыйнаган психикалык оорудан айла таппай, андан жүз эсе катуу чаңырып бакырса да, ага эч ким ишенбейт, жардамга келбейт.
Азыр ал өзү менен өзү жалгыз, жан азабына батып, «менинин» тереңине үңүлүп, аны эмне кыйнап жатканын сурай алат. Ал баардык кыялдарына жетти. Баардык зор жашоо максаттары ишке ашты. Ал ар дайым адамдардын көңүл чордонунда болуп, сүйүү жана урмат-сый менен курчалган үлгүлүү күйөө, үй-бүлөлүү, бактылуу адам. Анда Фахмиге көз арткандай адам чыдагыс бул азап кайдан келип чыкты?
Кызык, эгер ал Фахминикиндей тагдырга туш болсо, анда эмне кылат эле да, эмнени сезмек? Эгер ал билимин толуктоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, дал ушул салыкчы атасы берген мүмкүнчүлүк болбогондо кантмек? Окуу акысын төлөгөнү баратканда жолдоштору «кайсы акчадан төлөйсүң, мамлекеттин акчасы эмеспи?» деп мыскылдашканы эсинде. Атасы мектептен алып кетип, дыйкан болуп кетсе эмне болмок? Акыл калчап байкап көрсө, аль-Хадиди атасынын бутуна чөгөлөп, колун өбүшү керек болчу.
Анын жанында Фахми ким? Ооба, анын алдында кадыр-барктын туу чокусуна, мыктынын мыктысына таандык, ден соолугу чың, бардык укуктарга ээ, кымындай да адилетсиздикти башынан өткөрбөгөн адамдын жанында ал ким? Кедейлик акылынан ажыраган Фахми миллиондогон наадан дыйкандардын бирине айланды. А бильгарциоз анын денесин жок кылуу менен баштаган ишин аягына чыгарды. Азыр ал өлүк, анткени анын өмүрүнүн саналуу гана күндөрү калды. Анын жашоосу азаптуу, азаптары чексиз болчу. Кызык, эгер мунун баары анын башына келсе, ал-Хадиди өзүнүн атактуу «оорусу», азап-тозогу жөнүндө эмне дейт эле?
Аль-Хадиди эч ойлонбостон өзүнө өзү жооп берди: Мен бактылуураак болмокмун.
Эмне үчүн андай? Кеп сенин бай же кедей, билимдүү же билимдүү болушуңда эмес. Бул сенин тирүү же өлүк жанга айланганың жөнүндө. Фахми кандай абалда, кандай шартта жашабасын тирүү болчу, ал чыныгы жашоо менен өмүр сүрдү. Ал эми аль-Хадиди жашаган жок. Өлүк адам жарашыктуу кепинге оронуп, жогорку кызматтарды ээлеп, үй-бүлөлүк жашоосунда бактылуу болсо да, чыныгы жашоо өлүмдөн миллион эсе артык.
Сен тирүүсүң, а мен өлүкмүн, бул жөн гана куру бекер сөз эмес. Бул чындык. Жашоонун бирден-бир өлчөмү – бул тирүүлүгүн сезе билүү. Мен муну сезген эмесмин жана сезбейм. Мен татаал математикалык маселени чечип жаткансып жашадым, каалаган максатка жетүү үчүн миң алакетке түшүп аракет кылдым. Ал эми бул максатка жеткенимде баары бир бактылуу боло албадым, анткени менин алдымда дагы эле ошого окшогон максат турду.
Фахми жакырчылык менен жокчулуктан жапа чекти. Бирок ал башкалар менен чогуу иштешип, алар менен бирге жүрүп, бирге күлчү. Бири-бири менен кеңешип иш кылышты, базарга барышты, кечки тамакка ашыкча бир тутам шалгам алса да сүйүнүштү. Алардын бири да тапкан ашын жалгыздап жешпейт, анткени тамактануу жөн эле курсакты тойгузуу дегенди билдирбейт. Тамактануу – бул чогуу жасалган жөрөлгө, ырым. Адамдар бири-бирине сый мамиле жасашып, тамашалашып, өздөрүн кичинекей майрамдагыдай сезишет. Жашоосун толтурган, ар бир көз ирмем тартуулаган майда нерселердин маанисин ойлонбой, аң-сезимсиз эле күнүмдүк жаңыланууну, ушул жашоодо жашап жатканын, жашоо кандай гана кыйын болсо да, баары бир керемет экенин сезип жашашат.
Мен өмүр бою бийиктикке жетүү үчүн жан алакетке түшүп тынбай чуркадым. Дайыма бийиктикке умтулууга туура келди. Ошон үчүн эл менен ынтымак-ырашкерликтен, достуктан ыракат алуу үчүн достошкон жокмун. Маанилүү болгон бир гана нерсе, алардын канчалык ылдамдык менен өйдө көтөрүлүп жатканы эле. Алар менин мурдагы тааныштарыма караганда ыкчам, шамдагай болуш керек болчу. Алар социалдык тепкичте жетиштүү ылдамдыкта басып келатышканда, мен алар менен мамилемди сактачумун.
Алардын артта кала баштаганын сезер замат, мен аларды таштап, башкаларга жакындадым же арттагыларга чалынбаш үчүн жалгыздап бастым. Мен эч качан бечелдерге жардам берип, аксактарга колумду сунган жан эмесмин. Алардын бири артта калып, экинчиси аксак төрөлүп калса, ага мен күнөөлүү эмесмин деп ойлочумун. Кыймылымды тездетип, ылдамдатып, максатыма жетсем гана жашай баштайм дедим. Бирок андай болбойт экен.
Университеттен кийин жакшы ишке орношуп иштешим керек эле. Андан соң докторлук даража алууга аттандым. Андан кийин профессор наамын алуу зарыл болду. Мунун көпкө созулаарын түшүнүп, фирмага жумушка кирдим. Ошондо үйлөнөм, андан кийин жашоо башталат деп ойлодум... Үйлөнгөндөн кийин айттым: коё тур балалуу болгондон кийин чыныгы жашоону баштайм. Ал эми уулум төрөлгөндө аны тарбиялоо керек эле. Ошентип, чуркап эле келатам, чуркап эле келатам, кайда барып токторумду алигиче билбейм. Тынымсыз чуркоо өзүнчө бир максат болуп калды. Байлыкты көбөйтүш үчүн акча топтой баштаган, миң сом жыйнагандан кийин жашайм деп өзүн алдаган киши болдум. Көрсө, пенде бир миңди топтоп алгандан кийин, экинчисин, үчүнчүсүн топтой баштайт, ушинтип жүрүп ал өзүнүн түпкү максатын унутуп, чык татырбас сараң адамга айланып, байлык жыйноо жөнүндө гана ойлонуп калат тура….
"Ай-ай-ай-ай!"
Ал Фахминин азап-кайгысы ага айтып бүткүс бейпилдик алып келгенин, Фахми экөө үчүн азап чеккендей, же өзү да акыры болгон күчү менен кайгысын айтканга мүмкүнчүлүк алганын сезди. Бул оору анын ичинде көп жылдар бою топтолуп чыкпай жүргөн. Айтылбай, сыртка чыга албай жүргөн жашыруун азаптан жаралган оору. Табиятынан адам жөн эле жашоо үчүн жаралган эмес, ал адам сыяктуу татыктуу жашоо үчүн жаралган. Бирок ага жол табуу, өз колу менен, өз түшүнүгү боюнча жашоо оор азаптар аркылуу гана келиши мүмкүн.
Көп жылдар бою ал өз табиятын зордуктап, жашоонун кооздугун, маанисин берген кичинекей, жөнөкөй, көзгө көрүнбөс кубанычтарга болгон терең муктаждыкты басып келди. Ал өзүнүн бул муктаждыгын муунтуп салган, бирок ал анын эркине каршы жашай берди.
"Авааааааааааа!"
Ооба, Фахми, менин жалгыздыгымдын ар дайым ийгиликке жетүү үчүн, ар дайым шашкандыгымдын баасы. Мен адамдарды таштап, алардан алыстап кеткендиктен жазаланып жатам. Бул жаза – адамдардан коркуу, өзүнө ишенбөөчүлүктү пайда кылган өлүмгө тете жалгыздык. Мен жалгыздыктан эркиндикти, көз карандысыздыкты издегем, жашоого жөндөмдүү болууну кааладым, бирок ал мени баардыгынан коркуп, өз кабыгына камалган үлүлгө айлантты. Мени кишендеп, кыймылдатпай салды. Тынчсызданууларым, ооруларым, ички боштугум менен жалгыз калдым. Менин оорум сени эзип, кыйнаган оорудан жүз эсе күчтүү, Фахми. А мен бардык азаптарга карабай, жан дүйнөмдү ачуу керек болсо да, бирөөгө ишенгенден өлүмдөн да катуу коркуп, аны жашырууга аргасызмын…
"Ээээ..."
Кызык... Балким өмүрүндө биринчи жолу өзүн бактылуу сезип жаткандыр, ал чексиз, айтып бүтпөстөй чексиз бактылуу! Акыры ал да бирөөгө боору ооруп, Фахминин азабын тең бөлүшүп, бирок ошол эле учурда ал сөздүн толук маанисинде биринчи жолу чыныгы жашоо менен жашап жатканына түшүнүксүз, чексиз кубанычты башынан өткөрүп жатты. Мунун кандайча болгонун түшүнүү кыйын, бирок эң негизгиси, албетте, адам жан дүйнөсүнүн түпкүрүнөн чыккан кандайдыр бир татаал, сырдуу жолдор менен, түшүнүксүз тилдин үндөрүн угуп, акыры, тирүү адамдардын жашоосуна аралашып, кошулуп кеткенсиди. Бул ага кубаныч, бакыт тартуулады, суфий Теңир менен бириккен учурдагыдай же гений жаратмандыктын ыракатын алып жаткандай жан дүйнөсү тазарып агарганын туйду.
Бул абалда ал өзүн бардык нерсенин маанисин түшүнө алам, ар бир адамдын жан дүйнөсүнө, ал тургай өзүнүн жан дүйнөсүнө да кирип кете алам, көргөнүмдөн үрөйүм учпай, жан дүйнөмдүн түпкүрүнө узак жана кылдаттык менен карай алам деп сезди. Бул абалга канчалык терең кирип, өзүн ошончолук тазаланып, жан дүйнөсү агарганын сезген сайын, Фахми менен болгон байланышы ошончолук бекемделе берди: ал үчүн бул чаңырыктар ачык китептей эле. Ал Фахмиге тартыла баштады.
Керебеттен кантип туруп, акырындап ар бир кадамын аяр таштап, конок бөлмөнү аралап, тар коридорго өтүп кеткенин өзү да байкабады, түш көрүп жаткандай, терезени бирөөлөр каккылап, ага удаа эле кошунасы үнүн катуу чыгарып сөгүнгөнүн укту. Бирок бул ага таасир эткен жок, жан дүйнөсүнө тийбей кайкып өттү. Ал өзүнүн бүт өмүрүн алаканга салгандай майда-чүйдөсүнө чейин көрүп, бир көз ирмемде туулгандан бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолун көз алдынан чубуртту.
Кызыгы, анын өз жашоосу ага эч кандай тиешеси жоктой, өзүнө жаттай сезилет. Кандайдыр бир убакыт же окуя менен байланышкан эч кандай эскерүүлөр жок. Ал өз өмүрүн эстен чыгарды. Ал аны жек көрөт. Ушунчалык жек көрөт, эгер Фахмиден келген өкүм чакырык болбогондо, аны менен ушул мүнөттө ишин бүтүрүп, өзүнө кол салмак. Бирок бул кубаттуу чакырык анын бүткүл жан-дүйнөсүнө сүңгүп кирип, андагы бугуп жаткан жандуу күчтөрдү кыймылга келтирди, жашоого болгон инстинктивдүү сүйүүсүн ойготту.
Коюу, көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкты жарып, акырындап жарык нуру кире баштады. Ал нурлар башкалар чыныгы жашоо менен жашаган кезде, ага өзүнүн башкалардан бөлүнүп, жалгыз жүгүрүп жүргөнүнө сырттан көз чаптырып, баалоого мүмкүнчүлүк берди.
Ал жоголгон байланыштарды, үзүлгөн достуктарды, талкаланган мамилелерди –тааныштарын, жакындарын, досторун да чанып, бул байланыш өзүнө жүк болуп каларын ойлоп, достук анын «менинин» эркиндигин кишендейт деп коркуп, жол четине ыргытып кеткен баа жеткис байлыктарды көрдү.
Ал эми бул ийгиликтин бийиктиктерине жанталашуу, түпкүлүгүндө жашоодон качуу болчу. Жашоо – бул адамдар, элсиз эч ким жашай албайт. Адамдарды өгөйлөп бөлүнүү – бул жашоонун булагынан ажырап, жашоо сезимин жоготуу, жашоону токтотуу деген сөз.
Фахминин жан дүйнөсүнөн төгүлүп, анын жан дүйнөсүн жарык кылган жаркыраган нурдан даана көргөн ал эми гана түшүнгөн эң чоң ката – жалгыз болсоң, ар кандай жетишкендиктин мааниси болбойт. Таажылуу монарх же илимпоз, Нобель сыйлыгынын лауреаты болсоң да, тегерегиңде какыраган чөл болсо, андай жашоонун эмне кереги бар? Дүйнөдөгү бардык нерселерди, бардык кубанычтарды жалгыз өзүң көргөнүңдүн эч мааниси жок.
Ырас, ал жалгыз эмес. Анын жубайы, уулу, туугандары, бир нече достору бар. Бирок алар менен болгон мамилеси сүйүү менен достуктун көрүнүшү гана, адамдардын бири-бирине болгон терең ички муктаждыгынан улам пайда болгон суу менен абага муктаждык сыяктуу эле сезимдер. Анын бир туугандары, аялы, тааныштары бар, бирок алар менен баарлашуу ал үчүн маанилүү муктаждык эмес. Эгер ал көнүп калгандай жашагысы келсе, аларсыз деле жашай алмак. Балким өзү аларга керек болушу мүмкүн. Бирок ал эч кимге муктаж эмес.
Тагыраагы, ага чындап эле бирөө аябай керек, бирок алар эмес... Бул адам чыдагыс оору да ошондон улам... Ошондуктан, эриндериндеги жылмаюуну шал кылган рак шишиги пайда болуп өсө баштаган, көкүрөгүндөгү сезимдерин муздак суу сепкендей муздаткан күлкүгө муктаждыгы жогун туйду, анткени ал сүйүүгө же сүйүктүү болууга муктаждыкты сезбей калган экен. Аны тирүү өлүккө айландырган трагедиянын маңызы дал ушунда.
Ал азыр Фахминин чаңырыгын даана уга баштады, анткени ал ашканага жетип, эшиктин жанында отурган. Фахми ал-Хадидиге чексиз узактай көрүнгөн тымтырстыктан кийин кайра чаңырды. Фахми анын жакын жерде экенин сезер замат оорусу басыла түшкөнсүдү. Азыр чаңырык эмес, боздогон ый угулду. Аль-Хадидинин көкүрөгүндөгү чөгүп жаткан бүткүл бугу өйдө тирелип, тамагын кысып, жүрөгүн сыздатты. Ал бала кезинен бери ыйлаган эмес. Эми анын өзүн-өзү аяп, көпкө сооронбой чындап ыйлагысы келди. Өзү башкаларга караганда аёого көбүрөк муктаж экенин түшүндү.
– Колуңду бер, Фахми. Аны менин көкүрөгүмө кой. Мен сенин кыйналып жатканыңды билем. Мен сенин ооруңду бөлүшкүм келет. Бирок мен анте албайм. Менде жүрөктүн ордуна таш бар. Баарыңарды таштадым. Сени Зининде. Саадды – Бенхеде, Абд аль-Мухсинди – Асютта. Университеттен тапкан досторумдан кол үздүм. Калемдеш жолдошторумду карабай кеттим. Баарын, бардыгын. Мен силерди жеңил жана кыскарак жол турса, узун жана тикенектүү жол менен бара жатышат деп ойлогом.
Мен көптөн бери тирүүлөй өлүкмүн, силер болсо жашап жүрөсүңөр. Мен адамдардан качып жүрөм деп өзүн-өзү ынандырган өлүк адаммын, бирок чындыгында адамдар мени жанына жолотушпайт. Өлүктүн кимге кереги бар? Жада калса аялым да, уулум да мага мурдун чүйрүшкөнүн сезем. Мен кайра артка кайткым келет, Фахми, баарын кайра башынан баштагым келет. Мен муну жасаганга аракет кылсам дейм. Бирок мени ким кабыл алат? Өлүктү ким тааныйт? Буга ким макул? Сенден башка эч кимим жок, Фахми. Мени кабыл аласыңбы? Кабыл аласыңбы, Фахми?
– Жашай бер, Махмуд...
Ал Фахминин бул сөздөрдү айтканына таң калган жок. Эртеден бери Фахми биринчи жолу сүйлөдү. Фахми аны Махмуд деп атаганына да таң калган жок, бул ысым ага өткөн күндөрдү, алар чогуу өткөргөн мезгилди эске салгандай. Ал өтүнүчүн четке какпаганын түшүнүп, акырын шыбырады:
– Ыракмат, Фахми, ыракмат...
Пижамачан Аль-Хадиди ашкананын кафелденген полунда жаткан Фахминин жанына жанаша жатып алып колунан өпкүлөп, көздөрүнөн тынымсыз аккан жашын сүртүп: «Кечир мени, Фахми, кечир мени... Кечир мени, адамдар... Мен жаңылып, жолумдан адашып, катуу кыйналдым... Кечир мени, Фахми», – деп кайталай берди.
Бирок Фахмини кайрадан оорусу кыйнап баштады, ал кайрадан акыркы күчү менен чаңырды. Кошуналардын бардык терезелери эбак ачылып, андагы жашоочулар эрксизден жүрөк титиреткен чаңырыкты тыңшап жатышкан. Кызматчылары менен бектерин, айымдары, үй шыпыруучуларын дүрбөлөңгө салган чаңырык кошуна үйлөргө жетип, алардын тургундарын тынчтыгын бузду. Эгер чаңырык көпкө созулса, ал бүт кварталды, атүгүл бүт шаарды ойготмок.
Бирок тургундар полицияга кайрылышкан. Дагы эле чала уйкуда жүргөн аялы полицияга эшик ачты. Ал полиция менен ашкананын босогосун аттап, күйөөсүнүн Фахминин жанына жатып алып колун өөп, кечирим сурап жатканын көргөндө уйкусу умачтай ачылды.
Фахмини тургузуп, шашылыш кийинтишти. Аны эки полициячы алып кетмекчи болгон, бирок аль-Хадиди каршылык көрсөттү. Ал Фахмини ийнине арта салып, өзү көтөрүп жөнөдү. Катуу оору оорулуунун денесин кургатып, териси менен сөөктөрү гана калган экен. Афат анын эмне кылгысы келип жатканын билгиси келип күйөөсүнө жабышты. Ал ага жылмайып койду — ага белгисиз жаңы пайда болгон жылмаюу анын жүзүн жаркыратып турган.
– Мен башка жолго түшөм, абдан кыйын жол... Мени менен кетесиңби?
– Ушул кебетем менен кайда барам? Сен жинди болдуңбу?
Аял кичинекей Фахмини кучагына кысты. Аль-Хадиди бурулуп, ийниндеги бакырып, үнү кудайга жетчүдөй боздогон кишини көтөргөн боюнча үйдөн чыгып кетти. Кварталдын жашоочулары анын артынан узата карап, шыбырашып, шылдыңдап күлүштү...
Ал бул тандамал кварталда кимдир бирөө анын карапайым элден экенин билип алып, ким экенин ар кимге жайып жибербесе деп, эки жыл бою тынымсыз коркуп жашады. Албетте, бул чөлкөмдөгүлөрдүн көбү андан кем калышпаган адамдар.
Ал эшиктин алдында, терезеден аны карап турган көптөгөн өлүктөрдү көрдү... Анан кадамын тездетип, бул кварталдан тез кетүүгө шашылды... Анткени бул жерде үстөмдүк кылган сасык жытка ал мындан ары чыдайт болчу.
(Орус тилине которгон В.Кирпиченко)
Кыргызчалаган Абийрбек АБЫКАЕВ