А сиз өлкө менен мамлекеттин айырмасын билесизби?

  • 07.09.2020
  • 3393

Көпчүлүк адамдар “өлкө” менен “мамлекеттин” айырмасын биле беришпейт. Сүйлөгөндө, жазганда аларды синоним сөздөр катары пайдаланып жаңыла беришет. Бирок бул андай эмес. Келгиле анда жиликтеп көрөлүк.

Улуу муундун өкүлдөрү советтик мектептерде, советтик окуу китептери менен окубадыкпы. Башталгыч мектептердин окуучуларына арналып чыгарылган “Жаратылыш таануу” деген эң сонун китеп боло турган. Мына ошол китепте бул эки түшүнүккө жеткиликтүү аныктама берилген эле. Тилекке каршы, азыркы окуу китептеринен андай аныктаманы таппайсың. Анда эмесе ал аныктаманы өзүңүздөр окуп көрүп баа бериңиздер.

“Өлкө – бул аймак, андагы жашаган калк, ошол элдин маданияты менен каада салты, жер алдында катылган байлыктары жана бардык жаратылыш ресурстары.

Мамлекет – бул желек, герб, гимн, мыйзамдар топтому, куралдуу күчтөрдү жана милицияны кошуп, өкмөттүк жана мамлекеттик башкаруу органдары.

Өлкө – географиялык түшүнүк, а мамлекет – саясий түшүнүк.

Бир өлкөнүн аймагында ар кандай мамлекеттер пайда болуп жана жок болуп турушу мүмкүн, а өлкө кала берет. Саясий абалга жараша мамлекет чоңоюп же кичирейип турат. Албетте, мамлекет өлкө менен ажырагыс тыгыз байланышта болот. Мисал издеп алыска барыштын кереги жок. Азыркы Россия Федерациялык мамлекети турган аймакта тарыхты карасак бир нече мамлекет болгонун көрөбүз. Атап өтсөк: Славян урууларынын мамлекети, Православдык княздыктар, Москва падышачылыгы, Россия империясы, СССР, Россия Федерациясы. Кээ бир аймактар кошулуп, кээ бири тескерисинче анын курамынан чыгып турушканына карабай өлкө өзгөрбөй ошо бойдон кала берген. Дүйнөдө буга окшогон мисалдар толтура.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз