Осмонакун Ибраимов: Кызыл кыргын

  • 24.04.2020
  • 4513

Мына бул жер — муңдуулардын энеси,
Мына бул жер —  өткөн кордук элеси!
Мына бул жер — азап каарын салган жер
Ушул кыргыз — жан соогалай качкан эл.
ЖУСУП

Кыргыз элинин башынан көп эле алааматтар өтүптүр. Манастын арбагына сыйынып, бир тилде сүйлөп, бир аймакты мекендегенден бери бирде жеңилип, бирде жеңип, бир толуп, бир бөксөрүп жашап келатыппыз. Тарыхый жолубуздун канчалык татаалдыгын мындан эле байкасак болор: байыртан эле атыбыз алыска кеткен түптүү журт болсо да, 1926-жылы азыркы Кыргызстандын территориясында жашаган элибиздин саны араң жети жүз миңден ашыптыр. 1959-жылы гана саныбыз миллионго чукулдаптыр...

Азыр эми, шүгүрчүлүк, эсеби эки миллиондон эбак ашкан, Орто Азиядагы өркөнү өскөн келечектүү элдердин бирибиз. Ѳзүбүздүн маданиятыбыз, адабиятыбыз, илимий потенциалыбыз, экономикабыз, табигый ресурстарыбыз бар дегендей. Айтор, заман тынч болсо, эптеп эркин өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алсак, өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө жетишсек, ич ара ынтымакчылыктан ажырабасак, алдыда турган перспективаларыбыз жаман эмес.

А бирок, кайсы бир акылман адам айткандай, келечекке кетчү жолду туура чабышыбыз үчүн алды менен өткөндүн сабактарын терең өздөштүрүшүбүз зарыл эмеспи. Тарых деген ошол үчүн керек, адабият, көркөм ой-пикир, философия илгертен өнүгүп келет. Тилекке каршы, жалпы кат-сабатыбыз эбак жоюлуп, агарып-көгөргөн калктардын катарына кошулганыбызга көп эле болсо да, мурунку мезгилде бурмаланып келген тарыхыбызды түп-тамырынан кайра карап чыгууга түк буямабыз келбеди. Анткени акыл-эсибиз, дүйнөгө көз караштарыбыз өңчөй шыгыраган стереотиптерге шыкалган, тоталитаризмдин алдамчы идеологиясы жедеп сөөгүбүзгө сиңип бүткөн. Анын үстүнө совет доорундагы тарыхый өнүгүшүбүз объективдүү анализ үчүн акыл жеткис татаал предмет, анткени анда аябагандай албан ийгиликтер, кылымдарга тете секириктер, көз кайкыткан маданий жетишкендиктер менен катар карандай социалдык иллюзиялар, кандуу кагылыштар, адам таң каларлык алдануулар, терең руханий кризистер, ар түркүн реформациялар толтура. Ушулардын баары өз ара аралашып, кыйма-чийме чаташып отуруп, өзүнчө бир ала-була конгломератка айланган...

Ошондой болсо да тоталитардык идеологиянын бир кесепетин, бир зыянын айтпай кетсек болбос. Ал — идеологиянын кызыкчылыктарын ар кандай кашкайган чындыктан жогору коюу өнөкөтү, кандай гана факты, кандай гана аргумент болсо да, эгер идеологиянын кызыкчылыктарына жооп бербесе, ийменбей туруп тескери интерпретациялоо, бурмалоо, же болбосо белгисиз бир мезгилдерге чейин «жабык» маселелердин тизмесине кошуп салуу. Азыр ошол илдеттүү өнөкөттөн аздыр-көптүр кутулуп бараткансыйбыз. А бирок жан ачыткан, көзүбүздү умачтай ачкан чындыктарды айтканга чейин дагы көп убакыт барбы деп коркосуң. Анткени чындык, акыйкаттык деген түшүнүктөрдүн өзү абдан эле салыштырмалуу, абстрактуу, чектелүү түшүнүктөр анын үстүнө ар кандай чындык аргасыз аны кабылдаган адамдан белгилүү бир жыйынтыктарга, тыянактарга келүүнү талап этет. Айтор, байкаган кишиге, жогоруда айтылгандардын баары оной маселе эмес. Андыктан азырынча жок дегенде илимий багытты туура тандасак да жаман иш кылбайбыз, анын эсеси бара-бара кайтары шексиз.

Азыр суверенитет, саясий жана экономикалык өз алдынчалык, көз каранды эместик, улуттук кызыкчылык деген өңдүү түшүнүктөр көп колдонулчу болду. Бир кездеги жадыбалдай жат болуп калган бир туугандык, достук, интернационализм деген сөздөр азыр газета, журналдардагы макалаларда алда канча аз кездешет. Көрсө, «бир туугандардын» арасында деле өз алдынча чарба күтөм, башка калктар менен өз билгенимдей мамиле түзөм дегендери болот тура... Айрым декларациялар идеологиялык ширини норма катары санап калган аң-сезимибиз үчүн адегенде кудайдын кудуретине акарат келтиргендей адепсиз туюлса, азыр көнүп да бүттүк. Азыр Кыргызстандын саясий-экономикалык көз каранды эместиги жөнүндө санаа жүгүртпөгөн кыргыз сейрек эле болсо керек. Анан калса советтик империя баштагыдай калыбында жашай албасына көп эле кишинин көзү жетти көрүнөт. Учурубуздун ушул оомалуу-төкмөлүү саясий-экономикалык контекстинде не бир теориялар, ар түрдү агымдар, тарыхый концепциялар басма сөз беттеринде улам арбын пайда болууда. Плюрализм дегенибиз да ошол. Ал эми плюрализм бар жерде талаш-тартыш да бар. Айрым калпыс көз караштарга каршылык кылбай коюу, каяша сөз айткандан качуу чындык тамырына балта чабуу менен барабар.

Ошондой көз караштарды, мен, маселен, Москвадан чыккан «Литературная Россия» жумалыгынан өткөн жылы окудум. Ырас, бул жумалыктын азыркы орус адабияты жана маданиятына, КПССтин улут саясатына болгон мамилеси мурдатан эле белгилүү. Мени таң калгырганы — газетанын Россия империясынын жүргүзгөн улут саясатына карата көз карашы болду. Мындай эң татаал, эң жоопкерчиликтүү маселени айрыкча Александр Фоменко аттуу автор «Притязания и реальности» деген макаласында («Литературная Россия», 16-март, 1990-жылы) ар тарабынан айландыра карап, кең-кесири көп козгоптур.

Автор алды менен орус монархиясын, айрыкча ак падышаны жактап чыгат, аны бүткүл элдин сүйгүнчүгүнө, калканчына айландырат. Эң адилет жана гумандуу мамлекеттик түзүлүш — «таза түрүндө сакталган империя» имиш. Мисалга автор Великобритания империясын, азыркы Америка Кошмо штаттарынын «демократиялык империясын» тартат. «Алар, — дейт автор, — өздөрүнүн карамагындагы элдерге (муну, кыязы, колонияларга деп түшүнүү керек ко, — О. И.) толук эркиндикти берет да, алардан айрым бир милдеттердин гана так аткарылышын талап кылат».

... Баса, аталган макалада мындан башка дагы көп «кызыктар» бар экен. «Мындай мамлекеттик түзүлүштүн убагында бир да куралчан аскер тынч жаткан калкты мылтык менен аткылаган эмес, эл өз үй-мүлкүн таштап, качып бозбогон, коңшу жашаган улуттар согуш деген эмне экенин билбей, бейкутчулукта жашашкан. Анан империянын эмнеси жаман? Таза түрүндө сакталып калган империя — бул улуттардын арасындагы бейкутчулук, өзүнчө бир камыр-жумур аралашкан көп кырдуу дүйнө».

А. Фоменконун айтканына караганда, Россия империясында, маселен, улуттук жана расалык белгилерине карап эч ким эч качан куугунтукталган эмес экен; крепосттук укук жоюулары менен эле ар бир адам кайсыл улуттун өкүлү болсо да, кең өлкөнүн аймагындагы каалаган жерине барып жашай берүү мүмкүнчүлүгүн алыптыр. А. Фоменко империя дегенди дал ушундайча түшүнөт, бул сөздү терс мааниде колдонууну токтотууга эбак мезгил жетти деп бушайман болот.

Албетте, азыр ар ким өз пикирин тартынбай ортого салган убак. Ак падыша эмес, Гитлерди, Сталинди, Саддам Хусейнди кызыл чеке болгончо жактаган, мактаган адамдар арабызда толтура. Жогоруда аталган макаланы деле ошол плюрализмдин бир белгиси, деп кол шилтеп койсок болмок. Бирок автордун падышалык өкмөттүн учурунда колониялашкан элдердин ортосунда такай камыр-жумур бейкутчулук өкүм сүргөн, ал эми аскерлер тынч жашап жаткан элди куралчан куугунтуктап, жылуу ордунан тук козгогон эмес деген пикирине кантип кошулууга болот? Үркүнчү?..

Ырас, Үркүн далай жылдар бою «тыюу салынган» табу темага айланып, жабылып-жашырылып келген. Ошону менен бирге Үркүн орус империясынын эң бир кандуу кылмыштарынын бири экендиги да талашсыз. Үркүндү 1915-жылы түрктөрдүн армян элине жасаган кыргыны менен же фашисттердин Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы еврей элине каршы жасаган геноциди менен гана салыштырууга болот... А бирок Үркүн жөнүндө эмне билебиз? Тилекке каршы, он алтынчы жылкы кыргын алиге чейин дүйнө элдерине дээрлик белгисиз бойдон калып келатат. Россия империясынын тарыхынын эң кандуу барактарынан болгон бул геноцидди жада калса тарыхчылар өздөрү да жакшы билишпегени кейитет.

Өз кезегинде бул темага арналган атайын макалалар, монографиялык изилдөөлөр, ошол тарыхый учурду чагылдырган ар түрдүү документалдуу материалдар жарыяланган. Үркүндү өз көзү менен көрүп калган, азап-тозогун тарткан адамдардын эскерүүлөрү да көбүнчө согушка чейинки мезгилдерде жарык көргөн. Үркүндүн келип чыгыш себептери, анын социалдык-демографиялык кесепеттери согушка чейин бир катар эмгектерде аздыр-көптүр изилденген. Тилекке каршы, 1916-жыл бара-бара жабык темага айланып, акырында ал жөнүндө кеп козгоштун өзү кыйын маселеге айланып калды. Үркүн темасына арналган далай документтер архив түпкүрлөрүнөн жаңы эле жарыкка чыкты. Суроо туулбай койбойт: 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү эмне деген көтөрүлуш болгон жана аны падышалык өкмөт ошончолук мыкаачылык менен басышына эмнелер түрткү болгон?

Адегенде 1916-жылы түзүлгөн жалпы эле өлкөдөгү саясий абалды аз да болсо көз алдыга элестетели. Дүйнөлүк биринчи согуштун активдүү катышуучуларынын бири болгон падышалык Россия мамлекети ошол кезде аскердик күч жагынан да, азык-түлүк жагынан да аябай алсырап турган убагы эле. Орус армиясы өз душманына караганда техникалык шайман, жарак-жабдык жагынан алда канча артта экени анык болуп, көбүнчө адам күчүнө таянып, анын үстүнө аскер күчү да жетишсиз болуп, согуштагы абал абдан эле кыйын болуп турган. Айрыкча аскерлерди өз учурунда азык-түлүк жана башка керектүү амуниция менен камсыз кылып, жабдып турууга транспорт жетишпей, темир жолдун жоктугу аскерлердин кендирин кесип турган кез. Айласы куруган падышалык өкмөт ар түрдүү арга издей баштаган. Акырында согушка көмөкчү күч катарында, тылдагы иштерди тындыруу максатында аскер катарына айрым колония элдердин өкүлдөрүнөн да чакыруу үчүн өкүм чыгарган.

Бул өкүм акыйкатта да айла кеткендеги өкүм эле, анткени Орто Азияда жашаган өзбек, тажик, казак, түркмөн жана кыргыз элдеринин көпчүлүгү негизинен сабатсыз болчу; сабатсыздыкты, караңгылыкты жоюш үчүн падыша өкмөтү атайын аракеттерди жасап, каражат деле короткон эмес, империяга туземдердин караңгылыгы кайра пайда эле... Ким билет, балким дал ушул жагдай падышалык өкмөт үчүн жогорудагыдай өкүм чыгарууга бирден бир түрткү болгондур. Эмнеси болсо да тездик менен ыдырап бараткан стратегиялык абалдан чыгуу үчүн падышалык бийлик арзан жумушчу күчүн пайдаланууну туура көргөнү айтпаса да түшүнүктүү. Айрым авторлор падышанын бул чечиминде укурукту узун таштап эсептелген империалисттик максат бар экенин белгилешет. Чындыгында эле орто кылымдардын деңгээлинде оокат өткөргөн Орто Азия элдери үчүн аскерге чакырат деген сөз чакалайдын чак түшүндөгү бейажал өлүм дегенге тете экенин колонизаторлор эң сонун түшүнүшү керек эле. «Негизинен жана эң башкысы... эл арасында чуу түшүрүп, нааразылык туудуруу, козголоң чыгарганга түрткү берүү эле. Баш көтөрүп, козголгон соң баарын кырып-жоюп, тыптыйпылын чыгарып, кыргыздар жашаган жерлерди бошотуу керек болчу, ал эми тартып алынган аймактар жаңы колониялар үчүн пайдаланылмак». (Астын сызган мен — О. И.) Бул пикир Г. И. Бройдонун 1916-жылдын 3-сентябрында Ташкендин сот палатасынын прокуроруна кыргыздардын көтөрүлүшү боюнча суроолорго берген жоопторунан. Ошол эле Бройдонун айтканына караганда, кыргыздардын бул көтөрүлүшү падышалык баш кесерлердин көптөн күткөн тилеги, эңсеген максаты болгон, анткени дал ошол чакта падышалык өкмөт революция чыгарууга даяр турган орус мужуктарынан чочулап, алардын эптеп оозун басуу үчүн жер бериштин камын ойлоп, бирок бере салганга жер таба албай айласы куруп турган.

Непада кыргыздар көтөрүлүшкө чыкса, аларды дароо тып-тыйпыл кылып, кырып-жоюп, тирүү калгандарын Кытайдын чек арасына киргизе кубалап, дыйканчылыкка жарамдуу жерлерди биротоло ээлеп калуу максаты мурдатан эле падышалык өкмөттүн пландарында каралып жүргөн деген пикирди айтат Бройдо. Ал эми 1916-жылдагы Үркүндү жана анын чыгыш себептерин эң жакшы билген Т. Р. Рыскулов мындай деп жазат отурукташкан дыйкандарга айлантабызбы, же завод ˗ фабрикаларга жумушка чегеребизби? Болбосо башка бир жолун таап, ошого жараша иш кылып, акыры аларды аз-аздан биротоло сүрүп чыгаруу керек». Ана, «Литературная Россия» эт-бетинен кетип жактаган ак падышанын саясаты, колония элдердин камыр-жумур бейкутчулукта жашашы үчүн жасаган «камкордугу!».

Падышанын 1916-жылдын 25-июнунда чыгарган указы чынында эле бүтүн Түркестанды солк эттирди. Эл ичине чуу түшүргөн бул указ боюнча жашы он тогуздан отуз бешке чейин эркектер (бардыгы 220 миңге жакын) аскерге алынышы керек эле. Указ эч бир алдын ала жүргүзүлгөн даярдыксыз жарыяланып, жалпы эл үчүн күтүлбөгөн жардык болгондуктан, ансыз да оор салыктарды төлөп, алсырап турган эл аскерге эч качан киши бермек эмес. Асыресе, кыргыздардын арасындагы оор социалдык абал, ата-бабасынан калган асыл жерлерди орус мужуктарына тарттырып ийип, өзөгүн өрт алып турган элдин маанайы ошол учурдагы падышалык бийликтерге мурдатан эле дайын эле. Анын үстүнө эшиктен кирбей жатып төргө өтүп алышкан мигранттар да бара-бара жергиликтүү элди ачыктан ачык «өгөйлөп» (аларга балким, падыша саясатынын түпкү максаты ошондо эле белгилүү болсо керек), ар түрдүү имиш-имиштерди тараткан, аскерге барсаңар силерди окопко тыгып өлтүрүшөт, чочконун этин жедиришет деп чочутуп, дагы ушул сыяктуу сөздөр менен эл арасына аябай дүрбөлөң түшүрүшкөн. Туркестан генерал-губернаторунун жардамчысы М. Р. Ерофеев бул тууралуу өз телеграммасында кеңири баяндаган жери бар.

Алгач Самаркан, Жизак, Анжиян оёздорунда чыккан козголоңдун эпкини Жетисуунун Верный, Пишпек, Каракол оёздоруна чейин жетип, заматта указдын эки эли барак учкуну жалпы Түркестанды каптаган өрткө айланган. Көтөрүлүш Түркестан аймагынын бардык тарабын текши кучагына камтыса да, анын эң эле айгышкан эпицентри Жетисууда (Казакстандын түштүк жана Кыргызстандын түндүк тарабы) болду. Буга эмне себеп эле? Эң биринчи себеп: так ошол Жетисуу колониалдык саясаттын запкысын эң катуу тарткан регион болчу. Түркестандын башка эч бир аймагында жергиликтүү калк Жетисуудагыдай оор абалга туш болгон эмес. Ɵз жерлеринен ажырап, жакырчылык каратаман элди жедеп көк шилте кылып, нааразылык эң эле күчөп турган аймак негизинен Жетисуунун тегереги экенин Т. Рыскулов да, Ж.Абдрахманов да бир ооздон белгилешет. Маселен, Жусуп Абдрахманов 1906-жылы Түркестанга жер ооп келген 106 миң орус дыйкандарынын ичинен 69 миңи бүт бойдон Жетисуудан отурук алышканын айтат. А. Ф. Керенский дагы Мамлекеттик Думада 1916-жылдын 15-декабрында жасаган докладында ушул кырдаалды өзгөчө басым менен белгилейт.

Козголгоң массалык түрдө башталса да, аны басуу анчалык деле оор жумуш болгон эмес, себеби көтөрүлүшчүлөрдүн баары негизинен куралсыз эле. В. Некрасов-Клиодт менен Г.И.Бройдонун жазганына караганда козголоңчулардын негизги жарагы союл, чокмор, балта, найза сыяктуу эң эле примитивдүү нерселер болгон. Жарыбаган санда милте менен атылчу эски мылтыктар бар экен. Ошондуктан алакандай Токмок шаарын оромого алган 1500гө жакын кыргыздар Бакуревич дегендин элүү чамалуу куралдуу отрядына туруштук бере албай, 300дөн ашык адамдан айрылган. Падышалык аскерлер тарабынан болгону эки гана адам өлгөн...

Кыскасы, бүткүл жергиликтүү элди кырып-жоюш үчүн мурдатан күтүп жүрүшкөн шылтоо акыры табылып, ал шылтоо толугу менен пайдаланыла баштаган. Куропаткиндин Жетисуу губернатору Фольбаумга жөнөткөн телеграммасында: «Өзүңүз түзгөн аскер бөлүктөрүнөн тышкары сиздин карамагынызга дагы эки атчандар полку, атчандар батареясы, 35 рота, 24 сотня, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек, 47 пулемет кошумча күч катары жиберилет» деп билдирет. Ушул эле телеграммасында генерал-губернатор Куропаткин: «Черняев, Романовский, Кауфман, Скобелевдер Сырдарыя, Самаркан жана Фергана аймактарын мындан" дагы аз күч менен каратып алышкан» деп Фольбаумга заардуу эскертет. Ошентип, падышанын тишине чейин куралданган калың колу өз жеринде безери болуп, шордуу качкындарга айланган деп куралган жазалоо отряддарына начальниктер «туш келген жагдын баарысын жынысына, курагына карабастан кырып-жоюуга, үй эмеректерин өрттөп, тыптыйпыл кылууга буйрук берген», — деп айтканда, муну угуп отурушкандардын арасынан «Маскарачылык!» деген үндөр чыгат. (Стенограммада ушундай жазылат) Ошол эле Керенский: «Эмчектеги балдардан тартып карыган чалдарга, кемпирлерге чейин кырып-жоюшат» деп айтканда, залдагы далай мамлекеттик ишмерлер жакасын карманат, алыстагы шордуу элдин убалын ойлоп, күнөөкөрлөрдү жазага тартууну талап кылышат. Бирок, кайдан...

Айтор, «Өрттөп, тыптыйпыл кылгыла» деген буйрукту аскерлер кудум аскерлерчесинен так, атүгүл мактоо угуш үчүн ашыра да аткарып турушкан. Өзүнүн кайсы бир телеграммасында кутурган Куропаткин жазалоочуларга мындай деп көрсөтмө берет: «Козголоңду уюштурган карышкыларларды кармаш керек, ал эми калган топураган койлорду анча-мынча аяп, кечирип коюуга да мүмкүн». Бирок, «койлорду», башкача айтканда кыргыздарды эч ким аяган да, кечирген да жок. Беловодскоё (Ак-Суу) айылынын приставы Грибановский 500гө жакын кыргыздарды алдап (бул цифра Г. И. Бройдодо 517 деп берилген, А Ф. Керенский 500гө жакын деп айтат) кербен сарайына киргизип алып, аларды айры, таяк таш менен уруп өлтүрүшөт. Тирүү калгандарын Пишпек шаарына алып келишип, азыркы Эмен багынын ордундагы мурда Собор аянты деп аталган жерде шаар башчыларынын көз алдында кинематограф музыкасын укканча өлтүрүшкөн деп билдирет А. Ф. Керенский. Ошол эле Керенский жазалоочу отряддын өлчөөсүз кылмыштарын дагы мындай фактылар менен ашкерелеген: «Луговой айылында солдаттардын отряды жергиликтүү бир нече орус адамдары менен бирге кыргыздардын чоң тобун ойлойсуздарбы? — деп сөзүн улайт А. Ф. Керенский. — Жок, мырзалар, алардын көбү негизинен кыргыз аялдары. Алар үйлөрүн, эл-жерин таштап, тоо таянып качып кетишинин себеби — Кытай тарапка барып эптеп тирүү калуу гана аракети».

Мына, падышалык өкмөттүн өз карамагындагы элдерге жасаган мамилеси, «камкордугу». Империя өз элин аткылап, кырып-жоюп, качкындарга айлантып гана тим болбостон, мындай мыкаачылыкты, ырайымсыз геноцидди алдын ала пландаштырган, алардын эзелтен бери ээлеп, киндик кесип, кир жууган жеринен кууган! Баса, геноцид демекчи. Бул термин «Советтик энциклопедиялык сөздүктө» (1987) мындайча чечмеленет: «Адам затка каршы жасалган эң, оор кылмыш, бир элди улуттук, расалык же диндик өзгөчөлүгүнө карата куугунтуктап, кырып-жоюу, же элдин эркин өсүшүнө жолтоо болуп, биологиялык процессти токтотуш үчүн жасалган аракеттер. Мындай кылмыштар экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Гитлердин армиясы тарабынан славян элдерине жана еврейлерге каршы массалык түрдө жасалган». Дал ушул сыяктуу кызыл кыргынга падышалык Россия Орто Азия менен Казакстандын түрк тилдүү элдерин да учуратканы айдан ачык.

Ошол жылдардагы статистикалык маалыматтарга караганда, маселен, жергиликтүү кыргыздардын саны 1902-жылдан 1913-жылга чейин 8—9 процентке азайган, ал эми көчүп келип отурукташкан орустардын саны жыл сайын 10 проценттен көбөйүп турган. Козголоң адеп башталгандагы бир нече жолу кандуу кагылышууда өз алын даана сезген кыргыздар үчүн эптеп аман калуудан, коргонуудан башка амал да жок эле. Жазалоочулардан качып же аскерлердин мизин кайтарыш үчүн гана кол көтөрүшпөсө, мурдагыдай бетме-бет чыккан кармаш дээрлик болбоптур. Кийин, 1916-жылдын 30-декабрында, козголоң такыр басылган соң Юнгмейстер деген чиновник начальнигине мындай деп билдирет: “Козголоңго бүт кыргыздар катышты деп айтууга болбойт. Кыргыздардын жарымынан көбү козголоңго катышкан жок, алардын тоо тарапка качышы орустун жазалоочу аскерлеринен өз жанын аман алып калуу үчүн гана жасалган аракет... Ал эми көп кыргыздар көтөрүлүшкө башында эле каршы чыгышкан, даярдалып жаткан козголоң тууралуу орустарга алдын ала эскертишкен. Ошондой эле кыргыздарга туткунга түшкөн көп орустардын өмүрүн кыргыздар аман сактап калган. Атүгүл Пишпек оёзунун түштүк тарабында жайгашкан Кара-Булак болушундагы кыргыздар козголоң чыгарган кыргыздарга курал менен каршылык көрсөтүшкөн».

Ошентсе да, жазалоочу отряд эч кимди аяган эмес. Жада калса баягы орустарга жан тарткан кыргыздарга да ырайым кылышпаптыр. Жазалоочу отряд куралсыз качкындардын артынан кубалап, Жусуп Абдрахманов таамай жазгандай, аларды кекилик аткандай терип, куралсыз аялдарды, кары-картаңдарды, балдарды артынан сая түшүп кырып, такымдап жүрүп олтурган. Бул Үркүн жалпы эле Россия империясынын тарыхындагы эң ырайымсыз кан төгүүлөрдүн бири эле...

Б.Исакеевдин айтуусуна караганда жазалоочу отряд Ысык-Көлдүн түштүк тарабында миңге жакын адамды союп салган, Краснореченскоё айылынан 500 кишини набыт кылган; Боспөлтөктө 300 кыргызды, дагы бир нече жүз кыргызды Нарын оёзунда о дүйнөгө узатышкан. Мындай мисалдар санай берсе арбын. А бирок азап-тозоктордун эң кыйыны али алдыда эле. Кытай тарапка качып өтүү кыйын учурга туш келди. Жол узак, ашуу бийик, кычыраган кыш мезгили. Ошол кыйын кезеңдин кыйласын өз көзү менен көргөн Б.Исакеев кийин Кыргыз ССРинин Совнаркомунун төрагасы болгон кезинде жазып калтырган “1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү” деген китебинде мындай деп сүрөттөйт: “Бедел ашуусунан түн жамынып өттүк. Мен адегенде апам менен эжем экөөнү кошуп, жүк артылган төөнү жетелеп, ашуудан аркы бетке алып өттүм. Бул жалгыз аяк, кууш чыйыр жол кыламык кар алдында калып, аябай тайгак болуп калыптыр. Кар алды көк муз. Төмөндө эки-үч аркан араң жете турган бийик, тик жар бар экен. Бут кичине эле тайыса – учуп өлгөнүң ошо. Мен апам менен эжемди ашуунун тигил тарабында калтырып коюп, инимди алып өтүү үчүн кайра артка кайрылып келдим. Иним ашуунун орто жеринде көр-жер жүктөлгөн өгүздү жетелеп келатыптыр. Биз иним экөөбүз ашуудан өтүп баратып карасак, бийик жардын ылдый тарабы кыя жолдон улам учуп түшө берип, үстү-үстүнө үйүлүп чыккан жүктүү төөлөргө өгүздөргө, адамдарга толуп кеткенин көрдүк. Дагы бир аздан кийин арттан келе жаткандар тайгак жолдон учуп кеткенден коркуп, аларды тебелеп өтө башташты.

Бул тири укмуштай оор, жан кейиткен көрүнүш эле. Түркүн малдын айкырык-өкүрүгү, адамдардын озондогон, онтогон үндөрү, ызы-чуу аралашып, айлана дүңгүрөп турду. Бирөөсү чыркырап ыйласа, дагы бирөөсү адашып кеткен, же эбак өлүп калган жакындарын аттарынан айтып чакырып, кыйкырышат. Ал эми арттан келе жаткан качкындар аларды тыңшаар эмес, тебелеп өткөнү өткөн, анткени бир азга эле кечиксе өздөрү мерт болот. Анан дагы ашуудан жедеп алы куруган аялдар жол боюна эмчектеги балдарын аргасыз таштап кетишкенин, же кийизге оролуп, жол четине калтырылган, өзү жүрө албай калган чал-кемпирлерди канча жолу көрбөдүк».

1917-жылдын башында эле Кытайдын Үч-Турпан, Ак-Суу райондоруна 100-120 миң чамалуу кыргыздар ооп келген. Алар болгон мал-мүлкүнөн ажырап (Бедел ашуусунда эле 10 миңден ашуун мал кырылган), ачкачылык азапты берип, ар түрдүү оорулардан, эпидемиялардан кырыла башташкан. Балдарын эптеп ачкадан өлбөсүн деп көрүнгөндүн эшигине калтырып кете беришкен...

Качкындардын тарткан чыгымдарын аныктоого адеп аракет кылган Кашкардагы орус мамлекетинин генералдык консулунун (элчилигинин) драгоманы Стефанович 1917-жылдын башында жазган билдирүүсүндө мындай дейт: “Качып келген кыргыздардын канча чыгымга дуушар болгонун так айта албайм, бирок алардын адеп качып келгендеги саны 120 миңге жакын. Алардын ар биринде орточо эсеп менен алганда 6-7 баш малы болгонун эске алсак, анда алардын чыгымы болжол менен алганда 12 миллион сомду түзөт десек аша чаппайбыз. (Восстание 1916 год в Киргизстане”), 165-бет. Ал эми Юнгмейстердин рапортунда бир гана Каракол оёзу боюнча эл тарткан чыгым 20 миллион сом деп аныкталат. Ал эми кыргыздар Кытайга качып барышкандан кийин тарткан чыгымды ким кантип эсепке алат? Кыргыз качкындары тарткан жалпы чыгымдын эсеби жүз миллиондогон суммалардан турары шексиз. Бирок мунун баары материалдык гана жоготуулар. Ал эми сууктан, ачарчылыктан кырылган адамдардын убалы кимге? Падышалык өкмөттүн бул кылмышы тууралуу жан ачыбай, жүрөк титиребей жазуугу мүмкүн эмес.

Жазуучулар Аалы Токомбаев менен Төлөгөн Касымбековдун болжолу боюнча бул үркүндө 300 миңден ашык кыргыз үй-бүлөсү кырылган: Демек, ар бир үй бүлөдө орто эсеп менен алганда үчтөн адам деп эсептегенде да, бул сан миллионго чукулдап барат. Ал эми Орто Азияда ар бир экинчи үй бүлө көп балалуу... 1913-жылдын статистикалык маалыматтары боюнча алганда ар бир үйдө орто эсеп менен алганда бештен ашык адам жашаган. Өзүңүздөр эсептеп көрүңүздөр... Т.Р.Рыскуловдун эсеби боюнча бир гана Каракол жана Пишпек оёздорунда көтөрүлүшкө чейин 62 340 үй бүлө болсо, 1917-жылдын январь айында 41975 үй бүлөгө азайган. Бул — эки оёздун эли 214 072,5 адамга азайган дегенди билдирет. Эгерде Кытайдын Υч-Турпан жана Ак-Суу сыяктуу райондорунда эле 120 миңге жакын кыргыз качкындары Түндүк Кыргызстандан ооп барганын эске салсак, Υч-Таш, Катуу-Багыт сыяктуу башка аймактарда качкындардын айрым гана бөлүгү аман калганын эске алсак, жогорудагы болжолдуу эсеп чындыкка абдан эле жакын экендигине көзүбүз жетет.

Өзгөчө белгилеп кетчү бир нерсе, мен айрым бир документтерге, жарыяланган маалыматтарга, окуяларга гана таяндым. Ошондой болсо да орус армиясы жана жергиликтүү орус калкы кандай чыгымдарга дуушар болгонун тактап өтүү зарыл. Жергиликтүү орус калкы падышалык бийликтердин провокациясына азгырылып, тескери үгүттөрдүн натыйжасында гана бул кандуу тополоңго аралашып калганын белгилеш керек. Падыша законун аткаргандар кулактар менен жергиликтүү кыргыз калкынын ортосундагы мамилени бузуп, жаңжал чыгарууга көп аракет кылган. Албетте, куралдуу аскерлер отряды такыр чыгымга учураган жок деп айтуу туура эмес, бирок кыргыздар тарткан чыгымга салыштырганда булардыкы арзыбаган бир нерседей көрүнөт. Баса, өздөрүнүн жоготууларын санай келгенде губерниялык эсепчилер аябай тыкандыкты көрсөтүшүптүр: ар бир адамдын өлүмү жөнүндө аскердик губернаторго кабар билдирип, рапорттордо, отчёт кагаздарында майда-баратынан өйдө айтылган ал маалыматтар архивдерде да жакшы сакталган. Бирок изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү туура белгилегендей, падышалык аскерлер өз кылмыштарын эптеп жумшартуу максатында жергиликтүү орус калкынын жоготууларын атайлап көбөйтүп, кыргыздардын чыгымдарын азайтууга аракет кылышкан. Маселен, орустар тараптан бар болгону эки миңге жакын адам набыт болгону айтылат. А.Ф.Керенский болсо бул маселеге өз докладында токтолгон да эмес, тек гана «бул эки оёздо айрым орус граждандары набыт болду, ал эми кыргыздар бардык аймактарда катуу жоготууларга дуушар болушту» деп гана тим болгон («Восстание 1916 г. в Киргизстане», 165 б.).

Айрым бир аракеттерге карабастан Үркүнгө байланышкан документтерди жарыялоо жана изилдөө иши дале болсо чындап колго алына элек. Ал эми белгисиз суроолор жана маселелер канча? Дагы бир өкүнүчтүү нерсе, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин бул темага окумуштуулар, тарыхчылар жана жазуучулар дээрлик кайрылган жок, ал эми Үркүнгө байланышкан айрым маселелерди изилдегендер (Маселен, К.Үсөнбаев, «1916-жылдагы Кыргызстандагы көтөрүлүш», Фрунзе, 1967) көтөрүлүштү ар тараптуу, кеңири изилдөөдөн али алыс, себеби көп документтер алиге чейин жабык бойдон. Баарынан дагы өкүнүчтүүсү, бул кандуу кагылышуу жөнүндө азыркы адамдар, айрыкча жаштар такыр эч нерсе билишпейт. Менин оюмча, тарыхты оңдоп-түзөп, жылмалап-жылтыратып көрсөтүүнүн эч кимге кереги жок, анткени тарыхтан бир гана нерсени үйрөнүүгө болот, ал — анын сабактары.

Ал эми жарык көргөн документтердеги маалыматтар көбүнчө бир жактуу, калыс эместигин да белгилеп коюш керек. Маселен, «Орто Азия жана Казакстандагы 1916-жылдагы көтөрүлүш” деген 1960-жылы (М. Изд-во АН СССР) жарык көргөн көлөмдүү жыйнакта (500дөн ашуун рапорт, протокол, телеграмма жана падышалык чиновниктердин отчёттук кагаздарын камтыган) көп маалыматтар жок же так эмес. Бир эле мисал келтирели, Пишпек оёзунун начальниги Рымшевич 13-августта 513 кыргыздын өлтүрүлгөнүн билсе да рапортунда бул тууралуу эч нерсе айтпайт. “Кыргыз козголоңчуларынан 138 адам, 12-августта да 400гө жакын адам туткунга алынды, бардыгы Белеводскоё айылына алынып келинди” деп гана тим болот. Ошол эле билдирүүсүндө ал “өлгөндөр болгон жок, аскерлер да, контор кызматчылары да эсен, жалгыз гана писарды айтпаганда, эч ким чыгымга дуушар болгон жок, жергиликтүү орус калкынын өзүн өзү коргош үчүн гана даярдадык” деп кабар кылат.

... Касымалы Баялиновдун «Ажар» аңгемесинен тартып, Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» дастанына чейин, Мукай Элебаевдин «Узак жолунан» тартып, Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» музыкалуу драмасына, «Ашууда» деген ырына чейин «өткөн күндүн элестери» (Жусуп) көркөм чыгармалардан өз ордун тапты. Көбүнчө согуш жылдарына чейин, сталиндик репрессиялардын кандуу «тегирмени» күркүрөп тегеренип турган жылдарда кыргыз жазуучуларынын жогорудагыдай чыгармаларды жаратканга батынганы, жаратканда да жүрөк канын сыя кылып, окуган жанды ыйлагандай көркөм кудурет менен жазганы аргасыз таңдандырат. Не деген жалын жүрөк азаматтар, не деген тагдырды баштан кечирсе да алп руханын сактап калган инсандар!

Мына бул жер –
Муңдуулардын энеси,
Мына бул жер –
Өткөн кордук элеси!
Ачкалыктан курбум өлүп бул жерде,
Калган эле көмүлбөстөн денеси.
Дагы өлгөн, далай жандар мүргүгөн,
Сөөктөрүн карга, кузгун мүлжүгөн.
Ойлоп көрсөм, азыр болуп жаткандай,
Кан бузулуп, кайгыланып сүрдүгөм.

Мына бул жер — азап каарын салган жер,
Ушул кыргыз — жан соогалап качкан эл.
Ушул жерде бет алышып жоо менен,
Кан жошулуп, кара кочкул аккан сел!

Мына бул жер — эл дүрдүгүп качкан жер,
Ушул адыр — так ошондо каткан жер.
Бул кычыктан, жоону тороп тосом деп,
Окко учуп, көмүлбөстөн калган эл.

Отто, окто, ашууларда кырылып,
Жардан кулап, бөбөк ыйлап чыңырып,
Ушу элим, көп кордукту көргөн эл,
Аксуу, Турпан, Ак-Ыязды кыдырып, — деп жазган Жусуп Турусбеков атакуу «Ук, жер жүзү» аттуу ырында. Акын үчүн Үркүн темасы эч бир айыкпай турган жүрөк жарааты, трагедия, дүйнөгө эмоциялык мамилесин качан да болсо өзүнчө бир түскө боёп турган руханий негиз экендиги көрүнүп турат.

Андыктан он алтынчы жылдын кандуу картиналары канчалык акын жанын бейпайга салып, “кайгылантып сүрдүктүргөн” сайын Октябрь төңкөрүшүнүн агарган таңы ого бетер апаппак көрүнүп, атүгүл Совет бийлиги орногондон кийин большевиктер жасаган не бир зордук-зомбулуктар анчейин майда чекиликтер сыяктанып көрүнгөнү тангаларлык эмес. «Өткөн заман — азыркы доор» деген семантикалык оппозиция (тактап айтканда, оппозициялык кош бирдик, бинардуулук) түрдүүчө символикалык белгилер, образдык каражаттар менен туюнтулганы 20—30-жылдардын адабиятынан айрыкча байкалат. Дале өткөн заман деген түшүнүк көбүнчө он алтынчы жылдын алааматы менен өлчөнүп, Үркүндүн каргашалуу элестери менен теңештирилсе, Октябрь төңкөрүшү күлүмсүрөп аткан таң («Октябрь күлүмсүрөп келген кези, Энчисин өз-өзүнө берген кези» — А. Токомбаев), же караңгыга жарык чачкан панар («Панардай жанып боштондук, бактыбызга туулду» —Токтогул), караңгы түндү айдаган күн менен салыштырылат. Эки замандын ортосундагы күн менен түндөй айырымачылыкты Касым Тыныстанов «Таң» деген ырында (казакча жазылган) мындайча элестетет:

Жаркырап күн чыгыштан агарды таң,
Оянды уйкусунан ар түрдүү жан.
Бурунку кара түннен кутулган
Сүйүнүп жан-жаныбар салады ан, — деп жазат.

Баса, ошол эле Тыныстанов он алтынчы жыл жөнүндө чоң казал жазып, бирок анысы жарыкка чыкпай, эч кимге белгисиз бойдон жоголгонун кийин билдик. Ал эми «Касым ырларынын жыйнагында» (1925) жарыяланган төмөнкү ыр саптарына так ошол кызыл кыргын жылдардын эстен кеткис элесин жаратканына түк шек саноого болбойт:

Ызгаардуу кышта ашуу ашып,
Чубашкан качкын келатат.
Жылаңач, ачка таймашып,
Сенделет, байкуш, жол тартат...
(«Сураба, достум, сураба»).

Албетте, Үркүн жөнүндө жазылган залкар да, эң эле бараандуу да чыгарма — Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы. Менин жеке баамымда, бул роман кийин оңдолуп, кайра иштелип чыкса да («Таң алдында» деген ат менен), ошол биринчи вариант Аалы Токомбаевдин эң улуу чыгармасы, акындык талантынын жанар тоодой атып чыккан жемиши деп тартынбай айтышка болот.

Атаганат, ылаажы болсо романдын ошол вариантын кайра басып чыгарсак эң бир керектүү, окурмандар үчүн да пайдалуу иш жасаган болор элек, анткени он алтынчы жылдагы кыргыз элинин тири укмуштай азап-тозоктору, трагедиясы «Кандуу жылдарда» чоң поэтикалык энергия, көркөм кудурет, баарыдан да барып турган чынчылдык менен ырга салынган. Кийин, романды кайра оңдоо зарылдыгы пайда болгон кезде, автор идеологиялык чоң айыпка жыгылып, чындыкты жазууга караганда саясий талап алда канча жогору, жоопкерчиликтүү маселе экенин жакшы түшүнүп, кексе болуп калган кези эле; анан калса «Таң алдында» романында алгачкы варианттагы акценттер алда канча алмашып кеткени, саясий нюанстар да кадыресе башкача маанайда иштелгени, автордун эл көзүнө абдан интернационалист, такшалган идеологиялык жоокер катары көрүнгүсү келгени, «жогоруда» отургандарга жагуу далалаты ачык эле байкалат.

Жок, мен бул ойлорду бөлүшкөндөгү максатым — романдын жаңы вариантын жерүү аракети эмес тек, «Кандуу жылдар» романы эң, бир баалуу адабий-тарыхый документ экендигин гана баса көрсөтө кетүү. Үркүндүн убагындагы эл трагедиясын автор таамай сүрөткердик калем, астейдил эмоциялык козголуу, таза (идеологиялык рамкаларга анча кириптер боло элек) чыгармачылык умтулуш менен жазып чыкканын гана белгилөө. Дегинкиси, Үркүндү көркөм сүрөттөгөн, ошол күндөрдүн элесин сезимде али жапжаңы бойдон кезде кагазга түшүргөн адабий эстелик, албетте «Кандуу жылдар» романы.

Үркүндүн айрым элестери прозада, атап айтканда; «Ажар» менен «Узак жолдо» чагылдырган. Белгилей кетчү нерсе, Касмалы Баялинов менен Мукай Элебаев бул чыгармаларда он алтынчы жылкы кандуу каргашаларды сүрөттөп чыгууну, анын ар тараптуу панорамасын тартып, эбеп-себептерин териштирип берүүнү, андан кандайдыр бир саясий тыянактарды жасоону атайын максат кылышкан эмес. Алардын мындай максаттарды коюшка шаасы жетмек эмес, профессионалдык  жана билим даярдыктары да кемчил эле. Тек гана традициялуу баяндоо ыкмасына салып, биринчиси эл-жерин көздөй качкан кыргыз кызына кейиштүү тагдырын жазса, экинчиси ошол эле ыкма менен өз башынан өткөргөн азаптуу окуяларды болгон көркөм дараметин сарптап, аңгемелеп берүүнү көздөйт. Ошондой болсо да Үркүндүн элестери, Кытайды көздөй качкан шордуу элдин тагдыры, тарткан азап-тозоктору эки чыгармада тең, айрыкча «Узак жолдо» таң каларлыктай таамай, реалисттик кылдат калем менен сүрөттөлгөн.

«Күн сурданып, тумандап, чыкыроон тартып турган. Мелтиреген талааны каптаган көч Кытайдын чегинен өтө албай, ары-бери толкуп, ийрилип турат...

Так ушул убакта арт жактан удаасы менен эки жолу күрсүлдөп замбирек атылды. Кай жерден атып жатканы маалым эмес. Баятан араң турган эл муну көргөн соң, илгери карай дыр коюп жөнөй берди да, чек арада турган Кытай черүүлөрү (аскерлери) алдынан тарсылдатып аткылап, дүркүрөгөн калың элди кайра жапырып таштады. Койлор мылтык үнүнөн үркүп, дыркырап, кайра жабыла качты. Эл кызарган өрттөй эки жоонун ортосунда калды. Калың кеч уюлгуй түшүп, бир аз кетенчиктеп туруп, кайра булкунду эле черүүлөр дагы жанакыдай жооп кайтарды. Тарсылдаган мылтык үнүнө чыдай албай толкуган көч уюлгуй түшүп кайра жапырылды. Ошентип бирде илгери карай каптап, бирде кайра тартып уюлгуп, калың элдин тагдыры бир ууч болуп, акыр заман айланып турду.

— Акебай э! Мына мындан кыргын табат экенбиз го! — дейт берегинде суру кетип турган бирөө.

—  Жетип калды!.. — дешет.

Ошол кезде баятан бирөөнүн чегине толкуп, тирелип турган калың журт» эми өлсөк да сенден өлөлү, сен өлтүр!» деп башын өлүмгө байлап, бардык күчүн жыйып бир таштагандай, черүүлөрдүн тарсылдатып ок жаадырганына карабай калың көч дүркүрөп, каптап алып жүрүп берди. Эт кара талашып, алактап кетип баратып, бир кезде Музарттын күркүрөгөн тайгак суусуна көч-мөчү менен, бекитүү катын бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир күрүлдөп кирди дейсиң – эми мындагы кыргынды сураба. Чуркураган сансыз үндөрдүн адамдыкы экенин же айбандыкы экенин айрып болбойт. Бир жерде мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү аял агып келе жаткан, бир жерде өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көбүккө бөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп олтурган… Эми кайсы бирин айталы. Кимди ким билген заман. Ѳмүрдө түгөткүс бир жомок болуп жатты…»

Мына, Мукай Элебаев сүрөттөп калтырган Үркүн трагедиясынын бир гана эпизоду, бир гана элеси. Кайран элдин азабы ошону менен эле бүтүп калса кана! Аалы Токомбаев сүрөттөгөн Ак-Өгүздүн ашуусучу, ошол эле Мукай Элебаев, Касымалы Баялинов сүрөттөгөн кыргыздардын Кытайдагы азап-тозогучу, кайра эл-жерге кайтканычы! Ушулардын баары укумдан тукумга кала турган тарых эстеликтери, күнү бүгүнкүдөй жандуу, элестүү тартылган көркөм табериктер. Бул чыгармаларды окубай, андагы ооздон көк түтүн бураган армандуу үшкүрүктөрдү укпай, сезбей туруп, ошолорду окуганда эриксизден көзүбүзгө ысык жаш албай туруп, өз элибиздин тарыхын билебиз, түшүнөбүз деп айтканыбыз чекилик болор... Асыресе, Үркүн окуяларын жаңы муундардын акыл-сезимине жеткирүү иши дале болсо колго алына элек, алынса да ага аз эле убакыт өттү. Келечекте бул иштин акыбалы кандай болот, аны эч ким билбейт.

Менимче, 1916-жылкы Үркүндү ар тараптан изилдөө, анын тарыхый сабактарын дааналап түшүнүү, өздөштүрүү кандай жагынан алып караганда да зарыл милдет, ошону менен бирге эң бир жооптуу иш. Анткени, Үркүндүн тегерегиндеги маселелер айланып жүрүп олтуруп Россиянын колониалдык саясаты, орус аскерлеринин тири укмуш кылмыштары, дале Россия жана Кыргызстан жөнүндөгү фундаменталдуу маселеге алып келип такайт.

Такайт да, нечен жылдардан бери улам-улам айтыла берип, кулакка сиңип калган стереотип түшүнүктөрдүн акыйкат экендигине эриксиз шек кетет. Үркүндү изилдөөнүн жана үйрөнүүнүн жоопкерчилиги, бизди кантип отуруп, аргасыз буда көңүлгө улам-улам кылт дейт... Ырас эле, эгер ал кездеги кыргыздар аскерге киши берсе, ак падышанын мыйзамына акыл менен мамиле этип, анча-мынча ыгына көнсө кандай болор эле? А балким... Атаганат десеңизчи. Ак падышанын андай кара ниет пландарын билгенде кыргыздар да «Сунган моюнду көтөргөн кылыч кеспейт» кылып, моюн сунат беле?.. А бирок тарых дегендин тамашасы да ошондо...

Не болсо да Үркүндүн жазыксыз курмандары жаткан жайларында тынч уктасын... Андан көрө алардын арбактарын эскерип, эшик төрүбүздөн жыт чыгарып, шам жагалы. Үркүн тууралуу көп козгогонубуздун максаты да ушу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз