Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» жыйнагындагы контексттик боёктор

  • 27.05.2023
  • 6202

Макаланы таланттуу акын Зайырбектин китебине атын жазып берген сүйүктүү кетирекей кызы Карлыгачка арнайм.

Үмүт КУЛТАЕВА

... Поэзия – акын жүрөгүнүн кардиограммасы.
(Аман Токтогулов)

Жүрөк – кайсы тилде болбосун эң көп колдонулган тилдик универсалий. Анын лингвистикалык, маданий, физиологиялык, анатомиялык, психикалык, медициналык түшүндүрмөлөрү илимдин бир нече тармагында изилденип келет. Анын бири адабият таануудагы жүрөктүн көркөм концепциясы. Жүрөк поэтикалык речте эң жогорку жыштыкта колдонулуучу тилдик бирдик.

Адабий текстти изилдөөнүн бир аспектиси катары чыгармада автор тарабынан колдонулган жүрөктүн көркөм концепциясы жалпы адамзаттык, улуттук менталдык түшүнүктөрдү гана камтыбастан, калемгердин жеке дүйнө таанымындагы, тагдырындагы, стилиндеги өзгөчөлүктөрдү камтуу менен изилдөөнүн өзгөчө методун пайда кылды. Бул багытта дүйнөлүк адабиятта америкалык пушкин таануучу Ж.Томас Шоунун «Пушкиндин ырларына корконданс»[1] [1, URL: http:www.litres.ru[. (10.05.2023) (астын сызган – К.Ү.) аттуу 2 томдугунда жүрөктүн 500 контексттик мааниси берилгени адабият таанууда илимий сенcацияны жаратып, орус окумуштуулары өздөрү мындай эмгекти жасабагандыгы үчүн уялып калышкандай болгону белгилүү эмеспи.

Корконданс[2] – латын тилиндеги «concordance», «concordare» деген сөздөн алынган, чыгарманын контекстиндеги сөздүн мааниси же контекст сөздүгү. [2, URL :http:rus-lingvistic clovar onlaine/com ]. (10.05.2023)

Бул чыгарманын тили же жазуучунун сөздүгү эмес. Коркондас – контекст сөздүгү катары башка сөздүктөрдө берилген түшүндүрмөлөрдүн чегинен тышкары, жазуучунун эмоционалдык, руханий, этикалык, психологиялык ой-толгоолорунун кеңейтилген семантикалык боёкторун чагылдырган өзгөчө изилдөөнүн модели. Кыргыз адабият таануусунда акын-жазуучулардын чыгармаларынын тили боюнча бир топ изилдөөлөр болгонуна карабастан, бул маселе али тиешелүү изилдөөгө алына элек. Поэзияны, поэтикалык ойлорду изилдөө көп учурда азыркы илимдин жетишкендиктери менен чектелбей, анын мүмкүнчүлүгүнө (Ю.М.Лотман) сыйбай калган учурлар көп эле кездешет. Анткени мыкты акындын жеке стили (идиостили) көркөм аңдоонун кайталангыс образын жаратууга жөндөмдүү. Ушул көз караштан алып караганда, З.Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» ырлар жыйнагындагы акындын жүрөк концептинин көркөм интерпретациясы атайын изилдөөгө муктаж.

Жүрөк – адамдын жан-дүйнөсүндөгү сезим менен эмоциянын бешиги, алардын жаратуучусу. Жүрөк өтө жемиштүү сөз жаратуу касиетине ээ. Ал сөз айкаштарын жана фразеологиялык туруктуу бирдиктерди жаратуунун булагы. Жүрөктүн семантикалык мааниси улуттук өзгөчөлүккө ээ. Кыргыз тилиндеги анын мааниси да бай жана көп маанилүү. Кыргыз тилинин сөздүгүндө[3] [3, 501-507] жүрөккө байланыштуу жүздөн ашуун сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын түшүндүрмөлөрү берилген.

Ал эми поэтикалык аспектиде образдуулуктун масштабын кеңейтүүнүн, идеяны жеткирүүнүн кубаттуу каражаты.

Акындын «Жүрөк», «Жүрөк жана жер шаары», «Жүрөктүн аманаты», «Жаз келди жүрөгүмө» аттуу ырларында гана эмес, башка ырларында да тирүүлүктүн символу, жандуу организмде эс улууну, тынымды билбеген жападан жалгыз орган жүрөктүн сыйымдуулугу эң жогору болгондуктан, ал поэтикалык образ жаратуунун да өнүмдүү резерви болуп саналат. З.Ажыматовдун жүрөк концептине жасаган мамилесинен улам, анын жеке образын байкоого болот. Жеке тагдырындагы өксүк, өтө сезимталдуулук, тагдыр таржымалындагы көңүл толкуган кубаныч, өмүрүндөгү бакыт даамын сездирген көз ирмемдер, акындын жашоого болгон экзистенциялык туюмунун негизин түзөт.

Энесинин жүрөгү алдында жашоого старт алган кичинекей «жүрөкчөсүнөн» баштап, турмуштун терең деңизине аралашканда дуушар болгон «улуган жүрөгүнө» чейинки жан дүйнөсүнүн кубаныч-бактысын, арман-асиретин, тилек-максатын, өксүк-өкүнүчүн дал ушул «жүрөк» аркылуу чагылдырган.

Дүк, дүк, дүк, дүк – сээп өмүр үрөнүн,
дүкүлдөгөн, айтып мага сүйөрүн.
Эгиз болгон, бир чымчым эт менде да,
ээрчип кагып энекемдин жүрөгүн.

Жаңылышып кээде ыргак, ирмемден,
жайлай түшүп, анан кайра күүлөнгөн.
Туурап улам, дүкүлдөктү жүрөкчөм,
тирүүлүктү апакемден үйрөнгөм.

Эне жүрөк жакын турса муючу,
эгер азга алыстаса туючу.
Көкүрөгүн жыттап жатсам апамдын,
көөдөнүбүз бирдей согуп туруучу.

Эй, адамдар, эсиңерге түйгүлө,
жүрөктөрдү ажыратпай жүргүлө!
Кашайтты эле кайран эне-баланы,
кара жоолук, анан башка үй-бүлө…

«Жүрөк» аталган бир эле жогорудагы ырдын тексти бир нече: эгиз жүрөк, эне жүрөк, дүкүлдөгөн жүрөкчө, каккан жүрөк, ажырашкан жүрөк сыяктуу сөз айкаштарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Кээде бул соматика[4] көөдөн, көңүл деген сөздөргө алмашып, колдонулган. Аларды кошпогондо деле акындын поэтикалык чабытында нагыз жүрөк лексикалык бирдигинин өзү төмөнкүдөй контексттик маанилерге ээ болгон:

  1. жүрөкчө (наристе жүрөк)
  2. эгиз жүрөк
  3. эне жүрөк
  4. эчкирген жүрөк
  5. эзилген жүрөк
  6. ааламды жылыткан жүрөк
  7. аруу жүрөк
  8. ажырашкан жүрөк
  9. ачык жүрөк
  10. ачышкан жүрөк
  11. берилген жүрөк
  12. боздогон жүрөк
  13. буулуккан жүрөк
  14. бышкан жүрөк
  15. гүл жүрөк
  16. жалын жүрөк
  17. жараланган жүрөк
  18. жараттуу жүрөк
  19. жаратка даба болгон жүрөк
  20. жаз келген жүрөк
  21. жанар кайнаган жүрөк
  22. жарылган жүрөк
  23. жер шарына окшош жүрөк
  24. жылдыз жүрөк
  25. жылдыз, ай түнөгөн жүрөк
  26. жооруган жүрөк
  27. жашы аарчылбаган жүрөк
  28. зор түйшүктү сыйдырган жүрөк
  29. издеген жүрөк
  30. кайгырган жүрөк
  31. кайран жүрөк
  32. кайышкан жүрөк
  33. каалаган жүрөк
  34. каршылашкан жүрөк
  35. каккан жүрөк
  36. канаган жүрөк
  37. канжар сайылган жүрөк
  38. күйгөн жүрөк
  39. миң сырдуу жүрөк
  40. муздаган жүрөк
  41. мээримдүү жүрөк
  42. ойгонгон жүрөк
  43. ооруган жүрөк
  44. ыйлаган жүрөк
  45. ырдаган жүрөк
  46. улуган жүрөк
  47. ураган жүрөк
  48. уурдалбаган жүрөк
  49. үшүгөн жүрөк
  50. санаачыл жүрөк
  51. соккон жүрөк
  52. сыздаган жүрөк
  53. сынган жүрөк
  54. сынбаган жүрөк
  55. сырдуу жүрөк
  56. так калган жүрөк
  57. туйлаган жүрөк
  58. тыз эткен жүрөк
  59. чок салынган жүрөк
  60. чириген жүрөк
  61. ыймандуу жүрөк

З.Ажыматов талдоого алынган жүрөк соматикасынын[5] алтымыштан ашуун контексттик боёкторунун ичинен анын көркөм функциясы жашоонун негизин түзүүчү касиети менен ааламдык масштабда чыкканы байкалат.

Куурчагына көрүп мында камылга,
Карап, күтүп, чарк айланып жанында.
Бир көчөт кыз ойноп жатат короодо,
Бажырайган балалыктын таңында.
Жүрөгү анын бүт ааламды жылытып,
Бүт Жер шары анын алаканында.

«Кыз кайрык» аттуу ырдан алынган жогоруда текстте байкалгандай, жүрөктө тилек бар, ал ошонусу менен тирүүлүктүн – жашоонун жарчысы, ошонусу менен баалуу. Наристе кыздын куурчагына чарк айланып турушу – жашоонун учугун улоочу келечектеги энеликке даярдануу, табияттын ааламды апчыган табигый мыйзамынын күчүнүн салтанаты. Ушул эле идея автордун «Жүрөк жана Жер шары ырында» дагы тереңдетилип, жүрөк адамдын эле миң сырдуу жан дүйнөсүнүн бешиги эмес, ал бүтүндөй жандуунун жашоо маңызы экендигин даңазалаган контексттик маанинин мейкиндигин дагы кеңейткен:

Жүрөгүмдүн бир жагында зор кайгы,
Бир тарабы бар бакытка балкыган.
Кайран жүрөк – миң бир сырлуу турбайбы,
Кенен экен учу-кыйры чалкыган.

Күн да, Ай да батат экен жүрөккө,
Күйүт кээде күлкүлөргө алмашат.
Тилин безеп, таңда куштар түнөктө,
Тирүүлүктү даңктоо ырын ырдашат.

Күчү бар да түпкүрүндө жанардын,
Күчтүү мээрим анын өзөк-тиреги.
Жарымы жаз, жарымы кыш... Адамдын  
Жер шарына окшош экен жүрөгү...

Ошол эле учурда жүрөк бүтүндөй ааламдагы жандууга таандык болгону менен анын көркөм чыгармадагы поэтикалык кызматы адамдын жан сырлары аркылуу ачылары да белгилүү. Жүрөктүн адамдын оң жана терс эмоциясына болгон табигый реакциясы аны ар кандай психологиялык абалга дуушар кылгандыгына жараша анын контексттик боёктору миң кубулган түр-түскө ээ болуп, ырдагы поэтикалык образдын таасирин күчөтөт. Жүрөктүн контексттик боёкторун берүүдө Зайырбектин масштабы кенен. Натыйжада адам сезими аалам орбитасына көтөрүлөт. Акын жан дүйнөсү оң эмоцияда турганда жүрөгү тартуулаган кубанычтуу абалын бүтүндөй дүйнө сулуулугу, табият ажары, бейиш түшүнүгү менен өлчөгөнүн «Жаз келди жүрөгүмө» ырынан карап көрөлү:

Жаз келди жүрөгүмө,
Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.
Жароокер гүлдөр дагы назданышат,
Бул дүйнө сулуу кандай,
Сезилем азыр гана туулгандай,
Нурданып, асылданып.

Сен келдиң жүрөгүмө,
Жаз болуп кокусунан ушул кечте.
Сүйүнүч ууртумдагы
Төгүлүп калбаса экен.
Сен эми жүрөгүмдөн,
Суранам, такыр кетпе!
Суранам, такыр кетпе!

Мындай оң эмоциялык абалдагы акындын акындык маанайы Жер планетасынан суурулуп чыгып, космостук мейкиндикти мелжийт да, жүрөгүнөн Жылдыз менен Ай орун алат, өзүнүн жүрөк мээрими да дүйнөнү жылытуу кудуретине ээ болгондой, көлкүп-чалкыйт:

Сакайттың сен көңүлүмдү ооруган,
Сары күздө кокус чыгып жолуман.
Жылдыз түнөп, жүрөгүмө Ай түнөп,
Жылмайганың кетпей калды оюман.

Сөз табармын көңүлүңдү уютар,
Күндөр өтөр, мейли нечен жыл учар.
Жүрөгүмдө Ала-Тоодой мээрим бар,
Сени эле эмес бүт дүйнөнү жылытар.

Ошону менен бирге акындын ырларындагы жүрөктүн контексттик боёкторун талдоого алганда, терс абалдагы эмоция басымдуулук кылат. Мындай көрүнүш акындын жеке тагдыры, анын дүйнө таанымы, айлана-чөйрөгө, жашоого болгон сезимтал мамилеси менен гана эмес, балалыгы, жаштыгы, адам катары калыптануу мезгили туш келген доор көйгөйлөрү менен да шартталат. Тагдыры туш келген замандын таш боордугу сезимине бүлүк салып, «жүрөгү катаалдыкка кайышканда» көңүлүндө «бороон улуп, бейиш кыяматка айланат да, жүрөгүнө түнөгөн Күн, Ай, Жылдыз кулайт»; Мындай абал «Жан кыяматы» ырында эмоциялуу берилген:

Жашоо эмне, турабы түгөнүүдөн,
жоголомбу өгөлүп, бүлөнүүдөн?
Кантип жазам мен эми гүл тууралуу,
катаалдыкка кайышкан жүрөгүмдөн?
Күн, Ай кулайт, кээде жылдыз кулайт,
бороон улуйт көңүлдө узаак, узаак.

Мен да неге дендароо, өлүктөймүн,
мейкиндикке чачылган бөлүктөймүн.
Кайдан келдим бул жерге, качан келдим?
ааламды бүт ашатып сөгүп көрдүм…
Эч дабыш жок! Демек, бу эп окшойт ко,
так ушундай тагдырга көнүккөнүм.

Тулпар туйлайт а бирок жүрөгүмдө,
шумкар шаңшыйт, а бирок түнөгүмдө!

Ырдын акыркы строфаларында берилген «тулпар туйлаган жүрөгү» менен «шумкар шаңшыган түнөгү» – катаал мезгил жеткирбеген акындын максат-тилектеринин кыйроо драмасы. Ой-тилекти аткарууга мүмкүндүк бербеген реалдуу турмуш шарттын ички карама-каршылыгы кыйнаганда, сезимтал акындын кайра эле жүрөгүнө күч келет:

Баш, аяксыз кең дүйнө, турган бийик, тереңден,
жүк болгондой Жер, Күнгө, жүрөк сыздап келем мен.
Алдым дайым мунарык, эски өксүк уланып,
апакемден жаңы эле адашкандай элеңдейм…

Улуп турат жүрөгүм, узун санаа каарыган,
чоочун болуп түнөгүм, ууз кезди сагынам.
Жаштык өлгөн жыл калды, жазылбаган ыр калды,
жалаңдаган жакшы күн чагылгандай кайыган.

Жалындуу жаштыгы коомдук турмуш чак-чалакей түшкөн мезгилге туш келип жашоодон күткөн үмүт акталбай, турмуштан татыктуу орун ала албай калгандыктан өмүр текке өтүп жаткандай маанай Ажыматовдун гана эмес, бүтүндөй бир муундун тагдыры болду. Алмустактан бери далай таланттын тагдырын калчаган кылым тогошкондо жаралган коом азабы Зайырбектей жаркын акынды арманга салары кайталана келчү мүшкүл беле, кыска өмүрүндө толкуп-ташып, толуп-бөксөрүп, чайпалып-дымып асылдыкты эңсеп, жакшы ырларды издеп – анын баарын жүрөгүнөн өткөрө изденип өттү. Зайырбектин жүрөгүндөй сезимтал жүрөк ага берилген өмүрдүн кыскалыгын да эрте сезген экен:

Кап аттиң, кол жуудумбу бир өмүрдөн,
кайра бир толгум келет түгөнүүдөн.
Каякта мен издеген асыл дүйнө,
кай жерде, кайсыл жолдо жүрөмүн мен?
Кар кетет билем жазда, бирок эми
кыш менин кетпейт окшойт жүрөгүмдөн…

Ошентсе да, кашкөй адамга таандык ак пейил менен акындын баарын батырган жүрөгү кийинки муунга ажайып жашоо, анын ичинде канынан жаралган балдарына өксүгү жок өмүр каалоо ак тилегин да айкөлдүк менен алып жүрүп токтоду...

Булбул кайда-а... муун улам жашарып,
Бейтааныш көп, тааныш жүздөр азайып.
Жүрөгүм бир тыз этет да, эх анан,
Жаш муунга сапар каалайм ажайып...

Өчтү канча өрт сезим, толтура албай бөксөсүн,
күздө өлгөн дарактар жазда кайра көктөсүн.
Өксүк менден арылбайт, мээрим, сүйүү издеген,
ошол өксүк, оо эми, балдарыма өтпөсүн…

Үмүт КУЛТАЕВА, адабиятчы, филология илимдеринин доктору.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] Караңыз: Ж.Томас Шоу Корконданс к стихам А.С.Пушкина в двух томах. /Интернет сайт: http:www.litres.ru (10.05.2023)

[2]Словарь-справочник лингвистических терминов. Изд. 2-е. — М.: Просвещение. 1976. Автор: Розенталь Д. Э., Теленкова М. А.// Интернет сайт: http:rus-lingvistic clovar onlaine/com (10.05.2023)

[3] Кыргыз тилинин сөздүгү: Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы. – Б., 2010. – 424-б.

[4] Соматика – адам денесин туюнтуучу сөз же лексико-фразеологиялык талаа.

[5]Шарманов В.В. Соатизм как компонент фразеологической единцы русского  и немецского  языка // Universum: Филология и искусствоведение: электрон. научн. журн. 2014. № 10 (12) . URL: http://7universum.com/ru/philology/archive/item/1656

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз