АҢГЕМЕ
Алардын биринчи жолугушуусу трамвайда болду. Ал анын ийнине колун акырын тийгизди, ал көзүн ачканда, терезени жаңсап:
— Сиз түшүшүңүз керек, — деди.
Трамвай аялдамага токтогон эле кыз түртүлүп-сүрүлүп анын артынан секирип түштү. Анын он беш-он алты жаштан ашпаган секелек кыз экенин, ыраазычылык күтүп, көздөрүн кыбыңдатып ага тике караганын көргөндө эле түшүндү.
— Рахмат, — деди ал. — Мен өтүп кетмек экеммин. – Бул сөздүн жетишсиздигин сезип, кошумчалады: — Бүгүн күн жиндидей оор болду, аябай чарчадым. Ал эми саат сегизде маанилүү чалууну күтүп жатам. Сиз мага абдан жардам бердиңиз.
Кыздын жүзүнөн кубанычтын учкуну жылт дей түштү. Кар жаап жаткан эле, алар катуу ылдамдыкта келаткан машинени өткөзүп жиберип, жолдон чогуу чуркап өтүштү. Ал машиненин алдыңкы айнегинде “тазалагыч” иштеп атканын көргөнгө гана үлгүрдү. Ушундай жумшак, аппак кар жаап жатканда кандайдыр бир бийиктикте кимдир бирөө табышмактуу кар бүркүттөрүн тытып жаткансыйт, үйгө киргиң келбейт. "Чакырууну күтүп, сүйлөшүп алып кайра чыгам" — деп чечти ал, ага кайрылып, эмне деп, эмнеден сөз баштарын ойлонуп, анткени андан ары унчукпоо ыңгайсыз болчу. Бирок ал эмне жөнүндө сүйлөшүүгө болорун, эмне тууралуу болбосун билген жок, ал дагы деле ойлонуп, кыз күтүүсүздөн мындай деди:
— Мен сизди тааныйм.
– Чын элеби! — деп таң калды ал. — Кантип эле?
— Сиз жүз он экинчи батирде жашайсыз, мен жүз он төртүнчүдө. Жумасына эки жолу трамвай менен чогуу жүрөбүз. Бирок албетте, сиз мени байкабайсыз.
— Кызык экен.
— Бул жерде эмнеси кызык? Кызык эч нерсе жок. Силер, чоңдор, чоңдорго гана көңүл бурасыңар, баарыңар ушунчалык өзүмчүлсүңөр. Туура эмеспи?
Ал башын оңго бурду да, каршысындагы кызды ылдыйдан өйдө карады. Ал бир аз ыңгайсызданып, эч нерсе деп жооп бербеди, анткени ага кандай мамиле кылууну, ага эмне деп айтууга болорун билген жок.
Бир канча убакытка чейин алар унчукпай басышты, кыз алды жакты карап бараткан, ошол калыбында эч нерсе болбогондой, бейкапар мындай деди:
— Сиз атыңызды айта элексиз.
— Сага муну билүү зарылбы?
— Ооба. Сурасам эмне болот? Эмнегедир кээ бирөөлөр, эгер мен адамдын атын билгим келсе, анда ага сөзсүз эле жаман ою бар деп ойлошот.
— Макул, — деди ал, — баарын түшүндүм. Эгер сага бул зарыл болсо, анда менин атым Рудольф.
— Кандай?
— Рудольф.
— Рудольф… — Ал каткырып жиберди.
— Эмне болду?
Ал ого бетер каткырып күлүп, анан токтоп, аны карай баштады.
— Ру-дольф! — Ал эриндерин чормойтуп, кайрадан каткырды. — Ру-дольф. Зоопарктагы пилди ушундай аташса керек деп ойлочумун.
— Эмне?!
— Сен ачууланба, — ал анын жеңинен кармады. — Бирок күлкүлүү, чын сөзүм, күлкүлүү. Мен эмне кыла алам?
— Сен кызсың да, болбосо,— деп таарына кетти ал.
— Албетте, кызмын. А сен чоңсуң.
— Сен канча жаштасың?
— Он алтыда.
— Мен жыйырма сегиздемин.
— Мен айтып жатпаймынбы: сен чоңсуң, а атың Рудольф. – Ал кайрадан каткырып күлдү, аны айланта карап, көңүлдүү карап турду.
— Ал эми сенин атың ким? — деп сурады ал.
— Менинби? Эч качан таппайсың.
— Мен издебейм деле.
— Тапкың келип турса дагы, тапмак эмессиң. Менин атым Ио.
— Кандай?
— Ио.
— Эч нерсе түшүнбөдүм.
— Ио. Мындайча айтканда, "убактылуу милдетин аткаруучу". Ио.
Өч алуу заматта келди. Ал токтото албай, коңгуроодой алдыга, артка чайпалып, каткырып күлүп жатты. Ага кызды кароо жетиштүү эле, күлкү аны биротоло ээлеп алды. — И-о, — деди ал ууртун бүлкүлдөтүп.
Ал тегерегин карап бир аз күттү, анан бир аз тынчыганда, таарынгансып үн катты:
— Күлкүлүүбү, ээ? Күлкүлүү эч нерсе жок. Ио — башка аттар сыяктуу эле кадимки ат.
— Кечирип койчу, — деп жылмайып, ага эңкейди. — Бирок мага чын эле күлкүлүү болду. Эми биз эсепти теңедик, туурабы?
Ал башын ийкеди.
Биринчи кыздын үйү, андан кийин анын үйү болчу. Подъезддин жанында токтоп, кыз сурады:
— Сенин телефонуң кандай?
— Сага анын кереги жок, — деди ал.
— Коркуп жатасыңбы?
— Маселе анда эмес.
— Чоңдор баарынан коркот.
— Бул туура, — деп макул болду ал.
Ал мээлейин чечип, ага кичинекей колун сунду. Алаканы муздак эле. Ал аны акырын кысты.
— Эми үйгө чурка, Ио.
Ал кайрадан каткырып күлдү.
Эшиктин жанынан кыз токтоп, бир аз аялдай түштү.
— Эми сен мени трамвайдан тааныйсыңбы?
— Албетте, тааныйм.
— Трамвайга чейин… — Ал колун башынан өйдө көтөрдү.
— …биз чогуу барабыз, — деп кошумчалады ал.
Эки күндөн кийин ал түндүккө иш сапар менен кетип, эки жумадан кийин гана кайтты. Бул жерде, шаарда, келаткан жаздын жагымдуу жыты сезилип, кыштын акыркы белгилерин күл сыяктуу учура баштаган. Түндүктүн тумандарынан кийин бул жерде баары чайыттай ачык шыңгырап, жада калса трамвайлар да жаңыча добуш сала баштаган.
Үйдө аялы саламдашары менен эле:
— Сага күн сайын бир кыз чалып жатат, — деди.
— Кайсы кыз? — деди ал кайдыгер, чарчаңкы үн менен.
— Билбейм. Сен билесиң го деп ойлогом.
— Билбейм.
— Мени тажатып бүттү.
— Кызык, — деп жылмайды ал.
Жуунуп жатканда телефон шыңгырады. Эшиктен аялынын: "Азыр, жуунуп жатат, күтө туруңуз", — деп жооп бергенин укту. Кийинип бүтө электе эле телефон кайра шыңгырады.
— Угуп атам, — деди ал.
— Рудик, салам, сен келдиңби! — телефондо кубанычтуу, шаңдуу үн угулду.
— Саламатчылык, — деди ал этият жооп берип.
— Ким бул?
— Мени тааныбай калдыңбы? Ох, сен, Рудик… Бул мен, Ио.
— Ио, — деди ал дароо эстеп, эрксизден жылмайды. — Саламатсыңбы, Ио. Көрсө, сен мага ылайыктуу ат тапкан турбайсыңбы.
— Ооба. Жактыбы?
— Мени жаш кезимде ошентип коюшчу.
— Өзүңдү ашыкча баалабачы, суранам.
— Жок, сен эмне…
Бир аз убакыт унчукпай калышты, ал чыдай албай:
— Эмне дейин дедиң эле, Ио?
— Рудик, тигил сенин аялыңбы?
— Ооба.
— Мага үйлөнгөнүңдү эмнеге айткан жоксуң?
— Кечир, — деди ал тамашалап, — Мен бул ушунчалык чоң көйгөй экенин билген эмесмин.
— Деги кандай. Сен аны сүйөсүңбү?
— Ооба, — деди ал. — Ио, ук, суранам: мындан ары мага чалба.
— Коркуп кеттиңби, — деди кыз. — Эч нерсе ойлобо, Рудик. Албетте, эгер кааласаң, аны менен жашай бер, мен каршы эмесмин. Бирок чалба дегениң болбойт. Балким, жумушум чыгып калсачы.
— Кандай жумуш? — деп сурады ал жылмайып.
— Кандай жумуш? — деп кайталады тиги. — Ооба… Мисалы, бир резервуардан экинчисине сууну сордуруп ала албай жатам дейли, — деп ойлоп тапты. — Балким, ошондо мүмкүн болор, туурабы?
— Билбейм.
— Албетте болот. Сен андан коркпо, Рудик. Биз экөөбүзбүз, ал болсо жалгыз.
— Ким? — деп түшүнбөй сурады ал.
— Сенин аялың.
— Кош, Ио.
— Чарчадыңбы?
— Ооба.
— Макул, анда. Алаканымды кысып, анан жатып эс ал.
— Мен сенин алаканыңды кармадым.
— Аны менен сүйлөшпө дагы.
— Макул, — деп күлүп койду ал. — Сүйлөшпөйм.
Жылмайган боюнча ал аялына кайтты.
— Бул Ио экен, — деди ал. — Кыздын аты ушундай. Кызык экен, ээ?
— Ооба, — деп жооп берди аялы.
— Эки резервуар жөнүндө маселесин чыгара албай жатыптыр. Ал жетинчи же сегизинчи класста окуйт окшойт, эстей албай жатам.
— Сен ага маселени чыгарууга жардам бердиң беле?
— Жок, — деди ал. — Мен баарын унутуп калыптырмын, ал эми резервуарлар чынында эле кыйын.
Эртеси эртең менен телефон шыңгырады. Жарык кире элек болчу; бүт шаар дагы эле таңдын акыркы уйкусунда эле. Рудольф ордунан туруп, көчөнүн аркы өйүзүндөгү имаратты карады, бир дагы терезеде жарык жок, ал эми подъезддердеги чырактар гана, жалтырак металлдан жасалган гармоникалардай болуп, төрт катар болуп жанып турган. Телефон тынымсыз шыңгырады. Рудольф саатты карады: алты жарым.
— Угуп жатам, — деди ал трубкага жини келгендей.
— Рудик, Рудик…
Ал ачууланып кетти:
— Эмне болду шайтан алгыр…
— Рудик, — аны токтотту, — ук, ачууланба, эмне болгонун али билбейсиң.
— Эмне болду? — деп сурады ал муздак үн менен.
— Рудик, сен эми Рудик эмессиң, сен Рудольфиосуң, — деди салтанаттуу. — Рудольфио! Сонун, ээ? Муну жаңы ойлоп таптым. Рудольф менен Ио — алар чогуу Рудольфио болот, италиялыктар сыяктуу. Кайталап көрсөң.
— Рудольфио. — Анын үнү үмүтсүздүк менен ачуу аралашып кетти.
— Туура. Эми сен экөөбүздүн атыбыз бир — биз ажырагыспыз. Ромео менен Жульеттадай. Сен Рудольфиосуң, мен дагы Рудольфиомун.
— Укчу, — деди ал эсине келип. — Мага бул ат менен кийинчерек кайрылсаң болбойт беле?
— Түшүнсөңчү, мен чыдай албайм. Ушундай болсун. Анан, турчу убагың келди. Рудольфио, эсиңде болсун: сени жети жарымда трамвай аялдамасында күтөм.
— Мен бүгүн трамвайга түшпөйм.
— Эмнеге?
— Мен эс алам.
— Эмне үчүн?
— Дем алыш — бул кошумча эс алуу күнү; мен жумушка дем алышта чыкпайм.
— Аа, — деди тиги. — Менчи?
— Билбейм. Окууңа бара бер.
— Ал эми аялың эс алабы?
— Жок.
— Макул, анда, баары жакшы. Болгону унутпа: биздин атыбыз эми Рудольфио.
Ал телефонду коюп, сөгүнүп алып чайнекке суу толтурду. Уйкусу корккон куштай учуп кетти. Үйдүн маңдайындагы үйдөн күүгүмдө үч сары терезе көрүнүп калган. Түшкү саат экиде эшик тыкылдады. Ал эртең мененки депрессиядан арылуу үчүн пол жууп жаткан, эшикти ачып, колундагы суу чүпүрөктү босогого таштаганды унутту.
Келген кыз экен.
– Саламатсызбы, Рудольфио.
– Сенби! – деп таң калды ал. – Эмне болду?
– Мен сабактан качып келдим. – Жүзү – күнөөсүз периштедей, өкүнгөн бир да белги жок.
– Оо, ошондойбу! – деди ал жинденгенин билдирбей. – Демек, сабактан качып келген экенсиң да. Мейли, келгенден кийин кире бер. Мен полду жууп бүтүрө коёюн.
Ал үстүндөгү кийимин чечпей, терезенин жанындагы креслодо, анын жерге ийилип чүпүрөк менен, паркетте сырдуу жазууларды жазгансып кыймылдаганына суктанып карап отурду.
– Рудольфио, мага сенин никең бактылуу эместей көрүнөт, – деди анын үнү бир мүнөттөн кийин.
Ал камчы менен чапкандай, түзөлө түштү.
– Эмнеге андай дедиң?
– Бул оңой эле көрүнүп турат. Сен полду көңүлсүз жууп жатасың, ал эми бактылуу адамдарда андай болбойт.
– Болбогон кеп, – деп жасалма жылмайып койду.
– Бактылуумун деп айта аласыңбы?
– Эч нерсе айтпайм.
– Мына сага.
– Сен андан көрө чечин.
– Мен сенден корком, – деп шыбырады ал, терезени карап, куткаруучу издегендей.
– Эмне дейсиң?
– Сен эркек кишисиң да.
– Аа, демек, иш ушунда турбайбы, – ал акырын күлүп койду.
– Анан кантип келүүгө батындың?
– Биз экөөбүз Рудольфиобуз да.
– Ооба, – деди ал, – мен муну унутуп калыптырмын. Бул мага белгилүү бир милдеттерди жүктөйт.
– Албетте.
Кыз унчукпай калды, ал ашканада чаканы калдыратып жатканда, кыймылдабай отурду. Ал кайтып келгенде, анын пальтосу креслонун жөлөнгүчүнө илинип турган, ал эми Ионун жүзү күздүн пейзажы сыяктуу ойлуу жана кайгылуу эле.
– Рудольфио, мен бүгүн ыйладым, – ал күтүлбөгөн жерден мойнуна алды.
– Эмнеге, Ио?
– Ио эмес, Рудольфио.
– Эмнеге, Рудольфио?
– Менин улуу эжемдин айынан. Ал мен сабакты таштайм десем чыр салды.
– Менимче, ал туура кылыптыр.
– Жок, Рудольфио, туура эмес, – ал креслодон туруп терезеге жакындады. – Бир жолу калсам эмне болот эле, түшүнбөйсүңбү? Азыр сен менен сүйлөшүп жатканыма ушунчалык бактылуумун…
Кыз кайрадан унчукпай калды, ал аны кунт коюп карап турду. Жука көйнөктүн астынан, белгисиз куштар келечектеги балапандарын багуу үчүн жасаган кош уя сыяктуу томпойгон төшү байкалат. Ал бир жылдан кийин жаактары узарып, жетилген сулуулукка ээ болорун элестетип, анан убакыт өтүшү менен сүйгөнү пайда болот деген ойдон капа боло түштү. Ал ага келип, акырын ийнинен кармап, жылмайып мындай деди:
– Баары жакшы болот.
– Чынбы, Рудольфио?
– Чын.
– Мен сага ишенем, – деди ал акырын.
– Ооба.
– Ал артка кайткысы келди, бирок кыз үн катты:
– Рудольфио!
– Ооба.
– Эмнеге эрте үйлөндүң? Эки жыл күтсөң болмок, мен сага турмушка чыгат элем.
– Шашпа, – деди ал. – Сен абдан жакшы жигитке турмушка чыгасың.
– Мен сага чыккым келет.
– Ал менден жакшы болот.
– Чын элеби-и? – ал ишенбөөчүлүк менен үн созду.
– Сенден жакшылар болот деп ойлойсуңбу?
– Миң эсе жакшылар бар.
– Бирок бул сен эмессиң да, – ал көңүлү чөгүп үшкүрүндү.
– Андан көрө чай ичели, – ал теманы өзгөртүүнү сунуштады.
– Ичели.
– Ал ашканага барып, чайнекти газга койду.
– Рудольфио!
– Ал китеп текченин жанында турган.
– Рудольфио, экөөбүздүн эң сонун атыбыз бар. Карачы, жазуучуларда да мындан жакшысы жок. – Ал бир азга унчукпай калды. – Балким, мына мунуку… Эк-зю-пе-ри. Чынында эле сонун, ээ?
– Ооба, – деди ал. – Сен аны окуган эмессиңби?
– Жок.
– Анда алып окуп чык. Бирок сабактан качпа, макулбу?
– Макул.
– Ал кийине баштады.
– Чай ичпейсиңби? – деди ал күтүлбөгөн жерден эстеп.
– Рудольфио, андан көрө кетейинчи, макулбу? – Анын жылмаюусу кайгылуу, бир аз күнөөлүү сыяктуу эле. – Сен гана аялыңа бул жерде болгонумду айтпа. Макулбу, Рудольфио?
– Макул, – ал убада берди.
Ал кеткенде, көкүрөгүндө түшүнүксүз, жаратылышта болгону менен алигиче купуя сыры ачыла элек кандайдыр бир кайгы сезими пайда болгонун сезди. Ал кийинип көчөгө чыкты.
Жаз күтүүсүз, дээрлик эскертүүсүз келди. Адамдар бир нече күн ичинде эле жайдары маанайга бөлөнө түштү. Бул күндөр сыягы, күтүүдөн ишке ашууну көздөй багытталган көпүрө сыяктуу эле. Жазгы түштөр, тажрыйбалуу төлгөчү сыяктуу, аларга бакыт жана сүйүүнү алдын ала кабарлагансыйт.
Ушундай күндөрдүн биринде, кечинде Рудольф үйүнө кайтып келатканда, аны улгайган бир аял токтотту.
– Мен Ионун апасымын, – деп баштады ал. – Сизди Рудольфио дешет окшойт, кечиресиз.
– Ооба, – ал жылмайып макул болду.
– Сиз жөнүндө кызымдан уктум. Акыркы убакта ал сиз жөнүндө көп сүйлөйт, бирок мен…
Ал олку-солку болуп жатканын көрүп, эне жүрөгүн өйүгөн суроону берүү кандай кыйын экенин түшүндү.
– Сиз кабатыр болбоңуз, – деди ал. – Мен Ио менен эң жылуу мамиледебиз, андан эч кандай жамандык болбойт.
– Албетте, албетте, — деп ал уялып кетип, шашыла жооп берди. — Бирок Ио — өтө эрке кыз, биздин сөздү такыр укпайт. Эгер ага таасир эте алсаңыз... Түшүнөсүзбү, мен корком. Ал өзүнө зыян келтириши мүмкүн куракта, акылсыздык кылып коюшу ыктымал. Андан тышкары, анын классташтарынын же жакындарынын арасында эч кандай досу жок экени мени тынчсыздандырат.
– Бул жаман.
– Түшүнөм. Мага сиздин ага кандайдыр бир таасириңиз бардай сезилди…
– Мен ага сүйлөшүп көрөйүн, – ал убада берди. – Бирок менимче, Ио жакшы кыз, сиз жөн эле кабатырланып жатасыз.
– Билбейм.
– Кош болуңуз. Мен ага сүйлөшөм. Буюрса баары жакшы болот.
– Ал дароо эле ага чалууну чечти, кечиктирбестен, айрыкча аялы үйдө жок кезде.
– Рудольфио! – анын үнүнөн чыныгы кубаныч угулду. – Чалып жатканың кандай сонун, Рудольфио, мен кайрадан ыйладым.
– Андай көп ыйлаганга болбойт, – деди ал.
– Баарына "Кичинекей ханзаада" күнөөлүү. Жаным ачыйт ага. Анткени ал чындап эле жер бетинде жашап өткөнбү?
– Ошондой деп ойлойм.
– Мен дагы ошондой ойлойм. Биз билбейбиз да. Коркунучтуу. Эгер Сент-Экзюпери болбогондо, биз эч качан билмек эмеспиз. Анын биздикиндей эле кооз аты бар экени жөн жерден эмес.
– Ооба.
– Мен дагы бир нерсени ойлоп жатам: анын Кичинекей ханзаада бойдон калганы жакшы. Анткени, бул коркунучтуу: эгер ал кийин жөнөкөй адам болуп калсачы? А жөнөкөй адамдар бизде ашып-ташып эле жатат.
– Билбейм.
– Бирок мен билем, бул чындык.
– Сен "Эл планетасын" окудуңбу?
– Баарын окудум, Родольфио. Менимче, Сент-Экзюпери өтө акылдуу жазуучу. Атүгүл анын канчалык акылдуу экени коркунучтуу. Жана абдан боорукер. Эсиңдеби, Барсага кун төлөнүп, акча беришет, ал ага балдарга бут кийим алып берет, а өзүнө эч нерсе калбайт.
– Ооба, – деди ал. – Арабдарды талап-тоноп жүргөн Боннафусту эстейсиңби, алар аны жек көрүшчү, ошол эле учурда сүйүшчү?
– Анткени ал болбогондо, чөл аларга кадимки көрүнүш болуп калмак, бирок ал аны кооптуу да, романтикалуу да кылган.
– Эгер мунун баарын түшүнсөң, азаматсың, – деди ал.
– Родольфио… – Ал үн катпай калды.
– Угуп атам, – деп эскертти ал.
Ал унчуккан жок.
– Родольфио, – деди ал бир аз толкунданып. Мага келбейсиңби, жалгызмын.
Айланасына көз чаптырып, отургучка отурду.
– Эмнеге унчукпай калдың? – деп сурады ал.
– Ал чындап эле жокпу?
– Аялымбы?
– Ооба.
– Жок.
–Ал – мымра!
– Эмне?
– Мымра… дал ушундай!
– Бул сөздү кайдан алдың?
– Улуу орус тилинен. Ага мындан ылайыктуу эч нерсе жок.
– Ио, антип айткан болбойт да.
– Ио эмес, Рудольфио.
– Ооба, туура.
– Жакында чалсам, ал алды. Анын мага эмне дегенин билесиңби? Эгер сен суу сактаган резервуарлар жөнүндө сурагың келсе, анда мугалимиң менен сүйлөшкөнүң оң деди. Менимче, ал сени менден кызганат.
– Мен андай деп ойлобойм.
– Рудольфио, мен чын эле андан жакшымынбы? Мен али толук жетиле элекмин; менин бүт жашоом алдыда.
– Ал жылмайып, башын ийкеди.
– Көрдүңбү. Менимче, сен анын менен ажырашууга убакыт келди.
– Акылсыз сөздү айтпа, – ал анын сөзүн бөлдү. – Сага өтө эле ашык нерсе айтканга жол берип жатам.
– Сүйүүдөнбү, туурабы?
– Жок, достуктан.
Ал кабагын бүркөп, унчукпай калды, бирок бул көпкө созулбасы көрүнүп турду.
– Анын аты ким?
– Кимдин аты – аялымдынбы?
– Ооба.
– Клава.
– Кандай оор жүк.
Ал ачуулана кетти:
– Токтот.
Ал ордунан туруп, бир азга көзүн жумуп, күтүүсүздөн:
– Рудольфио, мен жиндимин, кечирип кой, андай кылгым келген эмес… – деди.
– Ыйлап жибербе, – деп эскертти ал.
– Ыйлабайм.
Ал туруп, терезеге бурулду.
– Рудольфио, – деди ал, – кел, сүйлөшүп алалы: мен бүгүн бул жерде болгон жокмун жана мунун баарын айткан жокмун, макулбу?
– Макул.
– Кош бол, муну мен сага телефондон айтты деп эсепте.
– Макул.
Ал кетип калды.
Беш мүнөттөн кийин телефон шыңгырады.
– Кош бол, Рудольфио.
– Кош бол.
Ал дагы башка сөз күттү, бирок кыз телефонду коюп салды.
Ал кайра чалган жок, ал аны көпкө чейин көргөн жок, анткени ал кайра бир иш сапарына кетип, май айында, күндүн таразасында жайды, жаздын салмагы басып түшкөндө гана кайтып келген. Жумуштары дайыма башынан ашып жаткандыктан, эстесе да сүйлөшүүнү улам жылдыра берчү: "Эртең, бүрсүгүнү сүйлөшөм", – деп убада өзүнө бергени менен, ал сөзүнө турган жок. Алар кокусунан жолугушту – кайрадан трамвайда. Ал аны көргөндө айланасындагы элди түрткүлөп, кызды көздөй бет алды. Анын ар бир кадамында чоочулоо бар эле – ал башка аялдамадан түшүп кетиши мүмкүн, андай болсо, артынан секирип түшүүгө батына алмак эмес. Бирок кыз ордунан жылган жок. Ал негедир бул күтүүсүз жолугушууга экөөнүн ортосундагы тааныштык жол бергенден да көбүрөк кубанганын байкады.
– Саламатсызбы, Ио, – деди ал анын ийнине колун коюп.
Артына бурулуп, чочуп кетти. Аны көрүп, буйдала, кубанычтуу баш ийкеди.
– Ио эмес, Рудольфио, – деди ал мурдагыдай эле оңдоп. – Биз дагы эле доспуз, туурабы?
— Албетте, Рудольфио.
— Сен бир жакка кеттиң беле?
— Ооба.
— Мен бир жолу чалдым, бирок жок экенсиң.
— Келгениме бир жума болду.
Трамвай ичиндегилер, курттай жайнаган эл, аларды улам түрткүлөп кысып жатты. Алар бири-бирине ушунчалык жакын кысылышкандыктан кыздын башы анын ээгине тийип, эриндеринен чыккан жылуу демин сезди. Кыз баш көтөрүп, ал эңкейип угуп жатканда, көздөрүн башка жакка ала качууга мажбур эле, бирок мынчалык жакындыктан таптакыр качуу мүмкүн эмес эле.
— Рудольфио, сага бир сырымды айтайынбы? — деп шыбырады кыз.
— Албетте, айт.
Ал кайрадан жүзүн өйдө кылды. Ушунчалык жакын болгондуктан, ал көзүн жумгусу келди.
— Мен сени ар дайым сагынам, Рудольфио.
— Сен жиндисиң, — деди ал.
— Билем. — Ал үшкүрдү. — Бирок башка балдарды сагынбайм; алардын мага бир тыйынчалык да кереги жок.
Трамвай токтоп, алар түшүштү.
— Сен өзүңдүн Клаваңа барасыңбы? — Рудольфионун үнүнөн күмөн саноо сезилип турду.
— Жок, бир аз сейилдеп келели.
Алар дарыя тарапка бурулуп, какыр талаанын башталышындагы, жолсуз жерлер менен, кичинекей дөңчөлөрдөн, таштандылардын үймөгүнөн секирип баратышты. Ал анын колунан бекем кармап, таштандылардын үстүнөн өтүүгө жардам берди.
Кыз унчуккан жок. Ал өзүнө окшош эмес эле, бирок ал унчуккан жок, анткени ал анын, өзүндөгүдөй эле, күчтүү, тынчы жок, багынбас сезимдин кучагында келатканын туйду. Жүрөгү тез кагып, көздөрүнөн учкундар чачырады.
Алар жарга жетип, кол кармашкан боюнча дарыяга, андан ары көзгө илешпеген горизонтко тигиле карап турушту.
— Рудольфио, — деди ал, чыдай албай. — Мени эч ким эч качан өпкөн эмес.
Ал эңкейип, анын бетинен акырын өптү.
— Эриндеримден, — деп суранды ал.
— Эриндеринен эң жакын адамдарын гана өбүшөт, — деди ал өзүн араң кармап.
— А менчи?
Кыздын титирей түшкөнүн көрүп, чочуп кетти. Кийинки көз ирмемде ал күтүлбөгөн жерден түшүндү, — сезген жок, бирок түшүндү — кыз аны жаакка чаап жиберди. Чындап эле аёосуз катуу чаап жиберип, качып жөнөдү — ээн талааны, дөңчөлөрдү, толкундоолор жана үмүттөрүн аралап.
Ал ордунда таштай катып, кыздын качып баратканын карап турду. Кыйкырып токтотууга, артынан чуркап жетип, токтотууга даабады. Көпкө турду, өзүн жек көрүп, жан-дүйнөсү өрттөнүп турду.
Бул ишемби күнү болду. Жекшемби күнү эртең менен кыздын апасы телефон чалды.
— Рудольфио, кечир, сени ойготуп алдым окшойт… – Анын үнү үзүлүп, дирилдеп турду.
— Угуп атам, — деди ал.
— Рудольфио, Ио кечээ кечинде үйгө келген жок.
Ал бир нерсе демекчи болду, бирок оозуна таш тыгылгандай үнү чыкпай калды.
— Биз эмне кыларыбызды билбей атабыз, кандай кадам жасоону да билбейбиз, бул биринчи жолу…
— Адегенде тынчтаныңыз, — деди ал акыры. — Балким, ал курбусунун үйүндө түнөп калгандыр.
— Билбейм.
— Ошондой эле болуш керек. Эгер эки сааттан кийин келбесе, анда издей баштайбыз. Азырынча тынчтаныңыз, эки сааттан кийин мен чалам.
Ал трубканы койду да, терең ойго батып, өзүн-өзү жеп жатты: "Сен да тынчтан, мүмкүн, ал бул түндө курбусунукунда болгондур". Бирок ал тынчтана алган жок; тескерисинче, нервинин чыңалуусу бүт денесин аралап өтүп, сөөктөрүн титиретип баштады. Тынчтануу үчүн ал шкафты ачып, эски мектеп китептерин издей баштады. Алгебра маселелеринин китебин таппай, аны издеп, бир аз алаксыды.
Телефон үнсүз жатты. Рудольф ашкана эшигин жаап, китебин барактай баштады. Мына сага: эгер эки саат бою бир резервуардан экинчисине сууну сордурсаң…
Телефон коңгуроо какты.
— Ал келди! — Эне өзүн кармай албай ыйлап жиберди.
Ал чыңалып, кулак төшөп калды.
— Рудольфио, бизге келчи! Ал кайрадан ыйлап, анан кошумчалады:
— Ага бир нерсе болду!
Эч нерсе дебестен пальтосун чечип, апасы үнсүз көзкарашы менен кыздын бөлмөсүн көргөздү.
Ио керебетте мандаш токунуп олтуруп алып, терезени тиктеп термелип олтурган экен.
— Рудольфио! — деп чакырды ал.
Ал ага башын бурду, бирок эч нерсе деген жок.
— Рудольфио!
— Токтотчу! — деди ал жийиркенгендей жүзүн бырыштырып. — Сен эч кандай Рудольфио эмессиң, жөн гана Рудольфсуң. Жөн эле бир жүргөн Рудольфсуң, түшүндүңбү?
Сокку ушунчалык катуу болгондуктан, ал дароо бүт денесине тарады. Ал терезеге барып, терезенин тактайчасына жөлөнүп туруп калды.
Кыз дагы эле алдыга-артка термелип, аны көрбөгөндөй алдын карап олтурган, керебеттин пружиналарынын кыйчылдаганы гана угулат.
— Макул, мейли, — деди ал ага кошулуп. — Бирок кайда болгонуңду айтчы!
— Келген жагыңа жоголчу! — деди ал чарчаган, кайдыгер үн менен, бурулбай.
Ал башын ийкеди. Анан ал илгичтен пальтосун алып, кыздын апасынын үнсүз, суроолуу көзкарашына көңүл бурбай, тепкичтен ылдый түшүп, көзү көргөн жакты карай бет алды. Жекшемби күндүн таңы жаңы эле атып, көчөдө бирин-серин адамдан башка эч ким жок болчу, аны эч ким токтоткон жок. Ал какыр талааны аралап өтүп, жээкке жетти да, күтүлбөгөн жерден ойлоно кетти: мындан ары кайда барам?…
1965
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR
Комментарийлер (1)
Бул аңгеме өспүрүмдүн таза, жетилбеген сезими менен чоң адамдын жоопкерчиликсиздигинин кагылышын көрсөтөт. Рудольф жаман ниетте болбосо да, чек араны убагында токтотпой, Ионун сезимин тереңдетип жиберет. Чыгарма эмоционалдык жакындык физикалык жакындыкка караганда да кооптуу экенин эскертет. Окурманды “чоң болуу – биринчи кезекте жоопкерчилик” деген ойго жетелейт.