Мурза Гапаров: Бакыт сени унутса да, сен бакытты унутпа

  • 16.03.2024
  • 6091

Таков притон дроздов тенистый
Они в неубранном бору
Живут, как жить
Должны артисты,
Я тоже с них пример беру.
(Борис Пастенак)

Жазуучуну үйүнөн таптык. «Узун Алайчы экөөбүз эч жерде иштебеген бекерпоздорбуз да, бизди үйдөн таппаганда кайдан табат элеңер, - деди ал биздин кубанып кеткенибизге. - Узун Алайчы дегеним, силердин жакындагы каарман, менин досум Кубат Жусубалиев. Биздин Ош жакта алайлык кыргыздарды Алайчы деп коёт, мен аны Узун Алайчы деп коём.

Жазуучу төрт кабаттын төбөсүндө, бир гөмүт үйдө жашайт. Дубалдарын китеп тиреген, куркулдайдын уясындай бул жайлуу үй кул пендесине – өзүнө, аялына, секелек сары ырчы кызына. Муну айтканыбыздын себеби, бизде жазуучу десе эле бир бутун бул, бир бутун тигил бөлмөгө сунуп, жамбаштап жатып алып китеп жазып, күрөктөп акча сузуп жаткандай көрүшөт эмеспи. Өзгөчө Мурза Гапаровдой белдүү, белгилүү жазуучуларын ошентип ойлошот. Биздин билишибизче, андай деле эмес, бул жерде деле заман жутунгандардыкы. Мурза Гапаров жутунбаган киши: кызматка да, сыйлыкка да, даңкка да... Дүр меники дебеген киши, жашоо-жарыш деген адам өчөгүшүнө  алдырбаган киши. Бул эми оозго уруна калган сөз.

Жазуучу үйдө жалгыз экен. Дасторкон четинде (Жазуучу аны тамашалап «натюрморт» деп койду) аркы-беркини кеп куруп отурдук. Суроо даярдай келдик эле, аныбыз болчудай эмес, баягы ашмалтайы чыккан суроо-жоопко айланып калчудай. Сыртта чак түш. Көптөн бери шаарга жел жүрөлек, биз киргенде шамал болчудай түрдөнүп турган. Аны биз кылда учу терезенин тушундагы шыңкыйган шыңга кайыңдардын шуулдаганынан байкадык. Бөлмө термелип жаткансып кетти. «О-ой, аны түндөсү көрбөйсүңөр да, - деди Жазуучу, -   көлөкөсү дубалга түшүп, ал көлөкө нары бир жапырылып, бери бир жапырылып киргенде кудум кемеде бараткандай болосуң да». Биз илгеркидей эле романтиксиз го деп тамашаладык. «Жок, айнып кеттим» - деди ал. Сөз ыңгайы 60-жылдардагы романтикалуу жаштар, романтикалуу адабиятка бурулду.

Менин «Кембрижим»

- Анда биз жаш элек. Жаштыгыбыз да романтикалуу учурга туш келип калбадыбы. Оокат бар, аш көп, каада көп, шаан-шөкөт көп, айтор, тост көтөрүп эле атчу эмес белек...

- Брежнев атабыз баш болуп...

- О, ал жаатынан а киши дайра киши эле... Ошентип, 60-жылдар аябагандай эле романтикалуу учур экен, күнүмдүк тириликте да, рухий турмушта да. Жалпы эле союзда ошондой учур экен. Анын эпкини бизге да тийиптир. Өз учурунда байкабаппыз, баалабаппыз, жашап жүрө бериппиз да, айтарыбызды айтып, жазарыбызды жазып дегендей. Кудай жалгап, биздин багыбызга, мен өзүмдү айтып жатканым да, Хемингуэй, Фолкнер Ата журтубузга келип жеткени жакшылыктуу иш болду да, ажайып иш болду да...

- Өзгөчө Хемингуэй болсо керек. Фолкнер кийин, 70-жылдардын аягында келди окшойт адабиятыбызга...

- Ооба, ооба, Фолкнер кийин жетти. Жеткен менен ал баарыбыздын дидарыбызда жашап, баарыбыздын акыл-эсибизге жете берген жок. Алиге чейин ошондой. Ал кыйын жазуучу, аны бир аз кыйналып, чайналып, кандайдыр бир даярдык менен окуш керек. А Хемингуэй болсо, жаркын жазуучу, романтикалуу, ырдай окулган, турмушка бекем проза да. Кыргыз университети мен үчүн бир университет болсо, Хемингуэй бир университет болду. Кембрижди бүткөндөй болдум. Салыштыруу үчүн, элестетүү болуш үчүн айтып жатам да. Өзүңөр билесиңер, биздин университет жазуучуларды даярдабайт, тил, адабият мугалимдерин, педагогдорду даярдайт. Багыты, ой-максаты ошондой. А биз болсо ага жазуучу болобуз деп өткөнбүз да. Мен мисалы, беш жыл ичинде бир да саат мугалим болом деп ойлогон эмесмин. А мугалимдердин сенин ой-максатың менен эмне иши бар. Жакшы мугалим же журналисттерди даярдасак деген тилек да. Ошондуктан мага окшогон кишилер ала турган билим көлөмүн өзүнөн өзү эле тартып алат. Бүтсөм мугалим болмок белем, жазуучу болом да дегенсип жеңил-желпи карап, кыргыз тилинен ээ менен баяндоочту билип, кыргыз адабиятынан мектепте окуган, Ноокатта окуган нерселерин бир аз кеңейтимиш этип чыгып кетет да. Азыр ачык айта берсек болот, бизди окуткан агайларыбыздын китебин, орто мектептер үчүн жазган китебин университеттики деп тапшырып чыгып кеттик да...

1960-жыл турмушумда бир топ бурулуш жыл болду. Акыркы курстарда элек. Америка менен биздин өлкөнүн мамилеси жакшыра түштү. Аны жакшы билесиңер. Биздин жетекчи Хрущев жакын тууган жазуучусун, Шолоховду жамбашына алып, Америкадан Эйзенхауэр келмек, аны менен Хемингуэй келет деп жатышкан. Ошого карата Хемингуэйдин эки томдугу чыкты, тетиги текчеде турбайбы, и-и ошол кара китеп. Андан кийин китептери көп чыкты дечи, бирок ошол эки том менин «кембрижим». Мурда ал кишинин макалаларын, ал киши жөнүндө макалаларды окугам, 1936-жылы И.Кашкиндин котормосунда аңгемелер жыйнагы чыккан экен, аны окугам китепканадан. Кыскасы, Хемигуэйге ышкым түшүп келаткан кез. Университеттин биринчи кабатында, кире бериште китеп сатчу. Ошондо турат, ушул эки том. Балпайган бир сулуу орус аял сатып атат. Эмдигиче эсимде турат, ушунчалык акылдуу, сулуу көздөрү. Алайын десем, акчам жок. Согуштан кийинки акча-сакчасы жок, кембагал балдарбыз. Акчам жок эле, карыз берип турасызбы, паспортумду калтырайын, стипендияда берем дедим. Ал мени көпкө тиктеп турду, ушу байкуш алдаганга деле жарабайт го дедиби, айтор берди. Паспортумду кийин алдым, акчасын берип. Ошо киши эсимде калыптыр. Дүйнөдө жакшы кишилер көп да. Ошол бойдон Хемингуэй окуу китебиме айланды: жазданып жатып окуучу болдум, кыргыз адабияты жөнүндө лекция болуп жатат, а мен Хемингуэйди окуп жатам дегендей. А кезде кыргыз адабиятын билем, онунчу класста эле окуп алгам деп ойлочумун...

- Фолкнердин эң мыктымын деген жазуучу да кимдир бирөөнү жазуучу кылып чыгаралбайт дегендей сөзү бар. Анын сыңары Сиздин «кембриж» сизге эмне окутту деп ойлойсуз?

- Эми үкөлөр, Фолкнердин айтканындай жүйө бар дечи. Бирок, жакшынын шарапаты ушундай да, улуу кишилердин шарапаты ушундай да, алардын нуру ар жактан тиет да, чачырап тиет да... Күндүн нуру кай жактан тийип жатканы менен кимдин кандай иши бар? Жылып атканын, жыргап-куунап атканың эсеп да. Анын сыңары Хемингуэй менин турмушума канча процент киргени, аралашканы менен менин кандай ишим бар? Бул мисалы, көз жаштын химиялык составын аныктап бер дегендей эле кеп да. А аныктап кирсек анын эмнеси калат? Эмне касиети калат? Болгону анын аркасы менен көп нерселерди билдим. Кудай жалгап ал жылдары Совет басмасы Хемингуэйди туш-туштан баса баштады. Маектерин окудум, макалаларын окудум. Баары мага чоң таасир калтырды. Өзгөчө жашоо турмушу. Турмушка болгон көз карашы. Биздин жазуучулардын бирөөн ошондой жашап көр дечи, атасын оозун урайын, жазуучулугуңа тойдум дейт. Ал киши чыгармачылык өмүрүн өзү аң-сезимдүү түрдө түзүп алган экен да. Оттой жанып Парижде жүргөн экен да жаш кезинен, Италияны кыдырып, Африканы сыдырган экен да, Испанияны жатка билип, Испаниядагы согушка катышып жатпайбы, жанын окко сайып. Африкага баргандан соң китеп жазган «Африканын жашыл дөңсөлөрү» деген. 1936-жылы орус тилине которулган, бирок толук чыга элек. Африкага барганда дамамат аң уулоочу экен. Кечинде токойго отту улуу жактырып коюп, албетте, чачпагын көтөргөн, мылтыгын октогон жөкөрлөр көп дечи, отту улуу жагып коюп, атын унутуп калдым, чогуу барган кайсы бир бай немиске адабият, искусство, турмуш жөнүндө сүйлөп берет экен да. Ошондо оозум ачылган, түү, жазуучу деген ушунча көп билиш керек турбайбы деп. А адабият жөнүндө айткандарычы, жазгандарычы. Мисалы, орус адабиятын ушунчалык куштар болуп кеп кылат дейсиң. Тургеневдин «Аңчынын аңгемелерин» жогору баалайт, Толстойдун «Казактарычы?» Бир сүйлөм эмдигиче эсимде бар: «Аякта чиркей ушунчалык көп экен да!» Көрсө улуу кишилер гана түшүнөт экен да улуу кишилерди. А бизде эмне? Чиркейди жазсак суктанбайбыз да, бири-бирибизге, кайра шылдыңдайбыз да... Проблема кайда, чоң тема кайда дейбиз да. Совет адабиятында чиркей проблемасы болгон эмес, болууга да тийиш эмес дейбиз да. Жанагы карапайым камбагалдарды ошол чиркей сыяктуу карап келдик да...

Баса, көзүмө чалдыга калды, 16-кылымдагы нидерланд художниги Питер Брейгель. Тетигинде турат го алсаңар, «Мергендердин уудан кайтышы» деп аталат сүрөтү. Карап бак, айылдын тирүү сүрөтү, менин айылымдын сүрөтү, карасаңар, силердин да айылдын сүрөтү. Кинопанорама. Кино демекчи оозума илине калды, Тарковский «Соляристе» так ушуну киргизген. Муну айтып жатканым адабият менен живопись экөө бир экен да. Хемингуэй Парижде жөн эле чардап жүрбөй, ушуга көзү жетип, Лувр жана башка жерлерде тентип жүргөн экен да. Көрүнүп турбайбы чыгармаларынан, ошол кездеги имперссиончулар, эксимрессиончулар да. Ван-Гог, Сезанн, Гогендерге кадимкидей тамшанган ал киши. А бизге эмне шам? Кете беребиз да фотосүрөттү көргөнсүп. Бизди эч ким тарбиялаган эмес да көркөм өнөргө. Байкашымча жакында эч ким тарбиялайын деген түрү жок. Камбагал ата-энебизди мындай коёлу, мектеп да, университет да тарбиялаган эмес да. Сокур чычкандай болуп жазуучу болдук да. Сокур чычкан ошондой эмеспи, жерди оюп каза берет, каза берет... анан өзү да билбейт кайдан чыкканын. Оштон чыктыбы, поктон чыктыбы, Фрунзеден чыктыбы, Бишкектен чыктыбы, билбейт да бечара кайдан чыкканын. Ошо сыяктуу мен дагы бир күнү «кембрижден» чыгып атпайымбы. Анан «кембриждин» «материалдык базасын» досторум чыңдашып атпайбы. Узун Алайчы жанагы силердин каарман Кубат Жусубалиев менин эмимди билип, Хемингуэйге тиешелүү материалдарды, сүрөттөрдү жиберет эле да. Оштон жиберет, Алайдан жиберет, советтик печатка чыккан немелердин бардыгын жиберет да. Аяктан ал мугалимчилик кылды, редакциядан иштеп калды. Тиги жерде сыртында сүрөтү бар Хемингуэйдин англисче китеби турбайбы, аны Кеңеш Жусупов досум Венециядан, Италиядан атайы мага алып келип жатпайбы, баланчанчы жылы...

- Хемингуэйдин үй-музейиндей эле болгон экенсиз...

- Ошентсе да болот.

- Биздин угушубузча, ошол достор бири-бириңиздерди Хем, Фолкнер деп эле ыракаттанып жүрүшчү дешет.

- Анысы да бар. Хемингуэйди достору Хем деп коюшчу эмес беле. Мени Узун Алайчы Хем деп койчу. Анан ошол Хемингуэй менен, Фолкнер менен шугулданып, таасирленип, атургай туурап жүргөнүбүз биздин бир топ адабиятчыларга өгөй учурап, өөн көрүнүп, айрымдары ошол «ыракатыбызды» ыраа көрбөй өзүнчө эле күйүгө баштады. Омор Султановду билесиңер, 70-жылдары секретарь боло калбадыбы, и-и, ошол Жазуучулар союзуна. Ошондо Кубат экөөбүзгө өчөгүштү да, калды. Кубаттын пейилин билесиңер, түз сүйлөп, бетке чаба айтып кете берет да. Султанов аны көтөрө албайт. Кээ бир адамдар болот эмеспи, сен аны тоотпой атканыңды билсе, мисалы жашоо ыңгайын, жүрүм-турумун, чыгармачылыгын жактырбасыңды билсе, сени кадимкидей душман күтүп алат да. Омор бизди ошондой душман күтүп алды, сүйлөгөн жерлерде, докладдарда тийишип, какшыктап, булар бирин Хем дейт, бирин Фолкнер дейт деп, атыбызды атабай, макала жазып, а кезде атайын макаланы мындай кой, секретарлардан жел чыгып кетсе деле гезитке чыга берчү эмес беле, ошентип шылдың кылам деп отуруп жайып жиберген да. «Көчө» деген фильмге сценарий жазгам, ал Москвадан бекип, киносу да чыккан, демек цензурадан өткөн. Кино дегенди өзүңөр билесиңер, жүз жерден өтөт. Ошол повестимди чыгарайын десем, Омор Султанович басмадан алдырып келип, кыскарттырып, оңдотуп жатып алса болобу. Бечара редактор К.Абдыкеримовдун көзү өтүп кетпедиби, сазайын берди да, берди. Жалаң эле сейфинде алты ай кармады. Ошол экөө отоп-бутап чыгарган китеп - «Кара-Көлдүн кыздары» .

- Биздин билишибизче ал Сиздин эң мыкты китептериңиздин бири го?..

- Мен деле билип турам, китеп жерде калган китеп эмес, начар китеп деп далилдеше албайт эле да. Ал колунан келбегенден кийин кандай да болбосун мени моралдык жактан чүнчүтүш керек болчу, өз күчүн көрсөтүш керек болчу. Бийлик деген бар экен. Биздин жазуучулардын баары дебейин, көпчүлүгү эмне үчүн бийликке умтулат, мансапка жутунат? Эмне үчүн секретарлыкты талашат, басмага директор болгусу келет? Бизге, Жусубалиевге окшогондорду каалагандай бийлеп, тарткан чооруна каалагандай бийлетиш үчүн да. Бул эми кимдир бирөөнү кектеп, кимдир бирөөдөн өч алайын деген кеп эмес, кудай сактасын, андайдан жашыбыз өтүп кетти, анын үстүнө табиятыма жат. Тек биздин жазуучулар арасында кыргызчасын таппай койдум, орусча айтканда, «комплексная неполноценность» деп коёт, ошол оорунун көп экенин айтайын дегеним...

Хемингуэй Памирге барганда

- «Кара-Көлдүн каздары» ошентип кармалып чыккан экен. Андан кийин «Дарыялардын шоокуму» чыккандай болду. Анын ортосунда «Кыштакча» повестиңиз «Ала-Тоого» жарыяланды. «Кыргызфильмде» иштеп жүрдүңүз эле, бир күнү Ошко кетти деп угуп калдык. Буга эмне түрткү болду? Хемингуэйби? Турмуштук жагдайларбы?

- Өзүмдү кайтадан сюжет менен улайын. Өзүм сюжетти жакшы көрөм. Мисалы, Кубат Жусубалиев сюжети жок жазат, бир дем менен жазып кете берет, Фолкнердин таасири болсо керек, ал да көңүл бурбайт эмеспи, айта берет, айта берет, ошол эле учурда адам өмүрүндөгү зылдай, түбөлүктүү нерселер өзүнөн өзү эле жарк этип чыга калат. Сюжет менен, Хеминуэй менен улайын. Ал живопистин эле эмес, музыканын да билерманы болгон. «Мен музыканттардан контрапункту үйрөндүм» деп атпайбы. Муну, композиторлор эле түшүнбөсө, мага окшогон чаласабат адабиятчылар кайдан билет. «Кош түбөлүк, куралымдын» башында Моцарттын «40-симфониясынын» башталышын кайталагам дейт. «40-симфонияны» билесиңер, Америка менен жакшы болуп баратканда Ван Клиеберн Москвага келип ойногон. Байкуш Хрущев, өпкүлөп, көрсө, искусство үчүн эмес эле саясат үчүн өпкүлөсө керек да. Минтип башталат эмеспи... үнүм начар, болжол менен ушундай да. Романдын башталышын кунт коюп окусаңар, чын эле ушундай чекит коюлбай эле кайталана берет. Ошентип, ал билген, ал сүйгөн живопистин репродукцияларын, музыканын пластинкаларын колдон келишинче жыйнап жатпайымбы. Хемингуэйдин, жер кыдырып, табият менен аралаш жашаганын болсо билем. Мен өзүм минтип жерде жүргөнүм менен көкүрөгүм менен көктө, атак-даңкты жакшы көргөн кишимин. Анан ойлодум мындай жашоого болбойт дедим, Хемингуэй кандай жашаса, ошондой жашайм дедим, дагы эле салыштыруу иретинде айтып жатканым да. Кыргыздын жаш жазуучусу үчүн Африка жок эмеспи, Африканы өзүм ойлоп таптым. Ал – Памир болчу. Мурда чалгындап алгам, китептеримден сырткары жанагы Бетховен, Моцарт, Чайковский, Лист ж.б. пластинкаларын артынып, Памирге уруп кетем да.

- Ааламдын чокусунан Аалам музыкасын уккуңуз келген экен...

- Ооба, ошентип кыялдансам керек. Каран калганда аякка электр энергиясы жетелек экен. Ошентип түз эле борборуна, Мургаб райОНОсуна бардым. Кыргызстандан баргандарды жакшы тосуп алышат экен, анын үстүнө университеттин төш белгисин көрүнө тагынбасак дагы, көмүскөдө «мен мындалап» турбайбы. Борборго калыңыз дешти. Жок, болбойт дедим. Мага жапайы аңы бар, балыгы бар дегендей жер керек да, болбосо эмнеси Африка. Баса, Хемингуэй балык уулаганды жакшы көрчү эмес беле! Ошентип куудум Хемингуэйдикиндей дүйнө түзүп жатпайымбы. Андай жер бар Токтомуш деген жер деди. Көрсө Токтомуш Памирдин эң жеткен чеги, чокусу экен, кыргыздардын ордосу, уюткусу да ошол жерде экен. Мектеп деректири Айдаров деген ушунчалык ыймандуу, жылдыздуу киши экен, ошол алып кетти. Орус тили, адабиятынан бересиң дешти. О, кокуй, орусча өзүм тамтуң билем дедим, коркпоңуз деди, бу жерде сизден ашкан эч ким жок деди. «Өрдөк жок жерде чулдук бий» болдум да. Бутум түшөөр замат эле айткан экенмин да, кийигиңер кана, өрдөк, казыңар кана деп. Кудай жалгап күздө баргам, жапайы өрдөк, каз ысык жакка кайта баштаган кез экен, бир жарым ай турат экен ошол жерде. Керемет жер экен, Ак-Суу дайранын илеби уруп турат күн-түн дебей. Баса, мур – суу, габ – өздөк. Мургаб ошондон калган да, өрдөктүү дарыя болуп. Жылаңач тоолордон түшүп келаткан кийиктерди көрчүмүн бу жээктен. Кыскасы, өзүм түзүп алган реалдуу дүйнөнүн таасири көп болду. Жана айтпадымбы, мугалим болоюн, бала окутайын деген үч уктасам түшүмө кирбеген деп. Эптеп пенсияга чыгыш үчүн барбагандан кийин жүрө бердим да акыры.

- Москвадагы киночулар институтунан да ошондой дүйнө түзүп окудуңузбу?

- Андай деле эмес. Чоюнга окшоп радио, теледе иштедим. Бирок бөксө жерим толбой жүрөт, билем. Билим аз экенин билем. КМУнун экинчи курсунда окуп жүргөндө эле өткөм. ВГИКтин алдын-ала сыноосунан. Москвада окуюн, акча сал деп, Ноокатка, атама кат жөнөткөм. А киши барсаң барып оку дептир, акча жөнүндө кеп кылбаптыр. Чөнтөктүн бөксөлүгүнөн ошентип өзүм да бөксө кылгансыгам. Ошол бөксөлүк эсиме түштү. Өзүңдү өзүң жетелеп адам кылбасаң, сени адам кылайын деген киши жок кыргызда. Жазуучуларыбыздын баары эле ошондой. Бир да бирөөнүн чындап күйгөн устаты жок, ошого жараша шакирттери да жок, өздөрү чындап күйгөн. Узун Алайчы экөөбүз ошол жерден дагы жолугушуп калдык, а да барыптыр сценаристтердин курсуна.

(Келдиңби? Бу менин аялым. Өзү чуваш кызы, аты Галя. Экөөбүз тең жазуучулук кылабыз. Мунун аңгемелери чыгып жүрчү орусча гезит-журналдарга, альманахтарга. Киносценарий жазып жүрчү, сыйлыктарга илине калганы бар дегендей. Анан насип тагдыр болуп үйлөнүп, жайланып, балалуу болгондон кийин, аялдын тагдыры кыйын экен да, көроокат, үй-тирилик деп жүрүп чыгармачылыгы деле калат экен да. Анын убалына калбайын деп чыгармачылыкка тартып жатам. Эки повестимди которду орусча, экөө тең жарыяланды. Галиянын ойлоп жүргөн ою бар экен, ошонун негизинде шериктеш болуп пьеса жаздык, «Аялдардын деңизи» деген. Атынан чоочубагыла, биз койгон жокпуз, суфисттердин чыгармасы бар экен, орусча «Поэма о море женщин» деп чыгыптыр, ошону бура тарттык. Театрга коюлду. Киного сценарий жаздык экөөлөп, К.Кыдыралиев тартам деп турат. Булар болсо кабарчылар, адабиятчылар).

Соопкерчилик жана соцреализм

- Мурзаке, жана суфизм жөнүндө сөз кылып кеттик. Сиздин чыгармаларда ошолордун жолун туткан каармандар көп. Мисалы, «Дарыялардын шоокумундагы» паренделерге жем чачып жүргөн Дербишти эске алсак болот. Колориттүү образ. Буларга кандайча кайрылып калдыңыз?

- Алар менин бала кездеги элестерим. Өзүм Ноокатта, колориттүү жерде туулуп-өстүм да. Ажайып адамдар болор эле, базарларыбыз да шумдук эле. Райондун борборунда 6-7 чайкана, мечит, мончолору болор эле. Көп көрөр элем ошо дербишке окшогон адамдарды. Дааратканада элдин колуна суу куюп, сүлгү сунуп турган кишилерди көрөр элем. Ал ишке аны эч ким чеккен эмес, эмгек акы албайт, жөн эле соопкерчилик үчүн... Бир мисал айтып берейин. Өзгөндөн Ошко келаткам. Жанымда бир кыз бала отурган эле. Анан бир жерден, Өзгөндөн өтө берердеби, айтор, көпүрөгө келгенде баягы кыздын эсине бирдеме түштү окшойт, илгери деп калды, эми илгери деле эмес, өзү жаш кыз болчу, мурда дейт, мобул жерде бир чал болор эле дейт, энем экөөбүз өтүп баратканда кумарадан суу иччү элек дейт, аны ошо чал булактан алып келип, жанына идиши менен коюп коёр эле дейт. Чаңкагандардын баары ушу жерден суусун кандырчу эле, бөксөрүп баратса, кайра толтуруп коёр эле, кээде өзү жанында туруп калчу, кээде бадалга кирип кетчү эле дейт. Ошо чал эмне болду экен дейт. Кыз жөн эле айтып койду, мен ушунчалык таң калдым. Кийин бир мойсопут, улгайган кишиге айтып берсем, ага таасир деле эткен жок. Э, үке, деди, анын эмнеси бар, боло жүргөн нерсе да. Бизде бар өзбек агайындарда, тажик агайындарда бар, мусулман элде соопчулук деген болот да. Анан деди, жанагы турмага түшүп келген, жок турма деген жок, күнөө кылган адамдар бар деди, киши өлтүргөн же башка бир күнөө кылган адамдар күнөөсүнөн арылыш үчүн адамдардын бутуна жыгылып, жанагы дааратканаларды тазалап, элдин колуна суу куюп тургандар ушулар дейт, бир сом пул албастан, ыракматын укса угуп, укпаса жок, ошентет дейт.

Баткендеги тоонун арасында бир таштанды өрөөндү, Зардали деген өрөөндү, нойгут айылын издегеним эсимде бар. Ал эми узак, узак сөз. Келечектеги китебиме кирет, цикл баштап алгам. Ошо Зардалинин жолунда турам. Жол тоому, айрылыш жер экен. Бир үй турат, жупуну үй, бир канаадан турган. Наржагында да бир үй турат. Кирсем, казаны турат, супрасы турат, чайнеги турат, очогу турат, көлдөлөңү салынуу. Жупуну жашаган адамдын үйүнө окшоп, бардык тирдиги бир үй турат. Кирсем, казаны турат, супрасы турат, кыз менен жигиттен ээси ким деп сурасам, бул көпчүлүктүн үйү дейт. Бир адам салган дейт. Каран калганда, атын унутуп атам, көзү өтүп кетти эле, көрүп да калдым эле. Салып коюптур да атайын жолоочуларга. Шу үйгө кирсең наны, тузу болот экен, баары болот экен. Нары жактан, дарыядан суу апкелип, чай кайнатып ичип өтүп кете берет экенсиң да. Дуба кылгың келсе да дуба кыл, кылгың келбесе, өзүң бил, ыйманыңа жараша. Наржакта кичинекей үйгө намаз окуган киши үчүн жайнамаз салып коюптур. Жашылча-жемиш эгип коюптур. Эми ким эле анда палоо демдеп, шорпо ичип отурсун, ким бирөөгө керек болуп калбасын деп, бош жаткан жерге эгип койгон да. Көрдүңбү, мен ойлоп чыгарган эч нерсе жок.

- Арийне, жашаган жер, жамынган асманыбыз баягы болгон менен адам кую, пейли, мүнөзү таптакыр эле өзгөрүп кетпедиби. Сиз көргөн ошол адамдар, сиз жазган ошол каармандар качандыр бир, ачыгын айтсак, азыр деле жомок катары туюлушу мүмкүн. Же алар кайрылып келет деп ойлойсузбу? Келбесе эмне кылабыз?

- Ал кишилер кетип атканы менен мен аларды жүрөгүмдө, чыгармаларымда, турмушумда сактап калгым келип атат да. Франсуздун улуу акыны бар, Жак Превер деген, студент кезде окуган элем, ошол бир ырында дейт да: «Бакыт сени унутса да, сен бакытты унутпа». Мен ошону менен жашап келатам да. Башкаларга да ошону каалар элем. Ырас, андай кишилер азайып, кетип барат. Бирок бар, эл болгондон кийин бар, башкача формада болсо да бар. Дегеле адабият менен искусствонун милдети адамды адамгерчиликтүү кылыш, адамдын мүнөзүн жумшартып, пейилин оңош да. Корчагин, Павлик Морозов же Кычан Жакыповдор менен кантип адам мүнөзүн жумшарта алабыз? Мен дагы талаалап кеттим. Адам деген миллион, миллиард. Сен жазсаң эле, бир кишинин жүрүш-турушун, жашоо образын жазсаң калган кишинин баары эле ошондой болуп кетпейт да. Ошон үчүн ар бир чыгарманын өзөгүндө кандайдыр бир нравалык данек, уютку болуш керек го. Жетсе ошол жетет, жетпесе жок. Эмесе музыкалык чыгармалар кантип тарбиялайт? Шопендин этюду же Листтин рапсодиясынан бирөөбүн угуп, тарбиялаган деп кантип айтасың? Мисалы, Листтин «Грезы любви» дегени. Керемет чыгарма, угуп олтуруп тунуп кетесиң бир ыракатка. Бирок андан чыккандан кийин баягы көроокатың турат, баягы үйүң, жайың, катын, балаң турат. Эч сени өзгөртө албайт. Демек, искусство башкача таасир берет экен да, сезимиңди ойготуп, жумшартып дегендей.

- Корчагин, Кычанды атап өттүңүз. Бирок аларды деле кезегинде туу көтөрүп кетишкен, анткени коомдун өзү, мезгилдин, эл түшүнүгүнүн өзү ошого шайкеш экен да, ошол идеялар менен жашап аткан турбайбы... Мына эми сиз тазалык, соопкерчилик, аруулук жөнүнөн кеп куруп жатасыз, дербиштердин, айрым апендилердин пейил камынын аны менен туташтыгын изилдеп жатасыз. Сыртта болсо турмуш башка: алдым-жуттумдардын, ар кандай шылуундардын заманы. Соода экономикасы алардын алкын ого бетер ачпаса, кемитейин дечүдөй эмес. Алар менен карп-курп чыкканда эмне болот? Эмне сактап калышы мүмкүн деп ойлойсуз?

- Жоопкерчилик. Ар ким өзүнө жооп бериш керек: өз ыйманы, уят-сыйыты алдында, жүрүм-туруму, кылган иши алдында. Мисалы, беш убак намаз окугандар жок дегенде бети-колун таза жубат. Мисалы галош дейт эмеспи, ошонусун чечип, кээде жайылган дасторконду тепсеп кете берет. Мына ушунун өзү эле абдан символдуу да. Баягы өзүнүн таза экенине, маасынын таза экенине ишенип алган. Айрыкча Түштүккө барсаң көрөсүң. Адам таза болуш керек, таза экенине дал ушундай ишеним болуш керек. Баарыбыз эле сыртынан таза боло беребиз, а бирок ичибизден билебиз бирөөлөргө жуулбаган колду берип, Морозов, Кычан Жакыповдордун заманы өттү, эми кайталанбастыр. Бирок ошолорду жараткан, ошолорго сыйынткан шумдуктуудай күчтүү идеология болгон да. Эми азыр ошолорго, ошондой жеке кишилерге сыйынтыш үчүн дагы бир күчтүү идеология керек да. Кудайга шүгүр, идеология өзгөрдү, асманыбыз ачылып, абабыз тазарып дегендей өзгөрдү. «Чү» деп темингенде эле соцреализм методу менен жашап, көрсөтмөсү, закону менен адабиятыбызды жаздык, маданиятыбызды, искусствобузду түздүк. Биздин классиктер, көзү өтүп кеткендердин жайы жаннаты болсун, арбагын сыйлап жүрөбүз, алардын арбагына акарат айта турган эч акыбыз жок, ошол арбагынан айлана турган кишилерден баштап, азыркы аксакалдардын, менин, менин тели-теңтуштарымдын чыгармаларын кошуп кетсеңиз, кыргыз жергесине солк этпеген соцреализм орнотобуз деген даргөй, түйшүк, күйүт экен да. Бул тарыхка иллюстрация эмеспи: 20-жылдар – тап күрөшү, 30-жылдар – коллективдештирүү, 40-жылдар – согуш, «Жеңе жүргөн жеңебиз!» деген. Анан эле колхоз-совхоз темасы, анан жумушчулар, данчы, малчылар темасы. Бир аттуу-баштуу эле жазуучу романымды БКнын пленумунун чечимине ылайык жаздым эле, караңгы сынчылар эмгиче түшүнбөйт деп ыйлап жүрөт. 60-70-жылдарды байкайсыңарбы, тема тургай адамдарды да тандап калдык. Көрүнүктүү адамдарды, көкүрөгүндө «жылдызы» барларды издей баштадык. Мен мисалы, Тянь-Шанга барып «жылдыздуу» чабанды табам да, роман жазам. Жанында да бир чабан жашайт, ал ашса ашат, асти кем калбайт, мен аны тоотпойм, мага «жылдыздуу» киши керек. Сынчылар да ошо, темасын, проблемасын кеп кылат, мактайт же жамандайт. Алым баш болуп. Айланып-тегеренип келип, чыгарманын адабиятка таандык экенин, адабият адам жөнүндөгү көркөм өнөр экенин унутуп коёт да. Мына элүүдөн аштым, отуз жыл болду жазганыма, көркөм өнөрдүн көркөмдүк касиети жөнүндө кеп кылган сын окуй элекмин. Биздин сынчылар айланып келип эле бардыгын идеология деген бир кончко тыгып коёт. Беш жылдыктын каарманын азыр кайра куруунун каарманына айланта коюш оңой да, сенек учурда эле сезген ушуну деп. Соцреализмдин эң чоң көсөөсү да ушул сынчылар эмес беле...

- Эми Мурзаке, соцреализмди созо берсек, көп сөз. Чоң художник деген чоң художник. Ал эмнени жазса да художникче жазып коёт. Андайлар кыргыз адабиятында бардыр. Деги сиз кимдерди окугансыз, кимдер көңүлүңүзгө төп түшкөн?

- А, пейлим түшкөн прозаиктер көп эле. Мисалы, Мукайдын «Узак жолу» кудай жалгап, соцреализмдин кызыл оту анчалык чачырап күйө электе жазылса керек. «Боорондуу жолдо» деген ажайып аңгемеси бар. К.Баялиновдун «Ажары» да ушундай. Жоомарттын, Жусуптун өздөрү жөнүндө жазган ырлары да. Биз да аларчылап кийинки муундарга өткөрсөк, көң болуп берсек жакшы болор эле, бирдеме сепсе өнө турган. Эми жашап көрөбүз го.

Америкадан Жапанияга

- Жана Хемингуэй жөнүндө бир топ сүйлөштүк. Анын бир сөзү бар «чыгарма деген айсбергдей болуш керек, тогуз бөлүгү суу астында калып, бир бөлүгү суу үстүндө көрүнүп туруш керек» деген. Өзүңүз көп кеп кылып каласыз, Чыгыш поэзиясы, асыресе Кытай, Жапан поэзиясы жөнүндө. Алардын негизи ошол «суу астында» болот эмеспи. Андай касиет сиздин чыгармаларда да байкалат. Хемингуэй го түшүнүктүү, а биякка кантип келип калдыңыз?

- Эми көрбөйсүңөрбү, Америкадан Кытайга, Жапанияга өтө качканымды. Хемингуэйге келишке жаштыгым, романтикалуу табиятым себеп болгон экен. Кийин карасам дүйнө кабылдоом, кабыл алганда да өтө жай кабыл алуум, ой жүгүртүү ыңгайым, көркөм табитим Чыгыш поэзиясына, живописине жакын экен да. Өзүңөр билесиңер, жапан поэзиясы өтө живопистүү, живописи өтө поэтикалуу. Мына, Басёнун ыры бар, болгону үч сап: «На голой ветке (Ворон сидит одиноко). Осенний вечер». Баарыбыз эле кыштакта туулуп өскөнбүз, кара карганы, жалбырагы күбүлүп тартайган бутакка конгон карганы баарыбыз эле көргөнбүз. Анан күзгү кечти кошуп койду эле кеч кандай жайсыз, суз боло түштү. Баса, Басё муну 3-4 жыл жазыптыр. «Маньесю» деген антологиясы бар го, дүйнөгө белгилүү. Карачы ошого үч сап беш сабы менен кирген 4-8-кылымдагы акындар аты заты менен сакталып келатат. А биздин акындар үч, беш сапка алымсынбайт да, дастан, роман жазат да ыр менен. Анысын эл окуйбу, окубайбы, эртеңкиге калабы, калбайбы иши жок. Көлөмү, анан акчасы менен иши бар. Эми ал жөнүндө айта берсек, сөз көп...

«Багы жок өлкө баатырга муктаж»

- Бертольд Брехтин бир таамай сөзү бар да: «Баатыры жок өлкө эмес, баатырга муктаж өлкө бактысыз» деген. Биздин өлкөнү алалы: учу-кыйырына көз жетпейт. Түзүлүштү, идеологияны алалы, 70-жылдык турмушубузду алалы... О-ой, ошондон кийин ойлойсуң да, 70 жыл бою жалаң баатырларга муктаж болуп келиппиз деп. Жок баатырларды өзүбүз ойлоп чыгарыппыз, төшүнө орден тагып, медаль тагып, сен жол башта, сен өз элиңе, сен өз айлыңа эркеч болуп бер, серке болуп бер деп. Малчыга – сен, кызылчачыга – сен, жазуучуга – сен үлгү бол деп... Болбосо, «Капиталисттик Эмгектин Баатыры» дегенди учурата элекпиз го. «Эл жазуучусу», «Элдик эмес жазуучу» деген да сөз болобу, мисалы. Минтип чекеге мөөр басып көрсөтүп калабы дейм да, сыйлоонун, урматтоонун башка жолдорун табабызбы дейм да. Ооба, эл курап, журт бириктирип, аны ар тараптан коргоп турган эр-азаматтар болуш керек эл болгондон кийин. Манастай журт атасы, Бакайдай акылманы, кырк чородой жигиттери болуш керек, кыздары болуш керек Айчүрөктөй. Бардык тармакта. Рух тармагында да. Антпесе эл мүңкүрөп калат да, карды ач, үстү жыртык болсо эч нерсе эмес, тигилердин жок болгону жаман. Кыргыз элдин, узун элдин уучу ылайым кур болбосун андан.

Маектешкендер Чоюн Өмүралы уулу, Алым Токтомушев,

«Кыргыз маданияты», 1991-ж., №28, 11-июль, 4-5-бб.

(«Сулулууктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» деген Абдыкерим Муратов түзгөн китептен алынды).

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз