Турдубек Таты уулу: Бакытты жарат кырсыктан

Зайырбек атындагы адабий конкурска

Чыгарманын автору Жуңго Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан.

Жердеги жылдыз

Сулуулугун дүйнөңдүн эңсегендей,
Сезимимди сага арнап келсем эрдей,
Сыйкырланып кеткендей бир бакшыдан
Сызыгыбыз кашайгыр тең ченелбей,
Каалгаңа бекиттиң кулпуларың, 
Калтырчудай талаада эртең эндей...
Жүрөктөрдөн өчүрүп бар капаны,
Жүрө албайбыз эмнеге эркем, элдей!?

Тулку боюм,   жан-дилим элден бөлүп,
Туңгуюкка туш барып бергем көнүп.  
Сен деп гана жазылган ыр менен мен,
Сахарадай ээн бир жерге өргөдүк. 
Жаанда суук бейнени бетке сыздым, 
Жандан көрбөс чечимди сенден көрүп.   

Жараланып бүттү эми байкуш кургур.
(жамалыңа күлкүңдү алкыш кылдыр).
Көөдөй түндү күчөнүп келип сүзүп,
Көпкө чейин көп муңду тартып турдум.
Кыйналсам да күлөйүн дедим эле...
(кыймылы экен ойлосом – артистин бул).
Азыр баарын ыргытып өтмүшүмө,
Асманыма жапжаңы таң сыздырдым.
Күүлүү кездин күбөсү болгон сымак,
Гүлбарымда турса деп таңшып булбул,
Көзүн чагып көргөндүн басып кеттим,
Көктөн мага түшкөндө калкып бир нур.  

2017-жыл, бештин айынын жыйырма экиси

*     *     *

Досума жазган каттардан –
Бакытты жарат кырсыктан.

Эх досум ай –
Туурунан кушу качкан.   
– Эчкирбечи!
(дүйнөмдө кутурат чаң).
Оңко коюп бир өтүп кетейинчи,
Ошол күндү эми мен учуратсам.   

Омуроолоп көөдөнүң эзген сынак –
Ошол күнбү?
Ойлобо.   
Эстен чыгат.    
Бүлүнбөчү муң жутуп!
Мында сенден
Бүткүл дүйнө бет буруп кеткен сыяк.   

Кыйгач тартсаң көзүңдү терезеден,
Кырларына чанактын келеке кем,
Жаш агызбай анткени карегиңен,
Жашың болуп мен агып берет элем.   

Канбагансып табасы ызгаарыңдын,
Кар менен бар тартуусу кыска күндүн.
Ошондогу кыйналган жүрөгүңдүн
«орден таккан оорусун» кышта билдим.   

Мазаланбайт күндүзү ай да жарып,
Майда эмессиң,   жүрбөгүн майдаланып.   
Тарыхтын да ал-күчү жетбей турса,  
Ташка таяк таңабыз кайда барып?

Өкүмүңдү бузганда өкүм күчтөр,
Өкүнбө дос,
Көрөбүз көчүн биздер.
Каталыкты тууралап кете албасак,
Кайдан болмок калемде өчүргүчтөр?!

Чөк түшүрөт жер деле көгүн көлгө, 
Чөкпө, жан дос. 
Болду эми көңүл бөлбө.
Буйрулбаган тузуңа бырс күлүп кой,
Бушман калып калбасын өмүрлөргө.   

Тоолукпуз го айтабыз жашырынбай, 
Толкундачы,  
Кубанчы, 
Ташып ырдай.   
Ал себеби тоо менен көгөрөбүз, 
Алтынчы айда арчанын жашылындай.   

Эх досум ай,
Кээ кезде ачакейбиз.
– Эмнеликтен?
– Анткени жаш экенбиз.
Жаман көнүп сезимге салып ишти,
Жакшы көрүп калууга бат экенбиз. 
Жаратмакпыз дүйнөнү акыл кошсок,
Жараткан да экинчи жасап бергис.  

Айланбачы ак балтыр

Сорулуп тамдар асманга,
Созулуп боюн жазганда,
Жирелип чыккан ысык дем, 
Жигит-кыз кучакташканга
Окшошуп турду тим эле,
Орому келип жаш жанга.   

Күн мээлеп мени жан курбум, 
Күүсүнө салды айдыңдын.   
Нарыда бина бетондон,
Нак өзү болуп тандырдын.
Учурун барат пайдалап,
Убактысы жок жамгырдын.   

Сүрүндө чоктуу милте бар,
Сүйүү бул татып, билсе — бал.
Махабатташкан кыз-улан,
Маалында баалуу дил табаар.
Үлгүрөт терди чуркатып,
Үлп этип учкан бир шамал...

Дал болуп күндүз, кече бүт, 
Дарактын ээрди кесерип:
Торулаар эч бир ным тапбай,  
Топо жер шишийт,   безерип.
Морт болбой күйгөн аптаптан
Мойнунда кыздын «жези» эрип...

Аябай анда жаткан муң,
Араларынан бактардын.
(Шүйүлгөн көкүлдөрүндөй,
Шиберде чапчуу аттардын).
Түрүлгөн чачы селкилдеп,
Түз өттү, жүзү чачкан нур –
Түрмөгү болуп сезилди
Түшүмө кирчү дастандын!

«Тоо чоку сымак аскардай,
Том болуп өсчү акчамдай» –
деп балким кубат бергендир,
Дээринде бардай жазганбай.
(Ал жагы айтор бышыптыр,
Ал жагы сага бышыктыр?)
Айтылуу акын Сүйүнбай,
Акмөөрдүн сынын жазгандай.  

Куйкалап табы жүрөктү,
Кургур-ай сезим дүр этти!
Аңгыча болбой арадан
Аңтарып салды миң эсти.
Белдери издеп жүрөт бейм, 
Билерик болчу билекти.   

Ойлуу да, сырдуу басат жан...
— Олтурба, тааныш, бас, аттан! –
деп туйлайт чиркин бул ышкы, 
Делбесин жаштын жашаткан.
Жылмайтып турду негедир,
Жыртылган шымы кашаттан...

Мээриңе менче жаккан чын,
Мезгилдер сага каткан сыр.   
Себилсе күндөн от келип,
Сен болуп ага баштамчыл:
Жан-дүйнө баарын күйгүзүп,
Жалтылдап бийлейт ак балтыр.   

Жүлүнгө чыгып кош учук,
Жүрөктөн каалоо, тос учуп.
Күймөңдөп элди суктанткан
Гүлдөр да сезип чочушуп.
“Чөйрөмө келген бул ким?” дейт,
Чөптөр да мойнун созушуп.  

Айланат кайран аты улук,
Ак балтыр кайра ачылып.  
Шерт бербей эч бир бүчүргө,
Шернесин жыйган шашылып,
Көлөкө издеп тынчыды,
Көпөлөк гүлгө жашынып...

Чыңылдап учкан чымындай,
Чырлары бир дем тыйылбай,
Ак балтыр келе жатат деп, 
Асфальты ырдайт зыңылдай.
Эзилген жолдон бул изди
Эсинде сактайт кылымдар.   

2019/06/04

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз