Болот Шердин эл оозунан түшпөгөн эмгеги

  • 22.06.2020
  • 4060

Эрендердин эр оюну көкбөрүнүн зоболосу көкөлөп, көкбөрү мелдеши бир гана кыргы-казактын ортосунда уюшулбастан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Россия, Индия, Иран, Монголия өлкөлөрүнөн бери тандалма командалар келип, Болот Шердин эрдиги эл оозунан түшпөй турган кез болду эле бир. Ошондо Болот Шердин эмгегин («Аалам» гезити (№13. 18.02.2005-ж.) элдин каймагы саналган интеллигенция өкүлдөрү кеп кылган экен төмөндө...

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: акын

— Көкбөрүнү кайра тирилткендердин башында Болот Шер турду. Алгач буга бышкыргандар, ышкыргандар болду. Кооку баштар «өлгөн Көкбөрүнү өз жайына койгун» дешти. Болот Шер көгөрдү. Көгөрмөйүн кызыл-тазыл бойдон жүрө берет, кызыл жаян болуп. Манаска чейинки, андан кийинки бабаларыбыз да ушинтип болбосту болтурарда, толбосту толтурарда Жердей түнөрүп, Көктөй көгөргөн. Көгөрүп атып көктө болсо — көктөн эңип түшүп, көрдө болсо — көрдөн сүйрөп чыккан. Болот Шер ошентти. Көкбөрүнү көрдөн сүйрөп чыкты. Көрсө, төрдө Жатар Көкбөрү, элде жатар Көкбөрү көрдө жаткан экен. Болот Шер сүлдөрү калган Көкбөрүнү сүйрөп олтурул, басмайылын — Батышка, чылбырын — Чыгышка, ооматын — Оруска, кылымын — Кытайга сунгузду, кыргызга эстелик тургузду. Эми аны урчоку кылбай улап кетмей гана калды. Эрдикте күбө болбойт дешет. Эгер эл муну эрдик деп бааласа, анда аны жасаган Болот Шерге ырахмат!

Ашыраалы АЙТАЛИЕВ, КР эл артисти: — Унутта калган өнөрдүн учугун улап, башын бириктирип берген ушул жигитти кыргыз эли көкөлөтүп алаар жердебиз. Качанкы бабалардын унутта калып бараткан көкбөрү оюнун мынчалык дүйнөгө көкөлөткөндүн өзү оңой иш эмес. «Ийгиликтин ээси көп» дегендей, муну бир ушул Болот баштабаганда, көкбөрү дегенди биз азыр жомок катары гана небере-чөбөрөлөрүбүзгө айтып калышыбыз мүмкүн эле.

Тууганбай АБДИЕВ, КР эл артисти: — Ушундай эр-азаматтар гана улуттун байыркы касиетин сактап калбаса, биз улут катары каада-салтыбыз менен тарыхыбызды унутуп калчу улуттун бирине айланып баратабызбы деп корком. Кийинки муундагылар көкбөрү өнөрүнүн таржымалын Б.Шерниязовсуз унутуп калышы деле мүмкүн эле, мына ошол жок болуп кетер оюнду бүгүнкүдөй бийиктикке көтөргөндүгү үчүн биз аны Манастын кырк чоросунун бири сыяктуу улуттун эр-азаматы деп билебиз.

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, КР эл акыны: — Көкбөрүнү илгертен казак-кыргыздар эле билчү. Азыр ал Болоттун демилгеси жана ишкердиги менен эл аралык спорттук чоң оюнга айланып кетти. Демек, көкбөрүнү азыр дүйнө эли билди жана ар бир улут аны өздөрүнчө өнүктүрө баштады. Бирин-экин улутка гана тиешелүү болуп келген бул уникалдуу өнөрдү дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, «эл аралык» деген түшүнүккө чейин жеткирүү оңой түшүнүк эмес. Мунун өзүндө чоң патриоттуулук сезим жатат жана бул кыргыз элинин абийири, даражасы.

Рамис РЫСКУЛОВ, КР эл акыны: — Кыргызды дүйнөгө тааныткан бир Айтматов болду… Чыңгыздан кийин эле Болот Миңжылкиев, Сүймөнкул Чокморов, эң акыркысы Төлөмүш Океев болду. Эми карап тургула, көкбөрүнү көкөлөткөн Болот Шерниязов баарынан ашып түшөт. Илгери мен көк чимкирик балдарга аралашып, эшек минип улак тартышчу элем, чоңдор «сумасшедший» оюн дешип, тыюу салган саясат жүрө баштаганда улак тартышмай менен кошо эшектердин да тукуму үзүлүп барып токтогон. Мага окшогон улакчылар ошондон кийин акын болуп кеткенбиз. Эгер азыр көкбөрүчүлөрдүн күчтүү командаларынын бири мени да кошуп алышса, стратегиялык тактика мындан да туура болмок, дүйнө кыргызды ошондо тааныйт!

Салижан ЖИГИТОВ, филология илиминин доктору, профессор: — Улутка жапакеч Шерниязовдордун чыныгы патриот экенин коомчулук жакшы билип калды. Баары эле «аганы көрүп ини өсөт» болбосун турмушта көрүп атабыз. Азыр кыргыздын бечара аристократия чөйрөсү тапкан-ташыганын жалаң тойлорго жумшаса, алардан айырмаланып, Шернияздын тукумун улагандар эл деп жанын сабап жүрүшөт.

Бексултан ЖАКИЕВ, КР эл жазуучусу: — Кыргыз жигиттеринин намысын ойготуп, эр жүрөк, тайманбас болууга тарбиялап аткан бул жигиттин бардык далалаты мени өтө кубандырып жүрөт. Адегенде качанкы тыюу салынган көкбөрүнү эл аралык спорттун деңгээлине жеткирген эрдигине сыймыктансам, кийин ата-бабаларыбыздын тарыхын тааныр иш сапары менен Алтай жергесине чыгармачыл интеллигенциянын бир топ өкүлдөрүн өз чөнтөгүнөн алып барып келгенине андан бетер сыймыктандым. Кыргыздын сезимин ойготор мындай иштерди жасаш ар кимдин эле колунан келип атабы?! Улуттук өзгөчөлүгүбүзгө жаңы өңүттөн караган мыңдай көсөм жигиттерибиз азыр өтө эле жетишсиз. Мен ашкере улутчулдукту жактыра бербейм, бирок Болот Шерниязов өңдүү улуттун улуттук балуулуктарын терең түшүнө билген эр-азаматтардын катары көбөйсө деп Кудайдан тилейм.

Түгөлбай КАЗАКОВ, композитор:

— Эр жигитиң көп болсо, эркиндигиң мол болор. Бири — бийликтин кулу, бири — байлыктын кулу, бири — арактын, бири — тамактын кулу болуп турганда элдин уулу шыр эле көзгө керүнөт. Бирок андай өзү сүйгөн уулдарды Теңир бизге өтө эле аз берет (баркына жетпейт деп коркот окшойт). Ошолорун бири — Болот-Шер. Ал мактанганды жаман көрөт. Эч кимге каралашпаса деле көрдө жаткан көкбөрүнү өргө тартканы үчүн тарыхтын бир бүктөмүн алып түшмөк. Бокени болсо улут келечеги, ар-намысы, таланттардын таштанды тагдыры уктатпайт турбайбы. Максат жолунда өтө көк экен. Мындай жигиттер улуу дөөлөттөрдүн гана алдына таазим этишет. Аларды күчкө салып баш ийдирем деген өтө макоо кишинин иши, бөрү баласын ит кылам дегендей эле кеп.

Болоттой жигиттердин качан болсо ашуусу бийик, кечүүсү терең болот. Бирок ошол катаал жолдо аларды Атажурт үчүн жан кыйган ата-бабаларыбыздын, азаматтардын арбактары колдоп жүрөт экен.

Мамасалы АПЫШЕВ, жазуучу:

— Болот Шерниязовдун адеп көкбөрү тууралу идеясын мынчалык бийиктикке чейин көтөрүлөрүнө көпчүлүк ишенген эмес. Айрым көзү жетпегендер бул идеясын шылдыңдап да чыгышкан. Акыры жүрүп принципиалдуулугу менен баарын жеңди. Кыргызды дүйнөгө таанытар мындай патриоттор улуттун пайдасына абдан керек. Азыр улуттук кайра жаралуу доорунда жаңы муундагы мындай бекем принципиалдуу саясатчыларды эл өзү бекем колдобосо, азыркы ыплас саясат жүргүзгөндөр менен кармашуу кыйын! Мен Бокени жаңы муундагы саясатчылардын анык лидери деп санайм.

Чоппонбек АБЫКЕЕВ, жазуучу:

— Азыр улуттук ар-намысты ойготор иштерди жасап аткандардын эң көрүнүктүүсү — Болот Шерниязов экенин танууга болбойт. Улуттук кызыкчылыкты керт башынын кызыкчылыгынан өйдө койгон мындай адамды элдин кызматына пайдалануу үчүн ак тилегибиз менен ак батабыздан башка эмне бар? Калганы өзүндө жетиштүү: акыл десе акылы, билим десе билими бар.

«Аалам» гезити (№13. 18.02.2005-ж.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз