Эпидемиялар жана вирустар тууралуу роман сюжеттери кантип түзүлөт?

  • 17.08.2020
  • 3310

Шаардан шаарга, мамлекеттен мамлекетке өтүп, бүт дүйнөгө башаламандык жаратып, адамдарды үйгө камап, бардык өлкөлөргө карантин киргизүүгө мажбурласа да көптөрдүн өмүрүн алган вирус... Жок, бул акыркы жарым жылдагы окуялардын тизмеги эмес, кийинки жүз жылда жазылган курч окуялуу бир нече романдын сюжети.

“Пиши. про писателей” эпидемия тууралуу китеп жазуунун жолдору тууралуу кеп салып берет.

Елизавета Васильеванын текстти

Эпидемия тууралуу курч сюжеттүү чыгарма

Адамзаты коркунучтуу эпидемиянын алдында далай ирет калчылдаган (сөздүн түз маанисинде), ошондуктан жеңилбес жугуштуу оорулар темасы адабиятта илгертен бери козголуп келет. Башында адамдар эпидемияга пенденин туура эмес иштери үчүн улуу күчтөр жиберген каргыш катары карашкан.  Софоклдун «Эдип падышасында» кара тумоо эпидемиясы Фива шаарын каптайт. Мындай жагдай эмнеден улам жаралганын түшүнө албаган тургундар көзү ачыкка кайрылышат. Бул шаарда Лай падышаны өлтүргөн кылмышкер жашап жатканы үчүн оору Жараткан тарабынан жиберилгенин, аны кубалап чыкмайын кеселден арылууга мүмкүн эместигин айтат.

Ал эми Жаванни Боккаччо айтылуу “Декамеронунда” эпидемиядан эч кандай мистика издебейт жана ага негизги орунду бербейт, жөн гана чума эпидемиясын окуяны өнүктүрүш үчүн колдонот.

Жыйырманчы кылымда жугуштуу оорулар темасына негизинен фантастар кайрылышкан. Анткен менен кээ бир кездерде бул темага фантастикадан алыс жазуучулар да “тиш салышкан”. Мисалы, Альбер Камю “Чума” романында жугуштуу оорулар эпидемиясын чыгармадагы негизги тема күрөң чуманы фашизм менен салыштырып, экөөнү тең катар баяндап,  жамандыктын нак өзү катары сүрөттөйт. Жыйырманчы жүз жылдыктын көпчүлүк романдарында  эпидемиянын жайылышына пенделик наадандык себеп болгону баяндалып, жамандыктын жеке бийлиги орношунун башталышы катары сүрөттөлөт (Стивен Кинг «Каршы туруу», Яна Вагнер «Вангозеро»).

Бүтүндөй өлкөлөрдүн элин чалгыдай чапкан бир эле вирус же инфекция апаатка айланбайт, жүрүш-туруш эрежелерин жакшы сактабаган, жаш муундарга туура тарбия бербеген, өркүндөтүлгөн билим менен өнүгүүнү жакшылык үчүн колдонбогон адамзаты алааматты өзүнө-өзү чакырат. Эпидемия тууралуу романдардагы вирус сөзсүз түрдө коомду да, жеке адамды да кыяматка алып келет. Дүйнө караңгылыкка капталат. Тирүү калгандарга жаңы мыйзамдар менен жашоого туура келет. 

Эпидемия көп учурларда бир гана сюжет түзүүчү элемент болбостон көркөм дүйнөнү жаратууга да башталыш болуп бере алат. Мындай романдарда эпидемиянын эскерилиши зарыл, бирок баяндоонун башкы темасы болуп саналбайт. Мисалы, Гичард Метисондун “Мен – уламыш” романында (бул чыгарма бир нече жолу экрандаштырылган) автор үчүн дээрлик бүткүл адамзатты жок кылган вирус маанилүү эмес, анын натыйжасы болуп саналган соңку көрүнүш биринчи орунда турат: ээн калган шаарлар, бошогон дүкөндөр, базарлар жана башка турак-жайлар, чөп баскан көчөлөр менен аянттар, сары чырмоокко капталган эстеликтер жана ушул жапайы көрксүз көрүнүштүн фонундагы багынбаган башкы каарман.

Ошентип акыркы жыйырма жылда адамзаттын башынан өткөн куш тумоосу, Эбола безгеги, атипичный пневмония сыяктуу жугуштуу оорулар жазуучулардын фантазиясына от жагып, калемин бүлөттү, жаңы тема таап берди. Алар окуяны болушу мүмкүн болгондой кылып андан ары өнүктүрүп, курч окуялуу романдарды жаратып (бул кубулуш адабиятта pandemia-novel аталды), өзүлөрү жазуучулук канааттануу алышты, окурмандын да бүйүрүн кызытып, жакшы эрмек таап беришти. Вирустар бир эле калкка калайман салганы менен эмес, коркунучтуу натыйжасы менен да окурманга кызыктуу. Баарынан да психологиялык терең таасиринен улам окурман көңүлүнөн бекем жана ишенимдүү түрдө орун алды.

Пандемиянын жазуучуларга пайдалуулугу эмнеде

Сюжет түзүүчү элемент жана окуяны чиелентүүчү кубулуш катары пандемия жазуучуларга чыгарма жаратыш үчүн ыңгайлуу.

Бүткүл дүйнөнү каптап, жер үстүнөн адамзатты жок кылуучу эпидемия – бул жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу эч кимге баш бербеген табигый кырсыктай, күтүүсүз басып кирген бөтөн планеталыктардай же ааламдан жерге түз багытталган астероид сыяктуу. Ал автордун талантын сынайт, анын фантазиясына жараша өнүгөт: кырылгандан калган адамзат баш бербеген улуу күчкө биргелешип каршы турат же тескерисинче, бытырандылыкка учурайт, ойго келбеген окуялардын орун алышына шарт түзүп, учурга жараша сакталып калууга умтулган жаңы каармандарды жаратат. Башкача айтканда, сюжеттин кеңирилиги менен көп багыттуулугу окуяларды түрлөнтөт, ойду байытат, түрдүү образдагы каармандардын кагылышуусуна шарт түзөт. Мындай окурмандын бүйүрүн кызытуучу күтүүсүздүктөр барып келип эле автордун айтайын деген идеясына кызмат кылат (Стивен Кинг. “Каршы туруу”).  

Эпидемия романдын окуяларын чиелентүү менен каарманды адеп-ахлактык жаңы сыноого кабылтат, ага адамдык милдет менен өзүмчүл сезимдин бирөөсүн тандоого туура келет.  Ал эски мыйзамдар иштебеген дүйнөгө туш келип, адам чыдай албаган шартта адамгерчилигин сактоого аракеттенет же ага барбайт. Бул автордун тандоосуна жараша.

Вирус жөнүндөгү романдардын сюжети көп талкууга жем таштайт. Жер жүзүнө кеңири таралган эпидемия жөнүндө ойлоо эле жазуучу турмак жөнөкөй адамдын фантазиясын ойготушу мүмкүн. Авторго окурман көңүлүн бурар окуянын күтүүсүз бурулуштарын ойлоп табуунун деле кереги жок: планетага бүлүк салган вирус дээрлик бардык адамдарды кызыктырат. Өзгөчө азыркы жүрүп өткөн таажы вирусунан соң бул тема бир эле фантастикалык чыгармаларды сүйүүчүлөрдү эмес, чыныгы жашоону чагылдырган чыгармаларды жакшы көргөн бардык эле окурмандарды өзүнө тарта баштады. Анткени эпидемия романдын окуясын чиелентүүчү  тема катары бир эле фантасттарды кызыктырбай калды. Бул вирус мындан ары дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү болуп калгандыктан ага бардык эле авторлор тартынбай кайрылып жатышат.

Эпидемия тууралуу романдардын түрлөрү

Пандемия тууралуу романдарды бир нече түргө бөлсө болот. Сюжеттердин көп варианттуулугу чектелбестиги түшүнүктүү. Балким ушул учурда бул коркунучтуу оору жөнүндө башкача өңүттө жазылган, бөлөктөргө окшобогон роман кайсы бир басмаканада жарык көрүп жаткандыр. Бирок биз окурман элегинен өткөн чыгармаларга саресеп салуу менен аларды үчкө бөлөбүз:

1. Ойлоп табылган же адам колунан жаралган вирустар жөнүндөгү романдар: сюжет жалаң эпидемия боюнча түзүлүп, окуя пандемиянын жаралышы, таралышы, жоюлушу боюнча өнүгөт жана чечилет (Яна Вагнер «Вангозеро», Лин Ма «Чыгуу жөлөкпулу»).

2. Вирус жер жүзүнө акыр заман кыяматын салып өткөндөн кийинки көрүнүштү жана жандана баштаган жашоону сүрөттөгөн романдар (Дэйв Хатчинсон «Европ күзү»).

3. Тарыхта калган эпидемия сүрөттөлгөн же эскерилген, бирок романдын негизги окуясы саналбаган чыгармалар (Йен Пирс «Сципиондун түшү», Конни Уиллис «Коркунучтуу соттун китеби»).

Эпидемия жөнүндөгү романдардын мазмуну

Pandemia-novel романдарынан бири-бирин кайталаган бир нече идеяларды көрсө болот:

Цивилизациянын кыйрашы.

  • Азыркы дүйнө бардык жагынан баа жеткис болчу, биз аны барктабагандыгыбыздан улам жоготуп алдык.
  • Эпидемия – адамзатты күнөөсү үчүн жазалоо.
  • Эпидемия – жамандыктын чен-өлчөмүнөн ашып кетиши.
  • Эпидемия – планетага зомбулук көрсөткөн адамзатты жок кылуу жолу.
  • Адамдар жандуу чыдай алгыс шартта да адамгерчилик көрсөтө алышат.
  • Тескерисинче, цивилизациянын чектөөлөрүсүз адамдар айбанга айланып кетишет.
  • Күчтүү инсан эмне кыйынчылык болбосун жеңип чыгат жана кандай шарт болбосун жашап кетет.
  • Канчалык чабалактабасын, эч ким тирүү калбайт.
  • Бирин-экин адам аман калат.

Масштабдуу кагылыш

Романда адамзат тагдыр чечер жамандыкка каршы турганын сүрөттөгөн бир нече кагылышуу болуп өтөт. Алардын көрүнүктүүлөрү: масштабдуу жана глобалдык кагылыштар. Ошондой эле булардын курамында жаңы жагдайга жараша жашап кетүүгө далбастаган адамдардын аракетин чагылдырган жергиликтүү кагылышуулар бар. Масштабдуу кагылышка азап-кайгы жана өлүмгө айласыз моюн сунуу мүнөздүү.

Жергиликтүү кагылыш

Жергиликтүү кагылыштарды, башкача айтканда, каармандар ортосундагы жаңжалдарды көбүнчө өзгөрүлгөн дүйнө жана жашоонун жаңы шарттары өзгөчөлөнтөт. Ошондо да бул жерде эң бир көп учураган кагылыштар колдонулат: махабат сыноосу, муундардын талашы, жамандык менен жакшылыктын күрөшү, милдет жана аң-сезим колдонулат. Дал ушул жергиликтүү жаңжалдарды туткактап романдын негизги сюжети өнүгөт, каармандар жугуштуу оору каптаган чөлкөм аркылуу аракеттенип, чыгарманын чечмеленишине жылып жүрүп отурушат.

Каарман – күчтүү инсан

Баян башында каарман күчтүү инсан болбогон күндө да чыгарманын жүрүшүндө ал ошондой адамга айланышы керек. Жок эле дегенде ал романдын акырында өзүнө түшкөн мүшкүлдү моюбай көтөргөн эрктүү, акылдуу, күчтүү, тайманбас, чечкиндүү каарман болуп бышып жетилиши кажет. Ал тургай баш каарман кыйраган дүйнөнү сактап калышы абзел.

Аман калууга болгон күчтүү каалоо - сюжеттин башкы кыймылдаткычы

Дүйнө дүңүнөн кыйраса да, ал тургай ажалдын ченгелинде айласыз абалда калса деле негизги каармандар бул алааматтан кантип аман-эсен чыгыштары керек? Жазуучу дал ушул суроого жооп издеп, окурман ынангыдай сюжет түзүшү лаазым. Каармандардын башкалар кулап жаткан туңгуюктан буйтап өтүүсү же айла таап андан чыгып кетүүсү чыгарманын даамына чыгарчу чыгы болуп саналат. Ааламат айлана-чөйрөнү астын-үстүн түшүрүүдө каарман болсо кандайдыр бир аргага жармашып жашап жатат. Жалгыз өзү бүт дүйнөгө кайгырууда, кыйналууда, бирок өлбөстүн күнүн көрүп, жашоосун жайгарууда. Же бул колунан келбей калып туңгуюкту карай жылмышып жөнөйт. Жазуучу кайсы вариантты тандап алса да андагы каармандын жашоо үчүн болгон күрөшү, адамча же айбанча күн көрүүсү романдын сюжетин алга сүрөйт.

Пейзаж сюжеттин бир бөлүгү катары

Пейзаждын пандемия тууралуу романдардагы орду чоң, ал чыгарманын көркөмдүүлүгүн арттыруу менен авторго идеясын кең-кесири берүүгө жол ачат, маанайды аныктайт, жагдайды сүрөттөйт (мисалы, “Карачы, гүлдөгөн планетаны эмне кылышты!”), алааматтан кийинки дүйнөнүн кебетесин окурмандын көз алдына тартат, туюкка кабылгандардын сезимин туйгузат, негизгиси адабияттык 4G натыйжасын жаратат, башкача айтканда, окурманды чыгармада болуп жаткан окуяларга аралаштырат. Дегинкиси pandemia-novel жанрында жазылган романдардагыдай эч бир чыгармада кыйсыпыр түшкөн айлана-чөйрөнү сөзсүз элестүү сүрөттөө талап кылынбайт.

Тыянак тууралуу бир ооз кеп

Баардык эле чыгармалардагыдай болуп эпидемия тууралуу романдарда да тыянак чыгарылат. Ансыз кантип чыгарма ийине жетет, кайдан окурман канааттанат. Аны бактылуу аяктоону же кайгылуу бойдон бүтүрүүнү автор чечет.

Вирустар жана эпидемиялар тууралуу романдар

  • « Эдип падыша» Софокл б.з.ч 496-жыл.
  • Жаванни Боккаччо «Декамерон» 1355-1354-ж.ж.
  • Александр Пушкин «Кара тумоо учурундагы той» 1832-жыл.
  • Жек Лондон «Кызыл тумоо» 1915-жыл.
  • Альбер Камю «Чума» 1947-жыл.
  • Ричард Мэтисон «Мен – уламыш» 1954-жыл.
  • Ситвен Кинг «Каршы туруу» 1978-жыл. 
  • Нил Стивенсон «Көчкү» 1992-жыл.
  • Конни Уиллис «Коркунуч сотунун китеби» 1992-жыл.
  • Эрик Маккормак «Мистериум» 1993-жыл.
  • Йен Пирс « Сципиондун түшү» 2002-жыл.
  • Яна Вагнер «Вангозеро» 2011-жыл.
  • Дэн Браун «Инферно» 2013-жыл.
  • Эмили Сент-Жон Мандел — «Он биринчи бекет» 2014-жыл
  • Дэйв Хатчинсон «Европа күзү» 2014-жыл.
  • Франк Тилье «Пандемия» 2016-жыл.
  • А. Ж. Риддл — «Пандемия» 2017-жыл.
  • Вадим Панов «Аркада. Биринчи эпизод. kamataYan» 2019-жыл.
  • Лин Ма «Чыгуу жөлөк пулу» 2020-жыл.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

“Пиши. про писателей” сайтынан алынды

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз