Кыргыздын көк жалы элең

  • 24.07.2020
  • 3603

Кыйышпас адамдан артык Болот мырза! Маӊдай-тескей отуруп аӊгеме-дүкөн курганда, кулактын курчун кандырган сөзмөр элеӊ. Кызматтык ишиӊе же элдин кызыкчылыгына тийешелүү тагдыр чечер маселе талашка түшкөндө, аттап кете алгыс аргументтер менен оппоненттериӊдин алдын тороп, кысталышта жол тапкан чечен элеӊ.

Өздү өгөйлөбөй өрүш берген, жатты жатыркатпай бооруӊа тарткан айкөлдүгүӊ, пейилди кененинен  күткөн жоомарттыгыӊ эр жигит катары зоболоӊду көтөрүп, артыӊдан аӊыз сөз болуп ээрчип  жүрчү эле. Таш боор оору сени арабыздан алып кетти. Кантейин, агылган эл менен айлыӊа барып, «боорум» деп боздоп үн чыгара албадым, атыӊды атап ырымдап, топурак сала албадым. Жаткан жериӊ жайлуу, топурагыӊ торко болсун, Болот иним! Бул ыр сенин мүрзөӊө койгон гүлдестем.

Жарк этип кометадай бачым чыгып,
«Кыргыздын көк жалы», - деп атыӊ чыгып,
Бирөөгө – аткарылар тилек элеӊ,
Бирөөгө – аска-зоо тирек элеӊ,
Боздошот «Боорумай!» - деп жашын сыгып.

Эл калды, ээнсиреп айлыӊ калды,
Эӊшерип турат бүгүн кайгы жанды.
Бар эле жашыӊ дагы жашай турган,
Көп эле ишиӊ дагы жасай турган,
Тигил жак жыл санактан жаӊылганбы?

Өлүм ак! Биле албайсыӊ болжоп баарын,
Коюлдуӊ тамган жерге киндик каныӊ.
Эркелеп эчкилиден булут калкып,
Тамшантып Талас дайра жомок айтып,
Шамалы желпип турсун Чоӊ-Капканын.

Абдил ШЕРМАТОВ
И. Арабаев атындагы КМУ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз