ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ: ШАТЫДАГЫ БАЛДАР

АҢГЕМЕ

Балдар чоң үйдүн ойку- кайкы караңгы шатысында «адашып» жүрүштү. Кундуздардай ызылдашып, ага күн бою тынчтык беришпеди. Бала кездеги үйлөрү эсине түштү. Үйлөрү суунун боюнда эле. (Ал эрксизден тышка карады. Тышта лапылдатып кар жаап жатты. Үйдүн ичи караңгы боло түштү). Эл оор уйкуга киргенден кийин, ушундай кыштарда суунун боюнан ызылдаган үндөр чыгуучу. «Кундуздар сууну бойлоп келип көчүрүп баратышат» дечү апасы, чыгып көрөм десе, эшикке чыгарчу эмес… Балдардын ызылдагандары кокусунан лып басыла түштү. Бул кулак- мурдун кескендей томолок тынчтыктан ого бетер тынчы кетип ордунан турду. Ойлогонундай эле балдар каалганын ачкыч салчу көзүнөн шыкаалашып жатышкан эле. Ал жини келип каалганы ачты. Анан өзүнө жабыла карап жайнаган көздөрдү көргөндө туруп калды.

—  Биз сизди көрдүк. Сиз айнекти карап отурдуңуз. Эшикте кар жаап жатат, —  деди тоодактай буттары узун кыз.

— Биз дагы адашып калдык!

— Калп айтасыңар! — деди жаны чыгып. Күн бою бар айткандары, мактанып айткандары ушул. Ушуну ойлоп дагы жини келди.

— Аялаңыз кайда? Сиз дайыма эле жалгыз отурасыз?

— Кызыңыз кайда?

— Мунун сага эмне кереги бар! —  деди өзүн-өзү токтото албай, бир өйдө, бир ылдый сүйлөгөн тоодактай буттары упузун кызга өлө касындай карады.

— Айтып койсоңуз эми, бизге керек!

— Айтып койсоңуз эми!

— Ооруканада! —  деди корс этип, эптеп кутулуштун айласында.

— Сиз барып турасызбы?

— Ооба, барып турам!

— Кефир, алма алпарасызбы?

— Ооба, кефир, алма алпарам! Болдубу эми?

— Мен алма жейм.

— Мен дагы!

— Мен дагы жейм!

— Эми силерге алманы кайдан табайын?!

— Анан качан келет?

— Ким качан келет?!

— Дагы качан барасыз?

— Кайда?!

— Ооруканага мени кошо ала барсаңыз.

— Мени дагы!

— Мени дагы

Ал каалганы тарс жапты.

— Дөөдүрөктөр! —  деди.

Оозуна ушул кирди. Мындан башка оозуна эч нерсе кирген жок. Балдардын шыкаалагандарынан коркуп, каалганын көзүн кагаз менен бүтөп койду. Бирок каалгадан кичине узай бергенде эле кагаздын шырык этип жерге түшкөнүн укту. Балдар кагазды сөөмөйү менен түртүп салып, дагы шыкаалап киришкен эле. Ал дагы жабылуу каалгага жарадар болгон жырткычтай жүгүрүп барган жок. Ары-бери баса баштады. Бүгүн күнгө оодук эле. Күнү бою ушинтип балдар менен еткөнүнө нааразы болуп, өзүнүн камырдай жумшак мүнөзүнө жини келип, ары-бери баса баштады. Аргасыздан жабылуу каалганын нары жагындагы балдардын өз ара сүйлөшкөндөрүн тыңшады.

— Эмне кылып жатат?

— Басып жүрөт.

— Бизге алма алып келатабы?

— Келатат!

— Вы скотина!

Балдар дагы ызылдашкан бойдон качып жөнөштү. Балдардын сөздөрүн угуп, эшикке чыккысы келди.

Караңгы шатыга чыкканда балдар дале ызылдашып, өздөрү айткандай адашып жүрүшкөн эле. Шатынын ичи асканын ичиндей күүлдөп, же өйдө жакта, же ылдый жакта жүрүшкөндөрүн баамдай алган жок. Ап ылдый түшө баштаганда шатынын ичи асканын ичиндей жымжырт боло түштү. Анан эшик карс ачылып, карышкыр тийген козулардай ызылдап качышкан балдардын үндөрү дагы чыкты. Коңшулардын сүйлөшкөндөрү угулду.

— Булар кимдин балдары?

— Билбейм. Адашып кеттик дешет ко.

Анан эшиктер жаакка чапкандай «тарс», «тарс» жабылышты. Ал эки шапалак жегендей жаактарынын түгүн сыйпалап баратканда, бир жабылуу эшиктин алдында өзүн күтүп турган чыканактай кыргыз кемпирди көрдү.

— Жакшысызбы, эне? —  деди ал.

— Жакшы, айланайын. Дагы эшикти ачып берчи.

Чыканактай кемпир дайыма эшигин өзү жаап алып, кайра өзү ача албайт. Өткөн-кеткендерге ачтырат. Эч ким жок болсо, жабылуу эшиктин алдында күтүп тура берет. Айылдык кемпир. Эшигин ачып берди.

— Рахмат, айланайын, —  деди кемпир. Үйүнө кирил баратып кайра чыкты.

— Аялың көрүнбөйт да?

— Үйдө отурат, —  деди ал.

Ал минтип айтканына өзү таң калды.

Мисирейип жабылуу турган эшиктердин бири карс ачылып, кайра карс жабылды да, коньки байланган бала жанынан чуркап өттү. Баланын артынан апасы чыгып бирдемелерди кыйкырды. Тарсылдап бараткан бала да апасына бирдемелерди кыйкырды. Ал апа-баланын бири-бирин угушпай жатышкандарын, ортолорунда телефондун бузулган зым жыгачындай кокоюп турган өзү аркылуу кыйкырык-чуудан бөлөк эч нерсе өтпөгөндүгүн, демек, апа-баланын да кыйкырык-чуудан бөлөк сөз угушпагандарын ойлоду. Оңбогондой алыстыктан: бузук телефондун эки учунда туруп алышып, бири-бирин уга албай, сүйлөшө албай жатышкан эки адамдын майышкан жүздөрүн элестетти. Өзүн күнөөлүү сезди. «Безнадежное дело, использовать меня для такой благородной цели, я сегодня в ремонте» деп ойлоду ал. Тиги же бирөөгө угузбай, же өзү укпай, өзүнүн кулагын тундуруп, бирөөнүн кулагын тундуруп, ушуга жараша ыгы да, оңтою да жок, бутуна шиш темир байланып, жыгылып-тура жанын үрөп шаты менен бараткан баланы оюн күтүп турат… «О, великая, бесконечная лестница жизни! Я — бесконечен…» —  Капысынан алда немедей ойлору көкүрөгүнүн башын ысытып, көзүнөн жаш келтирди. Ушул тапта карышкыр тийгендей ызылдашкан балдардын үндөрү дагы чыкты. Коңшулардын сүйлөшкөндөрү дагы угулду.

— Булар кимдин балдары?

— Билбейм. Адашып кеттик дешет ко…

Эшиктер кайра карс, карс жабылды. Ал ылдый түшүп баратты. Эми өөдө жактан дагы бир эшик ачылды.

— Булар кимдин балдары?