Алмаз Кулматов: Канат хандын саясий эрдиги

  • 26.08.2020
  • 3710

Саясий эрдик темасы соӊку кыргыз тарыхнаамасында, саясат таануу илиминде, публицистикада дээрлик кеп кылынбаган темалардын бири. Шүгүр дейли, тигил же бул тарыхый инсан, же баатыр тууралуу макаладан тартып көркөм чыгармага чейин китептер арбын. Айрыкча алардын мааракесине утурлай, бир дуу этип, жабыла жазып, кеп кылып калабыз. Бирок баатырдын баатырдыгы кай жоругунда экени айтылбай, орошон инсандын инсандыгы ачылбай, тарыхтагы орду аныкталбай калган учурлар биздин тарыхый инсандарга карата мамилебизге мүнөздүү. Маселенин өзөгү биздин, эмки кыргыздардын көбүнүн саясий эрдикке, тарыхый жоопкерчиликке, инсандын ролуна карата идеологиялык, саясий жана нравалык позициясына байланыштуу.

Албетте, салгылашта, кармашта же кыйчалыш мезгилде эрдиктин жөнү башка. Окко төшүн тоскон жоокер, сууга чөккөн кишини сактап калган адам каарманбы. Албетте. Алоолонгон өрттөн ымыркайды сууруп чыккан эрдикпи. Эрдик. Ким болбосун эрдик деп жазбай айтат. Ал даана байкалат, элдин көбү баамдайт, баалайт, суктанат, даӊазаланат, эскерилет, үлгү катары тарбиялык кызмат кылат. А саясий эрдикти баамдоо, баалоо коомдогу басымдуу көз карашка, коомдук пикирге, анын саясий идеалдарына, нравалык баалуулуктар системасына жараша болмогу анык. Саясий эрдик тынч мезгилде деле ишке ашышы ыктымал. Маселен Т.Океев кинолорунда ажайып эпизоддор менен мүлдө партия же саясий уюмдар чогулуп келип жасамак турсун, оюна кетпеген ишти жасаган. Кургак сөз эмес, далидегенге аракет кылгам (Караӊыз: Т. Океевдин саясий эрдиги. “Азаттык”. А. Кулматов).

Канат Ыбыке уулу (1860-1916), көтөрүлүш башталганга чейин Абайылда болуштугун башкарып турган манап. Улуттук-боштондук көтөрүшү деп Жусуп Абдрахманов тээ 1926-жылы эле даап, так аныктаган тарыхый окуя аны эл-журт башына алып келди. Кыргыз элин тоо-ташка сүрүп, жерин тартып алып, аёосуз эзип жибергени аз келгенсип, эми урушка салмакчы болдуӊар деп көтөрүлгөн журтун башында болду. Мындай иште бир башчы керек, ар ким өз бетинче урушса, майнап чыкпайт деген көпчүлүк уруу башчысы, чынжырлуу манаптын тукуму деп хан шайлайт. Канат Ыбыке уулу эки ирет хан шайланат. Адегенде Кочкордо азыраак эл катышкан жыйында, аз убакыттан соӊ, июль айында Чүй боорунда сарыбагыш, солто уруулары тарабынан шааниси менен хан көтөрүлөт. Баса, кийин колго түшүп, сурак бергенде ал өзүн хан атаган эмес. Бул анын коркоктугунан кабар бербейт. Анткени аны мүлдө кыргыз эмес, азыраак эл катышкан жыйын хан шайлагагандыктан, толук мыйзамдуу хан деп өзүн атоого акысы жок болгон.

Бийликти өз бетинче ээлеп же тартып алуу, басып алуу, шайланбай туруп өзүн хан атоо кыргыз элинин мыйзам күчүндөгү адатына, наркына ылайык өтө оор кылмыш болгон.  

Ошентип, ага кол баштоо, жол баштоо, эл жоопкерчилигин алуу озуйпасы жүктөлөт. Канат Ыбыке уулу балким хан болууну ичинен эӊсегендир, бирок тарыхый кырдаалга жараша кыйын кезеӊде хан болуу анын тагдырына жазган экен. Канат хан бул озуйпадан кыйгап кете алмак эмес. Бир кезде империя курган, бирде кыйрап, бирде жеӊилген, бирде кырып, бирде кырылган, бирок да эркин мамлекет идеясынан эзели баш тартпаган көчмөн кыргыз наркына ылайык, эл үчүн жоопкерчиликтен баш тартуу өтө оор күнөө, жеткен арсыздык болгон.

Мындай безерлик эч качан унутулмак эмес, укум-тукумга жууса кетпес уят иш, кылымда жок чыккынчылык катары журт эсинде кала бермек. Санжыра сайын айтылмак, уламалар кеп кылмак, урпактары бул айыптан арылмак эмес. Канат хан ошентип көтөрүлүштү жетектеп калган соӊ, хан аталган соӊ, кадимкидей жүрүштү баштап, адегенде Кочкор (байыркы жерди орустар ошол кезде Столыпино деп атоого да үлгүргөн) аймагын ээлейт, анан баскынчы орустардын аскерий-административдик таянычы Токмок шаарын камоого алат. Аӊгыча мыкты куралданган орус аскерлери Ташкен менен Верныйдан (Алматы) жете келип, Канат хандын колу катуу жеӊилет. Кайра Кочкорго кайтууга мажбур болот.

Ал ортодо мыкты куралданган, Орто Азияны басып алууда такшалган орус аскерлери аёосуз жазалоого өтүп, кайран элди кийиктей кубалап кырып, тоо-ташка, Кытай тарапка сүрө баштайт. Канат хан да качып, бирок элдин кырыла баштаганын укканда орто жолдон кайтып келет. Хан шайлаган ага ишенген элди, аны туу көтөргөн журтту таштап, не муратка жетмек. Айыл-айылга киши чаптырат, каршылыкты токтоткула, урушка бизди Канат хан баштап, Канат хан шыкактап кирдик дегиле маанисинде кабар айттырат. Канат хан кара жанын сактап, качып кетсе да болмок. Бирок орто жолдон кайра тартып, колго түшкөн соӊ көтөрүлүштүн себебин орустарга такаган, орус баскынчыларын күнөөлөгөн. Билишинче далилдегенге аракет кылган. Тартынган эмес, бүжүрөп, кечирим сурап, ырайым сурап, оожалган эмес. Кашкөйлүк менен болгонун болгондой айтып туруп берген. Жоопкерчиликтен качпаган.

Балким жеӊилээрин билгендир, аябай мыкты согуш стратеги болбосо да бир-эки салгылашта эле мыкты куралданган орус аскерине найза, кылыч менен туруштук берүү кыйын экени кимге болсо да түшүнүктүү. А бирок эркиндик, адилеттик деп күрөшкө чыккан элди баштап чыгуу озуйпасын мойнуна алуу – саясий эрдиктин үлгүсү. Элдин демин суутса, бет келген душманга тике чыкпай, кол куушуруп туруп берсе кийинки муунга кандай сабак калтырмак. Туура, эл кырылды, качты, азап чекти, бирок эрки майтарылган жок. Советтик тарыхнаамада эӊ биринчи болуп улуттук-боштондук көтөрүлүшү деп Жусуп Абдрахманов 1926-жылы таамай атаган. Далилдеп, “Коммунистическая мысль” деген журналга орусча макала жарыялаган. Бул аныктамасын кийин да, 1931-жылы көтөрүлүштүн 15 жылдыгына карата расмий докладында кайталап, бекемдеп, бышыктаган. Капиталдык эмгек жазарын билдирген. Бирок эки жылдан соӊ кызматтан алынып, айыпталып, анан атылып кеткен. Айыпталып жатканда улуттук-боштондук көтөрүлүш деген аныктамасы айыптоолорго да бир аргумент болуп берген.

Сөз удулу келгенде айта кетели, 1996-жыл орустардын чыгаан дипломаты, академик Евгений Примаков менен жолукканымда кээде үн катпай коюу текст түрүндөгү билдирүүдөн катуу, кенедей ишарат арналган сөздөн да  тереӊ мааниге ээ деп айткан эле. Анын сыӊары, 2016-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына утурлай өткөн саммитке орус президенти Владимир Путин да келип, Үркүнгө арналган эстеликтин ачылышына катышып, баш ийип таазим эткени жадыбызда. Бул эмки орустардын ошол кездеги окуялар үчүн кечирим актысы катары кабылданганы эп.

Эркиндик бир да адамга жөн берилбейт, ал эми бүтүндөй элге эркин мамлекет өзүнөн өзү буюрбайт. Күн сайын, баардык учурда ар бир эл азаттыгы үчүн күрөшөт. Кыргыз элинин өз алдынча мамлекет куруу өзөк идеясы, ыйык туткан ар-намысы, кастарлаган нарк-насили курмандыкка чалынбады. 1916-жылдан эки жыл өтпөй кыргыздар мамлекеттүүлүк маселесин козгоду, 6 жылдан кийин Тоолуу Кыргыз Республикасын түзөбүз деп курултайга чогулду, сегиз жыл аралыгында автоном облусу, анан Автоном республика түзүүгө жетишти. Жаӊы доордо, жаӊы шартта жана жаӊы форматта бир кезекте колдон учкан мамлекетти тарыхый жагдайга ылайык калыбына келтирүүгө жетишти. Эркин, өз алдынча мамлекет асмандан түшө калган жок, бирөөлөр да бизге белекке бербеген. Ушул мамлекеттүүлүктү калыбына келтирген кайран муун 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн балдары, туундусу жана мураскору.

Акылы-билими, кайраты жана эрки, абийири жана намысы жетиштүү даӊазалуу жаш кыргыздар менен мамлекеттүүлүктү кайра курабыз дегенде алды 30, кичүүсү 20 жаштын тегерегиндеги, баары теӊ көтөрүлүштү, жеӊилген элдин ызасын, Үркүндү көргөн муун болгон. Үркүндөгү кайгы-муӊду гана эмес, байыркы элдин нарк-насилин, тилегин жана арманын, кыялы менен мүдөөсүн мыкты билген, боюна сиӊирген жана ошону аткарууга белсенген муун болгон. Демек көтөрүлүштө эл жеӊилгени менен элдин тилеги, эрки, наркы, намысы жеӊилген эмес. Канат хандын саясий эрдигинин мааниси дал ушунда.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз