ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: АЛЫМ САБАК

1. Алым — кезең 

2. Орус Алым

3. Жабыктагы ойлор 

«Дүйнөлүк акын болом деп келди эле, дүйнөлүк акын…»

Ооба, буга жоопту түрдүүчө бере алат – ар кыл окурман.

Көрдүк, анын бизге тааныш «алгачкы» деп саналган ырларынын баары теӊ эле тегиз, толук жетилген ырлар. Аларда балалык оору, тээжемел телчигүү деген жок (бул «изин» өзүнө катуу талапчыл Алым эртелеп тазалап салганын айттык). Тушундагы мыкты делген улуу-кичүү акындардын кай-кимиси менен болбосун, колдо тизгин карышып, үзөнгү бутта кагышып, жол талашып чыгууга даяр жетик ырлар.

Кийинки түйшүктүү изденүү жылдарындагы (айрыкча, форма жаатында) ырларында күчтүү таасир, тууроолор (Уитмен, Хикмет издери) туруу менен бирге эркин, ак ыр формасын кыйла чебер өздөштүрүп, аны кыргыз поэзия кыртышына тамырлатуу багытындагы аракети үзүрлүү.

Таптаза поэтикалык эксперимент катары калуучу ырлары да аз эмес. Балким, алар өз тушунда көз жарып калганында (жарыяланганында) күнүндөгү күлүк миз, тушундагы тулпар из чыгып, «мезгилдик» мөөрүн бастырып да алышмактыр, бирок бүгүн ал жок – эски ырларынын бир тобу анча мезгил аралыгынан эрксизден эксперимент катары гана кабылданат.

Машакаттуу изденүүнүн өр жолунда ал, акыры, канча бир лабиринттерде каӊгырап-бозуп, анча Мастерлер менен муӊдаша-сырдаша отуруп, акыры чоӊ Поэзия мейкинине чыкканын билдик. Арийне, «мейкин» дегенибизде, биз көз кайкыган жердин баарына ал ыргүлдөрүн ыргалтып эгип салды дегенди айтканыбыз жок. Ал аз жазды, бирок түмөн Рухий Жол басты. Ушунун баары отуз жашка чейинки аралыгында болду, б.а. ал поэтикалык жашын Лермонтов курагында эле жашап койду.

Демек, анын артына калтырган ыр мурасы азбы, не, жетишээрликпи?.. Албетте, Лермонтовго салыштыра албайсыӊ, бирок адабиятка бар болгону отуз алты ыры жана бир чакан поэмасы менен эле грузин адабиятынын классиги катары катталып кирген Николас Бараташвилини да (1817-1844) тарых жакшы билет. Анан да, чыныгы таланттын адабияттагы баасы аз-көп сан менен да бычылбайт. Албетте, ал саз-сапат менен өлчөнөт. Ушуга калганда, Алымда, балким, кыргыздын башка бир да бир улуу-кичүү муун акынында жок өзгөчө бир Өзгөчөлүк бар. Ал – Поэтика. Ооба, акындын поэтикасы. Кай бир том-том китептерди жазган акындарда, ооба, көлөм көөп болушу мүмкүн, тематика жетишерлик, жанр да ар кыл, идеологий, философий катмарлар көзгө толумдуу, көӊүлгө болумдуу иштелиши мүмкүн, мүмкүн… бирок акындык поэтика маселесине келгенде, андай том-том китептер кээде томуктай китепчелерге уттуруп коюшу да толук мүмкүн жана дүйнөлүк практика мындайды четтен билет. Айтылган кеп Алым поэзиясына, ириде тиешелүү. Эгерде «Алым Токтомушевдин ПОЭТИКАСЫ» деген бир эле маселе көлдөлөӊ ташталса алдыга, анда биздин айрым кыраа аалымдарыбыз анын жанында салыштыра кароо үчүн Кимди катар коерду билбей алдастап (калдастап!) калышары да ырас! Акыйкатта, Алым поэтикасынын жанында «эл акынымын» деген эчендердин бар дасмыясы шоона эшпей калат.

Маселен, классикалык академий өлчөмдөн эле алганда, Алымда, бир ырдын алкагында:

логикалык чыӊ бүтүндүк;

лирикалык образдагы так-таасындык;

сюжеттик ыргактуу өнүгүш (идеянын башталышы, өнүгүшү, кульминациясы жана чечилиши);

ырдын жалпы сырт мукамы жана саптары текче тепчилген ич мукам бирдиктеринин шайлыгы (гармониясы);

уйкаштын мүлдө түрлөрү – демейки көндүм; «сүйүнбайэлпек – сүйүнбайтатаал»; сөздөн артылган доошуйкаш;

акыры, сөздүн контексттеги полифониясы;

Мунун баары ырдагы башка поэтикалык каражаттарды (м., салыштыруу, эпитет, каймана, символ ж.б.) айтпаганда.

Дагы бир таӊгаларлыгы, мына ушул биз көргөн, биз көнгөн, көзгө толумдуу-болумдуу академий-классикалык катмардын ары жагынан, тереӊинен, кандайдыр табышмактуу татаал, жаӊдуу башка бир кайыби катмардын баш сугуп турушу – поэзиядагы Сырдын…

Мына ушунун баары жыйнала келип Бир Акындын мисалында – Бир Элдин Сөз Өнөр кудуретинин деӊгээлинен шоорат кагат жана Алымчалык бул өӊүттө ой калчоого жем таштаган акын аз, аз… Аз, бирак, саз иштеген Алым Поэтикасынын улут поэзиясындагы айтарлык орду ушуякта да.

АЛЫМ – КОТОРМОЧУ

Алым поэтикасы тууралуу сөз кылганда, анын котормочулук өнөрүн кыйгап өтүү мүмкүн эмес. Ал – айлада жок котормочу эле! Котормого да ал табигый, ички муктаждыктан келген. Ооболдо ал котороюн деп эмес, түшүнүп алайын деп өзү үчүн жөнөкөй которуп баштаганын айтып калчу. Акырындап акындык стихиясы өзү алып кирип кеткен. Ал 70-жылдардын башында котормо менен кыйла эле машкылданыптыр. Айрыкча, Гете менен Блокту арбын которгон. Пушкин, Лермонтовдон азыраак, кийинки ХХ кылым акындарына бирин-экиндеп чалгын салган. Котормо өнөрү тууралуу абдан көп адабияттарды окуп, Маршак, Лозинский, Чуковский, Пастернак тууралуу тамшана сүйлөп, Шекспир, Гете, Пушкиндерди ким кандай которгонунан өйдө салыштырып жүргөнүн билчү элем (өзүнчө эле илимий илик!), бирок алардын изи жок. Өзүнө ашкере талапчыл Алым аларын өрттөп да салганбы, билбеймин.

Шүгүрчүлүк, эӊ эски блокнотторунда айрымдары сакталып калыптыр. Сыягы, буларын деле кийин саатын чыгарып бышыра иштесемби деген ойдо болгондой. Анткени, эч жерге жарыялаган эмес, «ученичество» деп койсо керек. Пушкиндин «Полтавасын» гана кийин кайра иштеп чыккандай болду, көӊүлүндө болтурса керек, 1987-жылы «Ала-Тоого» жарыялаптыр. Шекспирдин «Гамлетин» аяк-башын текшилегенге үлгүрбөгөн…

Ал олуттуу котормого анын кандайдыр ачкычын кармамайынча киришчү эмес.

Бир курдай мындай болду. 80-жылдардын аягы. Экөөбүз Кердегей Кубат аке менен маек куруп калдык. Кубат аке өзүнө таандык алай чечендигинде ачылып каткырып, төгүлүп-чачылып сүйлөп берди. Эки капшыттан чабуулдап атып, экөөбүз да керектүү сөздү чубап алдык. Ошондо Кукеӊ Саади жөнүндө, суфизм, жалпы эле Чыгыш философиясы тууралуу чечилип бир эргиди. Кайтып келатканда Алым Саадини которсомбу деген көптөн көӊүлүндө баккан оюн, бирок чындап кирише албай жүргөнүн айтты. Саал кийинче мен Алым иштеген «КМ» гезитине Кулкожакмат Йассавинин хикметтерин жарыялап калдым. Поэзиядан демейде эч нерсе жакпаган Алымга бул жакты. «Ой, мунуӊ мыкты экен» — деп жүрдү. Ушундан кийин ал Саадиге кызуу киришип кетти. Эски чагатай адабияты (Кулкожакмат) менен парсы поэзиясы (Саади) ортосунда формалык, лексикалык (орток сөз-түшүнүктөр) көп жалпылыктар бар. Табияты такыр башка орустил котормодон Алымдын колуна тийбей жүргөн илинчек Кулкожакматтан кармалыптыр. Ачкычын кармаган Алым бир дем менен кыска убакытта Саадини которуп салды. Саадини эстегеним – Гетеден улам.

Алым жаштайында Гетеге катуу кызыкканын айттым. Бир кез ал опол тоодой «Фаустка» да мына, мына… тиш салып, салып барып токтоп калганын билем. Маркум Керез Ырсалиевдин котормосуна анча ичи чыкпай карачу. Өзүн бир чоӊ ишке арначудай, ага даярдыгы жетилип калгандай сезүүчү. Өзүн кайсыл ишке толук арнаарды билбей, жол чалып жүргөндөй көрүнчү. Ушундай жан бар эле, Пушкин кыркаарында – Гнедич. Пушкинден кийин да ыр жазып болобу деген ал ургундай күчүн кайда жумшаарын билбей урунуп-беринген, изденген. Акыры, бир нерседен көргөн – Гомерден. Отурган да, «Илиаданы» которуп салган! Бул котормо орус адабиятындагы эӊ бир айжаркын котормолордон болуп саналат. Ал эми «Илиаданын» өзү, билермандар чөйрөсүндө катмар тарыхты, касаба философияны камтышы жагынан окуялуу «Одиссеядан» бийик бааланат. Н.Гнедичтин орус тарыхына калтырган эрдиги ушул болгон. Ал эми Алым, Алым… баамымда, Гетеге эртелеп башын малган ал, жетилген чагында Саадиге жетик канган ал – Гетенин «Батыш-Чыгыш диванын» куп мазасын чыгарып, келиштире бир которуп салмак, сааты чыкса… Ал эми сааты, дале баамымда, чыкмак – өмүрү тозбогондо. Эми бул эч качан ишке ашпайт – Алымдын деӊгээлинде. Өкүт… жок, зор арман ушул!

Күчтүү талант экинчи бир күчтүү таланттын жанында сыналат. Акындын даражасы экинчи бир зор акынды которгонунда билинет. Анткени, майдан талаасы бирөө – Бир Чыгарма.

Алымдын акындык-котормочулук даремет-деӊгээлине күбө болуш үчүн эми бир гана ырга, классикага кайрылып, өнөрканасына тереӊирээк башбагып, котормо жаатындагы сөздүн этегин түрсөмбү деп турам.

Лермонтов. Атактуу жылдыздар жылдыздарга жымыӊдашат ыры. Салыштыра кароо үчүн, оболу, оригиналдын өзүн көз алдыга толук туталы.

Выхожу один я на дорогу,
Сквозь туман кремнистый путь блестит.
Ночь тиха, пустыня внемлет богу
И звезда с звездою говорит.

В небесах торжественно и чудно
Спит земля в сиянье голубом.
Что же мне так больно и так грустно
Ждуль чего? Жалею ли о чем?

Уж не жду от жизни ничего я,
И не жаль мне прошлого ничуть;
Я ищу свободу и покоя!
Я б хотел забыться и заснуть!

Но не тем холодным сном могилы…
Я б желал навеки так заснуть,
Чтоб в груди дремали жизни силы,
Чтоб дыша вздымалась тихо грудь;

Чтоб всю ночь, весь день мой слух лелея,
Про любовь мне сладкий голос спел,
Надо мною что б вечно зеленея
Темный дуб склонялся и шумел.

Ыр буга чейин айрым кыргыз акындары тарабынан которулган. Лермонтовдун кыргызча «Тандалмаларына» (1983) акын Анатай Өмүркановдуку боюнча берилген. Мындан башка Шербеттин жана Алымдын эки котормосу бар. Бардык акындар ырды он бир муун менен которушкан жана бул жагы оригиналга жуук. Жалгыз гана Алым баарынан айырмаланып кийинки котормосун жети-сегиз муунга салган. Ушул бир фактынын өзү эле ырдын ички мүмкүнчүлүк-байлыгын андан да кыска ыргакка салып, кысып берүү аракетинен кабар айтат. А бул оӊунан чыкканбы, кандай?.. Буга токтолоордон аабал котормонун өзүнүн тарыхынан кабардар бололу.

Алым биринчи жолу бул ырды 1972-жылдын июль, август, октябрь айларында которгон экен. Дептеринде айы жазылуу. Сыягы, Шербет деле ошол туштары которгон өӊдүү (Алым менен маданий эрөөлгө чыгып!), анткени, эки котормо, негизинен, окшош, ошол эле «курулуш материалдары» колдонулат, бирдей эле муун ыргакка салынган, тек, эки акындын саал өзгө почерктери сезилет. Бирок ар бир ырын шыйрагынан сылаган Алымды билебиз го, ал эки жыл өтүп кайра ага экинчи ирээт кайрылган экен, бүтүргөн күнү – 6.Х.74. Бул котормосунда ырдын соӊку эки куплети саал башкача. Кийин муну да өзгөртүп азыркы-акыркы вариантына келген. Бу котормонун өзгөчөлүгү – мурдагы «он бир муундуу алым-шербетти» кысып, сыгып, аны жети-сегиз муунда алганы. Ал эми мындан Лермонтов текстинин дени-жаны (буква-дух) кантти?

Эмесе, салыштыра кароо үчүн, оболу, он бир муунга салынган эки котормону жанаша суналы.

Алымдын биринчи котормосу:

Жапжалгыз жолго чыгам… тумандуу ымырт,
Каксоо жол аздектеген жыӊсыз талаа…
Чөл дагы үнсүз тилсиз, кудайды угуп,
Сырдашат жылдыз менен жылдыз гана…

Салтанат, бүтпөс шөкөт Көк Теӊирде!
Жер Эне көгүш түштө жатат сөнүп…

Өмүрдөн нени самап, күткөнүм не?!
Кыйналдым, неге мынча азап чегип…

Жашоодон күтпөгөмүн… Күтпөйм жана
Өткөндөр ыӊ-жыӊы жок, өтсүн демек.

Тек гана, эркин гана, бейпил гана
Түбөлүк мен уйкуга чөккүм келет!

Ал уйку бассын мындай бүтпөс болуп
(Каалабайм мүрзө уйкусун эч кимге мен)
Чатырап бүт көкүрөк деске толуп,
Жарылса ыраазымын эркин демден.

Үп менен мезгил билбес, кардыкпаган
Кайрылсын дилге толгон сүйүү авазы.
Түбөлүк жашыл болуп кар жукпаган,
Калыӊ дуб мага ийилип шуулдасын.

Эми Шербеттин котормосун салыштыра карайлы:

Жапжалгыз келе жатам, жолго чыгып,
Туманда кумдуу, таштак жол жаркырайт.
Түн тып-тынч, чөл кудайды үнсүз туюп;
А жылдыз, жылдыз менен шыбырашат.

Асманды ажайып көрк салтанаттап,
Уктоодо, жер чүмкөнүп көгүш нурду.
Негедир эзилет жан, кыйналат жан,
Бу күйүт нени көксөө? Сагынуубу?..

Жок! Жашоодон күтпөймүн мен эч нерсе да,
Өткөндөр өкүнүчсүз… Өттү чууруп…
Эркин гана дем алып, куттуу уйкуга
Калгым келет тынч гана, унутулуп!..

Керексиз жер коюну – көр уйкусу;
Бул уктоо түбөлүккө болсун мындай:
Үргүрөп жүрөгүмдө жашоо күчү,
Кыймылдап көкүрөгүм, демим тынбай;

Күндүр-түндүр алдейлеп кимдир-бирөө,
Сүйүүнүн күүсүн ырдап, же шыбырап,
Түбөлүктүү көгөрүп күӊүрт дуб да,
Мага ийиле термелсе жай шуудурап.

Оригинал менен салыштырганда эки котормо тең эле кыйла таасын. Көркөмдүгү да, мааниси да сакталган. Мындан анча өзгөчөлөп деле болбойт, мисалы, А.Өмүркановго салыштыра карасаӊ, ал деле, болжолу, ушунун тегерегинде. Эмесе, «ушунун тегерегинде» эле тегеренип жүрө берүүгө болобу, не…

Баамымда, ырды алгач которуп жатып Лермонтовдун ичинде кайнап чыккан Алым, орус, батыш классикасына чумуп кыскалык, тыкандык, таамайлык мектебинен таасын өткөн Алым (“каалайсыӊбы сенин сымбат көркүӊдү камап салам чээндей түнт ырга мен”) кыргыз ырындагы он бир муун өлчөм Лермонтов духун жайылтып, бошоӊдотуп жибергендей туйган шекил. Кыргыз тил-сөзүнүн туюнтуу кудурет мүмкүнчүлүгү өзү – кыска муунду өктөм талап кылып чыккандай шекил. Ошентип, ал котормого экинчи ирээт отургандай. Эмесе, мындан ары Алым котормосунун ушул экинчи варианты тууралуу сөз жүрөт. Анда аны кертип, кертип окуй баштайлы.

Чыгамын жалгыз… Жылтырап
Туманга төнөт жол учу.
Түн жыӊсыз. Куу чөл тумчугат:
Угулат жылдыз шобурту.

Асманда сайран көгүш түн
Асырап уктап жатат жер.

О турмуш, сенден не күттүм?!
О, неге болдум азапкер?!

Байкаганга, ыр октой кеткен! Кыска муунга кысылганына карай сырткы боштук азайып, ал ички чыӊалууга айланган. Ал эми маанисине келгенде, биринчи куплеттин алгачкы эки сабы канчалык кыска, утуштуу, так!

Выхожу один я на дорогу
Сквозь туман кремнистый путь блестит…

«Чыгамын жалгыз… жылтырап

Туманга төнөт жол учу…».

Үчүнчү, төртүнчү саптарда, оригиналда – Лермонтовдун «Бог-Кудайы» бар жана «сүйлөшкөн, шыбырашкан, каш кагышкан, жымыӊдашкан, сырдашкан…» жылдыздар. Бир да бир котормо акындын бул гениалдуу ченемин аттай албайт, чыга албайт. «Кудай» жана «жылдыз шыбыры» – турулуу.

Ал эми Алымга келсек, абал түк башка. Ал ырдын ичин жандырып жиберген; жандырганда да, сөзмө-сөз, маӊызга маӊыз:

Ночь тиха. Пустыня внемлет богу

Түн жыӊсыз. Куу чөл тумчугат

Ырас, биерде Лермонтовдун эгерим алмаштырууга мүмкүн эмес тагдырлуу тамгасы (мөөр) басылып турат: Бог-Кудай. Алымда – бул жок. Бирок жыӊсыз улуу түндө тумчугуп жаткан куу чөлдүн жан-дилинде ушул мунаажат дирилдеп тур – Жаратканга зар! Жараткан өзү жабыкта (көрүнбөй) жабыгып тургандай… Муну акыркы сап кошолонтуп алып чыгат:

И звезда с звездою говорит

Угулат жылдыз шобурту

Ана, Лермонтов, Шербетте, Кудайлуу асманда Кудайдын наз кыздарындай болушуп жылдыздар сырдашып жатышса – Алымда ал сыр добушка айланып кеткен, кулагыӊа «шобурттап» жиберет. Мында – тирилип кеткен мүлдө баары! Чөл менен Теӊир (Кудай да, Асман да!) эришип («внемлет Богу») куюлушуп калган. Кийинки куплетте да дал ушундай эле абал.

В небесах торжественно и чудно
Спит земля в сиянье голубом

Асманда сайран көгүш түн

Асырап уктап жатат Жер

Мында сөз да, муун да, маани да, тереӊдик да, лермонтовдук сыр да – баары бири-бирине эгиз, дал!

Акыркы эки сапта биринчи куплеттеги абал кайталанат.

Что же мне так больно и так грустно
Ждуль чего? Жалею ли о чем?

О турмуш, сенден не күттүм
О, неге болдум азапкер?!

Бул саптар Шербетте оригиналга жуук мындайча сыпатталганын көрдүк:

Негедир эзилет жан, кыйналат жан,
Бу күйүт нени көксөө? Сагынуубу?..

О десеӊ, кыштын не бир узун түндөрүндө «Аламүдүн-1» де, Алымдын үйүндө, биз – үчөөбүз, Лермонтов «төртүнчүбүз» болуп, канча жаӊ-жуӊ талаштарды баштан кечирбедик. Алым, Шербет экөө мени калыска коюшуп, котормолорун сынатышат, окушат, талашышат; кызаӊдайбыз, кайра жазылабыз, каткырабыз.

— Меники Лермонтовго дал, менде «буква» да бар, «дух» да бар, сен талаалап кеткенсиӊ, — дейт Шербет чебеленип.

— Өй, өй, — дейт анда, кызып алган Алым, сөз да бербейт, кеп да жебейт, — өй, азап чеккен Акын качан эле үшүнтип айтчу эле, качан эле «ой, кыйналдым, ой, жаным эзилди, ой, күткөнүм ушул беле, анттим-минттим…» — деп мытып мыжычу эле. Акын деген көкүрөгүн Данкодой жарып жиберип, моминтип эле түптүз айтат, – деп арык колдору менен өзүн көкүрөккө «дакк-дак!» ургулап алып, шаӊдуу, кызуу кандуу:

О турмуш, сенден не күттүм,
О неге болдум азапкер?! – деп турган жеринде тегеренип-тегеренип, селкилдеп бийлеп, санын чапкылап, ыкшып каткырып калар эле.

— Лермонтов кыргыз болсо үшүнтип эле айтмак! Мен түпкү «духуна» да, «буквасына» да далмын, — деп Шербетти кызаӊдатып атып жеӊип салар эле. А чынында, Алымдын акындын түпкү «духу» дегенинде котормочулук өнөргө (аныгы, «котормочулук акындыкка» десек туура) байланышкан эӊ түпкүлүктүү чындык жаткан эле.

Анткени, чыныгы поэзияны искусствонун башка бардык түрлөрүнөн айырмалап турган эӊ башкы касиет, бул – сырдуулук, кандайдыр аркы купуялыгы турушу. Ушул төркү сыры болбосо, ыр жалаӊтык тартып калат, адеми уйкаш, кооз сөздөр, салтанаттуу салыштыруулар сактай албайт аны. Бул жагынан Поэзия бир гана музыка менен боорлош!

Эми Лермонтовго келгенде, ал дал ушул касиети өзгөчөлөп, акындык жүзүн аныктап калган орус поэзиясындагы эӊ айжаркын фигура экени белгилүү. Лермонтовго Лермонтовчо мамиле зарыл, аны Алымча алып чыгуунун, б.а. духун ырдоонун жүйөөсү бар. Котормодо Лермонтовдун «буквасын» так сактайм дегендик – анын айтылган сыр, купуялуулугуна, балким, доо кетирер опурталдык дагы.

Эмесе, ырдын калган куплеттерин окуйлу.

Өктөөм жок. Күтпөйм эч нерсе,
Өткөндөр өтсүн кайрылбай,
Башты азат кылган кечтерге
Басылып уктап калгым бар!

Калбаса бирок түбөлүк
Кай кеткеним билинбей.
Толкуса тыптынч жүрөгүм
Жаӊырса жашоо дилимде.

Сүйүүнүн жайкын абазы
Аӊкытып турса жанымды.

Шооладай шоокум таратып
Шуулдап турса калыӊ дуб.

Баамдасак, Шербет жана Алымдын биринчи котормосу, башкалардыкы деле, бир окуганда, бат жетет. Баары эле сыртында деп койсок болот. Ал эми кийинки котормо – бир окуганга эмес. Ооба, бул деле бир окулат, окулганда да жеӊил, шыр кетет, элдик поэзияны эске салат. Бирок баары эле дайын тургансыган, кадимки эле сөздөрдө ырдалгансыган бул ыр кандайдыр катмарланып, түшүнүксүз бүдөмүктөлүп да туруп алат, дароо эле ичине киргизбейт. «Буквасы» да окчундап кеткендей. Кайра окушуӊду талап кылат, дагы, кайра… Мына ушунда ырдын ичинде кысылган-катылган бая купуялык ойгоно баштайт, толгонто баштайт сени, улам аркы тереӊине жымырат, кымырат… Акыры акындын Абалына алып чыгат сени – духуӊарда табыштырат! Ырдын духуна! Ушунда, бая окчундап кеткендей Текст-«Буква» да жыйрылып, өз ордуна келип калат – «Духка» түгөйлөшүп!

Ушул ойду «ыр-котормодогу» бир шилтем менен (аргасыз поэзияны баналдатып!) ырастай кетким бар.

Что б в груди дремали жизни силы

Жаӊырса жашоо дилимде

Что б дыша вздымалась тихо грудь

Толкуса тыптынч жүрөгүм

Биринчи саптагы «жаӊырса» деген бир сөз: дилимде жашоо жаӊыланып (обновление) да турса, жаӊырыктап (эхо) да турса деп катмарланса;

Экинчи саптагы «толкуса» деген бир сөз: көөдөнүм өйдө-ылдый өркөчтөнүп толкундаса (волна), жүрөгүм кубанып толкунданса (волнение) деп кошолонот.

Лермонтовдун текстинен окчундап кеткенсиген саптар жок, «дух» менен түгөйлөшкөн «буква» катары кайра жыйрылып ордуна келет. Калган саптарда деле ушундай ичтен оошкон-коошкон, агылган-кабылган сөз-духтар.

Шооладай шоокум таратып
Шуулдап турса калыӊ дуб.

Же, Лермонтов аӊсаган өлбөс тирүүлүк – шооладай шоокум таралган дуб шуулдагы аркылуу…

Котормочулуктагы мындай чеберлик Мезгил менен гана келет жана Акындык жол аркылуу гана түшүрүлөт. Алым ошол Акын-Котормочу эле – өз мектебин түзгөн!

* * *

…О, опосуз дүйнө. Мына мен эми да андагыдай. “Аламүдүн-1” дегидей, тереземден жылдыз шобуртуна кулак төшөп, жымыӊ какканын карап турам. Тек, эми андагы кайрандарым – Алым-Шербет, экөө теӊ жок, өмүрдөн кайышкан, Лермонтовго кетишкен. Жалгыз Дубун мага калтырышып. Салижан агайым айтмакчы, “Эми эсилдер үчүн да Дуб шуулдагын эшитмекке мында убактылуу калтырылдык”. Ал эми Алым-Шербет Байтиктин Боз Бөлтөгүндө эки мүрзө ийин тиреп эгиз жатышат. Түбөлүк уйкуда. Мен алардын ырларын окуйм, элесин эсимде жандырам, бир ырдын котормосунда баш кошобуз – Лермонтовдо… эле эмес.

Мен буга дейре Алым поэзиясындагы миӊ бир кыр изин изилеп отуруп, бир кыр жеке турмушу, т.а. Шербет экөөнүн аялуу сезимдери, арзуу ырлары тууралуу айтуунун эч бир эбин таба албай келаттым эле, ана, Лермонтовдон улам өзүнөн өзү көлдөлөӊ түшүп калганы. Алымдын акыркы катын эстедим: “Менин эч кимге кусаматым жок. Шербетти сүйдүм…”

“Сүйгөнүн” Алым ырларында ачык жазган. Жазганда да Александр Пушкин “А. Кернге” дегендей эле жарылып ачык жазган: “К. Шербетке”. Анна Керн Пушкин алдында кандай кайталангыс, жалгыз, аруу жанса (“как мимолетное виденье, как гений чистой красоты”), Алым да “быт-чыт кылган нерселердин тартибин түштөгүдөй аян жанды” балбылдатып маӊдайга ачык кармаган, бүт дүйнөдөн жапжалгыз бөлүп алып:

Түбү-учу жок бу дүйнөдө куник, серт,
Турна мойнум, ууз сүттөй тунуксуӊ…

Башка бир ырында Шербеттин арзуу саптарын эпиграф кылып алып, ошол стилде кайра ага жооп арнайт.

“… айтчы,
уурудай түрмөӊө кирейинби
удургуп жүрөгүӊдө жүрөйүнбү?!”

                                                                       (“Азыткы” К.Шербет)

“Жарык сезим” – К.Шербетке; “Сени сүйөм” – Ш.К. га; “Жолугуу” – К.Ш. га… Арноосу ачык коюлбаган “Эскерүү тумары”, “Түнкү гүлдөр”, “Көз байлоо”, “Ашыктарга бешик ыр” ж.б. арзуу ырларынан да “К.Ш.” портрети таамай таанылып турат.

Алымдын үр затына арналган (кай бири сырдуу бойдон калтырылган) жаштык саптары – тазалыгы, изгилиги, чыӊырып чыккан чындыгы, анан, албетте, профессионализми менен тереӊ таасир калтырат:

 

Качантан күткөм сени… шыбыртыӊдан
не деген дүйнөм кыйрап, шаарым кыйрап…
Жапжалгыз баш сөөк болуп күткөм сени…
Качантан күткөм сени…

Азизмин… эч нерсени көрбөй турам.
дудукмун укпай турам эч нерсени.
Көргөмүн баскан күнү көрдөй туман.
уккамын кереӊ, көркоо кечте сени!

Мунжумун… кармалабайм, сыйпалабайм…
Азизмин… зоболоӊду жылтыратпа!
Дудукмун… пири тирүү сөздөр күтпө…
Чарчадым зар дептерден, закымдардан…
Жеӊиӊе башым жөлөп уктайын ээ,
уктайын, уктайын ээ,
уктайын…

Уктадыӊар, кош мүрзө бир-бириӊе сүйөнүп – өлүмдөн да башка бир өлбөс сырлуу уйку барын сездирмекке түбөлүк…