Ойчул жана философ Платондун сөздөрүнөн

  • 16.12.2023
  • 3945

Тагдыр – бул белгисиздиктен белгисиздикке кеткен жол.

♦ ♦ ♦

Саясатка аралашпоого акылы жеткендер, өзүнөн акылсыздардын бийлигин чыдап көтөрүүгө мажбур.

♦ ♦ ♦

Канча кулуң болсо – ошончо душманың бар.

♦ ♦ ♦

Сүйүктүү адам сүйгөн адамды сокур кылат.

♦ ♦ ♦

Сүйгөн адамдын баары акын.

♦ ♦ ♦

Сүйүү – бул олуттуу психикалык оору.

♦ ♦ ♦

Кандай гана акылмандык болбосун анын негизи – чыдамкайлык.

♦ ♦ ♦

Өзүңдү өзүң алдаган бардыгынан жаман, анткени алдамчы дайыма жаныңда жүрөт.

♦ ♦ ♦

Бирөөлөрдү бактылуу кылгың келип аракеттенсең, өз бактыңды табасың.

♦ ♦ ♦

Адамдарга байланыштуу дээрлик бардык нерсе алтын бар жерде бузулушу мүмкүн.

♦ ♦ ♦

Акылсызды эки нерседен тааныса болот: ал өзүнө кереги жок нерселер жөнүндө көп сүйлөйт жана андан сурабаган нерселерге деле жооп бере берет.

♦ ♦ ♦

Акыйкатсыз ишти жасаган, акыйкатсыз ишке дуушар болгондон бир топ жаман.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз