Тэцуо Миура: Карапага салынган туулган айылым

  • 12.06.2020
  • 3708

АҢГЕМЕ

I

Жекшемби күнү ал кечке шаар кыдырып күн өткөрдү.

Күн ачык күндөрү бутуна кеда кийип чыкса, жаандуу күнү бутуна желим өтүгүн кийип, кол чатырын алат да, трамвай же автобуска олтуруп башы оогон жакка жөнөйт.

Тамеки саткан чакан дүкөндөрдөн жакын арада көп батирлүү үйлөр барбы, жокпу деп сурайт. Ал үчүн өзү такыр тамеки тартпаса да бир куту тамеки сатып алат. Эгер андай үйлөр болсо, анда ага кандай баруунун жолдорун тактайт да, анан:

- Ал жакта Митобэ Миса аттуу кыз жашабайбы? - деп дагы сурайт.

Ал атын өзгөртүп айтышы да мүмкүн деген кабатыр ойдо аларга кыздын сырткы келбетин сүрөттөп айтып берет да, аягында:

- Он сегиз жаштагы кыз. Кара мышыгы бар, - деп кошумчалап коёт.

Көп батирлүү үйлөрдө андай мышык ээрчиткен он сегиздеги кыздар толтура эмеспи, ошого көпчүлүк эшик кайтарган аялдар анын жүдөгөн кейпин, кирдеген чачын жана жуулбаган свитерин көргөндө, дароо андай кыздар бул үйдө жашабагандыгын айтышат. Кээ бири жооп берердин алды аны астейдил карап алышып, анан:

- Силер кимиси болосуңар? – деп суроолуу карашат.

Мындайда ал:

- Айда Кохэй, - деп өз атын жашырбай айтат да, Мисага ким болушун батынып айта албай: – Биз бир айылдан болобуз жөн гана… - деп күңкүлдөп алат да, ал жерден чыга качып, андан ары жолун улайт.

Кээде ага эмне болуп жатат, эмнеге ал тургай жекшемби күндөрү да көчө таптап кыдырып жүрө бергенине өз башы жетпей калчу. Эмнеге мындай болуп жатканы өзүнө түшүнүксүз.

Кеч күүгүмгө дейре шаарды кыдырып жүрө берет да, кечинде чөнтөгүндөгү тамекинин үч-төрт кутусу менен кайтып келет. Тамекини эшик кайтарган кары аялга кармата салат. Ал болсо муну патинко [1] ойноп утуп алыптыр деп ойлоп: «Ой ыракмат мунуңа. Сага бүгүн кол келип калган экен да ээ» - деп калат ыраазы боло.

II

Айда шаар кыдырганга чейин ар жекшембиде Фукугаванын көчөлөрүнүн бириндеги бакта селкинчекте кечке дейре олтура бергенди адат кылган.

Жаш бала сыңар селкинчекти күүлөнтүп деле тепкен эмес. Он сегиздеги балага бул одоно нерсе, бирок селкинчекти күүлөнтүп тепкенди каалаган күндө деле буга чамасы келбейт, себеби оң колунун баш бармагы менен сөөмөйү жок. Ошого оң колу менен бир нерсени жөндөп жакшы кармай алчу эмес. Жаш балдар буту менен туруп тепкен тактайга олтуруп алып, акырын гана ары-бери терменип олтура берет. Селкинчекте термелип олтурган өзүн алардын айылындагы мектептин дубал саатынын маятнигине окшотту. Кээде курсагы ачып, кечке селкинчекте термелип олтургандан башы тегеренип чыкканда айылындагы көлмөдөгү кайыкта сүзгөнү эсине түшөт. Селкинчекте да кудум кайыкта олтургандай ары-бери чайпалып олтурду.

Ачкалыктан башы айлана баштаган кезде бактын бурчундагы кибирейген тез татымга кирет да, ал жерден одэн [2] алып жейт. Тез татымдын ээси байкап калбасын деп, манжалары жок оң колун чөнтөгүнө салат да, алган тамагын сол колу менен жеп кирет. Тез татымдын ээси анын оң колунун манжалары жогун мурда эле байкаганы менен иши жок. Бир жолу Айда тез татымга кирип, ал жерде сатылып жаткан одэн тамагын көргөндө өзүн кармана албады. Өзүнчө: «Ушул акыркысы болсун» - деп туруп, тез татымдын ээси:

- Эки жүз кырк иен, -  деп айтаар замат одэн сайылган шишти колго алды да, кыңырылып жатып оң колун чөнтөктөн чыгарып, капчыгын издей баштады.

- Жок, шашпай жеп ал биринчи. Шашпа, – тез татымдын ээси жылмая күлүп, - Колго айып болгон экен. Эмнеден болду эле? - деп сурады.

Сурап калгандан кийин айтып беришке туура келди.

- Матрастын ичине шыкак чыгарган фабрикада иштегем. Машинага кестирип алгам, - деди көңүл кош гана.

- Матрастын ичине шыкак?

- Ии. Матрастын ичине шыкак. Чач, жүн, кездеме кыркындыларын суюк резинага аралаштырат да, калың кийиздей ийлеп, анан механикалык араа менен чоң-чоң бөлүктөргө кесип даярдайт.

- Ошол араага кестирип алдыңбы анан?

- Ооба. Өзүмдүн этиятсыздыгымдан.

Чынында муну өзүнүн этиятсыздыгынан улам болду деп эсине келгенде фабриканын кожоюну менен мастер айтып чыгышкан. Эмне болгону өзүнүн эсинде түзүк жок. Билбейт жакшы. Аныгы эмнеден улам болгонун ошентип өзү деле билбейт. Бирок ошондо бул этиятсыздыктан эмес, иштеп жаткан араа өзү келип эки манжасын шылып кетсе керек эле.  

- Болору болуптур, -  деди тез татымдын ээси кабагы бүркөлө. – Эң керектүү манжалар кеткен экен болгондо да. Аябай эле ыңгайсыз болуп жаткандыр ээ?

Демейде Айда анчалык деле ынгайсыздыкты сезбейт, бирок келечегин ойлогондо заманасы куурулат. Калемди түзүк кармай албагандан кийин кантип нан таап жейт? Канцелярдык жумушта иштеп кетишине башынан эле көзү жеткен эмес, мындай майып колу менен же станокту жөндөп иштете албаса, же башкасына жарабаса. Бир гана кара жумушта, оор жумуштарда иштеп кете алат. Андай жумуштарга чыдап кетишине да өзүнө-өзү ишенбейт.

- Азыр деле матраска шыкак даярдап иштейсиңби?

- Жок, типографияда иштейм. Жүк түшүргүчмүн.

- Жакшы эле айдайсыңбы?

- Жок, мен айдоочу эмесмин. Машинага жүк жүктөп, жүк түшүрүп иштейм.

Тез татымдын ээси муну түшүнүп тургандай башын ийкегиледи, анан ага унчукпастан оң колун көрсөттү. Оң колунун аты жок манжасы жок экен.

- Араа кескен эмес муну. Пулемоттун огу жулуп кеткен, -  деди.

Кийинки күнү тез татымдын ээси сурап калды:

- Жакын эле жерде турасыңбы?

- Менби? Кандда турам.

- Кандда? Ошол жактан келесиңби?

- Ооба. Автобус менен. Токио метросунун түштүк чыгышынан он тогузунчу автобус келет.

- Ошондой де. Мен сени ушул тегеректе жашайт экен десе.

Муну ал жөн жерден сураган жок. Ар жекшембиде бул жерге эрте менен келип, кечке дейре селкинчекте олтурар эле.

- Бул жерде бир таанышым жашайт, -  деди тез татымдын ээсине көзүн кысып.

- Эмнеге анда дайым эле жалгыз жүрөсүң?

- Ал үйүндө жок…

Тез татымдын ээси түшүнбөгөндөй карап калды: Бир аз туруп кир деп айтсабы. Бирок ал антип айтпады. Болгону:

- Тохоку тургундары силер өтө сабырдуусунар, -  деп койду.

Айда буга өтө таң калды. Себеби бул кишиге кайдан келгенин бир да жолу айткан эмес.

- Түшүнүктүү кылып айтсам, Тохокуда аскерде кызмат өтөгөм… Баары курман болушкан.

Айда үндөбөстөн селкинчекке кайтып келди. Ал жерден ага көчөнүн аркы башындагы караңгы тар көчө көрүндү. Тар көчөнүн кире беришиндеги бир кабаттуу тамдын артынан экинчи кабаттагы акталган үч терезе көрүнүп турат. Ортоңку терезе Миса жашаган бөлмөнүн терезеси. Ал бөлмөсүнө сонун керебет киргизип, ал жерде Тама аттуу  мышыгы менен бирге жашачу. Мышыкты айылдан өзү менен кошо ала келген. Керебетти болсо барда иштеп жүргөндө сатып алган. Айда ошол керебетке биринчи олтурган күндү эстеди. Олтура кетсе керебет чөгө түшүп, эки буту абага көтөрүлүп, Дарумага [3] окшоп ары-бери чайпалып калган.

Айда аябай таң калган ошондо. Бул матраска эмне шыкалып жасалганы түшүнүксүз. Керебет мынчалык жумшак болот деп эч ойлобогон. Алгач тынчсызданып, анан кабагы түнөрө түшкөн. Ичинде кандайдыр бир шойкомду сезгендей болгон.

III

- Бүгүндөн баштап мындай: эгерде терезеде кызыл сүлгү илинип турса, мен уктап жаткан болом, тынчымды алууга болбойт.

Миса муну жайдын аягы, бир күнү ал эрте менен саат ондо келип эшигин тыкылдатканда айткан.

- Эгерде ак сүлгү илинип турса, анда мага кирүүгө болот. Эгерде сүлгү жок болсо, демек мен үйдө эмесмин.

Ал күнү Миса эшик артынан:

- Ко-тян, бул сенби (Ко-тян – Кохэй ысымын эркелетип айтканда)? -  деп сураган жана бир аз туруп, – Бакта күтүп тур, -  деген.

Буга чейин Миса ал тургай көпөлөктүн канатындай жука ич көйнөкчөн болсо да эшикти өзү ачып, анан: «Мен дале уктап жаткам. Киресиңби мен жакка?» -  дей турган. «Көчөдөн күтөм», -  деп анын сунушунан баш тартып, анан Мисанын тар көчөнү караган терезесинин ачылышын күтүп олтура берчү. Ал эми ошол таңда Миса ага эшигин ачпай койгону аз келгенсип, кийин урушуп да салды. Алар айылдан чогуу кеткенден бери дегеле мындай болгон эмес.

«Барда иштеген жеринде бирөөлөр менен кер-мур айтыша кеткен го. Же бир аз сыркоолоп калса керек», -  деп ойлоп Миса бакты көздөй Миса барып тур деген жайга жөнөдү. Бир аз өтпөй сарыга боёгон чачтарын жайып салган Миса чуркап келди:

- Мындан ары ушундай болот… -  деп быдылдап жиберди.

«Эмнени айтып жатат», -  деп ойлоду ичинен. Сүлгү тууралуу айтып жаткан го.

- Антпесем уйкум такыр кана турган түрү жок. Экөөбүз эки башка дүйнөдө жашайбыз. Ошого эс алганда да эки башкача эс алабыз. Сен мени түшүнүшүң керек.

Бул жерде жүрүп токиолуктар сыңар бул да быдылдап сүйлөгөндү өздөштүрүп алгандай. Ичинде кайнаган бугун ушинтип быдылдап айтып чыгарып алды окшойт. Дегеле мынтип бир күн Мисанын алдында шөмтүрөй туруп, анын жемесин угам деп ойлобоптур. Ошого анын помадасы жок кубарган эрдин карап, унчукпай тура берди. Качан Миса айтчусун айтып бүткөндө:

- Түшүндүм. Баары сен айткандай болсун, - деп койду. – Болгону экөөбүз эки башка дүйнөдө жашайбыз деп такыр айта көрбө.

Миса шишиген көздөрү менен жер карап үндөбөй туруп калды. Ошондо ал жаралган жагдайды жакшы нукка буруп кетиштин амалында, оң колундагы аман калган манжаларын бирден жумуп:

- Демек, кызыл – токто, ак түс – жөнө, эгерде эч кандай белги жок болсо, анда жорголоп кетер жолуңа түш эрке дегеним дебейсиңби. Кудум эле жол белгилер сыңары, -  деп маанайын көтөрө кошумчалады.

Бирок Миса буга жылмайып да койгон жок. Анын жүзүн карабай туруп:

- А сен эмне деп ойлодуң эле? Бул жер сага айылдын жолу беле, -  деп күңк этти.

Ал күнү ошентип экөө түзүк деле баарлаша алышпады, ошого көчөдө бир аз турушкандан кийин эле таркап кетишти. Кийинки жекшемби келсе Мисанын бөлмөсүнүн терезесинде эч кандай сүлгү  жок болуп чыкты. Демек бул ал үйдө жок дегендин белгиси. «Мүмкүн сүлгүнү илип койгонду унутуп калгандыр», -  деп ойлоду ал  ичинен тар көчөдө туруп. – Уктап жаткан адамды беймаалда ойготсо баары эле ачууланат да.

Акырында ал анын эшигин каккылап көрмөйүн көңүлү жай албасын түшүндү. Ал тепкич менен өйдө көтөрүлүп чыкканда ажаткана эшиги кыйч эте ачылып, үстүнө пахтадан кимоносун жамынып, оозуна тиш щёткасын салган боюнча Мисанын коңшусу Хаясида-сан чыга келди.

- Миса-тян бир жакка кетти, - деди ал.

Таазим кылып, чыгып кеткенден башка эчтекенин кереги жок. Демек, Миса сүлгүнү атайын илбей кеткен. Тар көчөдө ал Мисанын терезесин караса илинген эчтеке жок. «Кете бер, мен үйдө жокмун», -  деп Миса шыбырагандай болду.

Бирок ал көчө тарапка өтүп, бакты көздөй бет алды. Ал жерде эч кандай орундуктар жок экен, ошого селкинчекке отура кетти. Ага тар көчө жана Мисанын бөлмөсүнүн терезеси көрүнүп турду. Кетип калганга аягы тартпады. Үйүнө барса ал жерде ээн бөлмөдө алдыга салган кунарсыз төшөнчүсүнөн башка эчтеке жок, ошого кетип калганга эч көңүлү чаппады. «Андан көрө Мисаны күтүп ушул жерде эле олтура бергеним оң”, - деп ойлоду.

Миса кечинде да кайтып келген жок. Ушундай көрүнүш кийинки эки жекшемби катары менен кайталанды. Терезеде эч кандай сүлгү көрүнбөйт. Кечинде бөлмөдөн жарык чыккан жок. Ага карабай кийинки жекшемби дагы үйүнөн чыгып, түз эле бакты көздөй жөнөдү. Жолдо баратканда Миса үйдө бүгүн да жок болуп чыгарын билип турса да, кайра артка кайтууга даай албады. Ал барбы, жокпу – терезесин карап билип гана жаны жай албаса, башка айласы жок. А мүмкүн ал бүгүн үйүндө болсочу? Мүмкүн терезеде бүгүн ак сүлгү илинип турган чыгар.

Ошентти да «мүмкүн» деген үмүткө жетеленип бакка келди, кеч күүгүмгө дейре күтүп олтурду. Бул ага ар жекшембидеги адатына айланды. Түш ченде селкинчекте олтуруп тажап, бирок өзүн карманды. Тез татымдын ээси айтмакчы ал сабырдуу жан, бирок кеп мында деле эмес. Токиого келгенден бери анын жарпын жазары – бул Миса менен кечке дейре ар кайсыны сүйлөшүп олтуруу эле, андан башка эрмеги деле жок.

Жалгыздыкта Мисаны күтүүдөн тескерисинче ыракат ала баштаганын сезди. Миса кайтып келбеген күндө да, убактысын текке коротуп бул жерде олтурганына өкүнгөн бир да күнү болбоду. Мисанын бөлмөсүнүн терезеси батып бараткан Күнгө чагылыша баштаган кезде, тез татымдан мурунду өрдөгөн токоч жыты Айданын мазасын алат. Көзүнөн жаш чыкканга чейин шилекейин жутуп олтура берет. Ал селкинчектен турду. «Барып үч порцияны уруп ал да, кайра кел», -  деп ойлоду, ошол жакты көздөй бет алды. Бирок тез татымдын ээси:

- Бүгүн да бекер эле убара болдуң, -  деди.

Мындай сөздү угуу деген кандай азап.

Бул Миса деген кызга эмне болгон өзү? Темселеп кайда жүрөт? Же жекшембиде бир курдай үйүндө болбосо.

IV

Бир жолу ал: «Мүмкүн Миса бул жерден биротоло кеткен чыгар?” -  деп ойлоду. Акырын тепкич менен өйдө көтөрүлдү. Эшик алдында кароолго окшоп Мисанын мышыгы олтурат. Мышыгы бул жерде калган соң, Миса өзү да үйдө болууга тийиш.

Анын көңүлү жай ала түштү. Манжасы менен мышыктын башын акырын чапкылады, бирок мышык кыймылдап да койгон жок. Көзүн жумган калыбында үн чыгарбай мыйоолоп, кайра тим болду.

Айда айылда жүргөн кезде деле мышыкты анча жактырбай турган. Миса мышыкты жактырарын билип гана бул мышыкты жактырып кароого далалат кылды. Мындан эч кандай майнап чыккан жок. Тескерисинче, мышыкты андан бетер жек көрүп баштады.

Алар Токиого алгач келгенде бул мышык муштумдай кичине эле. Миса муну кичинекей корзинага салып алып келген. Айда бул мышык кара жолтой мышык деп саначу. Миса болсо бул кара жолтой немени өзү менен кошо ала келди.

Миса айылда жүргөн кезде нан чыгарган заводго ишке тартылып, бирок үч ай иштегенде ал жерден бошоп, кийин көчөдөгү киоскага ишке кирген. Төрт ай иштеп-иштебей ал жерден да чыгып, ашканага официант болуп ишке кирген. Андан кийин чачтарачканада, кафеде, тез татымда жана башка ар кай жерлерде иштеп, азыр эми барда хосутэсу [4] болуп иштеп жаткан. Үч жылда ошентип жумушун ондон ашуун алмаштырды.

Миса анда болуп жаткан азап-тозокторго мышыгын күнөөлөп наалып калчу. Мышыгынын айынан эле жаман көрүнүп бүтөт да, анан ишинен ыргыйт. Айда Мисаны бир аз жеңил ойлуу, оосар кыздардан экенине түк ишенгиси келбей, ушул мышыкты жек көрчү. А чынында Токиого келгени Миса бат эле башкача болуп өзгөрдү, мурунку Миса деген жок. Бирок Айдага бул сезилген жок. Бардык балээни баштаган ушул кара жолтой мышык  деп, аны жек көргөнү көргөн. Ушул кара жолтой мышыктан Миса дубаланып, башы айланып, ар кайсы жерде темселеп калды деп ойлойт. 

А чынында жумуш жагынан өзүнүн деле жолу болбоду. Алгач тез татымдын суси [5] берген жеринде иштеди, бирок ал ишин да жөндөй албай, ал жерде иштегендерге шылдың болду. Кирип келген кардарлардын жүзүнө карап: «Кош келиниздер!» -  деп үнүн бийик чыгарып айтышка такыр көнө албай койду. Кардарларга унчукпастан башын ийип таазим кылат да, башка эчтеке айта албай, элейип, жалдырап карап туруп калат. Ошондой тартынчаак мүнөзүнүн айынан ал ишинен да куулду.

Тез татымдан бошогондон кийин европалык кондитердик ишканада, кытай ресторанында жана башка жерлерде иштеп көрдү. Барган жеринде эшектей эзип иштеткенден башка, бир да түзүк бирдемеге үйрөтүшпөйт. Акыры мындан тажаганда эч кандай кардарларга алмай-сатмайы жок иш издеп жүрүп, анан матрас чыгарган фабрикага ишке орношкон. Ал жерде жарым жыл иштебей, бешенеси жок неме оң колунун манжаларын араага кестирип алды.

Эгерде Миса үчүн анын мышыгы кара жолтой болсо, мен үчүн кара жолтой нерсе менин ичимде жашап алган деп ойлоду. Ошого барган жеримде эч эле ишим жүрүшпөйт.

Бул мышык быйыл төрткө чыгат. Даңкыйган бетпак мышык. Миса жумшак керебетинде мышыгын кучактап жатканын көргөндө: «Үч жыл мурда мени менен айылдан Токиого келген кыз ушунча да өзгөрөбү», -  деп көргөн көзүнө ишенбей өзүнчө ойго баткан.

V

Ноябрдын орто ченинде, жекшембиде түшкө жуук ал бактагы тез татымда суси жеп олтурган. Анан тез татымдын ээсине тамактын акчасын төлөп жатып, жанынан конгасуриден [6] кыска кимоно кийген Хаясида-сан өтүп баратканын байкады. Хаясида-сан мончого бараткан шекилдүү. Чачтары суу, колунда сүлгү. Айда ийилип салам жолдоду.

Хаясида-сан басыгын жайлата калып, аны таңыркай тиктеди. Айда ага дагы бир жолу ийилип салам жолдоп, селкинчекти көздөй жөнөдү.

- Кечиресиң… - деп үн катты Хаясида-сан аны артынан жетей келип. Андан ары Миса үч күн мурда бул жерден чыгып, башка районго көчүп кеткенин айтты. Айда бирдеме деп айтам деп, бирок башына эч нерсе кирбей дендароо абалда калды.

- Менимче сен аны дагы деле күткөнү турасың  го, -  деди Хаясида-сан. – Мейли, жакшы кал анда.

Хаясида-сан үйүн көздөй жөнөдү. Айда аны артынан токтотту.

- Кайда көчүп кетти?

- Билбейм. Ал эчтеке айткан жок. Үйдүн тургундары эч кимиси билбейт. Ал тургай эшик кайтарган чал деле. – Хаясида-сан Айданы карабай туруп, эки жума мурун Миса ага жолугуп, бир кенен үйгө көчүп жатканын сүйүнүчтүү айтканын да кабарлады. - Мындай үйлөр Токиодо толтура да. Сага кабарын айткан жокпу?

Айда башын чайкады.

- Жоо… -  деди ал айылдыктарча. Эмне кылыштын айласын таппай, элейип туруп калды.

- Эчтеке эмес, жакында сага бир кабарын айтар. Күтө тур, башка эмне кылмак элең. Кой, мен кетейин, - Хаясида-сан бакчанын дарбазасынан чыгып кетти. Анын артынан Айда да чыкты. Бул бакчага эми эч качан келбешин билген соң, тез татымдын ээсине эч болбосо  «жакшы калыңыз», -  деп кол булгап коюшка деле жарабаптыр. Эмнегедир ичиркене түшкөнүнөн жемпиринин жакасын көтөрдү.

Монмаэ Никаматиге кантип келгенин, автобус токтоочу аялдамадан кантип өтүп кеткенин да байкабады. Ээнсиреген бөлмөсүнө кайтып баруу кандай азап. Ошого шашкан деле жок. Жөө жөнөдү.

Энъбаси көпүрөсүнө келгенде аны асманга учуруп жиберчүдөй катуу шамал башталды. Кайдадыр белгисиз жактарга учуп кетчүдөй коркуп, темир тосмолорго келип токтоп калды. А чынында ал өзү учуп кетпей эле, өз колунан жибинен үзүлгөн батперектей Мисаны  учуруп жиберди.

Нихонбасиге дейре жөө келди. Үйгө кайтууга али эрте. Чоң универмагдын алдындагы тротуарда котолоп турган элди көрдү. Ошол жакты көздөй барды да, аларга аралашып кетти. Кире бериште: «Жапон бонсай [7] берметтери» деген жарнак илинип турат.

«Бон» деген иероглифти көргөндө башы тумандап кетти. Жеңи менен көз жашын аарчып, жарнакка дагы карады. Көзгө тааныш иероглиф! Анын айылында Бон майрамы [8] башка айылдардан бир айга кечигип, он үчүнчү августта башталат. Күүгүм түшкөндө элдин баары тоо этегиндеги мүрзөдө жайгашкан ибадатканага барып, ар кимиси көзү өтүп кеткен өз жакынынын бейитине карагайдын жоон тамырынан даярдалган шам жагышат. Караңгы киргенде тоо этегиндеги мүрзө жыбырап жанган шамдарга толуп, ибадатканага барган таш жол өрттөнүп жаткан көл аркылуу ибадатканага өткөн көпүрө сыяктанып көрүнөт.

Токиого кеткенден кийин айылына Жаңы Жыл майрамына деле, Бон майрамына деле барган жок. Жок, ал үйүнөн безген деле жери жок. Жөн гана баргысы келбеди. Атасы өлгөндөн кийин алардын үйүнө бир тентиген алып сатар киши апасынын үстүнө күч күйөө болуп кирип алган. Ошондон кийин Айда өз үйүнө өзү батпай, түрткүнчүккө айланды. Ошондо Айда мектепти бүтөрү менен айылдан кетем да, бул үйдү желкемдин чуңкуру көрсүн деп чечти. Бирок азыр «бон» деген иероглифти көргөндө, анын эсине Бон майрамында күйгөн шамга толгон мүрзө жана өзүнүн туулган айылы эске түштү. «Сай» деген иероглифтин маанисин түшүнө албады. Жапониянын ар кай жеринде өткөн Бон майрамында көргөзмөгө коюлган буюм тууралуу болуп жаткан сыяктуу. Мындай көргөзмөгө катышпай коюу эч мүмкүн эмес.

Бирок эскалатор менен залга көтөрүлүп барганда ал жерден кичинекей дарактар олтургузулган бир нече ондогон карапалардан башка эчтекени көрбөдү. Алар үстүнө ак болотнай жабылган жапыз текчелерге коюлуптур. Ал көздүн жоосун алып ийилген кичинекей карагайды карап үмүтсүз токтоп калганда, артынан бирөө түрткөндөй болду.

- Айда-кун?

Ал чочуп артын карады. Бир кезде ал иштеген матрас чыгарган фабрикада кароол болуп иштеген Цуру-сан туруптур. «Таң калыштуу жерде, таң калыштуу кездешүү», -  деп ойлоду ичинен. Цуру-сан да таң калып жаткан сыяктуу.

- Бул жерден сага жолугам деп оюма да келбептир! – Цуру-сан толкунданып кетти. – Эмне, сага да бонсай жагабы?

Карапага олтургузулган кичинекей дарактар бонсай деп аталарын Айда эми түшүндү.

Алар көргөзмөгө келгендерге тоскоолдук жаратпаш үчүн четке чыгып сүйлөшө кетишти. Цуру-сан: «Кол кантип калды», -  деп сурады эле, ал чөнтөгүнөн шып эте колун сууруп чыгып, көрсөттү. Фабрикада иштеп жүргөн кезден эле Айда ушул кашкулакка окшош жигит Цуру-санга ылым санап, көңүлү жакын эле. Цуру-сан да бир заматта эки манжасынан ажыраган ага ичинен жаны ачып, аны аяп турган сыяктуу.

Айда бонсай көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып жаткандыктан, Цуру-сан көргөзмөнү чогуу көрүү сунушун айтып, алар карапалар тизилген текчелерди бойлоп басып жөнөштү. Цуру-сан ага чейин эле бир сыйра көрүп чыккан экен, ошого Айдага ар бир экспонанттын өзгөчөлүгүн, аны жасоонун машакаттары тууралуу божурап берди. Мунун баарын анын кулагына шыбырай, эбиреп-жебиреп түшүндүрдү. Айда толкундануу менен:

- Бардыкты билет экенсин! -  деди.

- Бул искусство менен көп жылдан бери иштейм. Чынын айтсам, дагы көп чыгармаларымды бул жерге коюшка үлгүрбөдүм. Бирок менде дагы керемет чыгармалар бар. Ишенбесең жүрү, үйдөн көрсөтөм, -  деди Цуру-сан.

Дарактарды мынтип келиштирип, сөңгөгү менен шактарын бурап киргизип салбай, даракты топуракка олтургузса болмок деп ойлоду Айда. Шактары тарбайган жапон арчасын, анын жанына үч хиноки [7] коюп койсо куп жарашып калмак. Ага карапага бирдей дарактар токойчо түрүндө өскөн пейзаждар өзгөчө жакты. Карапага олтургузулган кэйяки [8] дарактары токойчону элестетип, тим эле тирүү токой көз алдыга тартылат.

Ошондуктан качан Цуру-сан ага кайсынысы жакканын сураганда, ойлонбостон туруп:

- Пейзаждар, -  деп жооп берди.

- Ошондой де! Мен да ошентип ойлогом, -  деди Цуру-сан кубануу менен. – Мага да пейзаж бонсайлар жагат. Өзүм да аларды жакшы өстүрөм. Сага көрсөткүм келет. Чын айтам, бир күн мен жакка кел болбосо. Менде көптөгөн пейзаж түрүндө бонсайлар бар.

Цуру-сан блокноттун бир барагын айрый салып, ага анын үйүнө метро бекетинен кандайча келүүнүн жолун сызып көрсөтүп берди.

- Кийинки жекшембиде келе аласыңбы? -  деп сурады.

Кокусунан айтылган сунушка Айда чочуп кетти, бирок мындан ары эч качан Фукугавага барып, бакта Мисаны күтүп олтура албашын, эми анын «төрт тарабы кыбыла» экенин эстеди. Цуру-сан экөө бонсай көрүп жүрүп, Миса аны таштап, белгисиз жактарга житип жок болгонун унутуп калды.   

VI

Бир жуманы ал жөн эле жүрүп өткөрдү. Миса Фукугавада жашап турганда бир жума бир жылга тете узакта өтчү. Азыр эми бир жума билинбестен өтүп, бат эле жекшемби күн кирип келди. Адатынча ал үйдөн чыкты, бирок эми бара турган деле жери жок. Ошого ал Цуру-санга жөнөдү.

Цуру-сан Аракава дамбасына жакын жердеги кир көчөлөрдүн биринде турат экен. Жашаган үйү тар көчөнүн этегинде жайгашып, ал ойлогондон бир топ эле тар, чакан экен. Короого кирер замат таң калуудан эки көзү топтоголок болуп туруп калды – текчеде кичикий дарактар олтургузулган карапалар толтура жайнайт. Цуру-сан мындай иштин устасы болуп калыптыр деп ойлоду.

Цуру-сан ага атайын пейзаж түрүндөгү бонсайларды бир текчеге тизип коюптур. Ошол жерден көргөзө баштады. Пейзаждардын бирисин көрүп Айда аябай таң калды. Жалпайган иймек карапага бир жагына бийик көтөрүлүп, экинчи жагына ылдыйлай жайылып топурактан адыр жасалыптыр. Адырдын бети жашыл балыр менен жабылып, жер бетинде өскөн майсаң чөптү элестетет да, майсаң чөптүн үстүнө жыйырмага жакын дарактар отургузулган. Бир караганда анын туулган айылынын түштүк тарабындагы эмен токоюн элестетет. Айда бул пейзажды көрөр замат, таң калуудан селейип, ордунда катып калды. Маңдайында карапага салынган анын туулган айылы турат!

- Кандай экен? Бирөө-жарымы жактыбы? - деди Цуру-сан.

Айда үндөбөстөн карапага салынган туулган айылын колу менен көрсөттү.

- Аа, эмен дарактары жактыбы, -  деди Цуру-сан. – Жакшы жасалган. Мобу арча токойчо да сонун, туура айтамбы?

Бирок Айда эмен токойчосунан башкасын карагысы да келген жок. Карапага салынган, эмен токойу бар туулган айылынан кетип кала албай, селейип карап тура берди.

Оюнда өзү туулган айылында жүргөн кездери элестеп, көзүнөн мөлт-мөлт эте жашы агып кетти.

- Сага эмне болду? -  Цуру-сан аны далыга таптаганда гана өзү  азыр Токио көчөсүндө турганын билди. Цуру-сан анын жүзүнө тигиле карады. Айда жүзүн ары буруп кетти да, көз жашын жеңи менен аарчып, муңайымдуу калыбында желке чачын колу менен таранды.

- Менин туулган айылым. Туулган айылымдын дал өзү. Айылымдагы эмен токой. Менин балалыгым ошол токойдо ойноп жүрүп өттү.

- Эгер ошончолук эле жагып жатса алып кет анда. Кийин кайтарып бересиң. Кааласаң дагы башкасын берем, бирок буларды караштын машакаты толтура. Алып барып айылыңа куса болгондо муну карап, сагынычыңды жазып тур, кийин сонун таркаганда кайра бересиң. Күнүнө эки жолудан сугарасың. Жөндөп кетесиң дейм.

Айда башын ийкеди. Жок жерден мынтип күтүүсүз белекке ээ болуп олтурат. Үйүнө муну такси менен алып келди. Миса жок кезде таксиге деле олтурчу эмес.

Ошол кечте карапаны төшөгүнүн башына коюп алып, кечке суктанып карап жата берди. Аны карап жатып кандайча уктап кеткенин да сезбей калды. Ошондон бери эрмеги ушул карапа. Жумуштан келет да, төшөгүн салып, карапаны баш жагына коёт, тээ түн бир оокумга чейин карапаны карап жата берет.

Бонсай тоонун булак сууларынан топтолуп, анын туулган айылын аралап аккан жайылган суудай формада жасалып, анын айылын элестетип турат. Аны караганда булактан оргуштап атып чыккан суудай туулган айылы тууралуу эскерүүлөр биринин артынан бири чууруп чыгат.

Карапага салынган туулган айылын карап жатуу ага эң эле сонун эрмек болду.

Көк майсаң чөптөн көйнөк кийип, айылынын адырлары жайкалып жатат ана. Үйүнүн жанындагы адырдагы көк майсаң чөптө кичинекей Айда жатат. Көздөрүн жумуп, колдорун башына жазданып алган, ширеңкенин чийиндей кичикий Айда ошол. Айланасын асманга боюн кере өскөн эмен токой айланасын курчап турат. Дарактардын башын шуудуратып соккон сыдырым жел. Айылын аралап, шар аккан суунун добушу. Түркүн-түркүн чымчыктардын сайраганы. Алыста бирөө  балка менен орогунбу, же чалгысынбы – чыңк-чыңк эттире чыңоодо. Ибадатканадан коңгуроо үнү угулат… Майсаң чөптө жаткан кичинекей Айда көзүн акырын ачып, көктү карады. Көпкөк ачык асманда жалбырактары чачтай өрүлгөн эмендин баштары көрүнөт. Ал ордунан туруп, жалгыз аяк жол менен эмен токоюна кирип кетет… 

Бир жолу көзүн жумуп жатса, аны бир кыздын үнү ойготуп жиберди:

- Ко-тян!

Ал башын көтөрдү. Ыраакта дарактардын арасында жүзү албырып, жаштык деми менен Миса көрүндү.

- Бул сенби? Кайда бекинип алгансың? – таң калуу менен сурап, ордунан козголмокчу болгондо ойгонуп кетти.

«Мисаны издешим керек», -  деп ойлоду ал. Хаясида-сан ал өзү кабарын бергиче күтө тур деди, бирок ал ошондо көңүлүмдү алыш үчүн гана айтканы эми белгилүү болду. Миса эч качан жекшемби күндөрү үйдөн чыкса, ага эскертип айткан эмес. Эми чыгып кеткен барабар өзү жок. Өзүм издебесем болбой калды.

Ошондо Токиодо көп батирлүү үйлөр толтура, эгерде бир күндө үч-төрт үйдү аңтарып издеп чыксам, мага канча жыл керек деп деле ойлобоптур. Аны издеп табам деген оюнан кайткан жок.

Ар жекшембиде бонсайды үйдө калтырып, шаарды түрө кыдырып Мисаны таппай, кечинде шалпыйып үйүнө кайтат.

VII

Акыркы жекшембиде Жаңы Жыл алдын, адатынча кечке шаар кыдырып Мисаны таппай үйгө бутун тарта албай кайтып келип, жакын арадагы мончого жөнөдү. Оң колунун жарааты көчөдө кечке жүргөндөгү сууктан уламбы, сыздатып оорутту. Мончодо бир сыйра чайканып, тазаланып үйүнө кайтты. Фанера эшиктин артынан үй башкарма аялдын үнү чыкты:

- Уктай элексиңби, Айда-сан?

- Жок али, -  деп жооп берди да, үстүнөн чечкени жаткан свитерин кайра кийип, каалганы ачты. Аялдын жанында көзүн ымдагылап, орто жаштагы, ирбийген киши шөлбүрөп чоң келген плащ кийип турат. Аял аны тергөөчү деп тааныштырды.

Муну укканда Айда кетенчиктей берди. «Үймө-үй кыдырып эмне иш кылып жүрдүң деп суракка алат эми», -  деп ойлоду.

- Айда Кохэй деген сенсиң да, туура айтамбы? - деди тергөөчү жай гана босогону аттап. – Митобэ Миса аттуу аялды тааныйсызбы?

«Мисаны кайдан тааныйт бул киши», -  деп өзүнчө таң калды, тааныйм деп жооп берди. Кимиси болосуң деп сураса, жооп бериш кыйынга турбайт, анткени шаар кыдырып Мисаны издеп жүргөндө бул суроого нечен ирет жооп берип көнүп калган.

- Мисага күндүзү жолуктуң беле? - деген суроосуна сентябрдан бери көрө электигин айтты.

Тергөөчү башын ийкеди, Айда анын сурагы бүттү деп ойлосо, тиги мыйыгынан жылмайып, кечээ кечинде кайда болдуң, эмне жумуш жасадың деп дагы сурады.

- Кечинде? Үйүмдө болдум, бул жерде. – Ал буту менен акырын татамини [9] таптап көрсөттү.

- Эртеден кечке үйдө болдуңбу? – Тергөөчү мыйыгынан күлгөнү менен, бирок көздөрүн чекирейтип андан көзүн албай турду. – Эмне иш кылдың үйдө?

- Эмне иш? Пейзажды тиктеп олтургам.

- Эмнени?

- Пейзажды. Бонсай.

- Ммм! – тергөөчү бөлмөгө бир сыйра көз жүгүртүп карап чыкты. – Кана ал, бонсай? Көрсөтчү.

- Мына. – Айда айнек эшикти ачып, айнек тосмолорун ача салып, бут алдында суу каптаган балкондо турган бонсайын көргөздү. Тергөөчү колдору менен тизесин таяна эңкейди да, карапага тигилип карап калды.

- Ушулбу, бонсай дегениң?

- Ооба.

- Кандай дарак тиги?

- Эмен.

- Эмен?  Алардын тамыры бар деп эч ким ойлобойт. Бутакты эле сайып койгондой.

Айданын денеси калтырап чыкты. Бир шойком иш болгондой. Үндөбөстөн чөгөлөй олтура кетти да, эмен дарактарынын бирин тарткылап койду.

- Митобэ Миса аттуу кыздын өлүгү табылды.

Айда чочуп кетип колун эмен дарагынан тартып алды.

- Газга ууланып өлүптүр. Мэгуро районундагы эски үйлөрдүн биринде, -  деп айтты тергөөчү.

Айда ордунан атып турмакчы болду эле, бирок өзүн жаман сезип, олтурган бойдон калды.

- Өз жанын өзү кыйыптырбы?.. - деп сурады, колдору менен тизесин бекем кучактаган калыбында суу балкондо таштай каткан бетон дубалдарды тиктеп.

- Эч кандай кат калтырган эмес. Өзүн өзү өлтүргөнгө окшобойт. Түнү уйкуда жатканда газ баллонду бир тээп, газ баллондун резина түтүгү чыгып кетиптир. Өлөрчө мас имиш экен. Кечээ рождество майрамы эмес беле.

Тергөөчү колу менен тизесин таянып, эңкейип олтурган калыбынан жазган жок.

- Миса-тян жалгыз бекен?

- Ооба. Жанында мышыгы бар экен. Ал мышык ошол замат белгисиз бойдон жоголуптур. Эшиги да ачык калыптыр.

Айда бери бурулду. Тергөөчү өйдө болду.

- Жаңы Жылдын алдын айылга барасың да, Миса-тяндын ата-энесине бул кабарды угузасың. Этияттап угуз, -  деди да эшикти көздөй жөнөдү. – Тынчыңды алганым үчүн кечиресиң.

Ошол кечте Айда Кохэй жоголуп кетти. Эрте менен үйүнөн эч ким чыкпаганынан, үй башкарма аял анын үйүнө баш бакты. Төшөгү салынган бойдон калыптыр. Өзү жок болуп чыкты. Жарык күйүп, карапа салынган айнек идиштин эшиктери ачылган бойдон калыптыр. Бөлмө ичи түндө кандай болсо, ошондой бойдон калыптыр. Болгону качан кирсең чөгөлөй олтуруп, карапага салынган токойчону карап олтурган Айда ордунда жок.

Бөлмөдөн аял анын жемпири менен байпагын тапты. Бут кийим салынган жашикте анын гэтасы турат. Демек ал сыртка жылаңаяк, үстүнө свитерин гана кийип чыгып кеткенби? Иштеген жерине чалып сурады. Алар Айда Кохэй жумушка келген жок деп жооп беришти. Аял столдун тартмайын караса, эч кандай кат деле жазып калтырбаптыр.

Ал үйүнө эртеси, анын эртеси да келген жок. Жаңы Жылдан кийинки эмгек өргүү күндөрү өтүп жатты. Аял аны өзүнүн туулган айылына кеткен го деп ойлоду. Кийин анын айылына телеграмма уруп жиберди. Беш күндөн кийин: «Айда Кохэй айылга келген жок», -  деген жооп келди. Арадан он күн өттү, жыйырма күн өттү. Кохэй үйгө келген жок. Бонсай мурдагыдай эле балкондо турат. Аны сугарган адам жок, топурагы кургап, балырлары түлөп баштады. Карападагы токойчо ошентип куурап да калды.

Чаң аралаш шамал башталганда, карападагы эмен дарактардын биринин бутагына илинип калган кичинекей көпөлөк ары-бери чайпалып турду. Бирок ал көпөлөк эмес экенин эч ким капарына алган жок. Ал жерде асынган абалда Кохэй өлүп жатты.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Москва шаары.

[1] Патинко - оюн автомат.

[2] Одэн –  жапондордун сууга бышырылган жумуртка, балыктын эти, козу карын, коньяк, соянын соусу кошулуп даярдалган, көбүнчө кышкысын, суукта ичилчү улуттук тамагы.

[3] Дарума – ванька-встанька сыяктуу оюнчук.

[4] Хосутэсу – барда кардарларды тейлеген кыз (англ. hostess - кожойке).

[5] Суси – сууга бышырылган күрүчкө уксус жана шекер  аралаштырып, үстүнө балык, жумуртка же жашылча коюп даярдаган токоч.

[6] Конгасури – көк түстөгү, буурчактай ак чекиттер түшүрүлгөн, пахтадан жасалган кездеме.

[7] Бонсай – жайык карапага олтургузулган майда дарактардан токойчо.

[8]  Бон майрамы – жапондордун көзү өткөндөрдү эскерүү майрамы.

[9] Татами – жапондор үйдүн полуна төшөө үчүн жер төшөк сыяктуу, ичине күрүчтүн саманы шыкалган жерге салма.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз