«Каткелди»: Улуу Согуштун өспүрүмдөрү, Сиздерге арналат!

  • 06.05.2020
  • 5894

Адам баласынын башына эмнелер келбейт. Тагдырына түшкөндү көтөрбөскө чара барбы? Адамзаттын тарыхы жакшы-жаманы аралаш зуулдап, өз мезгили менен аткан октой зымырап, алакандан сарыгып аккан суудай өтүп келе жатканы. Адамзаттын тарыхына көз жүгүртсөң дурусунан бурушу көптөй көрүнөт. Согуш, ачарчылык, ар түркүн оор замандар. Пендечилик да, адам баласы өткөнүнөн сабак албаганына таң каласың. Бул бир кейиш.

Өткөндү билбегендин келечеги кем болоор. Жыйырманчы кылым эле элибиздин башына канча мүшкүл салып өттү. Үркүн, саясий репрессиялар каптаган жылдар, согуштун азаптуу жылдары. Бул чакан чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы өспүрүм баланын тагдыры аркылуу ошол азаптуу жылдарга бир кайрылуу болду. Анан да, зымырап бараткан жылыбызды тарыхтын, эскерүүлөрдүн, эс тутумдун жылы деп жатабыз. Эс тутумдан айрыбасын. Өткөн күндөр, учкан жылдар сабак болсун.

Ар бир кыргыз айылында кат ташыган өспүрүм балдар болду. Тагдырдын оор жазмышы ошол өспүрүм балдарды жакшылык менен жамандыктын да кабарчыларына айлантты. Жакшы менен жаманды ташып жүргөнгө аргасыз болгон ал өспүрүмдөр канча үй-бүлөлөрдү сүйүнүчкө бөлөп жүрүшкөн болушса, канчаларына кайгы ташып жүрүштү экен. Оңой жүкпү?

Ошол өспүрүмдөрдүн тагдыры тууралуу бир жакшына чыгарма жаралып отурат. Бул чыгармада белгилүү окумуштуу, илимдин доктору, академик Ильгиз Айтматовдун балалык тагдыры чагылдырылды.

Тагдырына улуу согуштун азаптуу күндөрү туш келип калган, ооруктун бүткүл оор жүгүн мойнуна алган, Улуу Жеңиштин күндөрүн жакындаткан, балалыктын бактылуу бейкапар күндөрүн согуштун азаптуу жылдарына алмаштырганга мажбур болушкан кичинекей азаматтар, чыгарма жалпы сиздерге арналат.

Бактыбек Алиев,

Улуттук коопсуздук органдарынын полковниги

Асан Ахматов, Роза Айтматова: Каткелди

АҢГЕМЕ

*     *     *

Адам баласынын башына түшчү эң оор окуя бул - согуш. Ал адамдарга кыйроо, өлүм, жоготуу, кыйноо, ачарчылык, жетимдик жана ушул сыяктуу жамандыктардан башка эч нерсе алып келбейт. Мен муну так билем, анткени балалык кезим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка туш болду. Азыркы жаңы заманда ал апаат биздин жаш муундарга тарыхтын жөнөкөй гана барактары сыяктуу сезилсе, бизге өмүрүбүздүн унутулгус күндөрү болуп, жаман так салып кетти.

Ойлоп көрсөм, андан бери жетимиш беш жылга барабар  убакыт өтүптүр. Бирок ошол биздин үй-бүлөбүздүн башынан өткөн оор, каардуу күндөр али деле көз алдымда турат. Кээде ошол убакыттагы болгон окуялар кечээ, бир күн эле мурда болгондой сезилип кетет. Чынымды айтышым керек: ооба, оңой болгон жок, тагдыр экен, айла жок, башка түшкөндү аргасыз көтөрдүк. Бир гана биз эмес, бүтүн эл ошол трагедияны келечектен жакшылык тилеп, чыдамдуулук менен, жеңишке жетиш үчүн жанды аябай эмгектенип, сабырдуулук менен көтөрдү. Бирок, биздин үй-бүлөнүн башкалардан айырмасы – ошол согуштан бөлөк дагы бир жагдайдын кысымына кириптер болгонубуз эле. Бул - атабыздын сталиндик репрессияга кабылып, “эл душманы” деген жалган айып менен кесилип кеткендигине байланыштуу болчу. Ал кезде бийлик тарабынан “эл душмандарынын” үй-бүлөлөрү да атайын куугунтукка алынчу. Ошентсе да жөнөкөй адамдар, калың эл бул адилетсиздик экенин сезгенденби, бизге жылуу мамиле жасашчу. Биздин айлана-чөйрөбүздө дайыма жакшы адамдар көп болду. Алар - атамдын  инилери, карындаштары, жөнөкөй эле коңшу-колоңдор. Ошолордун колдоосу менен заманга жараша эл катары жашадык. Алардын көбү менин адамдык сапаттарымдын түптөлүшүнө түздөн-түз себепкер да болушту. Жашоо ушундайбы, же адам өзү ушундайбы, жамандык унутулат экен, жакшылык ар дайым эсте калат. Ал кишилердин да ар биринин бизге кылган мамилелери азыр да көз алдымда элестеп турат. Бир гана өкүнүчтүүсү, түбөлүктүү эч нерсе болбойт экен да...

Эмне дейсиң? Убакыт зымырап учкан куштай, дарыяда аккан суудай, жаадан атырылып учуп чыккан жебедей, чаап бара жаткан аргымактай болуп өтө берет экен. Бул эч ким четке кага албай турган чындык. Эч кимдин убакытты артынан кууп жетип, аны тизгиндегенге кудурети жетпейт. Адамды эмес, заманды өзгөрүүгө дуушар кылган убакыт. Ал эч кимди эч качан аябайт. Убакыттын руху - заманды, доордон доорду алмаштыруу. Ага мисалдар көп. Анын бирин айтсам…

XX кылымда, эл сабаттуу болуп, колуна калемсап алып, кагаз бетине кат жазып, бири менен бири кабарлашып, байланыш түзүп, өздөрүнө керектүү маалыматтар менен алмашып турушчу. Ал каттарды биринен-бирине жеткизиш үчүн “почточу” деген кызмат болору баарына белгилүү эле. Азыркы муундагы жаштарга аны айтсаң аябай күлүшөт чыгар, анткени, бүгүнкү күндө адамзатка “почта” кызматынын кереги деле жок болуп калбадыбы. Себеби азыр баарыбызга белгилүү интернет деген нерсе пайда болду. Эми ал аркылуу миңдеген чакырымдарга карабай, каалагандай кабарды бир заматта жибере алабыз. Бул жаңы доордун түздөн-түз белгиси болбогондо, анда ал эмне? Ошондо, тээ алыскы 1942-согуш жылдары, мен Жийде айылынын он эки жашар почточусу болуп иштеген кезимде, мага адамдар бул кызмат жетимиш беш жылдан кийин кереги жок болуп калган заман келет десе, түк ишенбейт элем...

Эмне үчүн мен почточу жөнүндө сөз баштадым деп сурап калышыңыз мүмкүн? Буга бир гана себеп бар: мен өспүрүм кезимде балдардын оюн-тамашасына батып, жыргап жүргөндүн ордуна, чоң кишинин жумушун аткарып, кагаз-каттарды ташып, почточу болуп иштедим. Ошону азыркы жана кийинки жаш муундарга айтып берчү жөнүм бар болуш керек деп ойлойм. Азыр баш көтөрбөй интернет менен алек болгон урпактарыбызга бир гана ал жөнүндө эмес, ошол кездеги элдин башынан өткөн кыйын заман жөнүндө жана жеңишке жетиш үчүн алардын кошкон салымы тууралуу айтып кетишим да абзел. Анткени, бул - алар үчүн да унутулгус тарых болушу керек. Тарыхтан алган таалим – келечек үчүн сабак...

Биздин атабыз азыркы биз жашап жаткан эгемендүү өлкөбүздүн пайдубалын салып кеткен кыргыздын көрүнүктүү, чыгаан уулдарынын бири болгон деп сыймыктануу менен айта алам. Ал өз өмүрүн кыргыз эли жакшы турмушка жетип, социалдык адилеттүүлүк орногон, өнгөн-өскөн мамлекетте жашаса экен деген максатта жан-дили менен өлкөсүнө кызмат кылган. Бирок тилекке каршы отузунчу жылдары саясий репрессияга кабылып, атабыз он жылга кат жазышып, кабарлашып туруу укугунан ажыратылып, алыскы лагерлерге айдалып кеткен деген НКВДнин билдирүүсүн алганбыз. Он жыл... Анан дагы он жыл өттү...  Ошол жыйырма жыл бою биз аны тирүү жүрөт деп, андан кат-кабар күтүп жүрдүк. Көрсө, бизге атайын жалган маалымат беришиптир: алыскы лагерге эмес, атамды 137 адам менен бирге атып өлтүрүп, сөөктөрүн Бишкекке жакын эле жерге көмүшүптүр (азыркы Ата-Бейитке). 53 жылдан кийин алардын көмүлгөн жери табылды. Ошол атам камалган каргыш тийген 1937-жылдан тартып биздин үй-бүлөнүн түйшүгү апамдын керт башына жүк болуп түштү. Ал төрт баласы менен жалгыз калды. Улуусу - Чыңгыз тогуз жашар, мен алтыдамын, карындаштарым Люция  - үчтө, кичинекей Роза  - беш  айлык...

Атам камалгандан үч жылдан кийин каардуу Улуу Ата Мекендик согуштун түйшүгү кошулду. Аял кишиге жалгыз төрт баланы багыш азыр деле оңой эмес деп ойлойм. Анын үстүнө өтө оор кайгылар, күтүлбөгөн кыйын жагдайлар башынан өткөн соң ал ошол стресстерди көтөрө албай оорулуу болуп, кара жумушка жарабай калды. Апабызга (колхоздо бухгалтер болуп иштөөчү) жеңилирээк болсун деп биз бала болсок да колдон келишинче чарба жумуштарды өзүбүз аткардык.

Согуштун учурунда мен он эки жашыман баштап Талас өрөөнүндө, Жийде деген айылда “почточу” болуп иштедим. Ошол жылдары бир эле мен эмес, бардык жаш балдар, өспүрүмдөр чоң кишилердин ордуна иштегенге аргасыз болгон оор учур болду. Аталар, агалар, дегеле камчы сапка жарап калган эркектер мылтык көтөрүп майданда. Түйшүк - аялдарда жана алардын өспүрүм балдарында. Биздин муундун, анын ичинде менин курбуларымдын жеңишке жетиш үчүн жанын аябай жасаган салымы  эбегейсиз зор. Алардын улуурактары трактористтерге жардамчы, айыл катчылар, мугалим, чалгычы болушту. Андан башка талаачылык, отоо, орок оруу, машак терүү, эгиндерди айдоо, сугаруу, жыйноону кичүүрөктөрү аткарды... Айтор кандай оор жумуштарды аткарышса да, айтарым, анын баарын өздөрүнүн каалоосу менен, чарчадым, кыйналдым дебестен, тайманбастык менен жасашкан. Көп нерсени сөз менен жеткире албайт экенсиң. Дагы бир нерсени белгилеп кетким келет. Элин-жерин сүйүү, мекенчилдигибиз абдан жогору болчу. Ал түгүл эбин таап фронтко качып барып, фашисттерди талкалап келсек деген да ойлорго чөмүлгөндүгүбүз болду.   Мына, өспүрүмдөрдүн согуш убагындагы абалы ушундай болчу.

Мен да жогоруда айтылгандай почточу болуп иштеп калдым. Ал кызматым үчүн мага колхоздон эмгек күн жазылат. Бардык өспүрүм балдардын жашы жетпегендиктен эмгек күндөрүбүз ата энебиздин эмгек күнүнө кошулуп жазылат. Менин эмгек күндөрүмдү да апамдыкына кошуп коюшат. Күзүндө, жыйым-терим бүткөндө ар бирибиздин тапкан эмгек күнүбүзгө жараша колхоз бизге буудай, жүгөрү, арпа берер эле. Албетте, ар эмгек күнгө аз-аздан эле дан берилчү, анткени колхоз адегенде алынган түшүмдүн эң чоң бөлүгүн мамлекетке өткөрөт (мурунтан пландаштырылган), анан калган түшүм бүт колхозчулардын эмгек күндөрүнө карата бирдей бөлүштүрүлөт. Агам Чыңгыз он төрт жашында Шекер айылынын сельсоветинин катчысы болуп иштеди.   Ал да күзүндө буудай, жүгөрү менен жумуш акысын алат. Андан тышкары, там артындагы отуз соткеге (чарбакка) жашылча-жемиш эгебиз. Айта кетсем, так ошол жердин түйшүгү менин мойнумда. Ал жерге жүгөрү, картошка, ашкабак жана башка майда барат жер-жемиштерди айдайм. Айтор, түшүм алгыча чарбакта иштегеним иштеген. Чынымды айтсам, мага дыйканчылык кылган абдан жакчу, өзүм ошого жакын болчумун. Чыңгыз байкемдин кызматы абдан жоопкерчиликтүү болду.  Согуш шартында сельсоветке катчы болуу оңойбу? Анын үстүнө ал айылда орусча да, кыргызча да билген  жалгыз киши болчу.  Райондон келген иш кагаздардын баарын кыргызчага которуп, колхоздун башкармасы менен биргеликте олуттуу чечимдерди кабыл алышчу.  Ошентип иштебесек үй-бүлөбүз ачка калат да, бул бир. Экинчиси жана эң негизгиси - колхоздун планы аткарылбай калат. “Баардыгы фронт үчүн!”, “Жеңиш үчүн!”, “Сталин үчүн!” деген демилгени эл жогору тутуп жүргөн. Мына ушинтип, бир жагынан үй-бүлөнү багуу, экинчи жагынан бардыгы жеңиш үчүн...

Биздин апабыздын билермандыгы, сарамжалдуулугу, тапкан тамак-ашыбызды бир жылга бөлүштүрүп жеткизе билгени бизге чоң өбөлгө болду. Апам бизди бир да күн  ачка калтырган жок...

Кийинчерээк, биз менен апамдын эжеси – Гүлшат таежебиз чогуу жашап калды. Ал кишинин турмушу да кыйын эле: күйөөсү “эл душманы” катары атылып кетти, жалгыз баласы фронтто. Таежемдин апам менен бири-бирине жөлөк-таяк болуп чогуу жашаганы бизге да жакшы болду. Ал киши кичинекей Люция  жана Розаны карайт...

Ошол кезде элдин турмушу канчалык оор болсо да бири-бирине карамдуу, кайрымдуу эле, бир сындырым нанды тең бөлүшүп жешчү. Эсимде, апам: “Кудай таала элге берсин, элде болсо, бизде да болот,” - деп тилечү эле. Ошондой каат жылдарда да көчөдө кароосуз калган жетим балдар жокко эсе болчу. Жок дегенде аларга алыс-жакыны боор тартышып, туугандары каралашып, же өз үй-бүлөрүнө алчу. Азыркыдай балдарын карабай таштап коюу кайдан болсун. Баланчанын балдары талаада калыптыр, суранып-тиленип жүрөт деген сөз  туугандарынын намысына тийчү. Ошондуктан, жетимдерин кайыр тилетпей, колунан келген жакыныраак тууганы багып алчу. Элдин азыркы жашоо деңгээлин ошол кез менен салыштыруу – асман менен жердей. Бирок, ошого карабастан бүгүн бары-жоктун баары бар болсо да, ал кездегидей кайрымдуулук жок. Бизден ыйман кетип баратабы деп өзүмдөн кээде сурайм. Бирок жооп табалбайм. Эмнесин айтасың...

Кичинекей кезимде түнкү асманды кароону жакшы көрчү элем. Там аркасындагы иштеримди бүткөндөн кийин апам бизге чай берет. Тамак жеген соң, чарчап там башына чыгам. Анда эмне, тамдардын азыркыдай чатырлары жок болчу. Устундар ташталып, үстүнө чырпыктар төшөлчү, анан саман, топурак менен жабылган. Ал жерден өзүмө жата турган кичинекей алачык жасап алгам. Чымчыктын уясындай болуп, мага эптүү. Биринчиден, анын пайдасы, түнкү соккон шамалда салкында жатасың, экинчиден үйдөгүлөрдү жүдөтпөйм. Аялдар, кыздар кичинекей үйдө кенен жатышат...

Ошентип чарчап, шатыдан там башын карай чыгып бара жатканда апамдын жылуу, ары мага жагымдуу үнү кулагымда жаңырып дале угулуп турат:

- Ильгиз, жолго кичинекей токоч бышырып койдум, аны эртең менен унутпай алып кет. Макулбу?- деген сөзү менин тулку-боюмду эриткенсип жиберер эле.

Мен болсом ээн-эркин төшөккө кулайм. Анан кичинекей алачыгымдын оозунан көрүнгөн, жылт-жулт этип нур чачкан жылдыздарды карап, балалык оюмду ааламдын булуң-бурчуна жөнөтөм. Батышта каардуу согуш болуп жатса да, баланын ою таза, асмандай ачык болот эмеспи. Келечектеги жашоонун бакыбаттуулугун оюмда элестетем. Анан атамды эстей берем. “Жүрөгү таза, акыйкатчыл, эл-жерин  сүйгөн адам эч качан элине кастык жасабайт, ал эч качан “эл душманы” боло албайт”,- деген апамдын сөзү кулагыма куюп койгондой, ар дайым угулуп турат. Ал тирүү экенине да ишенем. Анын себеби бар...

Бир жолу апам Гүлшат таежем менен атам жөнүндө кеп салып жаткандарын угуп калдым.

- ...ал тирүү. Сибирге же алыскы түндүккө айдалып кеткен болуш керек. Мен НКВДга издөө катын жазсам, мага “Кат жазышып кабарлашууга укугу жок” деген жооп келген. Ошол үчүн бизге кабар бере албай жатат болуш керек деп ойлойм. Болбосо, өзүн эчак эле бир билдирет эле да. Санаам чыдабайт. Түрмөдөн бирөө бошонуп келди дегенди уксам эле, аларга барып менин күйөөм жөнүндө укканыңар барбы деп сураштырып жүргөнүмдү билесиң го. Кечээ эле Жайылган айылынан бирөө түрмөдөн чыгып келиптир дегенди угуп, ага да барып жолугуп келдим. Алыскы Уралда тактай тилүүчү заводдо иштеген экен.

- Менин күйөөм жөнүндө көргөн-укканыңыз барбы?–деп сурадым андан.

- Кечирип коюңуз, биле албадым аны. Азыр ким кайда айдалганын билиш оор. Сиздин күйөөңүз мен камалган жерде жок болуш керек. Ал жерлердеги лагерлерде кыргыз бар деп укпадым, - деди мага. Кудайга тапшырдым, башка айла жок, кайда болсо да, аман болсо экен, - дегенден кийин апамдын көзүнө жаш кылгырып, терең үшкүрдү.

Гүлшат таежем болсо:

- Кой, Нагима, ыйлаба. Кайрат кылып, күтүш керек. Мен анын тирүү экенине ишенем. Бир күнү кат-кабар келип калар. Ошондо биздин почточу бала өзү сага сүйүнчүлөп, алып келип колуңа тапшырар. Ал күн келгенде балдарың менен кучакташып кубанарсың. Ишен, күт...

- Ооба, баарын түшүнүп турам. Канча болсо да күтөм. Эми менин негизги милдетим- балдарды аман-эсен чоңойтуп, буттарына тургузуу. Заман өзгөрбөй, ушу бойдон калса, булардын келечеги кандай болот?... Кандай болсо да, менин энелик парзым - балдарга билим берип, келечекте турмуштан өздөрүнүн ордун таап, өз оокаттарына тың болуп кеткидей кылып тарбиялоо деп эсептейм.

- Сөзсүз, сен туура айтасың, Нагима.

- Чарбалык иштерди го өздөштүрүп алышты. Эми жакшы мектептен окушса, жакшы билим алышса... Бирок ушул каргыш тийген согушта кантип окушат? Эртеден кечке чоң кишилердин жумушун аткарышат, чарчайт. Ильгизди карасаң, арык, бою да кичирээк. Кээде аны карап, боорум оруйт. Мектепке барам деп Талас суусун күнүгө ары-бери кантип кечип өтүп жүрөт? Анысы аз келгенсип, почточунун жумушун иштейт. Тырышчаактыгынан чыдап жүрөт.

- Согуш деле бир күнү бүтөт, Нагима. Тынчтык болгон күн келет, ошондо окуп алышат. Ушул апааттан аман-эсен чыгып кетсек, келечектери сөзсүз кенен болот деп ойлойм. Атасы да бошоп келип калар, мөөнөтү бүтүп калат да ошол кезде...

Очоктун оозунда апам менен таежемдин сүйлөшкөн мына ошондой сөздөрүнө байкабастан күбө болуп калдым...

Атамдын тирүү экенин ишендирген дагы бир окуя.

Кээде айылга эч кимиси жок, үстү-башы тозгон, аса-муса таяк таянган, чачы саксайган мусаапыр кемпир келип калчу эле. Анын түрү суук болчу. Кичинекей балдар андан аябай корко турган. Аны айылдагылар Бүрүш кемпир деп коюшар эле. Балким бүрүшүп басканынанбы. Айтор биз, балдар, аны Бүрүш апа дечүбүз.

Айылдан айылды кыдырып үйлөргө кирет. Баарынан кызыгы, аны эч ким куубайт. Тескерисинче, аны үйлөрүнө жаткызып, колдон келген тамагын да беришер эле. Азыр ойлосом, бир касиети бар кемпир болсо керек. “Төлгөнү жакшы салат” деп кишилер айтып калчу. Анысына мен да ишендим...

Бир күнү жумуштарды бүтүрүп, үйдө карындаштарым менен алек болуп отурсам, короодо Додик деген итибиз үрүп калды. (Биз Москвада жашап турганда мен, Чыңгыз байкем жана атам болуп циркке барганбыз. Циркти биринчи жолу көрүшүбүз. Биздин эсибизден чыккыс окуя болгон. Мына ошол циркте секирип ойногон “Додик” деген кичинекей иттин атын күчүгүбүзгө койгонбуз. Цирктеги Додик жат десе жатат, отур десе отурат, үр десе үрөт, айтор, акылдуулугун айтпагыла. Биздин Додик болсо, секиргенди билбесе да, кыйын короочу болчу). Бул кимге үрүп жатат деп мен эшикке чыксам, кашаанын жанында ошол Бүрүш апа туруптур.

- Үйдө ким бар? - деп ал үн салды.

- Баарыбыз эле барбыз, - дедим.

Үйгө кирип апама Бүрүш кемпирдин келгенин айттым.

- Балам, чакыр ал кемпирди үйгө. Жатар жери жок го ал бечаранын...- деди.

Итибиз токтобой ажылдайт.

- Додик, болду эми, кет, - деп мен аны кууп жибердим.

- Бул эмне деген ат койгонсуңар итиңерге? Додик деген да иттин аты болобу?- деп мусаапыр кемпир башын чайкап, үйгө кирди. Таягын бурчка таяп, апамды сынап бир карады.

- Саламатсызбы, келиңиз, төргө өтүңүз,- деп апам аны сыйлап, өөдө өткөздү.

- Нагима, кандайсың, аман жатасыңарбы? – деп ал сөзүн баштады.

- Шүгүр, баары жакшы,- деп апам чай куюп,  ага сунду.

- Жакшы болбой калсын. Согушта эмне жакшы болсун, - деп ал ысык чайдан ууртады. Анан загара нандан алып, тиши жок кызыл ээги менен чайнап кирди. Биликтин бүлбүлдөгөн жарыгында кемпирдин сөлөкөтү мага бир башкача, коркунучтуу көрүндү.

Ал оозундагы нанын чайнап бүткөн соң, чайдан баса-баса ууртады. Анан:

-  Бул ким? - деп эми таежемди сынай карады

- Эже-сиңдибиз. Аты Гүлшат, - деп жооп берди апам.

- Сен да бир шордуу окшойсуң? – деп кемпир чынысын апама узатты.

Таежем унчуккан жок. Ошентип чай ичкен соң, апам кемпирге төшөк салып берди.

- Жатасызбы?- деп сурады андан.

- Жатса жаталык. Силер мени карабай эле койгула. Эртеңки күндүн камын көрө бер, Нагима,- деди.

Бир убакта апам айтып калды:

- Эже, төлгө салып бербейсизби?

- Салса салып берелик, - деп кемпир баштыгынан тоголок таштарын чыгарып, жерге жая баштады. Жылмакай таштар ар тарапка тоголонуп, токтоп калышты. Бүрүш апа аларды карап, бирдеме деп сүйлөндү. Апамдар унчукпай, демдерин ичке тартып, кемпирди эмне айтар экен деп, аны үмүттүү карап отурушту.

- Сенин келечегиң ачык, куда кааласа жакшы болот экен. Балдарыңды жетилтип, баарын адам кыласың, - деди Бүрүш апа. Алдыда бир топ жакшылык күтүп турат сени. Уулдарың атасындай мыкты чыгышат. Элдик кишилер болушат. Кыздарың сени тартып, алар да мыкты болот. Мына ошондой, Нагима. Таштар алдабайт мени.

- Ал эми балдардын атасычы? Ошону айтсаңыз? - деп апам чоң үмүтү менен кемпирге карап, акырын ага гана угузуп сурады.

Кемпир апамдын суроосуна унчукпады. Анан таштарын дагы бир карап мындай деди:

- Күйөөң жакында келбейт, балдарды жалгыз чоңойтосуң. Бирок ал силерге кабар берет, балким кагаз түрүндө. Айтор, сөзсүз бир кабар аласыңар...

Ошол күндөн тартып, атамдан кабар келип калабы деп муруңкудан да эңсөөчү болдум. Почтого баратканда кээде атамдан кат келип калганын элестетчүмүн. Ал мындай болор эле.

Мен кам санабай почтого кирип келем. Райондун почтосунун башчысы Нүрбүбү эже мени жылмайып карап:

- Ай, Ильгиз, сүйүнчү, атаңдан кат келбедиби, - дейт мага. Мен болсом ошондо ага ишенбей, кубанычымды койнума батыра албай:

- Чын элеби, Нурбүбү эже? - дейм.

Ал болсо катты алып:

- Ишенбесең мына, - деп сунат.

Мен болсом атамдын катын колума кармап алып, апама шамалдан тез учуп, чуркап барам:

- Апаке, апаке, атамдан кат келди, кат келди! - деп.

Анан баарыбыз чогулуп, катты кылдаттык менен ачып, аны окуйт элек. Менин оюмча, апам өзү үн чыгарып бизге окумак.

Башында “Сагынычтуу салам кат”. Андан кийин биздин аттарыбызды санап, акыбалыбызды сурайт. "Силерди аябайгандай сагындым. Мен болсом жакшымын, жакында үйгө келем..".- деп апам ал катты өөп, бизди карап:

- Мына, атаңар кабар берди...

Биз болсо үн чыгарбай, апабызды жымжырт болуп, угуп отурмакпыз.

Бирок арга жок, андай болгон жок...

Ошондо там үстүндөгү алачыкта жатып, атамдан кат келсе экен деп эңсеген учурда, бир көзүмдү жумуп, жылдызга кол сунар элем.

- Жылдыз, колумдун муштумуна батып кетет экенсиң,  сенден бир нерсени суранам. Атам үйгө кайтып келсин. Бизди баарыбызды кучактап, чогуу бололук,- деп аманатымды тээ алыскы жарыктарга айтам. Андан соң таттуу түштөрдү көрүп уктап калам...

*     *     *

Балалык сезимдер унутулбай, ар дайым көкүрөктө кала берет экен. Андан бери дарыялардан канча суу агып кетсе да, алардын баары али жүрөгүмдө. Азыр апам да, Чыңгыз агам, карындашым Люция да жок. Менин асыл кишилерим... Силер менен жашап, чогуу болгон күндөрүмдү эстесем жүрөгүм бир жагынан жылыйт, бир жагынан силер азыр биздин арабызда жок болгонуңарга сыздайт. Алтындарым, баары эсте...

Буйрук экен, мурда айтып кеткендей, он эки жашыман баштап почтодон элдин каттарын, айыл кеңешине гезиттерин жана багуучусу жок үй-бүлөлөргө өкмөттүн жөлөкпулдарын  ташып калдым. Айылдагылардын көбү өз атымды деле билбейт. “Каткелди бала” деп коюшкан. Ал атка конгонумдун өзүнчө окуясы бар болчу. Каттарды алып, дареги менен үйдүн жанына келсем, иттери үрүп, мага асылып, жолотпойт. Өзүм да алардан корком, каап алабы деп.

- Кат келди!- деп кыйкырып үн чыгарам, үйдөн бирөө чыксын деп.

Кишилер болсо:

- Кат келдиби?- деп кубанышат, анан “Кет, эмне үрөсүң, кат келди!” - деп иттерин кубалашат.

Ошону менен эл арасында “Каткелди” деген атка кондум. Бирок эл мени кандай айтышса да, ага таарынчу эмесмин. Менин эси-дартым эле жумушумду так, кечикпей, ирети менен аткаруу. Себеби, ата-энелердин, бир туугандарынын жазган каттарын убагында, жоготпой почтого жеткирүү жана кайта согуштагы балдарынан келген жооп каттарды үйүнө алып баруу менин эбегейсиз чоң жоопкерчилигим болчу.

Кичинекей болсом да, жоокерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы байланышы мен боло турганым мага анык эле.

Почточунун жумушу таң атканда башталат. Эртең менен эрте туруп, апам даярдаган чайды ичем. Жылуу төшөктө кичинекей ымыркай карындаштарым ой-санаалары жок, таттуу уйкуда жатышат. Бөбөктөрүмдү карап жылмаям, алар менин көзүмө жакшы көрүнүшөт. Кыязы, аларды көрүп, атабызды жоктотпой, мен өзүмдүн агалык жылуу сезимдеримди аларга бергим келсе керек. Чай ичип бүткөн соң, апама рахматымды айтып, жолго чыгам.

- Балам, абайла, жолдон сак болуп жүр, - деп апам даярдаган кичинекей токочун баштыгыма салып, мени жөнөтөт.

Азыр ойлосом, апам кичинекей арыкчырай баласын карап: “Жолдон кудай сактасын, жамандыктан алыс болсун,”  - деп жүрөгү далай сыздаган тура. Андай болушуна да бир себеп бар эле. Почтодон, жөлөкпулдун акчасын конторго алып бара турган күндөрүм да бар болчу. “Кимдир бирөө балама кол салып, акчасын тартып алып кетпейби,” – деп апам байкуш ошондон коркчу. Анын үстүнө тоодо жашырынып жүргөн качкындар да тегеректе тамак издеп,  жүрүп калышчу. Аларга ишенич жок эмеспи...

Апам мага жолго батасын бергенден кийин мен короодон короо кыдырып кат жыйнаганы жөнөйм. Жоокерлердин ата-энелери жазган каттарын көкүрөктөрүнө бекем кысып, мени карайлап күтүп турушат.

- Каткелди, айланайын, сени эртеден бери күтүп турам? Мына, биздин катыбыз. Балабыз аман болсун, катыбыз колуна жетсин. Сен да аман бол, - деп алар мага да өз батасын беришет…

Айылда кайсыл үйдө кимдин баласы же атасы согушта экенин баарын биле турганмын...

Согуш учурунда катты баракка жазып, аны үч бурчтук түрүндө бүктөп, бир бетине даректи жазып коюшар эле. Ошол үч бурчтуктарды баштыгыма салып жыйнаган соң, аларды Покровка айылындагы почтого алып барып тапшыруу менин милдетим. Айылдан ошол жерге чейин төрт-беш чакырымдык жол. Ортодо Талас суусун кечип өтүшүм керек. Каттарды почтого өткөргөн соң, мектепке барып окуйм. Окууларым бүткөндө почтого кайра барам, ал жерден биздин айылдын гезиттерин жана согуштан келген айылдаштарымдын каттарын баштыгыма салып, кайра айылга карай жөнөйм. Алдыда дагы бир ирет Талас суусун кечип өтүү. Эртең мененкидей кайра бут кийимимди чечип, шымдын багалегин өйдө түрүп, какшаган муздак сууга кирем. Жылмакай таштардан жыгылып кетпейин деп баштыгымды бекем кармайм. Жыгылсам оңбойм. Бирок ал эч нерсе деле эмес эле. Эң коркунучтуусу - каттар баштык менен чогуу сууга агып кетиши, же сууга тийип, ным болуп калышы эле. Анда кагаздардын беттериндеги сыялар өчүп, алардан эч нерсе окулбай калат эмеспи. Суудан аман-эсен өтүп, айылга жетерим менен каттарды таратам. Кээ бирөөлөр, айрыкча эски кишилер, тамга тааныбайт. Мени: “Кана, Каткелди балам, катты окуп берчи?” – деп суранышат. Мен аларга даректелген үч бурчтуктарды ачып, окуп берем. Алар мени абдан кунт коюп угушат. Кээде:

- Токточу, ал жерде эмне деп жазыптыр? Кайталап койчу, - дешет.

Түшүнбөй калган саптарын кайрадан окуп берем…

Жоокерлерден келген каттар болсо көбүнчө бирдей башталат: “Салам кат. Жазамын ушул катты андагы Таластын атыр жыттуу, салкын абасында жашап турган чоң атам баланчага, чоң энем түкүнчөгө, атам, апам, жана... Баарыңарга менден ысык салам.” Каттын ушу жерлерине келгенимде алардын көздөрүнөн жаш ага баштайт.

“Атам кандай, агам-иним кандай, туугандарыбыз кандай?” Мен болсо эрикпей окуйм. Себеби аларга баласынан фронттон келген ар бир сөз маанилүү.

- Күчүгүм, аман экен, айланайын, жакшы кабар алып келдиң, – деп мага ыраазычылык билдиришет. Мен ошондо өзүмдү керектүү, маанилүү иш аткарып жаткан киши катары сезем, ичимен кубанам.

Кээде тамеки талаасында иштеп жүргөн аялдарга чейин каттарды жеткирүүгө аргасыз болом. Себеби алар эрте кетип, үйлөрүнө кечкурун гана келишет. Убакытымды текке кетирбейин деп ошол жерге барам. Тамекичи аялдар:

- Каткелди келе жатат! - деп мени көргөндө чурулдап чогула калышат.

Төкөр бригадир Кабакбай аке аларга үн салып кыйкырат:

- Ай, катындар, чурулдабагыла. Жер көчкөнсүп,  кумурскадай болуп быжырайсыңар да! Он мүнөт эс алуу, катыңарды алып, кайта жумушка киришкиле.

- Ай, бригадир аке, каттарды окуйлук. Күйөөлөрүбүздүн кат-кабарын угалык, - деп алар дагы бир ирет чурулдашат.

- Ээ жараткан, окугула,- деп колун шилтеп, тамекисин оозуна тиштеп, аны түтөтүп, көлөкөлөйт.

- Кана, Каткелди, кимди бүгүн кубандырасың? – деп аялдар мени тегеректеп туруп калышат.

- Ажар эже, сизге - балаңыздан, Зулайка эже, күйөөңүз Аскар байкеден, Жаңылкан эже, улуу балаңыздан... - деп кабар алчу аялдардын аттарын айтып үн чыгарам, анан ал каттарды колума кармап булгалай, башыман жогору көтөрүп, баарына көрсөтө алардын колуна тапшырам. Окуй албаган апаларга ал жерден да каттарын окуп берүүгө туура келет.

- Айланайын, бизди кубандырбадыңбы. Рахмат, Каткелди, рахмат. Балам аман-эсен экен. Сен да бар бол, аман жүр, - деп талаада иштеп жүргөн апалардан, жеңелерден да бата алам.

Жаш келиндер кат алса, алар элден алысыраак барышып, көбүнчө арыктын боюна отуруп алып эч кимге көрүнбөй окушат. Анда баламын да, түшүнчү эмесмин, “Эмнеге эле жашынып окушат?” – деп ойлоор элем. Балким катта жоокерлер келинчектерине бир купуя сырларын жазса керек. Анын үстүнө, бул да улуулардан ыйбаа кылгандык экен.

Эмнеси болсо да элден көп бата алдым. Бирок дайыма эле андай болчу эмес. Мен жек көргөн “Кара кагаз” деген кулк-мүнөзүмө сыйбаган жаман нерсе бар эле. Андан баары коркушчу. “Кара кагаздар” төрт бурчтук түрүндөгү конверттер болуп келчү. Сыртында аскер штампы коюлуп,  майор, капитан же башка штабдык кызматкердин колу коюлар эле. Анда бирөөнүн баласынын, же күйөөсүнүн, же атасынын согушта курман болгондугу жөнүндө суук кабар болор эле.

“Кара кагазды” колдоруна тапшырууну колхоз жетекчилери аксакалдарга ыйгарышчу. Эгерде каттардын арасында “кара кагаз” болсо, мен аны кеңсеге алпарам. Ал жерде айылдын аттуу-баштуулары чогулуп, катчыны кошо алышат, чогуу ошол үйгө, салтыбызга жараша, катуу үн чыгарып, өкүрүп барабыз. Ошондо энелердин, келинчектердин, карындаштардын зыркырап ыйлаган үнүн укканда, менин жүрөгүм түйүлүп жаман болом. Жер аңтарылып, акыр заман келгендей. Асман да ал күнү боппоз, жел жок, зымырыңкы...

Майдандагы баласынан айрылган энелердин кайгы-муңу акылга эч сыйбай турган нерсе. Ошондо бала болсом да, согуштагы айылдаштарымдын өлүмүнө менин тиешем бар сыяктуу өзүмдү жаман сезем. Себеби, кандай да болбосун, суук кабарды почтодон мен алып келем да. Андай күндөрү үйгө келип, там башына чыгып, кичинекей алачыгыма кирип кетип бекинем. Менин балалык жан-дүйнөм бушайман болуп, жалгыз болгум келет. Ушундай оор учурларда сөзсүз атамды эстейм. Анткеним, таянарга бир жөлөк издесем керек. Ал өзү жок болсо да, мага элеси ошондой болуп берген го, сыягы.

- Ата, кайдасың? Сен жаныбызда болсоң, балким баары башкача болот беле. Биз сени сагындык...- деп ага кайрылам. Анан бул дүйнөдөгү болуп жаткан адилетсиздикке чыдай албай, буркурап ыйлайм.

Бир жолу ушундай жаман болуп жатсам, апам мени чайга чакырды. Ал абдан кыраакы киши болгондуктан,  менин бушайман болгонумдун себебин жакшы түшүндү окшойт, башыман сылап:

- Эмне болду сага, балам? – деп кылдат сурады.

- Апа, болду, почточу болуп иштебей эле коёюнчу, - деп  жүрөгүн оорутпайын деп акырын айттым.

- Чыда, балам. Майдандагы өлүм - эл үчүн болгон кайып. Сенин күнөөң жок мында. Ал - каардуу согуштун кесепети, - деп менин жанымды энелик мээрими менен тынчытты.

- Апа, убакыт жеткенде Чыңгыз да согушка барабы? - деп агамдын келечектеги тагдыры башкалардыкындай болуп кетпейби деп санааркап, сурадым бир жолу. Менин оюм: агамдан “кара кагаз” келсе апам эмне болот? Байкемдин “кара кагазын” апакеме кантип берем деген жаман ой кетти ошондо.

- Балам, баары кудайдын колунда. Ал бойго жеткиче согуш бүтүп калар. Жараткандан ошону тилейм, – деди ал акырын.

- Сиз кандай ойлойсуз, атабыз тирүүбү? – деп жүрөгүмдү өйүп жүргөн суроомду ага узаттым.

- Аман, аман... Бир жерде лагерде камалып жатат болуш керек. Убакыты келгенде, аны бошотушат. Ал күнөөлүү эмес. Бир күнү акталып, үйгө келет. Анан баарыбыз чогуу болобуз, - деди апам мени мээримдүү карап. Кыязы,  мени атамдын өңүнө окшоткон го ошондо:

- Сен да Чыңгыздай болуп, чоңойгон сайын атаңа окшошуп баратасың, - деди ал бетимен өөп...

Экинчи апамдын жүрөгүн оорутпайм деп, мен да анын мойнунан кучактап, бетинен өптүм. Көзүнөн туздай ачуу жашы агып жатканын сездим. Ошол убакта апама бир чоң сырымды айткым келип кетти. Бирок айталбадым. Ал төмөндөгүдөй сыр эле.

Ошол кезде айылда бир жесир аял жашачу эле. Анын аты Акылай болчу. Мына ошол аялдын эки баласы майданда. Экөө тең согушка удаа кетишкен. Үйдө Акылай апа өзү жалгыз калган. Ошол аялга ай сайын жөлөкпул жеткирип барам, колхоз ага каражат бөлүп берет. Эч кимиси жок болгондуктан, ошол акча менен эптеп-септеп жан багат. Мен болсом, балдарынан сүйүнчү кылып кат жеткирем.

- Апа, сизге кат келди,- дегиче ал алдыман чуркап чыгат.

- Ырас болбодубу, садагаң кетейин. Кимисинен экен?!

- Улуу балаңыздан, - деп ага кабарлайм.

Кийинкисинде: Акылай апа, кичүүңүздөн кат келди, - деп сүйүнчүлөйм. Кемпир калтыраган колу менен катты алып, биринчи өбөт, андан кийин жыттап көкүрөгүнө кысат. Биринчи сөзү дайыма мындай болор эле:

- Тирүү экен! Кудайга ошонусуна миң мертебе рахмат!

Катты алган соң кубанган бойдон жаман кепесине кирип кетет. Ошол жерден күбүрөнүп–шыбыранып катты окуйт. Мен болсом аны биртике убакыт тыңшап, анан ичимен бир сүйүнүп, өз ишим менен ары кетем …

Күндөрдүн биринде почтого барсам, улуу баласына “кара кагаз” келиптир. Майдандан, Сталинград салгылашуусунда эрдик менен каза болуптур. Шордуу эне, ага баласынын эрдиги эмне? Күнү-түнү бөпөлөп өстүргөн баласы өлүп кеткен баатыр болбой, ага тирүү керек да. Акылай апанын ыйы айылдын бир башынан экинчи башына чейин жүрөктү оорутуп угулуп турду. Улуу баласын жоготкондон кийин ал оңбой калды. Айылда өкүргөн үндөрдү укса титиреп кетет. Чачын ак басып, арыктап, бети башынан өңү кеткен. Бою киченекей неме, ого бетер чүкөдөй болуп калды. Бир жагынан мени күтөт, кичүүсүнөн кат алып келеби деп, бир жагынан менден коркот, “кара кагаз” алып келеби деп. Кантет анан байкуш киши...

Эртең менен, түштөн кийин күнүнө бир маал эски малканасынын жанында отуруп алып мени күтөт. Кат чогултар, анан таратар убагымды сааттай так билет.

- Алтыным Каткелди, күчүгүм Болсунбектен кат-кабар барбы?- деп  жалдырап сурайт.

Мен унчукпайм. Анда ал:

- Эсиңдеби, мен ага баягыда эле кат жаздым эле, унутпай почтого алып бардың беле?...Алиге чейин жооп жок, качан келет? – деп сумсайыңкы, оту жок, өчүп калган көздөрүндө мага карап чоң үмүт учкуну пайда болот.

- Акылай апа, баары жакшы болот. Кам санабаңыз, Болсунбек байкемден жакын арада сөзсүз кат келет, - деп ага балалык сөзүм менен күч-кубат берем. Ким билет, ошондо канчалык мен ага кубат бергенимди, бирок кантсе да  жылуу сөздөрүмдү аяганым жок.

- Ошентсең, Каткелди. Айтканың келсин... Мына дагы бир кат жаздым деп мага жаңы катын берет. – Унута көрбө муну. Почтонун башчысы болуп иштеген келиндин өз колуна кармат...

Анан туруп :

- Мен шордуу андан айрылсам, мага жашоо жок...- деп терең үшкүрөт. Анан акырын шыбырайт мага.

- Каткелди, суранам сенден, мага жаман кагаз алып келе көрбөчү...

Мен болсом кудайдан тилейм: ушул аялдын баласы аман эле келсе экен...

Күндөрдүн биринде кудай жалгап Болсунбек байкеден кат келип калды. Кубанганымды айтпагыла.

- Акылай апа, сизге балаңыздан кат келди, кат келди! - деп үйү айылдын аягында болсо да эч кимге кирбей, учуп бардым.

- Шүгүр, шүгүр, айланайын Каткелди, - ал да алдыман чуркап чыкты. Катты шак карматтым. Ал аны өпкүлөдү да жүрөгүнө бекем кысты.

- Алдыңа кетейиним, тирүү экен, – деп ыйлап жиберди.

- Айтпадым беле, Акылай апа, мынакей кат келди Болсунбек байкеден, - деп мен да анын кубанычына кошулдум.

- Ооба, Каткелди. Оозуңа май!

- Мейли, анда эмесе мен башка каттарды таратышым керек, барайын, - дедим ага.

- Коё турчу, катты ачып, окуп берчи. Көзүм анчейин көрбөй жатат, - деп суранды.

Улуу баласына көз жашын төгүп жүрүп, көзү да болбой калыптыр байкуштун деп мен аны аядым. Катты алып окуй баштадым:

“Саламатсызбы алтын энекем! Дениңер сакпы? Кандай жүрөсүз?” -  деп баштаптыр.

- Ананайын, шүгүр. Алдыңа кетейин, мага сен аман болсоң эле болду. Окуй-гой, оку, Каткелди.

- Тамак-ашыңар жетип жатабы? Отунуңарды ким жарып берип жатат? Кышкыга камынып жатасыңарбы? ...Агам кат жазып жатабы? Менден ага салам айтыңыз…

- Шордуу балам, агасынын өтүп кеткенин билбейт да, - ошол жерден эненин көз жашы кетти..

Кыскасы, Акылай апанын ыйлаганына карабай, ага баласынын катын шашпай, эч нерсесин төкпөй-чачпай окуп бердим.

- Айланайын Каткелди, сага чоң рахмат! Балам эсен-соо экен. Мына сага, - деп шырмалынын чөнтөгүнөн бир кызыл алма алып чыкты.

– Ме, жейгой, бул таттуу алма. Мага дайым ушундай жакшы кабар алып келсең, алма берип турам...

Мен рахматымды айтып, жемишти чөнтөгүмө салдым да, жөнөп кеттим. Ал алманы кайдан алганына таң калдым. Себеби, жемиш бак деле жок болчу айылда. Покровкада жашаган орус кишилерде гана болор эле. Акылай апа берген алманы үйгө алпарып, карындаштарым менен бөлүшүп жедим. Аларга кызыл алма бир керемет көрүндү окшойт, Люция да, Роза да мен бөлүп берген жемишти абдан тамшанып жешти.

- Ильгиз байке, рахмат, таттуу алма экен, – деген алардын кубанычы менин жүрөгүмдү жылытты. Ичимен Акылай апага дагы бир ирет ыраазычылыгымды айттым...

Кээде ойлойм: эмнеден корксоң, ошол келет экен. Бир күнү почтого барсам, мен корккондой эле, Акылай апанын кичүү баласы Болсунбекке “кара кагаз” келиптир. Аны көрүп жаман болдум. Кемпирдин жалдыраган көзүн элестеттим. Айылга кандай келгенимди жакшы билбейм. Көзүм туман. Бир гана эсимде, Талас сууусун кечип баратканда, биринчи жолу таштан тайгаланып жыгылып, баштыгым ошол “кара кагаз” менен кошо агып кетсе жакшы болот эле деп да тилендим. Бирок тилекке каршы тайгаланган жокмун. Менден бир жолу нанымды тартып алган түрү суук качкын кайта алдыман чыгып, баштыгымды тартып алса деген ойго кеттим. Бирок, ал да ошол күнү алдымдан чыккан жок. Ошентип, айылдын четине кандай келип калганымды билбейм. Арыктын боюна отуруп, эмне кылыш керек деп катуу ойлондум. Жобосу боюнча, сүйлөшкөндөй, мен кара кагазды кеңсеге алып барышым керек. Анан чалдар чогулуп, өкүрүп барышат. Ойлогонум, Акылай апа кичүү баласынын өлүмүн билсе, анын жүрөгү чыдабайт. Мына ошол ой-санаа менен эмне кыларымды билбей, көпкө отурдум...

Бир убакта мага мындай бир ой келди: ал “кара кагазды” мен эч кимге бербейм да, эч кимге көрсөтпөйм. Бул чечим башымда пайда болору менен, мен аны аткарганга шашылдым. Жаман чүпүрөккө ороп, үйгө барып, аны сандыктын түбүнө катып койдум.

Ошентип, Болсунбек байкенин "кара кагазын" мен эч кимге көрсөткөнүм жок. Акылай апа болсо дале мени көргөндө:

- Ай, Каткелди, баламдан кат-кабар барбы? - деп үмүт этет.

- Апа, күтүңүз, жакында келет, - деп жооткотом.

Муну айткандан кийин өзүм бушайман болом. Кирерге жер таппайм. Уурулук кылгансып, уятыман от болуп күйөм. Бирок, баласы майданда жок болуп кеткенин айта албадым.

Ушул менин сырым болчу. Бирок, апама канчалык айткым келсе да, ошол күнү бул окуяны айта алган жокмун. “Кара кагаздын” сыры менин ичимде кала берди...

Аңгыча болбой, билинбестен суук да келип калды. Ал жылы Талас суусун кечкенге шартым жок болду, буттарым сууга муз болуп тоңот. Колхоздон бир карыган ат беришти. Арыктыгын айтпагыла. Бирок кантсе да, ат да. Сууну кечип өткөнгө күчү али жетишерлик экен. Азыр ойлоп көрсөм “Каткелди, арык, кичинекей бала, бул ат ага жарайт, сууну кечип өтсө болду, ”- деп беришкен окшойт.

Бир күнү баягыдай эле мектептен кийин почтого келдим. Айдын аягы болгондуктан, элдин жөлөкпулун беришти. Ал акчаны кокусунан жоготуп жибербесин деп, апам күпайкенин ичине атайын чөнтөк тигип берген. Ошол жашыруун чөнтөккө акчаны бекем каттым. Баштыгыма фронттон келген каттарды, анан айыл жетекчилигине даректелген гезит-журналдарды салдым. Жаныбарымды минип, айылды көздөй бет алдым. Араң эле басат. Мен мингенден кийин такыр эле теңселип басып калды.

- Чү, чү, - деген сөзүмдү тоготуп да койбойт. Кыязы,  өзүнүн күлүк кезин эстеп, кылдырап бир калыпта кыймылдайт.

- Эй, ат, түшүнүп турам сени. Карыдың-арыдың, чарчадың. Эс алгың келсе, үйгө мени батыраак жеткир. Менин оюма койсо, сени деле минбейт элем. Ошол үчүн кечир мени, сен жок сууну кечип өтө албайм. Апалар болсо кат ала албай калышат анда, - деп ага күч бергенсип сүйлөйм. Ал болсо бышкырынып кылдыр-кылдыр...

Ошентип, ат менен сүйлөшүп бара жатып Талас суусуна жете бергенде алдыман бир түрү суук киши чыга калды. Мен аны шак тааныдым. Баягы менден апам берген эки алмамды жана токочумду тартып алган качкын болчу. Ошондо жүрөгүмдүн түшкөнүн айтпагыла. Желкемден алып чөнтөктөрүмдү аңтарды. Анан баштыгымды ачып, нан менен алманы таап алып, ачкалыгынанбы мени унутуп, арыдагы жалгыз теректин артына чуркап кетти. Ошол жерден жан талашып жей баштады. Мен болсо акырын жылып отуруп, ошондо андан качып кеткем.

Андан кийин ага дагы бир жолу жолугуп каламбы деп коркуп жүргөм. Так эле ошондой болду. Мен аны тааныдым, ал да мени тааныды. Бул жолу, ал такыр эле кебетеси кетип, арык, буттарын эптеп сүйрөп, менин карыган атыма окшоп калыптыр.

- Ай, жашабагыр, сен белең, токто, - деп кыйкырды да мени көздөй жулунду.

Мен коркуп кеттим. Жанымда акча бар. Ачка, алсызданган адам жамандыкка барары көрүнүп турду. Анын үстүнө баштыгымда баягыдай тамак бар деп ойлоду окшойт. Качкын мага жакындай берди, мен болсом атты чапкыладым. Ат камаарап да койгон жок. Менин эки көзүм төрт. Жүрөгүм лакылдайт. Ат сууну көздөй басканда, качкын эңкейип колуна таш алып, мени көздөй ыргыта баштады. Эми коркконумду айтпагыла. Ташты катуурак ыргытканда мага тиймек. Кудай жалгап бир таш атка тийиди. Эмне болгонун билбейм, жаныбарыма күч толуп, күлүктөн күлүк болуп жоргосун салды. Сууга шар кирип эле мени аркы өйүзгө бир заматта алып чыкты. Андан соң бир эки кадам шилтеп, суунун жээгине чыкканда шалдырап барып кулап калса болобу. Аттиң ай, бул эмнеси, – деп ойлондум. Аңгыча болбой, кайдан-жайдан экенин билбейм, шамал-куюн учуп келип баштыктагы каттарды тегерекке сапырып жиберди. Мен далдырап калдым. Тигил качкын аркы өйүздө сууга кире албай кыйкырган бойдон турат.

- Бери кел, жашабагыр! Кармасам өлтүрөм сени... Суранам, нан берчи, ачкамын...

Мен болсом аны укпай эле, көпөлөктөрдөй болуп учкан үч бурчтук каттардын артынан чуркап, жыйнап жүрөм. Бул каттарды шамал учуруп кетсе, жоокерлердин ата-энелерине алар жетпей калат да, мен күнөөлүү болом. Эптеп бирин калтырбай каттардын баарын жыйнадым. Андан соң, аттын жанына барсам, байкуш жыгылган бойдон өлүп калыптыр. Аргымагым илгерки күлүктүгүн эстеп, акыркы күчүн жыйнап, менин жанымды аман алып калыш үчүн өзүн курмандыкка чалды. Ошонусуна рахмат!

Болору болду, ат өлдү. Эмнеси болсо да башкармага болгон ишти айтыш үчүн жана негизгиси жанымдагы акчаны элге жеткирүү максатында атты калтырдым да кеңсени көздөй жөө кеттим. Качкын аркы өйүздө калды...

Кээде азыркыга чейин өзүмдөн: "Эгер ошол качкын киши мени кууп жетсе эмне болот эле?" - деп сурап, таң калам.  Мен кичинекей өспүрүм, ээн талаада жалгыз, коркпой кантип жүрдүм? Кандай болсо да согуш, башка түшкөн тагдыр адамды эрте жетилтет экен. Кудай сактаган экен да...

*     *     *

...Азыркыга чейин тобо дейм, чынында эле эмнелер гана башыбыздан өткөн жок ошол каардуу күндөрү. Андан башка да “эл душманынын баласы” деп кордук көргөн күндөрүм болгон.Чынында, ошол күндөр согуш күндөрдөн да оор болду мага...

Жийдеде мектеп жок, окууга коңшулаш айылдын мектебине барам, анда мен башталгыч класстарда окуйм. Жийдеден 5-6 бала болуп барчу элек. Алардын ичинен эң жакын досум Аман. Мугалимибиз эмне үчүн билбейм, башынан эле мага жаман карачу болду. Сыягы, “эл душманынын” баласы деп жаман көрүп жүрдү окшойт. Айтор, кезеги келген сайын мени кемсинтет. Мен бала болсом да, анысын жакшы сезем.

Бир күнү сабак бүткөндөн кийин агайыбыз:

- Бүгүн саат төрттө кайра мектепке келгиле, Улуу Октябрь революциясынын 25 жылдыгына даярдык көрөбүз. Оюн коёбуз, - деди.

Баарыбыз макул болдук. Күн жаап, суук болуп турган кез. Мен үйгө жеткенче өтүгүм көл-шал болуп калды. Үшүгөнүмдү айтпагыла, тоңуп калдым. Үйгө келип, от жагып, өтүгүмдү мешке кургатайын десем, саат төрткө чейин кургачудай эмес. Ошентип убадалашкан репетицияга барбай калдым. Эртеси мектепке келсем, агайым чуркап келип эле мени аябай урушту:

- Сен эмне үчүн Октябрь революциясына арналган даярдыкка келбей койдуң? Каршысыңбы? - деп жемеледи.

- Жок, агай, өтүгүм суу болуп, башка бут кийимим жок болгондуктан, келбей калдым. Кечириңиз, - дедим.

- Сенден башканын өтүгү суу болбоптурбу, же алардын экиден өтүгү бар бекен? Жо-ок! Сен Октябрга каршысың! - деп мени ого бетер зекип кирди.

- Жок, каршы эмесмин, - деп мен турдум. Чынында Октябрь революциясы деген эмне экенин жакшы түшүнбөйм. Баламын да.

- Мен сени кимдин баласы экениңди билем, - деп мугалимим атама шек келтирди. Көздөрүм жашылданып кетти. Класс жетекчим болсо андан бетер күчөдү:

- Азыр сен менин айтканымды аткарбаганың үчүн көргүлүктү көрөсүң! Чеч кийимиңди, иттин баласы, - деп эле үстүмдөгү күпайкемди жулуп алды, анан көйнөктү чечтирди, бир эле шымчан калдым, жылаңаякмын.

- Эми бурчка тур, кечке чейин турасың, - деп менин кийим-кечемди, китеп баштыгымды алып “мугалимдер бөлмөсүнө” көтөрүп кетти.

Ал кезде күн суук, мектепке деги эле от жагылбайт болчу. Өзүм болсо ансыз деле кичинекей, арык баламын. Көгөрүп, тез эле үшүп кеттим. Ыза болгонумду айтпагыла. Ошондо суукту деле сезгеним жок. Атамды эстеп, ыйлагым келди.

- Менин атам эл душманы эмес, - деп тиштенип, көк беттенип, бурчтан бир кадам жылган да жокмун.

Биринчи сабак бүтүп, коңгуроо кагылды. Аман досум менин акыбалымды көрүп, чыдабай, эң биринчи болуп кийимдеримди алып келейин деп класстан атып чыкты. Тилекке каршы, мугалимдер бөлмөсү кулпуланган экен. Анда ал мектептин аркасынан барып мугалимдер бөлмөсүнүн терезесин ачып, коркпой менин кийимдеримди алып чыгып берди. Балдар мени тезинен кийиндирип, эшикке чыгарып жиберишти.

- Ильгиз, сабактан кет, үшүп кеттиң ,- деп досум мени үйгө узатып жиберди.

Досчулуктун чоң сабагын ошондо Аман курбумдан көрдүм. Ошентип экөөбүз жакын дос болуп калдык. Амандын мага жасаган жакшылыгы дайыма жүрөктө жүрдү. Таласка баратканда атайын анын үйүнө кирип, саламдашам, ал да менин үйүмө келип-кетип жүрдү. Экөөбүз чай ичип, өткөн-кеткенди эстейбиз. Ошол окуяны да сөзсүз эскерип күлөбүз. Ал досум азыр жок. Убакыт аны да аябады. Бирок канча жылдар өтсө да, досум Аман, баардыгы эсте...

Мен болсо, достор мени качыргандан кийин, үйгө келип бардыгын апама айтып бердим.

- Болду, башка окубаймын, - дедим.

Апам мени карап, эч нерсе деген жок. Бирок ичинен жаман болгонун көрдүм. Азыр ойлосом, апамдын кулк-мүнөзүнө ошол мугалимдин мага кылган мамилеси катуу сокку болуптур. Мени биринчи жолу “эл душманынын баласы” деп куугунтукташканы апама ачык, дап-даана көрүндү. Биздин келечегибиз үчүн анын күрөшү ошол күндөн башталдыбы деп кээде ойлоп кетем.

Эртеси апам мектепке барып, мектептин директору, анан ошол класс жетекчим менен сүйлөшүптүр. Эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн билбейм. Андан кийин мен мектепке барып окуумду уланта бердим. Ошол күндөн тартып, ал агайым мага бир да катуу сөз сүйлөгөн жок. Кийинки жылы апам мени Покровкадагы орус мектебине которду. Ал мектептин мугалимдери абдан күчтүү экен. Себеби алардын көбү илимдүү-билимдүү болуп, СССРдин ар кайсы булуң-бурчтарынан куугунтукталып, депортацияга учурап келгендер эле. Маданияты жогору, адамгерчиликтүү, сабаттуу кишилер болчу. Алар мага адам катары да, мугалим катары да абдан жакчу. Ошол убактын запкысын жеген алар, менин акыбалымды да жакшы түшүнсө керек. Мага жасаган мамилелери түз болгон. Мен болсом, эчтекеге карабай тырышып, эң мыкты окуучулардан болуп чыктым. Алтын медалга чейин көрсөтүлдүм. Бир гана кыйынчылыгы  Покровкадагы мектепке барыш үчүн Талас дарыясын кечип өтүш керек эле. Так ошол убак согуш маалы, мен почточу болуп иштеп, Акылай апанын баласына келген “кара кагазды” катып жүргөн кез.

Ошентип, мен өзүмдүн ошол сырымды эч кимге ачып берген жокмун. “Кара кагаз” Акылай апанын колуна тийбеди. Ага мен түздөн-түз себепкер болдум. “Кара кагаз” жаман чүпүрөккө оролгон бойдон, сандыктын түбүндө катылып жатты. Эне болсо, баласынан баягыдай эле кат күтөт. Эртең менен кечинде  менин жолумду карайт.

- Каткелдини көрдүңөрбү?- деп кезиккендерден сурайт. Мен болсо, Акылай апанын көзүнө көрүнбөйүн деп качып калдым. Себеби аны менен кезиккен сайын, анын көзүн тике карай албайм. Башымды ылдый салып, оозума суу толтуруп алгансып, бирдеме деп күңкүлдөп, анан ары басып кетем.

Бир күнү чарбакта картошка отоп жатсам, биздин үйгө өзү келиптир.

- Ай, Каткелди, бери келчи, – деп чакырды.

Кетменимди жерге таштап, жанына басып бардым.

- Сен эмне мен жакка каттабай калдың? Менден качып жүрөсүңбү? Кемпир башымды оорутпасын деп жатасың го? Же почточу болуп иштебей калдыңбы? Бир жумадан бери күтсөм, жоксуң. Болсунбегиме дагы бир ирет кат жаздым эле. Алтынчысы окшойт. Андан кат кабары жок болгону жарым жыл болду. Жүрөгүм туйлап турат, жаман нерсени сезип жатам, - деди ал мени сынап карап. Кемпирдин кебетеси баягыдан ого беш-бетер кеткен...

- Жок, сизден качкан жокмун. Шарт ошондой болуп калды. Мына, тамаркада иштеп жатам. Апама да жардам берип жатам. Сиз катты калтырып коюңуз. Эртең аны почтого сөзсүз ала барам,- дедим башымды ылдый салып.

- Мейли, Каткелди, мынакей, - деп ал мага катын үшкүрүп сунду. – Дагы бир нерсени айтып коёюн дедим эле. Эртең почтого барсаң, анда иштеген келинден жакшылап сурачы. Балким, баламдын катын сага беребиз деп эле унутуп калышып жатабы. Макулбу?

- Болуптур, сурайын, - дедим.

- Унутпа, Каткелди, унутпа. Мейли, басайын анда эмесе мен, - деп ал жоолугун оңдоп, жолго түштү. Мен да кетменимди көздөй бастым.

- И-и баса, бери келчи, – деп ал токтоп, мени кайта чакырды.

- Угуп жатам, Акылай апа, – деп кайрылып, жанына басып бардым.

Ал  бешмантынан кичинекей кагазды алып чыгып:

- Мында шекер бар. Ме-гой, Каткелди, таттуу канттан жечи, баласың го...

- Рахмат, Акылай апа. Тим эле койсоңуз болмок,- деп мен ого бетер күнөөлүү кишидей башымды ылдый салдым.

- Жей-гой, балага таттуу керек да, - деп ошону менен басып кетти.

Мен кагаздагы кантты кармап туруп калдым. Короодо чуркап ойноп жүргөн эки карындашымды чакырдым.

- Роза, Люция, бери келгиле.

Алар өз аттарын укканда тамаркага чуркап келишти.

- Ильгиз байке, эмне болду? - деп улуусу Люция менин колумда бирдеме бар экенин көрүп, карап калды.

-  Мына силерге таттуу кант, - деп колумду сундум аларга.

- Кант? – таң калды анда Роза. – Ал эмне?

- Унутуп калдынбы? Баягыда апабыз нандын үстүнө себелеп бербеди беле туулган күнүңдө, - деп Люция сиңдисине эскертти.

- Аа... - деп алар мен берген кантты экиге бөлүп, ооздоруна салып, көздөрүн жумуп тамшанышты.

- Рахмат, Ильгиз байке. Таттуу экен, – деп карындаштарым баягыда алма жегендегидей ыраазычылыгын билдиришти мага. Аларды карап туруп, ичим элжирейт,  ушулардын кубанычтары көңүлүмдү көтөрүп, кубандырды.

- Туура айтасың, кант деген таттуу болот, - дедим мен Люцияга ошондо. Карындаштарымды мен агасы катары абдан жакшы көрчүмүн, себеби алар атам менен апамдын алтын кыздары болчу. Алар чуркап кеткенден кийин кетменимди алып, картошканы түптөгөнгө кызуу кириштим. Анткени Люция менен Розанын курсактарынын токтугу менин өз убагында жасаган иш-аракетимен көз каранды эле. 

*     *     *

Согуштун терс көрүнүшү - ачкачылык. Ал кезде айылда ич келте, дизентерия ж.б. жугуштуу оорулар көп эле. Ачкалыктан, ошол жугуштуу ооруулардан бүтүндөй кырылып калган нечен-нечен үй-бүлөлөр да болду. Апам бизди – балдарын ошондой оор шарттарда оорутпай, ачка калтырбай өстүрдү. Мен жогоруда айтып кеткендей, апам тамак-ашты абдан кылдаттык менен үнөмдөп, бир жылга жеткире билчү. Бизди да ушуга үйрөткөн. Карындаштарымды да ошого көндүргөн. Ошого жараша кичинекей Розага кичинекей баштыкча тигип берген.

Ал кезде комбайн жок, буудайды орок менен оруп, кырманга алып келип, анан аны таш менен бастырчу. Жерге түшкөн буудайдын дандарын жыйнап алып, саманын от жакканга үй-үйлөргө бөлүштүрүп берчү. Ал самандын арасында дандары түшпөгөн буудайдын бүтүн баштары көп болчу. Казанга тамак бышырыш үчүн буудайдын саманын жагабыз. Ошондо самандын арасында калган бүтүн баштар отко күйүп, куурулган буудайдын жагымдуу жыты чыгат. Апам: "Данды отко жөн эле күйгүзгөн убал болот, кудай астында күнөө," - дечү. Ошондуктан отко жагардын астында:  “Самандын ичиндеги бүтүн баштарды терип ал,” - деп кичүү кызын ынандырып (от жаккычы Роза болчу), ал болсо апамдын айтканы боюнча буудайдын бүтүн баштарын самандын ичинен терип чыгарып, ушалап, дандарды баягы баштыкчага салып коёт. Ошентип отуруп, Роза баштыкчанын жарымын толтурду. Бир күнү Чыңгыз байкем жумуш акысына жарым кап буудай алып келди. Эртеси апам ун тартып келейин деп атка минип, капты артына салып, астына Розаны өңөрүп, тегирменди көздөй кетти.

- Апа, биз кайда барабыз? – деп божурайт кичинекей кызы.

- Сенин баштыгыңа буудай толуп калыптыр. Аны тегирменге алып барып, ун тарттырып келели, - дейт апам Розага.

- Мейли, апа, андан нан жасайбыз да? – деп кичинекей карындашым кубанып кетти. Ошентип алар кетишти.

Тегирменде болсо, ал кезде Михаил деген орус киши иштечү эле. Колхоздун, элдин буудайын ун кылып тартат. Өзү тегирмендин ишин жакшы жана так билген адам эле. Апам тапшырган будайдын ордуна таразага тартып, тиешелүү унун салып берет.

- Роза да буудайын тапшырам деп келди, – деп апам Михаилге  баштыктагы буудай жөнүндө айтып берет.

Михаил шек алдырбай, чоң кишиге айткансып:

- Мейли, анда тапшырсын, ордуна ун берем, - деп карындашымдын будайын алып, ордуна баштыкчасын толтура ун салып берет. Роза болсо баштыгын карап:

- Апа, меники жарым баштыкча эле буудай болчу, эмнеге ордуна толтура ун болуп калды, андай болушу мүмкүн эмес, мен муну албайм, – деп Михаилди карайт.

- Эмнеге албайсың? - деп ал таң калат.

- Бул көп. Меники аз эле дан болчу.

- Жок. Сен билбейт экенсиң. Будайды ун кылганда, анын көлөмү чоңоёт. Ошол үчүн баштыгың толтура болуп калды.

Айтор, Михаил менен апам кичинекей Розаны араңдан зорго көндүрүшөт.

Михаил капты атка жүктөп, апасынын астына кызды өңөртүп жатып, апама: - Нагима, кызың азамат экен. Чынчыл кыз болуп өсүп жатыптыр, - деп Розаны мактаптыр.

Карындашым ошондо эле азыркысындай абдан чынчыл экен. Бул адамдык жогорку сапат. Азыр деле мен Розанын адамдык сапаттарын жогору баалаймын.

Эртеси апам Розанын унунан куймак жасап, кичинекей үстөлүбүз бар эле, ошонун үстүнө дасторкон жасап коюптур. Ар бирибизге бирден кичинекей тарелкага куймак салып, алардын үстүнө шекер сээптир. Үстөлдү тегерете кичинекей орундуктар бар эле, бирок кичинекей карындашыма орундук жетпей калганда мен өстүргөн чоң ашкабактын үстүнө кичинекей төшөк салып,  отургузуп койчубуз.

Баарыбызды дасторконго чакырып, апам:

- Балдарым, бүгүн Розанын туулган күнү. Ал алтыга толду. Аны куттуктап коёлу, - деп карындашымды бетинен өптү.

- Бүгүн сенин туулган күнүңө арнап, атайын сенин унуңан куймак жасадык. Сен азаматсың, эринбей самандын ичиндеги буудайларды терип, андан ун жасадың.

Роза куймактын бирин алып, кантты таң калып карап:

- Апа, бул куймактын үстүндөгү агарган эмне?- деп сурады .

- Бул деген кант. Жей-гой алтыным.

- А-и-й, укмуш турбайбы, – деп Роза өмүрүндө биринчи жолу таттууну ошондо жеген.

А мен болсом, Москвада жашап калган жаным, мындайларды жакшы билип калгам:

- Бул эмне! Шоколадды жесең, ал мындан да укмуш. Мармелад деген да болот, - дедим.

- Шоколад дейсизби? Ал эмне ошончолукпу, куурулган жүгөрүдөн да таттуубу? – деп Роза баарыбызды күлдүрдү.

-  Анда Люциянын эсинде болушу керек эле.

- Жок, байке, эсимде жок, - деп ал Москвадагы окуяларды эстей албай койду.

- Ооба, кайдан эстейсиң? Сен анда үчтө эле болчусуң.

Апамдын көзүнө жаш кылгырды, сыягы, кызым эч нерсе көрбөй өсүп жатат деп кейиди окшойт. Кантсе да, ошол күн баарыбызга абдан жакшы өттү. Мага алиге чейин унутулгус күндөрдүн бири болду. Согуштун оорчулугу кандай болбосун, апам кичине болсо да, көңүлүбүздү көтөргөнгө аракет кылганы көз алдымда...

Эртеси дагы бир нерсе болду. Роза уктап туруп:

- Апаке, апаке, мен атамды түшүмдө көрдүм, - деп кубанычы менен бөлүштү.

-  Кандай көрдүң? – деп апам андан сурады.

- Ал мени колдоруна көтөрүп, өөдө көкөлөтө бийик ыргытты.

Апамдын көздөрү жашылданып кетти. Кичинекей Розаны энелик терең мээрими менен карап:

- Атаң сени эстеп жатат. Ал тирүү экен, - деп акырын айтты.

Кечинде, баарыбыз уктаган соң, мен апамдын очоктун жанында ыйлап жатканын уктум. Атамды эстеп, кайгы-муңун чыгарып жаткан окшойт. Апамды аядым. Бирок, туруп, жанына басып барганга кудуретим жетпей койду. Апама ошондо дагы бир баа бердим...

Баса, апамдын кандай киши болгонун сүрөттөгөн дагы бир окуя бар. Мен почтону таратып бүткөндөн кийин көзгө көрүнүп, өсүп, көгөрүп калган картөшкөнү түптөдүм. Картөшкөнү убагында отоп, түптөбөсө - түшүм начар болгону. Эртең менен сугарып койсом, тез эле түйүлүп, жегенге жарап калар деп, абдан чарчап үйгө кирдим. Апам тамак даярдап койгон экен (тамагыбыз талкандан жасалган көжө), аны баарыбыз отуруп ичтик. Тамактанган соң, жатаар маал да келип калды. Баягы өзүмдүн уяма чыгып жаттым. Бирок уктай алган жокмун. Башымдан Акылай апанын сөздөрү кетпейт:

- Каткелди, неге балам мага кат жазбайт? Аманбы ал? Куруп кетти го майданда, каргыш тийгир согуш!

Кандай оор болбосун, чындыкты айтуу туура окшойт деп катуу ойлондум. Акыры, эртеби-кечпи, ал баласынын тагдырын билет. Ошондо мага айтат:

- Каткелди! Эмне себептен менден чындыкты жашырып жүрдүң? Балама куран түшүрүп, үйдөн жыт чыгарат элем да. Эми анын жаны кыйналып жатат...

Аны ойлоп, башым маң. Бир убакта мага бир чечим келди. Мен шам чырагымды жагып, дептерден бир барак кагаз алдым да Болсунбек байкенин атынан Акылай апага кат жаздым.

“Саламатсызбы улуу урматтуу энекем! Кандайсыз, дениңиз сакпы, аман жүрөсүзбү? Сизди сагындым. Өзүм жакшымын. Кудайга шүгүр. Сизге көптөн бери кат жазбаган себебим бар. Биз чабуул жасап, күндө алдыга бара жатабыз. Фашисттерди жеңип, жакында келебиз. Кат жазганга шарт болгон жок. Анын үстүнө почто улам артта калып калат,” - деп баштадым.

Фронттон келген каттарды окуп жүрүп, аскерлердин жазган тилин жакшы үйрөнүптүрмүн. Айтор, катым окшоду. Аягында:

“Мейли, анда эмесе жакшы тургула, энеке, аман болуңуз! Катты жазган сиздин балаңыз Болсунбек,”– деп бүтүрүп, кол жазмамды үч бурчтук кылып бүктөдүм. Сыртына Акылай апанын дарегин жаздым. Катты даярдап коюп, бир нече убакыт ойлонуп турдум. Бир жагынан бул туура болобу? - деп өзүмөн өзүм сурайм. Экинчи жактан Акылай апанын бул катты окугандан кийин кантсе да өмүрү узарат деп ойлодум...

Аңгыча болбой, бир убакта Додик итибиз үрүп калды. Тыңшап көрсөм, там аркада шүбүр–дүбүр деген добуштар угулду. Кимдир бирөө жүргөнсүйт. Башымды чыгарып карасам, айдын жарыгында белгисиз адамдын картөшкөнү аралап жүргөнү көрүндү. Бул ким болду экен, уурулар болуп жүрбөсүн деп шатыдан түшүп кыйкырдым:

- Эй, сен кимсиң? Эмне кылып жүрөсүң биздин жерибизде?

Менин үнүмдү угуп, тиги дыр коюп качты. Мен болсом анын артынан кууп чуркадым. Додик да менин артыман чуркап, үрүп, ууруну кууп жөнөдү.

Тез эле кууп жеттим: ал биздин айылдын төмөн жагында жашаган карыя экен. Чуркай албайт, араң эле жаны бар.

- Мени кечир, кечир, балам, - деп бетин жапты.

Аны көрүп, мен шак токтоп калдым. Ал мени бир карады да күшүлдөп, акыркы күчүн жыйнап, эптеп чуркап, качып көздөн кайым болду. Мен артка кайттым. Үйгө келсем апамдар ойгонуп, эмне дүбүрт болуп кетти деп тынчсызданып жатышыптыр.

- Апа, бирөө биздин картөшкөбүзгө уурулукка келип, бир-эки түбүн жулуптур. Картөшкөсү деле түйүлө элек болчу да, - деп ыза болуп айттым.

Жинимдин келгенин айтпагыла. Эмгек менен үй-бүлөм үчүн өстүрүп жаткан картөшкөмдү кимдир бирөө уурдап жатканына ушунчалык күйдүм.

- Ким болду экен, көрдүңбү? - деп сурады апам.

- Бир карыган киши экен. Абышка... Ким экенин билбейм, - деп чалдын атын айткан жокмун апама.

- Карыя турбайбы. Балам, ага колуң тийген жокпу? – деп мени сынап сурады.

- Жок, колум барбады, – деп мен чынымды айттым.

- Туура кылыптырсың, Ильгиз, ал да жыргаганынан биздин картөшкөгө келген жок. Ачкадыр, же болбосо, үйдөгүлөрү ачка отурушат. Куураган заман болбодубу, - деп кейиди.

Бир күнү ал абышкага баласынан кат алып бардым.

- Ай, Каткелди, мага таарынба, ачкачылыктын кесепети. Үйдө эки неберем бар. Аталары согушта, ишенгени менмин.

- Ата, эч нерсе эмес. Мен сизге таарынган жокмун, – деп катын бердим да жөнөп кеттим...

Күн алыс узабай эле анын бир баласынан “кара кагаз” келди. Ошондон кийин абышка Акылай ападай болуп, оңбой калды. Бир жагынан кайгы-муң, экинчи жагынан ачкачылык. Акыр-аягы анын эки баласы тең согуштан кайтпай калышты. Чал өзү да каза болду. Жакындары жок болгондуктан, айылдын кишилери чогулуп, ал чалды биригип жерге беришти. Биз да аны көмгөнгө жардам бердик. Себеби айылда калган эркектер – өтө карып калгандар же колунан иш келбеген оорулуулар, жарат алгандар эле, анан биз - өспүрүмдөр. Караке молдоке бизди чогултуп, жай каздырды. Минткиле, тигинткиле деп көрсөтмө берди. Иши кылып, баарын анын айтканындай жасадык. Чарчадык жай казып. Чалдын кепесинде молдоке анын жаназасын окугандан кийин, бизге табытты көтөргүлө деди. Чоңураактар алдыга турушту, биз кичирээктери - арттабыз. Менин жанымда Аман досум:

- Жай баскыла, жетишпей жатабыз, - деп ал акырын үн салат. Анан мага шыбырайт:

- Байкуш чал жеп-жеңил болуп калыптыр. Болбосо, тээ алыска алпара албайт болчубуз.

Мен унчукпадым. Анын уурулукка киргенин эстедим. Аны акыркы сапарга жөнөтүп жатып, ошондо чалга колумду көтөрбөгөнүм жакшы болгон экен деп ойлондум. Апамдын айтканы туура келди. Ачкалык эмнеге гана алпарбайт. Чалга бир ууч топурак салып жатып, мен да андан кечирим сурадым...

Чалдын келини көп узабай ич оорудан кайтыш болду. Туугандары жок болгондуктан, анын неберелерин балдар үйүнө (детдомго) алып кетишти. Мен ошол күнү, ушул чалдын тагдырын ойлоп, согуш болбосо, анын жана үй-бүлөсүнүн турмушу тап-такыр башкача болмок дедим. Азыр ойлосом, согуш болбосо, чал бактылуу турмуш сүрүп, балдары менен неберелеринин колунан кетмек...

Ошентип, биздин картошкага ууру кирип, менин кичинекей жаныма бул да бир сыноо болду. Эртеси менин дагы бир сыноом бар эле. Бирөөнүн ордуна жазган катымды энесине беришим керек болчу. Ооба, бул алдамчылыкка жатмак. Бирок ал эне чындыкты билсе, шору катканы, аман калбасына көзүм жетип турбадыбы. Эненин жүрөгү ал чындыкка чыдабайт болчу. Жалгыз калган баласын жоготуу деген эмнеге барабар болорун мен кичине болсом да билдим.

Эртеси туруп, демейдегидей эле кат жыйнадым. Акылай апанын үйүнүн жанынан өтсөм, ойлогондой эле мени күтүп туруптур.

- И-и, Каткелди! Барбы?... – деп мени жалдыраган көзү менен карады.

- Саламатсызбы! Бара элекмин почтого. Ал жактан түштөн кийин келем. Буюрса, бүгүн болуп калар, - деп башымды ийкедим.

- Болор бүгүн, кудай жалгап, - деп чоң ишенич менен   артыман узата берди.

Айткандай, түштөн кийин почтодон келдим. Элдин каттарын таратып, Акылай апанын үйүнө басып бардым. Өзүм жазган кат төш чөнтөгүмдө, бүтүндөй денемди ысытып турат. Кемпир ордунан жылган эмес окшойт, мени көрүп, колун алдыга көздөй сунду:

-  Ии?...

Менин жүрөгүм лакылдайт, буттарым шалдырап араң эле жылат.

- Кат келди, кат келди, - деп мен даярдап койгон катымды өйдө көтөрдүм. Акылай апа, мына айтпадым беле, кат келди балаңыздан, – деп үнүм араң чыкты .

- Айланайын кудай! - деп ал жүрөгүн кармады. Кагылайын Болсунбегим, мына сенден да кабар келди. Эмне ушунча күттүрдүң, ыя? - деп колуман катты алып, кичинекей кагазды өөп жиберди.

- Кагылайын, аман экен, аман... Каралдым... Чырагым! - деп баласын сагынып, балбалактап ыйлап кирди кары киши.

Менин бушайман болгонумду айтпагыла. Көзүм караңгылай түштү.

- Окуп берчи, Каткелди, кана, эмне деп жазыптыр күчүгүм?

Өзүм жазган каттын тамгаларын көрбөйм. Көз алдымда баары туман, жатка билген кагазды окумуш болдум...

Окуп бүткөн соң, кемпирдин үйүнөн атып чыктым.

Ошентип, баш аягы Болсунбек байкенин ордуна үч жолу кат жаздым. Байкуш кемпир, чындыкты билсечи. Бул окуянын аягы эмне болуп чыгарына анда балалык пейил менен ойлонгон жокмун. Эненин жүрөгүн ойлодум. Мен үчүн бул өмүр үчүн болгон калп болду. Бирок, кантсе да, жасаган ишиме бир өкүнбөйм. Себеби, бул кемпирдин окуясы мага бир башкача аяктады. Ал жөнүндө сөз кийин болот...

*     *     *

Ар бир башталган нерсенин, качандыр бир күнү аягы да болот экен. Улуу Ата Мекендик согуш да соңуна жетти. Бирок, ал кандай кыйынчылык, азап, канча өлүм алып келди. Элибиздин руху эбегейсиз  зор экен, анын баарына чыдады.

Туура 9-май күнү почтого барган күнүм. Анда мен кайдан билем, ошол Жеңиш күнү экенин. Бүчүрлөр жалбырак болуп, чоңоюп калган кез. Ошол күндү эстесем, асман да бир башкача чайыттай ачык, куштардын сайраганы да бир башка. Почтого жетсем, ал жердеги Нурбүбү эжеке да бир башкача, жүзү жарык, жылмайып турат. Мен кирип келсем:

- Ильгиз, сүйүнчү, согуш бүттү, - деп кыйкырып жиберди мени көрүп.

Мен ал кабарды укканда далдырап калдым.

- Эмне турасың, секирбейсиңби, – деп менин эсим ооп калганын көрүп,  жаркылдап күлдү.

Мен болсом ишенбей турдум. “Согуш бүттү!” деген анын үнү кулагымда тоодогу жаңырыктай бир нече ирет кайталанды.

- Бизге каттар барбы, - деп жибериптирмин эмне кыларымды билбей.

- Кайдагы кат, Ильгиз, жеңиш, жеңиш! – деп почточу эжеке мени кучактап өптү. Мен ошондо гана өзүмө келдим. Биринчи ойлогонум эле: “Эми Талас суусун күндө кечип почтого барбайт экенмин. Айылга “кара кагаздардын” келгени токтойт. Энелердин көз жашы төгүлбөйт. Атамдын да кабарын эми анык билет болушубуз керек...”

- Баса, тиги силердеги Чекиров Болсунбек деген бар беле, - деп сурады

- Ооба, - деп анын атын укканда чочуп кеттим. Менин калпым ачылган турбайбы деп, көзүм алайды. Биринчи эле Акылай апа эсиме түштү. Жеңиш күнү ага болбойт экен да, шордуу эне.

- Эмне болуптур ал киши, - деп үнүм араң-араң чыкты.

- Ал өлгөн эмес турбайбы, - деди Нурбүбү эже. Бул сөзү мага чагылган тийгендей болду.

- Кандай өлгөн эмес? – деп үнүм бүтүп калды.

- Ага туура эмес «кара кагаз» жиберилиптир. Жарадар болуп, эс-учун жоготуп, аскер ооруканасында бир далай жатыптыр. Анын үстүнө акыл-эсин жоготуп, атын да унутуп калыптыр. Бул дартты доктурлар “амнезия” дейт. Айтор, мээси чайкалып калыптыр, жардыруудан. Анын ордуна башка кишини алмаштырып алышыптыр да, ошол Болсунбек өлүптүр деп. Ошондуктан бул жерге “кара кагазды” жаңылышып салып жиберишиптир.

- Аны сиз кайдан билдиңиз? - деп сурадым эс-учумду жыйнай албай, дагы эле укканыма ишенбей.

- Воёнкоматтагы кишилер бая почтого келип кетишкен. Ошолор айтты: “Болсунбек Чекиров деген жаранга фронттон жаңылыш “кара кагаз” жиберилиптир. Бул каталык жөнүндө, билдирүү маалымат келди. Мына ошол билдирүү кагазы... Сен аны унутпай ала кет. Жарыктык энесин барып кубандыр, - деп Нурбүбү эже мага ал билдирүү кагазын бекем табыштады.

- Унутпайм, эжеке, унутпайм, - деп көзүм жашылданып кетти. Почтонун башчысы аны байкаган жок. Ал аял кайдан билсин менин сырымды. Эми менин жүрөгүм тынчыды. Акылай апанын да жүрөгү тынч болот...

Ушул окуянын аягы мага ошондой аяктады. Баарынан да Акылай апага баласынын тирүү калганы кудайдын бир чоң белеги болду. Ошондо мен Болсунбек байкенин ордуна жазган каттарым анын тирүү табылганына түрткү болду бекен деп ойлодум эле. Каттын күчү канчалык...

Жеңиш күнүнөн кийин катылып жаткан “кара кагазды” сандыктан алып чыгып, Талас суусуна бардым. Багалегимди түрүп муздак сууга кирип, төрт бурчтукту чөнтөктөн алып чыктым да агызып жибердим. Ал тээ алыста суунун үстүнөн жок болуп кеткиче, артынан көпкө карап турдум...

- Эми башка “кара кагаз” эч кимдин үйүнө келбейт, - дедим.

Ошондо согуштагы жамандыктын баары суу менен тазаланып кетти окшойт. Өзүмдү кандайдыр бир жеңил сездим. Болсунбек байкенин “кара кагазы” жок болуп кеткенден баштап, мага согуш бүткөнү анык болду. Үйгө келе жатып, бүткүл ааламга угуза бир кыйкыргым келди:

- Ата, жеңиш келди!...Жеңиш!... Жакында сен да үйгө кайтып келесиң! ...

Жеңиш күнү ар бирибизге эч бир унутулгус күн болду. Нурбүбү эжеден жакшы кабар угуп, айылга барсам, зым карагайдын (столба) башына илинген калдыркан радио сүйлөп жатыптыр. Ошондон жеңиш жөнүндө кабарлап жаткан экен. Левитандын үнү айылдын баарына жаңырат. Эмне деп жатканын айылдыктар түшүнгөнү жок. Себеби, орусча аз гана кишилер билчү. Бирок баары аны кунт коюп укканы дурус болду. Көрсө, анын сүйлөгөнү, түшүнүксүз болсо деле, адамдын аң-сезимине жеткиликтүү болуптур  ошол күнү. Элдер бири-бири менен кучакташып, кубанычы ичине батпайт. Кишилердин маанайы ачылып, жылуу сезимдер айланага төгүлдү. Жашын кылгыртып ыйлагандар да болду. Бирок бул жаш бул жолу бакыттын көз жашы болду. Баарынан кызыгы, айылдагы Караке молдокенин кубанганы бир башкача. Ал ар бир үйгө кирип, элдин баарын куттуктап чыкты. Биздин үйгө да кирип:

- Нагима, эми жашоо жакшы жагына өзгөрөт, саясат өзгөрөт, сенин да күйөөң келет, - деди апама.

- Айтканыңыз келсин, рахмат, – деп апам өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

- Ишенип кой, бир кезде сенин кызыңа окшогон балага бир сындырым нан берсең, “жебейм” деген күндөр да келет, - деп айтып жатты.

Бир башкача, жакшы молдоке эле, биздин айылдын, кудайдын кишиси болчу. Кубанычын ичине батыра албай, согуштун кесепетинен мүңкүрөп турган элдин рухун көтөрөйүн деген окшойт. Бул бир. Экинчиси, мындан ары курман болгондор болбойт деп тирүүлөргө айтканы. Азыр ойлосом, чыныгы молдолук үчүн жаралган адамдар ошондой болот окшойт...

Жеңиш! Балдай таттуу сөз! Айылдыктардын кубанганын айтпа. Биринчи жолу элдин маанайы ачылып, көчөлөрдө сүйүнгөн эле кишилер. Канчалык зарыгуу менен,  кандай оордук менен күткөн күн келди!

Ошол күнү апам бизге мындай деп кайрылды:

- Кудай буюруп, элдин күч-кубаты менен согуш бүттү. Бизге, элге ал чоң оорчулук алып келди. Силер эл катары анын азабын көтөрдүңөр, эчтекеге карабай чыдадыңар. Кудайга шүгүр. Эми балдарым окуганга убактыңар кеңири болот. Турмушта билим алуу - бул чоң нерсе, ошого умтулгула, - деп баарыбызга энелик акыл-насаатын айтты.

Күзүндө орто мектепке барып, окуубузду уланттык…

1946-жылдын июль айында мага бир чоң окуя болду. Анда мен он бештен он алтыга карап калган кезим. Биздин колхозго бир чоң комиссия келип калды. Баарыбызды чогултту, анын ичинде мен да бармын. Жыйналыш өткөрүштү.

- Урматтуу Жийде айылынын тургундары! Согуш бүттү. Биздин баатыр уул-азаматтарыбыз өз жанын аябай, бизге Улуу Жеңишти алып беришти. Бирок, силер да бул жерде күн–түн дебей, оорукта жеңиш үчүн күжүрмөн иштеп, ага өбөлгө болдуңар. Ошол себептен СССРдин Жогорку Кеңеши алдыңкы күжүрмөндөрдү медаль менен сыйлайлы деп чечти. Сыйлыктардын күбөлүктөрүнө Калинин өзү кол коюптур. Силердин оюңарды угалык. Жийде айылынан кимдер татыктуу ошол медалга?

Ошентсе, эл эң эле биринчи менин атымды аташты:

- Каткелди, Каткелдиге берели,- деп кишилер чогулушта чурулдап кетишти. Мен чынымды айтсам, таң калган бойдон эстеликтей туруп калыптырмын. Бир убакта элдин алдына Акылай апа чыгып:

- Айланайындар, туура айтасыңар, Каткелдиге медаль бериш керек. Ал татыктуу болбогондо, ким татыктуу болот? Ысык-суук, жаан-кар дебей, бизге балдарыбыздан талыкпай кат ташыды. Өзү кичинекей болсо да, чоң кишинин жумушун так аткарганын мен деле далилдеп берем. Кээде ойлойм, Каткелди болбосо, балам Болсунбек согуштан келген күнгө чейин жетет белем, жетпейт белем деп. Ага чоң рахмат! - деди.

- Ооба, Акылай апа туура айтат, бизге кат алып келип, окуп да берчү, – деп арттан дагы бирөөлөр кыйкырды.

- Каткелдиге сыйлык бербесек, туура болбой калат, - деп башкалар да коштоп кетишти.

- Ал ким? - деп комиссия сурады.

- Тээтиги бала, - деп эл мени көрсөтүштү.

- Кана, келчи бери, - деп чакырды өкмөттүн кишиси.

Мен анын жанына басып бардым.

- Атың Каткелдиби? - деп сурады.

- Жок, Ильгиз.

- Эмне үчүн Каткелди деп жатышат сени?

- Мен почточу баламын.

- Ошол үчүн Каткелди дешет турбайбы,- деп жылмайды ал.

- Согуш кезинде почточу болуп иштеген – бул эң маанилүү, элге керектүү кызмат, - деди. Ошентип мага элдин суранычы боюнча медаль ыйгарылды.

Мен ошондо атамды эстедим. Эгер атам азыр жанымда болсо, мени менен абдан сыймыктанмак деп ойлодум ичимен. Чогулуштагы кишилердин арасынан апамды көзүм менен издедим. Апам чет жакта, колдорун көкүрөгүнө коюп, көздөрүнөн жылуу нур төгүп, мени карап отуруптур. Ал да атамды эстеп кеткен го ошондо.

- Мына, балаң сенин атыңды жерде калтырбай, элге кызмат кылып, батасын алды... - деп ичинен ойлоп жатса керек.

Мен азыр, эл арасында айткандай, 90дун чайын ичип жаткан мезгилим. Басып өткөн жолума сереп салып карап көрсөм, көп эле ийгиликтерге жетишип, жогорку деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болуптурмун. Бирок салыштырып көрсөм, мен үчүн ошолордун баары бир тең да, 15 жашымда почточулук кызматым үчүн алган медалым бир тең.

Ошентип согуш аяктап, мен “Каткелдиден” кайра Ильгиз болуп калдым. Бирок “кат” менен болгон байланышым үзүлгөн жок. Окууга өтүп, кийин тоолордо иштеп, үйдөн алыс жүрдүм. Ошон үчүн апам менен болгон байланышым, жалаң кат аркылуу жүзөгө ашырылып жүрдү. Баарынан да, атамдан кат-кабар келет деп көпкө үмүтүм үзүлбөй жүрдү. Ошону менен турмушум акырындап  жүрө берди...

Апамдын насааты боюнча төртөөбүздүн тең негизги максатыбыз окуу болду. Чыңгыз сегизинчи класстан кийин техникумга окуп кетти. Ал эми мен, карындаштарым менен Покровканын мектебинде окудук. Айтмакчы, Люция менен Роза да абдан мыкты окушту. Мен өзүм болсом, окууларымдын жыйынтыгы боюнча алтын медалга татыктуу болдум. Белгилеп кетчү нерсем, баарыбыз апабыздын бизге койгон максаттарын толугу менен аткардык. Бул жагынан аны кейитпедик...

*     *     *

Мектепти бүткөн соң, Москвадагы Геология институтунда окуп калдым. Баса, ал окуу жайына киргенимдин да бир себеби бар болчу. Алар кийим-кечени - геологдун формасын бекер берчү. Ал форма ушунчалык жарашыктуу эле: кара драптан тигилген, эки ийининде “алтын” (өңү сары) погон (эполет сыяктуу), шапкесинде ”алтын” кокорда, шымы - клеш...

Өзүм күлгүндөй жаш жигитмин, анын үстүнө геологдун формасы мага аябай жарашат. Жайкы каникулга поёзд менен келип, Жамбылдан (азыр Тараз) түшөөрүмдө күндүн ысыгына карабастан формамды кийип алдым. Анан биз жакка бараткан чоң машинага (ал кезде автобус, жеңил машинелер жок эле) түштүм. Киши көп экен, машиненин кузовуна эптеп чемоданымды коюп, үстүнө отуруп жатсам, бирөө эле мени: ”Эй, сен Ильгизсиңби?”- деп сурап калды. Карасам, баягы мектептеги класс  жетекчим.

- Ооба, -  деп жооп бердим.

- Чын эле Ильгиз турбайсыңбы? – деп ал менин формама баштан аяк көз жүгүртө суктана карады.

- Саламатсызбы агай? Кандай турасыз? - деп ал-жайды сураштык. Бирок, чынымды айтсам, аны көргөнгө кубанган деле жокмун. Мени жыңалачтап, суукта кийимимди сыйрыганы шак эсиме келди. Ошондогу аябай ызаланганым эстен чыккыс болуп, жүрөгүмдө калыптыр. Айтор, жан талашып айылдагыларды сураган жокмун, башкалардан деле сурап алармын дедим ичимден.

Кийин, мен кандидаттыгымды жактап, Тоо-кен институтунун директору болуп иштеп жүргөндө аны менен дагы бир ирет жолугуштум. Жаңы эле мектепти бүткөн баласын ээрчитип, кабинетиме келиптир.

- Баягы апаңдын айтканы туура болуп чыкты. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет,”- деди эле ошондо апаң...

Эмне жөнүндө айтып жатканын билдим. Бирок мен унчукпадым, ал сөздү уланткым келген жок...

Кыскасы, ал баласын окууга өткөргөнгө менден жардам сурап келиптир. Колдон келген жардамды берип, ал кишини да, баласын да кийин эскерген жокмун...

Айткандай, Москва шаарындагы Геология институтунун чалгындоо факультетине экзамендерди бешке тапшырдым. Бирок, ал факультетти бүткөн адистер кийин мамлекеттик жашыруун маалыматтар - алтын, күмүш, уран жана башка казылып алынуучу пайдалуу кендер менен иштейт экен. Баягы 37-жылы чыккан буйрук боюнча, мага окшогондорду, мамлекеттик деңгээлдеги жашыруун иштерге жолотчу эмес, ошондуктан мен тандап алган факультетке албай коюшту (анда атам актала элек болчу). Арга жок, анда тоо-кен факультетинде окуйм дедим. Орусча айтканда “горняк” болуп калдым. Дагы бир айтып кетчү нерсе: мага уруксат бербеген факультетке комиссия НКВДнын камагында болуп, кийин андан бошонуп чыккан бир адамдын баласын кабыл алды. Кийин билсем, анын атасы НКВДга сөз ташыган адам  экен. Камерада отургандардын эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн аңдып-тыңшап, кээде бийлик же саясат жөнүндө өзү атайын сөз баштап, анан алардын көз карашы жөнүндө НКВДнин кызматкерлерине айтып барчу экен. Ошол киши, элдин айтымына караганда, бат эле түрмөдөн чыгыптыр. Андайларды эл арасында “бакан ооз” деп коюшчу. Бирок, эмнегедир анын баласы жарыган жок,  кийин ичип кетиптир деп уктум. Ким билет себебин. Ичимен ойлоп калдым, апам айткандай: “Бирөөгө жамандык жасаган киши акыры кудайдан көрөт. Өзүң болбосоң, жасаган жамандыкка балаң жооп берип калышы мүмкүн…”

Ошентип, окуумду “эң жакшы” деген баа менен бүтүп, Кыргызстандын тоолорунда иштеп калдым. Ошондо көрдүм жер астындагы шахталарда, өткөөлдөрдө иштеген адамдардын иштөө шарттары абдан ыңгайсыз жана кооптуу экенин. Тоолордо болгон ар кандай жарылуулардан, жер көчкүдөн жер үстүндө нечен адамдар, ошондой эле жер астында иштеген адамдардын нечени набыт болушат. Мен жер астында иштеген адамдардын, техникалык коопсуздугун чече турган маселелерге кызыгып, аспирантурага өттүм. Кийин бул боюнча докторлук диссертация жактадым. Менин иштеримдин мааниси тоо-кендеринде же гидротехника менен иштеген адамдардын коопсуздугун сактоодо болду. Сыягы, тагдыр өзү маңдайыма адамдардын кайгысын (Акылай апага окшогондор) жеңилдетүүгө, оор жана кооптуу жагдайларда иштеген адамдардын иштөө шарттарын оңдоп, өмүрлөрүн сактап калуу маселелерин чечүүнүн үстүнөн иштөөнү күн мурун жазган окшойт. Бул кесибим менин бүт өмүрүмдүн жумушу болду. Адамдын иштөө шартын жеңилдетип, коопсуз кылып, өмүрүн сактап калыштан жогору эмне болсун? Азыр 90го чыкканда мен ушул гумандуу кесипке өз өмүрүмдү бүтүндөй арнаганыма ыраазымын жана ошого канааттанам...

Айтмакчы, ошол Москвадагы атама байланышкан бир окуя али көз алдымда турат. Турмуштун бурулуштары... Атамды дал ушул шаарда “Кызыл профессура” институтунда окуп жатканда камакка алышкан. Анын тагдыры бизге жыйырма жыл бою белгисиз болду. Тымтырс, бир да кабар жок атабыздан. Мен атам камалгандан кийин эмне болгонун Москва шаарында аспирант болуп окуп жүргөн мезгилимде билдим. Ошол күндү эстесем, азыркыга чейин жүрөгүм тызылдайт...

Бул окуя мындай болду. Илимий изилдөөлөргө байланыштуу Донбасстын шахталарына барууга туура келди. Эртең менен чемоданымды көтөрүп жатаканадан чыгып, көнүмүш адатым менен почтамды карасам, апамдан кат келиптир. Аны дароо окуганга шартым болгон жок. Поёздге кечигип жаткам, кийин окуйм деп вокзалга шашылдым. Вагондогу купеге орношкон соң, ыңгайлашып отуруп алып, апамдын катын окуй баштадым. Катта апам атамдын тагдыры жөнүндө жазыптыр. Мындайча айтканда, “кабар” бериптир:

...Балам, кайрат кыл. НКВДдан атаң 1938-жылы каза болгон деген маалымат алдык. НКВДга өзүм бардым. Колума өлгөн жери – белгисиз, өлгөнүнүн себеби - белгисиз деген кагаз берилди. Эч күнөөсү жок болгондуктан, акталыптыр. 20 жыл бою бизди алдап жүрүшүптүр...”

Бул кабарды окуп алып, абдан жаман болдум: бүт денем дүркүрөп, көзүм караңгылап... Себеби, биз атабыз тирүү, Сибирге айдалган, бир күнү, буюрса, бошоп келет деп дайыма ишенип жүргөнбүз. Ичимен өзөгүм өрттөнгөндөй болду. Дем жетпей, жүрөгүм кысылды. Вагондун тамбуруна атып чыгып, денемди таштап, көз жашымды жамгырдай төктүм. Буркурап ыйладым. Көзүм туман, алдымда атамдын гана жаркын элеси. Тээ алыста, бала чак кезимдеги жап-жаш атам, бизди узатып перрондо кол булгалап, жалгыз турганы көзүмө даана көрүндү. Биз болсо поёзд менен, атамдын кийинки тагдыры кандай болорун билбей, андан алыстай бердик. Көрсө, ошондо атамды акыркы жолу көрүптүрбүз. Ал качан камаларын билбей, бизди өз жергесине качырыптыр. Себеби, ал кезде эл душмандарынын аялдарын да өзүнчө лагерлерге айдап, балдарын атайын режимде иштеген балдар колониясына камап коюу жөнүндө буйрук чыккан экен.

Мына, турмуштун жазган буйругу, айланып келип, атамдын каза болгондугу жөнүндө кабарды мен поёздде баратып билип отурам...

Атамдын тагдырын ойлоп, тамбурда канча турганымды билбейм. Жолдон, кичинекей станциядан вагонго бир кемпир түшүптүр, аны да байкабаптырмын. Ал мени карап туруп:

- Балам, сен эмне түрмөдөн чыктынбы? Өңүң кер-сары, кебетең сумсайыңкы болуп турат, - деп мага суроолу карады.

-  Жок, - деп ага кыска жооп бердим.

Демим кысылып, сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүгүм жок эле. Мени кемпир саясый камактан чыккан го деп боору ооруган окшойт. Ал кезде атамдай саясый статьялар менен камалгандар миңдеген кишилер эле да, ошолордун абактан бошоп жаткан кездери.

- Кайрат кыл. Жаш экенсиң, али баары алдыда. Көрөсүң, сен бактылуу болосуң, - деди мени аяган көздөрү менен карап...

Апамдан алган катка жооп жаздым ошондо:

“... Апа, сиздин катыңыздан атам тууралуу кабарды билүү мага абдан оор болду. Жыйырма жыл өтсө да атамдын тирүү экенинен күдөрүмдү үзгөн эмес элем. Атам бул өмүрдөн неге жапжаш бойдон, эрте кетти?!

Атамды эл душманы дегендерге мен эч качан ишенген эмесмин... Апа, баарыбыздан да сен өтө кыйын күндү баштан кечирдиң... Бирок, сен чыйрактыгың, карандай мээнетиң менен бизди адам катарына коштуң. Мунун өзү ат көтөргүс эрдик эмей эмне! Сен коом алдында, үй-бүлө алдында өзүңдүн энелик жана жарандык парзыңды аягына чейин мыкты аткарган адам катары, зор сыймык менен башыңды бийик көтөрүп жүрүүгө тийишсиң. Мен башка бир туугандарым сыяктуу эле өткөндөрдү эстегенде сага башымды ийип,  таазим кылбай коё албаймын...”

Ошентип, кат дале менин өмүрүмдө өзгөчө бир орунду ээлеп жүрдү. Калем менен өзүмдүн жүрөгүмдөгү ой-сезимдерди так бергенди үйрөндүм. Апамдан алыс болсом да кат алышып,  жазышканыбыз мени ага жакындатат. Сагынам аны...

Ошол апама жазган жооп каттын экинчи бөлүгүндө өзүмдүн кесибиме байланыштуу маселелер боюнча апам менен ой бөлүштүм. Мен Донбасстын шахталарындагы иштетилип жаткан техникаларды, аны иштеткен жаш адистерди көрүп, аябай кызыкканымды айттым. Биздин Кыргызстандын шахталарында да ушундай жаңы техника, технологиялар колдонулса кана. Андай техникаларды колдоно билген адистерди даярдаш керек, бирок аны ойлогон жетекчилер жок. Биз тоолуу өлкөбүз, биздин гүлдөп-өсүшүбүздүн бир багыты тоо кендерин иштетүү деген ой-пикирлеримди апама айттым.

Кийин карындашым мага ал кат жөнүндө мындай айтып берди:

- Сиз жазган катты окугандан кийин апабыздын көзү жашылданып, “Кыргызстан дегенде күйүп-бышкан, атасын тарткан айланайыным ай,” - деп катты өөп, архивин сактаган кутучасына салып койду. Ал кат али да бар, аны Роза сактап жүрөт.

Мына ошондой, менин турмушум каттар менен байланышта болду.

Үйлөндүм, балалуу болдум, турмуш өз нугу менен бара жатты. Агам Чыңгыз, карындаштарым да үйлөнүп, турмуш куруп жайланышты. Баарыбыз атабыз менен апабыз эңсегендей, жогорку билимдүү болдук. Баарынан да бири бирибизден кол үзбөй, ынтымакта жашадык. Апабызды туудай көтөрдүк. Баарыбыз чогулуп калганда, ал биздин төрүбүздө...

Бирок бул өмүрдө түбөлүктүү эчтеме жок экен. Апабыз оорусунун кесепетинен каза болду. Али жаш болчу, дагы жашап, биздин сый-урматыбызды көргөнгө татыктуу эле...

Согуш - бул эң оор нерсе деп ойлочу элем. Энени жоготуу - бул андан да оор нерсе экен. Аска-зообуз кулагандай болдук. Ооруканада апамдын алдында төртөөбүз башыбызды салып, ага таазим этип, ыйлап турдук.

“Балдарым, баарыңарга ыраазымын, рахмат силерге. Мен бактылуу кишимин,” - деп узай берди.

Атам менен жаш кезинде чогуу түшкөн сүрөтүн сумкасына салып, дайыма жанына алып жүрчү эле. Ал сүрөт кашында туруптур. Тээ алыскы, 1932-жылдары сүрөткө түшкөн жылдыздуу, сулуу адамдар бизди - балдарын карап турушуптур. Апамдын бою түзөлүп, көзүн жумду...

- Кош бол, апаке! Бизге жасаган мээнетиң үчүн чоң рахмат сага! Атамды өмүр бою күттүң. Эми жаның аны менен кошулсун, - деп буркурап ыйладым, апамды акыркы жолго узатып жатып...

1991-жылы башка сыйбаган бир чоң окуя болду. Биздин үй-бүлө күтүп жүргөн чындык келди. Атамдын жана ага окшогон кишилердин денелери көмүлгөн жайы табылды. Ошол кездеги кичинекей кыз Бүбүйра, атасынын керээзин аткарып, элге атабыз менен чогуу башка кишилердин көмүлгөн жерин көрсөттү. Коопсуздук министрлигинин капитаны Абрахманов Болот деген жаш жигит, күнөөсүз атылган 137 шейиттин жаткан жерин казып, сөөктөрүн таап чыкты. Аларга рахмат. Эч нерседен коркпой, биздин тарыхтын жашырылып жүргөн оор күндөрүн элибизге ачып беришти. Бул чыныгы   баатырдык деп ойлойм...

Акылга сыйбаган чындык. Ошол Чоң-Таштан ары-бери көп өтчүбүз. Үй-бүлөлөр менен да барган күндөр болгон. Көрсө, атамды ошол жерге көмүшкөн экен да. Апаатты казгандар атамдын өкүм кагазын дап-даана бойдон таап чыгышты. Кудайдын буйругу го! Болбосо кичинекей кагаз 53 жыл бою жер астында жатып чирибей, кандайча сакталып калды!? .

Ал кагазды көргөндө, «Баягы мусаапыр Бүрүш апа айткан атамдын кагаз кабары ушул турбайбы,” - деп ичимен жүрөгүм сыздады. Кайдан билди муну ал кемпир? Атам атылаарда төш чөнтөгүнө салып коюптур. Өзү салган го, кыязы, бир күнү чындык келет деп...

Элүү үч жылдан кийин анын төрт баласы, небере-чөбөлөрү таазим этип, башыбызды ылдый салып, Чоң-Таштагы аза митингинде турдук. Чачтарыбыз агарган, атабыздан эки эсе улуубуз. Канча күнөөсүз жан кыйылды, бизге окшогон канча балдар “эл душмандарынын балдары” деген запкыны көрдү...

Ойлоп койдум ошондо, атылган шейиттер өз өмүрлөрүн бекер бербесе керек деп. Алар -  Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн, урпактарынын бактылуу жашоосу үчүн өз баштарын кыяматка коюшкандар...

Күзөттөгү жоокерлер курман болгондордун урматына сый көрсөтүшүп, үч жолу ок атышты. Мылтыктардын үнү тээ алыскы кандуу жылдардагы тоолорду жаңыртты. Бирок бул жолку жаңырык чындыктын жаңырыгы болду. Кандай болбосун, чындык дайыма кайрылып келет экен.

Ошол жаңырыктарды угуп, күнүгө атасынан кат күтүп жүргөн почточу бала Каткелдини эстеп кеттим. Апамдын да жаркын элесин эстедим. Ага ичимен кайрылдым:

- Апа, кат келди! Чындык келди!

Апамдын тунжураган элеси көз алдыма тартылды, ал мага:

- Айланайыным, мен муну сезип жатам... Эң негизгиси – биздин башыбыздан өткөн трагедия эми эч кимде, эч качан кайталанбасын...

Мына ушул менин башыман өткөн тарых...

Бишкек шаары, 2020-жылдын

P.S. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) колдоосу менен чыгарылды.

Бул чыгарма 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) колдоосу менен чыгарылды.

Чыгарманын негизин согуш жылдарында чыны менен “почточу” болуп иштеген өспүрүм бала, 15 жашында оорукта аткарган эмгеги үчүн “1941-1945-ж.ж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган, азыр техникалык илимдердин доктору, академик, 90 жаштагы карыя Ильгиз Төрөкулович Айтматовдун эскерүүлөрү түздү.

Ахматов А., Айтматова Р. Каткелди. –

Редактору: Н. Рымбекова

Бишкек: "Улуу Тоолор", 2020. - 47 бет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз