Иван Бунин: Жаштык менен карылык

  • 18.08.2022
  • 2091

АҢГЕМЕ

Жайдын эң сонун күндөрү, мемиреген Кара деңиз.

Пароход адамдар менен буюмдарга шыкалып, палуба кеменин арт жагынан тартып тумшук жагына чейин жүккө тирелген.

Сүзүү узакка созулуп, Крым, Кавказ, Анатолия жээктери менен Константинополду айланат…

Чатырап кызыган күн, көгүлтүр асман, деңиздин түсү кызгылт-көгүш; эл жык-жыйма, капитан жардамчыларынын: «Майна! вира!» деп айкырган өкүрүктөрү менен сөгүнүүлөрү коштогон жүк көтөргүч машинелердин кулак тундурган дабышына толгон порттордогу аягы жок күтүүлөр, кайрадан тынчтануу, тартип жана күн тунарыгында аптаптан ээрип бараткан тоо бөлүктөрүн бойлогон жайбаракат жол.

Биринчи класстын кают-кампаниясында жагымдуу сыдырым жел жүрөт, бул жерде бош, таза жана кенен. Ал эми кайнаган машине менен жыты мурунга урган ашкана жанындагы ар түркүн курамдан куралган жүргүнчүлөр жакта ыпластык жана тарчылык. Бул жерде уюлгуган сасык жыт турат, ал бирде ысык жана жагымдуу, бирде жылуу, жагымсыз, бирок экөө бирдей толкундатып, өзгөчө деңиз салкынына аралашкан пароходдун жыты. Биерде орус мужуктары менен аялдары, какоолдор менен какоол катындар, афониялык кечилдер, күрддөр, грузиндер менен гректер жүрүшөт… Күрддөр дээрлик жапайы эл, алар таңдан кечке чейин укташат, грузиндер бирде ырдаса, бирде жуп болуп жеңил секирип, ойсоңдогон жеңилдик менен кенен жеңдерин кайырып коюп сүрмө топтун арасында сүзгөн сымал алакандарына добушун келиштирип чапкылашып,  «таш-таш, таш-таш!» деген үн чыгарып бийлешет. Палестинага бараткан орус зыяратчылары тынымсыз чай ичүү менен алек, ийиндери салаңдаган кууш сары сакалчан, чачтары куюлуп түшкөн узун бойлуу орус мужугу Ыйык жазууну окууда, андан болсо ашканада жалгызсырап отурган кызыл кофта жана жашыл үлбүрөк моюн орогуч тагынган кургак кара чачтуу кыжырга тиерлик тайманбастыгы бар аял курч көздөрүн албайт.

Рейд Трапезунда узакка турду. Мен жээкке барып кайтып келгенимде, трап аркылуу самтыраган жана куралданган күрддөрдүн тобу көтөрүлүп келатканын көрдүм, алар алдыда келаткан зор денелүү, сөөк-саактуу ак көрпө саңсаң баш кийимчен, бозгулт тар чапан кийип, ичке белин күмүш шаймандары бар кемер менен бекем байлаган абышканы ээрчип келатышты. Биз менен чогуу келаткан жана палубанын бир көпүрөсүндө үйүрлөп жатышкан күрддөрдүн баары ордуларынан тура калышып, бош калган жерди тазалап жиберишти. Абышканын жөкөрлөрү ал жерге бир нече килемдер менен жаздыктарды жая салышты. Карыя бул орунга падышалык сөөлөт менен кыңкая кетти. Карыянын сакалы көбүргөн сүттөй аппак, катыңкы жүзү күйгөндөн улам капкара. Кичинекей кой көздөрү бир башкача жаркырайт.

Мен абышкага жакын келип, тизелеп олтуруп салам айтып, орус тилинде суроо узаттым:

— Кавказданбы?

Ал ачык чырай менен орусчалап жооп берди:

— Андан узак, мырзам. Биз күрддөрбүз.

— Кайда сүзүп баратасыңар?

Абышка оор басырыктуу, бирок сыймыктуу жооп кайтарды:

— Стамбулга, мырзам. Падышанын өзүнө. Өкүмдардын өзүнө жети камчыны белек катары алып баратам. Падыша согушка менин жети, башкача айтканда, канча болсо, ошончо уулумду алды. Алардын баарысы согушта каза болду. Падыша мени жети жолу даңктады.

— Це, це, це! – үстү жагыбызда турган жаңыдан толуп бараткан сымбаттуу жана сылаңкороз керчендик грек көңүл кош өкүнүү менен сүйлөдү. Анын үстүндө кийгени гилас түстүү дамаскилик баш кийим, ак кыска бешманты бар боз күрмө, модалуу боз дамбал жана капталынан топчуланган сырдалган батинкелер. – Ушунчалык картайып, жалгыз калдың! – деди ал башын чайкап.

Абышка анын баш кийимине карап койду.

— Кандай макоосуң, — деди анан бейкапар гана. – Мына сен картаясың, а мен картаң эмесмин жана эч качан картаң болбоймун. Маймыл тууралуу уктуң беле?

Сылаңкороз ишенбөөчүлүк менен жылмайды:

— Кайсыл маймыл?

— Анда ук! Кудай асман менен жерди жаратты, билесиң да.

— Билем дечи.

— Андан кийин кудай адамды жаратып ага мындай деди: «Сен адам, жарыкта отуз жыл өмүр сүрөсүң, жакшы жашайсың, кубанасың, дүйнөдө болгондун баарын кудай бир сен үчүн жаратты деп ойлойсуң. Буга ыраазысыңбы?» А адам минтип ойлоду: «Ушунчалык жакшы экен, бирок болгону отуз жылдык өмүр! Ой, бул аз да!» Угуп атасыңбы? – карыя мыскылдуу үн катты.

— Угуп атам, — деп жооп берди сымбаттуу грек.

Кудай андан кийин эшекти жаратып мындай деди: «Чаначтар менен жүктөрдү тартып жүрөсүң, сага адамдар минишип, башыңа таяк менен салышат. Сен мындай мөөнөткө ыраазысыңбы?» Ошондо эшек өкүрүп ыйлап жиберип кудайга мындай деди: «Анча мөөнөттү эмне кылам? Кудай, сен мага болгону он беш жылдык өмүр бер». – «А мага он бешин кошуп кой», — деди адам кудайга, — суранам, анын үлүшүн мага бер!» – Кудай буга макул болуп, айтканындай жасады. Ошентип, адамдын жашы кырк беш жыл болду. Адамга жакшы болду ээ? – келишимдүү грекке көз чаптырган карыя сурап койду.

— Жаман эмес, — деди ал мунун артында эмне жатканын түшүнбөй.

— Андан кийин кудай итти жаратып, ага да отуз жаш берди. «Сен, — деди кудай итке, — дайым жаалданып жашап, кожоюнуңдун мүлкүн кайтарасың, чоочун жандарга түк ишенбейсиң, жаныңдан өткөндөргө арсылдап үрүп, түнкүсүн тынчсызданып уктабайсың». Ошондо билесиңби, атүгүл ит да озондоп жиберди: «Жок, мындай жашоонун жарымын да каалабайм!» Адам болсо кайрадан кудайдан сурана баштады: «Бул жарым жашты да мага кошуп кой!» Кудай кайрадан макул болду. Ошентип эми адамдын жашоосу канча жыл болду?

— Алтымыш болду, — деди сулуу киши жайдары гана.

— Андан кийин кудай маймылды жаратып, ага да отуз жылдык өмүр берип, маймыл эч эмгексиз жана түйшүксүз жашаарын, болгону түрү суук, өңү серт болорун, такыр баш, кабак-кашы бырышып жылаңач каштары маңдайына чыгарын айтты. Элдин баары аны караш үчүн аракет кылып, алар ага күлөрүн кошумчалады. – Адам кайрадан бул жарым жашты өзү үчүн сурады, — кайра кыңкайган карыя тамекиден ичине жутту.

Грек суроо берди:

— Демек, ал да бул жаштын жарымынан баш тартты?

— Ал да баш тартты, — өйдө боло берип, жакын турган күрддүн колунан тамекинин мүштөгүн алган карыя жооп кайтарды.

Абышка унчукпай, кудум бизди унутуп калгансып алды жагын үнсүз тиктеди. Андан соң эч кимге кайрылбай сүйлөй баштады:

— Адам өзүнүн жеке отуз жашын адамча жашай баштады – жеди, ичти, согушта салгылашты, үйлөнүү үлпөтүндө бийлеп, мөлтүрөгөн жаш кыздар менен келиндерди сүйдү. А эшектин он беш жашын болсо байлык топтоо үчүн эшектей болуп иштеди. Ал эми иттен алган он беш жылдык жашоосун байлыгын кайтарып, тынымсыз жалган айтып жанын жеп, түнкүсүн уктабай заарданып жашады. Андан кийин ал баягы маймыл сыяктуу картаң кара мүртөзгө айланды. Ошентип, баарысы баштарын чайкап, анын карылыгына күлө башташты. Мына мунун баары сага да келет, — деди ал тишиндеги мүштөгүн тегерете сылаңкороз грекке тиктеп.

— А эмне үчүн сен андай болбодуң? – деп сурады ал.

— Менде мындай болбойт.

— Эмне үчүн?

— Мендейлер аз, — деди карыя бекем үн менен. – Мен эшек да, ит да болгон жокмун, — анда эмне үчүн маймыл болушум керек? Мен эмне үчүн картайышым керек?

1936-ж.

Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз