САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ШИРЕҢКЕ

АҢГЕМЕ

Чай ордуна жалбызды кайнатып ичүү жүрөгүмө майдай тийди. Ак суу ичейин десем чоң энем азар да безер болуп: «Жаман жорону баштаба, ооруган киши гана суу ичет!» деп эркиме койбойт. Ал кезде мен кара таман, кичине бала болучумун.

Күн алыстап чоң энем экөөбүз жалбыз терүүгө чыгабыз. Жалбыз терүүгө баруу балдар менен ойногон ар кандай оюндан да артык ыракат берет. Беделиктеки арыктардын боюнда кең жалбырагын жайып уйгак, ичке камыш, козу кулак өңдүү ар кыл өсүмдүктөр узундуу-кыскалуу өсөт.

Бой тарткан өсүмдүктөрдүн башына зымдай оролуп чырмоок жогорулайт. Анын апаппак гүлдөрү муун сайын ачылат. Булардан башка да быкырайган кызыл гүлдөрү бар, бирок түбүнө майда жашыл курт үйүлгөн чымылдыкка аралаш таттуу каакумдар өсөт. Ал эми арыктын дал эле суу тийип турган жээгинен ары карасаңыз, чычкан кулактанган кызыл түптүү жашыл жалбырагы бар жалбыздар сууга малынып, баштарын кылтыйтып турушат. Анын жалбырагын бирден терип отуруу өтө кыйын, ошон үчүн аны сабагы менен жулуп алабыз да, жалбырактарын шыпырып алган соң, сабактарын ыргытып таштайбыз. Анан жалбырактарды күнгө абдан кургатып «чай» жасайбыз.

– А-алда кудай-ай! – деп коюучу өзүмдүн энем, көк кылаңгыр жалбыз чайын ууртап коюп, – кандай гана багы бар кишилер сүт куйган мамили чай ичет болду экен, чекеси нымшып…

Мен жалбыз чайга чыдай албаганыман бир күнү озондоп коё бердим. Чоң энем жалынып, соорото баштады:

– Балакетиңди алайын десе, курган көк суу жүрөгүңө тийсе керек. Бери карачы, жарыктык Улукман акемди билесиңби?

Мен башымды чайкадым.

– Илгери бир заманда Улукман аке деген олуя киши өткөн экен. Анын жалгыз баласы болуптур. Бала чоңоюп калганда жүрөк ооруга чалдыгып, көп жылдар төшөктө жатат. Угуп жатасыңбы? Атасы кара чечекей баласын айыктырам деп дүйнөдөгү дарынын баарын берип көрүптүр. Акыры эч нерсе шыпаа болбой, баласы дүйнөдөн өткөн экен. Ошондо Улукман акем баламды жуткан ооруну көзүм менен көрөм деп баланын жүрөгүн жарыптыр. Жарыктык, илгеркилер мыкаачы келет тура, караса, баланын жүрөгүнөн седептей ак бирдеме чыгыптыр. Улукман акем баякыны арыктын боюна алып барып жууп, бир чөптүн үстүнө коюп коёт. Өзү колу-башын жууп болуп караса, баякы ак неме эрип кетиптир. Ошондо жарыктык Улукман акем: «Атаңдын көрү-ү! Жалбыз берсем жалгызым тирүү калмак экен!» деп өкүнгөн экен…

Чоң энемдин ушул жөө жомогун укканымдан кийин жалбыз «чайды» жакшы ичип жүрдүм.

Бир күнү чоң энем экөөбүз жалбыз терүүгө беделикке бардык. Арыктын боюнан жалбыз терип алдык да, анын жалбырактарын ашыкпай жула баштадык. Кетээрде чоң энем чөнтөктөн жоолугун чыгарды да жалбызды түйдү. Анан өзүнчө:

– Ширеңкени жаныма сала келген турбайбы, куураган жаным, чөнтөгүмдө жүрөт, – деп күбүрөп койду. – Бирөө алып кетпесин деп очок башынан алып, колума кармадым эле…

– Чоң эне, – дедим мен укканымды айтмак болуп. – Кошуна катынды ууру дешет, Жамилакандын жумурткасын уурдаптыр.

– Чын бекен? – деп чоң энем мага ишеничсиз карап калды. – Жамилакан жерге кирсин, былтыр жайында Бүкөйдү бир кайнатым чайымды уурдадың деп кылбаганы калган эмес. Кошуна катын анын жумурткасын уурдай алабы? Уурдатпай калсын Жамилакан. – Чоң энем ширенке бар бекен дегенсип, чөнтөгүн басып көрдү да, ордунан турду.

Биз беделиктин коругунан өтүп алган соң, үйгө тарттык. Чоң энем анын чөнтөгүн басып көргөнүнөн улам мага бир момпосуй берген таекем эсиме түштү. Алар бизден алыста туруучу. Мындан бир ай нече күн мурда бир пуд кычысын далысына салып жөө көтөрүп келип саткан. Ошондо айран жыттанган, майлуу кара куржунуна туз салып атып, энемди көздөй унчукпай эле бир ширеңкени ыргытып таштаган. Балдарым утуру карайт деп алган төрт момпосуюнун бирин менин колума карматкан. Ал момпосуйду ошондо эле жеп койгом, ал эми ширеңке болсо, али күнгө чейин чагылып бүтө элек болучу.

Биз келе жатып, алыстан эле эшиктин алдында үймөлөктөшүп турган катын-балдарды көрдүк. Жакырчылыкта киши ар качан авезкөй келет эмеспи. Чоң энем табылгы таягынын учун жерге тыкылдата уруп ылдамдай басты. Мен дагы кичине кара согончогумду жерге кадай кыдыңдап келатам. Бир убакта кошуна катын колуна апкеч алып, топту аралай чуркап кирип, бирөөнү салып жибергендей болду. Анын артынан эле «кокуй!» деген ачуу үн чыкты. Бул үн – менин өз энемдин үнү болучу!

Энемдин чыңырганын укканымда, көзүмдүн жашы чертип жиберген буурчактай ыргып кетти. Топту көздөй чуркадым. Жетип келсем, чекесинен кан агып энем жыгылып калыптыр.

– Энеке-е! – деп жибергенимди бир билем, бакырып барып үстүнө кулап түшүптүрмүн.

Чоң энем кышылдап жетип келгенде, кошуна катын жеңин түрүнүп алып, дагы урмакчы болуп жаткан эле. Өзү да күлтүлдөгөн семиз неме болучу. Ал арачага ээ-жаа бербей булкунуп, шыпырылта тилдеп жүрөт.

Мен тура калып, жерде жаткан ташты ала койдум да, семиз катынды ичке коюп кеттим. Ал: «Жубарымбек!» деп бакырып ийип, ичин кош колдоп басып отуруп калды. Анан, акырын жатты да, ичин басып, өкүрүп-бакырып ооналактап ыйлай баштады. Мен чыны менен эле жыга урганыма табам канып «азыр өлүп кетсе экен» деп тилендим. Энем ыйлап жүрүп, чекесинен аккан канды жоолугу менен аарчып атты. Чоң эмне кокуйлап тегерене чуркап жүрөт. Иштин маанисине түшүнө албадык. Жыйналган катындар: «Ширеңке, ширеңке!» деп калышканын угам. Сурагычалык эмес. Семиз катын эл жөлөсө да турбай, мени жерден алып көргө салып каргай берди. Анан аягында келип кызык үн менен аңкылдап ыйлай баштады.

Дал ушул учурда байкоосуз, гоминдандык бир полицейский шимшип келип калды. Мен андан коркуп деле кеткеним жок.

– Эмне чатак?!

– Эчтеке эмес, айланайын, – деп чоң энем иштин жай-маанисин билбесе да түшүндүрө баштады. – Мына бу тентек энесине болушам деп… Эчтеме деле болгон жок… Өзүнүн ич оорусу барбы алды каткырдын…

Семиз катын тигини көргөндө, адашып калып энесин араң тапкан жаш балача озоңдоп коё берди. Анан бизден таяк жеп, ордунан туралбай жатканын айтып чагым берди.

Көп өтпөй эле чоң энем, өз энем, мен болуп гоминдандык сакчы мекемесинде даяр болдук.

– Жесир катын Айшаны урган силерсиңерби?! – деп сарала кайыш асынган суракчы тергей баштады. Оозун кайыштай чоюп, араң эле сүйлөйт. Эгер менин эркиме койсо, ушул немени да жанкыдай таш менен бир эле коюп томолотор элем…

– Ооба, айланайын бизбиз… мобереки тентек энесине болушам деп бармактай таш менен… Катуу деле тийген жок, – деп жооп берди чоң энем. – Караңызчы, мобу келинимдин башын апкеч менен уруп жарып салганын…

– Бас, жаагыңды! – деди суракчы үстөлдү алаканы менен коюп жиберип. – Силер аны таш менен уруп жыккан соң ал жөн турмак беле, – деп кыйкыра сүйлөгөндө, байкуш чоң энем эсинен тана жаздап, киши көргүс түргө кире түштү. Анан, калчылдап туруп титирей баштады. Ал мындай болот деп ойлогон эмес эле. Коркконубуздан баарыбыз эле сүйлөй албай калдык. Энем ыйлап жиберди.

– Коомдун тынчтыгын бузуп, киши урганы үчүн баласы менен энесин алпарып камап койгула, кемпир кетсин! – деп бизди айдап келген черикке тапшырды, анан кызыл өңгөчүнө зордоп аба жиберип, аны кайра ырсыя жекирди да суракчы чыгып кетти.

Аялдар камалуучу караңгы түрмөнүн «тазараак» жеринен орун алган соң гана энем мага иштин жайын айта баштады.

– Силер жалбызга кеткенден кийин үй артына чыгып кайра келатсам, Айша боюн түзөп биздин тышкы үйдөн чыгып келатыптыр. Бирдемени ката койгон экен деп жабыша калдым. Ошентсем эле бакылдап уруша баштабадыбы. Колум ычкыр кашатындакы ширеңкенин кырына тие түштү. Аңгыча болбой эле мени чалкаман түртүп жиберди, эшикти көздөй чуркады. Тура калып мен да артынан удаа чыктым. Ал эшикте ычкыр кашатынан ширеңкени ала коюп, күрөндүнүн ар жагына ыргытып жиберип, демитип келип ого бетер мени тилдей баштады. Эл да чогулду. Айтып эмне түшүндүрө алайын! Бир убакта карасам, апкеч ала чуркап келатыптыр, кача бергиче болбой эле башыма дың дей түштү…

– Ал ширеңке кана? – деп сурадым мен.

Энем кемселинин чөнтөгүнөн алып чыкты. Шылдыратсак ичинде талдары жок, эски ширеңкенин кабы экен. Бул тышкы үйдөгү асылуу турган тактайдын үстүндө туруучу. Жаңы ширеңке чоң энемдин чөнтөгүндө экенин айтканымда, энем терең бир үшкүрүп алды да, көпкө чейин унчукпай отура берди…

Абактынын бурчуна коюлган жыгач челектен даараткананын жыты чыгып, башым ооруй баштады. Мен эмнегедир кызыл күн, көк асман, чексиз талааны эңсеп кусалана баштадым…

– О-алда ширеңке-ай!