АҢГЕМЕ
Казына палатасынын чиновниги, өңү кубарган, жесил, жашы өтүп калган киши жаш, көз жоосун алган сулууга, аскер башчынын кызына үйлөндү. Ал оозунан сөз чыкпаган, жупуну адам эле, ал эми аялы өз кадырын, наркын билген, көңүлү көкөлөгөн жан болчу. Күйөөсү арык чыбыктай, бою узун, өпкө оорусунан жабыркаган, йод түстүү көз айнек тагынган, жумшак, бирок бир аз каргылданып сүйлөгөн, катуурак сүйлөсө үнү ичкерип кетчү киши эле. Аялы болсо чымыр денелүү, кичинекей, дайыма кооз кийинген, үй оокатына тың, чарбачыл, көздөрү курч жана өтө зирек эле.
Күйөөсү көпчүлүк губерниялык чиновниктер сыяктуу эле кызыксыз, көзгө урунбаган немедей көрүнчү, бирок биринчи аялы да сулуунун сулуусу эле — муну көргөндөр нес болуп таң калышчу: укмуштуудай сулуу айымдар анын эмнесине кызыгып, эмнеге аны тандап турмушка чыгышат?
Экинчи сулуу аялы күйөөсүнүн биринчи аялынан калган жети жашар баласын жек көрүп, аны көрмөксөнгө салып койду. Атасы да андан корккондон улам, баласы жоктой, дегеле ал болбогондой түр көрсөттү. Баласы табиятынан ойноок, шайыр, мээримдүү эле, бирок алардын көзүнчө сүйлөөгө даай албай коркуп, убакыттын өтүшү менен таптакыр чөгүп, эч кимге көрүнбөй, үнсүз жашоого өттү.
Үйлөнгөндөн кийин эле аны атасынын кабинетинен конок бөлмөсүнө, ашкананын жанындагы тар бөлмөгө көчүргөн. Ал жерде көк баркыт менен капталган эмеректер бар эле. Ага диванга жатууга буйрук берилди. Бирок анын уйкусу тынч эмес эле, ар түнү сайын ал шейшебин жана жуурканын жерге тээп салчу. Көп өтпөй сулуу айым үй кызматчысына мындай деп буйурду:
— Мындай болбойт, ал дивандын баркыт жабуусун жыртып бүттү го. Ага, Настя, мен сага анын маркум энесинин коридордогу чоң сандыгына салып кой деген төшөгүн алып чыгып, жерге салып бер.
Бала дүйнөдө жалгызсырап, үй-бүлөдөн обочолонуп, эч кимге тоскоолдук кылбаган, байкалбаган жашоо кечире баштады: конок бөлмөсүнүн бир бурчунда унчукпай отуруп, грифел доскага алачыктарды, үйлөрдүн сүрөтүн көчүрүп тартат же үн чыгарбастан, маркум апасы сатып берген сүрөттүү китепчесин окуйт, терезеден көчөнү, өтүп жаткандарды тиктейт… Ал диван менен пальманын түбүндөгү муздак полдо уктайт. Кечинде төшөгүн өзү салып жатат, эртең менен шашып жыйнап, коридордогу маркум апасынын жыты сиңген сандыгына салып коёт. Ал жерде анын бүткүл дүйнөсү, сырлары катылган.
28-сентябрь 1940
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR