Мусакун Айбек: Таажы алмашкан өлкө

  • 15.01.2026
  • 233

АҢГЕМЕ-ФЭНТЕЗИ

Илгери-илгери картада жок өлкө бар экен. Ал өлкөнүн өзгөчөлүгү — зулум хандары эч өлбөйт, болгону аты менен таажысын алмаштырып турушчу. Алгачкы ханы өзүн Өлбөстүк атап, элге мындай деген:

— Мен жатсам-турсам силерди ойлойм. Баардык жамандыктан коргойм.

Эл анын айтканына көнгөн. Анткени ойлонуу — түйшүк да.

Кийин Өлбөстүк атанган атасы өлөт. Бирок эл ага ыйлаган жок. Анткени өлгөнү менен анын ордуна уулу, атасынын эле көлөкөсү отурган. Ал өзүн Улуттун Куткаруучусу атады.

— Атам силерди коркутат эле. Мен элди сүйөм. Коркутуп башкарбаймын, — деди ал.

Сүйүү коркутуудан жылуурак сезилди. Эл дагы да тилди тишке катты.

Кийинки падыша ошентип элге жакын көрүнүп, атасына окшоп таажы кийген жок. Элдик кийим кийди. Өзүн Элдин Өзү деп атады.

— Мен силердин араңардан чыккамын, — деди.

Бирок анын тагы бийик, кулагы дүлөй, көзү көр эле.

Караламан калкттын арасынан бирөөсү пайда болду. Анысы колунан китеп түшүрбөйт эле. Ал өзүн Агартуучу атап жүрүп, хандык такка жетти.

— Мен силерге чындыкты үйрөтөм, – дегени менен, бирок чындыкты өзү гана айтып, башкалар чындыкты айтканда, камайт эле.

Андан кийин башкасы чыкты, күзгү көтөрүп.

— Мени карагыла. Мени сүйгүлө. Мени тандагыла.

Эл күзгүдөн өзүн эмес, аны көрдү.

Кылымдар улам өтө берди. Падышалардын зулумдугу эч айырмаланбады, жумшарбады элге.

Бир күнү бир бала сарайдын жанында туруп, кароолчуга суроо берди:

— Эмнеге силердин падышалар бири-биринен айырмаланбайт?

Кароолчу күлдү:

— Айырмаланат. Мунун сакалы башка, тигинин сөзү башка.

— А элчи? — деди бала.

— Эл өзгөрбөсө, падыша эмнеге өзгөрмөк эле?..

Ошол түнү бала түш көрдү. Таажылар жамгырдай жаап жатты. Эл аларды терип, бири-бирине кийиштирди. Таажылар болсо ичинен шыбырады: «Биз өзгөрдүк деп ойлобогула. Силер гана баарын унутуп койгонсуңар».

Бала ойгонгондо, өлкө баягыдай эле. Ысымдар гана башка. Ураандар жаңы. Бирок коркуу эскиче. Ошондо бала дубалга бир гана сөз жазды: «Зулумдар өлбөйт. Алар элдин унутчаактыгынан жаралат».

Эртеси дубалды актап салышты. Бирок ак боёктун астында сөз кала берди. Дубалды актап салышкандан кийин өлкөдө тынчтык орноду деп жарыялашты.

Бир күнү сарайга Акылмандар кеңеши чогулду. Алардын ар бири узун сакалчан, баштары толо китеп эле. Бирок китептерди эч качан ачышчу эмес, чаң басып кетпесин деп гана сүртүп коюшчу.

— Эл эмнеге нааразы? — деди таажы кийген адам.

— Эл өзү билбейт, — деди биринчи акылман.

— Элге түшүндүрүү керек, — деди экинчиси.

— Элге башка душман табыш керек, — деди үчүнчүсү.

Ошентип алар Көрүнбөс Душманды ойлоп табышты. Ал эч кимге көрүнбөйт, эч нерсе кылбайт, бирок баарына күнөөлүү эле.

— Ачарчылык — Душмандын айынан.

— Ач көздүк — Душмандын айынан.

— Акылсыз мыйзамдар — Душмандын айынан.

Эл ыраазы болду. Анткени күнөөнү көтөрүп жүргөндөн көрө, күнөөнү душманга оодара салган жеңил эмеспи.

Ошол эле бала — баягы дубалга сөз жазган бала базарга чыкты. Ал жерде эл күзгү сатып жатты.

— Бул эмне? — деди бала.

— Күзгү, — деди сатуучу.

— Анда эмнеге өзүмдү көрбөй жатам?

— Бул атайын күзгү, — деди сатуучу шыбырап. — Бул күзгүдөн падышаны гана көрөсүң.

Эл күзгүгө карап, таажыны гана көрдү. Таажыны көрүп, кол чаап жатышты. Өзүн көргөн эч ким жок.

Кийин сарайда чоң майрам болду. Таажы алмашуу майрамы эле бул. Эски таажыны алып чыгып, жаңы таажы кийишти. Элге жар салынды:

— Мурунку таажы жаман болчу!

— Жаңы таажы элдики!

Эл сүйүндү. Анткени таажы өзгөрсө, тагдыр да өзгөрөт деп ойлошчу.

Бир гана таажы өзү күлүп, ичинен мындай деди: “Мен алтындан эмес, коркуудан жасалгамын”.

Түн ичинде бала дагы түш көрдү. Бул жолу таажылар сүйлөбө, эл сүйлөп жатты. Бирок сөздөрү бири-бирине окшош:

— Ушул акыркысы жакшы экен.

— Мурункусу андан жаман болчу.

— Буга чыдасак, балким кийинкиси оңолор…

Ошондо асмандан бир карга түшүп, элге каркылдады:

— Силер зулум хандарды жек көрбөйсүңөр. Силер аны алмаштырганды гана жакшы көрөсүңөр.

Карганы кууп жиберишти. Анткени каргалар жаман кабар айтат, ал эми элге үмүт керек болчу. Эртең менен бала сарайдын эшигине дагы бир сөз жазды:

«Зулумхан — такта отурган адам эмес, унчукпаган эл өзү зулум».

Бул жолу сөздү акташкан жок. Анын ордуна дубалды чийип салышты. Бирок чийиктин арасынан сөз көрүнүп турду. Анткени чындык — өчүрүлгөндө эмес, бурмаланганда узак жашайт эмеспи.

Ал эми өлкөдө баары мурдагыдай эле уланды: таажылар алмашты, ураандар жаңырды, зулум хандардын ысымдары гана өзгөрдү… Эл гана өзгөрбөдү.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз