КАДЫРМАНБЕТОВА Айнура: АЙНУРА КАДЫРМАНБЕТОВА: КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДА ПОДТЕКСТТҮҮ ЧЫГАРМАЛАРДЫН ЖАРАЛЫШЫНДА СЫРТКЫ АДАБИЙ ТААСИРЛЕР

К.Жусубалиевдин «Күн автопортретин бүтө элек» повестиндеги подтексттин көркөм функциясы

1950-жылдарын аягы, 1960-жылдардын башында жалпы эле совет адабиятынын тарыхында өзгөчө бир темп менен жандануу, жаңылануу процесси жүргөн. Буга ошол мезгилдеги коомдогу айрым терс көрүнүштөрдүн бетин ачып, жеке адамга сыйынуучулукту четке каккан хрущевдук жаңы саясат жана көркөм адабияттагы «конфликтсиздик теориясынын» ашкерелениши түздөн-түз себеп болгон. Адабий процесстин өнүгүүсүндө зор мааниси бар бул көрүнүштөрдү кыргыз профессионал жазма адабиятынын өнүгүшү үчүн сырткы фактор деп эсептей турган болсок, ушуга тушташ анын ички потенциясы дагы өнүгүүнүн жогорку чектерине көтөрүлүп калган.

50-жылдардын аягы, 60-жылдардын башында буга чейин окурмандардын бир топ сынынан өтүп, чыгармачылык тажрыйба топтоп калган улуу муундагы жазуучулардын катарына көркөм сөзгө азгырган шык, ынтаа, таланттан сырткары атайын адисттик билимдери, даярдыктары бар М.Байжиев, К. Жусубалиев, К. Жусупов, А. Жакыпбеков, М. Гапаров, А. Саспаев, ө. Даникеев өңдүү жаштар келип кошулду. Адабияттын жаңы мууну буга чейинки көркөм адабияттын салтына таянышып, ошол эле мезгилде буга чейин окурманды жакшы эле жадатып, көңүлүн кайт кылып бүткөн супсак схематизм, пропагандалык жалган пафостуулуктан качып чагылдыруунун жаңы принциптерин, жаңы темаларды, жаңы образдарды издөөгө багыт алышты. А бул аларды «коллективдүү» турмуштан жеке адамдын турмушуна алып келди. Бул процессте Ч. Айтматовдун ролу өзгөчө чоң болду. «Жамийланын» дүйнөлүк триумфунун башталышы адабият астанасын жаңы аттаган жаш калемгерлерди бир топ шердентти. Ч. Айтматовдун адабий практиканы байыткан, анын сапаттык жактан жакшыруусуна зор таасирин тийгизген чыгармаларынын көркөмдүк салттары, эстетикалык сабактары жазуучунун калемдештери жана чыгармачыл жаштар үчүн өзүнчө мектеп болду.

Бул туурасында адабиятчы К. Артыкбаевдин: «Чынында да 60-70-жылдарда кыргыз прозасынын өнүгүшү Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы менен ажырагыс болуп бекем байланышкан. Анткени, ал өзүнүн кубаттуу чыгармалары менен гана эмес, адабий өнүгүш процессине түздөн-түз кийлигишип, ар түрдүү чыгармачылык талкууларга, пикир алмашууларга чейин активдүү катышып, өзүнүн көптөгөн сөздөрү жана макалалары, маектешүүлөрү аркылуу да айрыкча жаш прозачыларыбыздын чыгармачылык өсүшүнө туура багыт берип турду»,70  деген пикирине толук кошулууга болот. «Жамийланын» «саясатсыз» салтын улап жаштардын 60-жылдар ичинде жазылган повесттеринде жашоонун маани-мазмунун каармандардын ички дүйнөсүн анализге алуу аркылуу түшүндүрүүгө ык коюу байкалат. Мисалы, К. Жусубалиев «Күн автопортретин бүтө элек» (1963) повестинде жөпжөнөкөй эле карапайым адамдардын жан дүйнөсүнө, жүрөгүнө тереңдеп кирип, ал жөнөкөйлүктүн татаалдыгын ачып, адамдын улуулугун, бийиктигин «жөнөкөйлүк» менен даңазалайт.

М. Байжиев «Чыйыр» (1966) повестинде жан дүйнөсү жаралуу, жарым жан майып адамдын ыймандык бийиктигин кадимки эле күнүмдүк көр тирликтин агымында иликтөөгө алат. А. Жакыпбеков «Катаал багыт» (1966) повестинде адамдын катаал шартта психологиялык-моралдык жактан өсүү, жаңылануу процессин туюнтуунун өзгөчөлүгүнө умтулса, К. Жусупов «Жашоо кумары» (1965), «Каралдым тоолор» (1967) повесттеринде адам турмушунун кырларын назик лиризм менен публицистикалуулукту айкалыштыра чагылдыруу аркылуу ишке ашырат. Жалпысынан алып караганда бул аты аталган жазуучулардын чыгармаларынан психологиялык анализге болгон умтулуу байкалат.

1965-жылы кыргыз прозасынын учурдагы абалы, өнүгүүсү жөнүндө борбордук басмада В.Пискуновдун «Восхождение» («Бийиктөө») аттуу макаласы жарыяланган.71 Анда 60-жылдары адабият астанасын аттаган жаш авторлордун чыгармачылыгы талдоого алынган. Макалада көпчүлүк басым К. Жусубалиевдин «Күн автопортретин бүтө элек» повестине коюлуп, жыйынтыктоочу сөз ушул чыгармага байланыштуу чыгарылат. В. Пискунов К. Жусубалиевдин чыгармачылыгындагы эң негизги өзгөчөлүктөрдү туура таап, төмөндөгүлөрдү белгилейт: «С увлечением первооткрывателя К. Жусубалиев разведывает новые и новые грани человеческой натуры. Из сферы сознания он переходит к изображению подсознательных движений души героя (которые почему-то отдали на откуп фрейдизму), стремится исследовать интеллектуальные и эмоциональные импульсы поведения личности».

Макаланын автору ошондой эле К.Жусубалиевдин чыгармачылыгындагы жогорудагыдай жетишкендиктерди белгилөө менен повесттен төмөндөгүдөй кемчиликтерди табат: «Я уже говорил о принципиалыном значении книги К. Джусубалиева. Недостатки ее имеет также принципиальное значение. Причина их в том, что расставаясь с устойчивой традицией изображение характера, которая выработана фольклором, утверждая подвижность, изменчивость самодвижение характера, писатель зачастую еще не умеет открыть «общей идеи» человека, уравнивает в правах все чувства и мысли. Важное сосуществует с неважным, главное с второстепенным. Все это настолько пригнано друг к другу, что не остается свободного поэтического пространства, которое придает тексту произведения необходимый жизненный объем и реалистическую емкость». Андан ары сынчы К. Жусубалиевдин өзү кыргыз прозасын өнүккөн адабияттын жетишкендиктери менен байытууга кылган аракети ушунчалык күчтүү болгондуктан, кээде башкалар тарабынан ачылган көркөм табылгаларды өзүнүн каармандарына механикалык түрдө чаптай салат дейт. Макаланын автору Рамандын жан дүйнөсүндөгү өзгөрмөлүү чабалактоолор (неустойчивые душевные метания) автордун айыл турмушунан алган байкоолоруна караганда Селинджерден окуп алганга көбүрөөк окшош деген божомолун айтат. В. Пискунов жаш автордун стили калыптана элек, эклектикалык мүнөздө экендиги, тажрыйбалуу окурман повесттен Хемингуэйден Шолоховго чейинки көптөгөн жазуучулардын таасирин оңой эле байкоого боло тургандыгы жөнүндө да сөз кылат.

В. Пискуновдун бул макаласы К. Жусубалиевдин чыгармачылыгына, анын «Күн автопортретин бүтө элек» повестине карата айтылган алгачкы салмактуу сөз болгон. Адабиятчылар М. Борбугулов, Г. Хлыпенко, И. Лайлиевалар72 В. Пискуновдун «Күн автопортретин бүтө элек» повести боюнча айткан пикирине негизинен толугу менен кошулушат жана айрым бир маселелерди дагы тереңдетишет.

Ооба, «Күн автопортретин бүтө элек» повестин окуп баштаганда эле анын биз окуп жүргөн кыргыз адабиятынан өзгөчө, башка стилде жазылгандыгын байкайбыз. Повестте окуянын түйүндөлүшү, окуянын өнүгүшү, окуянын курчушу, кульминация деген сыяктуу сюжеттик элементтерди ажыратууга мүмкүн эмес. Бул чыгарманы окуу – айыл аралап өтүп, тоого чыккандай сезимге кабылтат. Тоонун чокусуна чыга берип, аркаңды бир бурулуп караганда, сенин жолуңда жолуккан үйлөр, короо-жай, бак-дарактарды ар бири жекеликтен жалпылыкка куюлуп, көз алдыңа жаңы картина пайда боло калгандай сезилет. Чыгармада андай эле кызыктуу окуялар, кокусунан жарк этип сезимге жарык берип жиберүүчү көркөм табылгалар, деталдар, курч маанилүү сөздөр деле жок. К. Жусубалиев чоң эне менен неберенин учурдагы күнүмдүк турмушун өтө жай, суз маанайда, «болгонун болгондой» баяндап жүрүп отурат. Ошондуктан В. Пискунов, И. Лайлиевалар айткандай повесттеги негизги ой, негизги идея жыш психологиялык сүрөттөмөлөрдүн, майда деталдардын арасында майдаланып кеткендей көрүнөт. Ал түгүл автор атайын маалкатып, айтчу сөзүн айтпай, көрүнгөнгө чаргытып, татаалдаштырып жаткандай көрүнөт.

Ооба, «Күн автопортретин бүтө элек» – чыгармачылыкка жаңыдан бут койгон жаш автордун «тырмак алды» эмгеги болуп саналат. Адабиятчылар туура белгилегендей; жаш жазуучунун бул чыгармасынын жазылыш манерасынан батыш адабиятынын, өзгөчө Хемингуэйдин таасири байкалаары ырас. Ал түгүл чыгарманын айрым бир жерлеринен, өзгөчө повесттин башталышында, Раман менен Жамбынын диалогдору улуттук форма (улуттук психологиянын, улуттук жашоо укладынын чагылдырылышы) менен Хемингуэйдик форманын дал келбөөчүлүгү байкалат. Тажрыйбасы аз жаш жазуучу К. Жусубалиев хемингуэйдик форманын «дал өзүнө окшотууга» аракеттенип, аны эки жакты элебей ээрчип кеткени байкалат.

Чынында, согуш башталганда он сегизде болгон Жамбы менен согуш башталганда жаңы төрөлгөн Рамандын сөздөрүнүн мазмуну чыгармада берилгендей болгон күндө дагы, сүйлөшкөндөрү бир аз башкачараак болушу керек эле. Алардын диалогун окуп жатканда эмнегедир котормо чыгарма окуп жаткандай болосуң. Себеби кыргыздардын өз ара мамилеси, речь курамы, айлана-чөйрөгө болгон көз карашы, дүйнө таанымы европалыктарга салыштырмалуу бир аз башкачараак болот эмеспи. Бирок мындай көрүнүш жалпы чыгармага таандык эмес. Жазуучу кандай өзүнө тааныш турмуш жөнүндө сөзгө өткөндө, дал ошондой «ээрчүүчүлүктүн» изи жоголот, башкача айтканда табигый түскө ээ болот.

«Чыгарманын сырткы түзүлүшүн, конструкциясын ар тарабынан эп келтирип шөкөттөп чыгууга үйрөнүп алууга болот. Бирок адамды ачуу, анын жан дүйнөсүндөгү татаал бурулуштарды, кыйчалыштарды көрсөтүүгө үйрөнүп алууга мүмкүн эмес»,73 – деп К. Асаналиев туура белгилегендей башка жазуучунун көркөм ыкмаларын механикалык түрдө өз чыгармачылыгына киргизүү менен жакшы чыгарма жаратууга мүмкүн эмес. Менимче К. Жусубалиевдин биз сөз кылып жаткан повести жөнүндө «окуган адамды кайдыгер калтырбай турган жакшы чыккан чыгармалардан» деп батылдык менен тартынбай эле айтууга болот. Ошол кездеги жыйырма эки жаш курактагы студент автордун ушул алгачкы чыгармасынан анда жазуучулук талант менен катар жазуучулук кесипке болгон даярдык, турмуштук тажрыйбанын мол запасы бар экендиги байкалат. «Күн автопортретин бүтө элек» повестинен анын авторунун өзү чагылдырган турмушту жакшы билээри жана аны көркөм чагылдырууда подтексттик ыкма табигый түрдө туура тандалып алынгандыгын баса белгилөөгө болот.

Повесттин орусча вариантында (кыргызчасында бир аз башкача) өзүнүн каарманы Раман жөнүндө автор мындай дейт: «Но только начал сразу же понял, что невозможно обо всем этом рассказать словами: в то время, как он произносил слова, он видел и помнил гораздо больше того, что говорил, и по-другому, и в другой последовательности, и с другими подробностями.

И получилось вроде бы два рассказа – тот, что он собирал из слов и другой, сам по себе возникающий в памяти и сопровождающий первый»74. К.Жусубалиевдин бул сөздөрүнүн түпкүрүндө, И.Лайлиева туура белгилегендей,75 жазуучунун Хемингуэйдей жазууга болгон умтулуу аракети жатышы толук мүмкүн. Бул сөздөрдү жана ошондой эле У. Фолкнердин «узун сүйлөм» жөнүндөгү айткандары менен катар карап көрүү да К. Жусубалиевдин стилдик өзгөчөлүгүн түшүнүүгө бир аз көмөк болот.

«Мистер Фолкнер, – спросили его на семинаре в Вирджинском университете, – что за цель вы приследуете, употребляя длинные предложения вместо коротких? – Да ту же самую, что и плотник, выбирающий топор или молоток, примеряясь, как лучше пойдет дело. И еще – каждый так или иначе помнит о смерти; то есть знает, что ему отпущено сравнительно небольшое время, очень малое чтобы сделать дело; вот и стараешься уместить всю историю человеческого сердца на кончике пера, так можно сказать. В самом деле, не существует ведь никакого было, потому что прошлое есть. Оно часть каждого мужчины, каждой женщины, причем всегда, каждую минуту. Все его или ее предки, происхождение, все это присутствует как часть его или ее в любом мгновении. Так и человек, характер какой-нибудь истории в каждый момент есть не только то, что он сам собой представляет, он есть все то, что его сотворило: длинное предложение – это попытка свести его прошлое и, возможно, будущее в один миг, тот самый, в котором он действует».76 Ушуга эле удаа окумуштуу П. В. Палиевскийдин бул тууралуу оюн бере кетели: «Звучить это заманчиво, хотя не следует забывать, что Фолкнер в стремлении нагнать недостижимое мало считался с читателем. Он ничего не усложнял намеренно, скорее даже стремился здесь к обратному, но все же в его длинной свивающейся кольцами, как проволока, фразе неподготовленный человек может застрять и, не продвинувшись, бросить книгу. По-видимому, это испытание стоит преодолеть. Может быть, решиться даже и если не вышло первый раз, перечесть роман снова. Таков уж этот писатель-гордец, не принимающий привязанности наполовину.

Зато через некоторое время можно открыть в его фразе достоинства которых нет у других. Например, она умеет раздвигать мгновение и долго медленно вести их у самых глаз и потом вдруг опять взмыть — и все в пределах одной мысли. Это движение одной и той же точки, с которой мы то приближаемся, когда необходимо, то уходим под облака (откуда другой масштаб), но не упускаем предмета из виду, узнаем его разом, без «частей» и классификаций».77

К. Жусубалиевде да керектүү ойду жаратуу, керектүү сезим, керектүү маанай чакыруу үчүн бир эле метатекстте бир сүйлөмдүн бир канча вариациясын, бир эле сөздүн бир канча кайталанышын көрөбүз. Бул жазуучуга өтүп жаткан окуянын олуттуулугун, чыгарманын өнүгүшү үчүн маанилүүлүгүн бекемдөө жана ага карата окуучунун көңүлүн байырлатуу үчүн зарыл. Маселен, Касымды согушка узатуу жөнүндөгү сценаны алып көрөлү:

Бүгүн райондун борборунда эл көп.

Дайыма ушинтип райондун борборунда эл көп.

Көпчүлүгү балдарын согушка узатканы келген энелер.

Балдарын өлүмгө узатканы келген энелер. Ыйлаак энелер…

Булардын арасында Чоң эне да жүрөт. Анын мойнунда оор куржун. Ичинде уулуна арналган тамак-аш бар. Уулу бүгүн согушка жөнөйт.

Күн кайырчыга жармашты. Чоң көчөнүн четинде жоон санынан ылдый жок, аскер тумагын күнгө тосуп жалгыз кайырчы-аскер олтурат. Анын чачтары уйпаланган.

Чыңгызхандыкына окшош, сары сакалы аябай өскөн. Ал күндө кайыр сурайт.

– Апа, акча бер!

Чоң эне чочуп кетти. Кайырчыны көрүп тык токтоду. Көкүрөгү кысылып ыйлагысы келди.

«О-о, ата журт коргогон мунжу адам, согуш деген сен белең?».

Жоолугунун учуна түйүлгөн теңгелерин чечти да жылдызы жок эски аскер тумагына төктү.

«Көрүп күйгөнчө, көрбөй күйөйүн», – деп ойлоду Чоң эне.

«О-о, кантип тирүү калды экен?»

Чоң эне куржунун оңдоп басып кетти.

Анын ичинде уулу Касым үчүн тамак-аш бар.

Ал бүгүн жөнөйт.

Чоң эне басып баратат…

Дайыма өзүнүн гана дабышын угуп үйрөнгөн. Азыр уккан жок. Дайыма эле өз дабышын угуу адамды зериктирет, жадатат.

А бүгүн эл өтө эле көп.

Чоң эне бшкалардын дабышын тыңшайт. «Адамдардын  дабышын  угуу, алар жөнүндө ойлоо жакшы», – деп ойлоду Чоң эне. Бул абдан жакшы…

«Бүгүн согушка жөнөшөт», – деп жер шыпырган буттар хор менен.

Көпчүлүгү балдарын зор сыноого узатканы келген энелер. Алар бүгүн жөнөшөт.

Түш кыңкайды. Күндүн көзүн алыстан көчүп келген булуттар чүмкөп алды.

Тоолор жок.

Түбүнө чейин жалкоо туман каптаган.

Туман кокту-колотторду жойлоп улам бериледи. Айлана кыйла караңгы боло түштү. Асман таш жаачудай чытырайт. Бирок муну эч ким байкаган жок. Кыжылдаган адамдардын бирөө да асманды караган жок. Алар жарданып, узун катарда турушкан балдарына карашат. Азыр булар согушка жөнөшөт».78

Бул тексттик үзүмдөгү сүйлөмдөр бири-бирине көз каранды болгондуктан, алар багыныңкы байланыштагы бир чоң татаал сүйлөмдөй таасир калтырат. Анда Фолкнер айткан өткөн, учур жана келээр чактын картинасы жана ага карата эненин туюмдары, психологиялык абалы сыйдырылган.

Ушул эне баласын узатуу учурунда таш да, тоо да, туман да, кайырчы-аскер да «СОГУШ» деген сөз менен жуурулушуп, жүрөгүнүн ар бир кагышы, убакыттын ар бир ирмеми, ал түгүл буттардын дабышы да «Бүгүн согушка жөнөшөт» деген сөз менен коштолуп тургандыгы ырастыр. Анан да бечара кемпир оозуна сала бергендей кайырчы-аскерди көргөндө «көрүп күйгөнчө, көрбөй күйөйүн» дебедиби.

Эгерде текстти редакциялап, «артык баш сөздөрдөн арылтып», «тартипке» сала турган болсок, текст өзүнүн эмоционалдык-экспрессивдүүлүгүн жоготот. Тексттеги мындай «кол тийбестик» стилдин эклектикалуулугун эмес, стилдин автономдуулугун далилдейт.

Чыгарма жыш подтексттердин тизмегинен турат. Анын курулушунда Т. Сильман айткан «ситуация-негиздер» жок. Бардык подтексттик ситуациялар бири-бири менен тең салмакта. Ар бир сөздүн, сүйлөмдүн, абзацтын шоокумдантып, жеткире айтылбаган мааниси калган бардык контекст менен толукталат. Согуш повесттин бүткүл атмосферасынын, андагы бардык бактысыздыктардын негизи. Согуш ошондой эле бардык подтексттик линиялардын негизин түзөт. Бул «негиз» чыгармада сырткы фон. Ал учурда болуп жаткан окуялардан, мезгилдик жана мейкиндик жактан алыстатылган.

Сюжеттин өнүгүшүнүн өзү подтексттик ыкмага муктаж болуп турат. Повесттин негизги өзөгүн түзгөн сюжеттик линия жашырын өнүгөт. Азиз чоң эне Рамандан Адам-жинди өзүнүн баласы экендигин, ал Рамандын атасы экендигин он беш жылдан бери жашырып келет. Эс тартып калган Раман да эл андан жашырган чындыктан купуя шектенгени менен, ал чындыкты өзүнө жолоткусу келбей, кайра аны алардын өзүнөн жашыргысы келет.

Чыгарма согуш башталган күнү төрөлгөн Раман он бешке чыгып калган учурдагы окуяны, турмуш көрүнүшүн камтыйт. Согуш аяктаганына бир топ мезгил болуп, согуштун азаптуу күндөрү артта калып, эл тынч турмушта жашай баштаган. Бир себеп болбогондо азиз чоң эне менен небере деле согушта бирин баласынан, бирин атасынан айрылткан тагдырга баш ийип, көңүлдөрү тынчып, эл катары күн өткөрүшмөк.

К. Жусубалиевдин бул повести мазмундук жагынан Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестине кандайдыр бир деңгээлде окшош. Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести да чоң эне менен неберенин ортосундагы мамиледен түйүндөлөт. Согуш Толгонай менен азиз Чоң эненин мойнуна өтө жооптуу милдет тагып кеткен. Толгонай чоң энени коркуткан: «Аның чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет. Аркы-беркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү. Бирок мен үчүн ал дагы эле чалагайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүнө албай, ичи сууп калабы деп аярлайм. Анткен менен адам чындыкты бир күн билиш керек да. Мен билген чындыкты, сырдашым, касиеттүү жер, сен билген чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз ал гана билбейт. Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойлорго кабылып, кептин аныгына жеталар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан көңүлүн калтырбай сырымды айтып бере алар экенмин. (Басым койгон биз – А.К.) Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо кана. Кийинки күндөрү ойлогонум эле ушул, күнү-түнү ойлоном. Кышында сыркоолоп, төшөктө жатканымда, өлүмдөн анча корккон жокмун, ажал жетсе, каяша кылбай, шыр эле жүрүп кетмекмин. Бирок көзүм жумулуп кетсе айтаар керээзимди айтып жетише албай, өзүм менен кошо көр астына ала кетемби деп, аябай жүрөгүм түштү»,79 – деген ой. «Күн автопортретин тартып бүтө электеги» Чоң эненин да жүрөгүнүн башында. Толгонай эне небересинен анын атасы Адам-жинди экендигин жашырат. Азиз чоң эненин милдети Толгонай эненикинен алда канча азаптуу, алда канча мүшкүлдүү, драмалуу. Бул эки баланын атасы К. Жусубалиевдин повестиндеги Чоң эне айтмакчы, СОГУШ. Согуш алардын тагдырын ушундайча чечкен.

Толгонай кебинини акырында: «Күн астында жашаган бардык адамзатка айтар сөзүм, айтар кебим бар» дегениндей, «Күн автопортретин бүтө элек» повестиндеги Чоң эненин да өлүм алдындагы акыркы сөзү согуш жөнүндө:

«…Азыр эсинен танып баратып да Чоң эне акыркы жолу түш көрүүнү самады. Чоң эненин түшүндө чагылган кайрадан чартылдады… Чоң эне жөөлүй баштады.

– Касым! Касым!.. – дөп чакырды. Чоң эне Ааламды чоң өрт каптап келатканын көрдү.

– Өрт… өрт келатат, ата!..

– Чоң эне соо немедей эшикке жүгүрүп чыкты.

Күн батышты карап кыйкырды: – өрт! Жер өрттөнүп келатат!

Өчүргүлө- өө!..

Жылаңаяк чоң эне жерге эт-бети менен жыгылды. Экинчи турган жок.

Чоң эненин адамдарга кайрылып айткан акыркы сөзү ушул. Адамдын эң акыркы кымбат сөзү:

– Өрт, өрттү өчүргүлө!»1

Келтирилген мисалдардан көрүнүп тургандай, эки жазуучунун чыгармаларында үндөштүк бар. Жамбы кандайдыр бир деңгээлде Алиманды, азиз чоң эне Толгонай энени, Раман Жанболотту эске салат. Алаамат согуш Жамбы менен Алимандын жаштык жалынына суу бүркүп, оңбогондой трагедияга дуушар кылды. Эки чоң эне карыган күнүндө, балпайып балдарынан убай көрүүнүн ордуна согуш таккан оор милдетти аткаруу үчүн жандарын ооздоруна тиштеп, турмуш менен күрөшүн улантууда.

Бул турмушта окшоштуктан көп нерсе жок. Анын үстүнө өзүнөн мурда жазылган чыгармалардан сюжет алуу, же бир эле теманы, өзөк окуяны алып, өз вариантын жаратуу менен өзүнөн мурдагылар менен чыгармачылык жарышка түшкөндөй көрүнүштөрдү Чыгыш менен Батыштын адабиятынын мисалында көп эле кезиктирүүгө болот. Чыгармачылыкты салыштырууда көңүлдүн борборунда алар эмнени жазгандыгы эмес, кандай жазгандыгы жана кандай чечмелеп бергендиги туруу керек. Сюжет окшош боло берет, ой окшош боло берет, бирок ар бир мыкты жазылган чыгарма өзүнчө жаңы, кайталангыс  Ч. Айтматов менен К. Жусубалиевдин повесттери да ушундай, ар бири өзүнчө бүткөн, жаңы көркөм чыгармалар.

Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинде Толгонайдын чындыкты небересине али айта электиги жөнүндөгү сөзү аркылуу чыгарма түйүндөлөт. Автор андан ары ал Чындыктын түбүнө жетүү үчүн окурманды артка, согуш күндөрүнө, алып барат. Окурман согуштун адамдардын (Толгонай эненин, Алиман менен Касымдын ж.б.) үмүт-тилегин таш каптырган таш боордугу, бир үйдөн беш кишини жалмаган көркоолугу менен бет келишет, уулунун ордуна муздак темир жолду кучактап жыгылган эненин согушка айткан каргышын угат. К. Жусубалиевдин «Күн автопортретин бүтө элек» повестинде болсо согуш болуп өткөн кадыресе окуя катары, жайынча гана эскерилип жаткандай туюлат, бирок ошол жайынча өтүп жаткан турмуштан согуштун жексур жүзү өтө таамай көрүнүп турат. К. Жусубалиевдин «Күн автопортретин бүтө элек» повести өзүнүн жүрөк титиретээр таасирдүүлүгү менен согуш жөнүндө жазылган эң мыкты деген чыгармалардын катарында тура алат. Анткени анда согуштун адам баласынын башына салуучу зор алааматы жөнүндөгү улуу трагедиялуу окуя камтылган.

Повесть өз-өзүнчө турган эки өзөк окуядан тургандай. Жамбынын окуясы, анан Рамандын окуясы. Бул эки окуянын түздөн-түз байланышы жок. Бул экөө эки башка окуянын башкы каармандары. Бул экөөнүн жолугуп сүйлөшүүсү аркылуу эки окуя бир чыгармага бириктирилет. Бул сырткы байланыш. Мындан башка дагы бул эки окуяны бириктирип турган, билинбеген ички байланыштар бар.

Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинде башкы каарман – Толгонай, андан кийин Алиман, Касым жана башкалар. Жанболот активдүү каармандардын катарына кирбейт. Ал жөнүндө кептин ыңгайына жараша гана сөз кылынат. К. Жусубалиевдин «Күн автопортретин бүтө элек» повестинде башкы каарман – Бала – Раман. Көпчүлүк окуя ушул он бештеги өспүрүм баланын жан дүйнөсү аркылуу өтүп, он бештеги баланын акылы менен бааланат.

Баланын карылыгы жеткен азиз Чоң энесинен башка эч ким жок.

«Азыр «ата» деген сөздү түбөлүккө айтпай турганын ойлогондо көкүрөгү кысылып, көзү каканактады…

– Бул жаман сөз! Жаман… уккум келбейт, – Раман өзүнчө.

– Мен жок жерде айткылачы?! Дайыма өзүңөргө өзүңөр ыраазысыңар, башканы байкабайсыңар. Менин көзүмчө таарынып ыйлабагылачы, атаңарга? Атаңарды сөз кылбагылачы! Муну сатып берди, тигини сатып берем деди атам дебегилечи мага.

Атаңарга айтсаңар, менин көзүмчө силерди эркелетпесин. Мени менен баратканда атаңарга учкашып кетип калбасаңар? Ошентсеңер… Мен силерден суранам…»

Ушинтип кыйкырды Рамандын ичиндеги бирөө. Раманды бул ойлор аёосуз эзди» (37-б.)

Мына ушундай бактысыз балалык Рамандын пешенесине он беш жыл мурун согуштун колу менен «жазылган». Мындай жазмыш сезимтал жүрөктүү жаш бала үчүн өтө оор. Бирок баланын мындан да оор, мындан да азаптуу жеке кайгысы бар. Мына ушул оор, азаптуу кайгы чыгармада алдыртан, тымызын, подтекст аркылуу берилет.

Повесттин акырындагы: «Эки-үч күн өткөндөн кийин Чоң энесинин баштыгынан жалгыз сүрөт таап алды. Артындагы өчүңкү жазууну окуду.

Чотбаев К. 1942-жыл.

– Атам турбайбы! – Раман эрксизден үн чыгарды.

Оодарып карады.

Көзү, оозу мурдунан өйдө тааныш.

Раман чагылган тийгендей селейди…

Бул Адам-жиндинин өзү эле. Раман сүрөттү тытып-тытып очокко ыргытты…» (68-бет) деген билдирүүнү окугандан кийин гана, Чоң энеси да, атасы Адам-жинди — Касым да бул жарык дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин, чыгарманын акырында эрксизден ынанды, мойнуна алды. Ага чейин бала атасы жөнүндө эч нерсе билбегендей чоң энеси экөө көр тирлигин өткөрүп келишти.

Биз жогоруда айтып өткөн элек, баланын жетимчиликтен да оор, азаптуу кайгысы бар деп. Бул кайгы баланын ошол Адам-жинди анын өз атасы экендигинен бала мурда эле шектенип, мурда эле сезип жүргөндүгүндө. Мына ушул психикалык процесс жазуучу тарабынан ырааттуу өнүктүрүлүп, чындыктуу чагылышка ээ болот.

Кайрадан текстке кайрылабыз:

Бала көп ойлонот, «капысынан Адам-жинди жөнүндөгү ой башына кире калганда бушайман жеп, «башка жөнүндө ойлонууга тырышат». Раман «дайыма башка жөнүндө ойлонот», «ал жөнүндө тереңдетип ойлоодон коркот».

« – Эне, кызыксыз да… ошол боор ооруганды билеби… Дагы адам катары сүйлөшүп калат экен, – деди Раман.

Бирок өзү башка жөнүндө ойлоду.

Ал дайыма башка жөнүндө ойлойт.

– Эки карып сүйлөшөбүз да, – деди чоң эне салкын гана.

Чоң эненин үнү калтыраганын, дагы бир ооз сүйлөсө «ба» деп ыйларын байкаган жок.

Раман башка жөнүндө ойлоду…

Алиги адам жөнүндө ойлонуудан коркту.

Ал адам жөнүндө ойлонуудан дайыма коркот… «Эмне болду?» деди ал. «Эч нерсе болгон жок» деди кайра өзүнө.

«Жок»  деген  жакшы  сөз»  деп  ойлоду  Раман» (58-б.)

Чындап эле баланын атасы мындан көрө жок болуп, согушта курман болгон болсо балага кыйла жеңилирээк болмок. Бала Адам-жиндини көргөн сайын бушайман болот. Ата жөнүндө кыялданып баштаса да Адам-жинди эсине түшө калып, ага тоскоолдук кылат. Ал «ата» деген сөздү угуудан качат. Акыл-эстүү чоңдордун баары андан чындыкты жашырарын туюк сезет.

Мына ушулардын баары чыгарманы адеп окуганда эле байкалып, алардын эмоционалдык таасир күчү окуу процессинде өзүнүн толук күчүндө сезиле койбойт. Чыгарманын акырында (сергек окурман балким андан эртерээк) бир чоң таңгалып аласың. Окурмандын мурдатан шектенип, күдүктөнүп келе жаткан ою ырасталып, ал да Раман сыяктуу «Чын эле атасы турбайбы!» деп эрксизден бир үн чыгарып алат. Повестти кайра башынан кайталап окууда гана окурман андагы ар бир деталга, кыймылга, сөзгө маани берип, Чоң эне менен, Бала менен бирге «жашап» чыгат. Ошондо гана каармандардын кыймыл-аракетинин түпкүрдөгү жашырын маанисин түшүнө алат…

Чыгармадан дагы бир үзүндүгө көңүл буралы. Бул тексттик үзүм (метатекст) алгач окуганда окурмандын көңүлүндө эч кандай эмоциялык реакция чакырбастан, кезектеги бир көрүнүш катары жайынча окулат. Экинчи сыйра кайрылып окуганда гана (башкача айтканда Бала Адам-жинди анын атасы экендигинен мурдатан эле шектенип жүргөндүгүн билгенден кийин) Баланын жүрөгүндө канчалык кайгы-муң чөгүп жаткандыгын жана ал кайгы-муң баланын жүрөгүн канчалык эзип, дүйнөсүн тарытып, кысып тургандыгын сезебиз. (Чындык жашырылган жерде адам дайыма өзүн копол сезип, тезирээк бул абалдан бошонуп, эркин дем алгысы келет эмеспи).

үзүндүнү келтиребиз:

«Раман окуудан үйгө өтө кабагы салыңкы кайтты. Босогодон аттаары менен төшөккө бутун ороп отурган Чоң энесин көрдү да шолоктоп ыйлап, көкүрөгүнө жыгылды.

– Энеке-е…

– Эмне болду, ата?..

– Эне-е…

– өпкөлөбөчү, ата. Айтчы, ата? Айтчы?

Раман ого бетер күчөп ыйлады.

– Эркек адамга ыйлаган жарашпайт, ата. Эмне боду?

…Жетинчи класста сабактан кийин ата-энелер   менен чогулуш башталды. Раман чогулушту таштап чыгып бараткан. Коридордон аны мектептин директору Малик кармап алды.

– Кайда барасың?

– Кетем, үйүм алыс, – деди Раман.

– Сенин үйүңдүн алыстыгын эч ким сураган жок, Эрке.

Атаңды же апаңды эмнеге алып келбедиң?

– Алып келбейм…

– Эмне?! өйдө кара!

Раман ээгинен өйдө көтөргөн директордун колун кагып жиберди да мектептен чуркап чыкты. Жолдун кыйласына дейре жүгүрүп келди.

Ал буулукту. Аппак чокулардын асман тийишкен жөрлерине карады.

«Адам асманга караганда жеңилдене түшөт…

Асман кең…

Асман таптаза…

Асман  бийик… Абдан  бийик», – деп  ойлоду Раман.

өз көзүнө алымсынган жок.

Алысты, алысты карагысы келет.

Раман кээде мейкин талааларды эңсеп куса болот.

«Ушул тоонун ар жагында ошол мейкин талаалар жатса керек» деп ойлойт Раман.

А бирок тиги сороюп аны көрсөтпөйт.

Же талпайып тоо сыягы жок…

Раман буулуктурган кайгысын унутуп калды. Оюндагы өтө эле бийик, өтө эле бийик чокусу элестеди. Рамандын азыр ошол чокуга чыгып чоор тарткысы келди.

Ал чоорду эң жакшы тартат.

Айылдагы балдардын баарынан кыйын тартат. Раман чоор тартканда эмнегедир Чоң эне эмшеңдеп ыйлай берет… Ага чоор тартууну Чоң эне өзү үйрөткөн… Азыр Раман өтө эле бийик, өтө эле бийик чокунун башына чыгып чоор тарткысы келди (34–35-б.)

Кайталап окууда гана Адам-жинди согуш болуп аткан экранды өтүгү менен атып уруп, жылаңаяк залдан качып чыкканда ага күлгөн ошончо балдардын ичинен бекеринен жанынан өтө бергенде Раман анын купкуу жүзүндөгү сулуу узун тырыгынан ылдый аккан жашын» байкабагандыгын, ошончо элдин ичинен ал жалгыз анын өтүгүн алып, анын аркасынан чуркабагандыгын түшүнөбүз. Ошондон мурдараак эле Чоң энесин ыйлатып Адам-жинди жанында отурганын көргөндө: «Кет бул жерден! Сенделген… өлтүрөм!» деп кууп жиберген. А андан мурдараак ага чоң энеси Адам-жиндиге тамак алпартканында Адам-жиндинин: «Эй, атың ким эле? Сен жакшы баласың… менин да сендей балам болсо…» дегенине Раман: «Атым атаңдын башы. Өз атыңды билбейсиң анан… Менин сендей атам болсо, эбак өлтүрүп салат элем. Өлтүрүп-үп!» – деп кыжырданган. Бирок Адам-жинди жашачу жаман кепеден чыга берип, өзүнчө буулугуп ыйлап алган. Качан гана жооптуу учур келгенде баланын аң-сезиминин тереңдеги коңулунда (подсознаниесинде) бугуп жаткан боордоштук сезим, атасына карата аео сезими ойгонуп, бала эч ойлонбостон эле атасынын өтүгүн алып, Адам-жиндинин аркасынан чуркайт.

Бирок Раман акыл-эсинде атасын дагы эле кабыл алгысы, тааныгысы келбейт. Аркасынан көп узабай жетип келген Лайлинин «Атаңды чогуу издейли» деген сөзү анын жаалын келтирип, наристе сезиминде жакын көрүп жүргөн Лайлисин бет талаштыра коюп жиберет. Акыл-эси толо элек, секелек Лайлини да Рамандын ушул оор абалында жалгыз калтырбай «жөлөк болуу керек», «жардам берүү керек» деген сокур сезим жетелеп келген эле. Рамандын сезимин сыйлаган секелек кыз «атаңды» дегенден башка сөз табалбайт болчу. Анткени ал Раманга атасы жөнүндө «Адам-жинди» деген суук сөздү айталбайт эле.

Чыгарманын акырына жетип, кайра артка кайрылып караганда гана биз Чоң эне бекеринен чыгарманын башталышында эле «Күлкүсү атасыныкына окшош» деп ойлоп алып, бирок «Бир нерсени эстей коюп, эси чыккан Чоң эне акырын:

– өлчөөсү көзүнө болсун», – деп чочубаганын, бекеринен Чоң эне Адам-жиндиге тамак жеткирип бер дегенине Рамандын кыйыктанып: «ээ, атын билбеген жинди», «башы кара, буту айрыгабы?» деп кекээрлеп жатып кеткенинен кийин «Оо, көр кудай! Ата-баланы мындай кыла көрбө. Көр кудай ай!» деп зарлабаганын, бекеринен Чоң эне Рамандын атасы жөнүндө суроолорунан качып: «Согуш, Сенин атаң Согуш…» дебегенин түшүнөбүз.

Ошондо гана Касымдын согуштан акыл-эсинен ажырап келсе дагы жоготпой сактап келген үч негизги адамдык жакшы сапатынан:

1). Мекенди сүйүү – «Кээде көпкө дейре айылдан дарексиз жоголот. Кайра ушинтип келет.

Кайда барбасын, – ушинтип кайра келет.

Асылзатын унутуп калгансып кайра келет» (39-б.). «Мынабу менин жерим. Мынабу менин тоолорум – деди да күлүп койду. Кайра башын чайкап: «Жоок, жоок меники эмес, – деп мостоё калды» (56-б.)

2). Балдарга болгон сүйүүсү – Анын бардык балдарга дайыма айта турган сөзү: «Эй, атың ким эле? Сен жакшы баласың… Менин да сендей жакшы уулум болсо…»

3). Согушту жек көрүү – ушулардан биз анын бир кездеги чыныгы адамдык, чыныгы мугалимдик, чыныгы патриоттук, гумандык жаркын элесин көз алдыга келтиребиз.

Бала кезинде Адам-жиндинин атасы болуп калышынан коркуп, арданып, ал жөнүндө ойлоодон качкан Раман жигит болгонунда атасы жөнүндө, Чоң энеси жөнүндө көбүрөөк эскерип, башкаларга айтып берүүгө умтулуусу анын бир кезде балалыктан улам кетирген каталыгын (чыныда аны каталык дешке деле болбойт) оңдогусу, «жуугусу», келгендиги. Раман – Чоң эне каалагандай боорукер, адамдарга карата жүрөгүндө сүйүүсү бар адам. Ал бардыгын туура түшүнө алды.

Ал эми Жамбынын аңгемесине келе турган болсок, К. Жусубалиев ал аркылуу «Саманчынын жолундагы» Толгонайдын Алимандын «күнөөсүн» кечиргениндей, аны Жанболотко дал өзүндөй, чындыктан тайбай, ошону менен бирге күнөөсүз боюнча жеткирүү жөнүндөгү далбасасындай Рамандын окуучуга белгисиз актай калган өз энеси жөнүндөгү информациянын ордун толтурууга аракет кылгандай. Ал, аял-энени тагдырдын кандай сели баласынан ажыратып, Раманды таштап кеткен болсо дагы, ал Эне өзүн дайыма күнөөлөп жүргөндөй, Раман аны сезип, түшүнүп, айкөлдүк менен кечирип койгондой.

Ошентип, «Күн автопортретин бүтө элек» повестиндеги подтекст сюжеттик зарылдык, чыгармадагы каармандардын ички дүйнөсүн ачып берүүдөгү табигый метод катары жазуучу тарабынан чебер пайдаланылган жана дал ушул подтексттик ыкманын натыйжасында чыгарма табигый таасирлүү, эмоционалдуу-экспрессивдүү чыккан.