КАДЫРМАНБЕТОВА Айнура: АЙТМАТОВДУ КАЙРАДАН ОКУГАНЫБЫЗДА: «БЕТМЕ-БЕТ»

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА – 1966-жылы туулган. Адабиятчы, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери. КР Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. «Кыргыз повесттериндеги подтекст проблемасы» (2000), «Адабий кырдаал жана көркөмдүк жаңылануулар» (2009), «Кыргыз прозасы: салтттуу жана жаңычыл парадигмалар» (2014) аттуу китептердин автору.

Ч.Айтматовдун бул повести алгач «Бетме-бет келгенде» деген ат менен «Ала-Тоо» журналында (1957, №6) жарык көргөн. Орус тилинде «Октябрь» журналынын 1958-жылдагы үчүнчү санына басылган. Жазуучунун повесть жанрындагы алгачкы чыгармасы. Буга чейин сегиз-тогуз аңгемеси жарык көрүп, ал аңгемелери 1956-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун IV пленумунда оң баага арзып, сюжет куруу жагынан кыргыз аңгеме жанрына жаңылык алып келген көрүнүш катары мүнөздөлгөнүнө карабастан, Ч.Айтматов «Бетме-бетти» «адабий дебютум» деп атайт. Чыгармачылыкка чоң жоопкерчилик менен мамиле кылган жазуучу өзүнүн дурус эле жазылган аңгемелерин адабияттык башталыштын катарына кошпойт. Анын себеби, жаш калемгер алгачкы аңгемелеринде ошол учурдагы ашкере саясатташкан адабияттагы көнүмүш көрүнүштөрдүн жетегинен алыс узай албай, айрым бир схемалык, декларативдүү стереотип көрүнүштөргө жол бергендигине, сүрөттөлгөн окуялардан «жергиликтүү» чөйрөнүн айлампасынан чыгалбай, кандайдыр бир оригиналдуу ой, салмактуу идея, жаратышка жармачтык байкалгандыгына байланыштуу болсо керек.

Повесть жанрындагы дебюттук чыгарма болгондугуна карабастан, «Бетме-бет» кыргыз адабиятында эле эмес, жалпы совет адабиятындагы «жаңы сөз», жаңы көрүнүш болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин совет адабиятында жеңүүчү, өзүнүн өлкөсүн эле эмес, дегеле дүйнөлүк коомчулукту фашисттик баскынчылык саясаттын коркунучунан куткарган каарман советтик жоокерлердин дарегине, тылдагы көп улуттуу эмгекчилердин достук ынтымагына, күжүрмөндүүлүгүнө арналып не деген гана мактоо ырлар, поэмалар, драмалык, прозалык чыгармалар жазылбады.

Бул бир чети турмуштук чындыкка негизделген мыйзам ченемдүүлүк болсо, экинчи чети 30-жылдардан тартып советтик адабиятта өрүш алып, өзгөчө өөрчүп кеткен «конфликтсиздик теориясынын» кесепетинен, башкача айтканда, дыйкан менен жумушчу табынын ынтымактуу союзуна негизделген, антогонисттик таптары түгөл жоюлган советтик коомдо социалисттик идеалга саясый көлөкө түшүрчү «каармандар» жокко эсе деген түшүнүктөрүн улам келип чыккан. Идеологиялык мүнөздөгү терс каармандар 30-40-жылдардагы совет адабиятынын дээрлик «тап катары жоюлуп» кеткен. Чыгармалардан кезиккен жалкоолук, сүйүүгө туруксуздук, ачкөздүк ж. б. у. с. айрым бир терс сапаттарды алып жүргөн каармандар чыгарманын негизги проблемасынын, сюжеттик конфликтти чечилиши үчүн маанилүү деле роль ойнобостон, негизинен оң каармандардын «көрөгөчтүк» сапаттарынын айкындалышы үчүн пайдаланылган. Мына ушундай тушта жаш жазуучунун өзүнүн чыгармасында согуштун баатыр каармандары жөнүндө эмес, элден бөлүнүп, кара башын калкалап качкан дезертир жана аны коргогон аялы жөнүндө атайын повесть жазышы кандайдыр бир көнүмүштөн тышкары «чоочун», коопту көрүнүш болчу.

Ырас, согуштун адамдардын эрк-кайратын, ар-намысын, биримдүүлүгүн сыноочу, чыйралтуучу, жайчылык турмушта анча байкала бербеген жакшы сапат, мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына түрткү берүүчү оң мааниси бар. Бирок согуш түпкүлүгүндө кайгы-капа, жоготуу, кыйроо, кыйратуу, өлүм коркунучу сыяктуу муңдуу кайрыктуу, күңүрт боёктуу терс көрүнүштөрдөн. Согуш деген эмне, анын чыныгы жүзү кандай болору жөнүндө, дегеле кайсы нерсе жөнүндө болбосун объективдүү толук түшүнүк алуу үчүн аны ар тарабынан карап көрүш керек. Согуш мезгили жөнүндө жазылган чыгармасындагы Чегиртке, Какылдак сыяктуу терс каармандар кечээ да, бүгүн да, ар качан, тынчтык күндөрдө да боло келген. Согуштун чыныгы объективдүү элесин ошол согуштук кырдаал менен түздөн-түз байланышкан окуялар, каармандар түзөт.

Согушта кандай кыйынчылык башка түшпөсүн адамкерчилик сапатын, ар-намысын бийик сактаган чыныгы каармандар менен катар аз болсо да антикаармандар качкындар, чыккынчы, саткындар кездешет. Алардын «Бетме-бетке» чейинки көпчүлүккө белгилүү адабий образдарын биз Пушкиндин «Полтава» поэмасындагы чыккынчы Мазепанын, Гоголдун «Тарас Бульба» повестинен чыккынчы Андрийдин жана Э. Хемингуэйдин «Кош, куралым!» («Прощай, оружие!») романынан кырдаалга жараша качкын болууга аргасыз болгон Фредерик Генринин образдарынан учуратабыз. Совет адабиятында дезертир темасына Ч.Айтматов биринчилерден болуп кайрылып, согуш качкынынын адабий образын терең психологизм, курч драматизм менен ишенимдүү ачып бере алды. Айтматовдон кийин бул темага жазуучулар көп эле кайрылышты. Ал эми көрүнүктүү орус жазуучусу В. Распутиндин идеялык-тематикалык багыты боюнча «Бетме-бетке» үндөштүгү бар «Эсен болуп, эстей жүр» («Живи и помни») повести 1974-жылы, Айтматовдун повестинен бир топ кийин, жазуучу чыгармачылык жактан жетилип турган курагында жарык көрдү.

Ч.Айтматов «Бетме-бет» аркылуу совет адабиятына алып келген тематикалык-проблематикалык жаңылыгы менен кошо улуттук адабий коомчулуктун көркөм сөз өнөрү жөнүндөгү түшүнүгүнө, көркөм баяндоонун стилистикалык ыргагына да кандайдыр бир жаңыланууларды кошо ала келди. Оозеки эпикалык чыгармачылыктан жазма реалисттик адабиятка жаңыдан өтүп жаткан, ошол эле учурда соцреализм методунун көрсөтмөлөрү менен ар тарабынан тосмолонгон жаш кыргыз совет адабиятында «Бетме-бетке» чейин баяндоонун ачык декларативдүүлүгү, үйрөтүүчү-дидактикалуулук, шаңдануучулук басымдуулук кылган.

Ысмайыл, Жамийланын, атүгүл Сейденин образдары кыргыз окурмандары арасында эки ачалуу пикир жаратты. Көпчүлүк окурмандар аларды турмуш чындыгын жымсалдабай, жасалмалабай так көрсөткөн мыкты реалисттик чыгармалар, реалисттик образдар катары ыраазычылык менен кабыл алса, айрымдар Айтматовду улуттук ар-намыска шек келтире турган образдарды жараткан жазуучу катары сындап, жактырбоо менен карашты. Алар «Ата Мекендик согушта Эр Манастын тукумдарынан Дүйшөнкулдай, Чолпонбайдай нечендеген баатыр уулдарыбыз эрдик көрсөтүп, эл үчүн сыймык алып келип жатса, аларды даңазалабай, кайдагы бир качкынды жазат. Ал аз келгенсип аны башка эмес, өз аялы кармап берет, бул турмуш чындыгына туура келбейт, турмушта мындай болбойт» деген сыяктуу дооматтарды коюшту. Ал эми мындай дооматтардын, албетте жаңылыш дооматтардын мурдатан калыптанып калган өз «чындыгы», эстетикалык негизи бар эле. Ал эми «көркөм чындык», саясатташтырылган адабий эстетикадагы «көркөм образ», «адабий каарман» жөнүндөгү тар, жаңылыш түшүнүктөргө негизделген.

Белгилүү адабиятчы Г.Гачев: «Адабий аңгеменин (повесть, романдардын да) башатында шаттануу, даңазалап мактоо, суктануу эмес, суроого жооп издөө, таң калуу сыяктуу көрүнүштөр турат» (Г. Гачев. Чингиз Айтматов в свете мировой литературы. – Ф., – 1989. – с. 65) деп таамай белгилегени бар. Качкын Ысмайылдын жана аны адегенде коргоого алып, кийин эң башкы айыптоочусу болгон аялы Сейденин тагдырын көркөм иликтөөгө алуудагы жазуучунун негизги максаты оң каарман, сол каарман маселеси боюнча бир тарапты жектеп, экинчи тарапты көкөлөтүү же окурмандарга көрсөтмөлүү мисалдар менен насаат­ айтуу эле эмес (Албетте, мындай милдеттер негизги поэтикалык мазмунду иш жүзүнө ашырууда өзүнөн өзү аткарылары түшүнүктүү). Повесттин жазылышындагы негизги максат – жеке инсан менен коомдун ортосундагы карама-каршылыктуу диалектикалык карым-катышты качкындын трагедиясын чагылдыруу, ал аркылуу жашоо турмуштун өзөктүү суроолоруна жооп издөө.

Адамга өмүр табият, жараткан тарабынан бир гана жолу берилет жана аны менен кошо ал өмүрдү ар кандай коркунучтардан сактоо, өлчөнгөн өмүр мерчемин акыр аягына чейин жашоо укугу да берилген. Табият, жараткан тарабынан өзүнө берилген бул укугун сактоого болгон пенденин, бул учурда Ысмайылдын, далбасасын айыптоого болобу? Жеке инсандын өз кызыкчылыгын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюуга, нечен кылымдап калыптанган элдик руханий баалуулуктарды аттап өтүүгө укугу барбы? Эгер андай укукка жол берилбей, тыюу салынган учурлар болсо, бул карама-каршылыкты, жалпы менен жеке кызыкчылыктын карама-каршылыгын жөнгө салуучу, чечүүчү механизмдер кайсы? Бул суроолор чындыгында да жалган пафостуу, жасалма риторикалык суроолор эмес. Булар повестте сүрөттөөгө алынган турмуш чындыгынын маңызын түзүүчү терең философиялуу, өзөктүү суроолор. Жазуучунун кийинки «Жамийла» «Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим», «Гүлсарат», жана башка чыгармаларында да бул маселелер жаңыча өңүттөн каралып, жооп изделген.

Жайчылык турмушта адам өзүнүн жекече кызыкчылыгын көздөп, аны ишке ашырууга аракеттенүүгө, коомдук кыймылдын тигил же бул иш-чарасынан баш тартууга укугу бар. Ал эми согуш мезгилинин эч нерсеге баш ийбес катаал өз мыйзамдары болот. Согуш мезгилинин талабы боюнча качкындык мекенге, куралдаш жоокерлерге карата чыккынчылык катары эсептелип, атууга чейинки катуу жазалар берилген. Мамлекеттик атайын жазалоо органдары пайда болгонго чейинки согуштарды деле качкындар турмуштун жазылбаган мыйзамдары, абийир сотунун, адилеттиктин мыйзамдары менен жазаланчу.

Турмуштук логика боюнча деле качкындык өзүнүн журтташ, мекендеш, уруулаш, таламдаш жолдошторуна чыккынчылык кылуу, «алар өлсө мейли, өзүм аман калсам болду» дегендик, өз кызыкчылыгын башкалардыкынан жогору коюу, куралдаш адамдардын көңүлүнө иритки салып, ыркты бузуу, бир адамдык күчтү азайтуу менен болсо да душман тарапка жеңилдик берүү дегенди түшүндүрөт. Ушундай күнөөсү үчүн качкынды аскер башчы, бийлик өкүлдөрү эле эмес, анын айланасындагы ар бир адам айыптоого, сынга алууга акысы бар. «Жоодо өлгөн салтанат, жабыкта өлгөн жаман ат» «Жатып өлгөнчө атып өл» деп кыргыз макалдары өзү эле айтып тургандай (бул макалдар согуштук эле мааниде эмес, турмушта да чечкиндүүлүк керек экендиги жөнүндө, ар-намыстуулук жөнүндө маанилерди камтыйт), өткөн замандардагы кыргыздарда качып келген жоокер биринчи иретте, ата-эне, аялы, балдары үчүн намыс, үй-бүлөгө, бүтүндөй урууга жабылган көө болгон. Үй бүлөсү уялбаса жакындары согушта жүргөн айылдаштары эле: «Сенин балаңдын, күйөөңдүн, атаңдын жаны биздикилердикинен артык бекен, кантип уялбай качып келди» деген сыяктуу катуу сөздөрдү айтып уяткарышчу. Ушундай маанидеги сөздү Мырзакул да Ысмайылдын качып жүргөндүгү билингенден кийин Сейдеге айтат.

Ошентип, Ысмайыл согуштан качып келди. Күтүлбөгөн жерден келип калган күйөөсүн Сейде да алгач зор кубаныч менен тосуп алды. Качкындык турмушту кандай оор кыйынчылыктар күтүп тургандыгын Ысмайыл, албетте, түшүнчү. Бирок өзү мойнуна албаса да коркоктугу менен өзүмчүлдүгүнө жеңдирген, өлүмдөн корккон Ысмайылдын актанаар жообу: «Ар кимге өз жаны кымбат, бул кыргында башын калкалаган эле тирүү калат! Түшүмө кирбеген, ата-бабам көрбөгөн кайдагы жердин түбүндөгү фронтко барып, жалгыз мен жоо чаап берет белем, атасынын көрү, бир күндүк өмүрүм болсо да ушул жерде жүрүп өтөм, өз башымды өзүм окко тосор алым жок!». Бул Ысмайылдын согуштан качуу жөнүндө ойлонуп-толгонуп отуруп келген чечими, биротоло бекиген ишеними. Ысмайылдын бул чечимин Сейде да алгач туура көрөт, эч каршылык көрсөтпөйт. Башкача айтканда, чечим Ысмайылга гана таандык, Сейде аны колдоого милдеттүү. Чечимдин туура-туура эмес экендигине Сейденин көзү жетпейт, бирок анын туура экендигине ынангысы келет.

«Күйөөсү түнүчүндө келип маңдайында баласын алып отурганда ал баардыгын унуткарып, аз да болсо чындап бактылуу болгусу келет.

«Мейли, качкын болсо качкындыр, алтын башы аман болсо болду!- деп камыр жууруп жатып өзүн өзү жооткотот. Эркек деген кандай кылса өзү билет. «Ар кимге өз жаны кымбат, бул кыргында башын калкалаган эле тирүү калат!» – деп өзү айтып отурбайбы. Анан мен ага эмне демек элем, жүрөк этим менен тең болуп калган адамды жамандыкка кантип кыям. «Түшүмө кирбеген ата-бабам көрбөгөн кайдагы жердин түбүндөгү фронтко барып, жалгыз мен жоо чаап берет белем, атасынын көрү, бир күндүк өмүрүм болсо да ушул жерде жүрүп өтөм, өз башымды өзүм окко тосор алым жок!» – дейт. Айткандай эле жалгыз Ысмайыл менен иш бүтөбү? Эч кимге кылдай зыяны жок, качса өз башын сактап качып жүрөр. Андан өкүматтын казынасы кемип кетпес. Кудай колдосо, эптеп кыштан чыксак, жай алды менен ашуу ачылганда Чаткалга кетебиз дейт. Анда Ысмайылдын «чоң жылаанда» ооп кеткен таякелери бар. Ал жерде сен кайдан келдиң, эмне болгон эмесиң, аны менен эч кимдин иши жок дейт. Чаткалга эмес, андан нары болсо да мейли, Ысмайыл жанымда турганда баарына макулмун. Андан көрө аман-эсен кыштан чыксак экен», – деп ойлойт алгач Сейде.

Сейде турмуштук тажрыйбасы аз, жыйырмага толуп-толо элек жаш келин, анын үстүнө Ысмайыл менен узакка жашап, ысык-суукту бирге тартып, күйөөсүнүн ким экендигин деле жакшылап таанып билүүгө үлгүргөн жок. Жайдын башында келин болуп келип, колхоздун жумушунан бошой калган ара-чоло убактарда күйөөсү экөө ылай тебелеп үй салып жүрүшүп, ынак жубайлыктын ырахаттуу даамын сезишти. Бирок алардын үй-бүлөчүлүк жыргал турмушу узакка созулган жок. Согуш чыкты. Көп узабай Ысмайыл согушка узады, Сейде өзүнүн «боюмда бар го» деген божомол кубанычын айтып калууга да батынбады. Бешиктеги баласын эмизип, жашчылыктын бактылуу учурларын эстеп, ой-санаасы менен Ысмайыл экөө бирге жүргөн өткөн күндөрдө чабыттап жүргөн учурунда Ысмайылдын келип калышы Сейде үчүн чоң сүйүнүч болбогондо кантмек?!

Сейденин образына автор адамдардагы эң мыкты сапаттарды топтогон. Ал өтө чынчыл, боорукер, адамдарга жакшылык кылууга дайым даяр, бирөөлөрдүн кайгы-кубанычын бөлүшө билген сезимтал, жапакеч, жоопкерчиликтүү, эмгекчил, чыдамкай. Он гүлүнүн бири ачылбай жатып кан күйгөн согушка кетип жаткан жаш балдарды карап туруп, аларды ар кандай кырсыктардан сактап калуу үчүн өзү согушка барып, өлүп берүүдөн да аянбайт. Ысмайылдын «почточуну көргөн жерден кат сурап коюп жүр» деп эскерткенине карабастан, Сейде сурайын эле деген менен оозу барып, батынып сурай албайт. Калп айта албайт. Атасынан кат күткөн кичинекей Асантай: «Сейде жеңе. Ысмакемден кат жок, бизге да жок. Курмакем эмики базарда алып келем деди! Ал түш көрүптүр! – дейт ал борбоюп, Сейде үчүн анын бул жөнөкөй сөздөрү канчалык оор тиерин бала кайдан билет… Баятан кокту-колотто жол басып, моюн бербей тың эле көтөрүп келген таңгагы бул учурда зылдай салмактана калып, эшик алдына беш-алты кадам калган жерде кубаттан тайып, ал дубалды кармана теңселип, зыңгырап уюй түшкөн жонундагы отунду жерге тикесинен таштап жиберет: «Кудай ай, эч болбосо ушул балдардын атасынан амандык кабар келсечи!» – деп ойлойт Сейде жаактарына жармашкан чачын өйдө сылап коюуга чамасы келбей, дубалга шалдая жөлөнүп.

Тотойдун балдарына кат келсе эмне үчүндүр өзүнүн жаны жеңилдей калчудай болуп жүрдү». Чиедей үч баласын кат күттүрүп Байдалы согушта жүргөндө Ысмайылдын согуштан качып, жашырынып жүргөнү үчүн Сейде Асантайдын алдында өзүн күнөөлү сезип, ушинтип уялат. Тегирмен акысына берилчү кичине каладан качып, күндүз колхоздун жумушунда иштеп, үнөм болсун деп түнү бою жаргылчакка ун тартып, Ысмайылга нан, баласына быламык жасап, кайненеси экөө эптеп өзөк жалгап, эски кырманга барып топон сапырып, чүрүшкөн бирин-экин данды чогултуп жүрсө да, Аскерге кеткендердин бала-чакасына деп бөлүштүрүлгөн эгин бардыгына жетпегендиктен Сейделерге тийбей калган учурда «өзүнүн эгин албай калганына эмне үчүндүр сүйүнүп кетет». Бул дагы Сейденин ички уятынын күчтүүлүгүнөн кабар берип турат. Качкындык турмуштан, кышкы сууктан заары чыгып, обору ачынган Ысмайылдын көңүлүн жумшартайын деп асты-үстүнө үйрүлүп, аны-муну сүйлөп чебелектейт. Ушунун баары Сейденин ички абийиринин тазалыгынын, бийик адамкерчилик сапаттарынын далили.

Сейде ким, Ысмайыл ким? – деген суроого тереңирээк үңүлүп карай турган болсок, булар бири-бирине түп тамырынан карама-каршы образдар экенин көрөбүз. Сейде адамдар жөнүндө жаман ойлобогон ак көңүлдүгүнөн, Ысмайылга болгон ишениминен, «Эрди-катын жамандык, жакшылыкта» деген элдик накылды эсине бекем түйүп, үй-бүлө алдындагы милдетимди, жоопкерчилигимди аткарышым керек деп Ысмайылды соңку кечиримсиз кылмышына чейин жан-дили менен коргойт. Тотойдун балдарынын атасына болгон сагынычын көрүп туруп, алардын атасынан кат-кабар келсе экен, аман-эсен, келсе экен деп кудайдан суранат. Ал эми Ысмайылды болсо айылдаштарынын кыйналып атканы, өлүп атканы кызыктырбайт. Кошунасы Байдалынын өлүмүн укканда да өзүнчө күңк этип коюп, астындагы чоң аяк көжөнү кулкулдата шимирет. Кийин анын жетимдеринин кешигине ырайымсыздык менен кол салып, ууз күткөн балдардын тилегин таш каптырып, уюн союп алат.

Буга чейинки моралдык басынуу, кысынууларды согуштун убактылуу кыйынчылыктары катары эсептеп, чыдамкайлык менен көтөрүп келген Сейде Ысмайылдын мындай адамкерчиликсиз ташбоордугун, жүзүкаралыгын кечире албайт. Ал Ысмайылды мындай ишке барат деп эч күткөн эмес, эгер Ысмайылдын ушундай адамкерчиликсиз иштерге барарына башында эле көзү жеткен болсо, Ысмайылдын көзүн карап, коргоп отурбайт эле.

Повесттеги сюжеттик конфликтти чечүүдө, борбордук идеялык-көркөмдүк максатты жүзөгө ашырууда негизги жүк Сейденин образына жүктөлгөн. Бир караганда Сейденин образы карама-каршылыктуу, бири бирине келишпес кыйчалыштуу көрүнүштөрдөн туруп, бүтүн бир каармандын элесин түзүүгө кыйынчылык туудургандай. Бир жагынан ал «Мейли, качкын болсо качкындыр, алтын башы аман болсо болду» деп дезертир күйөөсүн аман-сактап калуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап далбасалайт, экинчи жагынан согушка жөнөп жаткан жаш балдарды көрүп, алар үчүн согушка өзү эле барып, алар үчүн өлүп бергиси келет. «Эркек деген кандай кылса өзү билет, «Эрди-катын жамандык-жакшылыкта» деп, Ысмайылды бүт күчүн жумшап, НКВДнын сурагына, Мырзакулдун ачуу сөзүнө, камчысына чыдап, акыркы мүнөттөргө чейин коргойт да, болор иш болуп, уй союлгандан кийин Ысмайылды солдаттарга өзү кармап берет.

Сейденин образынын мындай эки ачалуу, амбиваленттүү болуп жатышынын себеби повестти жазууда чечүү үчүн коюлган маселеге бир жактуу, оңой-олтоң жооп бере салууга мүмкүн эмес татаалдыгында. Алдыраакта белгилеп өткөнүбүздөй, алар төмөндөгүлөр: пенденин табият, кудай тарабынан өзүнө берилген жашоо, өз өмүрүн сактоо укугун коргоого болгон аракетин айыптоого болобу? Жеке адам өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору коюп кароого укугу барбы? Кайсы учурда бул укуктар өз күчүн, наркын жоготот? Бул суроолорго жооп издөөдө Айтматов каармандарга өз эркин таңуулап, табигый турмуш агымына туура келбеген узун-узун тирадаларды сүйлөтүп, жалган пафос, кооз лозунгаларга берилбейт. Тескерисинче, карама-каршылыктуу, туюк кырдаалга кептелген каармандын абалын ичкериден иликтеп, кылдаттык менен ынанымдуу-далилдүү сүрөттөөгө, психологиялык тереңдиктерге карай умтулат. Натыйжада, жеке кызыкчылыкты жогору коюу, чыккынчылык, качкындык түпкүлүгүндө жаңылыш, актоого болбой турган нерсе экенин башка эмес, качкындын өзүнүн өмүрлүк жары, аны элдин айыптоосунан, мамлекеттин чыккынчыларга карата катаал мыйзамынан коргоп жүргөн эң жакын адамынын мисалында көргөзөт.

Сейде адамдык табияты жагынан чыккынчылык, качкындык, өзүмчүлдүк сыяктуу терс көрүнүштөр менен келишпей турган жан. Сейде Ысмайылдын ордунда болсо эч убакта качкындыкка барбайт эле. Ал эми Ысмайылдын жайчылык турмушта байкала бербеген чыныгы жүзүн согуштук экстремалдык абал тастайтып ачып койду. Чыгарманын акырында ачыкка чыккан карама-каршылык, чечим, бир караганда, чорт кескендей капыстан чыгарылгандай көрүнгөнү менен автор анын кыртышын алдыртан, каармандын өзүнө да, окурманга да байкатпайт, чебердик менен акырындап даярдап жүрүп отурган. Мисалдарга кайрылалы. Ысмайыл жаңы качып келген тушта ал бекинген үңкүргө тамак-аш жеткирип келе жатып Сейде паравоздун үнүн уккандагы реакциясы:

«Паровоздун үнүн укканда эле Сейде шак өйдө болуп, эки жагын каранып, шашып колтурмачын тартты. Өгүнү Ысмайылдын эшелондон түшүп калып, түндөп качып келгени азыр жүрөктү болк эттирип, паровоздун чаңырыгы көңүлдү иренжитип өттү».

Паровоздун чаңырыгына болгон Сейденин мындай мамилеси («ирээнжүүсү») Ысмайылдын качкындыгына карата анын бейаң дүйнөсүндөгү (подсознаниесиндеги) каршылыктын чагылышы. Же болбосо, Мырзакул жүгөрү бакалдарды оңдоп жыюу керек экендигин айтып, «Балдар агы жок калчу болсо башыңарды жулуп алам» деп, Тотойду зекип кеткенден кийинки учур: «Ошол күнү Тотойлорго жардам берип жатып Сейде бөтөнчө бир бактылуу болду. Алда кандай айыбынан акталып, самаган тилегине жеткендей көңүлү ачылып, бир азга болсо да жүрөгү жай алды. Анын турмушунда мындай кубанычтуу жарык учурлар көптөн бери болгон жок эле. Колуна тийген жумушту азыр эле нары-бери иштеп бүтүргүсү келип, күчүнө күч кошулуп толкуду. Жардамдашканынан тоскоолу көп Тотойдун балдары да Сейденин көзүнө алда немедей ысык көрүндү. Аларды ал ооз учунан эле ары тур, бери тур дегени болбосо, кошо ойноп, кошо ырдагысы келди». Бул көрүнүш айылдаштарынын алдында өзүн күнөөлүү сезген Сейденин ыйманынын убактылуу «амнистия» алып жатышы. Мурдараакта да чыгарманын бир жеринде бакыт жөнүндө сөз болуп өткөн, анда да күйөөсү түнүчүндө үңкүрдөн келип, маңдайында баласын алып отурганда Сейде «бактылуу болгусу келген», бирок бакытты сезе алган эмес. Чыгармада Сейденин качкындыкка мамилеси мына ушул сыяктуу көптөгөн психологиялык илме кайып каражаттар аркылуу берилген.

«Качкын күйөөсүн башка эмес Сейденин өзүнүн кармап бериши турмуш чындыгына туура келбейт, Айтматов «китептик» жасалмалуулукка жол берип койгон» деген дооматтардын да кайсы бир деңгээлде жүйөөсү бар. Окуянын жыйынтыкталышынын болжолдуу варианттарын келтирип көрөлү. Балким, а) Ысмайыл Тотойлордун уйун уурдабаган болсо, Чаткалга из жазгырып кете алышса, ал жакта Сейде бала-бакырасына алаксып, алардын келечеги деп түйшөлүп, кыялга батып, күнүмдүк тирилик менен алек болуп, аялдык, энелик милдетин мурдагысындай эле жоопкерчилик менен аткарып жүрө бермек. А эгер табиятынан өзүмчүл, мересирээк жаралган Ысмайылдын жанында көңүлүн кээде кусалык каптап, кандайдыр бир боштукту сезсе, балким, Мырзакулдун бир кездеги сүйүү менен тиктеген мээримдүү көздөрүн эстеп, ошол эскерүүсүнө каниет кылмак;  б) суук үңкүргө жатып оорудан каза тапмак; в) Тотойдун уюн башкалар уурдап, ууруну издегендер Ысмайылды таап алып, колго түшмөк; г) энеси кайтыш болуп аны өз колу менен көмүүгө жарабаган кордуктан, ыза, намыс айласыздыктан Ысмайыл өзүн өзү атып өлмөк (бул жөнүндө каарман повестке кийин кошулган вариантты энесине казылып жаткан мүрзөнү көргөнү барганда ушинтип ойлогон учуру бар); балким дагы башкача.

Ч.Айтматов салттуу классикалык адабияттын нугунда чыгарма жараткан жазуучу. Белгилүү болгондой, салттуу сюжеттик чыгармалар окуянын түйүндөлүшү, өөрчүшү, кульминациясы, окуянын чечилиши, айрым учурда пролог, эпилог сыяктуу элементтерден туруп, белгилүү бир конфликтик кырдаалдын айланасында ырааттуу өнүктүрүлөт. Биз жогоруда белгилеп өткөн сюжеттик чечилиштердин бардыгы турмуш чындыгына да, ошону менен катар повесттин сюжеттик окуясынын өнүгүш логикасына да кайчы келбейт. Ошентсе да алар чыгарманын башталышынан тартып чебердик менен өнүктүрүлүп, чыйратылып келген сюжеттик чечилиши үчүн боштук кылат. Сюжеттик конфликттин негизин  түзгөн каармандар Сейде менен Ысмайыл. Сейде абийир, ыйман, боордоштук, тилектештик сезимдердин персонификациясы болсо, Ысмайыл тескерисинче, мына ошол түшүнүктөргө чыккынчылык кылган качкын. Жоокердик салтты бузуп, куралдаш жолдошторунан өзүн артыкча көрүп качкандыгы үчүн да, энесин, Сейдени көпчүлүктөн корунтуп, моралдык жапа чектиргендиги үчүн да, эл коргогон жоокердин, башкача айтканда кошунасы Байдалынын өлүмү жөнүндөгү кабарды адамча кабыл ала албагандыгы үчүн да Ысмайыл айыпталууга татыктуу. Бирок ойлонулган жыйынтыктын ишенимдүүлүгү дагы бекемделип. Сейде менен Ысмайылдын образдарынын ортосундагы, б.а. элдик адам менен элбезерлердин ортосундагы конфликтинин курч чечилиши үчүн терс каармандын түпкү табиятында жаткан күнөөкөрдүк сапаты дагы ачыкталып, жетим-жесир кошунасынын уйу уурдалды.

Ысмайыл уйду эле уурдаган жок, атасы согушта курман болуп, энеси ооруп жаткан үч кичинекей жетимдин «уй тууса ууз жейбиз» деген үмүт-тилегин, алар менен кошо Сейденин өзүнө болгон ишенимин уурдады, келечек, үй-бүлөлүк бакыт жөнүндөгү кыялдарын талкалады. Буга чейин Сейде Ысмайылдын качкындык ишин үй-бүлөлүк, жубайлык парзын акташ үчүн колдоп кечирип, жардам берип келди. Бирок «Эрди-катын жамандык-жакшылыкта» деген элдик макал «күйөөң ууру болсо ууру бол» дегендик эмес. Сейде Ысмайылдын адамкерчиликке жат ташбоордугун, айбандыгын кечире албайт. Ошентип, ыймандуулук, адамкерчиликтүүлүк, ак пейилдик, боордоштук өзүмчүлдүк, качкындык, саткындык, ташбоордук, кара мүртөздүктүн ортосунда өөрчүтүлүп жүрүп отурган карама-каршылык өзүнүн элдешкис кыл чокусуна келип жетти. Ысмайылдан биротоло түңүлгөн Сейде: «Өз элин ушундай жоо сайышканда таштап коргологон, акыр түбү өз элине душман болот экен да… Сени сактайм деп жүргөн экем, көрсө ушундан сакташ керек эле…» деп чыккынчы, качкын, ууру, өз элине душман болгон адамдын бетин ачып, бийликке тапшырууга аргасыз болду.

«Ак кеменин» финалы боюнча да Ч.Айтматовго окурмандар Орозкулду соттотуп, Момунду пенсияга чыгарып, Баланы шаарга мектеп-интернатка өткөрүү жөнүндө сунуш кылганда: «Бул жагымдуу, бирок бул жамандыкка кечирим берүү болуп калат» («Это мило, но это означало бы амнистию злу») деп түшүндүрүп, баланын мерт болушу чыгарманын бирден-бир туура логикалык жыйынтыгы экендигин тастыктаган учуру бар. [«Необходимые уточнение». – Лит. газета. – 1970. – 29-июня] «Бетме-бетте» да ак менен кара Сейде менен Ысмайылдын жүздөрү аркылуу бетме-бет келип, Сейденин жанында Ысмайыл өзүн кирбийгенсип алсыз сезип, солдаттарды көздөй корголошу повесттин бирден-бир туура логикалык жыйынтыгы болгон.

Ч.Айтматов кайра куруу мезгилинен кийин, 1990-жылы «Бетме-бетке» кошумча жаңы тарам киргизди. Анда Ысмайылдын, эненин образдары бир аз тереңдетилип, Ысмайылдын адамдык оң сапаттарынын да орун алуусуна мүмкүндүк түзүлөт. Биз андан Ысмайыл бир убакта өз кесибин чын дилинен сүйгөн дыйкан болгондугун билебиз, энеси кайтыш болгондогу анын кайгысын баяндаган драмалык сүрөттөөдөн анын уулдук табигый сезимдерин көрөбүз. Бул тарамда Ысмайылды актап жиберүү аракети болбосо да, анын образына карата бир аз «жумшаруу» байкалат. Бул жазуучунун согушка карата кескин айыптоочу позициясына байланыштуу. Жаңы тарам боюнча эң башкы күнөөкөр – бул согуш. Ал адамдардын тынчтык турмушун бузуп, алардын баштарына миң түркүн мүшкүлдөрдү салат. Жай турмушта эл катары тирлигин кылып, үй-бүлө, коом алдындагы милдетин жоопкерчилик менен эле аткарып жүргөн адамдар Ысмайыл сыяктуу трагедиялуу тагдырга кириптер болушу мүмкүн. Кошумча тарам чыгарманын трагедиялык доошун күчөтүш үчүн, согуштун талабына моюн сунбаган адамдын ал мурда ким болгондугуна, кандай өзгөчө себеп-шарттары бар экенине карабастан тагдыры трагедиялуу болорун көргөзөт.

Чыгармада каармандардын ички дүйнөсүн ачуу, аларды эмоционалдуу-экспрессивдүү элестүүлүктө окурмандарга жеткирүү үчүн жазуучу пейзаждык параллелдерди да зор чеберчилик менен пайдаланган.