Аман Токтогулов: Жеңижок (1860—1918)

  • 27.07.2020
  • 7893

(Өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө)

Талантынын чеги жок
Таластан чыккан Жеңижок.
Арманда өтүп кеткен дейт,
Айтыштарга теңи жок
(Элдик ыр)

Толгонуп тоону айланып,
Тоо жаркырап күн чыгат.
Туйгунум, Өтө, жан досум,
Эми,
Топ элден сендей ким чыгат?!
(Токтогул).

Кыргыз эли улуттук жазмага жана басма сөзгө жеткенге чейин эл ичинен не бир акылмандар, чечендер, тубаса астрономдор, аба ырайын жаңылбай айткан жайчылар, чөп тилин билген дарыгерлер, не бир таңшыган ак таңдай ырчылар, жомокчулар, санжырачылар арткы муунга бир ооз да сөзүн кагазга чийип калтыра албай, өткөн доордун бүктөмү менен ың-жыңсыз кошо кетти.

Жаңы заман келбегенде өткөн эле кылым ичинде аттары атпай кыргызга белгилүү Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы, Жеңижок өңдүү ырчылар да мезгил өткөн сайын унутула берип, акыры дайын-дарексиз болуп кетиши да мүмкүн эле. Арабча кат билгендер чыгармаларын кагазга жазып кетишкен күндө да, же басмадан басылып чыкпагандан кийин, же бийлик башында тургандар атайын көчүрттүрүп сактатып койбогондон кийин, алардын тарыхта калар-калбасы өтө күмөн эле.

Кат-сабаттуу Жеңижок өз колу менен жазып калтырган «ак куржун толо ырдын» бир да барагын таба албай олтурганыбыз буга даана далил болот. Ушул жагынан алганда Токтогул баш болгон эл ырчыларынын бактысы зор экен, коомдук-саясы жана маданий прогресстин жаңы доору келип, алардын чыгармалары кагазга түшүп, бир даары Кыргыз илимдер Академиясынын Тил, адабият институтунун кол жазмалар фондусуна сакталып, бир даары өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.

Биз бүгүн кылымдар бою оозеки өнүгүп, эл арасында айрыкча кастарланып, өз заманынын ой-тилектерин, философиясын, социалдык-психологиясын, турмуштук маанайын өзүнө сиңирип, улам күчтүү таланттардын келиши менен жаңы баскычка көтөрүлүп жүрүп олтурган ырчылык өнөрдүн эң акыркы залкар өкүлдөрүнүн баалуу мурасына ээ болуп олтурабыз. Бул мурасты ар тарабынан имерип карап, изилдеп, тактап, толуктап, объективдүү илимий баа берип, бүгүнкү жана келерки муундарга өз өлчөмүнөн кемитпей, бурмалабай жана адилетсиз мамиле жасоого жол бербей жеткирүү — кыргыздын азыркы илимий жана көркөм интеллигенциясынын жооптуу милдети. Атактуу эл ырчыларынын өмүрү, чыгармачылык жолун изилдөөдө кыргыз адабиятчылары көп эмгек жасады, бул багытта аздыр-көптүр тажрыйба топтолду.

Эл ырчыларынын чыгармаларын жазып алуу жана жарыялоо — өтө жооптуу иш. Ырчы өз колу менен кагазга жазып кетсе, же өзү айтып отуруп жаздырса, анда кеп жок. Андай текст менен эч күмөнсүз иштей беришке болот. Ал эми ырчынын көзү өтүп кеткенден кийин, анын чыгармаларынын эл оозунан так өзүнүкүндөй деңгээлде жазылып алынышы кандай кыйынга турары өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Биринчиден, ырчылар бир ырдаган ырын башка киши түгүл, өзү кайра ырдап берген кезде да, мурдагы айтканын айткандай, сөзмө сөз кайталап берген эмес. Ырдын негизги мазмунун жана урунттуу ыр кайрыктарын сактоо менен ар учурда ар башкача төгүп, бирде жаңы сөз түрмөктөрү менен кошумчалап, бирде, тескерисинче, айрым жерлерин кыскарта чаап, отурган элдин түрүнө, конкреттүү шартка, өзүнүн көңүл-маанайына жараша ырдап кете берген.

Экинчиден, аны угуп олтурган адам да ырдын негизги мазмунун жана урунттуу ыр кайрыктарын гана көңүлүнө сактап калып, кийин «кайталап айт» десе, өзүнүн ырчылык шыгына, түшүнүгүнө, табитине жараша текстти өз сөздөрү менен калыбына келтиришке аракет жасаган. Натыйжада бир эле ыр ар кимдин оозунан ар башкача жазылып алынган. Мунун далили катары Токтогул менен Эшмамбеттин учурашуусунун (Токтогул Сибирден келгенде) мазмуну жагынан бирдей, бирок ыр түзүлүшү, сөздөрү жагынан таптакыр башка эки вариантын салыштырып көрүү жетиштүү, (Калык менен Алымкул жаздырган).

Үчүнчүдөн, кээде жыйноочулар чыгарма эл оозунан кандай жазылып алынса, ошол боюнча тим койбой, өзгөртүп, кыскартып, өз билгениндей редакциялап жиберген учурлар болот. Эл ырчыларынын чыгармаларын жыйноодо гана эмес, жарыялоодо да текстке мындай «кийлигишүүгө» жол берилип келгендиги жашыруун эмес. (Караңыз: Токтогулдун чыгармаларын текстологиялык изилдөө маселелери», Ф., «Илим», 1975). Албетте, жыйноочулар, же редакторлор ырчылардын мурасын бүгүнкү күндүн талабына ылайыкташтыруу, учурдун саясатына баш ийдирүү максатын көздөп, текстке «жакшы ниеттен» туруп өзгөртүүлөр киргизээринде шек жок. Бирок да ар кандай мурас эч бир оңдоого, түзөтүүге муктаж эместигин, илим андай «кийлигишүүлөрдү» четке кагарын эске алуу керек.

Кыскасы, мына ушундай кыйынчылыктарга карабай, Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы жана башка эл ырчыларынын чыгармалары топтолуп, такталып, басмадан бир нече ирет басылып чыкты. Адабий илимдин термини менен айтканда, биз эми алардын канон тексттерине ээ болуп калдык.

Ошону менен бирге, ушу китептин баш сөзүндө Чыңгыз Айтматов белгилегендей, ысымдары бүткүл кыргыз элине белгилүү, бирок чыгармалары эмгиче эл арасынан жыйналып алынбай, бирин-экин жыйналып алынгандар ар кандай себептер менен жарыкка чыкпай жүргөн өткөндүн атактуу ырчылары бар. Анын бири — Жеңижок.

Жеңижок жөнүндө кыргыз адабияттаануу илиминде маалымат жокко эсе десе болот. Бирин-экин айтыштарын эске албаганда, анын чыгармалары али күнчө жарык көрө элек. Ал эми улуу Токтогул талантын сыйлап, ырчылык күчүнө жогору баа берген бул адамдын артында калган көркөм мурас өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Жеңижоктун өмүр баянына байланыштуу маалыматтарды чогултууда ырларын эл оозунан, Кыргыз ССР илимдер Академиясынын фондусунан алып китепке топтоодо, чыгармалардын түшүнүктөрүн түзүүдө Асанбай Жусупбеков өз демилгеси менен чоң эмгек жасаганын айтып коюш парс.

Бул мурасты жыйноого жардам бергендер бардыгы дээрлик элет адамдары, эч бири элге белгилүү атактуу ырчы эмес. Алынын жетишинче, колунан келишинче, эстеринде калышынча Жеңижоктун ырларын айтып беришкен. Ошого карабай, бул чыгармалардан Жеңижоктун курч акылы, күчтүү таланты кадыресе айкын көрүнүп турат.

Эгер анын ырлары Калык, Алымкул сыяктуу төкмөлөрдүн оозунан жазылып алынган болсо, анда ырас, Жеңижоктун мурасы мындан да баалуу болмок. Бирок ал ырчылар көп нерсени өздөрүнөн кошуп жибериши да мүмкүн эле. Бу жагынан алганда биздин колубузда мезгилдин жана карапайым элдин өз редактурасынан өтүп, эл арасында ардакталып сакталып калган, кимдир-бирөөлөрдүн оңдоо-түзөөсүнө кириптер болбогон поэтикалык мурас турат. Бул ырлардын ар кай жерине бири-эки сапты кошо салып, айрым сөздөрдү өзгөртө коюп, Жеңижокту өз заманынын бирден-бир кеменгер ырчысы катары көргөзө коюш анча кыйын иш эмес. Бирок андай кылууга кимдин колу барат, ага Жеңижок муктаж да эмес. Ал эл оозунан кандай жыйналып алынса, ошол калыбында гана окурманга көрүнүүсү керек. Ийгилиги да, кемчилиги да көз алдыда турууга тийиш.

Тигил же бул таланттуу адам өз учурунда бай же молдо болсо, же көз караштарында кескин карама-каршылыктар кезиксе, мындай сырткы факторлорду «жупел» катары көтөрүп чыгып, ал адамдардын баалуу мурасына тескери баа берүүгө аракеттенген учурлар болгон. Бактыга жараша, «материализмдин карикатурасы» деп аталган вульгардык социологизмдин кейиштүү учурлары өттү, илимдеги андай «ур токмокко» азыр эч ким барбайт. Өткөндүн мурастарын изилдейм деген адамдын колунда эң күчтүү жана түбөлүк ишенимдүү курал — тарыхчылардын айныбас компасы — историзм принциби бар.

Адабият илими Толстой менен Достоевский сыяктуу эң татаал, карама-каршылыктуу генийлерден тартып Совет бийлигин кабыл албай койгон Бунин менен контрреволюциячыл позицияда турган Цветаевага[1] чейинки таланттуу адамдарга кандай мамиле жасап, кайсы позициядан баа берүү керектигин үлгү кылып көрсөтүп олтурат.

Орус адабият илими XVII кылымдагы священниктин баласы, кийин өзү да чиркөөдө элди чокундуруп кызмат кылган протопоп Аввакумдун жазып кеткен адабий мурасын чыпчыргасын коротпой, а түгүл диний китептердин жоболорун чечмелеген түшүндүрмөлөрүнө чейин чогултуп, китеп кылып чыгарып Аввакумдун өзүн «Байыркы Русстун улуу жазуучусу» деп атоо менен өткөндөгү мурастарга кандай кылдат мамиле жасап, урмат көрсөтүү керектигин дагы бир ирет далилдеди[2].

Орус адабияты, адабият илими бардык улуттук адабияттардын ишенимдүү ориентири, анын бардык жакшы жактарын үйрөнүүгө, колдонууга кыргыз адабияты, адабий илим акылуу да, милдеттүү да. Бул, албетте, өткөндөн эмне мурас калса ошонун баарын талдабай, ылгабай, илимий негизде баа бербей туруп, дүңүнөн ураалап, чабал жактарын көрмөксөнгө салып, бирин-эки оң көрүнүштөрүн бетке кармап жерге-сууга тийгизбей мактоо керек дегендик эмес. Өткөндүн мурастарына баа берүүнүн тарыхый принциптери андай бир беткейликке, жалган патриоттукка жол бербейт.

Талап, баарыдан мурда таланттуу, эгер ал элге кызмат кылган, элдин акыл-ой көркөм кенчине өз салымын кошкон, эл урматына, даңазасына арзыган чыныгы талант болсо, бүгүнкү, эртеңки муундарга тааныштырып, баалай билүүдө турат. Талант — сейрек, ал элге таандык. Анын артында калган сөзү, жасап кеткен иши үлгү, сабак катары элге кызмат кылууга тийиш. Андыктан ар кандай көркөм мурасты өз учурунда жарыялап, элге жеткирип туруунун мааниси чоң. Ошону менен бирге эле ар кандай адабий талантка баа берүүдө анын чыгармачылыгынын негизги маңызы кайсы жана анын жанында турган кокустук көрүнүш кайсы, ошону туура түшүнүү зарыл. Муну аныктоодо, албетте, биринчи кезекте ошол таланттуу адам жашап өткөн мезгилдин коомдук-саясы өзгөчөлөктөрү, тарыхый урунттуу ситуациялары, үстөмдүк кылып турган иделогиясы, моралдык-этикалык, эстетикалык нормалары жана башка маанилүү факторлор, анын ичинде а кишинин өзүнүн жеке тагдырына байланышкан урунттуу моменттер эске алынуу керек. Биз Жеңижоктун чыгармалары жөнүндө ушул позициядан туруп сөз кылмакчыбыз.

Жеңижоктун өз аты — Өтө, Ал Таластагы Сары-Көбөн деген жерде (азыркы Манас району, Покровка кыштагы) Көкө деген кедейдин үй-бүлөсүндө 1860-жылы туулган. Энеси Алтынай Аксыдагы Кара-Суу кыштагынан болгон. Өтө ата-энесинен эрте ажырап, «ала» оорусу менен ооруп, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп калат. Тестиер бала өзү курдуу балдар менен ойноп жүрсө, Ташкара деген бай жигиттерин чакырып:

— Тээтиги бала «ала» менен ооруган эме экен, муну айылга эмне жолотосуңар?! Оорусу жугат. Бир көк жетимден эл көбөйбөйт да, азайбайт. Алып барып Кара-Бууранын суусуна салып жибергиле!.. — деп катуу буюрат.

Эки жигит Өтөнү Кара-Буура дарыясынын жээгине алып келет. Бирок жылдыздуу баланын (эскерме сөздөргө караганда, Жеңижок адамдын сулуусу болгон экен) өмүрүн кыюуга диттери чаппай, боорлору ооруп, кой айдаган соодагерлерге кошуп, «Биерден көздөн далдаа кетпесең болбойт, Аксыдагы таякелериңе барып, ошояктан күнүңдү көр» — деп качырып жиберет. Өтө мал айдашып, Кум-Бел ашуусун ашып, Кербен (азыркы Караван) кыштагына келип, Бекмурат дегендин үйүндө туруп калат. Көп убакыт өтпөй эле Кара-Суудан Садыр деген киши жумуштап, Бекмураттыкына келип түшөт. Кыраакы адам Өтөнүн чоо-жайын билген соң, Бекмуратка «Сен бу баланы мага бер, бизге жээн болот экен, таякелеринде жүрсүн» — деп атына учкаштырып, Кара-Суу кыштагына — үйүнө алып келет. Садырдын энеси Айыке Таластын кызы болгондуктан ылымсып, Өтөнү бала тутунат. Өтө «оорум башкаларга жугат» деп, салып берген төшөккө жатпай, саманга түнөп жүргөнү Айыкеге угулат. Айыке Өтөнүн кийимин чечтирип, денесиндеги жараатын көргөндөн кийин, Кез-Арттагы Далычы деген дарыгер адамга алпарып, таза айыктырып келет.

Айыке Өтөнү айылдык жалданып келген өзбек молдолоруна окуттуруп, сабатын ачат. Айыкенин ою боюнча, Өтө бир айылдын молдосу болуп, тынч, оокат-тиричилик кылышы керек эле, бирок Өтө ырчы болууну эңсеп, кайсы айылга акын, комузчу, манасчы, семетейчи келсе, ошолордун жанынан чыкпай, оңтою келген учурда ырдай коюп, оозго илине баштайт. Дал ушул учурда жаш Өтөнүн турмушунда бир окуя болот.

Кеч күздө бир топ адам (ичинде Өтө да бар) Намангандан базарлап келатып, Кербендин базарына кайрылышса, элдин ортосунда кыргыздын оң канатынын Тогунай уруусунан чыккан айтылуу Нурмолдо ырчы дин, шарият жайынан ырдап жаткан экен. «Тиги дүйнө» деп элдин башын айлантып жаткан Нурмолдо ырдап токтолоору менен, угуп турган Өтө алгач өзүнөн улуу кишиге ырдап салам айтат, анан суроо артынан суроо жаадырып, Нурмолдонун шаштысын кетирип, айткан сөздөрүн жокко чыгарат. Нурмолдо жооп бере албай калат. Ошондо Өтөнү биринчи көргөн эл эки жеңи карысынан жок кемсел кийген жаш жигиттин төгүп ырдаганына таңданып:

— Атаңдын көрү-ой, бу жеңи жок, жалмаңдаган анык жеңи жок эме экен го! Жеңижок бала жеңди, бу Жеңижок кыйын ырчы экен! — деп дуу дей түшөт.

Ушундан улам Өтө Жеңижок атыгып кетет.

Көп өтпөй Жеңижоктун атагы бүткүл Аксыга тарайт. Баялы деген аксакал менчик жеринен ага жер бөлүп берип, там салганга, бак тиккенге жардам көрсөтөт. Жеңижок Артыкбайдын Көксулуу деген кызына үйлөнөт. Таластан бир тууганы Болотойду, карындашы Каракызды алып келет, орун-очок күтүп, Аксыда биротоло туруп калат.

Туугандары менен жердештеринин айтуусуна караганда, Жеңижок 1918-жылы 58 жашында «упа» оорусунан кайтыш болот. Чомпол көрүстөнүнө коюлган. Ырчынын там-ташы, бак-шагы жайгашкан жерди эл «Өтөнүн ыраваты» деп атаган. Ал тамдын ордуна «Кара-Суу» орто мектеби орношкон. Өтө өз колу менен тиккен жаңгак, жүзүм, өрүк, талдар али да көгөрүп турат.[3]

*     *     *

Бардык таланттуу адамдардыкындай эле Жеңижоктун да чыныгы өмүрү эл арасында кеңири таралып, ооздон оозго көчүп, айрыкча урмат менен айтылып жүргөн чыгармаларында калган. Жеңижоктун өзү жазып, кагазга түшүрүп кеткен чыгармалары, же алардын көчүрмөлөрү азырынча табыла элек. Ырчы ошо кезде эле:

Арманга толо муң калды,
Аз кыргызым окуурга
Ак куржун толо ыр калды,
Арманым айтсам жаманбы,
Аз кыргызым кат билбейт,
Кантейин, аңкоо кылган заманды,— деп өзү жазып калтырган чыгармалардын тагдырына кейиген экен.

Эгер Жеңижоктун кол жазмалары табылса, анын акындык өзгөчөлүктөрү, көз караштары бизге алда канча даана көрүнмөк. Ал чыгармаларды ырчынын эл оозунан жыйналып алынган чыгармалары менен салыштырып кароого мүмкүнчүлүк түзүлмөк. «Ак куржун толо ырды» Жеңижок бир күндө отуруп жаза салбагандыгы, ал аны көп жылдар бою кастарлап жыйнагандыгы, эң бир асыл ой-кыялын, мүдөөсүн чагылдырган кымбат мүлкү болгондугу жана ага ал ар кай жерде ырдаган ырларынын бардыгын эле киргизе бербегендиги, албетте, түшүнүктүү. Жазган адамдар демейде элге жарыя кыла бербеген, эң жакын адамына да айтпаган ойлорун өзү жалгыз отуруп, болгонун болгондой кагазга түшүрүп, артына таштап кетет эмеспи. Ырчынын өз элинин сабатсыздыгына кейип, «жазган ырларым кийинки муундарга жетеби, жетпейби» деп күмөнсүп жатканын бир себеби да ушунда болуу мүмкүн.

Эл ичинен жыйналып алынган чыгармаларына, замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, Жеңижок тарбиялык мааниси терең, уккан элдин акылына уюй турган кептерди санаттап айткан чоң нускоочу акын, калк алдында бетме-бет чыга келгенде эч кимден жеңилбеген айтыштын устасы, «Манас», «Семетей», «Кожожаш», «Эр Төштүк» өңдүү элдик эпосторду күн-түндөп айткан жомокчу, чү деген жерден оозунан ыр куюлган төкмө, өз заманынын окуй билген, жаза билген билимдүү, түшүнүктүү адамы болгон.

Жеңижок жашап өткөн 19-кылымдын экинчи жарымы — 20-кылымдын башында Кыргызстандын Россияга кошулушунун натыйжасында кыргыз коомунда патриархалдык мамилелер ыдырап, капиталисттик мамилелер кире баштады. Коомдук-саясы ой-пикир да чоң өзгөрүүлөргө учурады. Мурдагы чексиз бийлиги кыскарып, чектелип, эми Кокон хандыгына, же падышалык бийликке таянып иш жүргүзүүгө аргасыз болуп калган кыргыз феодалдары улам бир жерден жалындай дүрт этип чыга калып жаткан элдик нааразылыктардын өрчүп кетишинен чочулап, аларды мүмкүн болушунча караңгылыкта, көз каранды, коркок-билиш абалда кармоого, эл ичинен каяша кылып баш көтөргөндөрдү ошо замат жок кылып турууга бардык күчүн жумшаган. Бул үчүн ал ислам динин идеологиялык курал катары пайдаланып, анын бул дүйнөдө маңдайга жазганды көрүп, тынч өмүр сүрүүгө үндөгөн мистикалык идеяларын кеңири жайылтышкан. Элдин башын бириктире кармоо үчүн илгертен келаткан патриархалдык-уруучулук тартиптин закондорун ийкемдүү колдоно билишкен. Элдик нааразылыктардын күч алуусунан жергиликтүү бай-манаптардан кем эмес корккон падышалык бийлик да калкты наадандык жана зомбулук туткунунда, баш көтөргүс кулдук психологияда кармоого далбас урган.

Эл жергиликтүү феодалдардын жана Кокон хандыгынын деспотизми алдында, ошондой эле падышачылыктын колонизатордук, баскынчылык саясатынын кабат-кабат эзүүсү алдында калган. Элдин караңгылыкта жаткан калың катмарына революциячыл идеялардын жетиши өтө кыйынга турган. Бирок эзилген элдин таптык сезими сенек боюнча тура берген эмес, коомдук мамилелердин акырындап өзгөрүшү, кыргыз жерине прогрессчил орус адамдарынын келе башташы, калктын отурукташууга көбүрөөк өтүүсүнө байланышкан перспективалуу социалдык өнүгүш эмгекчи элдин өзүндө жаткан революциячыл күчтөрдү акырындап ойготуп кирген. Адилеттикти, тең укукту талап кылган демократиялык кыймылды күчөткөн. Бул кыймыл, бул социалдык стихиялуу күрөш эл арасынан өзүнүн идеологдорун көтөрүп чыккан.

Мына ушундай татаал тарыхый шарт ар бир таланттуу адамдын алдына «эки маданияттын», «эки идеологиянын» кайсынысына кызмат кылуу маселесин койгон. Наадандыктын доорунда бул эки жолдун бирин айныбай тандап алыш оңой иш эмес эле. Жаштайынан бей-бечаралар менен бирге турмуштун азап-тозогун аябай көргөн, бирөөнү эзип, зомбулук көрсөткөндөргө зилинде каршы турган, өзүнүн зиректиги, акыл-сезиминин курчтугу аркасында замандын бардык ыйлуу-муңдуу, чырдуу, теңсиз жактары кайдан келип чыгып атканына көзү жеткен Жеңижок эл алдында адеп ырдап чыкканда эле (Нурмолдо менен айтышып, Жеңижок ырчы атка конгондон баштап) чыгармачылыгын элдик, демократтык нукка салган.

Өмүрү өткөнчө ал ошол позициясынан кайткан эмес. Жергиликтүү феодалдарга, эшен-молдолорго каршы ачыктан-ачык жалтанбай ырдаган, ошон үчүн аны замандаштары: «Өтө эч кимден таюучу эмес... Анын таамай бетке айткан курч ырларынан Аксы, Таластын манаптары чочулап, батыналчу эмес» деп эскеришет. Жеңижоктун чыгармачылыгындагы демократтык багыт, албетте, өзүнөн-өзү кокусунан пайда боло калган эмес. Муну шарттап турган бир катар маанилүү факторлор бар. Ал факторлордун ичинен биз, биринчиден, ошол учурдагы таптык карама-каршылыкка жык толгон турмуш чындыгынын өзүн, экинчиден оозеки чыгармачылыктын чыныгы элдик, прогрессивдүү традицияларынын күчтүү таасирин, үчүнчүдөн, Жеңижоктун Токтогул менен тыгыз карым-катнашта болуп, ой-пикирлеш жүрүүсүн жана төртүнчүдөн, сабаттуу ырчынын чыгыш классиктеринин гуманисттик терең идеялары менен түздөн-түз тааныш болушун, айрыкча бөлүп көрсөтүүнү зарыл деп эсептейбиз. Булар Жеңижоктун коомдук-социалдык көз караштарын гана эмес, анын акындык индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн аныктап, чеберчилигинин булактарын көрсөтүп турган да факторлор экенин эскерте кетүү парз.

Бул факторлордун ар бирин конкреттүү, ар тараптан карап чыгуу өзүнчө атайын изилдөөнү талап кыларында талаш жок. Маселен биринчи фактордун өзү, башкача айтканда Жеңижокту кейиткен, ойлонткон, кыйнаган миң түркүн суроого туш келтирген турмуш чындыгынын өзү эле таптык карама-каршылыктын ачыктан-ачык көрүнүшү болгон канча тарыхый окуяны, тарыхта аты белгилүү канча адамдарды өзүнө камтып турат. Ал окуяларга (маселен, 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү), ал тарыхый адамдарга Жеңижок кайдигер мамиледе болгон эмес, аларга күчүнүн жетишинче баа берүүгө аракет кылган. Алар ырчынын жеке тагдырына өз изин калтырган. Анын үстүнө, турмуш чындыгын Жеңижок өз айлынын, өз аймагынын гана мисалында көргөн эмес, түштүгү Алай, Түндүгү Ысык-Көл, Чүй, Нарынга чейинки кыргыз жерин бүт кыдырып, эл аралап жүрүп көргөн. Кай жерде болбосун бай менен кедейдин асман менен жердей ажырымы, жакшы менен жамандын күрөшү бар экенине көзү жеткен.

Мунун баары анын аң-сезимин тереңдеткен, акылын курчуткан, масштабдуу, чабыттуу ой жүгүртүүгө өбөлгө түзгөн, өз позициясында тайманбай бек турууга чыйралттырган. Мындайынан караганда азуулуу-тырмактуунун, колунда байлыгы, бийлиги бардын заманы болгон ошол мезгилде Жеңижок азыр аты да, дайны да жок кеткен ондогон, жүздөгөн ырчылардай эле бир манаптын эшик ырчысы болуп, күнүмдүк оокатка алданып, кошоматчылык менен жансактап өтүп кетүүсү толук мүмкүн эле. Бирок ал андай пастыкка барган эмес. Жогоруда айтылгандай, социалдык теги жагынан ал элдин эң кедей, бирөө эч сураксыз, жазыксыз өлтүрүп салса да кың дей албай турган укуксуз, эзилген катмарынан чыккан, манаптын бир ооз сөзү менен аз жерден өлүп кала жаздаган, ошонун айынан туулган жерин таштап, тентип кетүүгө аргасыз болгон. Мунун өзү талант даарыган, көкүрөгү тунук, көзү көрөгөч, акылы сергек ырчы адамдын эмес, жөнөкөй эле жай пенденин өмүр бою көңүлүнөн кетпей, кегин, ызасын, кайната турган нерсе эмеспи. Кеп бир кишинин жеке таарынычында, жеке азап-тозогунда эмес, ушул адилетсиз жашоонун өзүн шарттаган доордун карама-каршылыктуу табиятында жаткан. Элди эзген зулумдар менен кайнаса каны кошулбасын, өзүнө канча кылса да өз эмгеги менен күн көргөн караламан эл жакын турарын Жеңижок ачык түшүнгөн. Ошон үчүн ал дан өстүргөн дыйкандарды көргөндө:

Кагылайын Жатакчым,
Кабыл алгын саламды.
Чекеңдин мөлтүр теринен
Чертмектин күүсү жаралды,
Дүнүйө жыйбай дан баккан
Дүйнөдө сендей табамбы!
Бассам-турсам баары бир
Силерге бөлөм санаамды,
Жалгыздап жолго чыкканда
Жанымда силер каралды, — деп ырдаган, аларды кадимкидей арка-бел туткан. Башкача айтканда, Жеңижок таптык позициясы жагынан эзилген эмгекчи эл тарапта болуп, чыгармачылык багыты жагынан «примитивдүү крестьяндык демократиянын» нугунда турган. Эмгекчи эл менен дайыма бирге болуу, анын адал эмгегин даңазалоо идеясы («эмгекчини мактап айт, жатып ичер бузукту, какшык сөз менен кактап айт», «керилип кетмен чапканды айт, адал дүйнө тапканды айт») Жеңижоктун бүткүл чыгармачылыгын аралап өткөн терең өзөк идея. Жакшы менен жаманга, кечээки менен бүгүнкүгө, эл менен жерге баа берүүдө ал ушул позицияда — ак эмгектенүүнү моралдык-нравалык бийик критерий катары кармануу позициясында бек турат. Жайдыр-кыштыр тынбай аштык камын көрүп, жер сугарып, дың жыртпаган, ысыкка күйүп, суукка тоңуп, мал асырай билбеген жигит бир өнөрдөн кем калып, кор болорун эскертет. («Жаман жигит курусун, иштегенден арданат, катынын жөндөп бага албай, көрүнгөн жерге сандалат»). Бирок эл канчалык адал иштегени менен анын эмгеги баары бир эркин эместигин, баары бир ал эмгекти бирөөлөр жеп, замандын адилетсиздиги элди мүңкүрөтүп, белин кайыштырып турганын жакшы түшүнгөн. Ал айлана-чөйрөсүндөгү адилетсиздиктин, зордук-зомбулуктун себептерин издеген, ал себептерди баарыдан мурда эзүүчү таптын жырткычтык иштеринен көргөн. Мына ушундан улам ырчы жалаң гана ак эмгекке, адилеттүүлүккө, ак ниет болууга үндөө, башкача айтканда, жалаң моралдык факторго апелляция кылуу жетишсиз экенин терең баамдаган. Ошон үчүн ал өз мезгилинин адилетсиздигине ачык протест жасап, «Кабактын жолун каз деди» деген ырында элдин кош эзүүгө — жергиликтүү бай-манаптардын жана падышалык бийликтин эзүүсүнө не баш көтөрбөй чыдап олтурганына ачык нааразылык билдирген. Жеңижоктун коомдук-социалдык көз карашын, анын акындык позициясын ачык чагылдырган бул чакан ырды толук келтирүү зарыл.

Жазгы баар болгондо,
Көк чымырап толгондо,
Оёздон отуз кат келди,
Кабактын жолун каз деди.
Каяша кылган кишинин
Жонуна камчы тарс деди.
Бурулбай мындай бас деди,
Бул казганың аз деди.
Бурулуп мындай баскандын,
Мурдуна келтек карс деди.
Экөө бара бир атка,
Учкашкандар көп болду.
Элүү башы чыр салып,
Мушташкандар көп болду.
Үчөө бара бир атка
Учкашкандар көп болду.
Үйүңдө жатып алдың деп,
Мушташкандар көп болду.
Бей-бечара кыйналды,
Же калыстык жок бийинде,
Же талканы жок үйүндө,
Эл унутту жыргалды.

Элдин бул абалына ырчынын жаны кейип, мындай кордуктан көрө кол көтөрүп, каршылык кылууга чакырат.

Ташкенден келген тапанча,
Такчалап дары куйбайбы,
Ташкенден келген солдатты,
Тапыратып кырбайбы!..
Кокондон келген койчагыр,
Кочуштап дары куйбайбы,
Кокондон келген солдатты,
Кокуйлатып кырбайбы!..

Эзүүгө каршы мындай ачык каршы чыгуу Жеңижоктун чыгармачылыгындагы кокустук көрүнүш эмес. Акын өз заманы жөнүндө, улам барган сайын зордук-зомбулуктун, ач көздүктүн, наадандыктын күчөшү жөнүндө ой жүгүрткөн. Элдин тереңде жаткан кеги, ызасы кайнап, качандыр бир учурда күчтүү толкунга айланып, адилетсиздикти талкалоого алдыртан камданып баратканын интуитивдүү түшүнгөн.

Ажыдаар жыландай
Арбап барат замана.
Баары-жокту жутунуп
Жалмап барат замана.
Жалаңкычты колуна
Кармап барат замана.
Бурганактап, бороондоп
Карлап барат замана.
..............................................
Кайыры жок байлардын
Тапкан малы бекерге
Кетип барат замана.
Жоголор күнү байлардын
Жетип барат замана...
...............................................
Үч жылда бир шайланган
Ак падышанын амалын
Чектеп барат замана.
Бий, болуштар, ыстарчын
Бечара менен карыпты
Жектеп барат замана.
Чарык кийген кедейлер
Чоң келтегин көтөрүп
Кектеп барат замана.

Өткөн кылымдын акындарынын көпчүлүгүндөй эле Жеңижок да «замана» темасына кайрылган. Бирок анын биз үзүндүсүн мисал келтирген «Замана» аттуу ыры башка акындардын «акыр заман», «зар заман» сыяктуу дүйнөдөн кечүү, муңкануу, эскини көксөө мотивдерине толгон чыгармаларынан кескин айырмаланып турат. Эгерде «замана» темасындагы айрым башка чыгармаларда замандын бардык жаман жактарынын булагы элдин шариятты таза сактабасында, пейлинин бузулушунда, кыргыз жеринде каапырлардын көбөйүп баратышында деп түшүндүрүлсө, Жеңижок замандын адилетсиздигин түздөн-түз бай-манаптардын жана падышалык бийликтин эзүүсүнөн көрүп олтурат. Бул жагынан алганда анын «Замана» ыры Токтогулдун «Заманасы» менен идеялык жагынан үндөш экендигин айта кетүү ылайык.

Мусулманча окуган, шарыяттын догмаларын жакшы билген Жеңижокко замандын «бирөөгө кең, бирөөгө тар» болуп атканын айрым бөлөк акындар сыяктуу эле ошол учурдун реакциячыл үстөмдүк идеологиясына ылайык түшүндүрө салыш оңойго турмак. «Куран жана ага негизделген мусулман закондору бүткүл дүйнөдөгү элдердин географиясы менен этнографиясын мусулмандар жана каапырлар деп экиге бөлүүнүн, жөнөкөй жана ыңгайлуу формасына такай салат. Каапыр, дегени, демек, душман. Ислам каапырларды каргап-шилеп, мусулмандар менен каапырлардын ортосунда тынымсыз душмандашуу абалын түзөт» деп жазган эмеспи Маркс.

Эгер таптык карама-каршылыктан келип чыгып жаткан терс көрүнүштөрдү дин аркылуу түшүндүргөн болсо, Жеңижок башкаруучу чөйрөлөрдүн колдоосуна ээ болмок, башкача айтканда, өзүнө саясы капиталды камсыз кылмак. Так ошондой жасоону андан феодализмдин реакциячыл диний идеологиясы да талап кылып турган. Мына ушундай акыл-ойду байлап, тушап турган «кишендерден» суурулуп чыгып, коомдук көрүнүштөргө болсо да реалдуу таптык көзкараштардан баа берүү өткөн кылымдагы ар бир эле акындын колунан келе берген эмес. Жеңижоктун коомдук-социалдык көз караштарынын бизге баалуу жагы мына ушунда.

Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы сыяктуу эле Жеңижок да эзүүчү таптын өкүлдөрүн курч сатира аркылуу аёосуз ашкерелеген, алардын алдым-жуттумга жедеп көнгөн кулк-мүнөзүн, наадандыгын, эл алдында ачык айткан. Ал «Бай балдары» деген ырында өзү жашаган аймактагы кошулуп орок оруп, эмгек этип койгонсуп, элдин данын колдон талашкан Чөкөтөйдүн балдарын, короодон койду зордуктап алып, «журтту жыландай жалмаган» Молокенин балдарын, «калкка салык салып, жалгыз уйлуу кедейдин музоосун тартып алган» Сулайманкулдун балдарын, «мылтыктын түздүгүн сынаш үчүн адамды аткан «Ташыкулдун канкор балдарын, көпкөндүгүнөн «адамды байгеге сайган» Токтоматтын баласын, элди «ажыдаар болуп арбаган» Алыбектин балдарын бирден санап, ар биринин айбандыгын чечекейге сайгандай көрсөтөт. Коомдук өнүгүш жагынан ченебей артта калган, жашоонун патриархалдык-уруучулдук рутинасынан бошонууга алы келбеген, «жакшы» деп колунда байлыгы, бийлиги барды түшүнгөн, «жаман» деп томаяк кедейлерди билген, «жакшыларга» каршы сөз айтуудан ар качан коркуп, айбыгып келген элеттик караңгы чөйрөдө туруп, түндү жарып өткөн чагылгандай өзүнүн таптык протестин, ички каарын ачык айтып чыгуу үчүн акындан, албетте, граждандык эрдик талап кылынган. Мындай эрдикке, ырларынан даана көрүнүп тургандай, Жеңижок бирөөнүн түрткүсү менен, кокусунан эмес, өз ишенимине бек таянып, аң-сезимдүү түрдө барган. Акын өзүнүн бул таптык бекем позициясын, өзүнүн эл алдындагы ырчылык миссиясын, поэтикалык кредосун Эшмамбет менен жолукканда:

Ушул кандуу замана,
Кай акын өтпөйт арманда,
Элдин ырда мүдөөсүн,
Асты
Кекиртектен кармалба, — деп таамай билдирет.

Ырас, социалдык адилетсиздикке каршы протест жасоо, эзүүчүлөрдү ачык ашкерелөө, элдин таламын көздөп, дайыма эл тарабында туруу менен бирге эле Жеңижок өз учурунун коомдук-социалдык татаал табиятын жеткире түшүнө албаган, элди мындай кыйын абалдан сууруп чыгуу үчүн кандай күрөш жүргүзүү керектигин билбеген, өзүнүн алдында турган таптык курч суроолорго жооп берүүгө чабалдык кылган, көп учурда пассивдүү ой жүргүзүүлөрдөн ары узай албай, философ-моралист катары гана кала берген. Мунун объективдүү себептери бүгүн бизге жакшы түшүнүктүү, ошон үчүн бул кемчиликтер Жеңижоктун жеке өзүнө гана тиешелүү кемчиликтер катары эмес, ал жашаган кыргыз коомунун олуттуу кемчилиги катары бааланганы оң.

Жеңижоктун коомдук-социалдык көз караштары жөнүндө сөз болгондо токтоло кетүүчү бир жагдай бар. Бул — анын чыгармаларынын кээ бир жерлеринде диний түшүнүктөрдүн илээшип жүрүшү. Биз эскерип өттүк, Жеңижок диний билим алган жана мусулман дининин, ислам идеологиясынын кыргыз коомуна таасири өтө чоң болуп турган заманда жашаган киши. Кандай гана таланттуу адам болбосун, ал өз мезгилинин, айлана-чөйрөсүнүн коомдук-социалдык, моралдык-этикалык, идеялык-эстетикалык нормаларынан, принциптеринен, көз караштарынан таптакыр суурулуп чыгып кете албасы, тескерисинче, кандайдыр деңгээлде өзүнүн жүрүм-туруму, айткан сөздөрү аркылуу ошол нормалардын жана принциптердин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн чагылдырып турары белгилүү го.

«Коомдо жашап туруп, коомдон тышкары болууга мүмкүн эмес»,— дейт. Жеңижокто диний маанидеги сөздөрдүн илээшип жүрүшүн толук законченемдүү көрүнүш катары кабыл алуу кажет. Чын чынына келгенде диний түшүнүктөр анын ырларында алда канча көп болуусу күтүлө турган иш эле. Ал сабаттуу адам катары ошол учурда колу жеткен китептердин баарын окуган болушу керек. Ал эми ал учурда кыргыз арасынан Чыгыштын мыкты классик акындарынын чыгармалары менен катар эле Кожо Акмат Яссави, Суфи Аллаяр сыяктуу авторлордун мистикага чыланган, бу дүйнөнүн жыргалынан кечүүгө үндөгөн суфисттик китептери да кошо тараган. Көп сабаттуу адамдар ал диний китептердин таасиринен чыга алышпай, атүгүл жан-дили менен кабыл алып, өздөрүнчө бу жарыкчылыктын жалган экенине бек шненип, ал идеяларды айлана-чөйрөсүнө жайылткан, а түгүл кээ бир акылы зирек адамдар да замандын алдыга койгон оор суроолоруна жооп таба алышпай, айлалары кеткенде ошол мистикалык чыгармаларды окуп, көңүл сооротушкан, аларга таасирленип чыгарма да жазып жиберишкен. Жеңижок да өзү окуган суфисттик-аскеттик китептердин идеяларына азгырылып, чалынып калышы мүмкүн эле. Бирок көңүл бура турган нерсе, анын чыгармаларында диний маанидеги сөздөр анда-санда гана бир кездешет жана аларга ырчы анчалык олуттуу басым жасабайт, кээде гана аларды айтайын деген оюн толуктоочу, же бекемдөөчү жардамчы катары аргасыздан пайдаланат (муну кийинчерээк карап өтөбүз). Биз, эч кандай ислам динин ойго албай туруп эле, «кудай буюрса эртең Ташкенге учканы турабыз» деп койгондой, Жеңижокто ошо кезде ырда, оозеки речте тилдик штамп болуп калган: «бул дүнүйө жалганда» деген сыяктуу сөздөр кездешет. Эгер Жеңишоктун динге мамилесин таасын аныктоо керек болсо, анын канчалык «динчил» экенин билгибиз келсе, анда анын Нурмолдо менен айтышын карап көрүү жетиштүү. Нурмолдо:

Алла деген кор болбос,
А дүйнөдө зар болбос,
Ажал жетип өлүш бар,
Кара көргө көмүш бар,
Шейит болгон кишиге,
Акыретте бейиш бар,
Бейиш толгон жемиш бар,
Жейин десең тегиз бар, — деп кыямат, тозок жөнүндө ырдап, элдин үшүн алып олтурганда Жеңижок чыдап тура албай, туурадан качырып кирген:

Пайгамбарга дос экен,
Бар сааба чалыяр.
Буйругунда деп айттың,
Бүт макулук жаныбар.
Барсак орун кең бекен
Периштелер башкарган
Бейиш деген жайыңар?
Каза болгон кишиге,
Казган көрдүн ичинде,
Опосуз айткан сөзүндө,
Орою суук маани бар.
...............................................
Анык өзүң окшойсуң,
А дүйнөнүн жарчысы.
Жарык дүйнө бейишим
О дүйнөңдө бар бекен,
Ушунун бир тамчысы?
Билип туруп чын сүйлө,
Бейиш мына — бул дүйнө!
Жер астына барганда,
Ушул турган жыргалдын
Жетпейт сага саркыты!

Так, ачык жана жеткире айткан! Андан аркы сөздөрү менен Жеңижок эл көзүнө кыйын көрүнүп олтурган молдонун таптакыр айласын кетирип, «акындын иши жалган айтып, элдии башын маң кылууда эмес, акын болгон соң, жок бейиш менен жок периштелерге кайран ырды кор кылбай, ушу турган элди, өнүп-өскөн жерди, көзүң көргөн аныкты, болуп өткөн тарыхты айт» деп жыйынтык чыгарат.

Мына ушундан кийин акындын башка ырларында кездеше калган бирин-эки саптарга тушүнүү менен мамиле жасоо талап кылынарын айтып отуруунун кажети жок. Барпы менен Калмырза айтышканда, динчилерди жеринен жек көргөн Барпы:

Шарыяттан башкага
Барпы ырчынын кушу жок,[4]— дейт. Же болбосо замандаштары улуу акын Токтогулду «намаз окучу эле»[5] деп эскерет. Мындай моменттер, албетте, бул улуу акындарды динчил болгон деп айтууга эч кандай далил да, негиз да болуп бере албайт.

Калыбы, эзелтен ислам менен анча-мынча терең байланышы жок, шарыятты эске алса алып, эске албаса шарыятсыз эле жан сактоосун кылып, дин менен иши жок жүрө берген тоолук кыргыздардын агын суудай шар, шамалдай эркин элдик ырлары, күүлөрү, дүйнөгө эч кандай мистикасы, шайтан-шабыры жок ачык көз карашы бала кезинен Жеңижоктун көкүрөгүндө бек орноп, эрдикке, жашоону сүйүүгө үндөгөн элдик дастандардын, санаттардын асыл үлгүлөрү ырчынын ой-сезимин каптамакчы болгон диний туманды айдарым шамалдай ары кубалап, жан-дүйнөсүн тазартып турган окшойт.

Сабатын дин китептер менен ачса да, ислам идеологиясынын феодалдык үстөмдүк идеология экенин көрүп турса да, оозеки чыгармачылыктын мөлтүр булактай тунук чыныгы элдик салттарына толук бойдон бет уруп, чыгармачылыгын диндин таасиринен мүмкүн болушунча оолак тутууга жетише алган акындын эрдиги анын граждандык экинчи чоң эрдиги катары бааланууга тийиш. Так ушунун өзү Жеңижоктун чыгармачылыгынын дагы бир индивидуалдуу өзгөчөлүгүн белгилеп турат.

Жеңижоктун жалпы эле чыгармачылыгын кыргыздын поэзиясынын нускалуу салттарынан оргуп чыккан өзүнчө бир тунук булак деп бааласа болот. Жеңижок өзүнө чейинки кылымдар бою топтолгон, ооздон оозго эленип, тазаланып отуруп, алмаздай жаркыраган абалга жеткен элдик поэзиянын бай арсеналынан таң каларлыктай жеңил, эркин таасын пайдаланган. Андагы не бир укмуш көркөм каражаттарды өзүнүн жеке поэтикалык дүйнөсүнө элпек кызмат кылдыра алган, элдик ошол алтын казынаны өзүнүн таланты, акылы, күнү-түнү элирип ырдаса кебелип койбогон күч-кубат менен тапкан асыл табылгалары, санат сөздөрү, эл таң калган чеберчилиги аркылуу байыткан. Бул Жеңижоктун социалдык курч маселелерди козгогон ашкерелөөчү ырларынан да, элге кеңири белгилүү айтыштарынан да, арман ырларынан да айкын көрүнүп турат. Жеңижок кандай гана көрүнүшкө болбосун эч качан чукулунан кайрып, жеке адамдын тар көз карашынан, утурумдук чен аркылуу карап баа берген эмес. Ал ааламга, жердеги тиричиликке, адамдын жашоодогу ордуна, сөз өнөрүнүн түпкүлүктүү милдетине карата өз көз карашынын бир бүтүн системасын түзүп алууга жетишкен. Ар кандай көрүнүшкө, нерсеге ал ошол системасынан чыгып мамиле кылган, баа берген. Бул көз караштар системасы албетте, биз жогоруда айткан төрт маанилүү фактордун негизинде калыптанган, улам жаңыртып толукталып турган. Мунун ачык мисалы иретинде Жеңижоктун Эсенаман менен айтышын көрсөтүү ылайык, Эсенаман бул айтышта Жеңижоктун эли, жеринен тентип кеткенин, бөтөн жерде кадыр-сыйга жетпей жүргөнүн кеп кылып, «өз жериңде, элиңде жүрсөң, дүйнөгө карк болот элең» деген сыяктуу пас, орой жакалашканга тете сөздөрдү айтат. Жеңижок кезек алганда буга жооп бергенче шашып аптыкпайт, өз бийигинен жүгүрүп түшүп келип кошо жакалаша кетпейт, антүүгө ага өзүнүн ички маданияты, билими, жашоо-тиричилик, адам жөнүндөгү азыркы айтып өткөн бир бүтүн терең системага түшүп калган көз карашы жол бербейт. Ал кашында турган Эсенамандын да, ошерде отурган көпчүлүгү түркөй элдин оюна келбеген, эч ким күтпөгөн мааниден кеп баштайт.

Он сегиз миң ааламды
Бир жараткан эмеспи,
Эң биринчи дүйнөгө
Нур жараткан эмеспи,
Суук кыштын булутун
Сур жараткан эмеспи,
Эмгексизди энчиден
Кур жараткан эмеспи.
Аалам жашап турсун деп
Күн жараткан эмеспи,
Алмаштырып Күн менен
Түн жараткан эмеспи.
..............................................
Асман жердин арасын
Кең жараткан эмеспи,
Адамзаттын баарысын
Тең жараткан эмеспи, – деп жамгырдай төгүп, пастыктан, майдалыктан өйдө, обого шаңшып көтөрүлүп чыгат.

Ушундай кеңдиктен алганда экөөбүздүн болбос жерден тытышып олтурганыбыз эмне абийир деген ойду билдирет, андан кийин барып, айла жок, айтыштын салтына баш ийип, жердеги жемин алыш үчүн алгач көккө типтик атып чыгып, анан гана жеткен жерден жалпайта тебиш үчүн кош канатын куушуруп тик ылдый урган таштай зуулдап жөнөп берген кыраан бүркүттөй, Эсенаманды качырып сала берет, аны ар бир сөзүнөн кармап, мышык чычканды ойноткондой, жерге опоңой оонатып салып чыга берет.

Жеңижок аалам, адам, жер-суу жөнүндө канчалык терең жана туура ой жүгүртө алгандыгы анын философиялык санаттарынан ачык баамдалат («Аккан суу», «Дүнүйө», «Турбайбы», «Санат», «Насыят» ж. б.). .Философиялык санаттарында да Жеңижок башка ырларындагыдай эле дүйнөнү түшүндүрүүнүн диний, мистикалык жолдорунан алыс турат.

Адал эмгек — динибиз
Ата-баба — пирибиз. — деп түшүндүрөт ал. Бул эл арасындагы ошо кездеги «дилим куран, диним ислам» деген түшүнүктөргө, динди адамдардын пир тутуу аракеттерине таптакыр карама-каршы келет. Адал эмгекти акын айрыкча кастарлайт, аны жакшылыктын бирден бир булагы катары карайт. А түгүл адамдын жаралышынын өзүн эмгек менен түздөн түз байланыштырат. Акындын:

Өмүрү бүтпөйт тирилик.
Өлгөндөр келбейт тирилип.
Жаралган адам эмгектен,
Жарыша иштеп, түрүнүп, — деп айткан ою өз заманынын деңгээлинен алганда кыйла тереңге кеткени менен көңүлдү бурат. Суфизмдин идеяларынан карама-каршы позицияда туруп, акын дүйнөнүн түбөлүктүүлүгүн, тиричиликтин тынбай улана берерин бир эмес бир нече ырында айтып өтөт. «Өмүрү бүтпөйт тирилик», «Бали, ыракмат, аккан суу, түбөлүккө агарсың», «Түбү чексиз дүнүйө» деген өңдүү жыйынтык ойлор акында көп кездешет.

Мына ушундай түбөлүктүү дүйнөдө таза жүрүп, адал эмгек кылып, элге кызмат көрсөтүүнү акын адамзаттын башкы милдети катары карайт. Бул идеясын ал «Аккан суу» деген көлөмдүү ыры аркылуу бекемдейт. Ырда «эл үчүн денесин курмандыкка чалган», «дыйкан, чарба адамдын бүт думаасын кандырып, багып жаткан», «элдерди улутка, журтка бөлбөй, бардыгын тең караган аккан суу» өзүнчө бир таза идеал, адал жашоонун символу иретинде сүрөттөлгөн.

Акын жаратылыштын мына ушундай асыл кереметин адамдар булгап жатканга кейийт, анын баркын түшүнбөй, кадырлабай, сыйлабай, мамиле жасаганга нааразылык билдирет. «Адамзат пендеси, аккан сууну булгаба» деп чакырат ал. Агын сууну таза сактоо үчүн мындай чакырык жетишсиз экенин сезген акын, ошол учурда элге жеткиликтүү моралдык факторго кайрылат б. а. жок дегенде бир жылда бир ирет зыярат кылып турайбыз дейт. Мына ушул жерден акындын эмне үчүн ырдын башына диний оттенок бергени түшүнүктүү болуп чыга келет.

Акын суунун барган сайын булганып жатканына, кишилердин буга атайын ой жүгүртпөгөнүнө, сууну анчейин кадыр-барк кылбаганына көзү толук жетип, элге сууну жөн эле агып жаткан бир суюк нерсе эмес, касиеттүү, кудайдын ысымына байланышкан, ыйык нерсе катары атайын өзгөчө аздектеп сыпаттайт. Башкача айтканда, ошентип айтсам адамдар сууга башкачараак карап, анын баркы жөнүндө ойлоно жүрөбү деген үмүттө болот. Дин тыюу салган же касиеттүү деп эсептеген нерсеге, эл да сестенүү менен мамиле кыларын ырчы, албетте, жакшы билген. Ошон үчүн өз учурунун идеологиялык куралы болгон диндин айрым түшүнүктөрүн өзүнүн философиялык оюн элге жеткирүү үчүн пайдаланган. Муйун, албетте, эч кандай тескери жагы жок.

Жеңижоктун чыгармачылыгында Чыгыш классиктеринин чыгармаларынан келген таасирлер маанилүү фактор катары каралууга тийиш деп көрсөттүк. Эгер Чыгыш классиктеринин терең философиялык ойлору, прогрессивдүү идеялары кыргыздын көптөгөн ырчыларына тикеден тике эмес, кимдир-бирөөлөрдүн окуп берген, же айтканы боюнча кыйыр түрдө жеткен болсо, Жеңижок алардын китептерин (же китептеринин көчүрмөлөрүн) өз көзү менен окуган, тикеден тике таалим алган. Бул чыгыш элдерине кеңири белгилүү:

Бу дуние... каптарханадур,
Бири учса, бири конадур. – деген сыяктуу ыр саптарынын Жеңижокто:

Көз алдыңда байкалып,
Болуп жаткан дүнүйө.
Бир бөксөрсө кайрадан
Толуп жаткан дүнүйө.
Бири учса бирөөбү —
Конуп жаткан дүнүйө, – болуп, элдик поэзиянын нугунда трансформацияланышынан көрүнүп турат.

Жеңижоктун Чыгыш классиктеринен алган урунттуу чыгармачылык таалими эмнеде дегенде, албетте, ырчынын терең гуманисттик идеяларында деп жооп берүү керек. Гуманизм — Жеңижоктун бүткүл философиялык санаттарын, пейзаждык лирикасын, арман ырларын баштан-аяк аралап өткөн олуттуу өзгөчөлүк.

Бул идеяларында ал барыдан мурда «Адамзаттын баарысын тең жараткан эмеспи» деген өзүнүн философиялык башкы постулатынан чыгат. Демек, ал бир адам бир адамдын алдында кор болуп, бири бийлиги менен алдуу, бири бийлиги жок алсыз болуп туруусун теңсиздик деп эсептейт. «Дүнүйө» деген ырында ал адамдын өзүн тиричиликтин, жаратылыштын фонунда өзүнчө бөлүп көрсөтүп, анын сулуулугун, гармониялуу жаралганын даңазалайт, ошонусу менен ал көр тириликке басылган, карыптыктан чүнчүгөн кишилердин духун чыйралткысы, адамдык сыймыгын ойготкусу келет. Бирок акын адамга андай эркиндик кандай жол менен келерин билбейт. Ал кедейлер бай болсо, адамдык сыймыгы көтөрүлөр эле деген примитивдүү, пассивдүү гуманисттик ойлорго жетеленет. Өлөр алдында:

Жабагылар тай болбой
Жардыларым бай болбой,
Кулундарым тай болбой
Курама журтум бай болбой,— деп өксүп арман кылат, «коңшу кедейге кой бөлүп бергенге жеткен жокмун» деп кейийт («Ак куржун толо ыр калды»). Эгер социалисттик гуманизм гана реалдуу гуманизм бийиктигине жеткенин эске алсак, анда өткөн кылымдардагы эл ырчыларынын гуманизминде канчалык өксүктөр бар экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү болот. Ошого карабай, Жеңижоктун ырлары асылдыкты, кооздукту баалай билүүгө чакырган. Эрдикке, эр жүрөктүүлүккө үндөгөн, элдин тайманбас азаматы болууга үгүттөгөн ырлары, анын гуманисттик идеялары тилек, көксөө катары ак дилден чыкканына күбө болуп турат.

Мына ушундай коомдук-социалдык, философиялык, гуманисттик идеялардын баарын чыгармаларында чагылдырууда Жеңижок улуу акын Токтогулдун зор таасирин сезбей койгон эмес. Маалыматтарга таянганда жана Токтогулдун өзүнүн Жеңижокту жоктоп кошкон кошогуна караганда бул эки таланттуу акын бири-бири менен өтө жакын мамиледе болгон. Өмүр бою бирин-бири сыйлашып жүрүп өтүшкөн, нечен жерлерде, жыйындарда кошулуп алып чогуу ырдашып жүргөн. Мындай болгондон кийин бириндеги мыкты касиеттер, жакшы жактар бирине өтпөй койгон эмес.

Жеңижок өлөрүндө аркасында калган дастандарын, санаттарын, ырларын өз баасынан кемитпей айта жүрө турган ырчы жалгыз гана Токтогул деген жыйынтыкка келген. Демек, анын Токтогулга урматы айрыкча чоң болгон. Токтогулдун ачык таптык көз караштарын, эзүүчүлөргө каршы бекем позициясын Жеңижок өз деңгээлине жараша өздөштүрүп кабыл алган деп ишенимдүү айтууга болот. Ошону менен бирге Токтогул да Жеңижоктун талантынын, акындык чеберчилигинин күчтүү жактарын, чыгармачылыгындагы айрым идеялык-тематикалык баалуу өзгөчөлүктөрүн өз чыгармаларына сиңирип кетүүсү толук ыктымал.

[1] М. Цветаева М. Сов. писатель 1965. ст. 13.

[2] Житие Протопопа Аввакума, Иркутск, 1979 г.

[3] Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил, адабият институтунун кол жазмалар фондусу, инв. №№ 5248, 5329.

[4]  Айтыштар, Ф., «Кыргызстан», 1972, 1-том.

[5]       Токтогулдун замандаштарынын эскермелери, Ф., «Кыргызмамбас», 1959.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз