Улук Уракун: Кристофер Нолан – заманбап искусствонун алдыңкы өкүлү

  • 11.08.2023
  • 9765

Сүрөт https://style.rbc.ru/ булагынан алынды.

(Эссе)

Мен үчүн Ноландын тасмалары – бул кинонун өзгөчө түрү, аны биринчи көрүүдөн эле түшүнүүгө болбойт.
Квентин Тарантино

Ноландын чеберчиликтин жогорку деңгээлине жетүүсү жана Голливуддун азыркы таптагы белгилүү режиссёрлорунан өзгөчөлүгү

Кристофер Нолан учурдагы Голливуд кино өндүрүш системасында өтө салмактуу фигура. Анын долбоорлорунун бүжетине каралгандай жүздөгөн миллион долларларды чоң студиялар ар кимге эле ишеничтерин артып бөлүп бере салбайт. Анткени андай ири сумманы камтыган долбоорлордун бир-экөөсү ийгилик жарата албай, тескерисинче, жоготууга учураса, тигил же бул студия банкрот болуп калышы толук ыктымал. Андай учурлар Голливуддун тарыхында кездешкен. Ошол себептен студиялардын босстору (төбөлдөрү) кино чөйрөсүнүн экономикасын жакшы түшүнүп, бизнести өтө кылдаттык менен алып барууга мажбур.

Франшизага айланган киноэпопеяларды жаратып, көрөрмандардын да, студиялардын да сүймөнчүгүнө ээ болгон белгилүү заманбап режиссёрлордон Кристофер Нолан кескин айырмаланат. Ал блокбастерлерге ылайык келген очойгон акчага өзү каалагандай эксперименталдуу, интеллектуалдык автордук кино жаратканга кудурети жетет. Ошол эле учурда ал тарткан кинолор блокбастер жана коммерциялык кино болуп эсептелет. Бирок анын блокбастерлери – кадимки эле автордук кино, жөн гана бүжети көбүрөк. Ноландын феномени ушунда: ал кинобизнесте улуксат берилген чек араларды өз чыгармачылык ишине, кесипкөйлүк абройуна зыян келтирбей туруп буза билет.

Ал Голливудда андай өзгөчө статуска кантип жетишкен? Элге берилбеген уруксаттар, ага кантип берилип калган? Warner Brothers компаниясы менен алгачкы жолу кызматташтыгы башталганда эле “Уйкусуздук” аттуу Робин Уилямс менен Ал Пачино тартылган триллери аркылуу өзүн көргөзө алган. Тасма прокатта жакшы каражат топтоп, көрүүчүлөргө жаккан. Абройлуу кесипкөй киносынчылар да аны өтө бийик баалашкан. Алардын ичинде АКШдагы киносынчылыктын жылдызы Рожер Эберт эт-бетинен кетип мактаган. Ошондо Нолан өзүн келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш режиссёр катары сунуштай алган. Бара-бара ал бардык үмүттөрдү толук актады.

Кийинки долбоорлору коммерциалык кино-дүйнөсүн солкулдаткан блокбастерлер болуп чыга келди. Бэтмен жөнүндөгү үчилтиги анык хит болду. Жалпы көрүүчүлөр үчүн да, кесипкөй сынчылар үчүн да көптөн күткөн окуя эле. Ноландын Бэтмени жөн эле белгилүү комиксти кайра дагы бир жолу экрандаштыруу эмес, анын жаңы көркөм жана философиялык бийиктикке көтөрүлүшү десек жаңылышпайбыз. Комикстин фабуласы Нолан үчүн бир чети терең ойлорду камтыган философиялык притча, бир чети баатырдык эпос, бир чети антиутопия жаратуу үчүн жөн гана курал болуп бергендей таасир калтырат. Болбосо, Бэтмен үчилтиги кадимки эле легендарлуу Фриц Лангдын “Метрополисин” 21-кылымда коммерциялык кино тилине которуп койгондой туюлат.

Бул тасмалардын зор ийгилиги Ноланды дүйнөдөгү эң кирешелүү режиссёр кылып, студия тарабынан ага толук карт-бланш берүүсүн камсыз кылды. Мына көрүп ал анан! Нолан билген талканын чала баштады! Ал прецедент жаратып, өзү каалаган гонорарлары эң жогору Голливуд актёрлорун чакырып, даярдыгы жок көрүүчүгө такыр түшүнүксүз эксперименталдык кинолорду тарта берди. Warner Brothers Ноландын айтканын айткандай аткарып, сөзүн эки кылбай, чоң суммаларды шагырата бөлүп турду.

Убактысынын узундугуна, сюжетинин татаалдыгына, темаларынын оордугуна карабай Ноландын көрүүчүлөрү болсо режиссёрду кубаттап, колдоп, анын кинолорун чыдамсыздык менен күтүп, үзбөй көрүп туруп алышты, пулдары менен кинотеатрлардын кассасын толтурушту. Кино-дүйнөсү Ноландын таманынын алдында калгандай эле сезилди.

Дүйнөдө конвейерлик кино өндүрүш тармагында эч бир атаандашы жок Голливуд системасынын ичинен көзүрлүү орунга ээ болгон соң, Нолан кинобизнестин принциптерин бүлдүрүп, кайра жаңыдан чогултуп чыкканын аңдаган киши кантип анан аны менен суктанбай коё алат?

Ал кинону салттуу түрдө тартып, сюжетти классикалык көнүмүш түрдө курабайт. Анын сюжеттеринин структурасы өтө татаал. Ноландын баяндоого болгон мындай мамилеси, албетте, жөн жерден чыккан эмес. Философ, ойчул адам катары ал замандын күрөө тамырын таамай кармай билген көрөгөч сүрөткер.

Нолан илим менен искусствону өз чыгармачылыгында синтездештирген кинематографист

Же Эйнштейндин салыштырмалуулуктун жалпы теориясыбы, же Фрейддин түштөрүбү, же Пруст менен Жойстун “аң-сезим агымы” ыкмасыбы, же Кафканын аллегорияларыбы, же Хичкоктун “саспенсиби”, же Борхестин “Табышмактардын күзгүсүбү”, же Жозеф Кэмпбеллдин “Миң жүздүү каарманындагы” салыштырмалуу мифологиясыбы, же Уильям Гибсондун киберпанкыбы, же Алан Мурдун комисктериби, же Артур Кларктын космостук одиссеясыбы, же Жими Хедрикс менен Пинк Флойддун психоделиясыбы, же Дэвид Фостер Уоллестин метамодерниби, айтоор, ушунун баарын өзүнүн кең “көркөм лабораториясына” камтый алган Нолан, илим менен искусствону чыгармачылыгында синтездештирген учурдун кайталангыс автору. Ошол себептен анын чыгармалары биздин татаал убактын күзгүсү.

Нолан кең экрандар (IMAX) үчүн блокбастерлерди санариптик камерага эмес, эскиче плёнкага тартат.

Гений парадокстордун досу демекчи, учурдун дүйнөдөгү эң кирешелүү режиссёрлорунун бири блокбастерлерин эскиче ыкма менен киноплёнкага тартып келет. Албетте, жогорку технологиялар доорунда жашап атып, Нолан плёнканы жакшы көргөн жалгыз режиссёр эмес. Белгилүү режиссёрлордун арасынан снобдор көп эле чыгат. Бирок Ноландын тасмаларынын тартылышынын техникалык жактан татаалдыгын жана анысы аз келгенсип сюжеттеринин баш катырма оор болорун эске алсаң, элейген бойдон таң берип эле отуруп каласың.

Чыгармачылык үндөштүк: Ноланга чейинкилер жана анын замандаштары

Тээ илгери Жаңы Голливуд доору (1967–1980) болгон. Нолан сымал а кезде да тийиштүү рамкаларга батпаган, өздөрүнүн таанымал автордук стили бар интеллектуал режиссёрлор чыккан. Алар да масштабдуу кинотасмаларды ийгиликтүү тартып, массалык көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жол таба билген сүрөткерлер эле. Стэнли Кубрик, Фрэнсис Форд Коппола, Мартин Скорсезе, Роберт Олтмен, Вуди Аллен, Милош Форман, Роман Полански, Сэм Пэкинпа, Питер Богданович, Майкл Чимино, Уилям Фридкин, ушул генийлер келгенде гана Хейстин кодекси (цензура) түбүнө жетип, сасыган саясатка белчесинен батып, гламурга ыктап калган Голливуддун системасын тизелерине сындырып туруп, өз эрежелерин орнотуп коюшкан эле. Анан Голливуд кудуңдап гана ошолордун аркасынан жөнөгөн. Билермандар ал убакты Жаңы Голливуд доору деп атап коюшкан.

Азыркы учурда да Голливуд ысымдарга жарды эмес. Ноландан кем калбас Дени Вильнёв бар. Андан ары көз чаптырсак Гильермо дель Торо, Альфонсо Куарон, Алехандро Гонсалес Иньярриту, Питер Жексондордун караандары. Булардын аттары жаңыча түшүнүк менен айтканда “бренд”. Бул ысымдар синефилдер (киносүйүүчүсү) үчүн – сапат белгиси! Коммерциялык долбоорлорду автордук тасмаларга айланткан чеберлер.

Улуу муундан Стивен Спилберг, Жорж Лукас, Ридли Скотт, Жорж Миллерди кантип унуталы! Заманбап кинону кино кылган, Голливудду азыркыдай Голливуд кылган так ошол аксакалдар эмеспи! Таза коммерциялык долбоорлорду алар автордук кинонун, чыныгы искусствонун деңгээлине көтөрө билишет. Жөнөкөй бир тыйынга тартылган окуяларды ийгиликтүү франшизага айлантып салуу рецептеринин авторлору ушул кино-сыйкырчылар.

Голливуд жөнүндө кеп козголгондо дагы бир ысымды унутпай, өзгөчө белгилегим бар. Коммерция менен искусствону айкалыштырган жагынан дүйнөдө бир да режиссёр Жеймс Кэмеронго жетпегени шексиз. Анын каражат жыйноо боюнча койгон рекорддору ондогон жылдар бою турат дале, ал рекорддорун кийинки долбоорлору менен өзү эле кайра жаңыртат.

Ноланды жакшылап түшүнүү жолу – өйдө жакта аталгандардын баарысынын чыгармачылыгы менен таанышып чыгуу. Анткени Ноландын чыгармачылыгы ушулардыкы менен “киндиктеш”.  

P.S. Кристофер Ноландын Warner Brothers студиясы менен эмне себептен кол үзүшкөндүгү тууралуу “Оппенгеймер” тасмасы боюнча кийинки жазган критикалык эссемде айтам.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз