Рамис Рыскулов: Сайрана

  • 09.09.2020
  • 3271

ЭССЕ

Күн сайраган тышта ак көйнөкчөн бакыт барат. Эркетай кыздар өздөрүнчө ашыгышат. Не бир жетим, жесирди алпештеген замана оңой эмес.

Көп  жоолашкан  эл  бирин  бири  кечирди,  көп  маселелер  чечилди.

Эмки жаштар жаралгансыйт көбүктөн. Дүрбөгөн көп аянтта эл быкпыр. Кабинетте отурган кызматчылар оңдолгон сааттай чыкыяшат. Не бир мыкчегер өзүнчө мыкчыят.

Ырдагысы, бийлегиси келген көп. Колдору кычышат сүрөт, картина тартсак деп. Бакыт, ышкы эмген көп. Жаз  келгенде  кышкы  оор  кийимди  чечип,  жука  кийинип кайкалаңдап баскан көбөйөт. Ал эмес иттер жыргайт.

Жашыл түйүнчөктөй бүчүрлөр көбөйөт.

Адыраят адырлар, бүдүрөйөт бүдүрлөр. Күтүрөйөт күдүрлөр. Заман  шары  тоо-дайрадай  агылат.  Шар  жеринен  сузгуң  келет турмуштун. Маашыр болуп, жаш ыр болуп төгүлгүң келет. Көп ичтер элеп-желеп. Чаргуу, дарбуу, арбууну туят далайлар. Дүң жазып дүйнө дүңүнө көз салган көп дегеле.

Үрпүн ачат гүлдөр бажырайып.

Тарыган  көп,  жарыган  көп.  Заман  жүзү  сан  кубулат.  Руллада угулат.  Желпинген  көп.  Гүл  жүздүү  кыздар  биринен  бири  сулуу көрүнөт. Турмуш чексиз көбүрөт. Таштар да ысып жанаттын илебин туйгузушат. Түштүктүн жибек жели үлбүрөйт. Аха-ха, ха-ха-ха дегендей каткырыктар угулат.

Адыраңдап,  жадыраңдап  жашайбыз.  Ой  мончогун  тизебиз.  Ар тарап ачык маңкаят. Тастыктайбыз, иликтейбиз көп нерсени. Көк асман толот көзүмө. Ажаан турмуш алат алка жакадан. Дардаң күү чалат, татыраңдап бийлешет көп жаштар.

Койколоктоп  басат  каздар.  Мажес,  мыжыма,  далайдын  мээсин ачыткан ырларым бар.

Ич  арада  кайкайгандар  көп.  Жай  айы  жайкалуу.  Ысык  ташка отурасың да жыргай бересиң.

Жаздын  жашыл  китебин  окуйт  койлор,  жылкы,  уйлар,  элик жана көптөгөн жаныбарлар. Ыр кумар, ыр тумар, дүйнө дүң жазат дүңкүйүп. Үңкүрлөр жатат үңкүйүп. Бүт айлана төгөрөк, мейкиндер мемирейт, күн булуттан чыкса жадырап.

Жумуртка баскан тооктоймун, ыр жазып үйдө жатканда. Гезит, китеп окушум ит сөөк мүлжүгөндөй. Жаздын ырын, жамгыр ырын тыңшаймын. Тышта күн сайрайт, гүлдөр жайнайт. Жашыл, кызыл нурдаймын. Балкон, аянт, чатыр ырларын уурдаймын. Өсүш жолдо, бир  орунда  турбаймын.  Үнүн  сүйөм  тутулаган  сурнайдын,  сүйөм чөптүн жайган килемин. Туям келечектин сергек илебин.

Сүйгөнүбүздү  күткөндөй  аялдамада  автобусту  күтчүбүз.  Чанда жүрчү алар бала чакта. Азыр болсо ырыс чанат далайлар. Адам качан чоң иш бүткөндө ошондо жакшы эс алат.

Ишемби, жекшембиде кудукка түшкөн бакадай сезем өзүмдү.

Ыр майрамын жазда көп туям. Менин ыр жазышым сүт уурдаган мышыктай, пинг-понг ойногон жаштардай.

Баба  дыйкан  бакыят  бак  өстүрүп,  бакча  кармап.  Ай  саап,  күн саап жашайбыз.

Сарбай Саспеков: «Ким менен турасың? Айтматов мененби?» – деди. «Бочка менен катар турам. Бочкага точка коюп жатам» – дедим.

Эркекке бүт жанын берип коёт өзбечкалар. Кудай колдогондо генийге миллион кишинин талантын, бактысын берип коёт.

Сан  мезгилдер  мизилдейт.  Акыл-эсти  күкүмдөп,  жер  турмушу чиренет. Далай жаштар ыр эмет. Ичимдеги периштем дарек берет бейиштен. Не бир кыйын шарттар жанчат, чанчат.

Жайкалаңдап, кайкалаңдап жаштар басат.

Чекчейип  турган  экенсиң,  чекеге  бүткөн  мекенсиң.  Таалайга бүткөн мекенсиң, таңшып турган экенсиң. Жакшы болчу мырзалар азгындарга каралашат.

Күндүн жылуу мээринен чеке жылыйт. Алкышың жаайт асманга.

Жол боюнда сан миңдеген кызыл алчалардын чекиттери тизилет.

Ырлар аркылуу дөөпөрөс да болсо өтүмдүү болушат. Дүңкүлдөгөн дүңк-дүңк эткен усталар көп темир ийген, көп ийкемге келтирип. Ар кесиптин өз чыгааны бар.

Тармал чачымды мезгил шамалы уйпалады. Кээ бир ырды же прозаны окусаң сироп ичкендей болосуң. Ал эми кээ бир көзөлдүн жазгандарын окуганда спирт ичкендей болосуң.

Ай-ааламга таанымал эл болосуң кыргызым. Чыйрала бер, чымыркан. Ургалдуу тек боло бер. Көп генийлер чыга берсин араңан. Акындардын, ырчылардын империясы экениңди далилдей бер, замандар.

Ок  жалындай  октолуп  буктурманын  сазында  бугуп  келгем  көп жылдар, күндөр жерге агылат, ысык кудум сары май. Мекен жыты дайрадай,  ойлор  чагат  аарыдай.  Экөөбүз  бирге  биригип  айдайлы шаттык кайыгын.

Чулу  ойлор  чулуят  көркүнө  чакан  дүйнөнүн,  көкөлөйт  көңүл көпөлөк, көбөйдү турмуш боёгу, түстөрү деги көп бөлөк. Тамак бышыруу дагы искусство. Менин кичине бөлмөмдө иштеп отурганда кухнядан куурулган эт, пияздын жыты келет. Куду эле бейиштин жыты деп туям. Адамдар тамак жейт. Чынында өздөрү да тамак.

Сүйүүдөн адам жаралган, сүйүнүп алга баралган. Бизге жан болуп, нан болуп келген буудай да кудай экенине талаш жок.

Ойду, тоону ырдасам да сага арналат, о секетим! Ошого сен тобо де! О Сайрана!

Ушинтип чыгынып, бир дем менен жаздым ушул новелланы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз