Кыргыз эл жомогу: Токтогул ырчынын баласы

Чабуулда жоонун колуна түшүп кеткен бала кул болуп, тезек терип талаада жүрүп, жылкынын бир куу башын таап алып мындай сөздөрдү айтат:

Тулпардын башы сен болсоң,
Куурап жатчу сен белең!
Кишиден шумкар болсом да,
Тезек терер мен белем! – Баланын ушинтип ыйлап отургандыгын бир киши көрүп, канга айтып барат. Кан баланы алдырып келип, тулпарды тааныгандыгы жөнүндө суроо сурайт.

– Тулпардын куу башын тааныган, өзүн тааныбайт дейсизби, каным? – дейт бала.

– Андай болсо, балам, мага тулпар таап бер, – дейт кан.

– Каным, жаныма жигит кошуп бер, тулпарды издеп, таап берейин, – дейт бала.

Кан балага эки жигит кошуп берет. Бала тулпарды шаарлардан издеп таппай, Сарарканын жайлоосуна келип, бир агын сууга кабылып, агып келе жаткан жылкынын тезегин кармап алып, тулпардыкы экен, ушу суунун башында, кандай болбосун тулпар бар экен деп айтып, сууну бойлоп жөнөйт. Жолдоштору суроо берет:

– Тулпардын тезеги экендигин кандайлыктан тааныдың? – деп.

– Сууга, таштан ташка урунуп келе жатып бир да жери кетилбептир го, ушуну да билбеген киши болобу? – дейт бала.

Суунун башына барышса, бир топ кербендер жатышат. Чом кесип, аркасы тамтыксыз жоор болгон тартайган чоң ат турат.

Жолдошторуна:

– Ушул жоор ат тулпар экен, сатып алгыла! – дейт бала.

Жоор аттын тулпар экендигине жигиттер ишенбейт. Сатып алгысы да келбейт. Бирок ушул тулпарды сатып албагандыгыбызды канга айтып барса, жазаланабыз го деп чочуп, жоор атты аргасыз сатып алышат да, канга алып жөнөшөт.

– Бул тулпарды эми ким таптайт? – дейт кан.

– Тулпарды тапкан таптайт, – дейт бала.

Тулпарды баланын өзү таптоосуна кан макул болуп, колуна өткөрүп берип, качан табы жеткенде мага алып келип көрсөт, – дейт.

Бала тулпарды табына жеткирип, кандын алдына алып келип:

– Каным, тулпар табына келип жетти. Эми той өткөр, – дейт бала.

Кан чоң той өткөрүп, тулпарды ким минип чабат деген маслекат коюлат.

– Мен чабам, – дейт бала.

Чабылчу аттар чубатууга түшкөндө, бала тулпарды минип мындай айтат:

– Тулпарды минген туруучубу,
Тууганга жетпей тынуучубу.
Каным, кош эми.

Чү коюп, сызган бойдон кете берет. Көпчүлүк жабыла кала беришет. Ошол көпчүлүктүн ичинен бир байтал минген киши кууп жетет. Бала ага кайрылып, байталдын ичинде Туучунак бар экенин, ошонун деми менен чуркап келгенин, туудуруп алса, тулпар чыгаарын айтат. Ошону менен бала көздөн кайым жеткирбей кетет.

Аттын дүбүртүн угуп, үй пааналап турган Токтогулдун кызы:

– Тулпардын дүбүртү чыгат, жалгызым келе жаткан бейм, – деп атасына айтат.

Кызынын сөзү боюнча, Токтогул жети катар жибек аркан тарттырып, кийиз менен жуурканды жерге кабаттап салдырып, тосуп турушат. Тулпар алты катар арканды үзүп өтүп, жетинчи арканга барып токтогон экен.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз