Бир туугандар ортосундагы кызганыч

  • 03.07.2020
  • 3588

Көпчүлүк ата-энени ойго сала турган нерсе – бир туугандардын бири-бирине болгон кызганычы. Кээде үйдүн ичи күтүүсүздөн эле согуш майданына айланат. Бир жерде бири-бирин жаман көздөрү менен караган эки бир тууган, дагы бир жерде аларды ажыратуу үчүн аракет кылганы, тартип милициясы сыяктуу ата-энелердин алсыздыгы алардын капалуу көздөрүнөн билинет.

Тууганды тууганга кайраган, ата-энени алсыз абалга алып келген кызганычтын себеби эмнеде? Бир тууган бир тууганын эмнеге кызганат? Кызганчаактык баланын мүнөзүнөнбү же кийин пайда болобу?

“Кызганчаактык анын канында бар”

Көпчүлүк ата-эне балдарынын кызганчаактыгы жөнүндө айтканда “ал бала чагынан эле ушундай, тууганы менен түшүнүшө албайт. Кызганыч сезими анын канына синген”,- дешет. Кызык, бул түшүнүк канчалык деңгээлде туура? Чындыгында адамдагы кызгануу сезими укумдан-тукумга өтөбү?

Бул суроого жооп берер болсок, кызганчаактык – адамдын жаратылышындагы уютку. Жараткан ар бир адамды жаратып жатканда, жашоолорун улантып кетүүлөрү үчүн сезим дүйнөсүнө “кызганычты уютуптур”. “Ачуулануу” сезими ар бир адамда бар, ал адамга зыян берер нерселерден өзүн коргоо үчүн берилген сыяктуу эле, кызганыч сезими да адамда бар, ал адам тиешелүү нерселерге ээ болуу үчүн берилген.

Бүлгүнгө учураган сезимдер обу жок кызганычты пайда кылат

Адам генинде кызганыч сезими бар, анда эмнеге кээ бир адамдар ачуусу келгенде кызганыч деген “ооруга” дуушар болуп, кээси маани берип да койбойт?

Кызганыч – бул керектүү нерселерге кол сунуубу?

Бул суроого жооп берер болсок: “Бала тарбиялоодогу туура эмес ыкма жана эрежелер” болуп саналат. Туура эмес тарбия, адамда боло турган эң аруу сезим – кызганычтын ашыкча болуусун пайда кылуу же анын такыр эле жок болушуна себеп.

Көпчүлүк ата-энелер балдарынын кызганычтарын алардын мүнөздөрүнүн бир бөлүгү катары эсептешет да, ошол нерсени кадимки балдардагы мүнөз деп карагандыктан, кийин бара-бара баласынын терс кыялдары көбөйүп, акыры баланын сезим дүйнөсүн (байкабастан) бүлгүнгө учуратып жатышат.

Балдарга бирдей мамиле кылуу кызганчаактыкка жол ачат

Иш тажрыйбаларыбыз көрсөткөндөй, азыркы убакта бир туугандар ортосунда пайда болгон кызганычтын негизги себеби – ата-энелердин балдарына алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карабастан бирдей мамиле кылуусунда.

Чынында, бир туугандар бири-биринен жашы менен айырмаланат. Мүнөзү, ал эмес дүйнөгө көз карашы да ар башкача болот. Бул өзгөчөлүктөрдү көрсөтүүдөн мурун ата-эне баласын тең укукта кармоого аракет кылышы керек, калыстык болбосо – кордук көрсөтүү болуп саналат. Адамдын башка бирөө тарабынан кор болушу андагы кызганыч сезимин күчөтөт.

Ойлонуп көрүңүз, жашында бир аз эле айырмачылыктар бар эки балаңыз бар. Бул эки бир тууган урушуп жатышат. Сиз болсо балдарыңыздын урушун токтотуш үчүн аракет кыласыз. Андан кийин экөөнө тең бирдей жаза бердиңиз. Сиз эки балаңызга тең бирдей мамиле жасасаңыз деле, байкабастан балдарыңыздын бирөөсүн кордоп алууңуз мүмкүн. Мисалы, бул балдардын бирөө, экинчи бир тууганынын агасы же эжеси болсо, кичинекей менен чоңунун бирдей жаза алышы туура болушу мүмкүнбү? Окшош күнөө кылган эки бир тууганга окшош жаза берүү “калыстык сыяктуу көрүнсө да, бала тарбиялоодо мындай калыстык, албетте “адилетсиздикти” пайда кылат.

Ушул эле мисалга маани берсек: окшош күнөө кылган бул эки балаңыздын бирөөсү абдан сезимтал, а экинчиси көңүл кош болсун дейли. Сиз сезимтал балаңызга: “Кет, жогол!”- десеңиз көңүлү ооруп, ал эмес сизге карабашы да мүмкүн. Көңүл кош балаңызга: “Кет, жогол!”- десеңиз ойлонуп да койбой, ошол эле жаңылыштыкты эртеси күнү дагы жасашы ыктымал. Мындай убакта сиз канчалык балдарыңызга бирдей мамиле жасап жатамын деп ойлосоңуз деле, алардын ички дүйнөсүндө ойгонгон сезимдеринин айырмачылыгынан бул теңдештик адилетсиздикти жаратат.

Адилетсиздик кызганчаактыкты пайда кылат

Ата-энелер балдары менен болгон байланышында калыс болуп, аларга бирдей мамиле кылууга аракет кылган учурда, балдарынын ички сезим дүйнөсүнүн сырын тартууну унутпоо зарыл. Балдарга бирдей мамиле кылууда, баланын ички дүйнөсүндө ойгонгон сезимдерин эске алып ата-эне тең укуктуулукту алып жүрүүсү керек.

Дагы бир мисал, базарга барып балдарыңызга белек алганды ойлонуштуруп жатып, эки эркек бир тууганга бири-бири менен урушпасын деп, окшош белек алдыңыз? Туура жасадым деп ойлойсузбу? Бир балаңыз акылды иштеткен шахмат сыяктуу оюнчуктарды, ал эми экинчиси машина оюнчуктарын жакшы көргөнүнө карап окшош оюнчук алсаңыз, экөө тең бирдей сүйүнүшү мүмкүнбү?

Үйгө кирип кубаныч менен белектерди бердиңиз. Балдардын бири абдан сүйүндү, экинчиси четке чыгып: “Такай эле эң кооз оюнчуктарды бир тууганыма аласыз...”- деп ичиндегисин айтты. Сиз ушул сөздөн кийин: “Эмне болду, экөөңөргө тең окшош оюнчук албадымбы?”- дедиңиз...

Мына, өзүңөр көрүп тургандай; бала менен ата-эне ортосундагы теңдик маселеси... Кызганчаактыкты балдардын мүнөзүнө айланткан негизги себеп: ата-энелер ар бир баладагы сезимди өзүнчө ажырата албай, аларга бирдей мамиле жасашы.

Адилетсиздик ишенбестикке, ишенбестик кызганчаактыкка жол ачат

Бала тарбиялоодогу эң маанилүү милдет – адилеттүүлүк сезимин калыптандыруу, аны жөнгө салуу. Эгерде бала кандайдыр бир себептен өзүнө болгон акыйкатсыздыкты, ата-энесинин адилетсиз мамилесин сезсе, мунун натыйжасы баланы ишенбестикке алып келет. Бала ата-энесине болгон ишеним сезимин жоготсо, анда экинчи маселе пайда болот, ал маселе кызганчаактык эшигинин ачылышы болуп саналат.

Кадыр-барктуу орунду жоготуу жана кызганчаактык

Балдарга карата жасалган айрым адилетсиз жүрүш-туруштар балдардын ортосундагы кадырлуу ордун жоготууга алып келет. Аныгында, кадырлуу ордун жоготуу дегендин өзү кызганчаактыкты пайда кылган негизги себептерден.

Жогорудагы мисалда айтылгандай, балдардын бирөөсү экинчисинен улуу болсо, анын улуулугуна көңүл бурулбаса, өзүнөн кичүү балдардын ага тең ата мамиле кылуусу, улуу баланын сыйдан калуусуна жол ачат жана андан ары кызганчаактык сезимининин пайда болушуна алып келет.

Үйгө жаңы төрөлүп келген кичинекей наристе инисине үй бүлө мүчөлөрүнүн көбүрөк көңүл буруулары уулу бир тууган агасынын көңүлүн бузушу мүмкүн. Өзүн үйдүн жалгыз башкаруучусу катары сезип жатканда, бул башкаруучулуктун доору ал үчүн бүткөндөй сезилет. Жалгыз өзүн гана сүйүп, ата-энесинин жалгыз мурасчысы катары сезип жүргөндө, анын буга чейин көңүлдөрүн жалгыз гана бирөөнө эмес, бөбөгүнө бөлүнүшүн ата-эне кылдат түшүндүрүп, улуу баласынын кадырынын жоголбогонун көрсөтүүлөрү керек. Ал эмес үйгө жаңы келген ымыркайга улуу ага болуу менен мааанилүү орунга көтөрүлгөнүн сезгени да эң жакшы.

Балдардын ортосундагы жаш айырмачылыгы кызганчаактыкка жол ачат

Ата-эненин балдарына болгон мамилесинен сырткары, анча маанилүү эмес, башка жагдайлар да кызганууга себеп болот. Ушундай себептердин бири – бир тууган балдардын ортосундагы жашынын айырмачылыктары. Эгерде бала үч жашка чыкканда инилүү болсо, анда эки бир туугандын ортосунда кызганчаактыктын пайда болушу толук ыктымал. Анткени, балдар 3-4 жашка чыккан кезинде, “мен гана болушум керек” деп, ата-энесин башкалар менен бөлүшкүсү келбейт. Өспүрүм курагына келгенде бала кичүү бир туугандуу болсо, анда улуусу үйдөгү мамиленин ага суушунан, буюмдарды бөлүштүрүүдөн, ата-эненин көңүл буруусу башка бирөөгө өтүшүнөн олуттуу жапа чегүүгө дуушар болот. Ушундан улам ата-энелер бала тарбиялоодо бир туугандар ортосунда кызганычтын чыгышын каалабаса, баланы өз акылынын толук ээси болууга даярдап, экинчи балалуу болордо бул нерселерге маани берүүлөрү керек.

Атасына окшош көздөрү бар

Бир туугандар ортосунда кызганууну арттыруучу негизги себептердин бири – бул бир туугандарды салыштыруу, окшоштуруу, мунун натыйжасында улуу бир туугандын үй бүлөнүн сыртында калганын сезиши. Эки бир туугандын бирөөнө эле таандык төмөнкүдөй сөздөр айтылса: “Жараткан коргосун, көздөрү да атасыныкына окшош” же “күлгөнү апасына окшош экен” деген сыяктуу сөздөр экинчи бир тууганына кызганычтын тамырын жайылтат.

Кыскасы, бала тарбиялоодогу туура эмес эрежелер, ата-эненин кээ бир жоруктары баладагы болгон табигый кызганчаактык сезимди козгойт. Ушул көз караш менен караганыбызда ата-энелер балдарынын ички дүйнөсүн толук таанып жана алардын үй бүлөдөгү абалдарын көңүлгө алып, мамиле жасоолору туура.

Бала менен ата-эне ортосунда болгон мамиле теңчилик таразасынын ченеми менен эмес, адилет түшүнүгүнө карата тандалышы керек. Бала өзүн үй бүлөдө дайыма ишенимдүү, жандүйнөсүн тынч абалда сезип, көңүл калуу сезимдерине кабылбашы керек.

Унутпайлы, бир туугандар “күндөш” сыяктуу. Ата-эненин отурганын, турганын, сүйлөгөнүн, эң жөнөкөй айтканда көзү-башынын кыймылдаганын да балдары туура эмес кабыл алышы жана түшүнүшү мүмкүн. Натыйжада, үй ичиндеги мамиле сизге каршы болуп, сизге карата кыйынчылыктардын пайда болуусун жаратат.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз