Айнура Майрамбек кызы: Манасты куугунтуктаган манкурттар

  • 27.04.2020
  • 6698

Жазуучу Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чыңгыз хан” романына окурмандык пикир

Тарыхчы, журналист, жазуучу Арслан Койчиевдин  “Бакшы менен Чыңгыс хан" аттуу тарыхый романын көптөн бери угуп жүргөм. Ошол мыкты чыгарманы окуп, таасиринен чыга албай суктанып жүргөн кез эле. 2019-жылдын ноябрь айында желдей тараган  жаңылыктын баарынан  Белоруссияда Марат Бакиевдин (качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу)  уулу  Руслан Марат уулу Бакиев фамилиясын өзгөртүп, Петров Руслан  Маратович болуп алып, бир нече ири ишканаларга ээлик кылганы тууралуу айтылып калды. Бая Арслан Койчиев жазган Чыңгыз хандын тукумдарынын “орусташып, өмүрү ата-бабасы укпаган фамилияларды алып, улуттук каада-салттан, нарк-насилден ажырагандыгын” чебердик менен көрсөткөн романдагы сүрөттөөлөр көз алдыма тартыла түштү.

Жеке оюмда, буга чейин Чыңгызхан тууралуу баары жазылып, айтылып, кинолор деле тартылып бүткөндөй сезилчү. Бирок бул романда Чыңгыз хан таптакыр башка ракурстан берилген экен.  Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хандын тукумдары бүгүнкү күндө майдаланып, базардагы соодагерге, далдалчыга айланып, ал эле эмес улутун, динин, дилин, ата-тегин такыр билбеген маңкуртка айланганын ушундай керемет философиялык, тарыхый нукта окурмандарга жеткиликтүү кылып бере алган.

Романда биринчилерден болуп монголдордун христиан динине өтүү жөрөлгөсү укмуш көркөм сүрөттөлөт, анда Чыңгызхандын арбагы келип аян берип “Ата-тегиңди унутпа!”- деп чокунтканы жаткан тукумдарына айтканы, тим эле жүлүнгө сайгандай денеңди титиретет. Аны кайталаган монголдун: “Ата!” – дегени,  орустун попторунун: “Христосту көрүп, аталап жатат”, – деп романдагы шумдуктуу чокунган жерлери, бир чети чыркыраган тарыхый чындыкты баяндаса, бир чети поптордун түркөйлүктөрү жипкиртет.  

«… Азыр аны чокундурушат. Орустун жакшылары, анан да Абулай уулунун ичинен оруска алты жыл оболураак кирип, кайырма жакалуу, алты бүчүлүү орус чепкен кийинип,  орустун жакшыларынын катарында жүргөн алыс тууганы – болгондо да «Алексей Никалайыч» атанып, «Алексей Никалайыч»  атагын алган тууганы менен оозмо-ооз бекиткен убадасы ушундай: азыр аны таш казандагы сууга салып, үч ирет чумкутушат дагын чокундурушат. Ат-көлүгүн орустун андагы камыш чатырлуу кыштагына калтыртып, артына салып ээрчите келбедиби өздөрүн, көздөрүн коомай жайнатып, мында корунуп отурган жан-жөкөрлөрүн чогуусу менен чокундурушат". 

Ооба, бул романдан алынган үзүндү, анда Чыңгызхандын тукумдарынын  маңкурттукка алгач өз макулдугу менен моюн сунгандагысы, “Абулай-укуп” бара-бара “Аблеухов” деген фамилияга айланып, биринчи Ивандар, Алексейлер, Николайлар жана башка толгон орусташкан ат менен фамилиялардын чыгыш тарыхы берилген десем, жаңылбастырмын. Кыскасы, байыркы  монголдордун алгачкы маңкурттары тууралуу романда абдан жеткиликтүү айтылыптыр.  Кийин ошол монгол аттары акырындап өчүп, оруска ылайыктуу тилде сиңип кетти. Өздөрүнүн генинде монголдун каны бар экенин билбеген маңкурттар, кийин карапайым монголдордун өздөрүн гана эмес, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан тууралуу жазылган мурастарды сөөк өчтү душманындай куугунтукка алып, жок кылууга шашылышты.

А.Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгыз хан" аттуу  романы 2014-жылдын мыкты прозалык чыгармасы катары бааланып, Кыргыз Республикасынын «Арча-2014" сыйлыгына да татыктуу болгон эле.

Менин баамымда Арслан Койчиев агайыбыз абдан керемет роман жараткан. Өзү тарыхчы болгондугуна байланыштуу тарыхый окуяларды  адабий чыгармада көркөмдөп пайдаланып, ошол доордун духун көрсөтүүгө аракет кылган. Балким ушул себептенби, баш сөзүн жазуучулар жазбастан философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшөв жазыптыр.

Оскар Уальд айтмакчы, китеп жакшы же жаман жазылган болуп, экиге эле бөлүнөт экен. Мага абдан жакты.

Буга чейин бул романга бир топ белгилүү инсандар өз ойлорун айтып, жазып да беришиптир. Ошого карабастан аз болсо да, окурман катары өз оюмду айтууну туура көрдүм.

“Бакшы менен Чыңгыз ханда” сүрөттөлгөн кечеги дүйнөнүн төгөрөгүнүн төрт бурчун  дүңгүрөткөн Чыңгыз хандын, бир нече жүз жылдан кийинки укум-тукумдары кандай акыбалда, кандай деңгээлде, ким болуп жашап жатышат?  Коомдогу ролу кандай, ата-бабасынын тарыхын, салт-санаасын, санжырасын билишпеген маңкурттарбы же элинин тарыхын даңктаган мыктыларбы? Мына ушулар берилет.

Романда автор келтирген окуялар кудум эле кечеги Манастын урпактары, бүгүнкү кыргыздар тууралуу айтылгандай таасир калтырат: “Керегем сага айтам, келиним сен ук”,  “Монголдор тууралуу айтам, кыргыздар тыңдап алгыла, сабак болсун силерге, кеч боло электе эсиңерге келип, этегиңерди жыйгыла!” дегендей жаңырып турат.

Буга биринчиден, монголдор азыркы Монголия Республикасынан тышкары ары жагы Мисир, араб өлкөлөрүнө, мусулмандарга сиңип арабдашып, бери жагы өзбектерге сиңип сарт болуп, казактарга сиңип монгол аты өчүп казак атанып, орустарга сиңип, чокунуп такыр ата-жотосунун ким экенин билинбей калгандыгы себеп болгон.

А биз өзүбүзгө көз чаптырсак бүгүнкү кыргыздын жашоосу, бараткан жолу эмнеден кабар берет? Дал ошол Чыңгызхандын урпактарындай эле Манастын урпактары, орустарга барып орусташып, ислам дининин радикал фанаты болуп арабдашып, илгертен бери ата-бабабыз карманып келген салт-санаадан баш тартып, аны чанып, жөн чанбай улуттук кийимибизге чейин жерип, өмүрү кыргыз  эркектери кийбеген “дамбалдарды” кийип, атам заманда чүмкөнбөгөн кыздарыбыз чүмкөнүп жатышканы кадыресе көнүмүш  адатка айланып баратат.

Биз дүйнөбий, эгемендүү өлкөдө жашайбыз. Башмыйзам боюнча ар бир жаранга дин эркиндиги берилген. Бирок динди тутуу ар бир адамдын жүрөгүндө болуусу керек. Көп учурда бүгүнкү күндө ашкере кетип жаткан сен чокунба, сен дамбал кий, сен хиджап кий сыяктуу, өзүң орозо тутсаң башка тутпагандардан жогору сезүү көрүнүштөрү бир да диний, расмий укуктук мыйзамдарга да туура келбейт. Жогорудагыдай көрүнүштөр убакыт өткөндөн кийин кандай натыйжаларды берерин, дүйнөгө көз чаптырып боолголоо кыйын эмес...

Ганновер династиясынан чыккан, Эдуард Август Кентский герцогунун кызы Виктория Бириккен Улуу Британиянын жана Ирландиянын 64 жылга чукул хан айымы болгон (1837-1901). Виктория жана жолдошу Альберт Саксен-Кобург-Готскийден 9 бала төрөлгөн. Ханайым Викториянын кылдат саясаты менен жүргүзүлгөн кудалашуунун аркасында булардын балдары бүт Европанын монархтары менен, жада калса небересин орустун падышасы Николайга да күйөөгө турмушка узатып, “Европанын апасы” макамына ээ болгон. Албетте, Викториянын өзүндөгү гени аркылуу берилген кан ооруулары: гемофилия менен порфирия тууралуу айтуу, албетте башка тема деңизчи, бирок революцияга кедерги болгон королдор менен падышалардын тактыга отурчу ханзадааларынын энеси аркылуу берилген оорусу да кедерги болуп, элдин, революционерлердин кыжырдануусуна алып келгендиги, ханзадалардын кайгылуу өлүмдөрү тууралуу тарыхчылар бүгүнкүгө чейин талашып келишет. Эми ал өзүнчө чоң баян. Биз өзүбүздүн көйгөйдү түшүнүп алсак. Менин Виктория ханайым тууралуу айтайын дегеним, ал 9 баласы жана толгон неберелерин ак сөөктөргө турмушка узатып жатып: “Орустар таза болбой калды, монгол басып кетти, баары аралашып кетти”- дегени, А. Койчиевдин бүгүнкү орустардын монгол аралашып кеткендиги тууралуу романдагы келтирген фактыларын дагы бир жолу тастыктайт.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгону биринчи президент болгон Аскар Акаевдин тун уулу Айдар Акаевдин быйыл февралда каза болушу, анын сөөгү Москвада коюлушу, киндик каны таамп, жети атасы жаткан Ата журтунан түбөлүк жай буйрубаганы эмнеден кабар берет?

Ал эми экинчи президент Курманбек Бакиев да ушу тапта “качкын президент” макамында турат. К.Бакиевдин тун уулунун баласы, аты-затын өзгөртүп Белоруссиянын жарандыгын алып “кыргыз” атын өчүрүп, “кыргыз” кодун генинен кыянаттык менен чийип жаткандыгы эмнеден кабар берет?

Кечээ эле бир топ мамлекеттик чоң кызматтарды аркалап, К.Бакиевдин тушунда өкмөт башчы кызматына чейин көтөрүлгөн Данияр Үсөнов – бүгүнкү күндүн Даниил Урицкийи. Д.Үсөновдун  ата-бабасы атын өзгөрткөндө буга не дешти?

Кыргыздын президент болгон тукумдарынан А. Койчиев көзү ачыктай айтып, жазган романындагы монгол-манкурттары сыяктуу, бара-бара кыргыз маңкурттары пайда боло баштадыбы? Кыргыздын бүгүнкү маңкурттары Петров, Урицкий, эмкиси ким? Эртең бүгүнкү түркөй маңкурттар Манасты чанып, куугунтуктабайт деп ким кепилдик берет?

Автор чыгармасында Чыңгыз хандын: “Бети багжайган, жука сакалчан, көгала сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык...” - кейиштүү портретин 45 жолу кайталайт. Биздин Манас бабабыз да карайлап, өз урпактарына кейип калбагай эле...

Романдан: «Ал ортодо өлүү дүйнөнүн кумарына баткан  пенделерди аралап, пенделерин аралап аян жиберген киши сыздап баратты, эки дүйнөнү бирдей каккылап какшап баратты…»

Апрель, 2020-жыл. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз