СЕГИЗИНЧИ САБАК: КӨРКӨМ АДАБИЯТТЫН ТИЛИ
Тилдин көркөм сөз каражаттары
Көркөм адабиятта улуттук тилдин бардык өзгөчөлүгү ачылат, тагыраак айтканда, чыгарманын идеялык маңызын берүү максатында, сөздөр өз маанисинде да, өтмө мааниде да, каймана түрдө да пайдаланылат. Сүрөттөп жаткан көрүнүштүн мазмунун ачуу үчүн сүрөткер тилдин ар түрдүү көркөм каражаттарын колдонот, ошого мажбур болот, ансыз чыгарма же речь болбойт.
Тилдин өтмө маанидеги көркөм сөз каражаттарын адабият таанууда троп деп аташат. Илимде тропту жөнөкөй жана татаал деп шарттуу түрдө экиге бөлүп карайт. Жөнөкөй тропко эпитет менен салыштыруу кирет. Татаал тропко өтмө-каймана маанидеги башка көркөм сөз каражаттары метонимия, метафора, ирония, гипербола, литота, синекдоха ж.б. кирет.
Эпитет – сүрөттөлүп жаткан бул же тигил көрүнүштүн башкы белгисин же мүнөздүн өзгөчө касиетин бөлүп көрсөтөт да, чыгармага эмоционалдык, көркөмдүк кудурет берет. Мисалы, «Мергенчи Жусуп бүгүн «Ак-Таш» жайлоосунун этегинен эки каманды көрүптүр» деген сүйлөмдө «мергенчи» деген сөз эпитеттик касиетке ээ болуп, Жусуптун башкы сапатын ачып көрсөтүп жатат. Узун бут Чаргын, Акия кетирекей, Омор карыя, почточу Дүйшөн, кабылан Манас ж.б. булардын баары эпитет болуп эсептелет же жогорудагы кишилердин башкы белгисин көрсөтүүдө. Эпитет көбүнчө мүнөздүн башкы белгисин ажыратып көрсөтүү менен грамматикалык аныктооч сөз түркүмүндөй болуп саналат.
Эпитетттер – байыркы мезгилден бери келе жаткан, айрыкча элдик оозеки адабиятта арбын учураган көркөм каражат. Мисалы, Айкөл Манас, Шер Манас, акылман Бакай, атка жеңил, тайга чак Сыргак, Жээренче чечен, Акыл Карачач, Кожожаш мерген, Элемандын Эр Төштүк ж.б. сөз айкаштары туруктуу колдонулат. Ошондуктан булар туруктуу эпитеттер болот, ал эми өзгөрүлмөлүү эпитеттердин андай туруктуу сөздөрү жок болот да, автордун максатына баш ийдирилип пайдаланыла берет.
Салыштыруу. Мында бир көрүнүш экинчи бир көрүнүш менен салыштырылат да, анын маңызын терең ачуу максаты коюлат.
Балапандай уйпалап,
Чыгым салып эл жедиң.
Жалдыратып кедейди,
Жалгыз атын сен жедиң.
(Т.Сатылганов)
Мында адамды балапанга салыштырып жатат. Салыштыруу форма жагынан оң жана терс болот.
Терс салыштырууга мисал:
Кетериңде дүнүйө –
Суу жүрбөгөн сайдайсың.
Он салыштырууга мисал:
Келериңде дүнүйө –
Толукшуп чыккан айдайсың.
(Т.Сатылганов)
Салыштыруу негизги төрт элементтин катышынан куралат:
окшогон нерсе (келериңдеги дүнүйө);
окшотулган нерсе (толукшуп чыккан ай);
окшош белги, же окшоштугу (жаркырактыгы, көрктүүлүгү ж.б. белгилери);
окшоштукка кошумча каражаттар, кызматчы сөздөр, сөз мүчөлөрү (жогорудагы салыштырууда - дай мүчөсү).
Салыштыруу көркөм чыгармада эстетикалык жактан угарманга же окурманга күчтүү таасир этет, речти уккулуктуу кылат, көрүнүштү образдуу берет.
Метафора. Бул эки көрүнүштүн окшоштугуна бир нерсени, көрүнүштү, башка бир нерсе же көрүнүш менен атоого негизделген троптун түрү, муну жашыруун салыштыруу деп да аташат. Мисалы,
Белгисиз күч кирпигимди көтөрүп,
Уктатпады, уйку эске келбеди.
Соргок ойлор кубалашып бир-бирин,
Мени бийлейт, мага бийлик бербеди.
(А.Токомбаев)
Мында кандайдыр бир уйку бербеген ойлордун күчүн баяндоо үчүн ошол ойду «соргок», «кирпик кактырбаган белгисиз күч» деп жатат.
Метонимия. Мында белгилүү бир көрүнүш, кубулуш окшоштугуна карап эмес, маанилик жакындыгына таянылып, аты башка түшүнүк менен берилет.
Ленин жолу – ташка тамга баскан жол,
Эчен кыя белестерди ашкан жол.
(Ж.Турусбеков)
Мында сөз Лениндик идеянын татаал экендиги эчен кыйындыктан өткөнү жөнүндө болуп жатат, же болбосо:
Берчи мага, берчи мага
Жарым кашык музыка.
(А.Осмонов)
Мында акыл-ойду күчөтүп, музыка жөнүндөгү маселени ортого коюп, акын өзүнүн музыканы артыкча сүйөрүн көркөм сөз айкалыштары менен метонимиялаштырууда.
Метонимия көбүнчө метафорага окшош. Анткени экөөндө тең салыштыруу жашыруун болот, бирок метафорада салыштыруу өтмө мааниде болсо, метонимияда салыштыруу каймана мааниде болот.
Аллегория. Мааниси жагынан бул метафорага жакын, бирок мында өтмө маани метафорадагыдай айрым сөз айкалыштарында эмес бүтүндөй чыгарма аркылуу берилет. Аллегория ойду поэтикалык күчкө, өзгөчө эмоцияга ээ кылат. Образды элестүү, таасирдүү чагылдырат. Маселен, тамсилде карышкырдын образы менен ач көздүктү, булбулдун образы менен акындыкты, чечендикти аллегориялайт.
Гипербола жана литота. Булар да троптун бир түрүнө кирет. Өтө апыртылып, ашкере көтөрүп айтуу гиперболаны түзсө, тескериси, таптакыр кичирейтип, майдалап жиберүү литотаны түзөт. Гипербола көбүнчө элдик оозеки чыгамаларда арбын кездешет.
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
(«Манас»)
Адатта адамдын мындай болушу мүмкүн эмес, бирок манасчылар каарманынын баатырдыгын көрсөтүү үчүн ушундай апыртууларды колдонушкан. Ошондой эле алар тескерисинче литоталарды да пайдаланышат. Мында окуя, көрүнүш, нерсе өтө эле кичирейтилип берилет. Мисалы,
Аркайып турган Ала-Тоо,
Чөгүп жаткан нарга окшойт.
Мелмилдеп турган Ысык-Көл,
Сулууга бүткөн калга окшойт.
(Ж.Бөкөнбаев)
Демек биз жогоруда сөз кылган троптун түрлөрү кандайдыр бир нерсени, көрүнүштү образдуу, жеткиликтүү, окумдуу жана уккулуктуу кылып көрсөтүү үчүн сөздөрдүн маанисин өзгөртөт, же сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү башка нерсе же көрүнүшкө өткөрүп чагылтат. Мунсуз көркөм адабият жашабайт. Троп көбүнчө тилге байланыштуу нерсе болуп, ал сөздүн колдонулуш чегин, мамилелик көп түрдүүлүгүн байытат. Ошондуктан мындай ыкма аркылуу жазуучунун тили таасирдүү жана образдуу болуп, сүрөттөлүп жаткан нерсе же көрүнүш жөнүндө аныгыраак билүүгө мүмкүнчүлүк ачылат, тилдин стилистикалык кызматы кеңейет.
Суроолор жана тапшырмалар
1 Көркөм сөз каражаттары деген кандай түшүнүк?
2 Троп, анын жөнөкөй жана татаал түрлөрү.
3 Бир чыгарманы тандап, ошондогу көркөм сөз каражаттарын троптун түрлөрү боюнча ажыратып жазып чыккыла
4 Эссе жазып, анда ондон ашык салыштыруу, ондон ашык метафора колдонгула.
5 Гипербола жана литота катыштырып текст жазгыла.
Сабакты даярдаган Абдыкерим МУРАТОВ, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин профессору