Густаво Адольфо Беккер: Маэстро Перес, органист

  • 19.11.2025
  • 293

(Севилья легендасы)

Мен бул уламышты Севильяда, Ыйык Агнес чиркөөсүнүн кире беришинде, Рождестволук кызматтын алдында кечил аялдан уккамын. Албетте, мен аны уккандан кийин бир кереметти чыдамсыздык менен күттүм. Бирок бул чиркөөнүн органы эч кандай керемет жараткан жок, ал эми органист бизге тартуулаган эски обондор мени анын оройлугу менен таң калтырды.

Чиркөөдөн чыгып баратып, өзүмдү кармай албай, мыскыл менен сурадым:

— Эмне үчүн маэстро Перес ойногон орган бүгүн мынчалык жаман угулат?

— Эмне дейсиз! — деп жооп кайтарды кемпир. — Ал эмес бул, башка.

— Башкабы? А мурункусуна эмне болду?

— Ал бир нече жыл мурун эскирип кулап калган.

— Ал эми органисттин жанычы?

— Жаңы орган коюлгандан бери көрүнбөйт.

Эгер окурмандардын кимдир бирөө менден ошол нерсе тууралуу сураса, бул аңгемени окусун, керемет эмне үчүн биздин күндөрдө болбой жатканын эсинде тутсун.

I

Шляпасында ак канат тагылган, кызыл плащчан, Индия алтыны менен кооздолгон бешмантчан мырзаны көрүп жатасыңбы? Мына ал сеньорага жардам берүү үчүн замбилден түшүп жатат, эми ал жерге түшкөндөн кийин бул жакка багыт алды, анын алдында төрт паж шаманалар менен келе жатышпайбы. Бул маркиз де Москосо, Вильяпинеда граф жесиринин ашыгы. Эл айтат: ага кызыгаардан мурун, ал бир маанилүү адамдын кызына үйлөнгүсү келген, бирок ушакчылар сараң деп атаган атасы… Тссс! Жакшыны эскерсең, жаныңда болот. Карагыла, Сан-Фелипе аркасынын астында, жөө, кара плащчан адам, бир кызматчысы менен чырак көтөрүп баратпайбы? Азыр эстеликтердин жанынан өтүп… Мына ал “Ыйык Мариямдын” алдында жүгүнүп жатат, плащы ачылды… бешмантындагы крестти көрүп жатасыңбы? Эгер рыцардык ордендин белгиси болбосо, ар ким аны Кулебрас көчөсүнөн келген бакалеячы деп ойломок. Бул мен айтып жаткан бай ата. Карагылачы, эл кандай ийилип, ага таазим кылат. Бүткүл Севилья аны тааныйт, ал укмуштуудай бай. Анын сандыктарындагы алтыны падыша Филипптин аскерине караганда көп, ал эми өз галераларынан түрктөрдү жеңер эскадра түзө алмак…

Карагыла, карагыла, бул маанилүү сеньорлорду. Алар жыйырма төрт, ар дайым бирге жүрүшөт. Тигил – арам цыган, ага инквизитор аталардын колу жете элек, анткени анын Мадридде атактуу достору бар. Ал чиркөөгө музыка угуу үчүн гана барат. Эгер маэстро Перес аны ачуулуу көз жашка жеткирбесе, демек, анын жаны денеде эмес, шайтандын казанында… Ох, кошуна, иш жаман!.. Чиркөөгө тез кирели. Бул жерде сыйынууга караганда мушташ жыты көбүрөк сезилип турат. Карачы, герцог де Алкалдын адамдары Сан-Педро аянтынын бурчунан айланып өтүп, а Дуэнья тилкесинде мен Медина Сидонианын адамдарын айырмалап жатам. Мына, айттым беле?

Мына алар, мына, токтоп, бир ордунда туруп калышты… Эл качууда… Кызматчылар – мушташ болгон сайын ал бечараларды колу жеткендин баары урат. Чиркөөгө шашылышты… Атүгүл таякчасы бар башкаруучу да кире беришке чуркады… Дагы дүйнөдө адилеттик бар деп коюшат. Балким бардыр, бирок жакырлар үчүн эмес…

Ой бой, тигине, калкандар караңгыда жаркылдап… Кудайым жардам бере көр! Алар мушташып жатышат… Кошуна, кошуна! Бул жакка… эшиктер жабыла электе. Жок, токто! Эмне болуп жатат? Баштай элек, бирок бүтүрүп жатышат… Кандай жаркыроо? Шаманалар! Замбилдер! А бул архиепископ өзү экен.

Мен “Ыйык Мариамга” сыйындым, мага аны ал жиберди… Ах, ким билет, мен ага канча карызмын! Ал ишемби күндөрү мен койгон шамдар үчүн кандайча марттык менен төлөп жатат! Карагылачы, кандай сулуу, кочкул кызыл кийимчен, кызыл калпакчан… Кудайым мени кандай сактасаң аны ошондой сакта! Эгер ал болбогондо, бул эки герцог шаардын жарымын өрттөп жибермек. Карагыла, кандай эки жүздүүлөр – замбилге келип, шакегин өөп жатышат… Архиепископтун артынан ээрчип алышты.

Мындай болорун ким ойлоптур? Бир заматта ынак достордон боло калышты. Ооба, аларды коркок деп айтууга болбойт. Алар тайманбастыгын көрсөтүштү, диндин душмандары менен салгылашышты… Бирок бири-бири менен кармашып калса… Алар эртеби-кечпи кармашат, бири экинчисин өлтүрөт, ошондо гана алардын туугандары, кызматчылары жана тарапташтары ушунчалык ырайымсыздык менен согушкан кагылышууларга чекит коюлат.

Жүрүңүз, кошуна, жүрүңүз, таптакыр караңгы кире электе, антпесе эл толуп кетсе, чыга албай калабыз… Кечилдерге бул органист келгени жакшы болду… Качан аларга мынчалык көп эл келчү эле? Башка чиркөөлөр ага алтын тоолорду убада кылышкан. Эмне дейин, архиепископ өзү соборго азгырып жатты… Ал эч нерсеге көнбөдү… Өзүнүн сүйүктүү органынан ажыраганча жанынан айрылып калмак… Кантип, сиз маэстро Перести билбейсизби? Чын эле сиз бул жерге жаңы келдиңизби… Ыйык адам, байкуш, бирок кандай боорукер… Анын кызы менен органынан башка эч нерсеси жок. Ал экөөнү тең көздүн карегиндей сактайт!.. Орган эски дейсиңби? Анын эмнеси бар? Маэстро Перес аны сонун кылып оңдоп койду! Анын колунан баары келет… Айтып коюшум керек, биздин маэстро тубаса сокур… Ах, ал өз тагдырын кандай чыдамкайлык менен көтөрүп жүрөт! Андан көзүңдү кайтарып берелик, анын ордуна эмнеңди бермексиң дешсе ал: «Көп эле бермекмин, бирок анча деле муктаж эмесмин, анткени менин үмүтүм бар», – деп жооп берген. – «Көзүң ачылат деп үмүттөнөсүңбү?». – «Албетте, – деп периштедей жылмаят. – Мен жетимиш алты жаштамын. Кандай гана узак жашабайын, жакында Кудайды көрөм».

Ах, байкуш! Ал качандир бир убакта көрөт, анткени ал сабырдуу, текебер эмес, аны кимдер гана тепселебейт… Ал дайыма мен жөнөкөй монастырдын органистимин деп кайталайт, бирок ал собордон келген маэстрого сабак бере алмак. Ал өз ишин билет… Атасы да органда ойногон. Мен аны көргөн жокмун, бирок менин апам, бейиши болгур, анын уулун өзү менен алып жүрүп, ага баарын көрсөткөнүн айткан. Бала жөндөмдүү болуп чыкты, ошондуктан атасы өлгөндө, уулу аны алмаштырды. Ал колдору керемет, Кудайым талантты аябай бериптир! Ал дайыма жакшы ойнойт, бирок өзгөчө бүгүнкүдөй түндө… Рождествону абдан жакшы көрөт, саат он экини көрсөтүп, биздин Мырза төрөлгөнү жарыяланганда, анын органы периштенин ырдаганындай угулат…

Өзүңүз угуп жатпайсызбы, мен эмнеге айтып жатам дейм да? Севильянын каймактары, жада калса архиепископтун өзү да, бул жөнөкөй монастырга келишет. Жок, музыканы түшүнгөн окумуштуулар эле эмес, аны жөнөкөй эл да жакшы көрөт. Мына, шамдарды көтөрүп, ырдап, даптарды чертип, коңгуроолорду шыңгыратып келатышат… Алар чиркөөдө дайыма ызы-чуу кылышат, ал эми маэстро Перес ойноп баштаганда өлүктөй унчукпай калышат… Түн ортосунда баары тең ушундай көз жашын төгөт… Маэстро бүткөндөн кийин гана демин чыгарышат, анткени көпкө чейин дем алышпайт… Жүрүңүз, кошуна, жүрүңүз, коңгуроолор кагылды, азыр кызмат башталат. Баарына бүгүн жакшы түн, айрыкча бизге.

Сөзмөр аял кире бериштен өтүп, элдин арасына түртүшүп кирип кетти.

II

Ибадаткана ичи укмуштуудай жарык эле. Жарык нур курмандык чалынуучу жайдан агып кирип, айымдардын асыл таштарында чагылышып жылтылдап турду, алар кызматчы балдар алып келген баркыт жаздыкчаларга тизе бүгүп, дуэниялардын колунан сыйынуу китептерин алып, тордун жанында уй мүйүз тартып олтурушту.

Ошол эле тордун жанында эркектер турушту, алтын менен кооздолгон түстүү плащтарга оронуп, төштөрүнөн жашыл, кызыл кресттер көрүнөт. Алар бир колуна кенен кырдуу калпагын кармап (ага таккан канаттардын учтары жерге тийип турду), экинчи колу менен кылычтардын кара саптарын же канжарлардын оюлуп жасалган туткаларын сылай кармап алышкан. Булар Севилья аристократиясынын башка өкүлдөрү менен бирге, аялдары менен кыздарын карапайым эл менен аралашып кетүүдөн сактаган эр жүрөк рыцарлар. Эл деңиздей күүлдөп, архиепископ негизги курмандык чалынуучу жайдын жанындагы кыпкызыл чатырдын астына отуруп, чогулгандарга үч жолу батасын бергенде, кубанычтуу кыйкырыктар менен жарылып, даптардын туш келди чыккан үндөрү жаңырды. Анын креслосун дароо эле жакын адамдары курчап алышты.

Мессаны баштоого убакыт келип жетти, мүнөттөр учуп жатты, бирок дин кызматкери дагы деле жок болчу. Эл толкуп, чыдамсыздык менен күтүп жатышты, рыцарлар акырын сүйлөшкөндөрү угулат. Архиепископ бирөөнү эмне болгонун сурап билүү үчүн жиберди.

– Маэстро Перес ооруп калды, – деп жооп беришти ал жерден, – бүгүн ойной албайт.

Жаңылык тез тарады. Анын таасирин сүрөттөп берүүгө эч батына албайм. Бир гана нерсени айта кетейин, жапайы ызы-чуу көтөрүлдү, башкаруучу туруп кетти, тартип сакчылары тартипти орнотуу үчүн элди аралап жүрүштү.

Ушул учурда анча көрүнүктүү эмес, арык, көзү кылыйган чалыр киши архиепископтун креслосуна жакындады.

– Маэстро Перес ооруп калыптыр, – деди ал. – Мессаны токтотууга болбойт. Бирок кааласаңыз, мен ойноюн, анткени бул дүйнөдө маэстро жалгыз эмес, анын көзү өткөндөн кийин да бул органда ойночу кимдир бирөө табылат.

Архиепископ макул болуп башын ийкеди. Бул киши аябай ичи тар, монастырдын келишкис душманы экенин билген чиркөөгө келген эл нааразы боло башташты, бирок кокусунан кире бериштен кандайдыр бир ызы-чуу угулду.

– Маэстро Перес бул жерде! Маэстро Перес келе жатат! – деп кыйкырышты эшиктин жанында тургандар, элдин баары ал жакка бурулуп карашты.

Чынында оорулуу, жүзү кубарган маэстро Перес чиркөөдө пайда болду. Ал олтурган креслону талашып, ийиндерине көтөрүп келишти. Дарыгерлердин тыюусу да, кызынын көз жашы да аны төшөктө кармай алган жок.

"Жок, –деди ал. – Билем, бул акыркы жолу. Органыма, айрыкча ушундай түндө колум тиймейинче өлгүм келбейт. Жүргүлө, буйрук берем. Мени чиркөөгө алып баргыла”.

Анын каалоосу аткарылды. Эл аны хорго көтөрүп чыгышты да, месса башталды. Бул учурда собордук саат түн ортосун какты.

Забурдан алынган ыйык ырлар жаңырды, Инжил угулуп, акыры дин кызматчы манжаларынын учу менен бежени өйдө көтөргөн убакыт келди.

Ладан чиркөөнү көк булуттар менен толтурду.

Коңгуроонун дирилдеген үнү угулуп, маэстро Перес ийрийген манжаларын органдын клавишаларына тийгизди.

Металл түтүктөр жүздөгөн обондор менен жооп беришти; салтанаттуу узак аккорд акырындык менен басаңдап, шамалдын соккусу акыркы үндөрдү өчүргөндөй.

Асманга көтөрүлгөн үнгө окшош бул биринчи аккордго эми башкасы, тынч, алысырак чыккан үн жооп кайтарды. Ал асман менен жерге төгүлгөн катуу агымга окшоп барган сайын катуулап күчөй берди. Чынында эле бул периштелердин үндөрү эле.

Андан кийин алыстан серафимдердин ырлары угулду. Миңдеген үндөр биригип, океандын үстүндө калкыган сыйкырдуу обонго үн кошушту, мистикалык аккорддор, деңиз үстүндөгү булуттай жайылды.

Анан үндөр биринин артынан бири басылып, обон жөнөкөй боло баштады. Эми болгону эки гана үн угулуп, бири-бирине дээрлик кошулуп кетти. Андан кийин булутту тешип өткөн кереметтүү, жарыктын ичке нурундай бир гана үн калды. Маэстро агарган чачтарын силкип алды; анын үстүндөгү көк түтүн сыяктуу ладан толкундары аркылуу, чогулгандардын көзүнө ыйык белектер көрүндү. Бийик, дирилдеген үн каскад менен чачырап, музыка храмды ушунчалык солкулдатты, бурчтарда шамал ышкырып, тар терезелерде түстүү айнектер дирилдеп чыкты.

Ар бир нотадан өзгөчө тема жаралып, кээси алыста, кээси жакын, кээси көмүскө, кээси катуу үндөр угулуп, суулар менен канаттуулар, жалбырактар менен шамал, адамдар менен периштелер, жер менен асман ар кандай тилде Ыйсаны даңазалап ырдап жатты.

Толкунданган эл таң калуу менен угуп жатышты. Ыйлабаган киши калбады. Маэстронун колдору титиреп, ага асман ачылып, Кудайды көрүп жаткандай сезилди.

Орган ойноп жатты, бирок анын үнү акырындап өчүп бараткандай сезилди. Анан алыстан угулган үндөй, хордо аялдын ачуу кыйкырыгы жаңырды. Кыйкырыкка кошулуп, кызыктай, шайкеш келбеген аккорддор чыга баштады.

Эл хордун тепкичинин жанына чогулуп, кызыгуу менен жогору карашты. "Эмне болду? Эмне болду?" – деп сурашты алар бири-биринен, бирок эч ким жооп бере алган жок. Баары эмне болгонун божомолдоп жатышты. Дүрбөлөң күчөп, сүйлөшүүлөр барган сайын катуулап, чиркөөнүн тынчтыгын бузууга коркунуч келтирди.

"Бул эмнеси?" – деп сурашты айымдар. Башкаруучу жумушчулары менен кубарып, кайгыга баткан архиепископтун жанына келишти. Ал эмне болгонун билгиси келди.

– Бул жерде эмне болуп жатат?

– Маэстро Перес жаңы эле каза болду.

Чынында эле биринчи келгендер хорго кирип барганда, байкуш музыканттын эски органдын клавишаларына бетин такаган боюнча жатканын көрүштү. Органдын клавишалары анын башынын салмагы менен басылып, дагы эле үн чыгарып жаткан. Анын кызы атасынын бутунун жанына чөгөлөп, бакырып ыйлап жатты.

III

– Саламатсызбы, донья Балтасара. Бүгүн сиз да бул жакка келдиңизби? Мен бүгүн өзүбүздүн чиркөөгө бармакчы болгом, бирок билесиз… Баары кайда болсо, мен да ошол жактамын. Чынын айтсам, маэстро Перес өлгөндөн бери бул жерде мага оор болду… Ах, байкуш! Ыйык адам болчу!.. Ким болсо да, мен анын кийиминин бир кесимин ыйык эстелик катары сактап жүрөм, анткени ал ага татыктуу… Кудай көрүп турат, эгер архиепископ аракет кылганда, биздин неберелерибиз аны ыйыктардын арасынан көрүшмөк… Бирок эмне болду!.. Көзү өттү, жүрөктөн алып сал… Макул, бүгүн мындай жаңылык бар… мени түшүнөсүзбү… Кандайсыз? Эч нерсе уккан жоксузбу? Чынында эле, биз экөөбүз тең ушундайбыз – үйдөн чиркөөгө, чиркөөдөн үйгө, ушактарды укпайбыз, бирок баары бир… Мен өзүм деле каалабайм, бирок кээ бир жаңылыктарды угуп калам.

Ооба, ооба. Чечилиптир, Ыйык Романдан келген органисттин маселеси чечилди, – дешти, – көзү чалыр, кекчил, сөгүнчөөк, жүдөгөн... музыкантка караганда касапчыга көбүрөк окшош… Ооба, ал бүгүн маэстро Перестин ордуна ойнойт. Сиз, албетте, уккансыз, муну бүткүл Севилья билет, анткени эч кимиси аны алмаштырууга батынган жок. Атүгүл кызы, башкаларды үйрөтүп жүрсө да, атасы өлгөндөн кийин монастырга кечил болууга даярданып жүрөт. Эл керемет музыкага көнүп калгандыктан, башкача болушу мүмкүн эмес эле. Алар жаңы нерселерди жактырбай, салыштыруулардан качкылары келишти. Бирок каза болгон адамдын элесине жана сыйына арналып, Рождестводо орган үнүн чыгарбай туруу чечими кабыл алынганда, бирөө келип, өзүнүн ойной турганын айтууга батынды. Чынында, текебердиктин эч кандай акылдуу жагы жок. Албетте, күнөө ошол кордукка жол бергендерде. Дүйнө ушундай калыптанган окшойт... Ооба... Өткөн жылдан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол эле адамдар, ошол эле жаркыраган жарык, ошол эле эшиктердеги түртүшүү, ошол эле алдыңкы бөлмөдөгү ызы-чуу, ал эми ибадатканада дагы эле тар. Ах, эгер ал адам билгенде! Ал бул бетпактын өз органында ойноп жатканын укпаш үчүн кайрадан өлгүсү келмек.

Эгер мага айткандары туура болсо, чалырга жакшы жолугушуу даярдалып жатат. Ал клавишага тийгенде, коркунучтуу ызы-чуу көтөрүлөт, даптар, тамбуриндер шыңгырайт, уккуң келбесе да керең болуп каласың… Бирок тсс, ал бети жок киши храмга кирип келе жатат. Ах, Кудайым, кийингенин караңызчы, кандай текебердик! Жүрүңүздөр, жүрүңүздөр, архиепископ эчак эле келди, азыр месса башталат. Мага бир нерсе туура эместей сезилет, биз бул түндү көпкө эстей турган болдук көрүнөт.

Ушуну айтып, сөзмөр аял Ыйык Агнесстин храмына кирип, элдин арасынан, адаттагыдай эле түртүшүп өттү.

Кызмат башталды. Храм өткөн жылдагыдай эле жаркырап турду. Жаңы органист келген элдин жанынан өтүп, архиепископтун шакегин өптү, андан кийин хорго көтөрүлүп, органдын бардык регистрлерин баскычтарын күлкүлүү олуттуулук менен текшерип чыкты.

– Храмдын жанындагы чогулган карапайым эл, жакында болор бороонду алдын ала сезгенсип күүлдөп жатты. Бекерпоз, эч нерсеге жарабайт, анысы аз келгенсип чалыр, – деди алардын бири.

– Түркөй, өз чиркөөсүндөгү органды бузуп салып, эми маэстро Перестин органына тийишип жатат, – дешти башкалары.

Кимдир бирөө дапты чертүү үчүн чечинип, кимдир бирөө шыңгырактарын даярдап, баары чоочун кишиге тоскоолдук кылууну көздөштү, ал эми бир нече киши гана каза болгон маэстро Перестин жөнөкөй, кайрымдуулугунан текебердиги, педантизми менен аябай айырмаланып турган адамды коргошту.

Акыры көптөн күткөн көз ирмем келип жетти, дин кызматчы ийилип, бир нече сөз айтып, безени алган салтанаттуу көз ирмем… Коңгуроолор айнек жамгырдай шыңгырап, ладандын тунук толкундары көтөрүлүп, орган ойной баштады. Элестете алгыс ызы-чуу чиркөөнү каптап, органдын биринчи аккорддун басып калды.

Түтүктөр, даптар, тамбуриндер, флейталар баары бир убакта жана ар кандай тартипсиздикте ойноп; бирок бул бир канча секундга гана созулду. Үн жана каңгыр-куңгур кандай башталса, ошондой эле күтүүсүздөн токтоп калды…

Күчтүү, тайманбас экинчи аккорд басыла электе, органдын түтүктөрүнөн кооз, түбөлүктүү үндөр агып чыга баштады.

Асман ыры кулактарды эркелетип, бизди бардык түйшүктөн алыстатып, башка дүйнөгө жетелеп жөнөдү. Жан дүйнөбүз гана түшүнгөн, эч нерсеге баш ийбеген, түшүнүксүз үндөр. Анын обондору шамалдын канатында учуп келгендей, жамгыр шыбырындай, жалбырактардын сырдуу шыбыртындай, асманга атылган жебедей, гүлдөрдүн үстүнөн көтөрүлгөн торгойдун шаңдуу үнүндөй, бороондун күркүрөгөнүнө тете жарылуудай угулду. Серафимдердин хору, асман музыкасы, канаттуу гимндердин кошулушунан жаралган бул ыр – асмандын ажайып музыкасы, бир гана сезим менен түшүнө алган канаттуу гимндер, – мунун баары кошулуп, орган көп үндүү, мурдагыдан да табышмактуу, мурдагыдан да сырдуу жаңыргандай туйулду. Органчы түшкөндө, тепкичтин жанына чогулган эл кубанычын жашыра албай, толкунданып жатышты.

Башкаруучу кызматкерлерине органчыга курмандык чалынуучу жайга чейин жол ачууну буйруду. Ал жерде аны архиепископ күтүп турган. Башкаруучу органчыга жакындаганда:

— Мына көрүп турасызбы, — деди ал, органист анын алдына келгенде. — Мен сарайдан сизди угуу үчүн гана келдим. Сиз дагы маэстро Перес сыяктуу ырайымсызсызбы, ал эч качан менин суранычыма макул болуп, Рождестводо собордо ойногон эмес.

Органчы жооп берди:

— Келерки жылы мен бул жерде ойноого даярмын, бирок ага чейин кандай байлык берсе да бул органга колумду тийгизбейм.

Архиепископ таң калып сурады:

— Эмне үчүн?

Органчы жүзүнүн кубарганына карабай, толкундануусун жеңип:

— Анткени ал эски жана начар, анда каалагандай ойноого мүмкүн эмес, — деп жооп берди.

Архиепископ коштошуп, жандоочуулары менен жөнөп кетти. Замбилдер ийри-буйру көчөлөрдө биринин артынан бири көрүнбөй калды. Кире бериштеги эл да суюлуп баштады. Сан-Фелипе аркасынын жанындагы статуялардын алдында эки аял тепкичтен түшүп, таазим кылышты да, Дуэньяс тилкесиндеги жолго түшүштү. Кечил аял эшиктерди жабууга даярданды.

– Донья Балтасара, эмне дейсиз? – деп сурады алардын бири. – Жүрөгүм бир нерсени сезип турду! Мага түшүндүрүштү, бирок ишенгим келген жок. Мындай адам жөн эле мындай ойной албайт. Мен аны жүздөгөн жолу Ыйык Варфоломей чиркөөсүндө уккам. Ал жерден аны дин кызматчы кууп чыкканга чейин, жана жөн гана кулагымды жаап алгам... Анын жүзүн караңыз, жүз жандын күзгүсү... Азыркыга чейин маэстро Перестин Рождество түнүндөгү ойногонун эстейм, ал бизди кандай таасирлентип, анан таштап кеткенин... Кандай сонун жылмаюу, кандай кызаруу! Карыган болчу, бирок кебетеси – чыныгы периште эле... Ал эми бул, шашып-бушуп, артынан ит кубалап жаткандай, жыты болсо өлүктүн жытына окшош. Эмне дейбиз... Ишениңиз, донья Балтасара, ишениңиз, мен бул жерде бир нерсе бар экенин сезип турам...

Алар ушинтип сүйлөшүп, бурчтан айланып, тилкеде көрүнбөй калышты. Окурмандарга алардын бири ким болгонун билдирүүнүн кажети жоктур.

IV

Дагы бир жыл артта калды. Монастырдын башчысы менен маэстро Перестин кызы жарым караңгыда хордо отуруп, сырдуу сөздөрдү бөлүшүп олтурушту. Жарылган коңгуроонун кайрымдуулукка чакырган үнү алыска кетүүдө. Мезгил-мезгили менен улам бирөө унчукпай, алдыңкы бош бөлмөдөн өтүп, манжаларын ыйык сууга малып, анан тынч гана мессаны күтүп отурган бурчка барып отуруп жатышты.

– Көрдүңүзбү, – деди монастырдын башчысы, – сенин коркууң жөн эле балалык. Бул жерде эч ким жок, бүт шаар соборго кетти. Ойно, коркпостон ойно, биз бул жерде дээрлик жалгызбыз... Бирок эмнеге унчукпай, үшкүрүп жатасың? Эмне болду?

– Мен коркуп жатам! – деди чын дилинен кыз.

– Коркуп? Эмнеге?

– Билбейм... Бир нерседен корком... Кечээ мага ойно дебедиңиз беле, мен ошондон кийин өзүмдү кыйын сезип, органды жакшылап күүгө келтирип, бүгүн сизди таң калтырайын дегем... Хорго чыктым... жалгыз... эшикти ачтым... Собордук саат какты... канча жолу какканын билбейм, бирок какканы кайгылуу жана узак болду... мен жогоруда турганда да уланып, чексиздей сезилди. Храм бош жана караңгы эле. Түнкү асманда жоголгон жылдыздай, негизги курмандык чалынуучу жайда чырак өчүп-жанып турду. Анын араң көрүнгөн жарыгында бир адамды көрдүм... ооба, апаке, бир адамды! Ал органда, мага артын салып отурган, бир колу менен клавишаларды басып, экинчиси менен регистрлерди жөнгө салып... ал эми орган таң калыштуу түрдө ойноп жатты. Ар бир нота муңканган ыйга окшоп, ал эми түтүктөр күңгүрөгөн, араң билинген, бирок туура обонду чыгарат. Мунаранын сааты кайрадан какты; ал эми адам ойноп жатты. Анын дем алганын уктум. Коркконумдан кыймылдай албай каттым, колдорум кыймылдабай, башым жарылып кетчүдөй лукулдайт... Кыйкыргым келди, бирок кыйкыра алган жокмун. Адам бурулуп, мага карады... жок, ал сокур болчу... Мен атамды тааныдым!

– Ах, сиңдим, сени шайтан адаштырып жатат… "Атабызды" жана "Саламат Мариямды" окуп, башкы периште Михаилге сыйынып алыңыз, месса азыр башталат, келген элдер күтүп жатышат… Атаңыз бейиште жана сизди коркуткандын ордуна, мынчалык маанилүү жана такыбаалык иште жакшы көргөн кызына жардам берет.

Монастырдын башчысы хордун ортосундагы креслого олтурду, ал эми маэстро Перестин кызы дирилдеген колу менен капкакты ачып, органдын жанына отурду. Месса башталды, дин кызматчы безени көтөрө баштаганга чейин эч нерсе болгон жок. Андан кийин орган ойной баштады, аккорд менен бирге жаш кечил кыздын кыйкырыгы угулду. Монастыр башчысы, кечил аялдар жана мессага келгендердин бири анын жанына чуркашты.

– Карагыла! Карагыла! – деп ал корккон көз карашын өзү жаңы эле секирип түшүп, колу менен жөлөнгүчүнө далысын такап жабышып алган олтургучка кадап кыйкырып жатты.

Баары ал жакка карашты. Ал жерде эч ким жок болчу, бирок орган токтогон жок, анын үнү периштелердин ырларына окшош эле.

– Ай, донья Балтасара, мен сизге айткан элем го, бул жерде баары таза эмес деп! Кантип? Сиз Рождество мессасына барган жок белеңиз? Азыр бүткүл Севилья ушул окуяны гана талкуулап жатат… Сеньор архиепископ өкүнүп жүрөт! Анан кантип башкача болсун? Ал Ыйык Агнесстин чиркөөсүнө барбай, кереметти көрбөй калды… Анын баары эмне үчүн дебейсизби? Мышыктын концертин угуу үчүн! Эл айтат: чалыр собордо эмнелерди уюштурганын. Демек, өткөн жылы бул алдамчы эмес, маэстро Перестин арбагы ойногон.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз