Венера Акматова: Элмирбек Иманалиевдин феномени

Элмирбек Иманалаиев ар тараптуу, кайталангыс талант. Кыргыз элинин акындык өнөрүнүн ыйык салттарын татыктуу улантуучу… Санай берсек акын катары, инсан катары асыл сапаттары тууралуу далай сөздөр дагы айтылаар. Анын көзү өткөндө кыргыз арасында «карагай ыйлап, тал ыйлап, калың элдин баары ыйлады».

Элмирбекке  ыйлаган ар бир кыргыз өз тагдырына ыйлады. Ар бир нукура кыргыз эң жакынын колдон алдырып ийгендей арман кылып, ызаланып ыйлады. Тыюу салганга карабастан топурак салганы оголе көп эл жыйналып, бакандай жигиттер көз жаштарын жашырышпады. Карантинден чыга албай жетпей калганы арман кылып, үйүндө отуруп кайгырды. Башка учур болсо акынга акыркы ызатымы жасайм деген эл батпай калмак экен.

Элмирбекти эл эмнеден улам мынча сүйүп-кадырлап калды? Элдин көкүрөгүндө зилдеген датын ачык айтканы үчүн! Эч нерседен кайра тартпай улуу Токтогулдан келе жаткан хандан бектен кайра тартпастан, элдин арманын, көйгөйүн  жарыя айткан  чыныгы акындык салтты татыктуу улантып, азыркынын элди алдап жеген Акмат, Дыйкан алдамчыларын, эл жегенге жардамчы Эгемберди, Бактыярларын, жеп ичкенден башканы каалабаган,  элдин кендирин кесип, ырыскысын, акысын жеген беш камандардын бетин сыйрып, ашкере кылып ырдагандыгы үчүн жактырды. Бийлик, байлык-сыйлыктан  үмүткөрлөнүп, эшик ырчы Арзыматтарга айланбастан башын бийик көтөрүп, таза жашап, түз сүйлөп, элдин турмушун, муңун-зарын ырга салганы менен, чындыкты таамай айтканы менен  элине жакты. Акындын сөздөрү ооздон-оозго өтүп эл арасында айтылып жүрөт. Анын бири А.Акаевдин учурунда жалпы элдин астында:

«Жаттан карыз көп алды,
Жанкечтилер жеп алды
Бөтөндөн карыз көп алды,
Бөрүлөр бөлүп жеп алды», – деп ырдаганда угуп отурган эл жапырт тура калып дуулдата кол чапкан. Ал кезде жаш болсо да, чындыктан тайманбаган Элмирбектин кайратына эл ыраазы болбой коймок беле!?

Акындын ташка тамга баскандай таамай айткан сөздөрүн дайыма эл жактырып угуп, коштоп, ыйлап угушканына күбөбүз. Анын учурдагы акыбалыбызды карап төккөн «Жаңы кайрылуу»  деген ыры-муңу – жалпы элдин муңу-зары:

Убада менен тойгузуп,
Жел сөзү менен алдаган,
Жалганчы дешет чоңдорду.
Абийирин мансапка алмашып,
Дилин чаң баскан чоңдорду,
Куйругун булгап боктогон,
Кулкуну кузгун окшогон,
Калк ишенип шайлашкан,
Катырабыз баарын деп,
Калп сөз менен жайлашкан,
Каалаганына жеткенде,
Кара көзүн май баскан
Бетсиздер гана дешет чоңдорду. – деп калпты чындай айтып элди алдаган, куру убадага ишендирип добушун алып, эртеси унуткан уятсыздарды, иштеген ишин  жөндөй албаган мажүрөө  бийлик өкүлдөрүн сындап ырдаган. Кыргыз коомунун бүгүнкү социалдык, саясый акыбалына, келечегине күйүп-жанып:

Оң жолго туура түшө албай,
Айла кетип баратат,
Ишенгендер сууга агып,
Сайда кетип баратат.
Илкип баскан өлкөбүз,
Калкым жарга кетип баратат.
Карызга кимдер батырды?
Арсыздар арды кеп кылып,
Акысын элдин жеп тынып,
Ар-намысты сапырды.
Сайраган тили кош ооздо,
Саналуу беттер бошотпой, сазга айланды саясат, – деген саптары  аркылуу жалпы өлкөнүн келечегине балта чапкан кош стандарттуулук, адилетсиздик, эл ишенимин тебелеген ар-намыссыздыкты  сынга алды. Өлкөнү жарга сүйрөгөн арсыздарды эл эки революция жасап да кууп ийе албады. 30 жылдан бери саясаттан, бийликтен кетпеген, саналуу  «бетпактарга»  кайрылып:

«Калкыбыз билбейт дешеби,
Дагы эле калбырын сүйрөп келе атат, – деген саптары кызылдай чындык!

Отуз жылдан бери  бийлик бир нече ирет алмашканы менен бийлик эшелонундагы  «саналуу беттердин» жаштарга орун бошотпогону өтө чоң көйгөй болду. Жаштардын демин суутпай, колдоо көрсөтүп, алдыга сүрөйлү, алардын баарын иш издетип тентитип ийбейли деген көксөөсү көк түтүн болуп:

Бүлөсүн багам дегенди,
Бүт дүйнөгө жүгүртүп,
Көз көрүнө кулга айлантып,
Көздүн жашын агызды, – деп айтылса, коомубуздагы болуп жаткан орчундуу окуялардын ар бирине кайдыгер карабастан, өзү айткандай «акындын иши ушу экен, айткандан башка айла жок» кайрылууларын жасады. Анын «Чоңдорго кайрылуусунда»:

Кеткенинен да пайда жок,
Келгенинен да пайда жок.
Кеңкелес укпайт эл угат,
Кейишти айтам айла жок, – деп «арамдын башын арам жеген абалды, кошомат менен күн көргөн адамды, биздей катыгүн элди ким көргөн» деп улантат. Мамлекетке алынган карыздын эсебинен катар-катар үй алгандарды, кымбат машина мингендердин абийирин аштай төгөт. Кыргыз бир ууч эл. Ким кантип байыганын элдин баары эле билет, болгону ички органдар билбейт. Өлкөбүздү аңга сүйрөп бараткан туташ коррупцияны баштагандарды, анын төбөлдөрүнүн  ар биринин атын да эл билет. Эл аларды жектейт, каргап-шилеп, бирок кайра эле ошолорго алданып калып, төргө өткөзүп ийип аткан ызасын айткан акынды сүйбөй кимди сүймөк эле!?

Карыз алган акчага
Каракчы чоңдор болдуңар,
Отуз жыл  жеп тойбогон
Опкоктор гана болдуңар.
Оюлуп түшкөн чириктер.
Отуз-кыркың биригип
Топтошуп алып жедиңер.
Экиден-үчтөн ырсаңдап
Достошуп алып жедиңер,
Бири-бириңерге шылташып,
Мен тазамын дедиңер, – өлкөнүн түбүнө жетип аткан 30 жылдан бери бийликке аралашкан адамдарды сындап, ашкерелеп отуруп, жерге киргизе  «ата-бабалардын каны ургурлар, жерди, көрдү, күрөөгө койгон кузгундар, башкага кесириң тийбей кара башың жуткурлар,  тентип өлгүр кузгундар», «90 жигиттин ордуна токсонуңар ак кепин кийсеңер жарашмак, жыйганыңарды артынып, жыртаңдабай өлкөдөн жоголсоңор жарашмак. Ата журттун убалы көрүнсүн кара башына көпчүлүккө тийбей зыяны», – деген өтө курч каргыш сөздөрүн айтат. Бул каргыш Элмирбектики эле эмес, жалпы элдин каргышы экенин сезгендер болсо, атаганат. «Кайрылуулары»  элдин отуз жылдан бери чайпалган тагдырына айтылган кошогу болду.

 Каныбызга муң салып,
Зилдеттиңер бетсиздер,
Кайран элдин кадырын
Кирдеттиңер бетсиздер.
Ишенимин кыргыздын
Кирдеттиңер бетсиздер.
Эл үчүн төккөн тер кайгы,
Элди жеген пестерге
50 гектар жер кайгы.
Эркинче,  четтерге саткан кен кайгы,
Калкты жеген пестерге
Кабаттап салган үй кайгы,  –  деп келип, келечекке үмүт артып:

Билимдүү урпактар келип иликтеп,
Арамдардын кылганын
Абийирге салып жиликтейт,
Ошондо кантип силерди адам дейт,
Силерди кантип жигит дейт?! – деген суроосуна жооп табылар мезгил да келет. Анткени кыргыз бир ууч эл, элдин акысын, ким кантип жегенин көрүп турушат, аттарын эле эмес, ата-жотосуна чейин билишет. Отуз жыл сүрүштүргөнгө көп убакыт эмес, тарыхтын бир тамчысы. Акаевдин жанында, Бакиевдин, Атамбаевдин жанында жүргөн «бетсиздердин» ар бирин эл билет. Кыйналган кыргыздын ар биринин тагдырында алардын күнөөсү бар экенин эл билет.

Ошол чындыкты айткан Элмирбекти  эл кантип сүйбөсүн!? Бир сүрөтүн эл билбеген «Эл сүрөтчүлөрү», бир ырын эл укпаган «Эл акындары» ж.б. толтура. Элмирбек «Эл акыны» деген наамына татыктуу чыныгы эл акыны болду. Жөн гана байкоо салып ырга кошпостон, чыныгы акын катары элдин кайгысы менен жашады.

Чоң таланттын көзү тирүүсүндөгү жашоосу элине бир лакап болсо, кийинки өмүрү да азан-казан сөздөрдү көкүрөктөн сууруп чыгат экен...  Чындыкты айткан талантты баалаган эл бар экенине каниет!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз