Харуки Мураками: Унчукпоо

  • 30.10.2025
  • 145

АҢГЕМЕ

— Озава мырза, кайсы бир учурда сиз бирөөнү уруп жибергенге туура келген мушташ болду беле?

Ал маңдайынан көз тайгылткан бир нерсени көрүп калгандай көзүн жүлжүйтүп, мени тиктеди:

— Эмне үчүн бул сизди кызыктырат?

Көз карашынан ага мүнөздүү эмес нурдун жандуу учкундары бир азга жоголуп барып, жүзү адаттагыдай кебелбеген калыбына келди.

— Жөн эле, — дедим.

Чындыгында бул суроо эч кандай мааниге ээ эмес эле. Аны жөн гана курулай кызыгуумдан бердим го. Сөздү дароо башка нукка бурдум, бирок Озава ага көнө бербеди. Бир нерсени ойлонуп тургандай түрү бар. Бир жагынан эмне кыларын билбегендей, бир жагынан бир нерсеге каршы чыккандай сезилди. Колуман келген жалгыз нерсе — терезеден көрүнгөн күмүш түстүү учактардын тизмегин маанисиз тиктөө эле.

Ушул суроонун берилишине Озаванын жетинчи классында бокс менен машыгып баштагандагы окуясы түрткү болду. Экөөбүз учакка отурар алдындагы убактыбызды тек гана өткөрүү үчүн майда-барат нерселерди сүйлөшүп отурганыбызда, бул баарлашуу өзүнөн өзү жаралды. Отуз бир жыл, — ал мурдагыдай эле жумасына бир жолу машыгуу залына барып, машыгууну улантып жатыптыр. Студенттик турнирлердин туруктуу жеңүүчүсү, алтургай улуттук курама команданын катарына да кирип калган. Озаваны угуп отуруп, мени бир кызык ой каптады: анын мүнөзү өмүрүнүн жыйырма жылга жакынын бокска арнаган адамга такыр окшободу. А мен аны менен бир эле ирет иштешкен жерим жок да! Эмнени айтууга мүмкүн? Кадимки адамдардай эле тынч жана башкаларга зыяны жок. Ишинде чынчыл, сабырдуу, кесиптештерине калыс, иш менен канчалык алек болбосун жанындагыларга үн көтөрмөк түгүл, кылы да кыйшайып койбойт. Мен анын кимдир бирөөгө арызданганын же кимдир бирөөнү сөз кылганын бир да жолу кулагым чалган жок. Кыскасы, Озава адамдарды өзүнө тартып алган. Сырткы келбети жагымдуу, бейкапар, деги эле ачуулануудан кабары жок... Болгону бокс менен бул киши кантип байланышып калганын элестете албадым? Ошол үчүн ушул суроону бердим.

Биз чогуу Ниигатага учууга камданып, аэробекеттин ресторанында кофе ичип отурдук. Сыртта — декабрдын башы. Асманды капкак менен тумчулап, бекем жаап койгондой калың булут каптап турат. Эртеден бери Ниигатада бороон уңшуп, учактын учуусу саат сайын кийинкиге жылып жатты. Аэробекетке эл жык-жыйма. Ансыз деле чарчап турган жүргүнчүлөр эч жакка кетүүгө мүмкүн эмес жагдайда, үн күчөткүч аркылуу рейстин кечиккени тууралуу кайра-кайра жарыялап жатышты. Ресторанды аябай ысытышты, бет аарчы менен теримди тынымсыз сүртүүгө туура келди.

— Жалпысынан бир да жолу, — деп баштады Озава узак тыныгуудан кийин күтүүсүз: — Бокс менен машыгып жүргөндө бир да жолу эч кимди урбадым. Жаңы машыгып баштагандардын мээсинде: ринг сыртында, кол капсыз эч кимге тийгенге болбойт деген сөз бекем. Кадимки адам каршылык көрсөтөр жерде мушкер кечирим сурап, чегинүүгө милдеттүү. Күчүңдү өзүңдөй адамдарга гана каршы колдонууга уруксат берилет.

Мен баш ийкедим.

— Бирок чынын айтсам, мен болбой эле бир жолу бир адамды муштап жибергем, — деди ал. — Бул окуя он төрт жашымда болгон. Бокс менен жаңы машыга баштагамын. Муну актануу катары эсептебеңиз, бирок ал кезде бул мушташ өнөрүнүн ыкмалары эмне экенин да билчү эмесмин, бир канча убакыт бою жалпы дене тарбия көнүгүүлөрүн гана аткарчумун. Мисалы, аркан менен секирүү, чоюлуу, чуркоо... Таптакыр ура турган ниетим жок жерден муштап жибердим. Ырас, ошол кырсыктуу көз ирмемде мен биротоло от алып, ойлонууга убакыт калбай, эрксизден колум пружинадай ыргып кеткен эле. Эсиме келгенде ал эчак жерде жаткан экен. А мен аны муштагандан кийин да ачуум тарабай калтыраган бойдон турдум.

Озава бокс менен машыгууну, машыгуу залын иштеткен таекесинин түрткүсү менен баштаган. Анын үстүнө борбордон алыскы кичинекей шаардагы кадимки машыгуу залы эмес, а биринчи катардагы мыкты чемпиондорду тарбиялаган чыныгы устакана эле. Баласынын өз бөлмөсүндө такай китеп окуп отурганына тынчсызданган ата-эне, анын жалпы өнүгүүсү үчүн спорт менен машыгууну сунушташкан. Озава өзүн бокска арнайм деген ниети да жок эле, бирок таекесин абдан жакшы көргөнү үчүн машыга баштап, качан гана тажаганда таштап коём дечү. Бирок таекесинин спорт залына барган бир нече ай, бир саат бою электр поезд менен жол жүрүү ыракаты, бокс өнөрү, таң калтырып жүрүп, биротоло анын жүрөгүн багындырып алды. Негизинен бокс, баарынан мурун унчукпагандардын спорту. Анын үстүнө, өзгөчө жекеликти талап кылат. Буга чейин ал таптакыр элестете албаган дүйнө болчу. Бул дүйнө анын жүрөгүн эч себепсиз ээлеп алды. Тердин жыты, булгаары кол кап менен соккон үндөр, адамдардын унчукпай өзүн-өзү унутушу, өз булчуңдарынын күчүн тез жана таасирдүү колдонуусу – мунун баары анын жүрөгүн акырындык менен кайра кайткыс кылып туткундады. Эми ишемби, жекшемби күндөрү машыгуу залына баруу анын бирден бир кумарына айланды.

— Бокс мени эмнеси менен арбады? Анын тереңдигин сезе билгенимде. Кыязы, дал ушул тереңдик менен сенин муштаганың же сени муштаганы салыштырмалуу таптакыр мааниге ээ болбогону мени өзүнө тартып алды окшойт. Ал — болбогон бир натыйжа. Адамдар кээде бирөөнү жеңет, кээде жеңилет. Бирок ошол тереңдикти түшүнсөң, жеңилүү коркунучтуу болбой калат. Адам жеңилбес бойдон кала албайт, ал эртеби кечпи, албетте жеңилүүгө дуушар болот. Бокс — мен үчүн жок дегенде ушул тереңдикти түшүнүү абдан маанилүү экенин айгинелейт. Рингде кол капчан турганда кээде эч кимге, атүгүл өзүмө да көрүнбөгөн ушунчалык терең кудуктун түбүнө түшүп кеткендей сезем. Анан ошол жерде, кудук түбүндө мен көлөкө менен мушташам. Жалгызсырайм, бирок такыр капаланбайм. Биз "жалгыздыкты" айтып жатып, жада калса анын ар кандай түрлөрү бар экенинен да шек албайбыз. Жалгыздыктын акылдан аздырган кайгысы болот, кээде тескерисинче. Ага жетүү үчүн болгон күчүң менен денеңди кемелине келтиришиң керек. Эмгек кылбасаң көлмөдөн балык кармап ала албайсың. Бул — бокстун арты менен мен үйрөнгөн чындыктардын бири. 

Озава жарым мүнөттөй унчукпай турду. Мен саатыма карадым. Убакыт кенен.

— Чынын айтсам, өткөн күн тууралуу айткым келчү эмес. Эгер колумдан келсе, эсиме түшпөс кылып унутуп коймокмун, — деди да акырын жылмайып, аңгемесин баштады.

                       *   *   *

Озава Аоки аттуу классташын муштап жиберди. Озава анын жанында чыдап тура алчу эмес. Эмнеге — өзү да билбейт. Бул сезим алардын биринчи жолугушуусунда эле пайда болгон. Мындай учурда эч нерсе кыла албайсың. Башка адамга карата ачык түрдөгү мамиле өмүрүндө биринчи жолу ушундайча пайда болду.

— Кандай ойлойсуз, ушундай да болобу? — деп сурады ал. 

— Балким, адам өз өмүрүндө жок дегенде бир жолу ушундай окшобойбу, адамды себепсиз эле жек көрүп каласың. Мен өзүмдү жек көрүүчүлүккө жакынмын деп эсептебейм, ошентсе да ушундай адам менин шыбагама табылды да калды. Эч себепсиз. Бирок баарынан кыйыны – көп учурда ошол карама-каршы тарап да ошол эле сезимдерди башынан өткөрө турганы.

Аоки дээрлик бардык сабактан жогорку баага татыган тырышчаак окуучу деп эсептелинчү. Мен ошол жердин таанымалы болгон атайын эркек балдар окуган мектепте окуйм. Окуучулар ага лидердин ролун берсе, мугалимдер аны сүйүктүү окуучу катары көрүшчү. Окуудагы ийгиликтерине карабастан, ал бой көтөрчү эмес, көпчүлүк классташтар менен ынтымакта болуп, жакшы тамашалашчу. Ал тургай андан да дурус нерселери бар эле... Мен аны башынан эле жактырган жокмун: анын маңдайында кандайдыр бир эсеп туюму жазылып турганын даана байкачумун. Муну менен эмнени айткым келгенин өзүм да так айта албайм. Анткени ага ылайык мисал да таппайм. Муну өзүм түшүнгөнүмдү гана айта алам. Андан өзүмчүл, текеберчилик сезилип, ички туюмумда ага чыдоого табигый эрким жетчү эмес. Кудум бирөөнүн денесиндеги тер жытына чыдабагандай. Аоки акылсыз эмес, көпчүлүк классташтар аны “А ал — мыкты жигит!” — дешкенин байкамаксанга салып, бул “жытты” чебер жашырганды билчү. Албетте, мен бул учурда үн чыгарбайм, бирок мындай ар бир сөздөн кийин өзүмдү оор сезип калчумун.

Аоки экөөбүз туш тарабынан таптакыр карама-каршы адам болчубуз. Өзүмдү класста унчукпаган, көзгө анча илинбеген адам катары эсептечүмүн. Айрыкча, элден өзгөчөлөнүүнү жактырбаган, жалгыздыкты оңой көтөргөн адаммын. Албетте, андан артык эмес, бирок жолдош деп атоого жарамдуу аз-мас досторум деле бар эле. Мындай караганда мен "эрте бойго жеткен" өспүрүм болчумун. Классташтарым менен алака кылгандан көрө, үйдө китеп окуу, атамдын классикалык пластинкаларын угуу, бокс секциясындагы жашы менден улуу жолдошторум менен баарлашуу мага алда канча кызыктуу эле. Көрүп турганыңыздай, сырткы келбетим да жагымдуу деле эмес. Мектепте алган бааларым жаман болбогону менен анчалык жакшы да эмес, мугалимдер көп учурда менин атымды унутуп коюшчу. Мен ушундай болчумун, ошол эле учурда өзүмдү сыртка көрсөтүүгө аракет кылган да эмесмин. Бокс менен машыгуум тууралуу, окуган китептерим, уккан музыкам тууралуу эч кимге ооз ачкан эмесмин.

