Абуталип Амир: Турмушта болбогон окуя

  • 31.01.2026
  • 311

АҢГЕМЕ

Өзүнө жаккан адамдарга ыр арнап, ошонусу менен башкаларга кубаныч тартуулаганына ыраазы отузга караган акын жигит кирип келип, баш кийимин жумуш үстөлүнө такап коюлган узун үстөлгө тарс ыргытып, эч кимден уруксат сурабастан шалак отурду. Акындын жакын таанышы, чакан мекеменин жетектөөчү адиси, шашылыш жумуш жоктугун, жетекчисинин иш сапар менен бир нече күнгө кеткенин пайдаланып, көптөн бери колу тийбей жүргөн ишти бүтүрө салууну көздөгөн эле.

– Ии, айта бер, кайдан келатасың, кайда барасың? – ал бош убактысы текке кетерине кейип, жаш курагы өзү менен тең жигитти тез эле чыгарып жиберүүнү ойлоду.

– Кайда барарымды билбейм, бирок кайдан чыкканымды айта алам, – деди жаш акын эч шашылбай.

– Ии, кайдан келатасың?

– Психушкадан чыктым.

– Кайдан, кайдан?

– Жиндиканадан.

– Качан?

– Жакында.

– Ал жакка кантип түшүп калдың?

– Кадимкидей эле.

Анан ал экөө жолукканга чейинки башынан өткөн окуяны айта баштады.

– Бир жакшы жерге жумушка орношуунун мүмкүнчүлүгү келген, – деп баштады сөзүн, – резюмемди окугандар мени жумушка алабыз дешти. Анан документтеримди тапшырдым, билимим туура келет, иш тажрыйбам да бар. Кыскасы, бардык расмий иштерди бүтүрүп, эми эртеңден баштап жумушка чыгайын дегем, аңгыча үчүнчү кабаттын килем төшөлгөн узун коридорунда бир жапжаш жигит жолумдан тосту.

– Эртеңден баштап жумушка чыгуу үчүн сизге бүгүн жана азыр миң доллар төлөшүңүз керек, – дейт. Мен түшүнбөдүм.

– Кимге... эмне үчүн?

– Азырынча мага бересиз, анан ал акчанын ары кайда кетерин сизге билүү зарыл эмес.

– Сен, сасык мурун, эмне деп атасың? Мен расмий түрдө кирейин десем, документтеримдин баары жайында.

– Өкүнүчтүү, – деди жаш жигит сөзүмө көңүл бурбастан, – сиз сыяктуу талапкерлер көп…

– Бирок мен муну мындай калтырбайм. Жетекчинин өзүнө барам.

Ал менин сөзүмдү уккан жок, бурулуп кетип калды.

Анан мага күтүүсүздөн медициналык текшерүүдөн өтүү керектиги тууралуу кабар келди. Негизи мен медициналык справкамды даярдап койгом, ошондуктан эч шашпадым. Бирок бул жолу алар мени психиатрга жиберишти. Ал мени менен өтө сылык, «сиз» деп сүйлөштү. Суроо берет да, бир нерселерди кагазына жазат, суроо берет да жазат… Суроолору да кызык:

– Сиз ыр жазасызбы?

– Ооба, кээде жазып калам, колум бош убактарда.

– Сиз ыр жазып отурганда жогору жактан бирөөлөр шыбырап турбайбы?

– Кандай десем… акындар аны илхам келген учур дейт… кандайдыр бир ойлор, кандайдыр бир сөз айкаштары агылып келип калат…

– Оо, мына, туура, – деп коёт ал, – демек шыбырайт турбайбы…

– Аны эми… “шыбырайт” дешке болбойт… Анын суроолорун түшүнө албадым.

Ал бир нерселерди жазып атып, арасында сурап коёт:

– Анда ал үн… шыбыраганды айтам, асман жактан кулагыңызга угулабы же ийниңизде отургандай болобу?.

– Негизи ыр, – дейм, ийгиликтүү саптар кайдан пайда болорун түшүндүргүм келип, – ичтен, көкүрөктөн жаралат ко, ал кезде жазбай коё албайсың.

– Демек, ичтен да, сырттан да бар деңиз, – дейт кагазына бат-бат жазып атып.

Анан бир медайымды чакырды да:

– Мына, баары туура, бул жерде баары жазылган… башкы врачка бересиз, – деди. Анан мага бурулуп, – азыр мынабу кыз менен барасыз, баары жакшы болот, калемиңизге канат бүтсүн, – деп чыгарып салды.

Түшүнүп атасызбы, мени ошентип алар жиндиканага алып барып салышты. Ал жакта соосуңбу, оорулуусуңбу – карашпайт, баарына бирдей мамиле. Жиндисиңби, бүттү! Жан дүйнөмдү түшүнгөн адам табылбады, чаар халат кийип, көп жиндинин бирине айландым. Бир медайым кыз гана мени менен адамча сүйлөшөт.

Экөөбүз тил табышып кеттик. Мага ал кыз аябай жагып калгандыктан, ага арнап ыр жаздым, эч ким жок жерде шыктануу менен окуп бердим. Мен ыр окуп жатканда кыз жылмайып турду. Жактырган го деп ойлодум, түшүнгөн бир адам табылганына кубанып. Анан ал акылсыз кыз эмне кылды дейсизби? Башкы врачка айтып барыптыр: "Тиги чыны менен жинди экен, мага ыр жазды го", – деп. Башкы врач менин агама айтыптыр:

– Ушундай да ушундай… иниңиз элге жалаа жабат имиш, анан шылдыңдап ыр жазат, – деп.

Агам бир жерде чоң начальник эле. Балким, тиги миң долларды ошодон алып берет деди бекен, ким билет… Анан агам келип, машинесине мени олтургузуп алып, тырмагыман башка эч нерсемди калтырбай сөктү, аябай келиштире сөктү… Сөгүп жатканы өз бир тууганы экенине да, андан аркысы өз атасы экенине да караган жок.

– Сенин жазган сандырагың кимге керек? Азыр тишиң менен жабышсаң да жумуштан айрылбаш керек эле. Түшүндүңбү, акмак баш? Акмаксың сен, башка эч нерсе эмессиң, билдиңби? – Урушуп атат, урушуп атат… – Сен бул системаны сындыра албайсың, сенден күчтүүлөр да эч нерсе кыла алган эмес… талкаланып түшөсүң… Алар да кетишкен биринин артынан бири… өздөрүн адегенде жүрөгүнө, анан контрольный кылып башына атып… Сен да кетесиң ошолордун артынан, акмак!

Ушуну айтып бүтүп, жаш жигит терезеге тигиле карап отурду. Сөзгө берилип кеткен жетектөөчү адис убактысы текке кеткенине эми өкүнгөн жок, үндөбөстөн акын жигитти угуп отурду. Жигиттин көздөрү кызарып, жашылданып кетти. Анан өзү менен өзү сүйлөшкөндөй, ошол терезени карап отурган боюнча сөзүн улады.

– Чынында, баррикадага чыгып, атышып өлгөнүм артык, минтип жүргөндөн көрө. Эми билип отурам… баары мага үрпөйө карашат… "А, тиги жиндиканага жатып чыккан киши ушубу?" дешип. Мурун жогору жактагы жетекчилерге кудайдай ишенчүмүн, бирөөлөр алар тууралуу жаман нерсе айтса, кекиртегин жулуп алууга даяр элем… Эмичи? – Ал кайра унчукпай, ооруканада жаткан күндөрүн эсине түшүргөнсүдү.

– Эч нерсеге жарабаган бирөө сенин шагыңды сындырат, жумуш бербейт, ал эми ошонун өзү андан алда канча жөндөмдүү, андан алда канча кайраттуу, таланттуу бирөөнүн ордун акчага сатып алып отурат… "Мага акчаңды бер, сени жумушка орноштурам", – дейт. Эмнеге? Эмнеге мен ага беришим керек? Түшүнөсүзбү? Ал айтат: "Колуңуздагы шакегиңизди бериңиз, мына ошондо сүйлөшө турган болобуз…" Эмне үчүн ушундай…

Акын жигит үстөл үстүндөгү баш кийимин алды, бирок кетүүгө шашкан жок. Баш кийимин мыжыга кармап, сөзүн улантты: «Жиндиканадан чыккан соң "ушундай да ушундай" деп былтыр мааракесине арнап ыр жазган Кылдыкакжаргановго телефон чалдым. Ал ошондо мени чыныгы талант деп мактаган. Бул жолу ким экенимди, кандай маселе менен кайрылганымды билген соң, ал "мага мындан ары телефон чалба" дейт. Андан соң тааныш прокурорго звонок кылдым. Ал бир аз уккандай болду, анан дароо тигинин сөзүн кайталады. Мен да тааныштарыма, мурунку иштешкен жетекчилериме чалдым. Чалып, аябай таң калдым: баарынын оозуна бирөө түкүрүп койгондой, ошол эле сөздү айтышат… Арманым ичиме батпай, ызаланып, жалгыз отуруп ыйладым…»

Ушуну айтканда, ыйлап жиберчүдөй көздөрү жашылданып, үндөбөй калды. Жетектөөчү адис акын жигитти сооротуп, бир нерсе айткысы келди эле, бирок эмне айтууну билбеди. Анан терезеге жакын турган кулерден стаканга муздак суу толтуруп, алдына койду. Акын жигит ушуну эле күтүп отургандай, стакандагы сууну дем албастан жутуп жиберди.

«Эки гана жолдошум саткан жок, бирок алардын колунан эч нерсе келбейт эле, — деди ал эриндериндеги сууну алаканы менен аарчып, — анан мен жаткан бөлүмдүн башчысы айтты: «Сен нормальный жигитсиң… бирок ушундай заман болуп турат… өзүң деле баарын түшүнүп отурасың го… Буга каршы амал жок…» Анан ашыкча бир нерсе айтып койдумбу деп чочуп кеттиби, сөзүн токтотуп, коштошпостон чыгып кетти. Кетеринде «сени жакында чыгарат» деди. Чыккандан кийин ары жак, бери жактан жумуш издеп көрдүм… Жиндиканада болгонумду кайдан билип алышат? «Кечириңиз, сиздей адамды ала албайбыз» дешет. Азыр согуш болсо колума мылтык алып көчөгө чыгып, ушул адилетсиздикти жаратып отургандарга каршы турмакмын… Ошентип, жок дегенде өз өчүмдү алмакмын. Ооба, ошентип атышып өлгөн артык, мына мындай абалга түшкөндөн көрө».

Ушуну айтып, акын жигит жанатан бери колунда мыжыгып отурган баш кийимин шашпай кийди да, «сак бол» деп чыгып кетти.

«Адилетсиздикпи? – жетектөөчү адис өзү менен өзү ичинен сүйлөшүп отурду, — Албетте, күрөшмөкмүн. Тилекке каршы, өсүп келаткан балам бар, анан жумушту кайдан табасың мынабу заманда?… Антпесе күрөшмөк элем», — деп ойлоду жетектөөчү адис азыр гана акын жигит чыгып кеткен эшикти карап отуруп…

Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз