Кийим тандоо жана махрам тарбиясы

  • 07.07.2020
  • 3719

Кыз баланы өстүрүп-чоңойтуу азыркы убакта жалындуу отту алаканга кармагандай кеп... Анткени, азыркы кездегидей кыз балага тиешелүү коркунучтар тарыхтын эч бир доорунда болгон эмес. Айрыкча, кыз балдарын такыба кылып чоңойтуу ата-эне үчүн абдан оор экенин айтсак болот.

Кыз балдар табиятынан жумшак сезимдерге жана башка бирөөнүн таасиринде болгудай өзгөчөлүккө ээ. Ушул өзгөчөлүктөрү менен турмуш курууда тең салмактыкты кармап, жашоону жакшы өткөргөн аялдар болуп саналат. Бул өзгөчөлүктөр туура белгиленбесе, калыс бааланбаса, уятка калтыра турган кыздар чыгышы толук мүмкүн...

Алыс барбай эле жаныбызда, жакындарыбыздын арасында үй бүлөсү такыба болуп туруп, баласынын дин менен байланышы болбогон ондогон адамдарды ким эсептей албайт...

Бир гана кыз балдарбы? Албетте, жок... Азыркы убактагы эркек балдарды алсак, алардын топтору үй бүлөсү менен мамилеси келишпеген жашоодо жашап жатышат. Ал үй бүлөнүн мүчөсү эместей болуп түрдүү кийимдерди кийип жасанып, туура эмес жүрүш-турушта болгондугун учуратып келебиз.

Ата абдан барктуу адам, жанындагы жаш жигиттин (уулунун) кийген шымы белинен түшүп калчудай болуп, ички кийими чыгып, ал мода катары кабыл алынып, бала бул моданын артынан кууп, кандай сөз укса да баарына ыраазы, ал эмес атасынын өзүнөн уялганын көңүлүнө албай байкамаксан болуп, жасагысы келгендин баарын жасайт...

Кыз балдарчы?.. Кыял дүйнөсүндө чертилген күүлөрдүн артынан түшүп, уктап жүргөндөй көздөрүн жаап жана акылдарын жоготуп жаткан кыз балдарга эмне деш керек? Карап турсаңыз энеси кадимки карапайым аял же чоң үйдүн кожойкеси, бирок жанында жүргөн кыз кайсы улуттан экенин биле албай кыйынчылыкка дуушар болосуз. Кийгени кыска кофта, ичи көрүнгөн, кашына жасаткан татуаж көңүлдү өзүнө бурдурат. Апа кызына ыраазы эмес, кызы апасына...

Бул маселенин негизи эмнеде? Эмнеге ата-энеси жашап келген ыргакта жашоого балдары көнө алышпайт? Ата-энелер кайсы жерден ката кетирип жатышты экен?

Балдарын диний тарбияда өстүргүсү келген ата-эне жоолукту кыздарына канча жашында салынтышы керек же бул нерсе балага кантип түшүндүрүлөт? Же 5 жаштагы бала жайдын ысыктыгынан улам “лямка” (ачык кийим) кийсе, үй бүлөнү ыңгайсыз абалга алып келиши мүмкүнбү? Баланын ички дүйнөсүндө булар кандай мааниге ээ жана бир канча убактан кийин эмнеге бул эпсиз көрүнүштөрдү туура тутуп жашай башташат? Булар балалык курагында ээ болбой калган каалоолорунун бир канча убакыт өткөндөн кийин сыртка чыгышыбы, же балалык чактан бери эркин жашоонун ыңгайлуу таасиринен улам өспүрүм курагында белгилүү бир адепке келишиби?

Биринчи орунда акыл тарбиясыбы же руханий тарбиябы, кайсынысы турат?

“Балалык курактын алгачкы убактарында акыл тарбиясыбы же руханий тарбиябы, ушул эки тарбиянын кайсынысы артык?” деген суроо ата-энелердин эң көп ойлонгон темаларынын бири. Биз бул теманы кеңири карай турган болсок, төрт жаштагы кыз балага махрам тарбиясы берилип жатканда, бөлмөгө кирип: “Кызым, жүрүш-турушуң, кийимиң мындай болушу керек... Биздин үй бүлөнүн нарк-насилдери ушундай, ошондуктан сага ушуга окшош кийим алгыбыз келип жатат”,- деп балага акыл үйрөтүп тарбиялаган маанилүүбү же анын акылы менен эсептешпей туруп ички дүйнөсүнө кирип, түз эле махрам тарбиясын баштоо керекпи?

Бул суроого жооп берер болсок, махрам тарбиясынын багыты “акылдын” эмес, “рухий” таасир ыкмасы менен болушу керек дейбиз. Анткени, бала акыл-эсинин өнүгүүсүн толуктаган алгачкы балалык курагында, акылдуу ыкмалар менен бир нерселерди түшүндүрүүнү жактырбайт... Балдар жети жашына чейин мээсинин активдүү аракетин колдонгонду билишпейт, окуялардын арасындагы пайдалуу байланыштарды ылдам кура албайт, ал эмес жасагылары да келбейт... Эгерде ата-эне балдарынын ушул жашында аларга кээ бир окуяларды мисал келтирип, акылдуу амалдар жана “көндүрүү” ыкмалары менен тааныштырып тарбия беришсе, туура болбой калат.

Беш жаштагы кызыңыз бар дейли. Кызыңыз сизге жакпаган көйнөк алып кийгиси келет. Кызыңызга мындай кийим кийгенге болбой турганын, үй бүлөнүн кызыкчылыгына туура келбегенин айтсаңыз, кызыңыз макул болбой, баары бир ошол көйнөктү алат же ичиндеги каалоону аргасыздан басып, акыры бир күнү жарылганга чейин сактайт. Турмушта кезиктирип жаткандай, көпчүлүк убакта жаш кезинде эркиндикти акырына чейин колдонгусу келген айрым кыздардын балалык курагында басмырланган сезимдеринин акыры келип жарылышынын натыйжасында эпкиндеген жашоону каалоосу сыртка чыгат...

Жогорудагы мисалдагыдай, бала ата-энеси гана тандаган кийимдин жарашканын ага түшүндүрүүнүн ордуна, кийим жана баланын ортосундагы өзүнө ылайык рухий байланыштын иштешине, таасир берүүсүнө чараларды колдонушубуз керек. Мисалы, балага эркиндик берип, кийимдердин ар кыл түрлөрүн өзүнө тандатуу зарыл болгон “альтернативалардын” (бул жерде: кийимдин бардык фасондору) бардыгы баланын алдына коюлушу керек. Анын алдына ушунчалык кооз каалаган кийимдерди коюлсун, кызыңыз бул уят сунушту киргизгениңиз үчүн эпсиз кийимдерге экинчи жолу кайрылып карабагыдай болсун...

Эгерде бала тандалган альтернативаны жактырбаса?

Балдар кээде ата-энелери жактырган кийимдерди алууга олуттуу каршылык көрсөтүшөт жана алгысы келген кийимди өжөрлөнүп туруп алдырышат. Бул учурда эмне кылуу керек? Баланы ал жерден өзүндөй өжөрлүк менен алыстатуу керекпи? Же ата-эне жактырбаса да ал кийимди алуу керекпи?

Биздин кеңешибиз ал кийимди алуу жөнүндө болот. Бала каалаган кийим зордоо жана күч колдонуу менен алынбаса, маселе ошол убакта чечилиши мүмкүн, бирок келечекте баланын көзү, көңүлү ошол сыяктуу кийимдерде болот.

Бала алдыргысы келген кийим алынышы керек, бирок бул жерде маанилүү бир нерсе  бар. Бала үй бүлө менен макулдашып, андан кийин алганы оң. Бала менен түзүлгөн макулдашуу төмөндөгүдөй болушу мүмкүн: “Кызым, абдан каалап жатсаң алалы, бирок макулдашып! Бул кийимди үй ичинде жана белгилүү убакта гана киесиң. Мисалы, эртең менен саат 10 менен 12 ортосунда бул кийимди кийип, андан кийин күнүмдүк кийимдериң менен алмаштырасың. Макулбу, буга эмне дейсиң?”

Бул өз ара сүйлөшүүнүн маанилүү жагы – бала үйдө каалаган кийимди каалашынча киет, бирок сыртка чыкканда кийимин алмаштырып үй бүлө мүчөлөрүнүн же өзү жактырган башка кийимин кийүүнү үйрөнүү. Экинчи нерсе, белгиленген убакта кийип, кайра чечүү менен бул кийимдин жакпай калгандыгын сезе баштайт, ошол кийимге карата салкын мамиле пайда болот.

Жогорудагы мисал эркек балдар үчүн да тиешелүү. Кыскасы, макулдашуу менен алынып жана белгилүү убакта кийүү болсо, мындай маселе оорчулук туудурбайт.

Махрам тарбиясы кайсы жашта башталып жана кантип улантылышы керек?

Жогоруда айтылгандай, махрам тарбиясы руханий жактан таасирлүү болгондуктан, бул тарбия ыкмасын баланын жаш чагынан эле эртелеп колдонгон дурус. Бул жердеги маанилүү маселе – баланын руханий өнүгүү жолуна алгачкы чыйырды салуу. Тарбияны баштоонун зарыл деп табылган мезгили баланын 2 жашына туура келет. Бул жерде дагы бир белгилей турган нерсе, алгач балага аз-аздан руханий жактан түшүнүк берилет, андан кийинки экинчи этап баланын сезим дүйнөсү руханий тарбия бергенин өз алдынча колдоно башташына багыттоо. Эки жашка чейин жана эки жаштан кийин деп ажыратып айырмалообуздун себеби, эки жашка чейинки аралыкта наристелердин көрүү жана тууроо жөндөмдөрү жогору болот, ата-эне менен болгон мамилесинде аларда махрам сезими пайда болот. Эки жашка чейин баланын акылынын артыкчылыгын, сезимдүүлүгүн күтүү туура эмес, баласы ушул убакта көп нерсени каалагандыгына ата-эне кайгырбашы керек.

Бала жылаңач бойдон үй ичинде жүрүшү туура эмес, же тааныш, дос, туугандардыкына конокко барганда да, алардын көзүнчө баланын кийимин алмаштыруу сыяктуу нерселер эки жашка чейин болуп келсе, анда убагында бериле турган махрам тарбиясын дал ушул туура эмес мамиле акырындап жок кылат.

Эки жаштан кийин берилер махрам тарбиясы андан ары дагы руханий жактан күчтүүлүгү менен балага арналышы керек. Мисалы, “Кийимдердин таза, тыкан болушу канчалык жакшы!” деп балага багыт берип, же “Ушул кийимдер апаңдын кийимдерине окшош экен” деп мактоо менен баланын көңүлүн ачуу, жакындыкты пайда кылат. Бирок бул жерде бир маселе бар, ал – үч жаштагы балдардын кичинекей өспүрүм чагында каалоолорунун айрыкча ашыкча болушу.

Бул убакта ата-эне менен балдардын ортосундагы туура мамиле – бул келишимди түзүү. Бала да, ата-эне да ортодо келишим түзүп бир чечимге келүүлөрү керек. Эгерде бала ата-эненин сунушун (альтернативаны) кабыл албаса, өз каалаганын гана аламын деп жатса, акыры балага каалаган кийимин алып беришет, бирок бул кийимди кийгенде дайыма чатак чыгат да, бул кийимге карата баланын көзүнчө тескери пикирлер айтыла баштайт.

Мисалы, алынган кийим кирдесе, кир жуугуч машинага салып, андан кийин кургатып, үтүктөп жана кийүү бир канча убакытты алат деп айта берсе, бул кийимди бала жактырбай, а түгүл кийүүдөн баш тартышы мүмкүн.

Чоңойгон сайын ата-эне баласы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар бир үй бүлөнүн тартиби болорунан сөз кылып, бала үй бүлөнүн мүчөсү экендигин билгизүү керек. Ошентип, бала үй бүлөнүн эрежелерин үйрөнүп, ага акырындап баш ийип жашоосун улантат. Эгерде бала сырттан көргөн бир канча оюнчукка, кийимге көңүл бура баштаса, анда баланын да ага окшош буюмдары жана оюнчуктары болушу керек.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз