КУЛТАЕВА Үмүт: ҮМҮТ КУЛТАЕВА: УЛУКБЕКТИН “ЫР САБААСЫНДАГЫ УГУТУ” ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ

Жаш калемгер Улукбек Омекеевдин “Ата сүйүү” китебине кирген тырмак алды чыгармаларын карап олтуруп:

Жатканда ыр сабаага угут жасап,
Салттуулук шок дүйнөмдү бузуп качат.
Эл эмне десе десин, а мен болсо,
Алкактан жүргүм келет чыгып жашап.
[1]  —

деген ыр саптарына  көзүм түштү. Чынымды айтсам, автордун “Алкактан чыгып жашайм” аталган ырынан алынган жогорудагы акыркы куплетте  автордун берейин деген ою мага  бүдөмүк  толук бышпаган идеядай (кайсы салттуулук, поэзиядагыбы же элдегиби?) таасир калтырды. Анткени менен эмнегедир “угут” сөзү дилиме кыт куйгандай орной түштү.

Угут демекчи, улуттук суусундуктун феноменин жараткан кыргыз эли угутту   бозо  жасоо технологиясынын негизги уюткусу катары ойлоп тапканынын өзү кызык. Жаш өнгөн буудайдын “жаштык кайраты”  суусундукка табигый кубат берип, андан пайда болгон ички энергия адамдын аң-сезимин ден-дароо кылганга жеткирчү күчкө ээ болгондуктан, даанышман элибиз аны өтмө  мааниде адамдын мүнөзүндөгү курчтукту, өткүрлүктү, туюнтуу үчүн пайдаланганы бекеринен эместир оов! Натыйжада, “угуттуу сөз” деген түшүнүк сөз баркын билгендер арасында баркталып келет. “Угуттуу сөз – жеткире айтылган күчтүү сөз, маңыздуу сөз, адамды чыйралта турган, курчута турган сөз”[2].

Китептеги автордун окурманга кайрылуусунда өзү айткандай,  “тапкан дүйнөсүнө”   саресеп салуудан  мурда, деги анын  “ыр сабаасында  угуту” барбы? – деген суроо менен маселени кабыргасынан коюп көрөлү. Суроонун жообун адегенде Улукбектин өзүнөн укканыбыз оң:

Калпыс ишке жашынан жакын эмес,
Каныга элек, ойлорго батыл эмес.

Ыр кураган аз-аздан азырынча,
Ышкыбозмун такшалган акын эмес[3].

Дал ушул төрт сап ыр анын калеминен жаралган бир топ чыгармаларды карап олтуруп, бир пикирге келе албай оюң тумандап турганда, булуттан чыккан айдай  эле аң-сезимиңдин горизонтуна жарык чачып жиберет. Ошондон улам,  “Улукбектин ыр угуту” бар деген ички кайрык күүгө келет. Бул ойду тастыктыктоочу аргументтер:

Биринчиден, Улукбек социалдык тармактарда жаштардын чыгармачылыгы тууралуу сөз болгондо, кийинки учурда адабиятта  муундар ортосунда байланыштын жоктугуна жан кейите көңүл толгоп, адабий сынга болгон муктаждыгын ачык билдирди; демек, калемгерде жакшы чыгарма жазуу үчүн изденүүгө ички потенциал жетиштүү.

Экинчиден, “Ата сүйүү” китебин басмага даярдап жатканда,  окурманга ыймандай сырын  айтып: “Ырларымдын арасынан эң жакшыларын киргизейин деп тандап келсем, бодурайып бардыгы электен өтпөй калды. Мындай кылсам дагы белгисиз убакытка чейин күтүүгө туура келет экен. Жарык дүйнөгө келген соң эл арасында жашай берсин дедим да, бар тапканымды сиз окуп жаткан ушул беттин артындагы барактарга жайгаштырдым” – деген тике сөзүндө поэзия аталган аруу дүйнөнүн алдында калемгерлик жоопкерчилигин (ырлары адегенде өз купулуна толбой жатпайбы) сезгени байкалат; мындай сапат ызаттоого татыктуу.

Үчүнчүдөн, жогоруда биз мисалга тарткан ырдан көрүнүп тургандай, азырынча “каныга элек, ойлорго батыл эмес, такшалган акын эмес, ышкыбоз” экенин моюнга алуу да “жөн” киши айта койчу сөз эмес. Демек, ырынан мурда Улукбектин өзүндө “угут” болсо, анда угуттуу сөз айтууга жөндөм, шык, таланттын уюткусу да болууга тийиш деген пикирди алдын ала айтуу жаңылыштык боло койбос.

Төртүнчүдөн, китепке киргизүү үчүн Улукбек өзү айткандай, элеккке салса, андан өтчү ырлар чыгат эле, бирок аз болуп калмак.

Ырас, акындык өнөрдө жайдак жерден жаңылык жаратуу мүмкүн эмес экени белгилүү болгон соң, жаш калемгер өзүнө чейинки поэзиядагы салтты, тажрыйбаны аттап өтө албайт. Алгачкы адабият акылмандарынын бири Аристотель айткан “тууроо – чыгармачылыктын жалпы мыйзамы (подражание – общий закон творчества)[4]”. Улукбек да Аристотель айткан мыйзамга баш ийген. Салтка айланган жана түбөлүк темаларда (Ата Мекен, ата-эне, курбу-курсташ, мугалимдик кесип,  доор көйгөйлөрү, адам жана табият калемин сынап келаткан экен. Ырларынын дээрлик оор салмагын сүйүү, достук, жаштык жана студенттик күндөр, сулуу кызга суктануу темалары түзөт. Бул темаларды таланттуу адабият таануучу, сынчы, котормочу, жазуучу Ю.Тынянов “сентименталдык адабият” дегени менен бул да мыйзам ченемдүү көрүнүш, аны бир да акын аттуу аттап өткөн эмес.  Албетте, адабияттагы тууроо бул сөздүн тике лексикалык маанисине караганда өтмө маанисине көбүрөөк  көз каранды. Адабияттагы “тууроо” өзүнө чейинки калыптанган салттын үлгүлөрүн   таануу, өздөштүрүү десек, туура болчудай.

Маанилүү маселе – салттуу темалар  боюнча менин айта турган жаңы сөзүм барбы? – деген суроо калемгерди ойго салабы же жокпу? Бактыга жараша, автордо ушул суроого жооп издөө бар. Кайсы теманы алса да, ал боюнча башкалар айтпаган ойду, аны туюнтуучу сөз издөө аракети байкалат. Буга адегенде эле эне темасындагы ырларына: “Дүйнөдөн, апа, бир топ кең экенсиң, \ Сен өзүң, кала берчи дүйнөм болуп” – деген эпиграф ордуна колдонгон саптары (ал ойдогудай табылгабы же жокпу, бул башка кеп) күбө. Автордун эне темасында жазган бир нече ырлар түрмөгүнүн ичинде  окурмандын көңүлүнө жылуулук берчү  ойлор кездешет. Жыйнактан биринчи орун алган чыгарманы мисалга тартып көрөлү:

Булак жактан сокмо жолдо кече күн,
Булдуруктап сүйлөп сөздүн шекерин.
Бакан менен суу көтөргөн апанын,
Бала келет бекем кармап этегин.

Тагдыр жолу таза, тунук өмүрдөй,
Ийиндерде оор салмагы сезилбей.
Чагылышып жазгы күндүн нуруна,
Суу келатат чайпалбай да төгүлбөй.

Төгүлбөгөн суу бул — бала, үй-бүлө,
Аны ападай албас эч ким сүйдүрө.
Тең салмагын бузбай ушул дүйнөнү,
Турат экен алар асып ийнине
[5] –

саптарында образдуу ойлом бар. Кыргыз поэзиясында энени  жашоонун түбөлүктүүлүгүн туюнтуучу жаратылыш кубулуштары менен ассоциациялоо кыргыз адабиятындагы белгилүү поэтикалык салттардан. Байыркы грек философтору жашоонун башталмасын оттон, суудан, жерден издеген сыяктуу кыргыз поэзиясында эненин жаратмандыгын Т.Кожомбердиев  поэзияда от менен (“Энем жана от”) , Ч.Айтматов прозада жер менен  (Толгонай жана Жер-Эне) ассоцияциялап, бул теманын көркөм-эстетикалык наркын жаңы бийиктикке  жогорулатканы белгилүү.

Ошол эле учурда тирүүчүлүк барда эне темасы дайыма “тирүү” эмеспи, жаш калемгер наристесин ээрчите бакандап суу көтөргөн турмуш көрүнүшү аркылуу теманы бир топ ийгиликтүү ачууга жетишкен. АЯЛ-ЭНЕнин нар көтөргүс эмгеги да, табият тартуулаган жашоодогу парызы да,  гендердик ролу да образдуу берилген. Бала “бекем кармап келе жаткан апанын этеги”, “тең  салмактуу таразадай бакан менен апа ийининде  көтөрүп келе жаткан  суу”, чакадагы сууга чагылышкан жазгы күн нуру, суунун чайпалбай да төгүлбөй” келатышы – баары символикалуу;  алар бирин-бири толуктап, бири-бирине көрк берип турат.

Балага деген чексиз сүйүүсү менен түмөн-түйшүгүн эч кимге колко кылбай көтөрүп жүргөн апанын сабырын дүйнө салмагына салыштыруу ырдан чыккан логикалуу поэтикалык корутундуну камсыз кылган. Бир гана окурманды ойго салган нерсе – бүгүнкү күндө бакан менен суу көтөрүү типтүү көрүнүшпү? Кийинки жаш калемгерлер, айрыкча шаардык калемгерлер бул ырдагы татынакай образдуулукту түшүнөбү? Интернет доорунун окурмандары авторго поэзияны элеттештирүү  (периферизация)[6] күнөөсүн койбойбу деген ой кылт этет.

Жогоруда белгилегендей, калемгердин “электен өтчү” ырларын мекен темасында жазылган “Мекеним Кыргызстан”, “Ош шаарым” аттуу чыгармаларына кошо  “Балалыкты алып калган айылым” ыр түрмөктөрүнөн, “Мекен жүгү мугалимди чарчатпайт” рубрикасында жазылган түрмөктөрдөн издесе, бир топ купулга толчу ойлор чыгат.  Ошондой ырларынын катарында – “Ак сөз эй” турат.

Аалымдар астанаңда өтүк чечсин,
Ак сөз эй, бир айтылып өтүп кеткин.
Жамачы болуп калсын сүйкүмү жок,
Жалганды дал ортодон кесип кеткин.

Акыйкат жолду көрсөт бурулайын,
Ак сөз эй, чындыгыңа урунайын.
Мерездер муюбаса муюбасын,
Мен сенин этегиңе жыгылайын.

Улуу сөз менен урпактарга нравалык сабак берүү салтына эгедер  кыргыз эли үчүн “ак сөз” теңдешсиз күчкө, таамай таасирге, эбегейсиз кубатка ээ. Этномаданиятта “ак сөз” – сөз атасы,  чындыктын кунуна тете  руханий баалуулук, элдин коомдук турмушунун баш мыйзамы! Бекеринен  даркан жазуучу Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” романындагы “Улуу сөз сепилдеринин” башында “ак сөз” турбаган чыгар. Мына ушундай элдик дүйнө таанымдагы руханий баалуулукка Улукбектин кайрылып олтурушу анын келечегине дагы бир жолу үмүт арттырат.

Ыр бир топ эмоциялуу жазылган, анда ачуу чындыктын үлүшү, турмуштагы көйгөйлүү тажрыйбанын тагы бар. Бирок ушундай маанилүү тема, терең идеяны көркөм аңдоого алууда, калемгер көп сөздүүлүккө берилип кеткени ачык байкалат. Мына эми Омеекевдин олуттуу темаларда оңунан чыкпай калган учурларын айтууга кезек келди көрүнөт. Көп сөздүүлүк кыргыз адабиятындагы мейли прозада, мейли поэзияда болсун “өнөкөткө айланган эски ооруларынын бири” экенин сын майданында бул жанрдын корифейлери катары таанылган К.Асаналиев, С.Жигитов, К.Даутов кан какшап айтып келишкени белгилүү го. Бул оору да, балким, Омекеевге “чыгармачылыктын тууроо мыйзамы” катары жуккан, балким, жаштыгынан айтайын деген оюн дагы тереңдетүү аракетинде оор жана олуттуу теманы майдалап жибергенин азырынча өзү байкабайт.

Бул ойду жогорудагы “Ак сөз, эй” ырынын материалында талдоонун ыңгайы бар. Ыр кайырмасын кошпогондо төрт куплеттен турат. Биздин пикирибизде, мисалга тарткан эки куплет жетиштүү болчу. Тескерисинче, дагы эки куплеттеги автордун ак сөзгө айткан “акыл-насааты” ашыкча. Дал ушул автордук ашыкча акыл айтуу ак сөздүн кадырын жогорулатпай, тескерисинче төмөндөткөн. Ак сөз насаатка, нускага, жол көрсөтүүгө муктаж эмес, ал башкаларга акыл айтуу гана эмес, акыл чөйчөгүн таразалоо касиетине ээ. Ак сөз абдан өктөм жана өткүр келет. Ал эми Улукбек ага “Кайрылбай жолуңду улап кете бергин, \ Акырет күнгө чейин кир болбогун” – деп окуучусу сыяктуу ак сөзгө  көрсөтмө бергени береги эки куплетте жакшы айтылган автордун акындык да, адамдык да адебине көлөкөсүн түшүрүп жиберген.

Мындай олуттуу тема этияттыкты талап кылат. Ошондон улам А.П.Чеховдун “Кыскалык – таланттын эжеси” дегени афоризмге айланбадыбы. Бул маселенин бир жагы.

Экинчиден, жаш калемгердин элдик лексиканы кыйла жакшы билгени дурус, бирок сөздү пайдалануу чеберчилиги али тиешелүү деңгээлге жете элек. “Ак сөз, эй” ырында да “Мерездер муюбаса муюбасын” деген сырткы уйкаштыгы төп келгенсиген ыр  сабы ички маңызы боюнча “Мен сенин этегиңе жыгылайын” – деген эң сонун корутунду ойду камтыган сапка түгөй боло албай калган. Анткени ак сөздү мерездер эмес, түркөйлөр түшүнбөйт, анын баркын жан-дүйнөсүндө калыстыгы жок, чындыкка чычалаган жалакайлар, тайыздар  баалай албайт. Ошондуктан түркөйлөр түшүнбөсө түшүнбөсүн – деген ыр сабын жалпы идея сурап тургансыйт.

Дал ушул сөздү орунсуз колдонуу башка ырларда да көп кездешет. “Убакыт, сен жаман дарысың” (Ширин-ширин ооруларымдын (?), \ Айыктырып кеттиң баарысын),  “Мектепке кирип барсаң” (Көөдөндөр жайдак турат ?) ырларында да кездешет. Айрыкча, “Кышты сүйгөн сулуу” аталган ырында   орунсуз колдонулган бир сөз жалпы ырдын поэтикасына залакасын тийгизип койгону, чынында, өкүнүчтүү. Анда текст (бул ыр да көлөмдүү, эки куплетин мисалга алабыз) өзү сүйлөсүн:

Үлбүрөгөн назик сезим, ышкылуу,
Кылыгыңдан чагылууда бала кез.
Колу үшүгөн, а жүрөгү жыпжылуу,
Кышты сүйгөн периште кыз,  кара көз.

Эртең дагы ак сүйүүңдү жашырып,
Каштарыңдай кара тумак (?) кийип кел.
Кардай таза сезимиңе баш ийип,
Кышты сүйсүн кышты сүйбөс жигиттер.

Сыртынан ойдогудай көрүнгөн жогорудагы текстте “Каштарыңдай кара тумак кийип кел” – деген сапты этномаданиятты баалаган окурман өгөйлөө менен кабыл алат. Мейли дейли, адептүү кыз болсо, сүйүүсүн жашыра турсун, эмнеге кара тумак кийиш керек? Биринчиден, кыздар тумак  (реалдуу турмушта эркектердин шымы менен тумагын талашып кийүү поэзиянын предмети эмес) кийбөө керек, болгондо да аялзатынын кара баш кийими элдик дүйнө таанымда азанын (жесир калуунун) белгиси. Адатта, кыздын кылыгы, анын кымбаттыгы кундузга, калтарга салыштырылат. Бул ыр да “Каштарыңдай кундуз  (калтар) топу[7]  кийип кел” – деген ыр сабына муктаж. Формага (каштын түсү — каралыгы) азгырылуудан мазмун (каштын жарашыгы, анын кыз сулуулугуна кошкон салымы, кулпурушу) жапа чеккен. Кара тумаккка караганда кундуз топу же калтар топу лирикалуу сөз. А “…лирикалуу сөз – поэтикалуулуктун концентраты, окурманга таасир этүүнүн эбегейсиз күчүн камтыйт” (Л.Гинзбург).

Үчүнчү оркоё сезилген мүчүлүштүк – теманын ойдогудай коюлбаганы. Тема – аңдоого алынуучу проблема. Албетте, теманы чыгармасына кандай коёт, ал автордун өз эрки дечи. Бирок чыгарманы окурман үчүн жазат эмеспи. Адатта окурман коюлган теманы биринчи кабыл алат да, андан ары тексттен ага жооп издейт.

Ушул көз караштан алып караганда калемгердин  “Эмнеге төрөлмөкмүн?”, “Өзүмдү неге сүйөм?”, “Бекитсең”  темаларын окурман жакшы кабыл ала албайт. Биринчи темага көңүл буралы. Кыргыз тилинде – мак мүчөсү этиштин  ниет ыңгайын уюштурат. Ырас, ал ниет болгон соң, негизинен али аткарыла элек кыймыл-аракет. Дегеле “төрөлмөкмүн” деген сөз темага эле эмес, жазганга, сүйлөгөнгө орунсуз, угумсуз. Өзүн-өзү  төрөгөн жандык жок да. Албетте, автор жашоо максатын табышмактантып айтуу үчүн койгонун (көптүн арасында, көчтүн карасында эмес, үмүттүү сезим менен бийиктикке кол сунуп, кыз сүйүп жана сүйүлүп, өлүп кайра тирилип ыр жазып, ата журтун жандай сүйүп ж.б.) түшүнүүгө болот.

Бирок тема кабыл алынбай жатпайбы. Балким, “Болгум келет бүт баары” – деген ырдын аягындагы сап жетиштүү болот беле деген ой кетет. Ушундай эле пикирди экинчи тема боюнча да айтууга болот. Анын ордуна “Өзүмдөн кымбат сүйүүм көп” деген тема кабыл алууга экспрессивдүү эле.

“Бекитсең” деген теманы окуганда да бекиткени эмнеси?  – сыяктуу түпөйүл суроо пайда болот. Көрсө мындай экен:

Кирдеп турган көңүлдөрдү тазарткан,
Кир дүйнөдө сени таза жашаткан.
Керемет ээ, толкунданып, өрөпкүп,
Кубанычтан көздөрүңдөн жаш аккан.

Калдалаңдап кире калып эшиктен,
Кандай сонун, жакшы кабар эшитсең,
Толкундоодон агып түшкөн көз жашты,
Жерди карап башкалардан бекитсең.

Демейде, көз жашты көргөзбөйт же жашырат. Жашыруу менен бекитүү синоним болгону менен синонимдик катарда жашыруу сөзү көз жашка карата лирикалуу угулат. Анан да лирикалык каарман жакшы кабар эшиткен соң калдалаңдап кирдиби же киргенден кийин жакшы кабар эшиттиби? Эки саптын ортосунда мазмундук шайкештик жок.

Жыйынтыгында, мындай кемчиликтер жаш калемгердин чыгармачылыгында кездешүүсү табигый нерсе. Негизинен Улукбектин ыр сабаасындыгы уюткусу бузулбасын. Келечекте калемгерден алашем ойлордон арылган, шакардай кайнаган руханий дарттарды дарылоочу ырларды күтөлү. Улукбекте андай мүмкүнчүлүк  мол дегенге болот.

Үмүт Култаева – филология илимдеринин доктору, «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү

[1] «Алкактан чыгып жашайм» ырынан.

[2] Кыргыз тилинин сөздүгү. – Б.: “AVRASYA JAYINCILIK”, 2010, 1249-б.

[3] Сегиз саптар ырында.

[4] Караңыз: Античные мыслители об искусстве, М., 1938.

[5] Турат экен көтөрүп ырынан

[6] Караңыз: Е. В. Юферева Периферийная и/или маргинальная литература в перспективе  осмысления жанровой динамики / Интернет сайт: dspace.pnpu.edu.ua/bitstream/123456789/4301/1/Ufereva.pdf.

[7] топу – такыялуу кыз, демек, башы бош дегенди билдирет