Аоки менен мени салыштырганда, ал саздын ортосундагы ак куудай көрүнчү. Акылдуу экенин жашырбайм, ал тургай анын бир нерсени бат түшүнөрүн да мойнума алам. Ал адамдар эмнеге кызыгып, эмне жөнүндө ойлонгонун тез эле илип алып, ошого жараша өз жүрүм-турумун, баарлашуусун чебердик менен түзөп алууга маш эле. Ошондуктан баарын бир ооздон, Аоки — мыкты жигит! — деп суктаганга аргасыз кылды. Бирок мени гана эмес. Ал мага кичинекей бир жандай сезилчү. Кээде ага окшоп акылдуу болбосом мейли деп коём. Айталы, ага баары кылыч менен чапкан сыяктуу оңой эле аткарылат дейли. Ошентсе да бул кишинин өзүнө таандык эч нерсеси жок. Элге берери да жок. Ага айланасындагылар аны таанып турганы эле жетиштүү болчу. Өзү ушуну таап алганына өзү маашыр. Ал мурдун көтөрүп, мени да тоотпой жүргөнүн эч ким боолголоп билчү эмес.

Менимче, Аоки кичинекей, бирок кыраакы бала болгондуктан көңүлүмдөгүнү болушунча түшүнчү. Жактырбаган мамилеси аркылуу мени сынап жатканы байкалчу. Мен аңкоо эмесмин да! Өзгөчөлөнгөн нерсем болбосо да, бирок аңкоо эмесмин. Мени мактанып жатат деп ойлобоңуз, бирок ошол жылдары менин да өз дүйнөм бар болчу. Балким, класста менден артык көп китеп окуган эч ким болбогондур. Анда жаш экенмин, өз дүйнөмдү башкалардан жашырууга аракет кылып, бирок кээде классташтарыма эрксизден мурдумду көтөрүп жүргөн учурлар болчу. А менин бул текеберчилигим Аокиге жакпай калган көрүнөт.

Бир жолу англис тил тестинен класс боюнча эң жогорку упайга ээ болдум. Менде бул биринчи жолу болду, бирок кокусунан эмес. Ошондо бир нерсеге дароо эле ээ болгум келип, чынында эмне экенин эч эстей албайм, эгер жок дегенде бир текшерүү ишим класс боюнча эң мыкты жыйынтыкка жетсе, ал нерсени мага сатып берерин убада кылышкан. Англис тилин тандап алып, аны ырааттуу үйрөнүп, текшерүү ишке туура келген суроолорду тыкыр көзмөлдөп, ар бир бош мүнөттөрүмдө этиштин жакталышын кайталап, окуу китептер жыртылганча кайра окуп, эсиме баарын жаттап алдым. Ошондуктан, класс боюнча эң жогорку, жүзгө жакын упай алганыма такыр таң калган жокмун. Бул мага өзүнөн-өзү болор натыйжадай көрүнгөн.

Бирок бул упай баарын дүрбөлөңгө салган окуяга айланды. Ал тургай мугалимдер үчүн дагы. Бул окуя Аокини аз эле дегенде элге уят кылды, анткени ал дайыма англис тилинен эң мыкты эле. Мугалим мен аткарган ишти кайтарып жатып, эмнегедир Аокиге тийишип өткөндөй болду. Ал кызарып кетти. Өзүн күлкүгө айландым деп түшүндү. Мугалим эмнени айтканы эсимде жок, бирок ошол күндөн көп өтпөй Аоки мен жөнүндө ушак сөздөрдү тарата баштаганын билдим. Мисалы, мен жашыруун жоопторду колдонуптурмун. Менин ийгилигим үчүн башка шылтоо табылбаптыр. Бул тууралуу классташтарымдан билип, чындап ачууландым. Албетте, мындай кырдаалда ага акырын гана күлүп, баарын дароо унутуш керек эле. Бирок мен ал кезде өз сезимдерин көзөмөлдөй албаган орто мектептин окуучусу болчумун. Ошентип, танапистин биринде мен Аокини мектептин короосунан алыс бир бурчка алып барып, эмне болуп жатканын териштирейин дедим. 

Аоки анткорлонуп: "Эй! Сен эмнени кылганы жатасың? Мага тийүүнүн кереги жок!.. Эң жогорку упайды жаңылыш алып алып, дагы сүйүнүп коёт!” — деп мени акырын түртүп, өтүп кетүүгө аракет кылды. Боюмдун узундугу менен күчкө таянганым уятсыздык экени чын. Мына ошентип аны муштап жибердим. Ойлонбой туруп. Эсимди жыйганда, анын оң жаагына муштумум түптүз тийген экен. Аоки капталынан жыгылып, ал аз келгенсип башы даракка тийиптир. Мурдунан шаркырап аккан кан ак көйнөгүн булгады. Ал отурган жеринде элейген абалда мени тиктеди. Балким, өзүнө эмне болуп кеткенин түшүнө албай таң калгандыр.

Бирок муштумум анын жаак сөөгүнө тийген көз ирмемде эле болгон ишке өкүнгөм. Муштум менен иш оңунан чыкпасына көзүм жетти. Ачууланганымдан денем дагы эле титиреп, бирок аңдабай иш кылганымды түшүндүм.

Аокиден кечирим сурашым керек эле, бирок анте албадым. Башка бирөө болсо бир жөн, дароо анын алдынан өтүп, кечирим сурамакмын, бирок Аокиден эмес. Албетте, аны муштаганыма өкүндүм, бирок кымындай да жаман нерсе кылдым деп ойлободум. "Ырас болду, — дедим. — Жигит эмес эле, жылан. Мындайды жанчыш керек». 

Ошентсе да мен аны урбашым керек эле. Бул — туюмдун түпкүрүнөн сезилген чындык. Бирок... кеч болуп калды: мен муштап жибердим да, Аокини отурган жеринде калтырып, басып кеттим.

Аоки түштөн кийинки сабактардан көрүнбөдү. Кыязы, ал дароо үйүнө кетсе керек. Чөгүңкү маанай менден алыстабады. Канчалык аракет кылбайын, өзүмдү алаксыта албадым: музыка да, китептер да көңүлүмдү көтөрө албады. Оюмду топтоого мүмкүнчүлүк бербестен, түпкүрдөн мени бир нерсе соруп жатты. Кокусунан сасык куртту жутуп алгандай абалда калдым. Анан керебетиме жатып, муштумумду тиктедим. Ошондо жалгыз экенимди түшүндүм. Мени ушуга жеткирген Аоки дегенди ого бетер жек көрүп жаттым.

— Кийинки күндөн баштап Аоки мени байкамаксанга салып баштады. Класста Озава деген аты-жөндүү окуучу таптакыр болбогондой! Ал адатындай эле текшерүү иштери боюнча жакшы натыйжаларды топтоо үчүн аракетин улантты. Тескерисинче, мен ошондон бери бир да аракет кылбай, даярданбай калдым. Мага эми баары бир болду. Артта калбаш үчүн гана окууну уланта бердим. Калган убакта өз ишим менен алектенип, албетте, таякемдин спорт залына барууну уланттым. Туруктуу машыгуу орто мектептин окуучусу үчүн жакшы жыйынтыктарды берди. Денемдеги өзгөрүүлөрдү сезе баштадым: ийиндерим кеңейип, төшүм чыңалып, колдорум күчтүү болуп, жаактарым тартылып калды. Мен чоңоюп жатканымды түшүнгөм. Кандай сонун учур эле!.. Дээрлик ар күнү кечинде кол жуугучтагы чоң күзгүнүн алдында жылаңач тулкумду бир караган бойдон, өз келбетиме ырахаттанчумун.

Окуу жылынын аягында Аокини башка класска которушту. Жүрөгүм ордуна келгенин айт. Аны менен күнүгө бир класстан жолукпай каларымды ойлоп абдан сүйүндүм.

Ал деле ошондой ойлоду болуш керек деп божомолдодум. Жагымсыз окуялар акырындап эс-тутумдан өчүп кетчүдөй сезилген. Эмнеси болсо да! Аоки өч алууну алдын-ала күсөп, тымызын ичине сактады. Ал текебер адамдардай, өтө кекчил жана качандыр бир кезде өзүнө жасаган кордугун оңой менен унутпас адамдарга кирер эле. Ал жашырынып, кокодон алууну күтүп жүрдү.

Биз ошол эле мектептеги жогорку класска өттүк. Бул орто жана жогорку класстын окуучулары үчүн ачылган жеке менчик мектеп эле. Ырас, жыл сайын бул класстардагы окуучулар алмашылып турат, бирок Аоки дайыма ошол класста эле калчу. Акыры жогорку бүтүрүүчү класска келгенде кайрадан бир класста окуп калдык. Класста анын көзүнө көзүм урунгандан сактанам. Мага дароо эле анын караганы жаккан жок. Көп өтпөй баягы түпкүрдөгү эски жүк кайра кайтып келди. Бул алдын ала туюлган жакшы эмес сезим болчу.

Озава унчукпай маңдайындагы кофе куюлган идишин бир саамга тиктеп калды. Анан мени карап, билинер билинбес жылмайып койду. Терезенин артында реактивдүү "Боинг - 737" учагынын үнү угулуп, тез эле булуттарга кирип көздөн кайым болду.

Озава сөзүн улантты:

— Окуу жылынын биринчи жарымы, айтарлык эч нерсе деле жок, тынч өттү. 

Аоки өзүнө ишенимдүү бойдон калды. Ал сегизинчи класстан бери такыр өзгөргөн жок. Кээ бир адамдар алдыга да жылбайт, артка да кетпей, болгону мурункудай эле иш-аракетин улап, ошол эле жүрүм-турум менен жашоону улантат. Аоки андан ары да ийгиликтерди багындырып, эң жогорку деңгээлге чыкты.

Он жетиге чыга элек бул адам, өз өмүр жолунун түйдөк жибин колуна кармап алганын айткандан башка эч нерсе дей албайсың. Балким, ал азыр деле ошол эле таризде жашайт чыгар. Эмнеси болсо да, бири-бирибиздин көз-карашыбызды учуратпоого аракет кылып жүрдүк. Классыңда ушундай каршылаштык жаралса, кайдагы көңүлдүү маанай? Бирок башка айла жок. Анын үстүнө болгон окуянын жарымы менин күнөөм болуп жатпайбы.

Көп өтпөй жайкы каникул башталды, жогорку класстын окуучуларынын акыркы жайкы каникулу. Бул жылкы окуудагы ийгилигим жаман эмес болуп чыкты. Эгер өтө эле алыска барбай турган болсок, мындай баалар менен жакшы бир институтка өтүп алуу мүмкүн эле. Ошондуктан, экзамен алдындагы сабакка убакыт коротпой, жөн гана үйрөнгөнүмдү кайталап, үй тапшырмаларды аткарып жүрө бердим. Бүттү, мага жетишет! Ата-энем да убара болгон жок. Ишемби, жекшемби күндөрү спорт залына барып, калган бош убактымда сүйүктүү китептеримди окуп, музыка угам. Ошол күндөрү көз алдыбызда баары өзгөрүп жатты. Биздин мектеп "жогорку окуу жайларына өтүү үчүн даярдоо мектеби" катары атак алды. Мугалимдер кайсы институтка канча адам кабыл алынды, кайсы мектептен, кайсы мектепке баарынан көп адам кабыл алынганын билебиз деп эстери ооду. 

Окуучулар бүтүндөй акыркы жыл ичи артта калбастан мээлери эригиче окушту. Класста кырдаал курчуду. Чынын айтсам, орто мектепке киргенде эле ушул нерсе жаккан эмес. Арадан алты жыл өтсө да, мен дагы эле буга көнө албадым. Ушунча жыл классташтарымдын арасынан ишенимдүү бир да жакын дос күтпөдүм. Машыгуу залында чогуу алектенгендерди гана жолдош деп атоого болор эле. Алардын дээрлик бардыгы менден улуу, жарымынын жумушу барлар. Мага ушул адамдар менен гана жүрүү кызыктуу. Машыгуудан кийин биз сыра ичип, сүйлөшүү үчүн ар кай жерге барчубуз. Алардын баары классташтарымдан таптакыр айырмаланып турган башка мүнөздөгү адамдар эле. Алар менен убакыт өткөрүү жагымдуу болуп, ошолордон көп маанилүү нерселерди үйрөндүм. Ошол убактарда тайкемдин залында бокс менен машыкпаганымда кандай болмок? — деп ойлосом азыркыга чейин денем чымырайт.

Жайкы каникулдун жарымына келгенде бир окуя болду: Мацумото аттуу классташыбыз өз жанын өзү кыйды. Ал такыр эле жагымсыз окуучу болчу. Тагырак айтканда, бары жогу билинбеген. Мага анын өлүмү тууралуу кабарланганда, жүзүн араң дегенде эстедим. Бир класста окуган убакыт ичинде экөөбүз эки-үч жолу гана сүйлөшпөсөк, андан ашык сүйлөшпөптүрбүз. Анын үстүнө анын кебетеси жагымсыз болчу. Ал жөнүндө эсимде калганы ушул экен. Ал августтун он бешине аз калганда каза болуп, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты, согуш аяктаганынын бир жылдыгына туура келди. Бул так эсимде. Күн абдан ысык болчу. Анын каза болгонун үйгө телефон чалып айтып, акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөзсүз баарыбыз чогуу болуу керектигин билдиришти. Бүтүндөй класс катышты. Мацумото метронун алдынан поездге секирип, өз жанын кыйыптыр. Өлүмдүн себебин эч ким билбейт. Өлөр алдында мындан ары мектепке баргысы келбегенин катка окшош нерсеге жазганынан табышыптыр.

Эмне үчүн ал мектепке баргысы келбегени толук айтылган эмес. Албетте, мугалимдердин баары аң-таң калышты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кийин биздин класстын баары мектепке чогулуп, директор көпкө чейин баарына белгилүү чындыкты айтып, түшүндүргөндөй болду: биз Мацумото үчүн терең кайгырабыз... анын өлүмүнүн оордугун бөлүшүүбүз керек... бул кайгыны башыбыздан өткөрүп жатып, моралдык демибизди чыңдашыбыз керек...

Анан алар жалгыз биздин классты калтырышты. Класс жетекчибиз жана мектеп директорунун орун басары маңдайыбызга туруп, Мацумотонун өлүмүнүн себебин болжолдоп табуу зарылдыгын айтты. А эгер кимдир бирөө бир нерсе билсе, баарын чын дилинен айтып берсин... Сөз жок, унчугушпады. 

Бирок мунун баары мени эч кандай таасирленткен жок. Классташыбыз каза болду, жаткан жери жайлуу болсун. Эмне үчүн ал өз жанын өзү кыйат? Мектеп жакпаса, барбай кой! Баары бир кандай болсо да ошол бактысыз алты айдан кийин бүтмөкпүз да. Эмнеге атайын ошол үчүн өлүш керек? Мен аны эртеден кечке экзамен жөнүндө айтыла берип, ал невроз болуп калганбы деп божомолдодум! Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, ортодон бирөөлөр тоскоол боло калмайы да бар.

Каникул бүтүп, окуу башталды, бирок класста кызыктай абал өкүм сүрүп калганын байкадым. Эмнегедир баары мага суз мамиле жасайт. Суроолорума араңдан зорго, маалкатып же кескин, орой жооп алам. Адегенде аларды жөн эле көңүлү жок же бир нерсеге ачууланса керек деп ойлоп, анча маани бербептирмин. Окуу башталгандан бешинчи күнү капысынан мугалим мени сабактан кийин мугалимдердин бөлмөсүнө баруу керектигин айтты. Класс жетекчим маңдайыма отуруп, машыгуу залына барарым чынбы? — деп сурай баштады.

— Чын.

Негизинен бул нерсе мектеп эрежелерин бузуу болуп эсептелбейт эле.

— Качантан бери машыгасың?

— Он төрт жашымдан баштап.

— Ошол жылы Аокини урганың чынбы?

— Чын. — Калп айта алган жокмун.

— Машыкканга чейинби же андан кийинби?

— Машыгып баштагандан кийин. Бирок анда мен эч нерсе билчү эмесмин! Алгачкы үч айда мага колкап кийүүгө да уруксат берилген эмес, — деп түшүндүрдүм. Бирок мугалим муну уккусу келген да жок:

— А Мацумотону урдуң беле?

Мен алаңдап калдым! Ушундай да болобу! Мен буга чейин айттым эле го, ал кичинекей унчукпаган бала болчу деп.

— Аны эмнеге урмак элем?! Эмне үчүн? — менин кыжырым келди.

— Мектепте бирөө Мацумотону такай сабачу экен, — деди класс жетекчим түнөрүп, — апасынын айткандарына караганда, ал үйүнө көп учурда денеси жана бети-башы көгала болуп кайтчу экен.

Мектепте, ДАЛ УШУЛ кадимки биздин МЕКТЕПТЕ кимдир бирөө аны сабап, акчасын тартып алып жүрүптүр. Бирок Мацумото апасына кылмышкердин атын айтпаптыр. Айтса өлтүрүп салат деп корксо керек. Акыры ал өз жанын кыйууну чечкен экен. Ооба, ал жигитти аядым! Ал эч кимге кайрыла албаптыр. Сыягы, катуу сабачу окшойт. Биз азыр аны ким кордогондугун териштирип жатабыз. Эгер бул маселе боюнча бир нерсе билсең, аны өз макулдугуң менен моюнга алганың жакшы! Жакшылык менен чечели. Болбосо бул ишти полиция колго алат. Сен муну түшүнөсүң да?!

Мага эми жетти, ошентип бул иш Аокисиз болмок эмес! Ал Мацумотонун өлүмүн өз пайдасына пайдаланды. Анын үстүнө анын айтканы да калп эмес эле. Менин бокс менен машыгып жүргөнүмдү кандайдыр бир жол менен билип алган окшойт. Бирок кайдан? Элестете албадым. Акыры билиптир да. Мацумото өлгөнгө чейин ал бирөөлөргө бул тууралуу айтып берди да. Калганы түшүнүктүү. Болгону ал мугалимге барып, менин машыгуум жөнүндө жана аны бир жолу урганымды айтып, биринчисин экинчиси менен чиелеништирүү гана керек эле. Ал бардыгын сонун кылып жеткиргенине эч кандай шек жок. Мурдунан токтобой кан кетип, мен аны абдан коркутуп, ошондон улам ушул кезге чейин коркконунан унчукпай жүргөнүн айткан болуш керек. Ошол эле учурда ал тарабынан бир караганда эч кандай калпы жок эле. Aоки өзүнө абдан сак болчу. Ал жөн гана жылаңач чындыкты өзүнө ылайыктуу түскө боёп, бузулбагандай, көзгө көрүнбөгөн калыпка салып койду. Кынтыксыз! Бул иш анын гана колунан келди!

Мугалимдердин менден өтө шектенген сезимдери аша толуп кетти. Бокс менен машыккандар аз эле дегенде алардын көзкарашында коомдон четтетилгендей эсептелинип жатты. Анын үстүнө мен мугалимдерге окуучу катары такыр жакпадым. Үч күндөн кийин мени полицияга чакырышты. Таң калганым — бул маселе толугу менен негизсиз жана айта турган эч нерсем жок эле. Анын үстүнө эч кандай далилсиз, жөн гана ушак. Ошентсе да ичим бышып, тажап кеттим. Менин бир сөзүмө да эч ким ишенбей калган го. Жада калса калыс деген мугалимдер да мага жан тарта алган жок. Полиция мени расмий түрдө сурагына алды. Мен аларга Мацумото менен дээрлик сүйлөшпөгөнүмдү түшүндүрдүм. Ооба, төрт жыл мурун Аоки аттуу окуучуну бир муштагам, бирок бул кадимки эле пикир келишпестик болчу. Ошондон бери ортобузда эч кандай кагылышуу болгон эмес. Мына ушундай. Ушул сыяктуу бир нерсе. Тергөөчү айтат, кеп-сөздөргө караганда мен Мацумотону сабаптырмын, унчукпай угуп, “бул калп” деп жооп бердим, кимдир бирөө болбогон кепти атайын таратып жатат. (Полиция кызматкеринин мындан артык ыйгарым укуктары жок болчу.) Эч кандай далил жок, жөн гана божомолдор.

Иштин купуялуулугуна карабай полицияга чакырылганым тууралуу кабар кайсыл бир жерден чыгып, ошол замат мектепке желдей тарады. Эмнеси болсо да, ошондон кийин баары мени таптакыр башкача көз менен карай башташты. "Полиция жөн эле чакырбайт, демек бир себеби бар!". Мацумотону сабап жүргөн мен экениме баары толук ишенди да калды.

Аоки мунун баарын кандай калыпка салып ишендирди, класста бул тууралуу эмне деп ойлошту, билгим дагы келбейт. Сыягы, ошол кара санатайлык кылып тараткан сөз өтө эле жийиркеничтүү чыккан окшойт. Эми мени менен таптакыр эч ким сүйлөшпөй калды. Баары макулдашып алгандай – мага карап ооз ачып да коюшпайт. Мен бир нерсени билишим керек болуп сурасам, бири да жооп бербейт. Ал тургай, мурда жакшы мамиледеги досторум да менден алыстады. Жугуштуу оорусу бар адам менен аралык сактагандай баары менден качат. Менин бар экенимди эстеринен таптакыр чыгарып салууга аракет кылышкандай. 

Окуучулар гана эмес мугалимдер да мүмкүн болсо мени менен бет келбес үчүн аңдып карай башташты. Болгону сабакка келгенимди текшергенде гана атымды аташат. Болду! Андан башка бир да жерде эстеп да коюшпайт. Эң жаманы дене тарбия сабагы эле. Мени топко кабыл алышпай, мени менен жуп болууну эч ким каалабайт. Бул жагынан мугалим да жардам берүүгө аракет кылган жок. Мектепке унчукпай барып, сабактарга унчукпай катышып, үйгө да унчукпаган калыбымда кайтмай. Күндөр күнгө улана берди. Бул чынында абдан оор учур эле. Эки жума, үч жума... Тамакка болгон табитим акырын жоголо баштады. Арыктап, түнкүсүн уйкум качты. Жатсам жүрөгүм катуу согот. Адегенде бир нерсе, анан дагы башкасы көз алдыма тартылат. Кайдагы уйку? Көз ачсаң, башың аңгырап бош. Бара-бара уктаган же уктабаганымды аңдабай баштадым.

Машыгууларга кээде барбай коём. Ата-энем баары жайындабы деп тынчсызданат. Бирок аларга эч нерсе айткан жокмун. "Баары жайында. Болгону бир аз чарчамай." Мен аларга айтайын дейли, мындан эмне өзгөрөт? Алар мага кандай жардам беришмек... Мектепте мага эмне болгонун алар кийин деле билишпеди. Экөөнүн тең колдору жумуштан бошобой, баласынын ишине кызыкканга чамалары жок.

Мектептен келерим менен өз бөлмөмдү ичинен бекитип, шыпты майнапсыз тиктеп жатмай. Колумдан башка эч нерсе келбеди. Шыпты карап, ар кандай болбогон нерселерди ойлойм. Көз алдыма түрдүү көрүнүштөр тартылат. Көбүнчө Аокини кантип сабаганым: аны жалгыз кармап сабап жатам... сабап жатам... Ошол эле учурда: "Сен, бузукусуң!" — дешип, болгон күчүм менен аны сабоону улантам. Ал кыйкырып, ыйлап кечирим сураса да болбой сабайм. Сабап жатам, бети атала болгончо. Бир аз убакыттан кийин мага жийиркеничтүү боло баштайт. Башында уялып, сарсанаа болбой эле "Сага ушул керек!" — деп ойлойм да, жан дүйнөмө жагымдуу сезим келе түшөт. Бирок бара-бара бул маанай желге сиңгендей жок болуп, өзүмдү токтото албай, оюмда Аокини элестетип сабап кирем. Шыпты карасам эле Аокинин жүзү көрүнөт. Карачы, мен аны уруп жатам. Баштап эле алсам болгону, андан аркысын токтото албайм. Оюмда Аокини элестетип сабаганым менен чынында өзүмдү жаман сезип, бир нече ирет кусуп да жибергем. Эмне кыларымды таптакыр билбей калдым.

Бир туруп баарынын алдында эч кандай абийирсиз иш кылбаганымды айтып, аны далилдөөгө аракет кылсамбы дейм. Эгер сиз мени жазаланууга татыктуу иш кылды десеңиз, анда далил келтириңиз. Далилиңер жок болсо мага мындай мамиле кылганды токтоткула. Ушинтип айтсам деле баары бир эч ким ишене бербесин сезем. Аокинин кара каздарын жутуп алган элдин алдында актангым келген жок. Актанып баштасам эле Аоки үчүн бул менин эмне кыларымды билбегенимдин далили болмок. А мен анын деңгээлине эч качан түшкүм келбейт. 

Мындай кырдаалда оюмда Аокини сабабай, аны күнөөлөбөй, жада калса кимдир бирөөнү ынандырууга аракет кылбай коюудан башка колуман эч нерсе келбеди. Бир гана иш калды — унчукпай чыдоо. Дагы жарым жыл. Жарым жылдан кийин мектепти аяктайбыз, алардын мындан ары бирин да көрбөйм. Жарым жыл... Унчукпай чыдай турган болсом, анда жакшы. Бирок буга болгон ынаным дээрлик калбады. Жада калса бир айга жетемби же жокпу, аны билбейм. Үйгө келгенде фломастер менен жылнаамадагы кезектеги күндөрдү чиймелечү болдум. Оюмда: "Мынакей, дагы бир күн өттү, мына!" — дейм. Кээде өзүмө айныгандай көрүнөм. Мүмкүн ошол таңдын биринде Аокини поездден жолуктурбасам, балким ошондой болуп калмактырмын.

Ошол маалда мээм чыңалып, акыркы чекке жетип калганын азыр эстеп да, так айта алам.

Окуя башталгандан бир айдын ичинде гана бул тозок абалдан чыга алдым. Мектепке электр поезд менен баратып кокусунан Аокиге жолуктум. Вагон адаттагыдай элге жык, кыймылдай албайсың. Менден алыс эмес жерден Аокинин жүзүн көрдүм. Эки же үч кишиден кийин бирөөнүн артында турат. Бир учурда биз дээрлик каршылаш туруп калдык. Ал да мени байкады. Бири-бирибиздин көзүбүзгө бир азга тигилдик. Ал кезде менин кебетем невроздон жана жакшы уктабагандыктан начар эле. Алгач Аоки мени жылмайып катып калган көздөрү менен карап турду. "Кандай анан?" — деп сурагысы келгендей. Башынан аягына чейин мунун баарын Аоки уюштурган тымызын иш экенин билчүмүн. Мен билеримди ал да билчү. Экөөбүз бир нече убакыт бири-бирибизди жек көрүп карап турдук. Анын көзүнө тигиле караган сайын, бара-бара мени бир кызыктай маанай каптагансыды. Башта мындай сезимди туйган эмесмин. Аокиге ачуумдун келери шексиз. Аны ушунчалык жек көргөнүмдөн, өлтүргүм да келчү. Бирок ошол жык толгон поездде мен кыжырланууну жана жек көрүүнү эмес, кайгылуу же ырайымдуулукка жакын нерсени сезе билдим: “Адамдар өзү кылган ушундай ишке чындап эле маашырланып, сыймыктанабы? Бул адам чындап эле өз максатына жеттим деп кубанып жатабы?.. Жок, балким, Аоки чыныгы кубаныч менен сыймыкты өмүр бою түшүнө бербестир. Көөдөнүнүн түпкүрүнөн денеси аркылуу сызылып чыккан бир аз калтыроону, өмүрүнүн акырына чейин эч бир башынан өткөрө албастыр. Кээ бир адамдарга тереңдик сыяктуу сапат толугу менен жетишпейт". Ошентсе да, менде бул нерсе бар деп айтуудан алысмын. Айтайын дегеним, адамда дал ушул тереңдиктин бар экенин түшүнүү мүмкүнчүлүгү барбы, маселе мына ушунда? Бирок андайларда ал да жок! Ушундай көңдөй бир калыптагы жашоо. Болгону башкалардын көңүлүн өзүнө жалган таасир менен бурдуруунун арты эч нерсеге татыбайт.

Мына ушунун баарын ойлонуп, мен анын жүзүн жайбаракат, кадала карадым. Ошол маалда аны уруп салгым келген каалоом жок болду. Мен ага көңүл кош гана карадым. Жок, чын эле өзүмдү жакшы сезип жатканыма таң калдым. Беш ай бою унчукпай, чыдаш керек деп ойлободум беле. Муну жасай аларымды ошондо түшүндүм! Намысым кете элек экен! Анан Аокиге окшогондордун жетегине эч качан баш бербей турганымды так түшүндүм.

Мына ушундай көз караш менен Аокини карап турдум. Экөөбүз бири-бирибизди тиктешип турганда, Аоки менден көзүн алса эле жеңилип каларын түшүнүп жатты. Кийинки станцияга чейин эч кимибиздин көзүбүз бири-бирибизден ажыраган жок. Бирок акыркы көз ирмемде Аокинин көзү титиреп кетти. Ал билинип билинбеген титирек эле, бирок мен аны байкадым. Эгер сиз бокс менен көпкө машыккан болсоңуз атаандашыңыздын көзүнүн кыймылын байкай баштайсыз. Буту шилтенбей калган мушкердин көзү. Тагырагы, буту менен иштөөгө аракет кылат, бирок алар кыймылдабайт. Ал дагы эле мурдагыдай иштеп жатат деп ойлойт. Бирок буттары катып турат. Буттар иштегенин токтотуп — ийиндер кыймылдабай, сокку урганга эч кандай күч жок калат. Көздөрү ошондой абалда эле. Кызык, бирок ал мунун себебин билбесе керек. 

Ушундай бактылуу көрүнүштүн арты менен мен кубаттанып алдым. Түнкүсүн тынч уктап, тамакка табитим ачылып, машыгууну кайра уланттым. Жеңилүүгө акым жок экенине өзүмдү ынандырдым. Мени тоотпой же баалабагандардын мени талкалоосуна жол бербейм. Ошентип, беш айга аман калдым. Ошол эле учурда эч кимге эч нерсе айткан жокмун. Жаңылбапмын. "Башкалардын баары жаңылыптыр" — деп өзүмдү соороттум. Күн сайын мектепке баратканда төбөмдү көккө көтөрүп, үйгө ошондой калыбымда кайтып келмей. Мектепти аяктагандан кийин мурунку классташтарымдын эч кимисин ал жерден жолуктурбайт болушум керек деп болжолдоп, Кюсюдагы университетке тапшырдым.

Озава унчукпай терең дем алды. Мага дагы бир чыны кофе сунуштады. Мен баш тарттым. Ансыз деле үчүнчүсүн ичип жаткам.

"Мындай окуяны башынан өткөргөн адам кандай болбосун өзгөрөт экен", — деди ал. — Жакшы жагы да, жаман жагы да болот. Эгер жакшы жагын айтсам, сабырдуу болуп калдым. Ошондогу алты ай ичинде башыман өткөргөн окуяларга салыштырмалуу, кийинки бардык кыйынчылыктарды кыйынчылык деп атоого да болбойт эле! Оюмда "тиги" окуя менен салыштырып, бардык ачуу-таттуу кайгыны жеңдим. Жөнөкөй адамга караганда айланамдагылардын оору, азап-кайгысына кайдыгер карабаган сезимтал болдум. Муну жакшы жагы деп атоого болот. Алган жакшы сапаттарымдын аркасы менен кийин бир нече чыныгы досторду таптым. Бирок кемчилиги да болду. Бүтүндөй адамзатка ишенбөөчүлүк дешке болбой турганы менен ошол окуядан бери адамдарга ишенбей калдым. Аялым да, балам да бар. Биз бири-бирибизди коргоо менен үй-бүлө курабыз. Мунун баары ишенимсиз ишке ашпайт. Мен ушинтип ойлойм. 

Мисалы, тынч, бейпил жашап жатканда да, эртең бир нерсе болсо да, капысынан баарын төңкөрүп жиберген бир балээ болуп кетсе да, сени дүйнөдөгү эң бактылуу үй-бүлө, эң боорукер достор курчап турса да, андан ары эмне болору таптакыр белгисиз. Бир күнү эмнеге экенин билбей эле менин же сиздин сөзүңүзгө эл ишенбей калат. Бул капыстан болот. Күтүлбөстөн — кокустан. Мен дайыма ушуну ойлойм. Алты ай ошону менен өттү. Бул ирет дагы кайталанар болсо, канча убакытка созуларын ким билет. Мындай окуяга кайрадан туруштук берериме ишене албайм. Бир эле ойду ойлогондон корком. Кээде түн ортосунда түшүмө ошого окшош нерселер кирип, чочуп ойгоном. Анын үстүнө сейрек эмес, дайым көрөм. Андай учурларда аялымды ойготуп, аны бекем кучактап ыйлайм. Кээде мени каптаган бул коркунуч бир саатка созулуп, үрөйүмдү учурат.

Ал унчукпай, терезе сыртындагы бир канча убакыттан бери ордунан жылбаган булуттарга көз жүгүрттү. Учууну башкаруу мунарасы, учактар, жүк ташуучу унаалар, траптар, комбинезон кийген адамдар — баары коюу булуттардын көлөкөсүндө калып жатышты.

"Мен Аокиден коркпойм". Бул дүйнөдө ага окшогон адамдар толуп жатканын чындык катары моюнга алуу гана керек. Андай адамдар жолуман жолугуп калар болсо, алар менен мамиле түзбөгөнгө аракет кылам. Оңою — алысырак качам, антпесең болбойт. Мында акылдуулуктун деле кереги жок. Мен аларды дароо тааныйм. Ошол эле учурда Аокинин күчтүү жагы анын жөндөмдүүлүгү экенин кабыл алуу керек. Өз мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүү, пайда болгон мүмкүнчүлүктү чындап пайдалана алуу же адамдардын жүрөгүн чеберчилик менен башкаруу ар бир адамдын колунан келе бербейт. Мунун баары кускумду келтирген жийиркенич болгону менен бул бир жөндөм-шык экенин моюнга алам. 

Чынында Аоки сыяктуу адамдардын жомокторуна сөз кайрыбай, чын катары кабыл алган эл баарынан коркунучтуу. Эч нерсе сунуштай албаган, эч нерсени түшүнбөгөн, бир гана бирөөнүн кооз, сиңимдүү ой-пикирине бийлеген, табигый сокур сезимге баш ийген эл. Алар мүмкүн аңдабай бир нерседен жаңылып жатканын, жада калса башкаларга бир жери да байланышпаган, бирок орду толгус зыян келтирерин кичине болсо да ойлонуп, түшүнүп коюшпайт. Өзүлөрүнүн башка адамдарга келтирген зыяндуу натыйжасы үчүн жооп бербейт. Эң жаманы — ушундай адамдар. Түшүмдө адамдардын кейиптерин көрөм. Айланада толук жымжырттык өкүм сүрөт. А түшүмдө көргөн кейиптердин жүзү жок. Бир гана үнсүздүк айлананы муздак суудай курчап турат. Ага айланадагылардын баары эрийт. Үнсүздүккө эрип баратып канчалык кыйкырсам да мени эч ким укпайт.

Муну айтып жатып Озава башын чайкап койду.

Уландысын күттүм, бирок окуя ушуну менен аяктады. Озава унчукпай, колдорун кайчылаштырып отурду.

— Балким, али эртедир, кел, сыра ичели? – деп бир аздан кийин сунуштады.

— Келиңиз! — дедим аны колдоп. Чын эле сыраны абдан эле каалап тургам.

Которгон: Миргүл Наралиева

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз