Акылым бар, акчам жок

  • 29.04.2020
  • 4065

ЖОМОГУ

Бегмат аттуу бир акылдуу адам болгон экен. Бирок колунда такыр оокат болбоптур, ким эмне берсе ошону алып, оокат кылыптыр. Ачкалыкка, жылаңач-жыртыкка көнгөн.

Бирөө бирдеме бербесе, ачка жүрө берген. Байларга, соодагерлерге барып:

– Менин акылым бар, акчам жок, мүмкүн болсо акылымдан алып, акча бергиле, – дейт.

“Жолдун боюна отуруп алып да акылым бар, акчам жок” – деп какшай берет. Ошентип, далай жылдарды өткөрдү. «Жиндиби, акылы жокпу?» – деп көбү таң калды.

Чынында ал жашаган заманда адилдик жок эле. Элдин айткан сөзүнө кулак салбай, өзүнүн айтканы – айткан, дегени – деген. Бир күнү падышанын көчөсү менен өтүп баратып, адаттагы сөзүн кайталады. Мына ушул учурда падышанын вазирлери муну укту да, дароо падышага жеткирди. Падыша:

– Чакырып койгула, бир байкайлы, – деди.

Падышанын сарайына кирери менен Бегмат:

– Акылым бар, акчам жок, – деп угуза айтып калды.

Аны падыша дароо укту. Падыша:

– Акылың эмнеге жетет, ошону айтчы, а деп эле акылым бар, акчам жок дей бербей, – деди. Анан түшүнбөгөн келесоонун көзүн тазалайлы деп, кырк төөлүү соодагерлерге кошуп, башка бир шаарга жөнөттү эгерим келбесин деп, соодагерлер менен баратса да, айткан сөзү баягы «акылым бар, акчам жок».

Барган жеринде жаагын басканы жок, коркутса да башка сөз айтпады. Бир нече күн, түн жол басып өткөндөн кийин, Бегмат жарды-жалчы, дубаналарды көрдү. Ичи ачышты да, маталарды жолдошторунан башка бөлүнүп сата баштады. Беркилеринин жаны кашайып, Бегматты адаштырып жоготууга аракет кылышты. Бегмат тигилердин айткандарын тыңшап да койгону жок, өзү билгендей сата берди, башка шаар, кедей-кембагалдарга жага бербеди, соодагерлер урушуп да айтты, абдан коркутуп да көрүштү.

Бегмат: «Акылым бар, акчам жок» деген сөздөн башканы айтпады. Жолдоштору сабаган да жок, себеби элден коркту. Маталарды арзан да, кымбат да сатып алып, ал шаардан кишмиш жүктөп жөнөштү. Бегмат жолдо жүрүп бир нече күндөн кийин чоң дарыянын боюна келип, чатырды тигип, жыйырма төөнүн кишмишин сууга төктү. Балыктар тойду.

Чачпай калгандан кийин балыктар сыртка чыгып сурай баштады:

– Айланайын, бизге тамак качан чачасың? – дешти. Бегмат:

– Ким кишмишти кааласа, суунун түбүнөн бирден таш алып чыкса, анан берем, болбосо бербейм! – деп кесе айтты.

Балыктар таш алып чыгып, кишмиш жеп жатты. Бир кап кишмишти балапан баскан көгүчкөндөргө берди. Балыктардан жыйналган таш дөбө болгон.

Эми көгүчкөндөргө:

– Бирден төөнүн корголун тапкыла, анан бирден кишмиш беремин, – деп убада кылды.

Көгүчкөндөр капкайдан коргол алып келип, ага кишмиш алып жатты. Акыры Бегматтын кишмиши да калбады. Баягы кырк төөгө төөнүн корголун, таштарды толтура жүктөдү. Бир жерге келсе суук, отун жок, шүмтүрөп Шодокондун бүркүтүндөй жүргөндөр көп. Бегмат түтүн булаткандан кийин, баарысы жабылып, карыз коргол алышты, эки эсе акча беребиз дешти. Жылынып, эс алгандан кийин Бегматты акмак деп жектеп тилдей башташты.

– Жинди болбосо, кишмиштин ордуна коргол жүктөйбү, таш алабы? – деп тутанышты.

Шаарга жетери менен соодагерлер Бегматты жамандай башташты. Болгон ишти төкпөй-чачпай баяндап айтты.

– Соодагерлердин өмүрүн кантип сактаганын айтсын, болбосо карыз алганды берсин, – деп көшөрүп турду.

Бир убакта төөдөгү бир ташты ачса, жарк эте түштү, көздү уялткан каухар экен. Падыша аябай кубанды, анын жарымын элге бөлүп берди.

– Акылым бар, акчам жок деген чын экен, – деди ал.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз