Рысбай Исаков: Зайырбекти жоктоо

Кыя албай кечээ өткөндү,
Кыямат жайга кеткенди.
Кырчындай жаның кандайча,
Кыйчалыш ишке кептелди?
Кызыңды кимге тапшырып,
Кыш кылып кеттиң көктөмдү?!
Уулдарың билсин дедиңби,
Убайым-азап чеккенди?
Бөк түшүп ыйлап азадан,
Бөйрөгүм бүгүн бөксөрдү.
Аялуу жаның калды ээ,
Айта албай далай кептерди?

Азада калды алганың,
Арманда калды балдарың.
Жыргалдуу элиң ансыз да,
Жыя албай турса дарманын.
Жыласың түшкүр ажалдын,
Жылоосун неге кармадың?
Көйгөйүн тартып Элмирдин,
Көзгө илбей такыр калганын.
Догуңду артып өлүмгө,
Достуктун шертин тандадың.

Ыр окуп турсаң Мелмил деп,
Ыргалчу кыздар мелмилдеп.
Жөнөкөй жашоо кечирдиң,
Төш каккан жоксуң менмин деп.
Жайыңды билген айттырбай,
Жан досуң эле Элмирбек.
Жанына кошуп алдыбы,
"Жалгызмын, Заке, келгин!" - деп.
Өмүрдүн соңку ирмемин,
Өтүпсүң "Элмир! Элмир!" деп.

Ойлордон куржун артынам,
Онтосом жүрөк жанчылам.
Он күнгө жетпей жөнөдүң,
Орошон талант артынан.
Жүрөктү эзип кан сыгам,
Жүлүндү эзип жан сыгам.
Сапарлап кете бердиңби,
Санаалаш жандын зарпынан?!

Караңгы түндү төтөлөп,
Кас ажал мынча көшөрөт?
Калың журт тарткан кайгыны,
Кара жер кантип көтөрөт?
Зайырбек, Элмир дегенде,
Зардабы жандын өтө көп.
Залалын кошуп кеттиби,
Замандын зары эселеп?
Закымдап кете бердиңер,
Залкарды Чалкар жетелеп...

Кебиңе аалам күймөлгөн,
Кездештик жалын күндөрдөн.
Керемет жандын бири элең,
Кербендүү жайга бир келген.
Сыпаалык сының жанбастан,
Сый болдук ошол ирмемден.

Чымчыктар сайрайт таң менен,
Чыркырайт жарың зар менен.
Чычала болуп ар сөзүң,
Чындык деп күйгөн жан элең.
Булбулдар сайрайт таң менен,
Буркурайт жарың зар менен.
Бул дүйнө бизге көрсөтчү,
Муң-зардан дагы бар белем?

Колуңда калам жорголоп,
Оюңда аалам ойдолоп.
Кыргыздын жалын уулу элең,
Кыялды тоскон торболоп.
Аңсаган күнгө жетпестен,
Алдырдык жерден ойдо жок.
Жараткан төгүп көз жашын,
Жамгыры турат шорголоп.

Шорголоп жаздын жамгыры,
Шолоктоп турат бардыгы.
Шоркелдей кыргыз тартпаган,
Шорубуз дагы калдыбы?
Обонун салып Элмирбек,
Оюна ырды салдыбы?
Жалдырап калды досум деп,
Жанына кошуп алдыбы?
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көтөрө албай кайгыңы...

Турпатың болчу айдыңдай,
Тура алат кимдер кайгырбай?!
Бул жакта калган досторуң,
Буулугат жазгы жамгырдай.

Эрдигин даңктап элиңдин,
Элирген ырды теминдиң.
Эңилсең ырга эңилип,
Жеңилсең ырга жеңилдиң.
Ыргагын бузбай көңүлдүн,
Ыр болуп өттү өмүрүң.

Карлыгач, Назым, Мелисти,
Кашайгыр өлүм кейитти.
Кургуруң кызың Айназик,
Кучактап ыйлаар бейитти.
Көтөрүп баккан энеңди,
Көйгөйүң катуу кейитти.
Жазмышка эми айла жок,
Жараткан берсин бейишти.

Берекем, Зайыр, кош эми,
Бейиштен бизди тос эми...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз