Любовь Сарибекян: Аялдардын күчү жөнүндө уламыш

  • 27.08.2020
  • 3539

Периште келип аялга колун тийгизип көрдү.

– Кудайым, бул аябагандай назик ко?

– Ооба, ал чындыгында эле назик, – деп аны менен макул болду Жараткан. – Бирок мен аны күчтүү кылып жараттым. Анын кандай кыйынчылыктарга чыдап, кандай иштерди жасоого жөндөмдүү экендигин элестете да албайсың.

 –А ал ойлоно алабы? – деп сурады Периште.

– Ойлонмок тургай ал айткан сөзүн бекемдеп, далилдеп да бере алат.

Аңгыча Периште бир нерсени көрө калды да, аялдын бетине колун тийгизди.

— Ой, бул моделиңден суу тамчылап жатат, айтпадым беле, буга өтө эле көп нерселерди батырам деп жатып бир жери тешилип калса керек.

— Тешилген жок, – деди Жараткан – Бул көз жаш!

– Ага көз жаштын эмне кереги бар?! – деп таң калды Периште.

Жараткан түшүндүрүп кирди:

 – Жаш аркылуу ал кубанычын, кайгысын, оорусун, жалгыздыгын жана намыстанганын билдире алат.

Периште суктанып укту.

– Жаратканым, сен кандай даанышмансың, баарын көрө билесиң! Айтсаң, сен чынында эле аялды өзгөчө кылып жараттыңбы?!

Анда угуп тур:

Аял өзүнүн чыдамкайлыгы менен эркектерди таң калтырат.

Алар балдарды төрөп тарбиялашат, бардык кыйынчылыктарга чыдайт, ошол эле убакта айланасындагыларга бакыт, сүйүү, кубаныч тартуулайт.

Алар кыйкыргысы келсе да, күлөт, ыйлагысы келип турса да ырдайт.

Алар кубанганда ыйлайт, башына иш түшсө күлөт.

Алар өздөрү ишенген акыйкатсыздыкка каршы чыгып, өзү ишенген нерсе үчүн күрөшөт.

Алар мындан да жакшы чечим бар экенине ишенишсе, жок дегениңе карашпайт, – деген экен Жараткан.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз