Эмне үчүн кытайлар эл эмес?

  • 02.09.2020
  • 3916

Адатта биз кытайларды дүйнөдөгү эң көп сандуу эл деп билебиз. Бирок бул туура эмес. Иштин жайы – кытай деген эл да эмес, өзүнчө этнос да эмес. Балким, атуулдук десек туура болобу? Бирок бул да маселени толук ачып бере албайт.

Деги андай болсо кытайлыктар кимдер?

Бир жагынан алганда кытайдын атуулдарын кытайлар деп айтсак жарашат. Аларга Тайван, Гонконг жана Макаонун жашоочуларын киргизсек болот. Бул аймактар шарттуу түрдө кытай статусун алып жүрүшөт.

Кытайда 56 улуттук топтор бар, алар өз алдынча дагы толтура майда улуттарга бөлүнөт. Алардын бардыгы өздөрүн кытайбыз деп айтканга укуктуу, мисалы, чечендер же якуттар биз россиялыкпыз деген сыяктуу.

Кытайдын титулдук этносу – хань (орусча аталышы ханьцы, бизче хансы.) Мына ушул сөздөн англис тилинде «China» деген сөз келип чыгат. («Чайна»). Ошондуктан хансылар — бул, кытайлар экени шексиз. Бирок бардык эле кытайлар хансылар эмес!

Дагы бир маанилүү нерсе – география менен байланыштуу.

Ар кайсы өлкөлөрдө Кытайдан келип, ири диаспораларды түзгөн адамдардын тобун да кытайлар деп коюшат. Алар да териштире келгенде сөзсүз эле хансылар эмес, Кытайда жашаган башка улуттардын өкүлдөрү болушу мүмкүн.

Белгилей кетчү нерсе, орустардын “Кытай” андан келип чыккан кытайлыктар деген сөз хансыларга эч тиешеси жок. Эң кызыгы, бул сөздүн чыгышы илгери жашап өткөн кидан (кээ бир учурларда кытай) деген эл менен байланыштуу. Орустар алгач ирет жолуктурган монгол урууларын, кийинчерээк ошол аймакта жашаган бардык элдерди, анын ичинен хансыларды да ошентип атай башташкан. Кидандардын урпактары – даурлар, азыркы учурда Монголияда (кытай провинциясы) жашайт.

Айта кетчү нерсе, башка өлкөлөрдө жашаса да, ал жактагы элдер менен аралашпай таза жашаган кытайлыктарды – хуацяо деген сөз менен аташат. Бул сөздү которгондо “кытай эмигранты” деген эле сөздү түшүндүрөт.

Көпчүлүгүбүз Кытайда көптөгөн тилдер бар экенин билсек керек. Расмий тил – путунхуа. Бирок аны түшүнүүгө кыйынчылык туудурган көп тектеш тилдер да арбын. Ошондуктан ал тилде сүйлөгөндөр да ичи ара майда топторго бөлүнөт: түндүк-тилдүүлөр, у-тилдүүлөр, юэ-тилдүүлөр, сян-тилдүүлөр, минь-тилдүүлөр, хакка-тилдүүлөр, гань-тилдүүлөр, анан андан да майда топтогу — даньцзя, перанакан, квонсай, чуаньцин жана башкалар.

*     *     *

Жогору жакта санап өткөн элдерден тышкары Кытайда кытай элдерине эч бир туугандыгы жок, башка элдердин өкүлдөрү да жашайт. Сөз тибеттиктер, бирмандык, тай, кадай, мон-кхмер, монгол, тунгус, маньжур, тайвань, мяо-яо элдери жана казак, уйгур, кыргыз, орустар жөнүндө болуп жатат.

Ушул элдердин бардыгы титулдук элдерге жана аларга тектеш элдерге эч кандай туугандыгы жок болсо да, өздөрүн кытайлыктарбыз деп айта алышат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз