ОЛКОТТ Луиза Мэй: Кичинекей айымдар (роман, которгон Таалайбек АБДИЕВ)

Америкалык жазуучу Луиза Мэй Олкотт (1832-1888) «Кичинекей айымдар» аттуу бул чакан романы менен 1868-жылы дүйнө адабиятына өз шооратын тааныткан. Белгилүү бул чыгарма Таалайбек Абдиев тарабынан түпнускадан которулуп, кыргыз окурмандарына алгач ирет жетип отурат…
БИРИНЧИ БАП
ПИЛИГРИМ ОЮНУ
— Белек-бечкексиз кантип Рождество болсун,- деп күңкүлдөгөн Жо килемчеге кыйшая кетти.
— Кедейлик курусун,- деп үшкүрдү Мег, эски көйнөгүн карап.
— Кээ бир кыздардын кооз буюмдарынан башы айланат, башка кыздардын болсо эч нерсеси жок, ушул да адилеттүүлүкпү?- деп ыйламсырап таарына кетти кичинекей Эми.
— А бирок биздин ата-энебиз, эже-сиңдилерибиз бар да,- деп жайгарды бурчта отурган Бесс.
Муну укканда каминдеги оттун жарыгы түшкөн кичинекей кыздардын жүздөрү бир саамга жаркый түштү, бирок аны да Жонун сөзү суу сепкендей өчүрдү:
— Атабыз да жок азыр, көпкө чейин келбейт.
Тиги «а балким, кайтпай калышы да мүмкүн» деп айтпаганы менен алыс жакта согушуп жүргөн атасын ойлогон кыздардын ар биринин оюна ушул келди.
Бир саамга унчукпай калышты, анан Мег башка бир үн менен сүйлөп кирди:
— Апам эмне үчүн Рождестводо белек беришкенге тыюу салганын билесиңер да. Кычыраган кыш келатат, анан да эркектер кан кечип согушуп атканда акчаны болбогон бир майда-чүйдө нерселерге сарптай бербейли деп айтпады беле. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт дечи, бирок биздин да курмандыкка чала турган нерселерибиз бар, чалганда да кубанып туруп чалышыбыз керек. А бирок мен кубана албай турам. – Мег башын чайкап, кыялданып жүргөн кооз нерселерин ойлоп салбырап отуруп калды.
— Менин оюмча, биздин тыйындарыбыздан пайда деле жок. Болгону бир доллардан акчабыз бар, ошондон эле армия жыргап кетмек беле. Мен, макул, апамдан да, силерден да белек күтпөйм, бирок «Ундина жана Синтрамды» сатып алам. Мен аны качантан бери эңсеп жүрөм,- деди китеп десе эт-бетинен кете турган Жо.
— А мен жаңы нота алсамбы деп жүрөм,- деди Бесс, бирок анын үшкүрүк аралаш күбүрөгөнүн чайнек койгуч менен шыпыргы эле уккандай болду.
— А мен бир куту түстүү карандаш албасам болбойт,- деди Эми тыкылдап.
— Апам биздин акчабыз тууралуу эч нерсе айткан эмес, баарынан баш тарткыла деп деле айтпайт болуш керек. Ар кимибиз каалаганыбызды алалы да, кичине кубанып калалы. Анан калса ошого жараша эле жанталашып иштеп атпайбызбы,- деп чаңкылдаган Жо жамалган туфлисинин өкчөсүн кекирейе карап койду.
— Баарынан да мен өтө кыйналдым, жанагы чурулдаган балдарды керээли-кечке окутуп. Тим эле үйгө качып кеткиң келет,- деп муңканды Мег.
— Сеники меникине караганда оңой да,- деп чыкты Жо. – Жанагы кежир кемпирдин жанында отурасың, ал да жеткен чыргоо, жаныңа батканда жөн эле терезеден ары секирип кеткиң же өңгүрөп ыйлагың келет.
— Эми арыз-арманды айта берген өзү жакшы эмес, бирок идиш-аяк жууп, үй жыйыштыргандан оор иш жок болсо керек. Кыжырым кайнап, колдорум сенейип калат да, ойной да албай калам. – Бесс куудураган колдорун карап, баары уккандай кылып үшкүрүп койду.
— Менимче, менчелик эч кимиңер азап тартпайсыңар,- деп чыңкылдады Эми. – Анткени силер мектепке барбайсыңар, желмогуздай кыздар менен отурбайсыңар. Алар сабакта жооп бере албай калсаң, өлгүдөй жамандашат, атаңды таптакыр кедейге чыгарып, көйнөгүң эски, же бир мурдуң жакшыраак болсочу деп шылдыңдашат.
— Жамандашса жамандады деп айт, бирок атамды чыгарып таштаган идишке салыштырба да,- деди Жо күлүп.
— Мен эмне деп жатканымы жакшы билем, антип мени какшыктабай эле кой. Жакшы сөздөрдү колдонуп, сөз байлыгыңды көбөйткөнгө эмне жетсин,- деп Эми да моюн берген жок.
— Айтышпагыла, кыздар. Атамын биз кичине кездегидей бай болушун сен каалабайт белең, Жо? Ай, кудайым ай, эгер убайым чекпесек, кандай бактылуу, кандай бейкам болор элек,- деди бактылуу кездер эсинде калган Мег.
— Өткөндө биз Кингдин балдарына караганда бактылуубуз, алар бай болгону менен урушуп-талашкандан башка эч нерсе билбейт деп айтпадың беле?
— Айтканым чын, Бесс. Азыр да иштеп жүргөнүбүз менен алардан бактылуураакпыз деп ойлойм. Анткени биз көңүл ачканды билебиз, Жо айткандай, «жинди кампаниябыз».
— Бул капкайдагы жаман сөздөрдүн баарын сүйлөй берет,- деди Эми, килемчеде сулап жаткан Жону карап.
Жо дароо өйдө болуп отурду да, колун чөнтөгүнө салып, ышкырып кирди.
— Койсоңчу, Жо, эркек балдардай болбой!
— Мен атайлап ышкырып жатам.
— Тарбиясыз, орой кыздарды жаман көрөм!
— А мен чоёктогондорду жек көрөм!
— «Уядагы балапандар чурулдашып сайрашат» деп Бесс күлкү келерлик түрү менен ырдап ийди эле, баары кыткылыктап, «балапандар чокулашпай калышты».
— Чынында эле, кыздар, бул кылганыңар болбойт,- деп Мег эже катары акыл айта баштады. – Жозефина, сен эми чоңойдуң, жанагыдай кылык-жоругуңду таштап, кыздай болуп жүрүшүң керек. Кичинеңде го анчалык билинбейт эле. Эми минтип бой тартып, чачыңды «чоңдордукундай» тарай баштагандан кийин бала эмес, бийкеч экениңди эстен чыгарбашың керек.
— Мен бийкеч эмесмин! Чач эле болсо, анда аны жыйырмага чыкканча кош өрүм кылып жүрө берем!- деп кыйкырган Жо башындагы торду жулуп алды эле, коюу чачы жайыла түштү. – Чоңоюп, элдин баары мисс Марч дешерин, чубалган узун көйнөк кийип, кытайдын астра гүлүндөй болуп чоюлуп турганымы ойлогум да келбейт! Эркек балдардын оюнун, ишин, жүрүм-турумун жакшы көрүп туруп кыз болгондун өзү эле кандай кордук! Эркек бала эмес экениме эч көнө албай койдум. Азыр ого бетер кыйын, анткени майданга барып, атам менен кошо согуша албайм. Анын ордуна минтип карыган кемпирдей болуп байпак токуп отурам! – Жо колундагы көк аскер байпагын жин тийгендей жерге чапты эле, шиштери шаңгырай түшүп, түймөк жип секирип кетти.
— Байкуш Жо! Бирок эми эмне кыласың, ушундай да. Атыңды эркек баланыкындай кылып, бизге ага-ини болуп тим болосуң да,- деди Бесс, Жонун уйпаланган чачын кичинекей колу менен сылап. Канча идиш жууп, канча үй жыйыштырбасын, быйтыйган колу назиктигин жоготпоптур.
— Ал эми сен, Эми,- деп сөзүн улады Мег,- өтө эле көйрөңсүң. Азырынча бул күлкүлүү, бирок убагында токтотпосоң, бир аңкоо казга окшоп калышың мүмкүн. Сенин тарбия көргөндүгүң, кооздоп сүйлөгөнүң мага жагат дечи, бирок анын да эби-чени болуш керек. Жанагы айткандарың Жонун жаргон сөздөрүнөн кем калышпайт.
— Жо тентек бала, Эми аңкоо каз экен, анда мени да айта кетпейсиңби?- деп сурады Бесс, өзүнө тиешелүүсүн укканга даярданып.
— Сен сүйгүнчүксүң, болгону ошо,- деди Мег аны эркелете. Буга эч ким каршы чыккан жок, анткени бул «чычканды» баары жакшы көрүшчү.
Жаш окурмандар «адамдардын кебетеси кандай болду экен» дайым кызыккандыктан, ушул жерден декабрдын көз байланган күүгүмүндө тышта үлпүлдөгөн кар каалгый жаап, от чыртылдап күйгөн үйдө отурган төрт эже-сиңдини сыпаттай кетели. Бөлмө жайлуу эле, килемченин өңү өчүп, эмеректер жөнөкөй болгону менен дубалда бир нече жакшы сүрөт илинип, шкаф китепке толуп, текчелерде гүлдөп турган хризантемалар менен кичинекей розалар жанды жай алдырып турат.
Кыздардын улуусу Маргарет он алтыга келип калган татынакай кыз болчу: толмочунан келген, ак жуумал, бото көз, жибектей жумшак кара чачы бар, оозу оймоктой, колдору өзү сыймыктанганчалык апапак. Он беш жаштагы Жо болсо узун бойлуу кыз болчу, тартайган узун колу-бутунан улам кулунга окшоп турчу. Оозу чийилгендей болгону менен мурду бир аз теңирейип, баарын көрүп тургансыган кой көздөрү бир туруп каар төгүп, бир туруп күлүп, бир туруп ойго батып турчу. Узун коюу чачы аны көркүнө чыгарып турчу, бирок тиги неме аны да жөн койбой жолтоо болот деп түйүп туруп, тор кийгизип койчу. Колу-бутунун узундугунан уялгандай бир аз бүкүрөйүп жүрчү, үстү-башына деле анчалык маани берчү эмес. Ошентип, ал аялзатына айланып бараткан, бирок ушунусуна нааразы бир кыз эле. Ал эми он үч жаштагы Элизабет (аны баары Бесс деп коюшчу) сыйда чачтуу, көздөрү бакырайган, тартынчаак, момураган жоош кыз болчу. Атасы аны «Кичинекей бейкуттук» деп койчу, өзүнүн бактылуу, бейкам дүйнөсүндө жашап, андан өзү ишенген, сүйгөн адамдар менен жолугушуу үчүн гана чыга турган кызга бул ылакап ат абдан бап келчү. Эми кыздардын кенжеси болгону менен үйдөгү эң таасирлүү киши болуп эсептелчү, башкалары болбосо да өзү ушундай ойдо болчу. Көк көз, алтындай тармал чачы далысына түшкөн, ак жуумал, чыбыктай ийилген бул кыз кадимки бийкечтей болуп жүрчү. Ал эми бул төрт эже-сиңдинин мүнөздөрү бара-бара белгилүү болор.
Саат алты болгондо Бесс каминдин чогун бери тартып, апасынын үйдө кийчү башмагын жылып турсун деп жанына коюп койду. Эски башмакты көргөн кыздар сүйүнүп кетишти, анткени азыр апасы келет. Мег насаатын токтотуп, чыракты күйгүздү, Эми эч ким айтпаса жайлуу креслосун бошотуп чыга берди, Жо чарчаганын унутуп, тезирээк жылысын деп апасынын башмагын отко жакын кармай баштады.
— Бул өтө эскирип кетиптир, апама жаңысын алып бериш керек экен.
— Мен алып берем,- деди Бесс.
— Жок, мен!- деп кыйкырып ийди Эми.
— Мен улуумун,- деп баштады Мег, бирок анын сөзүн Жо бузуп ийди:
— Атам жокто үйдө эркек мен болгондон кийин, мен сатып берем, анын үстүнө атам апаңды кара деп кеткен.
— Мен бир нерсе ойлоп таптым,- деди Бесс. – Ар бирибиз өзүбүзгө эч нерсе албай туруп апама белек алып берели.
— Ай-иий, таппасаң сыйпалап кал! Эмне сатып алабыз?- деп сүйүнүп кетти Жо.
Бардыгын бир саамга ой баса түштү да, бир маалда Мег татынакай колу шыбырай койгондой айтты:
— Мен ага сонун мээлей сатып берем.
— Аскер туфлиси, мындан артык кандай белек болмок эле!- деп кыйкырды Жо.
— Бир нече бет аарчы, тамгасы менен,- деди Бесс.
— Мен кичинекей атыр сатып берем. Апама ушул жагат, анын үстүнө кымбат эмес, карандашка да акча калат,- деп кошумчалады Эми.
— А белектерибизди кантип беребиз?- деп сурады Мег.
— Баарын столго коёбуз да, апамы чакырып, белектерди ачып жатканын карап турабыз,- деп жооп берди Жо. – Мурун туулган күндөрдө ушундай болчу эмес беле, эсиңердеби?
— Кезегим келип, чоң креслого таажы кийип отурганда, баарыңар тегерене басып, белек берип, өпкөнүңөрдө мен аябай коркчумун. Белектериңерге, өпкүлөгөнүңөргө сүйүнчүмүн, бирок белектерди ачып жатканда карап отурганыңар жакчу эмес,- деди Бесс, өзү отко кактап отурган токочундай кызарып.
— Апам өздөрүнө белек алышкан экен деп ойлосун, анан бир ага сюрприз кылалы. Белекке эртең түшкү тамактан кийин баралы. Рождество келип калды, а жасай турган иштер көп,- деди тартайган Жо, узун колдорун аркасына алып, ары-бери басып жатып.
— Бул менин мындай оюнга акыркы жолу катышканым болот болуш керек. Чоңойдум да,- деп калды мындайда шоктонуп, жаш бала болуп кетчү Мег.
— Ак көйнөк кийип, чачты жайып ийип, алтын түстүү кагаздан жасалган жасалгаларды тагынып алып ары-бери басып жүргөндөн кантип баш тартмак элең. Сен биздин эң мыкты актрисабызсың, эгер сен сахнага чыкпай калсаң, биздин театрдын иши бүтөт,- деди Жо. – Келгиле, андан көрө дароо репетицияга киришели. Эми, бери кел, жанагы сенин эсиң ооп кала турган жерди кайталайлы. Сен каккан казыктай болбой бир аз ийилсең.
— Эми эмне кылайын? Эси оогон кишини мурда-кийин көрбөсөм. Сендей болуп тарс кулап түшүп, үстү-башымы көгөртүп жүргүм келбейт. Эгер жай кулай албасам, анда креслого кулайын, менимче, ошондо жакшынакай болот. Мейли, анан Гуго пистолети менен келе берсин, мен андан коркпойм,- деди Эми. Анын артисттик таланты деле жок болчу, бирок көшөгөнүн артына сүйрөп кетиш оңой болгондуктан, башкы роль тийип калган эле.
— Мына мындай кыл: колуңду минтип, ары-бери теңселип, анан: «Родриго! Мени куткара көр! Куткарып кал!- деп чыңыр. – Жо ушинтип чаңырганда, беркилер калтырай түшкөндөй болду.
Эми аны туурайын деди эле, бирок эмнегедир колу түптүз сунулуп, кыймылы бурап койгон оюнчуктай олдоксон болуп, чыңырганы да азап чеккендей эмес, бирөө ийне менен сайып ийгендей чыкты. Жо айласы кетип онтоп ийди, Мег күлкүсүн тыя албай калды, Бесстин оозу ачылып калган экен, кактап отурган наны күйө түшүптүр.
— Болбойт экен! Болуптур, билгениңдей кыл, бирок көрүүчүлөр боорун тырмап күлүшсө, менин күнөөм эмес. Эми сен, Мег.
Калганы шыдыр кетти: кыздын атасы дон Педро эки беттей узун сөзүн бир дем менен айтып, бүт дүйнөгө чакырык таштады; сыйкырчы Хейгар казан толо уулуу бакасын акырын кайнатып жатып дубасын окуду; Родриго, башкы оң каарман, чынжырын үзүп-үзүп ыргытты, ал эми жек көрүндү Гуго бир чети мышьяктан, бир чети абийир сотунан азап чегип өлүп баратып, ошондо да жөн өлбөй, «ха, ха, ха!» деп жүрөк түшкөндөй каткырып атып өлдү.
— Бул – биздин койгон оюндарыбыздын эң мыктысы,- деди Мег, өлгөн Гуго өйдө болуп, сыйрылган чыканагын кармалап жатканда.
— Сен ушундай оюндарды кантип ойлоп таап, коюп жатасың, Жо? Шекспир болуп кеттиң го!- деди Бесс. Ал эже-сиңдилеринин бардык жагынан таланттуу экенинен эч шек саначу эмес.
— Жок, андай деле эмес,- демиш болду Жо. – Менимче, «Сыйкырчынын дубасы» деген операм жаман эмес, бирок Банконун арбагы чыга турган жери бар сахна болсо, мен сөзсүз «Макбетти» коймокмун. Мен киши өлтүргүчтүн ролун эле ойногум келе берет. «Менин көзүмө канжар көрүнүп атабы?» деп күбүрөдү Жо, бир жолу театрдан көргөн атактуу трагикти туурап, көзүн чакчайтып, колун сермегилеп.
— Жок, бул нан кактаган айры, анда апамдын туфлиси турат!- деп кыйкырды Мег, анан ошентип репетиция каткырык-күлкү менен бүттү.
— Көңүлүңөр ачык ко, кыздарым,- деген апасынын кубанган үнү чыкканда, актёрлор менен көрүүчүлөр бурулуп карап, апасын көрүштү. Узун бойлуу аял энелик мээримин төгө карап: «Эмне кылып жардам берсем» дегендей болуп турду. Кийими жөнөкөй болгону менен келбеттүү эле, кыздардын оюнча, жөнөкөй боз плащ менен модадан чыккан шляпа дүйнөдөгү эң жакшы апаны жашырып турчу.
— Кана, алтындарым, бүгүн мен жок эмне кылдыңар? Бизде бүгүн жумуш көп болду: Рождествого посылка даярдадык, түштө үйгө да келе албадым. Эч ким келген жокпу, Бесс? Сасык тумооң кантти, Мег? Жо, сен аябай чарчагандайсың го. Кел, өбүшөлү, Эми, кичинекейим менин.
Миссис Марч ушинтип сурап атып суу болгон плащы менен шляпасын чечти, жылуу башмагын кийип, жайлуу креслого отуруп, Эмини бооруна кысып, түйшүктүү күндүн эң бактылуу учуруна камынды. Кыздар карбаласташып, ар кимиси өз ишин кыла башташты. Мег дасторкон жайды, Жо каминге отун алып келип, отургучтарды тарс-турс эттирип коё баштады, Бесс жыла басып ашкана менен залдын ортосунда жүрдү, ал эми Эми болсо отуруп алып баарына буйрук берип атты.
Баары столго отургандан кийин миссис Марч жылмайып:
— Кечки тамактан кийин мен силерге бир нерсе көрсөтөм,- деди.
Кыздардын жүзү жайнай түштү. Бесс кармап турган печеньесин унутуп колун кайчылаштыра калды, Жо болсо майлыкты көккө ыргытып:
— Кат, кат! Жашасын атам!- деп кыйкырды.
— Ооба, узун, сонун кат жазыптыр. Ден соолугум жакшы, сууктан деле кыйналган жокмун дейт. Бардыгыбызды Рождество менен куттуктап, силерге өзүнчө мындай деп жазыптыр, кыздар,- деди миссис Марч, чөнтөгүн аялуу кармап.
— Анда болгула, тамакты тезирээк жейли! Эми, чоюлбай тезирээк бол!- деп кыйкырды Жо, чайын ууртап жатып. Шашканынан май сыйпалган нанын да түшүрүп ийди.
Бесстин тамагынан аш өтпөй калды, баягы караңгы бурчуна барып, жыргал учурду күтүп отурду. Акыры баары даяр болушту. .
— Атам жашы улуу болгонуна, ден соолугу начар экенине карабай согушка капеллан болуп кетпедиби,- деди Мег.
— Мен согушка добулбасчы болуп баргым келет. Же медсестра болуп атамдын жанында жүрсөм,- деп ийди Жо.
Биз баарыбыз аракет кылабыз!- деп безилдеди Мег. – Мен кебетеми көбүрөк ойлонуп, иштегенди сүйбөйм, муну билем, бирок эми андай болбойт, аракет кылам.
— Мен дагы атам айткандай «кичинекей айым» болгонго аракеттенем, калжаңдабай, албууттанбай, ар кайсыны эңсей бербей, үйдөгү милдетимди жакшы аткарбасам,- деди Жо, бирок үйдө калган түштүктүк козголоңчулар менен бетме-бет согушкандан да оор болот болуш керек деп ойлоп койду.
Бесс эч нерсе деген жок, баягы көк байпак менен жашын аарчып алып, убакытты текке кетирбей, өз милдетин аткара баштады. Эмки жылы атам келгенде, ал каалагандай болуп тосуп албасам деп ичинен өзүнө убада берип отурду.
Миссис Марч Жонун сөзүнөн кийин өкүмсүрө калган тынчтыкты бузду:
— Кичинекей кезиңерде пилигрим болуп ойногонубуз эсиңердеби? Кыркынды салган баштыктарды аркаңарга асып, шляпаларды кийгизип, колуңарга таяк, насаат жазылган кагаз карматып, Талкаланган шаар деп аталган жертөлөдөн ар түрдүү кооз нерселерден курап, Көктөгү шаар деп атап алган үйдүн чатырына жөнөтчү эмес белем?
— Айрыкча арстандардын жанынан өтүп, Аполлион менен согушуп, каардуу эльфтердин өрөөнүнөн өткөн укмуш эле,- деп кыйкырды Жо.
— Мен баарынан да баштыктарыбызды ыргытып, алар тепкич менен ылдый кулап кеткен учурду жакшы көрчү элем,- деди Мег.
— Мага болсо үйдүн чатырына чыккан жакчу, анда карапага өстүрүлгөн гүлдөр жана башка кооз нерселер бар болчу, анан биз күн нурун көргөнүбүзгө сүйүнүп ырдачу элек,- деди Бес, ошол сонун кездерди башынан өткөрүп жаткандай жылмайып.
— Менин эсимде жертөлөдөн, караңгы кире бериштен коркконум эсимде калыптыр, бирок чатырда сүт ичип, пирожки жегенди жакшы көрчүмүн. Чоңоюп калбадымбы, болбосо азыр да ойномокмун,- деди он эки жаштагы Эми бир топ жашка барып калгансып.
— Алтыным, бул оюнду чоңойгондо да ойной берсе болот, анткени биз аны өмүр бою ойнойбуз. Баштыктарыбыз дайыма аркабызда, жолдорубуз алдыда, жакшылык менен бакытка умтулуп, көптөгөн оош-кыйыштар аркылуу жан көшүткөн бейкуттукка – Көктөгү шаарга барабыз. Азыр болсо, менин кичинекей пилигримдерим, чындап ойноп көрөлү да, атаңар келгенче ким канчалык илгерилей аларын байкайлы.
— Чын элеби, апа? А баштыктарыбыз кайда?- деп сурап ийди демейде көп толкунданбаган Эми.
— Баарыңар өз жүгүңөрдү айттыңар. Бир гана Бесс унчуккан жок. Анын жүгү жок окшойт деп калдым,- деди миссис Марч.
— Менин жүгүм бар, ал — идиш-аяк жууп, чаң сүртүү. Анан жакшы фортепьянодо ойногон кыздарды көрсөм ичим күйөт жана элден корком.
Бесстин түйшүгүн угуп баары каткырып жибере жаздашты, бирок капа болуп калабы деп эч ким күлгөн жок.
— Анда жолго чыгалы,- деди Мег ойлуу. – Пилигрим болуп ойноо – жакшы болууга умтулуунун башкача бир аты. Балким, бул оюн бизге жардам берет, анткени биз жакшы болууну каалаганыбыз менен бул биз үчүн оор түйшүк, анан калса кээде көздөгөн максатыбызды унутуп, колдон келе турган нерселерди да жасабай коюп жатпайбызбы.
— Бүгүн биз Көңүл чөгүүнүн сазында отурдук эле, апам келип, китептеги Үмүт сыяктуу бизди сууруп чыкты. Бирок колубузда насаатыбыз жок, аны кайдан алабыз?- деп сурады Жо. Ал бул оюн көңүлсүз милдетти аткарууга аз да болсо романтика алып келерине сүйүнүп турду.
— Аны Рождествонун таңында жаздыгыңардын алдынан таап аласыңар,- деп жооп берди миссис Марч.
Карыган Ханна дасторконду жыйнаганча, жаңы планды сүйлөшүп отурушту. Анан төрт себетти алып чыгышып, Марч жеңеге шейшеп тигишти. Бул тажатма иш болгону менен эч ким качкан жок. Жо узун тигиштердин ар бирин төрткө бөлүп, аларды Европа, Азия, Африка жана Америка деп атайлы, анан тигип жатканда ушул континенттеги ар түрдүү өлкөлөр жөнүндө сүйлөшөлү деп сунуш киргизген соң иш ого бетер кызыды.
Саат тогузда баары ишти токтотуп, жатардан мурун бир нече ырды ырдашты. Эски фортепьянодо Бесстен башка эч ким ойной алган жок. Саргарган эски клавиштерди аяр басып, ырдай жүргөн жөнөкөй ырларды ойноо анын гана колунан келчү. Мегдин үнү флейтаныкына окшош болчу, ал апасы экөө хорду башташчу. Эминики чегирткениндей чыйылдап, бакыттан башы айланган Жо муңдуу ырды да экилентип ийип, кээде үнү обу жок кыркырап ырды бузуп ийип жатты. Кыздар тили чыккандан эле ырдап жүргөндүктөн, анан калса апасы да тубаса ырчы болгондуктан, мындай кечки ырлар үй-бүлөлүк салтка айланып калган. Таңдагы алгачкы үн бөлмөлөрдү кыдырып баарын торгойдой ойготкон апасынын ыры болор эле. Соңку үн да аныкы болор эле, анткени кыздар апасынын көнүмүш бешик ырын укмайынча укташчу эмес.

ЭКИНЧИ БАП
БАКТЫЛУУ РОЖДЕСТВО
Рождествонун буурул таңы атканда, биринчи болуп Жо ойгонду. Камин жакты караса, белек салынган байпак көрүнбөйт, көңүлү сууй түштү. Бир жолу да ушундай болгон, бирок анда байпактагы белектер оор болгондуктан, жерге түшүп калган экен. Анан апасынын убадасы эсине түшүп, жаздыктын алдына колун сойлотту эле, чымкый кызыл мукабалуу кичинекей китепче таап алды. Бул китепчени ал жакшы билчү, анда бир укмуштай сонун өмүр баяндалчу. Алыс жолго чыга турган пилигрим үчүн мындан ашык белек болмок беле. «Рождествоң кут болсун, Мег!»- деп шаңкылдап эжесин ойготту да, жаздыгыңдын алдын кара деди. Ал жактан да ушундай китепче чыкты, мукабасы эле жашыл болбосо, ичиндеги сүрөттөрү, апасынын жазган сөздөрү бирдей экен. Анын жазып бергени кыздар үчүн кымбат эле. Ойгонуп кетишкен Бесс менен Эми да күмүш түстүү жана көк китепчелерин таап алышып, белектерин карап, божураша башташты, ал ортодо чыгыш тарап кызгылт тартып келатты.
Маргарет бир аз шашма болгону менен абдан жоош, момун кыз болчу, анын мунусу сиңдилерине, өзгөчө Жого баары бир таасир этчү. Жо эжесин абдан сүйгөндүктөн, сөзүн эки кылчу эмес.
— Кыздар,- деди Мег, түнкү чепчик кийген эки башты олуттуу карап,- апам бул китепти кунт коюп окуп чыгышыбызды каалайт, ошондуктан биз муну дароо баштайлы. Мурун мындай нерселерге жакшы карачубуз, бирок атам согушка кеткенден бери кыйынчылыктардан улам буга көп көңүл бурбай койдук. Силер, албетте, өзүңөр билгиле, бирок мен бул китепти мына бул түнкү столго коюп коём да, күн сайын ойгонор менен бир аздан болсо да окуйм. Мунун пайдалуу болоруна, кечке чейин кубат болоруна ишенем.
Анан жаңы китебин ачты да, окуп кирди. Жо аны кучактап, бетине бетин тийгизип алып, кунт коюп окуй баштады. Анын мындай түрүн аз көрөсүң.
— Мег кандай жашы кыз! Кел, Эми, биз да окуйлу. Кыйын сөздөр болсо, мен жардам берем, түшүнүксүз болсо, тигилер түшүндүрүп берет,- деп шыбырады китептин кооздугунан жана эжелеринен таасирленген Бесс.
— Меники көк экенине кубанып турам,- деп күбүрөдү Эми. Анан бөлмөдө тынчтык өкүм сүрүп, барактардын ачылганы гана угулуп калды. Кышкы күн терезеден баш багып, кыздардын чачынан, олуттуу жүздөрүнөн аймалап эркелете баштады.
— Апам кайда кетти?- деп сурады Мег Ханнадан, арадан жарым сааттай убакыт өтүп, апасына ыракмат айтмакчы болуп ылдый чуркап түшкөндө. Мег төрөлгөндөн бери чогуу жашап жүргөн Ханна кызматкер эмес, туугандай жакын болчу.
— Ким билсин! Бир бала кайыр сурап келди эле, апаңар эмне кылып жардам берсем экен деп анын үйүнө кетти. Мындай аялды көргөн эмесмин: тамак-ашты, кийим-кечени, отунду баарына тарата берет,- деп жооп берди Ханна.
— Менимче, апам тез эле келет, Ханна. Май токочторду жылытып, дасторкон даярдай бер,- деди Мег, апасына деп катып койгон белектер салынган себетти дивандын алдынан алып жатып. – Ой, Эминин белеги кайда?- деп сурады ал, атыр жок экенин байкап.
— Ал жана алып, лента менен байлайм деп жатса керек эле,- деп жооп берди Жо, жаңы туфлини апасына берерден мурун бир аз ийге келтирип коёюн деп бийлеп жатып.
— Менин жүзаарчыларым сонун болду, чынбы? Ханна жууп, үтүктөп берди эле, белгисин өзүм сайдым,- деди Бесс, канчалык тырышса да түз чыкпай калган тамгаларын сыймыктана карап.
— О-о, мына сага! «Миссис Марч» дегендин ордуна «Апа» деп сайып салган турбайбы!- деп кыйкырды Жо, жүзаарчылардын бирин алып.
— Эмне, жаманбы? Мегдин инициалы да «М. М.» да, буларды апамдан башка эч ким колдонбосун деп ушундай кылдым,- деди Бесс, кооптоно түшүп.
— Баары жакшы, алтыным. Абдан жөндүү идея экен, эми эч ким адашпайт. Бул апама абдан жагат, мен билем,- деген Мег Бесске жылмая карады да, Жону жактырбагандай болду.
— Апам келатат! Себетти бекит, бол! – деп кыйкырды Жо, тышкы эшик ачылып, бирөөнүн келатканын угуп.
Бөлмөгө Эми кирип келди да, баары аны күтүп турганын көрүп, апкаарай түштү.
— Сен кайда жүрөсүң? Артыңда эмнени катып алгансың? — деп сурады Мег, Эмини таң кала карап. Плащчан экенине караганда көчөгө чыгып келгендей. Бул жалкоо оңойлук менен чыкмак эмес.
— Мени шылдыңдап күлбө, Жо! Муну азырынча эч ким билбей турсун. Чуркап барып, болгон акчамды бердим да, чоңун алмаштырып келдим. Мындан кийин өзүмчүл болбойм деп сөз берем.
Ушуну айткан Эми мурунку кичинекей, арзанына алмаштырып келген кооз, чоң флаконду көрсөттү. Анын кебетеси кишинин ичин эзилткендей болгондуктан, Мег аны кучактап өөп жиберди, Жо «азамат» деп мактады, Бесс жүгүрүп барып, флаконду кооздош үчүн розаларынын эң коозун тандап келди.
— Бүгүн эртең менен кантип жакшы болушту сүйлөшүп, китеп окугандан кийин, белегиме уялып калдым. Анан тургандан кийин эле дүкөнгө чуркадым. Аябай сүйүнүп турам, анткени эми эң кооз белек меники болбодубу!
Тышкы эшик кайрадан ачылды эле, кыздар себетти диванды алдына ката салышып, дасторкон жайылган столго ашыгышты.
— Рождествоңуз кут болсун, апа! Китептер үчүн ыракмат! Биз аларды эртең менен окудук, эми күн сайын окуйбуз!- деп кыйкырышты алар бир ооздон.
— Рождествоңор кут болсун, кыздарым! Дароо окуй баштаганыңарга кубанып турам, эми кайра-кайра окуй бересиңер го. Дасторконго отурардан мурун бир нерсе айткым келип турат. Жакын жердеги үйлөрдүн биринде жаңы төрөгөн бир оорукчан аял жатат. Алты баласы бар экен, тоңуп калбайлы деп бир жуурканды жамынып жатышат бүрүшүп, анткени отундары жок экен. Тамак жоктугунан чоң баласы мага келиптир жардам сурап. Кыздарым, азыркы тамагыңарды аларга белек кылып бергенге макулсуңарбы?
Кыздар бир саатка жакын күтүп калгандыктан, күндөгүдөн ачкараак болчу. Бир аз унчукпай турушту да, анан Жо кыйкырып ийди:
— Тамакка киришкенден мурун келгениң жакшы болгон турбайбы!
— Сени менен ошол байкуш балдарга тамак жеткиришсем болобу?- деп сурады Бесс.
— Мен каймак менен май токочторду алып барам,- деди Эми, баарынан жакшы көргөн нерселеринен баатырдык менен баш тартып.
Мег гречка ботко салынган идиштин капкагын жаап, нандарды бир чоң табакка салды.
— Ушинтериңерди билгемин,- деди миссис Марч ыраазы боло жылмайып. – Баарыбыз чогуу барабыз, силер мага жардам бересиңер, анан келип нан менен сүт ичип курсакты тойгузабыз.
Көп өтпөй баары даяр болуп, жолго чыгышты. Бактыга жараша, эрте менен болгондуктан, кичинекей көчөлөр менен бараткан бул таң каларлык процессияны эч ким көрбөй калды.
Мына, терезелери талкаланган аңгыраган суук бөлмө, эски төшөктөгү оорулуу эне, ыйлаган наристе, бир жуурканды жамынып калтырап жаткан купкуу балдар. Кыздар кирип барганда, балдардын бакырайган көздөрү жалжылдап, көгөргөн эриндери жыйылбай жалжая түштү.
— Mein Gott! Бизге боорукер периштелер келишти!- деп кыйкырды купкуу аял, кубангандан ыйлап.
— Ооба, периштелер, капор кийип, мээлей тагынган периштелер!- деп Жо айтты эле, баары күлүп ийишти.
Бир нече мүнөт өтпөй эле чындап боорукер периштелер келгендей болуп калды. Ханна ала келген отуну менен от жагып, сынык терезелерди эски шляпалар менен бүтөй салып, өзүнүн плащын парда кылып тарта койду. Миссис Марч оорулуу аялга ысык чай берип, суюк сулу шорпо ичирди да, аны жубатканча наристени өз баласындай кылып назик ороду. Ал ортодо кыздар алып келген тамак-аштарын алып чыгып, балдарды от жакалай отургузуп, ачка балапандардай тамактандырып киришти. Балдардын эптеп-септеп сүйлөгөн англисчесине каткырып күлүп, божурашып отурушту.
— Das ist gut! Die Engel-Kinder! – деп жатышты байкуштар, тамак жегенче кызарып үшүгөн колдорун оттун жагымдуу илебине жылытып.
Кыздарды буга чейин эч ким периште деп айткан эмес, бирок бул баарына, өзгөчө туулгандан бери эле Санчо деген атка конуп калган Жого абдан жакты. Эч нерсе жешпегени менен бул алардын өмүрүндөгү эң бактылуу таңкы тамак болду. Алар жылуулук менен бейкуттукту калтырып кетишти. Менимче, ошол күнү шаарда таңкы тамагынан баш тартып, Рождество күнү эрте менен нан менен сүт гана ичкен ушул төрт ачка кыздан өткөн шайыр киши жок эле.
— Жакыныңды жаныңдан да жакшы көр деген ушул, бул мага абдан жагат,- деди Мег баягы себетти кайра дивандын алдынан алып чыгышканда. Апасы үстү жакта байкуш Хаммелдин бала-чакасына кийим-кечек чогултуп жүргөн.
Белектер жупуну болгону менен столдун үстүндөгү ушул төрт кичинекей түйүнчөктө канчалык сүйүү бар эле, анан калса алардын жанындагы кызыл розалар, ак хризантемалар жана петуньянын жашыл бутактары салынган бийик ваза да укмуштай шаң берип турду.
— Келатат! Бесс, баштай бер! Эми, эшикти ач! Жашасын апам!- деп кыйкырды Жо, Мегдин артынан эшикти көздөй бийлей жүгүрүп.
Бесс шаңдуу маршты ойноп кирди, Эми эшикти ачып, Мег апасын салтанаттуу түрдө төргө жетелеп барды. Миссис Марч таң калып, жашып кетти. Көздөрү жашка толуп, белектерди карап, андагы каттарды жылмая окуп жатты. Туфлини дароо кийип, жаңы жүзаарчыларга Эминин атырынан сээп чөнтөгүнө салды, кооз мээлейлер да «абдан жакшы болду». Күлкүлөр, өбүшүүлөр, божурап түшүндүргөн сөздөр да көп болду, булардын баары карапайым, бейкут, сүйүүгө мелт-калт толо үй-бүлөлүк жагдайда болуп жатты, ушул үчүн үй-бүлөлүк майрамдар ушунчалык жагымдуу болуп, кийин узак жылдар бою кусалантат болуш керек.
Анан баары шымаланып ишке киришти. Хаммелдерге баруу, белектерди тапшыруу көп убакытты алып койгондуктан, күндүн калганы кечки оюнга даярдануу менен өттү. Театрга көп барганга кичинекей болгондуктан, анан калса тушаган жокчулуктан улам кыздар кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деп бардыгын ойлоп тапканга аракет кылышты. Кээ бирлери жакшы чыкты: камыр кесчү тактай сонун гитара болду, эски май идишти күмүш түстүү кагаз менен каптап коюшту эле, сонун эски лампа болуп жатып калды, эски чыт көйнөктөргө консерва банкасынан кесип тигип коюшту эле келишкен көйнөк чыкты, ошол эле арыбаган калайдан ромб түрүндө кесип тигип, зооттор даярдалды. Эмеректер да чалкасынан жаткырылып, залда ар түрдүү сценалар коюлуп жатты.
Оюнга эркек балдар катышпагандыктан, Жого кудай берип салды: актёр таанышы бар бир аял белек кылган боёлбогон териден ултарылган өтүгүн кийип алып эркектердин ролун жыргап аткарып атты. Ушул өтүк, эски рапира, бир тарыхый сүрөттү тарткан сүрөтчүдөн калган тилик камзол Жонун ишенген байлыгы болчу жана ар бир оюнда сахнага ушуларды кийип чыкчу.
Труппанын курамы чектелүү болгондуктан, эки башкы актёр ар бир оюнда бир нече роль ойногонго мажбур болду. Үч-төрт ролдун сөздөрүн жаттап, кийимдерин чагылгандай тез алмаштыра койгон, анын ортосунда декорацияны өзгөрткөнгө жетишкен бул актёрлорго ыракмат айтыш керек. Бул бир жагынан эс тутумду машыктырса, бир жагынан бош отурганга же болбогон бир иштер менен алек болгонго караганда алда канча сонун иш эле.
Рождествонун кечинде бельэтаж делген керебеттин үстүндө он чакты кыз үймөлөктөшүп, эмеректин сары-көк чытынан тартылган көшөгөнүн ачылышын чыдамсыздык менен күтүп отурушту. Көшөгө артынан күбүр-шыбырлар, өтө толкунданган Эминин кыткылыктап ийгендери угулуп, бир маалда көрүүчүлөр керосин чырактын исин туюшту. Акыры коңгуроо шыңгырап, көшөгө ачылды да, оюн башталды.
Театр программасында айтылган «түнт токой» бир нече карапа идиштеги гүл, полдогу жашыл сукно, арткы пландагы үңкүр болуп чыкты. Үңкүрдүн дубалы эки жазуу столунан, төбөсү кир жайгычтан жасалыптыр. Анын ичинде сыйкырчы кемпир очоктогу кара казанга бирдеме кайнатып атат. Сахна караңгы болгондуктан, очоктогу от бир башкача көрүнүп, өзгөчө сыйкырчы кемпир казандын капкагын алганда, кадимкидей буу каптап кеткени өтө таасирлүү болду. Бир мүнөттөй өтүп, дуулдай түшкөн көрүүчүлөр бир аз тынчтанган соң капкара сакалчан, кынсыз кылыч байланып, чоң шляпа кийген, плащчан жана боёлбогон булгаарыдан ултарылган өтүк кийген каардуу Гуго чыкты. Сахнада ары-бери толкундана басып турду да, бир маалда чыдабай кетип, маңдайын бир чапты да, Родригону кандай жек көрөрүн, Зарени кандай сүйөрүн, ага жетиш үчүн Родригону өлтүрөрүн чаңырып ырдап кирди. Кээде толкуп-ташыгандан улам чыңырыкка айланып кеткен Гугонун жоонураак үнү катуу таарсир этип, ал токтоору менен көрүүчүлөр дүркүрөтө кол чабышты. Гуго мындай ийгиликке көнгөн немедей элге шашпай жүгүнүп койду да, үңкүргө барып, сыйкырчы Хейгарга кыйкырды: «Эй, кемпир! Чык бери! Сен мага керексиң!»
Жылкынын куйругунан жасалган узун ак чачтуу, кара-кызыл көйнөк кийген, таяк таянып, бир шумдуктуу белгилери бар плащ кийген Мег чыкты. Гуго ага Зараны баш үйүртмө кылып, Родригону өлтүрө турган дары бер деп буюрду. Хейгар мукамдуу үнү менен таап берем деп ырдады да, ашыктык ширесин алып келе турган рухту чакыра баштады:
Сүйүү руху, розадан жаралган,
Таттуу шүүдүрүм таткан,
Ар кандай адам тагдырын
Каалагандай калчаган.
Сен келе көр:
Сыйкырдуу ширең кайда?
Ошону алып келе көр?
Мага келе көр!
Ушул назик ыр бүтөрү менен үңкүрдүн арт жагынан жаркыраган канаттары, роза тагылган алтындай сары чачы бар кичинекей агарган караан пайда болду. Анан алтын таякчасын шилтегилей ырдап кирди:
Таттуу кыял өлкөсүнөн
Ширени мен алып келдим.
Эсиңде бирок болсун:
Жакшылыкка гана кызмат кылат,
Жамандыкта соолуп калат.
Анан кичинекей алтынга бууланган бөтөлкөнү сыйкырчынын аяк алдына таштап, кайып болду. Хейгар жана бир ырдады эле, үңкүрдүн артынан капкара шайтан чыга калып, Гугого чаңыра каткырып бир кара бөтөлкөнү ыргытты да, көздөн кайым болду. Гуго ыраазылыгын билдирип мукамдуу бир ыр ырдады да, бөтөлкөлөрдүн өтүгүнүн кончуна тыгып кете берди. Хейгар болсо көрүүчүлөргө бул шумпай бир нече досумду ушинтип өлтүргөн, бул жолу өч албасам болбойт деп айтты. Анан көшөгө жабылып, ал ортодо эл эс алып, печенье жегенче операны талкуулап жатышты.
Сахна жактан бир топко чейин балканын такылдаган үнү угулуп турду да, көшөгө ачылганда, антракт учурунда пайда болгон жыгач устачылыктын шедеврин көрүп, тыныгуу мынча неге созулуп кетти деп жаткандар ооз ача албай калышты. Бул чындыгында эле укмуш көрүнүш эле! Шып тиреген мунара турат, анын орто ченинде чырак жарыгы төгүлгөн терезе, анын апакай пардасынан көгүлтүр күмүш түстүү көйнөк кийип, Родригосун күтүп Зара турат. Мына ал да келип калды: башында куш канаты тагылган шляпа, кызыл плащ, тармал чачы маңдайына түшкөн, колунда гитара, анан, албетте, бая Гуго кийип чыккан өтүк. Ал мунаранын жанына тизелей калып, мукамдуу серенада ырдап ийди. Зара жооп кайтарып, музыкалык диалогдон кийин качканга макул болду. Ушул жерден оюндун эң кызык жери башталды. Родриго чөнтөгүнөн жип шатыны алып чыгып, бир учун жогору ыргытып, Зараны түш деп өтүндү. Ал терезенин торунан акырын чыгып, колун Родригонун ийинине колун коюп, кылыктана секирмек болду эле, байкуш Заранын узун этеги терезеге илинип калса болобу. Мунара кыйшая түштү да, бечара ашыктарды басып калды! Карап турган эл чур дей түштү. Сынык-сунуктардын арасында баягы айтылуу өтүк тыбырчылап, анын жанынан бир алтын чачтуу баш чыга калып: «Айтпадым беле мен сага! Айтпадым беле!- деп чаңырып ийди. Ушул учурда кайран дон Педро, Заранын катаал атасы, ишке жарап кетти. Ал кызын тияктан сууруп чыкты да: «Өзүңө кел! Эч нерсе болбойт, ойной бер!» деп буюрду да, Родригону өлкөмдөн чыгып кет деп жекирди. Родриго мунаранын кулаганынан улам өзүнөн кете түшсө да, каардуу чалга баш ийбей, ордунан жылбай койду. Муну көргөн Зара да катаал атасынын айтканын кылбай койду да, акырында тигил экөөнү сепилдин зынданына жөнөттү. Кичинекей, семиз, кызыл бет сакчы келип, эки ашыкты алып кетти. Ал да бир топ коркуп калган шекилдүү, анткени айта турган сөзүн да айтпай кетти.
Үчүнчү көшөгө сепилдин залдарынын бириндеги ашыктарды бошотуп, Гугодон өч алыш үчүн Хейгардын келиши менен башталды. Ал Гугонун келе жатканын угуп, бекинип алды да, тигинин сыйкырдуу бөтөлкөдөгүлөрдү эки чөйчөк шарапка коштуруп, кичинекей момун кызматкерге: «Муну зындандагы туткундарга бер да, мени азыр келет деп айтып кой»,- деп жатканын тыңшап турду. Кызматкер Гугого бир нерсе айтмак болуп ары алып кеткенде, Хейгар тигил чөйчөктөрдүн ордуна башкаларын коё койду. Фердинандо, кызматкер, аларды алып кеткен соң, Хейгар Родригого деген уулуу шарапты кайра коюп койду. Чаңкап турган Гуго тигини ичип ийип, бир топко муштумун түйүп, жер тепкилеп жатып, кулап түштү да, жан бере турган болгондо, Хейгар өзүнүн эмне кылганын күчтүү ария менен баяндады.
Бул чынында эле абдан кызыктуу сцена болду, бирок айрымдар шляпанын алдынан чыгып калган узун коюу чач канкордун өлүмүн бир аз бузуп койду деп айтышы да мүмкүн эле. Көрүүчүлөр Гугону чакырып туруп алышты эле, ал кериле басып, баарысы бир тең, ырдаган ыры бир тең болгон Хейгарды жетелеп чыкты.
Төртүнчү көшөгөдө Родриго Заранын чыккынчылык кылганын угуп, өзүн өзү өлтүрмөк болду. Бирок канжарды жүрөгүнө малганы калганда, терезеден Зара аны сүйө тургандыгын, бирок азыр коркунучта экенин, Родриго гана аны сактап каларын баяндаган мукамдуу ыр угулду. Терезеден эшиктин ачкычы түштү да, аптыккан Родриго чынжырын үзүп ыргытып, учкан бойдон ашыгын куткармакка кетти.
Бешинчи көшөгө Зара менен дон Педронун уруш-жаңжалы менен башталды. Дон Педро Зараны кечилканага кетирмекчи болду эле, тиги муну уккусу да келбей жалынып-жалбарды, ушул учурда Родриго кирип келип, колун сураганда, эси ооп кала жаздады. Ал кедей болгондуктан, дон Педро макул болгон жок. Каармандар өлгүдөй өкүрүп-бакырышты, бирок тил табыша албаган соң, Родриго байкуш Зараны алып кетмек болду эле, ушул маалда баягы момун кызматкер Хейгардын каты менен баштыгын алып келип калды. Ал катында жаш жубайлардын абдан бай болорун, ал эми дон Педро аларга жолтоо болсо, оңбой каларын жазыптыр. Баштыкты ача салышса, калай акчалар жайнап жатып калды. Муну көргөн «катаал ата» эч нерсе дей албай калды. Ал үн-сөзү жок макул болуп, бардыгы кубанычтуу хор ырдашты да, ашыктар тизелей калышып, дон Педронун батасын алып жатканда, көшөгө жабылды.
Дүркүрөгөн кол чабуулар капысынан үзүлө түштү, көрсө «бельэтаж» болгон бүктөмө керебет бүгүлүп кетип, үстүндөгү көрүүчүлөр кулап калыптыр. Родриго менен дон Педро жардамга чуркап келишип, күлкүдөн сүйлөй албай калган элди аман алып калышты. Бир аз тынчый түшкөндө, Ханна чыгып, миссис Марчтын куттуктоосун жана кечки тамакка чакырып жатканын айтты.
Бул чакыруу актёрлор үчүн жагымдуу жаңылык болду, ал эми дасторконду көргөндө ооздору ачылып калышты. Албетте, апасы буга чейин деле аларды эркелетчү дечи, бирок мурунку бардар жашоону эске салган мындай нерсе болот деп ким ойлоптур. Мында бал муздак, ал турсун эки түрү: кызыл жана ак, мөмө-жемиштер, көргөндө көзүң жайнай турган француз конфеттери бар экен, чок ортосунда болсо келишкен төрт букет гүл турат!
Баары таң калып, элейе түшүштү да, миссис Марчты карашты эле, ал жыргап туруптур.
— Муну ким алып келди? Феяларбы?- деп сурады Эми.
— Жок, Санта-Клаус,- деди Бесс.
— Жок, апам! – деп жылмайды ак сакалчан, үрпөйгөн ак каштуу Мег назик жылмайып.
— Марч жеңемин маанайы жакшы болуп, муну бизге берип ийсе керек!- деп кыйкырды Жо оюна келе калганды.
— Тапкан жоксуңар. Муну мистер Лоренс берип жибериптир,- деп жооп берди миссис Марч жылмайып.
— Мистер Лоренспи? Ал кантип билиптир? Биз аны тааныбайбыз да!- деп кыйкырды Мег.
— Ханна анын кызматкерлеринин бирине силердин бүгүнкү таңкы тамагыңар жөнүндө айткан экен. Мистер Лоренс бир аз апенди чалыш абышка, ага силердин кылганыңар абдан жагыптыр. Ал илгери атам менен тааныш болгондуктан, бүгүн майрамдын урматына балдарыңызга кичинекей белек берип койсом болобу деп кат берип ийиптир. Мен кой дей алган жокмун, ошентип, бүгүн бизде таңкы тамактын ордун толтура турган чакан той болот.
— Болду болбоду, ага муну небереси айтты! Ал сонун бала, мен аны менен жакшыраак таанышайын деп жүрөм. Ал деле биз менен достошкондон качпайт болуш керек. Бирок ал абдан тартынчаак, а Мег болсо чоюлуп-керилип эле аны менен сүйлөштүрө койбойт,- деди Жо, ахалап-охолоп балмуздак жеп киришкенде.
— Жанагы чоң таш үйдө жашаган кошунаңарды айтып жатасыңарбы? — деп сурады коноктордун бири. – Менин апам мистер Лоренсти жакшы тааныйт. Өзүнчө эле кекирейген неме дейт, коңшулары менен да сүйлөшкүсү келбейт имиш. Небересин да эч жакка чыгарбай, керээлден кечке окутат дейт. Ал бала кээде гана насаатчысы менен атчан же жөө сейилдейт экен. Биз бир жолу кечеге чакырсак, келбей койгон. Апам аны абдан жакшынакай бала дейт, бирок ал кыздар менен эч сүйлөшпөйт имиш.
— Бир жолу биздин мышык алардын багына кирип кетип, алып чыгып берген, ошондо крикет, тиги-бу жөнүндө жакшы эле сүйлөшкөнбүз, бирок Мегдин келатканын көрүп эле кетип калган. Бирок мен аны менен сөзсүз жакшыраак таанышайын деп жүрөм, анткени ал жалгыз зеригет, мен билем,- деди Жо.
— Мага анын жүргөн-турганы жагат, чыныгы жаш жентельмен сыяктанат. Ыңгайы келип, таанышып калсаңар, мен каршы эмесмин. Бул гүлдөрдү ал өзү алып келди, бул жакта эмне болуп жатканыңарды билгенимде, аны үйгө кир демекмин. Ал байкуш күлкү-тамашанын үнүн угуп, кеткиси келбей кыйылып туруп кетти. Аларда мындай жок да.
— Чакырбай эле койгонуң жакшы болуптур, апа!- деп күлүп ийди Жо, өтүгүн карап. – Эч нерсе эмес, биз кийинчерээк ал көрө турган, ал турсун катыша ала турган оюн коёбуз. Сонун болот, туурабы?
— Мен мындай гүлдөрдү көргөн эмесмин! Укмуш экен!- Мег букеттерди кызыга карады.
— Айтпа! Бирок Бесстин розаларына жетпейт,- деди миссис Марч, көйнөгүнө сайылган соолуп бараткан гүлдү жыттап.
Бесс апасына ыктай, назик шыбырады:
— Атама да гүл жиберсем, кандай жакшы болмок. Аныкы биздикиндей шатыра-шатман түшкөн Рождество болбосо керек.

ҮЧҮНЧҮ БАП
МИСТЕР ЛОРЕНСТИН НЕБЕРЕСИ

— Жо! Жо! Каяктасың?- деп кыйкырды Мег чердак тепкичинин түбүнөн.
— Бияктамын! – Жогортон кыркыраган үндү уккан Мег чердакка чыкса, Жо эски үч буттуу диванга жүн жоолукту жамынып жатып алып, алманы кемиргенче «Редклифтин мураскоруна» боору эзиле күлүп жатыптыр. Чердак анын сүйгөн жайы болчу: беш-алты алма, жакшы китеп алып, бул жерге келчү да, жыргап китеп окучу. Мында Скрэбл деген келемиштен башка эч ким жок болчу, ал да Жого көнүп калган. Мег келгенде, Скрэбл ийинине кире качты, Жо бетинен жашын сүртүп, жаңылыктарды укмакчы болду.
— Кандай кубаныч! Карасаң! Чыныгы чакыруу белети! Миссис Гардинер эртең кечкиге чакырыптыр!- деп кыйкырды Мег баалуу кагазды булгалап. Анан салтанаттуу түрдө окуп кирди: «Миссис Гардинер мисс Маргарет Марчтан жана мисс Жозефина Марчтан үйүндөгү Жаңы жылдык кечки тамакка жана бийге келип кетүүсүн өтүнөт». Апам макул болду, бирок биз эмне киебиз?
— Эмне киймек элек, баягы эле поплин көйнөктөрүбүздү киебиз да, башкасы жок болсо,- деп жооп берди оозу толо Жо.
— Атаганат, жибек көйнөгүм болсо,- деп улутунду Мег. – Апам он сегизге чыкканда алып берем дейт. Бирок ага чейин дагы эки жыл бар да… Карып кетем го!
— Биздин поплин көйнөктөрүбүз деле жибектен кем калышпайт. Сеники жапжаңы бойдон да, мен болсо артын күйгүзүп алгамын. Жамалганы менен баары бир мен мындамын деп кыйкырып турат. Эмне кылам десең?
— Эмне кылмак элең, артыңы салбай созулуп отурасың, алды жакшы эле да. Мен чачыма жаңы лента тагам, апам берметтүү төөнөгүчүн берип турам деди. Жаңы туфлим сонун, мээлейим да болот, бирок анча эмес.
— Мен баягыда лимонад төгүп алгамын, жаңысын кайдан алмак элем, мээлейсиз эле барам го дейм,- деп койду кийим-кечеге өтө деле маани бербеген Жо.
— Сен мээлей кийип барышың керек, болбосо мен барбайм,- деп чыкты Мег. – Мээлей деген эң маанилүү да. Ансыз бийге барбайт, эгер сен мээлейсиз бара турган болсоң, мени басынткан болосуң!
— А мен баары бир бийлебейм. Мен дегеле бал бийин сүйбөйм. Кол кармашып алып бөлмөдө ары-бери тыпылдап жүргөндүн эмнеси кызык! Мен секирип бийлегенди жакшы көрөм.
— Апамын мээлейин сурабай эле кой, аныкы жапжаңы, абдан кымбат, сен аны да бирдеме кылып коёсуң. Экинчисин булгап салганда эле сага бул кыш ичи башка сатып бербейм деген. Ушул мээлейиң менен эле бара берсең кантет?- деп сурады Мег кооптонуп.
— Колуму ачпай жумуп жүрсөм, тагын эч ким көрбөйт. Менин колумдан келе турганы ушу… Токтоп тур, мындай кылсак болот: экөөбүз бирин жакшы, бирин жаман кылып киели. Түшүндүңбү?
— Сенин колуң меникинен чоң, өлгүдөй чоюп саласың,- деп баштады Мег. Мээлей анын талуу жери болчу.
— Анда мен мээлейсиз эле барам. Эл эмне десе, ошо десин,- деп Жо кайра китебине үңүлдү.
— Макул, макул, мен сага өзүмкүн берем. Бирок булгай көрбө, өзүңдү да жакшы алып жүр. Колуңду артыңа алба, бирөөнү теше тиктебе, анан жанагы «Христофор Колумб» деген аңгемеңди жөн эле койчу, макулбу?
— Менден кам жебе. Чоюлуп жүргөнгө, чектен тыш эч нерсе кылбаганга аракет кылам. Эми барып чакырууга жооп кайтар, мен бул кызык аңгемемдин аягына чыгайын.
Мег тиги китебин окуп, алмасын жеп, Скребл менен ойноп бүткөнчө, «чакырууну ыраазы болуп кабыл алганын» айтып, көйнөгүн карап, ага жалгыз торун кадаганы кетти.
Жаңы жылдын алдында конок бөлмөсүндө эч ким жок эле, анткени кичинекей кыздар чоңдор менен кошо кечеге даярданып жүрүшкөн. Кыздардын туалети жөнөкөй болгону менен ары-бери чуркап, каткырып күлүшүп, божураша сүйлөшүп жүрүштү, ал турсун бирөөнүн чачы куйкум жыттана түштү. Мег көкүлүн кичине тармалдантып коёюн дегендиктен, Жо анын кагазга оролгон чачын ысык кыпчуур менен кармап турду.
— Эмне, ушундай жыттаныш керекпи?- деп сурады керебеттин четинде отурган Бесс.
— Нымы кургап атпайбы,- деп түшүндүрдү Жо.
— Бу кандай жыт? Куйкалаган тооктукуна окшош го,- деди Эми, тармал чачын менменсине сылап.
— Мына, азыр кагазды алганда булуттай тармал чачты көрөсүңөр,- деди Жо, кыпчуурду алып жатып.
Ал кагазды алганда, «булуттай тармал чачты» мындай кой, кагазда күйгөн чачтар калып калды. Коркуп кеткен чачтарач күйгөн чачтарды алып, столдун үстүнө коё койду.
— О-оой! Эмне кылып салдың сен! Баарын буздуң! Эми кантип барам? Кайран гана чачым!- деп ийди Мег маңдайындагы сербейген чачын карап.
— Дагы болбой калды! Сен бекер эле суранган экенсиң. Мен байкуш бузуп эле басып жүрөм. Эмне кылайын эми? Кыпчуур өтө ысыктыгынан ушундай болуп калбадыбы?- деп безилдеди бечара Жо жаштуу көзү менен столдо жаткан күйүк чачтарды карап.
— Эч нерсе болбойт, лентаны учу бир аз бир аз маңдайга түшүп тургандай таксаң эле билинбей, соңку модадагыдай болуп калат. Көп кыздар ушинтип жүрүшөт,- деди Эми жубатып.
— Мага чала болот. Жөн турган чачты жайына койсом болмок,- деди Мег капа болуп.
— Ооба, өзү эле жакшы эмес беле жибектей болуп. Бирок тез эле өсүп калат да,- деди чуркап келген Бес, байкуш эжесин жубатып.
Ошентип, бир топ майда-чүйдө кырсыктардан кийин Мег даяр болду, үй-бүлөнүн жалпы аракети менен Жо көйнөгүн кийди, чачын түйдү. Тор тагылган күмүш түстүү көйнөк кийип, башына көк баркыт лента тагынган Мег, эркектердин жакасындай катуу жакалуу кочкул кызыл көйнөк кийип, жасалга катары хризантема тагынган Жо көйнөктөрү жупуну болгону менен татынакай эле. Экөө бирден таза мээлей кийип, булганганын колуна кармап, өздөрү айткандай, кебетелери «суйкайып жатып калды». Өзү сыр бербегени менен Мегдин бийик такалуу туфлиси бутун кысып турду, ал эми Жонун чачындагы он тогуз шпилька тим эле башына сайылып калгандай, бирок эми эмне кыласың, же сулуулук, же өлүм дегендей кеп.
— Жакшы көңүл ачып келгиле, алтындарым!- деди миссис Марч, эже-сиңдилер чыгып баратканда. – Тамакты тарта жегиле, саат он бирде Ханна барып алып келет. – Дарбаза жабылган соң терезеден кыйкырык угулду: — Кыздар, кыздар! Жүзаарчыңарды унуткан жоксуңарбы?
— Баары жайында, жүзаарчыларыбыз таза, Мег ал турсун атыр сээп алды,- деп кыйкырды Жо каткырып. – Апам жер титиреп, үйдөн качып чыгып баратканда да, ушуну сурайт болуш керек.
— Бул – анын аристократтык адаттарынын бири. Мунун да жөнү бар, анткени чыныгы леди таза туфлисинен, мээлейинен жана жүзаарчысынан билинет,- деп жооп берди Мег. Анын өзүнүн да кичинекей «ак сөөктүк» адаттары бар эле.
— Эми эсиңде болсун, Жо, көйнөгүңдүн артын эч ким көрбөсүн. Менин курум, кандай, жакшы элеби? Чачым кандай көрүнөт экен?- деп сурады Мег, миссис Гардинердин үйүндөгү гардероб күзгүсүнө каранып бүтүп.
— Мен сөзсүз бирдемени унутуп калат болушум керек. Эгер бирдеме болсо, мага көз кысып кой,- деди Жо жакасын кайрып, чачын оңдоп жатып.
— Жок, көз кысканда одоно болуп калат. Эгер бирдеме болсо, кашымды серпем, баары жайында болсо, баш ийкеп коём. Азыр болсо ийиниңди түздөп, кадамды кичинеден ташта. Бирөө менен тааныштырса, колун кыспа, айымдар андай кылбайт.
— Мунун баарын кантип эстеп жүрөсүң? Мен эч эсиме сактай албайм. Көңүлдүү музыка экен, ээ?
Алар ылдый түшүштү, мындай жупуну кече да алар үчүн чоң окуя болгондуктан, бир аз кысынып турушту. Миссис Гардинер, жашап калган келишимдүү аял, өзү тосуп алып, алты кызынын улуусуна алып барды. Мег Салли менен тааныш болгондуктан, көп өтпөй өзүн эркин сезип калды, ал эми кыздар менен анча коошо албаган Жо дубалга аркасын салып, оранжереяга кирип кеткен кулундай ыңгайсызданып турду. Залдын аркы четинде балдар чогулуп алып, коньки жөнүндө сүйлөшүп жатышты. Жо да аларга кошулгусу келип турду, анткени коньки анын сүйгөн эрмеги болчу. Ал муну Мегге ымдап билдирди эле, анын кашы ушундай бир серпилди дейсиң, байкуш Жо ордунан жыла албай калды. Аны менен сүйлөшкөн киши болбоду; жанындагы кыздар басып кеткен соң, жалгыз калды. Залды аралай басып, алаксый да албайт, анткени көйнөгүнүн арты көрүнүп калат. Ошентип, айлананы карап, жалдырап тура берди.
Бий башталды. Мегди дароо бийге тартып кетишти, анын тар туфлиси тигинден-мындан көрүнө калып атты, бирок жылмайган ээсинин канчалык кыйналып атканын эч ким туйган жок. Жо узун сары улан өзүн карай келатканын байкап, бийге чакырып ийбесе экен деп коркконунан ачылган көшөгөнүн артына өтө калды. Тилекке каршы, бул жерди дагы бир тартынчаак ээлеп алгандыктан, Жо мистер Лоренстин небереси менен бетме-бет келе түштү.
— О, кудай, бул жерде бирөө бар турбайбы! – деп күбүрөдү Жо, кайра атып чыкмакчы болуп.
Бирок тигил бала күлүп ийип, өзү да бир аз коркуп тургансыганы менен жайгара сүйлөдү:
— Эч нерсе эмес, кааласаңыз тура бериңиз.
— Мен сизге жолтоо болбоймбу?
— Жок, жок. Бул жерден эч кимди тааныбай, өзүмү бир аз ыңгайсыз сезгендиктен, ушул жакка кирип алдым эле.
— Мен да ошондой болдум. Жолтоо болбосом, тура бериңиз.
Бала кайра отурду да, үн катпай лакталган туфлисин карап калды. Акырында Жо өзүн эптеп зордоду:
— Мен сизди мурун жолуктурсам керек эле. Сиз биздин кошунабызсыз да, туурабы?
— Кошуна. – Ал Жону карады да, күлүп ийди, анткени баягыда качып кеткен мышыгын алып чыгып берип, кашаанын жанында бир топ сүйлөшүп турган кыздын минтип сылык-сыпаа болуп турганы күлкүлүү эле.
Жо дароо жеңилдей түштү да, күлүп жиберип, ынак кишидей айтты:
— Силер Рождестводо берип жиберген кечки тамак абдан сонун болду.
— Аны чоң атам жиберген.
— Бирок идеяны сиз айттыңыз да, туурабы?
— Мышыгыңар кандай жүрөт, мисс Марч?- деп сурады бала олуттуу болууга аракет кылып. Бирок кара көздөрү ойноктоп турду.
— Жакшы. Ыракмат, мистер Лоренс, бирок мен мисс Марч эмес, жөн эле Жомун,- деди жаш леди.
— А мен мистер Лоренс эмес, жөн эле Лоримин.
— Лори Лоренс – таң каларлык ат экен!
— Чыныгы атым Теодор, бирок бул ат мага жакпайт, анткени досторум Дора дешет. Ошондуктан аларды Лори деп айтканга көндүргөмүн.
— Мага да өз атым жакпайт – өтө эле сентименталдуу. Жозефинанын ордуна Жо деп айтышын каалайм. Балдарды Дора деп айтпаганга кантип көндүрдүңүз?
— Сабачумун.
— Мен Марч жеңеми сабай албайм, демек, чыдашка туура келет,- деп Жо тагдырына баш ийген немедей үшкүрүп койду.
— Сиз бийлегенди жакшы көрөсүзбү, мисс Жо?- деп сурады Лори. Сыягы, бул ысым ага да жакты окшойт.
— Абдан жакшы көрөм, бирок жер кенен болуп, жөн гана көңүл ачышса. Ал эми мындай залда мен сөзсүз бирдемени кулатып ием, же бирөөнүн бутун басып алам, же дагы бир нерсе кылып ием. Ошондуктан ач кулактан тынч кулак деп обочо турам да, залда бийлегенди Мегге коём. А сиз бийлейсизби?
— Кээде. Бир нече жыл чет өлкөдө жүрүп, бул жерде кандай бийлешерин да жакшы билбейм.
— Чет өлкөдө?- деп жиберди Жо. – Айтып берсеңиз! Мен саякат жөнүндө айтып бергенди жакшы көрөм.
Лори адегенде эмнеден баштарын билбей турду, бирок Жо суроо жаадыра баштагандан кийин Вевадагы мектепте жашаганын, ал жердеги балдар шляпа дегенди билбей тургандыгын, көлдө кайык айдашканын, каникул учурунда мугалимдери менен чогуу Швейцарияны жөө кыдырып чыгышканын айтып берди.
— Мен да ошол жерде жашасам!- деп ийди Жо. – А Парижде болдуңуз беле?
— Биз өткөн жылы ошол жакта кыштаганбыз.
— Французча сүйлөгөндү билесизби?
— Мектепте башка тилде сүйлөөгө тыюу салынчу.
— Бир нерсе деп айтыңызчы! Мен французча окуйм, бирок сүйлөй албайм.
— Quel nom a cette jeune demoiselle en les pantoufles jolis? – деди Лори жылмайып.
— Укмуш сүйлөйт турбайсызбы! Коё туруңуз… Сиз: «Тиги татынакай туфличен кыз ким?» деп сурадыңыз, туурабы?
— Oui, mademoiselle.
— Ал менин эжем Маргарет. Сиз аны тааныдыңызбы? Сиздин оюңузча, ал сулуубу?
— Ооба, аны көрүп, немис кыздарды эстедим. Татынакай экен, бийлегени да мыкты турбайбы.
Эжесин мактаганын угуп, Жо жаны жыргап, ал турсун кызарып кетти. Жанагы сөздөрдү Мегге айтып бериш үчүн эстеп калганга аракет кылды. Экөө парданын артында эски тааныштарча ар кимди сөз кылып атышты. Жонун балдардыкындай кылык-жоругу Лоринин күлкүсүн келтирип, көп өтпөй тартынганын да унутуп калды. Жонун да көңүлү ачылып, кадимкисиндей шайыр, анткени көйнөк эстен чыгып, каш серпе турган да эч ким жок эле. Мистер Лоренстин небереси ага барган сайын жага баштады, барганда эже-сиңдилерине айтып бермекчи болуп, аны бир нече ирет кунт коюп карады. Ага-инилери болбогондуктан, эркек бөлөлөр да аз болгондуктан, алар эркек балдар кандай болорун билишчү эмес.
«Чачы тармал, капкара, өңү кара тору, көздөрү чоң, кара, мурду түз, тиштери тегиз, колу-буту кичинекей, бою менден бийик, абдан сылык, жалпысынан жакшынакай бала экен. Жашы канчада болду экен?»
Сурап иейин деп барып токтоду да, башкача жол менен сурамак болду.
— Сиз, сыягы, университетке даярданып жүрөсүз го? Китептен башыңызды албай… ой, кечиресиз, даярданып жүргөнүңүздү көрдүм эле. – Жо «башыңызды албай» деп алып уялгандан кызарып кетти.
Лори күлүп койду, бирок таарынган жок окшойт, ийинин куушуруп:
— Бир же эки жылдан кийин, кандай болгондо да он жетиге толгондон кийин,- деп жооп берди.
— Сиз он беште элесизби?- деп сурады Жо. Ал бул уланды он жетилерде болсо керек ойлогон.
— Кийинки айда он алтыга чыгам.
— Мен ушунчалык университетке баргым келет! Сиз, сыягы, анча деле каалабайсыз го дейм.
— Университет мага дегеле жакпайт! Же жаттайсың, же болбогон бир көңүл ачуулар. Бул жердеги уландардын жашоосу мага такыр жакпайт.
— А кайсы жерде жашагыңыз келет?
— Италияда жашап, өзүмө жаккан бир иш менен алек болсом деп эңсейм.
Жо сизге эмне менен алектенген жагат деп сурамакчы болду эле, бирок тигинин түйүлө түшкөн кабагын көрүп, теманы өзгөртмөк болду да, ыргакка жараша жер тээп:
— Сонун полька экен! Бийлеп келбейлиби?- деди.
— Сиз менен гана,- деди тиги кербезденип.
— Бийлей албайм. Мегге бийлебейм деп убада бердим эле, анткени… – Жо унчукпай, күлүп иерин же сөзүн улантарын билбей туруп калды.
— Эмнеге?- деп сурады Лори кызыгып.
— Эч кимге айтпайсызбы?
— Эч качан!
— Менин отко жакын турган бир жинди адатым бар, ушундан улам көп көйнөктөрүмү күйгүзүп алам. Бул көйнөгүмү да ушинткемин, жакшы жамалганы менен баары бир байкалып турат. Мег мунуңду эч ким көрбөсүн, жөн отур деген. Күлсөңүз, күлө бериңиз. Билем, бул чынында эле күлкүлүү.
Бирок Лори күлгөн жок, жер карай түштү да, Жо таң кала тургандай таризде сыпайы айтты:
— Эч нерсе эмес, анда биз мындай кылабыз: бул жерде узун зал бар, биз анын аркы четине барып жыргап бийлейбиз. Эч ким бизди көрбөйт. Жүрүңүз.
Жо ыракмат айтып жөнөп калды, бирок өнөгүнүн татынакай боз мээлейин көрүп, эки мээлейим тең таза болгондо эмне деп ойлоп койду. Узун зал ээн экен, полька да сонун эле. Лори мыкты бийлейт экен, Жого немистердин жаңы пасын үйрөттү. Ал ушунчалык эркин жана жандуу экен, Жонун оозу ачылып калды. Музыка токтогондо, тепкичке дем алганы отура кетишти. Мег сиңдисин издеп залга киргенде, Лори Гейдельбергдеги студенттик фестивалдарды берилип айтып жаткан. Ал баш ийкеп чакырган соң Жо айласыздан ээрчип капталдагы бөлмөгө кирсе, тиги өңү купкуу болуп, кызыл ашыгын кармалап отуруптур.
— Мен бутумду оорутуп алдым. Мобу кудай урган така кайрыла түшүп, баса албай араң турам,- деди ал оорудан ары-бери теңселип.
— Мен бул туфлиден ушундай болоруңду билгемин. Мына кырсык! Билбейм эмне кылышты, экипаж жалдагандан башка айла жок ко. Же ушул жерде түнү менен калыш керек,- деди Жо эжесинин бутун аяр кармалап.
— Экипаж жалдаганга көп акча кетет. Анын үстүнө коноктордун көбү өздөрүнүкү менен келишкен. А жакынкы атканага чейин алыс, анын үстүнө жибергенге да эч ким жок.
— Мен барып келе коём.
— Жок, болбойт! Саат он болуп калды, көчө капкараңгы. Бул жерде калганга да болбойт: коноктор толтура. Саллиге бир топ курбулары келишиптир. Ханна келгенче эс алып турайын, анан турганга аракет кылам.
— Мен Лориге айтайын, экипажга барып келсин,- деди Жо. Кылт эте калган бул ойдон өзү да жеңилдей түштү.
— Жок, айта көрбө! Эч кимден суранба да, эч кимге айтпа. Галошуму бер, а туфлини калган буюмдарга кошуп салып кой. Эми бийлей албайм, кечки тамак бүтөрү менен Ханнаны тап.
— Баары тамакка баратышат. Мен сени менен эле калайын.
— Жок, алтыным, сен бар да, мага кофе алып келип бер. Ушунчалык чарчадым, ордуман жылганга алым жок.
Мег галошун этеги менен жапканга аракет кылып, диванга чалкалай кетти, Жо болсо элеңдеп ашкананы издеп жөнөдү. Адегенде фарфор толо шкафка, анан мистер Гардинер жалгыз отурган бөлмөгө туш болду. Акырында ашкананы таап, столго жетип барды да бир чөйчөк кофени ала коёюн деди эле, чайпалып кетип, көйнөгүнө чачырап кетти. Ошентип, көйнөктүн алды да артынан кем болбой калды.
— О, кудай, деги эмне деген кызмын!- деп ийди Жо, көйнөгүн Мегдин мээлейи менен сүртүп.
— Жардам берсем болобу?- деди жакын адамдай бирөө. Караса, бир колуна кофе, бир колуна бал муздак кармаган Лори туруптур.
— Мегге бир нерсе алып барып берейин дедим эле, ал абдан чарчадым дейт… анан бирөө артыман тийип кетип… карабайсызбы эми,- деди Жо, бир этегиндеги тагын, бир кофе түстүү болуп калган мээлейин карап.
— Жаман болгон турбайбы! Мен буларды кимге берсем деп бараттым эле. Эжеңизге алып барып берсем болобу?
— Ыракмат! Мен сизге анын отурган жерин көрсөтөйүн. Өзүм алып барайын десем, дагы бирдеме болобу деп коркуп турам.
Жо жолду көрсөтүп берди. Лори айымдарды тейлеп көнгөн немедей кичинекей столду алып келип койду да, Жого да кофе менен балмуздак алып келип берди. Ал турсун оңой менен киши жактырбаган Мег да аны «жакшы бала экен» деп калды. Анан бөлмөгө кокусунан келип калган эки-үч улан менен девиздүү конфет жеп, «коңгуроо» ойношту. Ханна келгенде, оюн кызып калган. Мег бутун унутуп коюп, тура калайын деди эле, кыйкырып Жонун колун кармай калды.
— Акырын! Эч нерсе айтпа!,- деп шыбырады да, элге: — Эч нерсе болгон жок, бутум бир аз кайрылып калды,- деп аксаңдап, кийиниш үчүн тепкич менен жогору кетти.
Ханна наалып, Мег ыйлады, Жо бир азга апкаарып калды. Тез кийинди да, ылдый чуркап түшүп, кызматкерден экипаж таап бериңиз деп сурады. Тилекке каршы, ал ушул кечеге гана жалданган официант болгондуктан, жакын жердеги аткананы билбейт экен. Жо эмне кыларын билбей элеңдеп турганда, кудай жалгап Лори келип калды да, азыр эле чоң атасы жиберген экипажын сунуш кылды.
— Бирок азыр эрте да! Сиз кечирээк кетсеңиз керек эле,- демиш болду олку-солку болгон Жо жеңилдей түшүп.
— Мен дайыма эрте кетем. Уруксат берсеңиз, сиздерди да жеткирип коёюн. Жолубуз бир да… анан калса жаан жаап атат дейт.
Ушул жагдай түрткү болду да, Мег эмне болгонун айтып берип, тигилерди ээрчитип келгени кетти. Мышык сымал жаандан корккон адаты бар Ханна каршы болгон жок, ошентип, келишкен жабык экипажда жыргап кетип баратышты. Мег ээн-эркин отурсун деп, Лори экипажды айдаган кызматкердин жанына отургандыктан, кыздар кечеде болгон окуяларды талкуулап баратышты.
— Мен үчүн абдан сонун өттү. Сагачы?- деп сурады Жо, жайланып отуруп.
— Бутуму кайрып алганга чейин баары жакшы болду. Энни Моффат, Саллинин курбусу, мени абдан жактырып калды. Салли келгенде кошо бир жумага келип кет дейт. Салли болсо аныкына жазында, опера труппасы келгенде барат экен. Апам уруксат берсе, абдан сонун болот эле,- деп жооп берди Мег, ушул ойдон улам жандана түшүп.
— Карасам, сен баягы мен качып кеткен сары чачтуу бала менен бийлеп атыпсың. Ал сага жактыбы?
— Ооба, абдан жакты. Анын чачы сары эмес, кара күрөң экен. Абдан сылык бала экен, мен аны менен рейдовакты [8] жыргап бийледим.
— Ал жанагы жаңы паны кылганда, кутурган чегирткеге окшой түшөт экен. Лори экөөбүздүн боорубуз эзилип калды. Угулган жокпу?
— Жок, бирок баары бир жакшы эмес. Силер көшөгөнүн артында эмне кылып жүрөсүңөр?
Жо өз окуяларын айта баштады, аягына чыкканда экипаж да үйгө келип калды. Кайра-кайра ыракмат айтып коштошушту да, буттарынын учу менен басып акырын үйгө киришти, бирок бөлмөнүн эшиги ачар менен эле эки түнкү калпак пайда болуп, уйкулуу, бирок чыдамы кеткен үндөр чыкты:
— Бийди айтып бергилечи! Айтып бергилечи!
Мег айткандай «жеткен тарбиясыздык» кылып, Жо сиңдилерине бир нече конфет кымтый келген экен, аны жеп, кеченин эң кызыктуу окуяларын угушкан соң, ыраазы болуп калышты.
— Мен өзүмү бийден өзүнүн экипажы менен келип, пеньюарчан күзгүнүн алдында отурган жаш ледидей, айланамда кызматчыларым чуркап жүргөндөй сезип турам,- деди Мег Жого кайрылып. Жо болсо анын бутун компресс коюп таңып, чачын тарап жаткан.
— Чачыбыз күйүк, көйнөгүбүз эски, мээлейибиз булганган болсо деле, туфлибиз тар келип, бутубузду кайрып алсак деле керилген ледилерден кем ыракат албайбыз.
Менимче, Жонун айтканы туура.

ТӨРТҮНЧҮ БАП

ПИЛИГРИМДЕРДИН ТҮЙШҮГҮ
— Ох, жүктү кайра асынып, жол улаган кандай кыйын,- деп үшкүрдү Мег бийдин эртеси күнү эртең менен. Майрамдар да бүттү, бирок бир жумалык эс алуу менен көңүл ачуу мурунтан эле анча жакшы көрбөгөн жумушка ышкыны козгогон жок.
— Дайыма Рождество же Жаңы жыл болуп турса, кандай жакшы! Укмуш көңүлдүү болмок да, ээ?- деди Жо, оозун араандай ачып эстеп.
— Анда биз майрамдарга азыркыдай сүйүнмөк эмеспиз. Бирок бал муздак жеп, букет алып, бийге барып, үйгө экипаж менен кайтып, китеп окуп, эс алып, иштебей жүргөн баары бир сонун. Ушинтип жашаган кыздар бар да. Аларга дайыма ичим күйөт. Шаан-шөкөттүү жашоону ушунчалык жакшы көрөм,- деди Мег, эки эски көйнөктүн кайсынысы жаңыраак экенин ойлонуп жатып.
— Биз андай боло албайбыз, ошондуктан ыйлап-сыктабай, жүгүбүздү аркалайбыз да, апам сыяктуу кабагым-кашым дебей кыйын жолго чыгабыз. Марч жеңем мага «Миң бир түн» жомогундагы шейхтей сезилип кетет, мүмкүн, аны арызданбай-даттанбай аркама көтөргөндү үйрөнгөндө, ал кулап түшөт же мен сезбегендей жеңил болуп калат.
Бул ой Жого жага түшүп, көңүлү ачыла түштү, бирок Мегдин кабагы ачылган жок, анткени өз жүгү болгон төрт эрке бала мурункудан да оор сыяктуу туюлду. Ал турсун адаттагыдай мойнуна көк лента таккан жок, чачын да өзүнө жаккандай кылып тарабай койду.
— Жанагы кутурган эргежээлдерден башка эч ким көрбөгөндөн кийин жасанып эмне кылам, менин сулуу же сулуу эместигим кимге керек?- деп күбүрөндү ал, комоддун эшигин тарс жаап. – Кээде гана эс алганым болбосо, ушул иш деп жүрүп өмүрүм өтөт окшойт. Кедейликтин айынан башка кыздардай ойноп-күлө албай, карып кетем го. Кандай өкүнүчтүү!
Ошентип, кабагы карыш салынган Мег ылдый түшүп, тамакка отурду. Калгандарынын да сиркеси суу көтөрбөй турду. Бесстин башы ооруп, диванда мышык жана анын үч баласы менен алаксымыш болду. Эми жинденип галошун таба албай жатат, анын үстүнө кудай уруп сабагы да аткарылбай калыптыр. Жо ышкырып, кармаганын түшүрүп ийип, тарса-турс кылып жатты. Миссис Марч бүгүн сөзсүз жөнөтө турган катты бүтүрө албай алек. Кеч жатып, уйкусу канбай калган Ханнанын да кабагына кар жаап турду.
— Мындай ажаан үй-бүлөнү табыш кыйын!- деп ийди Жо, сыяны төгүп, батинкесинин боосу үзүлүп, шляпасына отуруп алгандан кийин чыдамы түгөнүп.
— А эң ажааны сенсиң!- деп жооп берди Эми, арифметика тапшырмасынын эч туура чыкпай жаткан жообуна жашын тамчылатып.
— Бесс, эгер сен ушул түрү суук мышыктарыңды жертөлөгө кармабасаң, мен аларды сууга думуктуруп өлтүрөм,- деди жинденген Мег, артына тырмышып чыгып алган мышыктын баласынан кутула албай жатып. Алып ыргытканга же бир колу жетсечи.
Жо күлүп ийди, Мег жинденип, Бесс жалдырап, он экини тогузга көбөйтсө канча болорун чыгара албай чаңырып ийди.
— Кыздар, жок дегенде бир мүнөткө унчукпай тургулачы! Бул катты эртең мененки почта менен жөнөтүшүм керек, силер ызылдап алаксытып жатасыңар!- деп кыйкырды миссис Марч, үчүнчү жолу жазганын айрып жатып.
Тынчтык өкүм сүрүп, аны бир гана эки жаңы бышырылган жарым тегерек пирожкини алып келип, столго коюп, кериле басып чыгып кеткен Ханна бузду. Жо менен Мег өздөрү «муфта» дешкен бул пирожкини жумушка алып кетүүнү салт кылып алышкан. Чыныгы муфталары жок болгондуктан, суукта ысык пирожки салынган түйүнчөктү кармап чыгуу жагымдуу болчу. Ханна байкуш канчалык иши көп болуп, канча ачууланса да, пирожки бышырганды эч унутчу эмес, анткени күн суук, шамал болчу, анын үстүнө бечара кыздар иштеген жеринен тамактанышчу эмес жана көбүнчө саат экиден кийин араң келишчү.
— Бесс, мышыктарың менен кучакташып жата бер, башың айыгып калат. Көрүшкөнчө, апа. Эртең менен шайтан болдук, кечинде периште болуп келип калабыз. Кеттик, Мег! – Жо чыгып баратып пилигримдер бүгүн жолго башкача чыкканын туйду.
Адатта алар бурула бергенде кайрылып үйдү карашчу, анткени апасы терезеден жылмая кол булгалачу. Мындай коштошуусуз жашай албачудай сезилип, кандай маанайда чыгышпасын, апасынын көз ирмемге көрүнө калган мээримдүү жүзү күн нурундай таасир этчү.
— Апам кол булгалагандын ордуна муштумун кезесе да туура болмок, анткени биздей акмактарды табыш кыйын!- деди кейиген Жо шамал ышкырган кардуу жолдо баратып.
— Мындай жаман сөздөрдү айтпасаңчы,- деп койду Мег. Ал бул дүйнөнүн азабынан арыган кечил кемпирдей жоолугун оронуп алган.
— Мен жакшы, таасирдүү, маанилүү сөздөрдү жакшы көрөм,- каршы болду Жо, шамалга учуп кетейин деген шляпасын тырыша кармап.
— Сен эмне десең дей бер, бирок мен «акмак» эмесмин жана мени бирөөлөрдүн антип айтышын каалабайм.
— Сен көңүлүң калган жансың, бүгүн шаан-шөкөт менен жашай албаганың үчүн жинденип турасың. Эч нерсе эмес! Карап тур, байкушум, мына мен мансапка жеткенде, экипаж да, бал муздак да, бийик такалуу туфли да, букеттер да, бийлей турган сары жигиттер да болот.
— Боорду эзбечи, Жо! – Мег Жонун сөздөрүнө күлүп ийип, көңүлү бир аз ачыла түштү.
— Күлгөн жакшы да. Болбосо мен да сендей капа болуп, кейип-кепчисем, түрүбүз кандай болмок. Бактыга жараша, мен көңүлүмү чөктүрбөш үчүн дайыма күлкүлүү нерсени таап алам. Сен да күңкүлдөп-мыңкылдай бербей үйгө шайыр кел. Ошондо азамат кыз болосуң.
Жо эжесин далыга таптап койду да, ошол жерден айрылышты. Экөө тең жылуу пирожкиси бар түйүнчөгүн кармап, бороондуу күнгө, алдыда күтүп турган жагымсыз жумушка жана жаштыктын ыракатын сүрө албай жатканына карабастан, кайраттуу, шайыр болгонго аракет кылып баратышты.
Мистер Марч бир жолу болбогон досуна жардам бере коём деп болгон байлыгынан айрылып калган соң, эки улуу кызы жан багыш үчүн иштөөгө уруксат беришин өтүнүшкөн. Баланы башынан мээнеткечтикке, жигердүүлүккө жана көз карандысыздыкка үйрөтүш керек деп ишенген ата-энеси макулдугун бергенден кийин эки кыз шымаланып ишке киришип, кездешкен тоскоолдуктардын баары ийгиликке алып келет деген ишенимде эле. Маргарет гувернантка болуп орношуп, азырак айлык алганда өзүн бай сезип калчу. Жогоруда өзү айткандай, «шаан-шөкөттү сүйчү», ушундан улам кедейлик анын эң жаман көргөнү. Бардар, жашоону көрүп калган неме жокчулуктан сиңдилерине караганда көбүрөк кыйналчу. Башкаларга көз артпай, ыраазы болуп жашаганга аракет кылчу, бирок ар кандай бийкеч сыяктуу эле кооз нерселерди, шайыр досторду каалачу, талантын өнүктүрүп, бактылуу болгонго умтулчу, мунун өзү табигый нерсе болчу. Өзү иштеген Кингдердин үйүнөн эңсеген нерселерин күн сайын көрчү, анткени өзү караган балдардын эжелери той-тамашаларга көп барышчу да, алардын кооз көйнөктөрү кылактап, букеттер жайнап, алардын театрлар, концерттер, чана тебүүлөр жана башка көңүл ачуулар жөнүндө кызуу сүйлөшкөндөрү угулуп турчу. Өзү үчүн кол жеткис сыяктанган акчалар болбогон нерселерге сарпталганын көрчү. Байкуш Мег даттанчу эмес, бирок адилетсиздиктен улам кээде жаны кашайчу, анткени колдо бар нерсени баалап, ошону менен эле бактылуу жашаса болорун али биле элек болчу.
Жо болсо аксап, бирөөнүн жардамына муктаж болуп жүргөн Марч жеңеге жагып калды. Баласы жок болгондуктан, Марчтардын үй-бүлөсү жамандыкка дуушар болгондон кийин эле бир кызыңарды мен багып алайын деп сураган, бирок Жонун ата-энеси макул болбой койгондуктан, таарынычы бар болчу. Бай эжеңердин мурасынан куру жалак каласыңар деп достору Марчтарга көп эле айтышты, бирок «апенди чалыш» Марчтар аларга: «Биз кыздарыбызды эч бир байлыкка алмаштырбайбыз. Бар болсо да, жок болсо да, дайым чогуу болобуз, биздин бактыбыз ушул»,- деп коюшту.
Карыган леди бир топко чейин кераяк туугандары менен сүйлөшпөй жүрдү. Бирок бир жолу Жону тааныштарыныкынан көрүп калат да, эркек баладай болгон бул кыз эмнегедир жагып калат. Натыйжада ал Жого компаньонкам бол деп сунуш кылды. Мындай иш жакпаса да, Жо макул болду, анткени башка жакшырак иш табылбады. Көп өтпөй эле анын таарынчаак, кежир тууганы менен тил табышып кеткенине баары таң калышты. Албетте, кээде уруш-талаш да чыгып кетчү, ал турсун бир жолу Жо мындайга чыдай албайм деп кетип да калды, бирок Марч жеңе кайра келсин деп киши жиберип, бул карыган чыр ледини эмнегедир жакшы көрө турган Жо ага жок дей албады.
Бирок менимче, Жону азгырган башка дагы бир нерсе бар эле: ал Марч аба өлгөндөн кийин каралбай, чаң басып, жөргөмүштүн желеси каптап калган китепкана эле. Кичинекейинде килейген сөздүктөрдөн жол, көпүрө курганга уруксат берип, кооз сүрөттүү китептериндеги кызыктуу окуялардан айтып берип, көчөдөн жолуккан сайын дүкөндөн имбир печенье алып берчү мээримдүү чал эсинде болчу. Бийик китеп шкафтардан карап турган бюсттары, ыңгайлуу креслосу, глобусу бар жана эң негизгиси, эсепсиз китептерге толо чаң баскан бул бөлмө Жо үчүн бейиш болчу. Марч жеңенин көзү илине түшсө же коноктор менен сүйлөшүп отуруп калса эле Жо ошол бөлмөгө жетип, ыңгайлуу креслого бүрүшүп жатып алып поэзияга, романдарга, тарыхый китептерге, саякатчылардын баяндарына, иллюстрациялуу альбомдорго кадалып калчу. Бирок бул бакыт башка бардык жакшы нерселердей эле көпкө созулчу эмес жана романдын эң кызык жерине, ырлардын укмушуна же саякатчылардын окуяларынын эң коркунучтуусуна келгенде, «Жозе-фина! Жозе-фина!» деген кемпирдин чайылдаган үнү чыкчу да, бейиштен чыгып, түйүн жипти жандырганы, пуделди жуундурганы же сааттар бою Белшемдин очерктерин окуп бергени жөнөчү.
Жо бир сонун нерсе жасасам деп кыялданчу, бирок ал эмне экенин өзү да билбегендиктен, убакыт өзү көрсөтөр деп үмүттөнчү. Азыр болсо ал үчүн эң чоң бактысыздык каалаганча китеп окуп, чуркап, атчан жүрө албаганы. Кызуу кандуулугунан, тили курчтугунан жана шоктугунан улам дайыма жагымсыз нерселерге кириптер болуп, жашоосу оош-кыйыш менен өтүп, анысы бир эле учурда күлкү келтирип, ичти элжиретчү. Бирок Марч жеңенин үйүндө иштөө Жо үчүн зарыл болгон жашоо мектеби болчу жана «Жозе-фина!» деген чаңырыкка карабастан, өзүмдү өзүм багып атам деп ойлогондо өзүн бактылуу сезчү.
Бесс абдан жоош болгондуктан, мектептен окуй алмак эмес; окууга жиберип да көрүштү, бирок абдан кыйналгандыктан, кой дешти. Аны атасы окутуп жүрдү, кийин ал согушка кетип, апасы бар күчүн Армияны колдоо коомуна жумшап калганда да Бесс аракетин токтотпой окуй берди. Ал кичинекей болгону менен абдан мээнеткеч болчу, Ханнага тынбай жардам берип, үйдү мизилдетип таза кармачу жана мунусу үчүн мээримден башка эч нерсе талап кылчу эмес. Кыялында жайнаган достору болуп, өзү табиятынан аары сымал мээнеткеч болгондуктан, бейкут күндөрдүн узундугун туйчу эмес. Күн сайын алты куурчагын ойготуп, кийиндирчү, анткени Бесс дагы эле наристе болчу жана куурчактарын абдан жакшы көрчү. Алардын арасында бүтүнү да, коозу да жок эле, анткени баары эжелеринен калган эле, анын үстүнө Эми эски жана түрү сууктарын каалабагандыктан, баары Бесске келип баш калкалашчу. Дал ушул себептен улам Бесс аларды эркелетчү. Алардын жумшак чүпөрөк денесине эч качан ийне сайылчу эмес, жаман сөз угуп, таяк жешчү эмес, баарынын карды ток, кайгысы жок болуп, мээримге бөлөнүп турчу. Ошондой куурчактардын бири мурун Жого тиешелүү болуп жүрүп, кийин кыркынды салган баштыктан жай тапкан. Кебетеси кетип калган бул куурчакты Бесс куткарып, өзүнүн баш калкалоочу жайына алып келген. Башынын жогору жагы жок болгондуктан, Бесс кичинекей топуну сонун кылып кийгизип, буту-колу жок мунжу экенин билдирбей, одеялга ороп, бул оорукчан куурчакка керебеттердин сонунун берген. Бул куурчак кандай мээримге бөлөнүп жатканын бирөө билсе, жылмайганы менен ичи элжиреп турмак деп ойлойм. Бесс куурчакка гүл алып келип берип, китеп окуп берчү, көкүрөгүнө кысып таза абадан эс алдырып келчү, бешик ырын ырдап берип, «Бүгүн түнү жакшы уктайсың го, байкушум» деп шыбырап, ботала болгон бетинен өпмөйүнчө жатчу эмес.
Башкалар сыяктуу эле Бесстин да өзүнүн кайгы-капасы бар эле жана периште эмес, кадимки эле карапайым кыздардан болгондуктан, музыкадан сабак алып, фортепьяно ойной албагандыктан, Жо айткандай, «эмшеңдеп ыйлап калар эле». Музыканы ушунчалык берилип сүйүп, тырышып окуп, эски инструментте гаммаларды ушунчалык чыдамкайлык менен ойногондуктан, кимдир бирөө (Марч жеңеден го үмүт жок болчу) муну көрүп, жардамга келиш керек эле. Бирок эч ким жардам берген жок жана анын саргарган клавиштерге тамган көз жашын аарчыйм деп бир аз бузуп ойноп жибергенин эч ким да көргөн жок. Иштегенде дайыма ырдап жүрчү, апасы менен эже-сиңдилерине ойногондон эч баш тартчу эмес жана күн сайын өзүнчө кайталачу: «Билем, жакшы кыз болсом, сөзсүз жакшы фортепьяного жетем».
Дүйнөдө Бесс сыяктуу жоош-момун, өз бурчунда күн көрүп, башкалар үчүн жан деп кызмат кылган адамдар көп, бирок алардын мунусун эч ким байкабайт деле, болгону чегиртке чырылдабай калганда гана анын жоктугу билинип, орду аңгырай түшөт.
Эгер бирөө Эмиден бул жашоодо баарынан эмнеге нааразысың деп сураса, ал ойлонбой туруп: «Мурдум»,- демек. Ал кичинекей кезинде Жо аны көмүрү менен турган чакага түшүрүп ийгени бар. Мурдум ошондон кийин оңбой калды дейт ал. Мурду чоң деле эмес, кызыл да эмес, болгону бир аз быйпыгый, канча чымчыбасын баары бир ак сөөк мурун болбой койду. Өзүнөн башка эч ким буга көңүл деле бурбайт, мурун байкуш да жакшы эле өскөнгө аракет кылып жатат, бирок Эми грек мурундун жоктугунан кыйналып, өзүн жубатыш үчүн комуздай мурундарды тарта берип канчалаган кагазды кетирди.
«Кичинекей Рафаэль» (эжелери аны ушинтип коюшчу) сүрөткө жөндөмдүү чыкты. Баарынан да гүлдөрдү, өзү ойлоп тапкан феяларды тартканды, китептерди таң каларлык сүрөттөр менен иллюстрациялаганды жакшы көрчү. Мугалимдер тапшырманы аткаргандын ордуна жаныбарлардын сүрөтүн тартып отура берет деп даттанышчу. Географиялык атласынын актай беттеринде карталардын көчүрмөлөрү пайда болуп калчу, кээде китептеринен күлкүлүү карикатуралар түшүп калып уят кылчу. Окуусу алына жараша болуп, үлгүлүү жүрүм-туруму көп нерсени жууп кетчү. Классташтары жооштугу жана кишиге оңой жага билгендиги үчүн жакшы көрүшчү, анын бир аз көйрөңдүгү башка көп кырдуу таланты, мисалы, сүрөткө шыктуулугу, фортепьянодо ар түрдүү он эки мелодияны ойной билгендиги, саймачылыгы, сөздөрдүн үчтөн экисин туура эмес окуса да французча окуй билгендиги сыяктуу эле көптөрдү суктандырчу. Ал адамдын боору ооругандай таризде «Атам бай кезде тигинтчү элек, минтчү элек» деп наалып калар эле. Анын «тири укмуштай акылдуу сөздөрүн» уккан башка кыздардын оозу ачылып калар эле.
Баары мактап, көзүн карай бергендиктен, Эминин мактанчаактыгы менен өзүмчүлдүгү барган сайын артып баратат. Бирок анын желин чыгарып коё турган бир жагдай бар эле: ал туугандардын кызынын эски көйнөктөрүн кийчү. Тиги кыздын апасында табит деген неме таптакыр жок болгондуктан, Эми көк шляпанын ордуна кызыл шляпа, кебетеси келишкен көйнөктөрдү кийгенден абдан кыйналчу. Кийимдер бышык, жакшы тигилип, аз кийилгени менен көркөм табити күчтүү Эми азап тарчу, өзгөчө быйыл сары темгилдүү кызгылт көк, эч кандай жасалгасы жок мектеп көйнөгүн кийгенде жаман болду.
— Бир жакшы жери,- деди ал Мегге, көзүн жашылдантып,- апам Мэри Паркенин апасындай болуп тартип бузганда этегими бүгүп койбойт. О, кудай анын бетин ары кылсын, ал тартипти катуу бузганда, бүгүлгөн көйнөгү тизесин араң жаап калат да, мектепке бара албай калат. Андай дискриминацияны ойлосом, быйпыйган мурдум, ал турсун мына бу сары темгилдүү кызгылт көк кеп болбой калат.
Мег Эминин ишенимдүү кишиси жана насаатчысы болчу, ал эми Жо эмнегедир жоош-момун Бесске жан тартып, ошондой роль ойночу. Бесс да сырын Жого гана айтып, өзү да билип-билбей шок эжесине баарынан көбүрөөк таасир этчү. Чоң кыздар өздөрүнчө абдан ынак болчу, бирок экөө бирден сиңдисин карап, муну өздөрүнчө «апа оюну» деп коюшчу. Муну менен кичинекей айымдар энелик инстинктине баш ийип, сиңдилерин куурчак катары көрүшчү.
— Кызыктуу бир нерсе айтып бергилечи! Бүгүн аябай оор күн болду, алаксыгым келип турат,- деди Мег, төртөө ошол күнү кечинде чогулуп отурганда.
— Бүгүн жеңем экөөбүз кызык болдук, ошону айтып берейин, анткени утуш меники болду,- деп баштады аңгеме айтканды жакшы көргөн Жо. – Мен баягы эле бүтпөгөн Белшемди мыңкылдап окуп берип жаткамын. Тезирээк көзү илинип кетсе, ойгонгуча бир китеп окуп жыргайын деп атайын ушундай кылам. Бирок бул жолу ал эмес эле өзүмдүн уйкум келип, оозуму араандай ачып эстедим эле, китепти жутуп ийбе деп калды. «Тилекке каршы, анте албайм»,- деп жооп бердим момурамыш болуп. Ал бир топко насаат окуп, анан мен бир «үргүлөп» алганча, өз күнөөлөрүңдү ойлонуп отуруп тур деди. Ал кайра ойгонгончо көп убакыт өтөрүн билгендиктен, башы кыйшая баштаганда эле чөнтөгүмөн «Вексфильддик попту» алып чыгып, окуп кирдим. Анда-санда жеңемди карап коём. Баары сууга кулап түшкөн жерине келгенде чыдабай кетип каткырып ийдим. Жеңем ойгонуп кетти да, куш уйкудан улам ак пейил болуп калгандыктан, Белшемдин ордуна эмнени окуп жатканымы билиш үчүн бир аз мага да окуп бер деди. Мен абдан аракет кылгандыктан, жеңеме абдан жагып калды да: «Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнбөй турам. Башынан окучу, кызым», — деди. Ошентип, биринчи баптан тарта Примроздорго кызыктырганга аракет кылып окуп кирдим. Ал турсун абдан кызыктуу бир жерине келгенде: «Бул сизди чарчатып коёт го деп коркуп турам, мэм, токтотуп койсок кантет?».
Ал жерге түшүп кеткен торун ала койду да, көз айнегинен мени ачуулуу карап: «Бапты аягына чейин окуңуз, мисс, каяша айтканды коюп,- деди адатынча чорт сүйлөп.
— Жакканын мойнуна алдыбы?- деп сурады Мег.
— Жок, кайдан мойнуна алмак эле! Бирок Белшемди окутканын токтотту, үйгө жөнөйүн деп жатып мээлейими алганы кирсем, баш-оту менен «Вексфильддик попко» кирип кеткен экен, күлүп ийип, сүйүнгөнүмөн оозгу бөлмөдө бийлеп ийгеними да уккан жок. Өзү кааласа эле жашоосу ушундай сонун болмок! Акчасы көп болгону менен ага анча деле ичим күйбөйт, анткени байлардын түйшүгү деле кедейлердикинен кем эмес,- деп жыйынтык чыгарды Жо.
— Сенин сөзүңдөн улам менин да эсиме бир нерсе түштү,- деди Мег. – Албетте, бул окуя Жонукундай күлкүлүү эмес, бирок жолдо келатып ушуну ойлонуп келдим. Бүгүн Кингдердин баары үрпөйүп жүрүштү, кичинекей кыздардын бири агаларыман бирөө абдан жаман иш кылгандыктан, атам үйдөн кууп жиберем деп жатат деди. Миссис Кингдин ыйлаганын, мистер Кингдин кыйкырганын уктум, Грейс менен Элен коридордо ыйлаганыбызды көрбөсүн деп менден бурулуп кетишти. Мен, албетте, сурай алганым жок, бирок аларга абдан боорум ооруду. Кудайга шүгүр, менин андай уят кыла турган ага-инилерим жок.
— Менимче, мектепте шерменде болгон андан да жаман,- деп башын чайкады Эми, башынан көп нерсе өткөргөн айымдай. – Бүгүн Сузи Перкинс мектепке акак таштуу шакек салынып келди. Мен да ошондой шакектүү болгум келип, анын ордунда болгум келди. Анан ал жөн отурбай, тактайчасына мистер Девисти мурдун коңкойтуп, жонун бүкүрөйтүп, «Мен баарын көрүп турам!» деп тири шумдук кылып кылып тартып койду. Баарыбыз күлдүк, бир маалда тигил чын эле баарын көрөт окшойт, Сузини тактайчаңды алып кел деп калса болобу. Ал коркконунан селее түштү, бирок барды. Анан эмне кылды дебейсиңерби? Кулактан алып, элестетсеңер, кулактан, анан тактайдын алдына алып барып, тактайчасын баары көргүдөй кылып карматып туруп, жарым саат тургузуп койду.
— Кыздар сүрөткө күлүшкөн жокпу?- деп сурады бул окуяны ыракаттанып угуп жаткан Жо.
— Кайдагы күлкү! Бирөө да күлгөн жок. Бардыгы демин катып отурушту, а Сузинин көзү ыйлап атып агып түшүп калды окшойт, ооба, ошондой эле болду. Ага көз артпай да калдым, анткени миллион акак таштуу шакек да мындай жаман окуядан кийин бактылуу кыла албайт да. – Анан Эми өзүнүн ушундай жакшы кыз экенине, анын үстүнө эки кыйын сөздү удаасы менен так айтканына сыймыктана ишин улантты.
— А мен бүгүн эртең менен өзүмө абдан жаккан нерсени көрдүм. Тамак ичип отурганда айтып берем деп жатып эсимден чыгып кетиптир,- деди Бесс ишин кылып атып. Ал Жонун башаламан болгон себетин иретке келтирип жаткан. – Ханна мени балык саткан дүкөнгө устрица алып кел деп жиберген. Барсам, ал жерде мистер Лоренс бар экен, мистер Каттер, дүкөндүн ээси, менен сүйлөшүп туруптур. Бочканын артында турган элем, мени көргөн жок. Ошол учурда чака менен швабра кармаган бир бечара аял кирип калды да, полуңузду жууп берейин, бир кесим балык бериңизчи, бүгүн эч жумуш таба албай койдум деп айтты. Мистер Каттер иши көп болгондуктанбы, ачууланып «жок» деди. Тигил аял айласы жок кетмекчи болду эле, мистер Лоренс таягынын иймек башы менен бир чоң балыкты илип алды да, аялга берди. Ал ушунчалык сүйүнүп кетти да, балыкты кош колдоп кармап, ыракмат айта баштады. Мистер Лоренс бар да, балдарыңа балыкты бышырып бер деди эле, тиги сүйүнгөн боюнча кетти. Ал абдан жакшы иш кылды! Тигил аял жылбышкан чоң балыкты күлкү келерликтей бооруна кыса, мистер Лоренсти «бейишке чыгыңыз» деп айтты.
Кыздар күлүп болуп, апасынан да өтүнүштү эле, ал бир азга ойлоно түшүп, олуттуу түрдө баштады:
— Бүгүн көк фланелден куртка бычып жатып, атаңарды жана кокус ал бир нерсе болсо жалгыз, багар-көрөрүбүз жок каларыбызды ойлодум. Албетте, бул болбойт, бирок куртканы алып кете турган чал келгенче эмнегедир эле ушундай ойлор кетпей койду. Ал бир аз отуруп калды, чарчагандай, тынчы кеткендей түрү бар. «Уулуңуз армиядабы?» — деп сурадым, анткени анын алып келген каты мага болбогондуктан, ичинде эмне деп жазылганын билбедим. «Ооба, мэм. Төртөө эле, экөө каза болду, бирөө туткунда, азыр оор жарадар болуп, Вашингтондо госпиталда жаткан төртүнчүсүнө кетип баратам»,- деди ал токтоолук менен. «Өлкөгө көп нерсеңизди берген экенсиз, сэр»,- дедим, ичимен сыйлап. «Мен өз милдетимди гана аткардым, мэм. Эгер пайдам болсо, өзүм да барат элем, бирок бара албагандыктан, балдарымды бердим, бул үчүн эч нерсе сурабайм да».
Ал чын дилинен сүйлөп жатты жана эң кымбат нерсесин аянбай берген аны көрүп туруп, өзүм уялып калдым. Мен өлкө үчүн бир кишини берип, аны да көп деп ойлоп отурсам, ал төртөөнү бериптир. Менин үйдө алаксыта турган төрт кызым бар, анын акыркы уулу алыс жакта, балким, коштошуп калсам экен деп жалдырап күтүп жатат. Анан колдо бар нерселерими ойлоп өзүмдү абдан бактылуу, бай сезип кеттим, тиги чалга чоң посылка, акча берип, берген сабагы үчүн чын дилимден ыракмат айттым.
— Дагы бир нерсе айтып берчи, апа, моралы менен болсун. Мен сенин айтып бергендериң жөнүндө ойлонгонду жакшы көрөм, эгер алар чыныгы, анан өтө эле насаат түрүндө болбосо,- деди Жо, бир мүнөттөй жымжырттыктан кийин.
Миссис Марч бул кичинекей топко көп жылдан бери сүйлөп берип жүргөндүктөн, кыздарынын сырын билчү. Ал жылмайып койду да, мындай деп баштады:
— Бар экен, жок экен, илгери төрт кыз болгон экен, алардын курсагы ток, кайгысы жок, үстү бүтүн, ынак достору, сүйгөн ата-энеси бар экен, бирок кыздар эмнегедир ыраазы болушпаптыр. – Кыздар тиктеше түшүштү да, жакшылап тиге башташты. – Алар жакшы болгусу келишип, мыкты чечимдерге келишкени менен аларды көп аткарышчу эмес экен. Дайыма «Мунубуз болгондо, тигинибиз болгондо» дешип, колдо бар жакшы нерселерин унутуп коюшчу экен. Бир жолу кыздар бир ак көңүл кемпирден канткенде бактылуу болобуз деп сурашканда, ал: «Тагдырыңарга нааразы болгондо, колдо бар жакшы нерселерди ойлоп, ошого ыраазы болгула»,- деп жооп бериптир. (Ушул жерге келгенде, Жо башын көтөрүп, бир нерсе сурамакчы болду эле, бирок аңгеме бүтө элек экенин билип унчукпай калды). Кыздар акылдуу болгондуктан, кемпирдин айтканын кылмак болушту. Көп өтпөй эле баары жакшы болуп баратканын байкап, таң калышты. Бирөө эч кандай акча байлардын үйүн уят менен кайгыдан калкалап кала албасын билди, экинчиси айланасындагы жыргалдан ыракат ала албаган кары кемпирден көрө жаш, ден соолугу чың, шайыр кыз болгон жакшы экенин түшүндү, үчүнчүсү түшкү тамакты даярдоо оор иш болгону менен анын жогу андан бешбетер кыйын экенин аңдады, төртүнчүсү үлгүлүү жүрүм-турум акактуу шакектен баалуу экенине ынанды. Ошентип, кыздар мындан ары наалыбай жүрөлү деп чечишти. Колдо бар нерселерден ыракат алып, ага татыктуу бололу, антпесек алар көбөйгөндүн ордуна жок болуп кеткидей дешти. Мен билем, ал кыздар мээримдүү кемпирдин айтканын кылганына кийин эч өкүнүшкөн жок.
— Бирок, апа, бул туура эмес! Өзүбүз айтып берген окуялар өзүбүзгө насаат болуп тийди,- деп жиберди Мег.
— Мага ушундай акыл-насааттар жагат. Мындайларды атам айтып берчү эле,- деди Жонун жаздыгын тигип жаткан Бесс ой басып.
— Мен баарынан азыраак даттанып, этиятыраак болом, анткени Сузинин трагедиясы мен үчүн чоң сабак болду,- деди Эми момурап.
— Бизге бул сабак керек эле, муну эми унутпайбыз. Эгер унутсак, анда «Том байкенин кепесиндеги» карыган Хлоядай болуп: «Өз жыргалчылыгыңарды ойлогула, балдар! Өз жыргалчылыгыңарды ойлогула!» деп айтып туруңуз,- деди баарын тамашага айландырып жиберме адаты бар Жо. Бирок башкалардай эле ага да бул акыл-насаат катуу таасир этти.
БЕШИНЧИ БАП

КОШУНАЛАР
— Жо, айтсаң, кайда барасың?- деп сурады Мег бороондуу күнү түштөн кийин резина өтүк, эски пальто кийип, бир колуна шыпыргы, бир колуна күрөк кармап, сыртка чыгып бараткан Жодон.
— Эшикке чыгып, буту-колумду жазып келейин,- деп жооп берди Жо, шок көздөрүн ойноктото.
— Менимче, жумушка барып, кайра келүү бир күн үчүн жетишет! Мендей болуп эле каминдин жанында отурсаңчы. Үйдө жылуу, кургак, эшикте болсо суук, ным, караңгы,- деди Мег калтырай түшүп.
— Кеңешти ук, бирок өз билгениңдей кыл! Кечке чейин үйдө отура албайм, от боюнда үргүлөп жаткандай мышык эмесмин. Мен кызык окуяларды жакшы көрөм жана аларды издейм.
Мег бутун отко кактап, «Айвенгону» окумак болду, Жо болсо үйдүн алдындагы жолдун карын шыпырып кирди. Кар жеңил болгондуктан, тез эле бакты тегерете кеткен жолду тазалап койду, эми күн чыкканда Бесс куурчактарын таза абадан дем алдыра берсе болот. Бак Марчтардын үйүн мистер Лоренстердикинен бөлүп турчу. Үйлөр шаардын четинде болгондуктан, чоң бактар, шалбаалар, тынч көчөлөрү айыл жерин эске салып турчу. Жапыс өскөн кашаалар кошуналарды бөлүп турчу. Бир жагында Марчтардын эски үйү турчу жана мезгилдин өтүшү менен карарып бараткан үй терезеге өстүрүлгөн гүлдөрсүз жана башка чырмоокторсуз кышында жылаңач сыяктуу туюлчу. Башка жагында таштан курулган үй заңкайып турчу, анда чоң карета сарайдан баштап жакшы каралган газондор менен оранжереялар жана сонун терезе пардалардан көрүнүп турган кооз нерселер бардар турмуш менен шаан-шөкөттөн кабар берип турчу. Бирок бул телегейи тегиз үй эмнегедир ээнсиреп турчу: шалбаада балдар ойночу эмес, терезеден жылмайган эненин жүзү көрүнчү эмес жана үйгө кирип чыккан мистер Лоренс менен небересинен башка киши деле көп көрүнчү эмес.
Ой-кыялы удургуп турган Жого бул заңкайган үй сыйкырдуу ак сарайдай, ичи толо казына, эч ким үзүрүн көрбөгөн жыргалдар бардай туюлчу. Ал башкалар көрбөгөн шаан-шөкөттү көрүп, «мистер Лоренстин небереси» менен таанышсам деп жүрчү. Тигинин да таанышайын деген эле түрү бар, бирок кантип таанышууну билбей жүрөт окшойт. Баягы бий кечесинен кийин Жо ого бетер дегдеп калды; аны менен достошуунун ар түрдүү жолдорун ойлоп тапты, бирок тиги соңку жумаларда такыр көрүнбөй калды. Кетип калган окшойт деп корко баштады эле, бирок бир күнү экинчи кабаттан анын кара тору өңү көзгө чалдыга түштү, караса, Бесс менен Эминин кар тоголотуп ойноп жүргөнүн карап туруптур.
«Бул бала теңтуштары, көңүл ача турган оюну жок кыйналат экен,- деди ал өзүнчө. – Чоң атасы небересине эмне пайдалуу экенин билбей эле камап жата берет окшойт, буга болсо ойной турган балдар, же жок дегенде жашыраак жана шайырыраак бирөө керек. Мен бул кары мырзага баары бир барып айтам муну!»
Эч кимден тартынбаган кылык-жоругу, жүрүм-туруму менен созулган Мегдин жүрөгүн түшүрчү Жонун оюн ушул идея биротоло бийлеп алды. «Барып айтуу» идеясы унутула элек болгондуктан, Жо ушул бороондуу күнү бир аракет кылып көрмөй болду. Ал мистер Лоренстин экипажы үйдөн чыгып кеткенин көрдү да, кашаага барчу жолун тазалады. Анан токтоп, тиги үйдү карады. Баары тыптынч: төмөнкү кабаттын пардалары түшүрүлүү, кызматкерлер көрүнбөйт, экинчи кабаттын терезесинен көрүнүп турган кара тармал чачтан башка киши аттуудан эч ким жок.
«Бул ошол,- деп ойлоду Жо. – Байкуш! Ушундай күндө ооруп жалгыз отурат. Жакшы эмес. Кар ыргытып көрөйүн, караса, бир ооз жылуу сөз айтып коёюн».
Жумшак кар терезеге бир тийди да, тармал чач дароо кайрылды жана жүзүндөгү кайдыгерлик дароо жок болду: бакырайган көздөрү жайнай түшүп, оозу жалжайды. Жо күлдү да, шыпыргысын булгалап кыйкырды:
— Кандайсың? Ооруп атасыңбы?
Лори терезени ачып, каргадай кыркырады:
— Ыракмат, азыр жакшы болуп калдым. Катуу суук тийип, бир жума үйдө отурдум.
— Жаман болгон турбайбы. Көңүл ачып атасыңбы?
— Жок. Аябай зериктим.
— Китеп окуп атасыңбы?
— Бир аз. Көп уруксат беришпейт.
— Окуп берген бирөө да жокпу?
— Кээде чоң атам окуп берет, бирок менин китептерим ага кызыксыз, а мистер Бруктан дайыма эле сурана бере албайм.
— Анда бирөөнү конокко чакыр да.
— Бул жерде мен каалаган эч ким жок. Балдарды чакырсаң, ызы-чуу боло беришет, мен болсо али алсызмын.
— Келип, сага китеп окуп берип, көңүлүңдү ача турган кыздар жокпу? Кыздар адатта жоош, жакшы болушат. Алар оорулуу кишини караганды жакшы көрүшөт.
— Мен андайларды билбейм.
— Сен бизди тааныйсың да,- деп бараткан Жо күлүп ийди да, унчукпай калды.
— Чын эле! Сен келип кетчи!- деп кыйкырды Лори.
— Мен, албетте, жоош да, жакшынакай да эмесмин, бирок апам уруксат берсе келем. Азыр сурап көрөйүн. Терезени жап да, мен келгенче күтүп тур.
Ушуну айтып, Жо апам менен эже-сиңдилерим эмне дээр экен деп шыпыргысын далысына салып үйгө жөнөдү.
Жаңы курбу күтөм деген ой Лорини жагымдуу толкундатып, бөлмөсүндө ары-бери чуркап, акыркы даярдыктарды көрүп атты. Миссис Марч айткандай, ал чыныгы жаш жентельмен болчу жана коноктун урматына чатышкан тармал чачтарын тарап, жаңы жака тагынды жана беш-алты кызматчы болгонуна карабастан, бир аз чачылып жаткан бөлмөсүн иретке келтиримиш болду.
Акырында коңгуроо катуу кагылды да, бирөө чечкиндүү үн менен мистер Лорини сурап, таң калган кызматчынын тепкич менен шашыла чыгып келатканы угулду.
— Жакшы, аны бул жакка ээрчитип келиңиз, ал мисс Жо,- деди мистер Лори конокту тоскону кичи залга баратып. Көп өтпөй эле бети кызарган, жайдары, бир колуна жабык идиш, экинчи колуна Бесстин үч кичинекей мышыгын кармаган Жо келди.
— Мына, оокаттарымды көтөрүп келип калдым,- деди ал шаңкылдап. – Апам салам айтып, эгер бир нерседен жардам бере алсам сүйүнөт элем деди. Мег бланманжесин берип ийди, ал муну сонун бышырат. А Бесс болсо мышыктын балдары тез эле айыктырып коёт дейт. Билем, сен буга күлөсүң, бирок ал чын дилинен сага жардам бергиси келгендиктен, кой дей алган жокмун.
Бесстин берип ийген мышыктары таанышуу үчүн абдан сонун каражат болуп чыкты: Лори мышыктын балдарына күлүп атып, тартынчаактыгын унутуп койду да, дароо эле божурап сүйлөшүп калды.
— Мындай кооз нерсени жегенге болбойт го,- деди ал ыраазы болуп, Жо Эминин жакшы көргөн геранынын көк жалбырактары жана кызыл гүлдөрү менен кооздолгон бланманжени ачканда.
— Андай деле эмес, болгону бардыгы дос экенин көрсөткүсү келишти. Кызматчыга айтсаң, муну алып кетип, анан сага чай менен берсин. Бланманже – жеңил тамак, аны бейтаптар да жесе болот, анын үстүнө жумшак болгондуктан, ооруган тамагыңдан кантип өтүп кеткенин да билбей каласың… Бөлмөң абдан жайлуу экен!
— Кызматчылар жакшылап жыйыштырышса, жайлуу болмок, бирок алар андай кылышпайт, мен болсо аларды мажбурлай албайм. Бирок буга чындап эле кыжалат болом.
— Мен муну эки эле мүнөттө жасап коём; каминди шыпырып коюш керек… мына минтип… каминдин текчесине баарын тегиз тизип коюш керек… минтип… китептерди бул жакка… бөтөлкөдөгү дарыларды бул жакка… диваныңды жарыктан буруп коюш керек да, жаздыгыңды бир аз көптүрүп коюш керек. Мына, эми баары жайында.
Оозу тынбай сүйлөп, күлүп атып эле Жо буюмдарды ордуна жайгаштырып койду. Эми бөлмө таптакыр башкача болуп калды. Лори унчукпай көз салып турду да, Жо көрсөткөн диванга отура кетип, ыраазы болду:
— Абдан жакшы иш кылбадыңбы, ыракмат! Бул бөлмөгө ушул керек болчу. Эми тигил чоң креслого отур да, менин коногум бол.
— Жок, мен сенин көңүлүңдү ачканы келбедимби. Китеп окуп берейинби? – Жо жакын жерде турган китептерди кызыгып карап койду.
— Ыракмат! Мен булардын баарын окугамын, эгер каршы болбосоң, сүйлөшүп отуралы.
— Эч каршы эмесмин. Сүйлөтүп койсо, керээли кечке сүйлөй берем. Бесс сен токтогонду билбейсиң деп айтат.
— Бесс бети кызыл, кээде гана үйдөн кичинекей себетин көтөрүп чыгып кала турган кызбы?- деп сурады Лори кызыгып.
— Ооба, ошол. Ал менин кызым, абдан жакшы кыз.
— Сулуу кыз – Мег, а тармал чач – Эми, ушундайбы?
— Сен кайдан билесиң?
Лори кызарып кетти, бирок чынын айтты.
— Мен көбүнчө жогору жакта жалгыз отурам, анан силер бири-бириңерди чакырганда, чыдай албай карай берем. Силер, сыягы, убакытты абдан көңүлдүү өткөрөсүңөр. Шоктугум үчүн кечирим сурайм, бирок силер гүлдөр өскөн терезенин пардасын жапканды унутуп коёсуңар да, лампаны күйгүзгөндөн кийин баары көрүнүп турат: камин, силер баарыңар апаңарды тегеректеп отурасыңар, тегерегиңер гүл болуп, кооз көрүнгөндүктөн, карай берем. А менин болсо апам жок. – Лори каминдеги отту козгомуш болуп калды.
Анын кара көздөрүндөгү кусалык боорукер Жонун жүрөгүн титиретип жиберди. Тарбиясынан улам болсо керек, Жо он бешке чыкса да, бала сыяктуу баёо болчу. Лори оорулуу жана жалгыз болгондуктан, өзүндөгү толуп-ташып турган үй-бүлөлүк сүйүүсү менен бактысынан бөлүшмөк болду. Жүзүнөн мээрим туюлуп, үнү да адаттан тыш муңайым чыкты:
— Биз мындан кийин парданы жаппайбыз, каалашыңча карай бер. Бирок антип карап отургандан көрө биздикине конокко кел. Апам абдан жакшы, аны менен таанышканың абдан пайдалуу болот. Мен сурансам, Бесс сен үчүн ырдап берет, ал эми Эми бийлеп берет. Ал эми Мег экөөбүз сага күлкүлүү театр реквизиттери менен декорацияларын көрсөтөбүз. Сенин оюңча, чоң атаң сага уруксат береби?
— Эгер сенин апаң суранса, уруксат берет болуш керек. Ал сыртынан катаал көрүнгөнү менен абдан ак көңүл киши. Мен каалаган нерселердин көбүнө уруксат берет, бирок чоочун кишилерди түйшүккө салгандан коркот,- деди Лори жанданып.
— Биз чоочун кишилер эмеспиз, кошуналарбыз, түйшүккө салам деп кыжалат болбо. Сени менен достошконду өзүбүз каалайбыз, мен да сени менен көптөн бери таанышайын деп жүргөм. Биз бул жерде көптөн бери жашайбыз жана силерден башкалардын баарын көптөн бери тааныйбыз.
— Чоң атам китептеринин дүйнөсүндө жашагандыктан, айлана-чөйрөдөгүлөр менен иши деле жок. Мистер Брук, менин мугалимим, биздин үйдө дайым жашабайт, ошондуктан мен үйдө жалгыз калам да, эптеп алаксымыш болом.
— Жаман экен. Сен өзүң аракет кылып, чакырган жердин баарына бара беришиң керек. Ошондо досторуң көбөйөт, алардын үйүнө барып, көңүл ачасың. Тартынчаактык эч нерсе эмес, конокко бара баштаганда эле калып калат.
Лори кайрадан кызарып кетти, бирок тартынчаак дегенге капа болгон жок. Жонун үнү чыныгы достордукундай болгондуктан, анын ачык сүйлөгөнүн бурмалоого болбос эле.
— Сага өзүң окуган мектеп жагабы?- деп сурады ал, бир аз тынымдан кийин теманы өзгөрткүсү келип. Ал отту карап, Жо болсо ыракаттанып бөлмөнү тегерете карап отурду.
— Мен иштейм, мектепке барбайм. Жеңемди карайм, чынын айтсам, ал абдан ачуулуу кемпир,- деп жооп берди Жо.
Лори дагы суроо берейин деп оозун ачып баратып, башка бирөөлөрдүн ишине өтө кызыга берген уят экенин эстеп, токтоп калды да, ыңгайсызданып оозун жапты. Жо анын сыпайылыгына баа берип, бирок токтоно албай карыган Марч жеңе, анын семиз пудели, испанча сүйлөгөн тоту кушу, өзү китеп алып, жыргап окуган китепканасы жөнүндө күлкүлүү кылып айтып берди. Лори мунун баарына абдан күлдү, анан бир жолу Марч жеңеге бир карыган кербез мырза күйөөлөп келип, саймедиреп сүйлөп жатканда, тоту куш тиги байкуштун жасалма чачын жулуп алганын айтып бергенде, диванга чалкасынан кетип, көзүнөн жаш чыкканча каткырып күлдү эле, кызматчы аял эмне болуп кетти деп чуркап келди.
— Өх! Мага күлгөн абдан пайдалуу. Дагы айтсаң!- деди ал диван жаздыгын кызарып жайнаган жүзүнөн алып.
Шердене түшкөн Жо өздөрүнүн койгон оюндары, пландары, үмүт кылган нерселери, атасынан кыжалат болушары жөнүндө, дегеле төрт эже-сиңди жашаган кичинекей дүйнөдө эмне кызык болсо ошонун баарын айтып берди. Анан китеп жөнүндө кеп болуп, Жо Лори да китеп окуганды сүйөрүн, ал турсун өзүнөн көп китеп окуганын байкады.
— Эгер сен китеп окуганды жакшы көрсөң, ылдый түшөлү, анда китепканабыз бар. Коркпой эле кой, чоң атам жок,- деди Лори туруп баратып.
— Мен эч кимден коркпойм,- деп жооп берди Жо башын чулгуй.
— Көрүнүп турат!- деди тиги суктана карап. Бирок ичинен сиркеси суу көтөрбөй турган турганда чоң атама туш болуп калса көрөт элем деп ойлоп койду.
Үй жайындагыдай жылуу эле. Лори Жого бөлмөлөрдү көргөзүп жүрүп отуруп, акыры китепканага жетишти. Жо катуу таң калганынан адатынча колун бириктире калып бийлеп ийди. Дубалды бойлото заңкайган китеп шкафтар кетет экен, мында сүрөттөр, статуялар, кишини кызыктырган эски тыйындар менен буюмдары бар кичинекей шкафтар, жайлуу креслолор, күлкүлүү столиктер, коло канделябрлар жана эң кызыгы – кооздолгон очок да бар экен.
— Укмуш экен!- деп ийди Жо, баркыт креслого ыракаттана чөгүп баратып. Анан мындай деп кошумчалады: Теодор Лоренс, сиз дүйнөдөгү эң бактылуу бала болсоңуз керек!
— Киши жалгыз китеп менен жашай албайт,- деди Лори башын чайкап, анан Жонун маңдайына отура кетти.
Ушуну айтып оозун жыйганча, коңгуроо кагылып калды да, Жо секирип турду:
— О, кудай! Бул чоң атаң!
— Эмне болот эле? Сен эч кимден коркпойсуң да,- деди тиги күлө карап.
— Эмне үчүн экенин билбесем да, бир аз коркконсуп турам. Апамдан уруксат сурап келгемин, менимче, сен үчүн деле зыян болгон жок,- деди Жо, өзүн карамап. Бирок тынчы кетип эшик жакты карап коюп жатты.
— Мага ал турсун абдан пайдалуу болду, сага чын дилимден ыраазымын. Узакка сүйлөшкөндөн чарчадың го деп коркуп турам, бирок мен үчүн абдан жагымдуу болгондуктан, кечке сүйлөп, тыңдай бергим келип турат,- деди Лори ыраазы болуп.
— Сизге доктор келди,- деди кызматчы, Лорини чакырып.
— Кечирип кой, мен бир мүнөткө барып келет окшойм,- деди Лори.
— Мага кыжалат болбо. Мындай жерде мен зерикпейм,- деп жооп берди Жо.
Лори чыгып кетти, ал эми анын коногу китептер менен сүрөттөрдүн дүйнөсүндө жыргап жүрдү. Эшик кайра ачылганда, Жо мистер Лоренстин сонун тартылган портретинин алдында турган эле. Ал бурулбай туруп, чечкиндүү айтты:
— Эми мен чоң атаңдан коркпой турганыма ишенем. Көздөрү мээримдүү экен, бирок оозу катуу кымтылып турганына караганда эрки күчтүү окшойт. Менин таятам сыяктуу келишимдүү эмес экен, бирок мага абдан жакты.
— Ыракмат, мэм,- деп арт жактан жоон үн чыкты. Карай салса, эшиктин жанында мистер Лоренс туруптур.
Байкуш Жо кыпкызыл болуп кетти, эмне деп айтканын ойлогондо жүрөгү ого бетер дүкүлдөп сокту. Качып кетсемби деген ой келе калды, бирок бул коркоктук болмок жана эже-сиңдилери шылдыңдап күлүшмөк, ошондуктан бул ыңгайсыз жагдайдан эптеп чыгыш керек болду. Жакшыраак карап, үксөйгөн буурул каштардын алдындагы көздөр портреттегиге караганда да мээримдүүрөөк экенин байкады жана бир аз тамашалап тургандай көрүнгөндүктөн, коркпой калды. Бирок чал мурункудан да ороюраак үн менен мындай сурады:
— Демек, сиз менден коркпойт турбайсызбы, мисс, ушундайбы?
— Көп коркпойм, сэр.
— Сиздин таятаңыздай келишимдүү эмес турбаймынбы, ээ?
— Бир аз, сэр.
— Менин эрким күчтүү бекен?
— Мен болгону оюмду айттым.
— Бирок ошого карабастан мен сизге жагат турбаймынбы?
— Ооба, сэр.
Жооп чалга жакты окшойт, күлүп жиберди да, Жонун колун кысып, анан ээгинен көтөрүп олуттуу карады да, башын ийкеп, мындай деди:
— Жүзүң анча окшошпогону менен мүнөзүң таятаңдыкы экен. Ал мыкты киши болчу, андан да маанилүүсү, эр жүрөк жана чынчыл эле, мен анын досу болгонума сыймыктанам.
— Ыракмат, сэр. – Чалдын айтканы өзүнүн пикирине туура келгендиктен, эми өзүн ишенимдүү сезип калды.
— Менин баламкында эмне кылып жүрөсүң? – Кийинки кескин суроо ушундай болду.
— Мен болгону кошуналык кылдым. – Анан Жо кантип бул жакка келгенин айтып берди.
— Демек, сенин оюңча, аны бир аз алаксытып, көңүлүн ачыш керек турбайбы?
— Ооба, сэр. Менин оюмча, ал жалгыздыктан зеригет, теңтуштары болсо, жакшы болмок. Албетте, биз эркек бала эмеспиз, кызбыз, бирок колубуздан келишинче жардам беребиз, анткени сиздин Рождестводогу сонун белегиңиз эсибизде.
— Кой, аны сөз кылбай эле коёлу. Анын баарын балам кылган. Айткандай, баягы көп балалуу байкуш аял кантип атат?
— Жаман эмес, сэр. – Анан Жо Хаммелдер жөнүндө билгендерин быдылдап айтып берди. Апасы башка байыраак досторун да аларга жардам бердирип жүргөн.
— Таятаң да дайыма жакшылык кылчу эле. Жакында апаң менен учурашканы барам, айтып кой. Мына, чайга чакырып атышат. Баламын оорусунан улам биз азыр чайды эртерээк ичип калдык. Жүр, «кошуналык кылганыңды» улант.
— Эгер сиз кааласаңыз, сэр.
— Каалабасам, чакырбайт элем. – мистер Лоренс модадан чыккан эски кербездик менен колун тосту.
«Мег эмне дээр экен?» — деп ойлоду Жо, аны менен катар баратып. Анан мунун баарын үйдө кантип айтып берерин ойлогондо, көздөрү ойной түштү.
— О-о, бул бала ойноктоп калган го?- деп ийди чал, Лори тепкич менен атып түшүп, тоодой-таштай чоң атасын колтуктап келаткан Жону көрүп тык токтогондо.
— Мен сиздин келгениңизди билбептирмин, сэр,- деп баштады ал, Жо менменсине караганда.
— Тепкич менен ылдый атып түшкөнүңө караганда ошондой го. Жүрүңүз чай ичели, сэр, өзүңүздү жентельмендей алып жүрүңүз. – Анан мистер Лоренс баласынын чачын эркелете уйпалап, ашкана тарапка басты. Лори болсо артынан куудулданып ар түрдүү кыймылдарды жасап баратты, аны көрүп Жо каткырып жибере жаздады.
Чал төрт чөйчөк чай ичкенче көп сүйлөгөн жок. Бирок эски тааныштардай сүйлөшүп отурган жаштарга астыртан көз салып, небересинин дароо өзгөрө түшкөнүн байкады. Баласынын бетине кадимкидей кан жүгүрүп, кыймылы жандуу болуп, өзү шайыр болуп калыптыр.
— Кыз туура айтат, бала чын эле жалгыздыктан кыйналат. Бул кыздар кандай жардам берер экен, көрөлү,- деп ойлоду мистер Лоренс байкап отуруп. Жо ага жакты, анткени анын бир аз таң каларлык ачыктыгы өзүнө жакын жана түшүнүктүү эле, анын үстүнө Лорини эркек бала сыяктуу эле жакшы түшүнөт окшойт.
Лоренстер, Жо айткандай, «аңкоо жана кербез» немелер болсо, Жону жактырышмак эмес, анткени андай чөйрөдө мындайлар дайыма тартынып, жүдөй беришет. Бирок булар өздөрүн ээн-эркин, табигый кармагандыктан, Жо да ошондой болуп, жакшы таасир калтырды. Бардыгы столдон туруп, Жо кетмек болду, бирок Лори ага бирдеме көрсөтөм деп, оранжереяга алып чыкты. Жарык күйгүзүлгөн оранжерея Жого жомоктой сезилди: ал узун жолдор менен ары-бери басып, эки тарабындагы жашыл дубалдарга, жумшак жарыкка, нымдуу таза абага, таң каларлык таризде сойлоп өскөн өсүмдүктөргө, бийик дарактарга таң калып жатты. Ал эми досу татынакай кооз гүлдөрдөн кесип бере берип, бир кучак болуп кетти. Аларды лента менен байлап, жагымдуу жылмайып, мындай деди:
— Муну апаңа берип, берип жиберген дарыңыз абдан жагыптыр деп айтып койчу.
Үйгө кайра келишсе, мистер Лоренс конок үйдөгү каминдин жанында туруптур, бирок Жонун көңүлүн ачылып турган рояль бурду.
— Сен ойнойсуңбу?- деп сурады ал Лориге урмат менен.
— Бир аз,- деди ал.
— Ойноп берчи. Мен угуп, анан Бесске айтып берейин.
— Өзүң биринчи ойноп бербейсиңби?
— Билбейм. Үйрөнө албай койдум, бирок музыканы абдан акшы көрөм.
Лори роялга отурду да, ойноп кирди, ал эми Жо буркураган гелиотроптор менен розаларды жыттаганча ыракаттанып угуп отурду. Мистер Лоренстин небересине, анын мамилесине болгон урматы ого бетер артты, анткени тиги абдан мыкты ойнойт экен. Ичинен Бесс укса эмне деп өкүнгөнү менен айткан жок, Лорини аябай мактап кирди эле, тигил уяла баштады, анан чоң атасы жардамга келди.
— Жетет, жетет, кызым. Өтө эле мактап ийдиң. Бул Лориге зыяндуу. Жакшы эле ойнойт, бирок башка маанилүү иштерде да ушундай ийгиликтерге жетет деп үмүттөнөм. Кетесиңби? Сага абдан ыраазымын, дагы келип турасың го деп ойлойм. Апаңа салам айт. Түнүңүз бейпил болсун, доктор Жо.
Ал колун жумшак кысты, бирок Жого бир нерсеге нааразыдай сезилди. Оозгу бөлмөгө чыкканда Лориден билип-билбей бир нерсе деп койгон жокмунбу деп сураганда, ал баш чайкады:
— Жок, күнөө менде, анткени менин ойногонумду жактырбайт.
— Эмне үчүн?
— Кийин айтып берем. Мистер Брук сени үйгө чейин узатып коёт – мага эшикке чыкканга болбойт.
— Жөн эле койсун, мен коркок бийкечтерден эмсемин, анын үстүнө бул эле жерде да. Тезирээк айыгып кет.
— Макул. Бирок сен дагы келесиң да?
— Эгер айыккандан кийин силердикине барам деп убада берсең, келем.
— Убада берем.
— Түнүң бейпил болсун, Лори!
— Түнүң бейпил болсун, Жо!
Жонун айтып бергендерин угуп, Марчтардын үй-бүлөсү кошуналарга барышмак болду, анткени апасы үчүн да, кыздар үчүн да кашаанын ары жагындагы чоң үйдө кызык нерсе бар болуп чыкты. Миссис Марч атасын жакшы тааныган киши менен сүйлөшкүсү келди, Мег оранжереяда сейилдөөнү каалап, Бесс роялды эңсеп калды, ал эми Эми сүрөттөр менен статуяларды көрсөм деп эңсей баштады.
— Апа, эмне үчүн мистер Лоренс Лоринин ойногонун жактырбайт?- деп сурады табиятынан ар нерсеге кызыга берчү Лори.
— Аныгын билбейм, бирок менимче, анын уулу, Лоринин атасы, ага жакпаган италиялык музыкант кызга үйлөнгөнүнөн улам болсо керек. Кыз татынакай, жайдары, таланттуу болчу, бирок эмнегедир чал аны жактырбай, үйлөнгөндөн кийин уулу менен катташпай койгон. Ата-энеси өлгөндө Лори кичинекей болчу, чоң атасы багып алган. Менимче, Италиянын жумшак климатында төрөлгөн баланын ден соолугу начарыраак болсо керек. Чал небересинен да айрылып каламбы деп коркот. Лори апасына окшош, сыягы, музыкага жөндөмү да апасынан болуш керек. Чоң атасы апасын тартып музыкант болуп кетеби деп чочулайт го дейм. Кандай болгондо да, баланын музыкага жакындыгы мистер Лоренске жакпаган аялды эстетип, ошондон улам сен айткандай, «кабагы бүркөлө түшөт» болуш керек, Жо.
— Ах, кандай романтика!- деп ийди Мег.
— Эмне деген келесоолук!- деди Жо. – Кааласа, музыкант боло берсин да, эмне кереги бар өзү каалабаган немени университетке окутуп.
— Анын сулуу кара көздөрү менен жагымдуу манералары кайдан экенин эми түшүндүм,- деди сезимтал Мег.
— Анын көздөрү менен манераларын сен кайдан билесиң? Аны менен бир да жолу сүйлөшкөн жоксуң,- деп каршы чыкты Жо.
— Мен аны бийден көргөмүн, а сенин айткандарыңдан улам өзүн алып жүрө алат деп жыйынтык чыгарса болот. Ал апам жиберген дары жөнүндө сонун айткан турбайбы.
— Ал, сыягы, сенин бланманжеңди айтты го.
— Кандай аңкоо немесиң! Ал, албетте, сени айтты.
— Эмне дейсиң? – Жонун көзү бакырая түштү; мындай ой анын акылына такыр келген эмес.
— Өмүрүмдө мындай кызды көргөн эмесмин! Өзүнө комплимент айтып атса, түшүнбөйт!- деп ийди Мег мындай нерсе башынан көп өткөн кыздарга окшоп.
— Менимче, комплимент деген болбогон кеп, сен өзүңдүн божомолдоруң менен баарын бузбачы. Лори – сонун бала, ал мага жагат, а жанагы комплимент-сомплимент дегендериңди уккум да келбейт. Баарыбыз ага жакшы мамиле жасайлы, анткени анын апасы жок. Ал биздикине конокко келсе болот да, туурабы, апа?
— Албетте, Жо, биз баарыбыз сенин жаңы досуңду кубанып тосуп алабыз. Мег болсо балдар каалаганча бала бойдон кала аларын түшүнөт го деп ойлойм.
— Мен он экиге эле чыкканым менен өзүмдү бала деп эсептебейм,- деди Эми. – А сенчи, Бесс?
— Мен биздин пилигрим ойногонубузду ойлонуп отурам,- деди жанагы сөздөрдүн баарын кулагынын сыртынан кетирген Бесс. – Жакшы болууну чечип, Кайгы айлампасынан чыктык, эми бийик чокуга чыгып баратабыз, анда болсо кубаныч менен укмуштарга толо үй күтүп турат жана ал биздин Ак Сарайыбыз болот.
— Бирок адегенде айбаттуу арстандардын жанынан өтүшүбүз керек,- деди Жо, мындай перспективага кубангандай болуп.
АЛТЫНЧЫ БАП

БЕСС АК САРАЙДЫ ТАПТЫ
Тосмонун ары жагындагы үй чын эле Ак Сарай болуп чыкты, бирок ал жакка дароо эле бара алышкан жок жана арстандардын, алардын эң айбаттуусу карыган мистер Лоренстин жанынан өтүү тартынчаак Бесс үчүн өтө чоң сыноо болду. Андай деген менен тигил катаал чал келип, кыздардын ар бири менен тамашалашып сүйлөшүп, апасы менен мурунку мезгилди эстеп баарлашып кеткенден кийин Бесстен башкасы андан мурункудай коркпой калышты. Жолдо турган дагы бир «арстан» алардын кедей, ал эми Лоринин бай экендиги болчу, ушундан улам адегенде тартынып жүрүштү. Бирок көп өтпөй эле Лори аларга абдан ыраазы болуп, миссис Марчтын энелик мээримине, кыздардын жагымдуу мамилесине жана колдоосуна эмне менен жооп берерин билбей жүргөнү белгилүү болуп калды. Ошентип, тез эле ынак болуп, кимдин эмне карыз экенин да ойлонбой калышты.
Достук мамиле күн санап эмес, саат санап чыңалып бараткан ушул кезде көптөгөн жагымдуу окуялар болду. Баары Лорини жактырып калышты, ал болсо насаатчысы мистер Брукка кошуналар «чын эле сонун кыздар» экенин сыр кылып айтты. Кыздар жалгыз баланы жаштык энтузиазм менен тобуна кошуп алышып, анын көзүн карап мамиле кылышты, Лориге да баёо кыздардын чөйрөсү абдан жакты. Эне дегенди, эже-карындаш дегенди билбеген Лориге жаңы тааныштарынын таасири тез эле тие баштады, алардын мээнеткечтиги менен ишкердигинен улам өзүнүн бош жүргөнүнөн уялчу болду. Китептен чарчаган немеге жандуу адамдар менен баарлашкан кызыктуу болуп, мистер Брук мистер Лоренске Лоринин сабакка көңүлү келбей, Марчтардыкына качып кетип атканын айтканга мажбур болду.
— Мейли, кичине эс алсын, анан жетип алат,- деп жооп берди чал. – Биздин мээримдүү кошунабыз балаңыз окуудан чарчаптыр, бир аз эс алып, көңүл ачышы керек дейт. Менимче, ал туура айтат, мен балага чоң энедей мамиле кылып жатат окшойм. Каалаганын кылсын, бактылуу болсо болду. Кошуна кыздардын кичинекей кечилканасында жүрсө эч нерсе болбойт, а миссис Марч балага экөөбүздөн да күчтүүрөөк таасир эткидей.
Алар чын эле убакытты сонун өткөрүп жүрүштү. Ар түрдүү оюндарды ойношуп, сүрөт тартып, чана тээп, коньки тээп, Марчтардын эски конок үйүндө жагымдуу кечтерди өткөрүп, Лоренстердин үйүндө көңүлдүү майрамдарды өткөрүп жүрүштү. Мег каалаганда оранжереяга кирип, сонун гүлдөрдү терип келет, ал эми китепке тойбогон Жо китепканадан чыкпай, ар түрдүү жазуучуларга сын айтып, мистер Лоренсти таң калтырып жүрдү. Эми сүрөттөрдү көчүрүп тартып, кооз жагдайдан ыракат алчу, ал эми Лори «үй ээсинин» ролун абдан сонун ойночу.
Бесс керемет роялдын кабарын угуп, көргүсү келгени менен Мег айткан «Жыргал үйгө» баргандан тартынып жүрдү. Бир жолу Жо менен барды, бирок мистер Лоренс анын өтө тартынчаак экенин билбей, үксөйгөн каштарынын алдынан айбаттуу карап, «Хм» деди эле, кийин апасына өзү айтып бергендей «тизелери калтырай түшүп», үйүнө качып келди да, кошуналардыкына экинчи барбай турганын, ал турсун укмуштуу фортепьянонун да кереги жок экенин айтты. Канча айтып ынандырышса да, коркконун таштай албай койду, акырында бул мистер Лоренске угулуп калды да, ал бул жаңылыштыкты өзү оңдомой болду. Бир жолу Марчтардыкына келгенде сөздү музыкага бурду да, сахнадан көргөн улуу ырчылары, өзү тыңдаган керемет органдар жана музыканттардын жашоосундагы окуялар жөнүндө ушунчалык кызыктуу кылып айтып берди эле, ал турсун Бесс да алыскы бурчунда кала алган жок. Ал арбалган немедей улам жакындап жылып келе берди. Акырында чал отурган креслонун артына келди да, көзү бакырайып, толкундангандан бети албырып тыңдап калды. Мистер Лоренс ага чымынчалык да көңүл бурбай Лоринин окуусу жана мугалимдери жөнүндө айта баштады да, оюна бир нерсе келе калгандай, миссис Марчка мындай деди:
— Лори азыр музыка сабагын окубай койду, мен буга бир жагынан кубандым, анткени ал өтө эле берилип бараткан. Бирок роялды ойноп туруш керек. Мүмкүн, сиздин кыздарыңыздан бирөө кээде келип ойноп турар, анткени рояль күүсүн сакташ керек. Кандай дейсиз, мэм?
Бесс бир кадам алга чыкты да, кол чаап ийбейин деп муштумун түйө койду; бул сунуш ал үчүн ушунчалык азгырма богондуктан жана ушундай аспапта ойносо болот турбайбы деген ойдон улам, деми чыкпай калды. Миссис Марч жооп бере электе эле мистер Лоренс эмнегедир башын ийкеп жылмайды:
— Уруксат сурагандын же бирөөгө айткандын кереги жок, каалаган убагында келе берсин. Мен үйдүн аркы башындагы кабинетимде болом, Лори үйдө турбайт, а кызматчылар болсо саат тогуздан кийин конок бөлмөсүнө киришпейт.
Асмандан тилегени жерден табылган Бесс сүйлөшмөк болду. Чал ордунан туруп кетип баратып айтты:
— Кыздарыңызга ошентип айтып коюңуз, албетте, өздөрү каалашса… каалабаса, анда жөн эле коюшсун.
Ушул жерден кичинекей кол чалдын колун кармай калып, ыраазы болгон Бесс бир аз тартынып, бирок абдан олуттуу айтты:
— О, сэр, алар каалашат, абдан, абдан каалашат!
— Сен музыканы жакшы көрөсүңбү? – деди чал, мурункудай коркутпай мээримдүү карап.
— Ооба. Менин атым Бесс. Мен музыканы абдан сүйөм, эгер жолтоо болбойсуң, эч ким сени укпайт десеңиз, сөзсүз барам,- деди ал орой сүйлөп коёмбу деп коркуп. Бир жагынан өзүнүн эрдигинен калтырап турду.
— Эч кимге жолтоо болбойсуң, алтыным. Үйдө жарым күн эч ким болбойт, келип, каалашыңча ойной бер. Мен буга ыраазы гана болом.
— Сиз кандай кең пейилсиз, сэр!
Анын жылмайып караганынан Бесс албырып кетти, бирок эми коркпой калды да, кымбат белеги үчүн башка сөз таппай, чалдын чоң колун кыса кармады. Чал аны маңдай чачынан назик сылап, эңкейип өптү да, башкалар укпаган үн менен мындай деди:
— Менин да кичинекей, көздөрү дал сеникиндей кызым бар эле. Кудай жалгасын, кызым. Жакшы калыңыз, мадам. – Анан ал шашыла басып чыгып кетти.
Бесс кандай кубанып турганын апасына айтып берди да, эже-сиңдилери үйдө жок болгондуктан, бөлмөсүнө чуркап барып, майып куурчактары менен сүйүнүчүн бөлүштү. Кечинде абдан кубанып отурду жана түнү уктап атып рояль деп Эминин бетине ойноп ийип баарын күлдүрдү. Эртеси күнү чоң атасы менен небереси кетип баратканын көрдү да, бир-эки жолу арсар болуп туруп, кошуна үйдүн каптал эшигинен акырын кирди да, чычкан сыяктуу шыбыш чыгарбай барып, конок бөлмөдө турган роялга жетти. Анда жөнөкөй ырлардын ноталары жатыптыр. Бесс эки жагын каранып, тыңшап турду да, акырында калтыраган манжалары менен клавиштерди басты. Ошол замат коркконун да, өзүн да унутуп, музыканын ыракатына батып кетти.
Ал Ханна түшкү тамакка чакырып келгенче ойной берди, тамакка табити тартпай, өзүнчө эле жылмайып жыргап отура берди.
Ушундан кийин күрөң капорчон кичинекей караан дээрлик күн сайын тосмодон өтө турган болду, чоң конок бөлмөгө эч ким көрбөгөн, туйбаган музыка периси келчү болду. Ал мистер Лоренс кабинетинин эшигин ачып коюп, өзү сүйгөн эски мелодияларды ыракаттана угуп жүргөнүн билген жок, Лоринин конок бөлмөнүн эшигин кайтарып, кызматчыларды киргизбей жүргөнүн да билген жок, пюпитрдеги көнүгүүлөр менен жаңы ырлардын ноталары атайын коюлуп жүргөнүн, Марчтардын үйүнө келген Лори керектүү кеп-кеңештерди айтып жүргөнүнөн да кабарсыз эле. Болгону өзүн бактылуу сезип, эңсеген нерселеринин баары келип жатканын байкады. Тагдырдын бул белегине ушунчалык ыраазы болгондуктан болсо керек, ага дагы бир чоң белек берилди. Кандай болгондо да ал булардын экөөнө тең татыктуу эле.
— Апа, мен мистер Лоренске үй туфлисин тигип бергим келет. Ушунчалык жакшылык кылган кишиге ыраазычылык билдириштин башка жолун билбей турам. Уруксат бересиңби?- деп сурады Бесс, бир нече жума өткөндөн кийин.
— Албетте, алтыным. Ал буга абдан кубанат болуш керек, бул чынында эле ыраазылык билдирүүнүн эң сонун жолу болот. Кыздар сага жардам берет, ал эми мен керектүү нерселерди алып берейин,- деди миссис Марч. Чанда гана бир нерсе сурачу Бесстин өтүнүчүн аткаруу ал үчүн да жагымдуу эле.
Көпкө созулган олуттуу талкуулардан кийин Мег менен Жо үлгү тандап алышты да, материал алынгандан кийин иш башталды. Кызгылт көк түстүн фонунда жөнөкөй, бирок жайнаган ала гүл тандалды да, Бесс эртели-кеч сайма сая турган болду. Кичинекей саймачы абдан тырышып иштегендиктен, туфли тез эле даяр болду. Бесс кыска кат жазды да, эртеси эрте Лоринин жардамы менен чал тура электе столуна коюп келди.
Бардыгы бүткөн соң Бесс эми эмне болор экен деп күтүп калды. Бир күн өттү, эртеси болду, бирок жооп болгон жок. Кежир чал таарынып калбады бекен деп кыжалат боло баштады. Экинчи күнү кечинде Жоаннаны, майып куурчакты, сейилдетмекчи болуп эшикке алып чыкты. Үйгө келатып, конок бөлмөнүн терезесинен үч эмес, төрт баш кирип чыгып жатканын байкады. Тигилер Бессти көрүшүп, кол булгалап, бир ооздон кыйкырып ийишти:
— Мистер Лоренстен кат келди! Тезирээк келип оку!
— О, Бесс, ал сага…- деп кыйкырып, кол булгалай баштаган Эми сөзүн бүтүрө алган жок, Жо терезени жаап салды.
Бесс кыпылдап үйгө ашыкты. Эшиктен эжелери колтукташты да, салтанаттуу түрдө конок бөлмөсүнө алып кирип, хор менен чуулдашты:
— Кара, кара!
Бесс көрдү да, таң каллып сүйүнгөнүнөн кубара түштү: бөлмөдө татынакай койкойгон пианино, анын жаркыраган капкагында «Мисс Элизабет Марчка» деген кат туруптур.
— Магабы?- дегенге араң жараган Бесс жыгылып түшпөйүн деп Жону кармай калды.
— Ооба, сага, сага экен, алтыным! Кандай жакшы, чынбы? Ал дүйнөдөгү эң жакшы абышка, чынбы? Мына, ачкычы катта турат. Биз катты ачкан жокпуз, бирок эмне деп жазганын уксак деп чыдабай турабыз!- деп кыйкырды Жо, сиңдисин кучактай катты ага берип жатып.
— Сен окучу! Мен окуй албайм, башым айланып турат! Ах, кандай сонун! – Бесс өзүн кармай албай, Жонун этегине башын катты.
Жо катты ачты да, күлүп ийди, анткени «Мисс Марч, айым…» деген сөздөр менен башталыптыр.
— Кандай жакшы угулат! Мага ушинтип бирөө кат жазса!- деп ийди Эми. Ага бул эски модадагы кайрылуу абдан жакты.
— «Өмүрүмдө көптөгөн үй туфлилилерин кийгеним менен мындай сонун, жарашыктуу туфлим болгон эмес эле,- деп окуганын улантты Жо. – Ала гүл – менин сүйгөн гүлүм жана бул сайма мага белек кылган татынакай кызды дайыма эстетип турат. Мен карызды кайтарганды жакшы көрөм жана бир кезде өзүм сүйгөн неберемин буюмун бергенге уруксат бересиз го деп ойлойм.
Сизге чын дилимден ыракмат айтып, эң жакшы нерселерди каалайм.
Сиздин берилген досуңуз жана кызматчыңыз Жеймс Лоренс.
— О, Бесс, бул сыймыктана турган нерсе! Мистер Лоренс небере кызын кандай сүйгөнүн жана анын буюмдарын кандай көрөрүн Лори мага айтып берген. Ойлоп көрсөң, ал сага анын пианиносун берип жатпайбы! Бакырайган көк көзүң болсо, музыканы сүйсөң, ушундай болот турбайбы,- деди Жо калтырап, өзүн токтото албай турган Бессти бир аз тынчтандырып.
— Карачы, капталында татынакай шамдалдары бар экен, ортосунда алтын розасы бар жашыл жибегин карачы, кооз пюпитр, отургучу баары бир түстө экен,- деп кошумчалады Мег, инструментти ачып, анын кооздугун көрсөтүп жатып.
«Сиздин кызматчыңыз Жеймс Лоренс». Ойлоп көрсөң! Сага жазып жатпайбы! Мектептеги кыздардын баарына айтпасам, ооздору ачылып калсын,- деди Эми, жанагы катка таң калып.
— Ойноп көрчү, алтыным, бул кичинекей пианинонун үнү кандай чыгар экен,- деп сунуш кылды үй-бүлөнүн жамандык-жакшылыгын тең көргөн Ханна.
Бесс ойноп берди эле, баары буга чейин мындай фортепьянону укпаганын айтышты. Ал жаңы эле күүлөнүп, бардыгы оңдолуптур, бирок бул мүнөттүн таң кала турган нерсеси, менимче, бул эмес, кара, ак клавиштерге кол тийгизип, жаркыраган педалды басып жаткан Бессти эңкейип карап турушкандардын бактылуу жүздөрү эле.
— Сен барып ыракмат айтып коюшуң керек,- деди Жо тамашалап, бирок Бесстин азыр андай кылары оюнда да жок болчу.
— Ооба, ошентейин. Анан коркуп барбай коюшум ыктымал, азыр эле барайын. – Анан бүт үй-бүлөнү таң калтырып, шашпай бак аркылуу барып, тосмодон өттү да, Лоренстердикине кирип кетти.
— Ох, мындайды көрсөм өлүп кетейин! Белектен башы айлана түштү окшойт! Акылы жайында болсо, өлүп баратса да бармак эмес!- деп ийди таң калган Ханна. Кыздардын да мындай шумдуктан ооздору ачылып калды.
Алар Бесстин кийин эмне кылганын көрүшсө андан бетер таң калышмак. Мага ишенсеңиздер, ал ойлонбой барып кабинеттин эшигин какты да, «Кириңиз!» деген жоон үн чыкканда, таң калган мистер Лоренске түз кирип барды да, колун сунуп, бир аз титиреген үнү менен мындай деди:
— Мен сизге ыракмат айтканы келдим, сэр…
Бирок ал сөзүнүн аягына чыккан жок: карай койсо, чал ушунчалык мээрим төгө карап тургандыктан, айта турган сөзүн унутуп, сүйүктүү кичинекей кызынан айрылганын гана ойлоду да, мойнунан кучактап, бетинен өптү.
Эгер үйдүн чатырын шамал учуруп кетсе да, мистер Лоренс мынчалык таң калмак эмес. Бирок кыздын өпкөнү ушунчалык жаккандыктан, анын кадимки калбааттыгы жок болду. Аны тизесине отургузуп, небересин кайра тапкандай бырыштуу жаагын албырган бетине кысты. Ушул мүнөттөн баштап Бесс андан коркпой калды. Өмүр бою тааныган немедей ээн-эркин сүйлөшүп калды, анткени сүйүү коркунучту кууп, ыраазылык кекирейгендикти жеңет экен. Бесс чыкканда, ал эшикке чейин узатып келип, колун кысты да, шляпасына сыпаа кол тийгизип, артка бир кадам таштады да, аскер адамындай зыңкыйып туруп калды.
Муну көргөн Жо сүйүнгөнүнөн бийлеп ийди, Эми таң калганынан терезеден кулап кете жаздады, ал эми Мег көктү карай колун жайып:
— Аман калгай элем!- деп кыйкырып жиберди.
ЖЕТИНЧИ БАП

ЭМИ БАСЫНГАНДА
— Бул бала – чыныгы циклоп!- деди бир жолу Эми, ат чаап бараткан Лори саламдашуу иретинде камчысын булгалап өткөндө.
— Эки көзү соо баланы кантип айтып жатасың? Анын үстүнө Лоринин көздөрү сонун да!- деп ачууланды Жо. Досуна карата айтылган ар кандай терс пикирлер анын жинин келтирчү.
— Мен анын көзү жөнүндө эч нерсе айткан жокмун го? Эмне эле ачууң келип атат? Мен болгону анын ат мингенине эле суктанып жатам.
— О, кудай ай! Бул кичинекей апенди Лорини «кентавр» дейм деп, «циклоп» деп аткан турбайбы!- деп каткырып ийди Жо.
— Анча эмне болуптур? Бул жөн эле мистер Дэвис айткандай «ляпсус лингве»,- деп каршы чыкты Эми, латынчасы менен Жонун ого бетер боорун эзип. – Лори ушул атына сарптаган акчанын бир азы менде болсо эмне,- деп кошумчалады ал, эжелерим угар деген үмүт менен.
— Эмнеге?- деп сурады Мег эркелете. Жо Эминин латынчасына каткырып күлгөн бойдон бөлмөдөн чыгып кеткен эле.
— Акча абдан керек болуп атат. Карыздарым кекиртектен, ал чөнтөк акча ала турган кезегим бир айдан кийин.
— Карыз дейсиңби? Эмне деп атасың? – Мег сиңдисине кабагын түйүп карады.
— Мен мектептеги кыздарга ондон ашык лимон цукат карызмын, алып берейин десем, акчам жок. Дүкөндөн карыз алганга апам тыюу салган.
— Түшүндүрүп айтчы. Эмне, цукат деген азыр модабы? Биздин убакта резинаны тешип, шарик жасаган мода эле. – Эминин кебетеси өтө олуттуу болуп тургандыктан, Мег күлкүсүн араң тыйып турду.
— Аны азыр кыздардын баары сатып алышат, эгер сараң болгуң келбесе, сатып алышың керек. Азыр баары цукатка кызыгышат, аны сабак учурунда соруп отурушат, ал эми тыныгууда аларды карандашка, мончокко, кагаз куурчактарга же башка нерселерге алмаштырышат. Эгер бирөө жакса, ага цукат берет, эгер жакпаса, анын көзүнчө жеп, ал турсун сордуруп да койбойт. Бардыгы кезек менен бири-бирине алып беришет, мага көп жолу беришти, бирок мен аларга эч бере элекмин. Уят деген болуш керек да адамда.
— Карызыңды төлөш үчүн сага канча акча керек?- деп сурады Мег, капчыгын алып чыгып.
— Жыйырма беш цент кенен жетет, анан сени сыйлаш үчүн да бир нече цент керек. Сен цукатты жакшы көрөсүңбү?
— Жок, анча деле жакшы көрбөйм, меникин өзүң ала бер. Мына акча. Үнөмдөп пайдалан, бул анча деле көп акча эмес, билесиң да.
— О, ыракмат! Өзүң акча иштеп таап, чөнтөгүңдө дайыма акча жүргөн жакшы болуш керек! Эми бир той кылбасам, бул жумада бир дагы цукат жеген жокмун. Абдан ыңгайсызданып, сыйлашса да ала албай жүрдүм, анткени карызды төлөй албайм го деп кыйналып жүрбөдүмбү.
Кийинки күнү Эми мектепке кечирээк барды да, классташтарына мактанбай коё албай, нымдашкан күрөң кагаз баштыкчаны партасына катардан мурун көрсөтүп койду. Эми Марчтын партасында жыйырма төрт татынакай цукат жатканы (бирөөнү мектепке келе жатып жеп койгон эле), ал элдин баарын сыйлай турганы дароо эле угулуп, бардыгы ошону сөз кылып калышты. Кейти Браун ошол замат кийинки кечеге чакырды; Мэри Кингсли Эмиге тыныгуу маалында саатымы тагынып тур деп кыстай баштады; ал эми качан болсо цукатка жетпей басып жүрөсүң деп Эмини кемсинте берчү какшыкчыл Женни Сноу дароо жарашып, арифметикадагы кыйын теңдемелердин жообун бермек болду. Бирок Эми мисс Сноунун «мурду жалпак болсо да, бирөөлөрдүн цукатынын жытын сезе берет» жана «сурагандан уялбагандар бар» деп айткандарын унута албай, дароо эле «Кошомат кылбай эле кой, баары бир мен сага эч нерсе бербейм» деген телеграмма жөнөтүп, тигинин үмүтүн таш каптырды.
Ошол күнү эрте менен мектепке күтпөгөн жерден сыйлуу конок келип, Эми тарткан карталар анын мактоосуна татыктуу болду жана душманынын мындай сый-урматка ээ болушунан мисс Сноунун ичинде ит өлүп, мисс Марч болсо жаш павлинге окшой түштү. Бирок оомалуу-төкмөлүү дүйнө деген чын окшойт, кекчил мисс Сноу реванш алып калса болобу! Урматтуу конок адатта айтыла жүрчү мактоо сөздөрдү айтып кетери менен Женни маанилүү суроом бар эле деген шылтоо менен мистер Дэвиске барды да, Эми Марчтын партасында лимон цукаттар катылып жатканын шыбырады.
Мистер Дэвис мурун цукат мектепте контрабанда товар болуп эсептелерин айтып, кимде ким бул мыйзамды буза турган болсо, эл алдында сызгыч менен уруп жазалай тургандыгын жарыялаган эле. Бул туруктуу адам узакка созулган айыгышкан күрөштөн кийин сагызга тыюу салып, конфискацияланган романдар менен гезиттерди бир нече жолу эл алдында өрттөп, жеке почтонун ишин токтотуп, бети-башты кыйшаңдатууга тыюу салып, ат коюп, карикатура тартканды токтоткон, иши кылса элүү чакты шок кызды тартипке салуу үчүн эмне кылыш керек болсо, ошонун баарын кылган неме эле. Балдар – адам сабырдуулугу үчүн кыйын сыноо, бирок кудай турат, кыздар, айрыкча ачуусу чукул, өкүм жана мугалимдик таланты доктор Блимбердикинен ашпаган жентельмен үчүн андан да жаман болчу. Мистер Дэвис грек жана латын тилдеринен, алгебрадан жана башка ар түрдүү «логиялардан» бир аз кабардар болгондуктан, мыкты педагог болуп эсептелчү, бирок жүрүм-туруму, нравалык кебетеси жана окуучу кыздарга көрсөткөн үлгүсү эмнегедир маанилүү деп эсептелчү эмес.
Бул Эминин бетин ачуу үчүн эң ыңгайлуу учур болчу жана Женни муну жазбай билди. Мистер Дэвис ошол күнү эрте менен кофени ачуу салып ичкен эле, чыгыштан соккон шамал ого бетер ачуусун келтирип, окуучу кыздар да өзү күткөндөй жакшы жооп беришкен жок. Ошентип, сиркеси суу көтөрбөй турганда, Женни түтөп араң турган немени тутандырып жибергендей болду. Мугалимдин саргарган бети албыра түшүп, столду ушундай бир муштады эле, Женни ордуна кандай келип отуруп калганын билбей калды.
— Жаш ледилер, көңүл бургула! Көңүл бургула!
Ушундай ач айкырыктан кийин класс тымтырс болуп, элүү жуп көк көз, кой көз, кара көз мугалимдин кутургандай жүзүнө тигилди.
— Мисс Марч, бери келиңиз.
Эми ордунан туруп, токтоолугун сактаганы менен ичинен коркуп турду, анткени цукаттар жатпайбы партада катылып.
— Партадагы цукаттарды ала келиңиз! – Күтүүсүз буйруктан кадам таштаганга да үлгүрбөй калды.
— Баарын алба,- деп шыбырады жанындагы өзүн такыр жоготпогон коңшусу.
Эми баштыкчадан он чакты цукатты таштады да, калганын мистер Дэвистин алдына коюп, адам болсо, бул аңкыган жытты сезер замат жумшара түшөр деп ойлоду. Тилекке каршы, мистер Дэвис бул жытты жек көрчү жана мунун өзү ого бетер жинин келтирди.
— Баары ушулбу?
— Жок,- деп күбүрөдү Эми.
— Калганын да алып келиңиз. – Тегерегин бир караган соң, буйрукка баш ийип, алып келди.
— Башка калган жокпу?
— Мен эч качан калп айтпайм, сэр.
— Жакшы. Эми бул сасыган немени эки колуңузга экиден алып туруп, терезеден ыргытыңыз.
Баары үшкүрүп ийгендиктен, жел соккондой боло түштү: акыркы үмүт үзүлүп, куржалак калышты. Уялып, жини келгенинен албырган Эми алты жолу барып, ширелүү сонун цукаттарды ичи сыздап ыргытып жатты. Ыргыткан сайын көчөдөн чыккан кыйкырыктар кыздарды ого бетер кыйнады, анткени бул кыздардын кыркылышкан душманы ирланд балдардын кубангандагы кыйкырыгы болчу. Бул чектен тыш нерсе болгондуктан, кыздардын кээ бирлери таш боор мистер Дэвисти жини келип, башкалары жалооруй карап турушту, ал эми цукатты өтө жакшы көргөн бирөө көзүнө жаш алып ийди.
Эми терезеге акыркы жолу барып келгенден кийин мистер Дэвис «Мм» деди да, өкүм айтты:
— Жаш ледилер, менин бир жума мурун эмне деп айтканым эсиңерде болсо керек. Мен өзүм да кейип турам, бирок мен эрежелердин бузулушуна жол бере албайм жана айткан сөзүмдө турам. Мисс Марч, колуңузду сунуңуз.
Эми селт эте түшүп, колун артына катты да, мистер Дэвисти жалооруй карады. Ал кандайдыр бир деңгээлде, кыздар айткандай, «карыган Дэвистин» сүймөнчүгү болчу жана шок кыздардын бири жини келгенинен ышкырып ийбегенде, сөзүн бузмак. Ышкырык акырын чыкканы менен ачуусу чукул мистер Дэвистин канын кайнатып ийди да, Эминин тагдыры чечилди.
— Колуңузду, мисс Марч! – Анын жалооруй караганына ушундай жооп болду да, эр көкүрөк Эми ыйлабай, жалдырабай, эрдин кымтып, башын көтөрүп туруп, алаканына бир нече жолу сызгыч менен таяк жеди. Бул анчалык деле оорутпаганы менен ага катуу тийди. Өмүрүндө биринчи жолу таяк жегендиктен, бул кордук ага жыга чапкандай эле таасир этти.
— Эми танаписке чейин тактайда туруңуз,- деди мистер Дэвис, баштаган ишин аягына чыгармак болуп.
Кайра ордуңа барып отуруп, достордун боор ооруп, ал эми душмандардын табасы канып караганын көрүү да оор эле, бирок ушунча шерменде болгондон кийин бүт класстын алдында туруу алда канча оор болчу. Көз ирмемге азыр турган ордунда кулап түшүп, буркурап ыйлап ие тургандай болуп кетти. Жаны кашайып, Женни Стоунду ойлоп гана өзүн эптеп кармап калды да, тактайдын алдына барып, класстагылардын башынан ашыра мештин морун тиктеп купкуу болуп кыймылдабай туруп калды. Муну көргөн кыздар сабакка такыр кунт коё албай коюшту.
Кийинки он беш мүнөт ичинде эр көкүрөк, сезимтал кыз эстен кеткис уяттан жана оорудан азап тартып турду. Башкалар үчүн мунун баары күлкүлүү же болбогон бир окуя болушу мүмкүн эле, бирок токмок деген эмне экенин али көрбөгөн он эки жаштагы эрке кыз үчүн бул өтө оор сыноо болду. Бирок «Үйдөгүлөргө мунун баарын айтып берсем, алар мени эмне деп ойлошот» деген ой колунун ооруганынан да, жан дүйнөсүнүн жабыркаганынан да өтүп турду.
Он беш мүнөт ага бир сааттай сезилди, бирок акыры аяктап, мынчалык көзү чачырап күтпөгөн «Танапис!» деген сөз угулду.
— Бара берсеңиз болот, мисс Марч,- деди мистер Дэвис ыңгайсызданып.
Ал Эминин таарынып караганын көпкө чейин унута албайт болуш керек. «Эч нерсе дебестен оозгу бөлмөгө чыктым да, буюмдарымды алып, биротоло чыгып кеттим»,- деди ал өзүнө өзү. Үйгө аябай жаман абалда келди, эжелери келген соң, дароо үй-бүлөлүк кеңешме өткөрүлдү. Миссис Марч көп сүйлөбөй, кыжалат болуп, жапа чеккен кызын жубатып, эркелетип отурду. Мег жабыр тарткан алаканын глицерин менен көз жашын аралаштыра жууп берди, Бесс болсо мындайда мышыктын балдары да жардам бере албасын сезип турду. Жонун жини кайнап, мистер Дэвисти камакка алууну талап кылды, а Ханна тигил «акмакка» утуру муштумун кезеп, түшкү тамакка деген картөшкөнү эмес эле аны эзип жаткандай болду.
Мистер Дэвис Эминин кетип калганына эч нерсе деген жок, бирок кыраакы кыздар танапистен кийин ак көңүл болуп, бир аз кооптонуп турганын байкашты. Сабак бүтөйүн деп калганда, класска Жо кирди. Ал сурданган боюнча мугалимге барып, апасынын катын берди да, Эминин буюмдарын алып, эшиктин алдында жаткан килемчеге бутун аябай сүртүп туруп чыгып кетти.
— Сен мектепке барбай эле кой, бирок күн сайын Бесс менен окуп тур,- деди миссис Марч кечинде. – Мен уруп жазалаганга, өзгөчө кыздарды урганга каршымын. Мистер Дэвистин окутуп тарбиялаган методдору мага жакпайт жана классташ кыздарыңан деле пайда жок деп ойлойм. Сени башка мектепке жиберерден мурун атаң менен акылдашышыбыз керек.
— Кандай жакшы! Кыздардын баары кетип, анын жанагы эски мектеби ээн калса экен! Татынакай цукаттарымды эстесем, жанымы коёрго жер таппай кетем,- деп үшкүрдү Эми көп азап тарткан немедей.
— Мен ал үчүн сени аябайм, анткени сен мектеп эрежесин бузуп, тил албаганың үчүн жазага татыктуу болдуң. – Башкалардын боор ооруп, аяганын гана күткөн жаш леди үчүн бул катаал жооп болду.
— Сен чын эле менин бүт мектептин алдында шерменде болгонума сүйүнүп турасыңбы?- деп ийди Эми.
— Мен сенин кемчиликтериңди оңдоо үчүн мындай ыкманы тандабас элем,- деп жооп берди апасы,- анткени бул жаза сага пайда деле берген жок. Сен өтө эле менменсинип, манчыркап баратасың, алтыным, сага оңолуунун жолун ойлой турган убакыт келди окшойт. Сенин жөндөмдөрүң жана жакшы сапаттарың аз эмес, бирок алар менен мактана берүүнүн кереги жок, анткени манчыркоо генийлерди да бузуп коёт. Чыныгы талант же жакшы сапат белгилүү болбой койбойт, антпесе деле ошолордун бар экени адамды толук канааттандырат. Ар кандай талантуу адамдын мыкты жагы – анын жөнөкөйлүгүндө.
— Так ошондой!- деп жиберди конок бөлмөнүн бурчунда Жо менен шахмат ойноп отурган Лори. – Бизде бир кыз бар болчу, ал өзүнүн музыкага укмуш жөндөмдүү экенин билчү эмес, бирок өзү жалгыз ойноп отурганда сонун мелодияларды чыгарчу. Эгер бирөө ушундай деп айтса, ишенмек да эмес.
— Мен ошол кыз менен таанышсам, кандай жакшы болот эле. Балким, ал мага жардам бермек, анткени мен ушундай келесоомун,- деп калды сөзгө кулак салып турган Бесс.
— Сен аны тааныйсың, ал сага баарынан көп жардам берет,- деп жооп берди Лори. Анан шок кара көздөрүн ойноктото Бессти сырдуу карады эле, тиги кызарып уялып кетти да, диван жаздыгы менен бетин жаап алды.
Бессти мактаганы үчүн Жо кезектеги партиясында Лориге жеңилип берди, бирок күтүүсүз комплименттен уялып калган Бессти канча асылышып роялда ойното албай коюшту. Жеңгенине сүйүнүп кеткен Лори мунун урматына кыздарга ырдап берди. Ал бул талантын сейрек учурларда эле көрсөтпөсө, көрсөтчү эмес.
Баягы сөздөн кийин ойлуу отурган Эми ал кеткенден кийин оюна бир нерсе келе калгандай сурап калды:
— А Лори таланттуубу?
— Ооба, ал мыкты билим алган, жөндөмү да мыкты. Эгер эркелетип жиберишпесе, баралына келгенде мыкты киши болот,- деп жооп берди апасы.
— Ал мактанчаак эмеспи?- деп сурады Эми.
— Жок, мактанчаак эмес, ошол үчүн баарыбызга жагат.
— Түшүндүм, жакшы сапаттарга ээ болуп, бирок ага мактанбай, мурдун көтөрбөй жүрүш керек турбайбы,- деди Эми ойлонуп.
— Ооба, адамдын жакшы сапаттары дайыма көрүнүп турат, мактанбаса деле жүрүм-турумунан, сүйлөгөн сөзүнөн сезилет,- деди миссис Марч.
— Бул эми эл көрсүн деп бардык шляпаларыңды, көйнөктөрүңдү кийип, баъолгон ленталарыңды тагынып чыккандай эле кеп,- деп Жо кошумчалап койду эле, баары күлүп ийишти.
СЕГИЗИНЧИ БАП

ЖО АПОЛЛИОН МЕНЕН БЕТТЕШКЕНДЕ
— Кыздар, кайда баратасыңар?- деп сурады ишемби күнү түштөн кийин эжелеринин бөлмөсүнө кирген Эми. Алардын бир жакка камынып жаткандай түрү бар эле.
— Ишиң болбосун. Кичинекей кыздар ар нерсени сурай берсе болбойт,- деп кескин жооп берди Жо.
Балалыктын бир жаман жери, дайыма али бала экениңди эскертишип, «Бар, ишиңди кыл» деп кууй беришет. Эми эптеп карманып, жооп кайтарган жок, бирок кандай болсо да бул сырды билмек болду. Эч качан шагын сындырбаган Мегге кайрылып, жалооруду:
— Айтсаң, кайда барасыңар? Мени деле алып алсаңар болмок, анткени Бесс пианиносунан жылбайт, аябай зеригип атам эмне кыларымды билбей.
— Жок, алтыным, сени ала бара албайм, анткени сени чакырышкан жок да,- деп баштаган Мегдин сөзүн Жо бузуп ийди:
— Мег, унчукпа, болбосо баарын бузасың. Биз сени алып бара албайбыз, Эми, көп ыйлактаба. Сен кичинекей бөбөк эмессиң да.
— Силер Лори менен бир жакка баратасыңар! Мен билем. Кечээ кечинде диванда шыбырашып күлүп отуруп, мен келгенде унчукпай калгансыңар. Силер аны менен барасыңар да, ушундайбы?
— Ооба, аны менен барабыз, болду эми жабышпа.
Эми унчукпай калды, бирок Мегдин чөнтөгүнө желпүүрүн салып жатканын байкап калды.
— Билем! Билем! Силер театрга «Жети кулпуну» көргөнү баратасыңар!- деп кыйкырды ал, анан чечкиндүү түрдө мындай деп кошумчалады:
— Мен дагы барам, анткени апам уруксат берген, бир аз тыйыным да бар. Иттик кылбай эртерээк айтып койсоңор болмок мага деле.
— Кулак салчы, сен акылдуусуң го,- деди Мег жубата.- Апам сенин бул жума театрга барышыңды каалабайт, анткени көзүң оорудан кийин сахнанын жарыгын көтөрө албайт. Кийинки жумада Бесс, Ханна болуп өзүңөрчө жыргап барып келесиңер.
— Мен Лори экөөңөр менен баргым келет. Мени ала барчы, суранам. Ооругандан бери үйдө камалып отурам, зеригип өлмөй болдум! Мег, ала барчы мени! Шоктук кылбайм,- деп жалдырады Эми.
— Муну алып алсак кандай болот? Жакшылап кийинтип алсак, апам деле каршы боло койбос,- дей баштады Мег.
— Эгер бул барса, мен калам, а эгер мен барбасам, Лори кыжалат болот. Анын үстүнө экөөбүздү чакырса, анан муну дагы алып алсак, уят го. Чакырбаган жерге баргандан бул өзү деле уялса болмок,- деди жини келген Жо. Ал театрда шок сиңдисин карап, ыракатын бузгусу келген жок.
Анын бул айтканы күбүрөнүп батинкесин кийип жаткан Эминин жинин кайнатты:
— Мен барам. Мег айтпадыбы, барсаң болот деп. Мен өзүм акча төлөп кирип аткандан кийин Лоринин кандай тиешеси бар?
— Сен биз менен отура албайсың, анткени үч гана билет бар. Өзүңчө отура албагандан кийин Лори ордун сага бергенге мажбур болот жана бардык ыракат бузулат. Эч жакка барбайсың, отур ордуңда!- деп кыйкырды шашылып атып колун төөнөгүч менен сайып алган Жо ансайын ачууланып.
Бир бутун кийип жерде отурган Эми ыйлай баштады, Мег аны сооротмок болду эле, ошол учурда ылдый жактан Лори чакырып калды. Эжелери өңгүрөп ыйлаган сиңдисин таштап жөнөп кетишти.
Алар баары үйдөн чыгып баратканда, Эми тепкичтин жөлөнгүчүнө артылып туруп кыйкырып калды:
— Мен сага бирди көрсөтөм, Жо, ошондо өкүнөсүң!
— Көрсөтө бер! – Жо эшикти жаап, чыгып кетти.
Театрда убакыт абдан көңүлдүү өттү, анткени «Алмаз көлдүн жети кулпусу» абдан сонун болду. Бирок күлкүлүү кызыл шайтандарга, жаркыраган эльфтерге, керилген принцтер менен принцессаларга карабастан, Мегдин көңүлүн бир нерсе өйүп, феялардын королевасынын алтын сары тармал чачынан улам Эмини эстеп, антрактта да «эмне кылып өкүндүрөт болду экен?» деп ойлонуп атты. Жо менен Эми көп чукчуңдашчу, анткени экөөнүн тең ачуусу чукул болчу. Сиңдиси эжесин тажатып, эжеси сиңдисинин кыжырын келтирип, урушуп кетишчү да, кийин уялып калышчу. Жо улуу болгону менен өзүн кармай алчу эмес жана ушунусунан көп жабыр тартчу. Бирок ачуусу тез эле тарап, күнөөсүн мойнуна алчу да, жакшыраак болгонго аракет кылчу. Эже-сиңдилери адатта Жонун кээде жини кайнап кеткени да жакшы, анткени бир аздан кийин периште болуп калат дешчү. Байкуш Жо жакшы болоюн деп көп эле аракет кылчу, бирок анын «ичиндеги душманы» сезимдерин тутандырып, сокку урганга даяр турчу. Аны ооздуктаганга көптөгөн жылдар керек болот окшойт.
Үйгө келишсе, Эми конок бөлмөдө экен. Эжелери кирип келгенде, ого бетер кабагын бүркөп, китебин баш көтөрбөй окуп калды, суроо да берген жок. Балким, кызыгуусу жеңип кетет беле, бирок багына Бесс келип, баарын сураштырып, оюндун кандай болгонун билип алды.
Жо эң мыкты деген шляпасын шкафка салмак болуп өйдө чыкты да, дароо комодду карады, анткени соңку урушта жини кайнаган Эми жогорку текчедеги Жонун буюмдарынын баарын чачып таштаган эле. Бирок баары ордунда экен. Шкафтарды, баштыктарды жана кутуларды карап чыккан соң Эми кечирип, таарынычын унуткан окшойт деген ойго келди.
Бирок Жо жаңылган экен, аны эртеси билип, жаны кашайды. Кечинде, Мег, Бесс жана Эми конок бөлмөдө отурганда Жо атырылып кирип келди да, энтигип сурады:
— Менин китебимди ким алды?
Мег менен Бесс бир ооздон: «Алган жокпуз»,- дешти да, таң калып карап калышты. Каминдеги чокту козгоп жаткан Эми унчуккан жок. Жо сиңдисинин кызарып баратканын байкап, ага атырылды:
— Эми, китеп сенде!
— Жок, менде жок.
— Сен билесиң, каякта китеп?!
— Билбейм.
— Калп айтпа!- деп кыйкырган Жо аны ийинден алып силкилдетти. Анын чакчайган көзүнөн Эмиден баатыр баланын да жүрөгү түшүп калмак.
— Жок. Менде жок, кайда экенин да билбейм. Сенин китебиң менен менин кандай ишим бар?
— Сен бир нерсени билесиң, айт, болбосо мен сени айттырам! – Жо аны кайрадан силкилдетти.
— Урушсаң уруша бер, бирок ал китебиңди экинчи көрбөйсүң!- деп кыйкырды жини келген Эми.
— Кайда китеп?
— Өрттөп ийгемин.
— Эмне? Менин китебимдиби? Менин ушунча эмгек кылып, атамдын кайтып келишине бүтүрөйүн деп жүргөн китебимдиби? Сен ошону өрттөп ийдиңби?- деди Жо кубарып. Көзүнөн заары чачырап, калтыраган колдору Эмиге жабышты.
— Ооба, өрттөп ийдим! Мен сага өкүнүп каласың деп айтпадым беле кечээ…
Эми сөзүн бүтүрө албай калды, анткени Жонун кадимки жаалы келе түштү. Ал Эмини ушунчалык катуу жулкулдаткандыктан, тиги байкуштун тиштери шакылдай түштү. Анан бир жагы ачуусуна, бир жагы кайгысына чыдабай кетип кыйкырып ийди:
— Сен акмак кызсың! Мен эми кайра жазбайм, сени да өмүр бою кечирбейм.
Мег Эмини куткарганга, Бесс болсо Жону жубатканга аракет кылышты, бирок Жо өзүнө келе албай койду. Эмини жаактан ары бир чапты да, бөлмөдөн атып чыгып, чердакка барып, диванга кулады.
Ушул учурда кудай жалгап миссис Марч келип калды да, Эмиге эмне кылганын түшүндүрүп, эжесин кандай кайгыга салганын айтты. Жанагы китеп Жонун сыймыгы болчу, үйдөгүлөрдүн баары аны жакшы чыгарма болот деп жүрүшчү. Анда беш-алты эле аңгеме болгону менен Жо аны жан-дили менен жазып, кийин жарыяланат го деп үмүттөнүп жүрчү. Бир аз мурун ал чыгармасын жаңы дептерге көчүрүп жазып, эскисин жок кылып ийгендиктен, Эми бир нече жылдык эмгек кеткен китепчени жок кылып ийген болуп чыкты. Башка бирөө үчүн балким, бул андай деле маанилүү эместир, бирок Жо үчүн бул өтө оор кайгы болуп, бул жоготуунун орду эч качан толбостой болуп турду. Бесс китепке мышыктын баласы өлгөндөй кайгырып ыйлады, Мег да сиңдисин коргогусу келбей калды, миссис Марч да кайгырып, кыжалат болуп отурду. Эми болсо айыбын эми чындап сезип, Жодон кечирим сурабаса болбой турганын туйду.
Чайга чакырганда, Жо келди. Анын кебетеси ушунчалык каардуу болгондуктан, Эми эптеп атып кечирим сурады:
— Кечирип кой мени, Жо. Өзүм да абдан жаман болуп турам.
— Эч качан кечирбейм,- деди Жо жана ушундан баштап Эмиге таптакыр көңүл бурбай койду.
Жанагы окуя жөнүндө эч ким, ал турсун миссис Марч да сөз кылган жок, анткени Жо мындай болуп турганда, ал өзү жибибесе, айткан сөздөн пайда жок экенин баары билишчү. Кыздар адатынча сайма сайып, апасы Бремерден, Скоттон жана Эжворттон окуп берип отурганы менен бул кечти бактылуу деп айтканга болбойт эле. Бардыгы бир нерсе жетишпей жатканын, үйдүн куту кача түшкөнүн туюп жатышты. Жатарга жакын бул сезим ого бетер күчөдү. Бесс ойномуш болуп атты, Жо сурданып турду. Эми ыйлап жаткандыктан, Мег менен апасы гана ырдашты. Канчалык аракет кылышса да, үндөрү адаттагыдай болбой, кайчы кетип жатканын сезишти.
Жо адаттагыдай апасына келип өбүшөрдө, миссис Марч эркелете шыбырады:
— Алтыным, көп таарынба! Бири-бириңерди кечиришип, жардамдашкыла жана эртеңки күндү жаңыча баштагыла.
Жо апасын кучактап алып буркурап ыйлагысы келди, бирок көз жашты аялдардын алсыздыгы деп эсептегендиктен, бир жагы ачуусу тарай элек болгондуктан, башын чайкады да, Эмиге угуза айтты:
— Мындай акмакчылыкты кечиргенге болбойт.
Ушуну менен жатканы кетти жана уйку бөлмөсүндө адаттагыдай шыбырашып, сыр айтмайлар болгон жок.
Кечирим сураса да кечирбей койгонуна Эминин катуу шагы сынып калды. Бекер эле кечирим сурапмын, жөн эле койсом болмок экен деп өкүнүп да калды.
Кийинки күнү да Жонун кабагы ачылган жок, иши да жакшы жүрбөй жатты. Эртең менен суук болуп, жолдо баягы жакшы көргөн пирогун арыкка түшүп ийишти. Марч жеңе адатынча убайым салып, убара кылды. Кечинде Мег да ой басып отурду, Бесс капа болуп, Эми болсо жакшы болуу маанилүү экенин айтканы менен башкалар үлгү көрсөтсө да андай болгонду каалабаган кишилер бар экенин айтып отурду.
«Ушинтип отургандан көрө Лорини чакырып, коньки тебиш керек. Ал дайыма шайыр жүрөт эмеспи, балким, өзүмө келгенге жардам берер»,- деп ойлоду да, Лориге кетти.
Конькилердин шаңгыраганын уккан Эми терезеден карады да, кыжыры келе түштү:
— Мына! Кийинки жолу сени сөзсүз ала барам деп убада берген, анткени бул быйылкы кыштын акыркы музу да. Бул эми мени өлүп баратса да алып барбайт.
— Антип айтпа. Сен өтө жаман иш кылдың. Ал кымбат китебинен ажырап ичи ачышканы менен сени баары бир кечирет. Менимче, бир ыңгайын таап туруп кечирим сурасаң эле кечирет,- деди Мег. – Азыр артынан бар, бирок эч нерсе деп айтпа. Лори менен сүйлөшүп көңүлү ачылгандан кийин ыңгайын таап туруп бетинен өп же бир нерсе кыл. Ал сөзсүз жарашат, менимче.
— Аракет кылам,- деди Эми. Бул кеңеш ага абдан жакты. Тез эле кийинди да, үйдөн чыгып, дөбөдөн ары карай кеткен достордун артынан чуркады.
Өзөн жакын эле жерде болгондуктан, Эми барганда тигилер конькилерин байлап бүтүп калышкан экен. Жо сиңдисинин келатканын көрүп бурулуп кетти. Лори болсо аны көргөн жок, мурунку күнү эрий түшкөн муздун кычыраганын тыңшап жээк бойлой абайлап баратты.
— Мен тиги бурулушка чейин барып байкап келейин, анан жарышабыз.- Эми анын ушул сөздөрүн угуп калды. Калың пальтосу менен тумагынан улам ал орустун шок жигиттерине окшоп калыптыр.
Жо Эминин күшүлдөп-бышылдап жүгүрүп келгенин, конькисин тезирээк байлайын деп үшүгөн колдорун үйлөгүлөп жатканын укту. Бирок кайрылып койбостон, сиңдисинин тигинтип кыйналып-кысталганына бир чети табасы канып муз менен сызып кете берди. Анын жини дагы эле тарай элек болчу, жаман ойлор менен сезимдер дароо куубаса ушинтип байыр алып, ал турсун биротоло жан дүйнөнү бийлеп алат эмеспи. Лори бурулушка жеткенде артын карап кыйкырды:
— Жээк бойлой жүр, ортосу опуталдуу экен!
Жо муну укту, бирок эми гана эптеп өйдө болгон Эми укпай калды. Жо артын карады, бирок баягы шайтан кайра шыбырады: «Укпаса койсун, сенин ишиң эмне? Өзү билет да».
Лори бурулуштан көрүнбөй калды, Жо да бурулганы калды, Эми болсо алардын артында өзөндүн ортосу менен сызып келатты. Жо калыбынан жазбай кете бермекчи болду, бирок эмнегедир бир нерсени кыя албагандай артын бир карай салып, Эминин колу серпиле түшүп жыгылганын көрүп калды. Анан эриген муздун жарылганы, суунун чалпылдаганы, аптыккан кыйкырык угулуп, Жо коркуп кетти. Лорини чакырайын десе, үнү чыкпай, чуркайын десе, буту шал болгон немедей кыймылдабай, карарган суунун бетиндеги кичинекей көк капорду карап туруп калды. Жанынан бир нерсе өткөндөй болду да, анан Лоринин кыйкырганын укту:
— Узун жыгач алып кел! Тез, тез!
Анан эмне кылып атканын өзү да билбей Лориге баш ийип, кашаадан узун жыгачты сууруп алып жетип келди. Лори болсо кудай жалгап өзүн жоготпой музга жатып алып Эмини эптеп кармап туруптур. Экөөлөп атып эси чыккан Эмини тартып чыгарышты.
— Эми муну тезирээк үйгө жеткириш керек. Пальтону жап, мен азыр мына бул кудай урган конькини чечейин!- деп кыйкырды Лори өчөшкөндөй чиеленишип калган конькинин боосун жулкулдатып жатып.
Сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөп ыйлаган Эмини үйгө алып барышты. Анан жылуу каминдин жанында одеялга оронуп жатып уктап кетти. Карбаластаган Жо унчукпай, купкуу болуп, өңүнөн кетип, колу-буту музга тытылып, көйнөгү айрылган бойдон жүрдү. Эми уктап, үй ичи тынчып калганда, миссис Марч Жонун жабыркаган колдорун таңа баштады.
— Эч нерсе болбойбу?- деп шыбырап сурады Жо, муз астындагы капкара сууга кетип кала жаздаган сиңдисинин алтын чачтуу кичинекей башын аяй карап.
— Эч нерсе болбойт, алтыным. Ал турсун суук деле тийбесе керек. Пальтоңорго орой коюп, дароо үйгө алып жетип келгениңер жакшы болуптур, азаматсыңар,- деди апасы жылмайып.
— Мунун баарын Лори жасады. Апа, эгер Эми чөгүп кетсе, мен күнөөлүү болмокмун да. – Жо буркурап ыйлап, болгон окуянын баарын айтып, өзүн мынчалык таш боормун деп жатты. Дагы кудай жалгап жазасы жеңилирээк болбодубу. – Мунун баары менин кудай урган мүнөзүмөн! Оңолгонго аракет кылам, оңолдум деп ойлойм, анан эле кайра мурункудан да жаман болуп кетем. Апа, мен эми эмне кылам? Эмне кылсам болот?- деп ыйлады бечара Жо.
— «Уктабай жалын» деп айтат Библияда, алтыным. Аракетиңден эч качан кайтпа жана кемчиликтериң оңолгустай сезилбесин,- деди миссис Марч тигинин чачы уйпаланган башын кучактап. Жаш аккан бетинен өптү эле, Жо ансайын күчөдү.
— Мунун кандай жаман экенин сен билбейсиң! Мен жиним келгенде эмне кылып ийгенимди өзүм да билбей калам. Ушунчалык таш боор болуп, эч кимдин көңүлүн карабай калам. Бир күнү бир жаман иш кылып ошону менен бүт өмүрүмө так салып аламбы деп корком. Анда мени бардыгы жек көрүп калат да. Апа, жардам берчи мага!
— Албетте, жардам берем, кызым. Сен минтип ыйлаба, бирок бул күндү унутпай, экинчи мындай күндү башка салбасын деп тиле. Жо, алтыным, мындай нерселер, ал турсун мындан жаман нерселер адамдардын баарында болот жана аны жеңиш үчүн бүтүндөй өмүр сарпталышы мүмкүн. Сен мүнөзүм ушунчалык жаман деп атпайсыңбы, а менин мүнөзүм сеникинен да жаман болчу.
— Чын элеби, апа? Сен эч качан ачууланбайсың го! – Жо таң калганынан өз дартын унутуп койду.
— Мен кырк жылдан бери мүнөзүмү оңдогонго аракет кылып келатам, бирок өзүмдү кармаганды гана араң үйрөндүм. Менин да күн сайын жиним келет, бирок мен муну көрсөтпөгөнгө үйрөндүм. Эми жаман сезимдерден оолак болгонду үйрөнсөм дейм, бирок буга да кырк жыл керек окшоп калды.
Апасынын жүзүндөгү өзү сүйгөн сабырдуулук Жо үчүн мыкты сабак болду жана бул абдан мыкты насаат сөз же урушка караганда алда канча таасирлүү эле. Апасы өзүн түшүнүп, ишенип тургандыгын көрүп жеңилдей түштү. Он бештеги кызга кырк жаш өтө көп мезгилдей сезилегени менен апасында өзүндөгүдөй кемчилик бар экени жана апасы да аны жоюуга аракет кылары бир топ дем берди.
— Апа, сен кээде Марч жеңе наалыганда же капа кылганда унчукпай эшикке чыгып кетесиң. Ошондой учурда жиниң келеби?- деп сурады Жо, апасына ыктап.
— Ооба, ойлонулбаган сөздөр айтыла турган болуп калганын сезгенде, унчукпай сыртка чыгам да, өзүмдү өзүм чабалдыгым үчүн жемелейм,- деп жооп берди миссис Марч жылмайып. Анан Жонун уйпаланган чачынан сылап койду.
— Унчукпай калганды кантип үйрөндүң? Мен үчүн ушул баарынан кыйын… анткени жаман сөздөр мен ойлонгончо эле чыгып кетет да, аларды айткан сайын кыжырым кайнай берет. Анан бирөөлөрдү кордоп, урушкандан табам кана баштайт. Мага да унчукпай калганды үйрөтсөң, апа.
— Маркум апам жардам берген…
— Сендей болуппу… – Жо сөзүн бузуп өпкүлөп ийди.
— Бирок мен сенден бир аз улуураагымда эле андан айрылып калдым да, өзүмчө күрөшүп жүрдүм, анткени башка бирөөлөргө чабалдыгымды көрсөткүм келген жок. Абдан кыйналып, ыйлаган күндөрүм болду, анткени канча аракет кылсам да, ийгиликке жете албай тургандай сезилчү. Анан атаңа жолугуп калдым, өзүмдү ушунчалык бактылуу сезгендиктен, жакшы болуш оңой болуп калды. Бирок төрт кыздуу болуп, кедей болгондуктан, мурунку кыжалатчылыктар кайра башталды, анткени табиятыман чыдамсыз болгондуктан, балдарымын жокчулукта чоңоюп жатканына чыдай албадым.
— Байкуш апам! Анан сага эмне жардам берди?
— Атаң, Жо. Ал эч качан сабырынан жазбайт, эч качан күмөн санабайт, даттанбайт, дайыма үмүт кылат, эмгектенет жана ушунчалык шайыр жүргөндүктөн, анын жанында башкача болуш кыйын. Ал мага жардам берип, кайраттандырып, кыздарың сени көрүп, сенден үлгү алгандай жаша деп айтчу. Өзүм үчүн аракет кылганга караганда, силер үчүн аракет кылган жеңил болду. Катуураак сүйлөгөндө коркуп же таң калып караганыңар эле мага ар кандай сөздөн катуураак тийчү. Кыздарымын сүйүүсү, урмат-сыйы жана ишеними аракетимдин эң жакшы өтөлгөсү деп ойлойм.
— О, апа, мен сенин жарымыңдай эле жакшы болсом жетет эле,- деп жиберди толкундап кеткен Жо.
— Сен менден ашып түшөсүң го деген үмүтүм бар, алтыным, бирок атаң айткандай, «ички душманыңдан» сак болушуң керек, антпесең ал бүт өмүрүңө залал келтирип коюшу мүмкүн. Сен азыр эскертүү алдың, эми муну эсиңден чыгарбай, өзүңдү кармаганга аракет кыл, болбосо ал бүгүнкүдөн да оор кайгы алып келиши ыктымал.
— Аракет кылам, апа, аракет кылам. Бирок сен мага жардам беришиң керек. Эскертип, көзөмөлдөп тур. Атам сөөмөйүн эрдине такап, сени эркелете карап турганын көрчү элем, сен болсо унчукпай кетип калчусуң. Ошол эскерткени беле?- деп сурады Жо эркелей.
— Ооба. Ушинтип жардам бер деп өзүм суранганмын, ал аны эч унуткан жок. Билдирбей ымдап, карап коюп, мени көп нерседен сактап калды.
Апасынын көздөрү жашка толуп, эриндери титиреп баратканын байкаган Жо коркуп кетти да, акырын шыбырады:
— Силерди байкап жүргөнүм, анан азыр айта койгонум туура эмес болуп калды окшойт, ээ? Мен сенин көңүлүңдү ооруткум келген жок, бирок оюмдагынын баарын айтып алып, абдан жеңилдеп калдым.
— Кызым, сен мага бардыгын айта берсең болот. Кыздарың сага ишенсе, кандай жакшы көрөрүңдү билсе, андан өткөн бакыт барбы.
— Мен сени капа кылып койдум го деп ойлодум эле.
— Жок, алтыным. Болгону атаңды айтып атып, ордун жоктоп кеттим. Мен ага милдеттүүмүн, анын кыздары бактылуу болушу үчүн тынбай эмгектенишим керек.
— Бирок сен аны армияга өзүң узатпадың беле, апа, кетип баратканда ыйлаган да эмессиң. Эч качан даттанбайсың, сага жардамдын деле кереги жок сыяктуу го,- деди Жо түшүнбөй.
— Мен өз өлкөмө эң кымбат адамымды бердим жана ал алыста жүргөндө ыйлабайм. Өз парзымды аткарып, акыр-аягы бактылуу боло турган соң, эмнеге даттанмак элем? Мага жардамдын кереги жок, анткени ал турсун атаңдан жакшыраак жубатып, колдой турган дагы бир досум бар. Кызым, мындан ары түйшүгүң көбөйө берет, бирок сен жараткан Кудайдын күчү менен мээримин сезгенди үйрөнсөң, анын баарын жеңесиң. Аны канчалык сүйсөң, ага канчалык ишенсең, ошончолук ага жакын болосуң, ошончолук адам акылы менен күчүнөн азыраак көз каранды болсуң. Анын мээрими менен камкордугу түгөнбөйт, ал дайыма сени менен болот, түбөлүк бейкуттуктун, бакыт менен күчтүн булагы болот. Кудайга кичинекей түйшүктөрүң, үмүттөрүң, күнөөлөрүң жана кайгыларың менен эч нерсени жаап-жашырбай мага кайрылгандай эле кайрыла бер.
Жо апасына жабыша ыктап, чын дилинен жараткан Кудайга үн-сөзсүз жалынып, бир жагынан өкүнүч менен кайгыны таанып, бир жагынан апасы айткан өзүн кармоонун даамын татып, апасынын көрсөткөнү менен ар кандай атадан, ар кандай энеден күчтүүрөөк, мээримдүүрөөк сүйө турган Досуна жакындады.
Эми уйкусурап түйшөлүп, өз айыбын тартып жаткансып үшкүрүп койду. Жо аны башкача карады.
— Мен кантип ушул байкушумду көпкө чейин кечирбей жүрдүм экен? Лори болбосо, эмне болот эле,- деп шыбыраган Жо сиңдисинин чачынан сылады.
Эми да аны уккан сыяктуу көзүн ачып, Жонун жүрөгүн элжирете жылмайып, колун сунду. Экөө тең унчукпай кучакташып калышты да, элжиреген өбүшүү менен бардыгы унутулду.
ТОГУЗУНЧУ БАП

МЕГ КӨЙРӨҢДӨР ЧӨЙРӨСҮНДӨ
— Балдардын дал ушул учурда кызылча болуп ооруп калганы жакшы болбодубу,- деди Мег, апрель күндөрүнүн биринде сиңдилери менен чемоданын салыштырып жатып.
— Энни Моффаттын убадасын унутпай аткарганын айтсаң. Эми эки жума жыргап келесиң. Сонун да,- деп жооп берди Жо. Ал узун колдорун жел тегирмендей арбаңдатып эжесинин юбкаларын бүктөп жаткан.
— Аба ырайы да сонун болуп турат. Мен сен үчүн абдан кубанып атам,- деп кошумчалады Бес. Ал өзүнүн кутусуна эжесинин чачка, моюнга тага турган ленталарын салып берди.
— Мен сенин ордуңда болсом! Эки жума жыргап эс алып, ушул сонун нерселерди кийип жүрсөм,- деп кыялданды эжесинин жаздыкчасына төөнөгүчтөрдү кооздоп сайып жаткан Эми.
— Мен да силер менен чогуу барганды каалайт элем, бирок бул мүмкүн болбогондуктан, бардыгын келгенде унутпай айтып бергенге аракет кылам. Бардыгыңар буюмдарыңарды берип, даярданганга жардам берип жатасыңар, бул жакшылыгыңарды жок дегенде ошону менен актайын,- деди Мег, өзүнүн бөлмөдө турган жупуну гардеробун карап.
— А апам кутудагы казынасынан эмне берди?- деп сурады Эми. Миссис Марч кыздарга берем деп катып жүргөн мурунку бардар жашоодон калган нерселерди салчу кедр кутусун ачканда ал жок эле.
— Жибек байпак, кооз желпүүр жана сонун көк кур берди. Мен жибек көйнөктү да алсамбы дедим эле, бирок аны мага ылайыкташ үчүн убакыт керек болгондуктан, эски көйнөгүм менен эле кете бермек болдум.
— Ал менин жаңы муслин юбкам менен сонун көрүнүп калат, кур да ага жакшы келет. Коралл браслетимди сындырып алганымды карабайсыңбы, болбосо ошону алып алат элең,- деди Жо. Ал өзүнүн бумдарын берип турганды жакшы көрчү, бирок алары көбүнчө жарактан чыгып калган болор эле.
— Казына кутуда сонун эски бермет жасалга бар экен, бирок апам жаш кыз үчүн гүлдөн ашкан жасалга болбойт деп койду. Лори болсо оранжереядан каалаганыңды жиберем деп убада берди,- деди Мег. – Эми токтой тургула… бул менин боз костюмум… шляпанын канатын ийип койчу, Бесс… бул болсо поплин көйнөгүм, жекшемби күндөрү же кечеге кийсем болот, бирок жазга бир аз калың болуп калат го дейм, чынбы? Жибек көйнөк болсо кандай жакшы болмок!
— Эч нерсе эмес, чоң балга кисея көйнөгүң бар, ал эми ак түстүүнү кийгенде сен периштедей көрүнүп каласың,- деди Эми Мегдин жупуну кийим-кечелерине суктанып.
— Ылдыйраактан тилинип, арты жерде булактап жүргөндө эмне, бирок эми боло берет. Үйдө кийген көк көйнөгүм да жаңыдай эле көрүнөт. Жибек пелеринамдын да модасы эски, шляпам да Саллиникиндей эмес. Чынын айтсам, жаңы кол чатырым да анча жакпай турат. Апама сабы ак кара кол чатыр ал деп сурансам, унутуп калып,сары саптуу жашыл кол чатыр алыптыр. Бышык, таза экен, даттанганга болбойт, бирок Эннинин жибек кол чатырынын жанында баары бир болбой калат,- деп үшкүрдү Мег кичинекей кол чатырын жактырбай.
— Алмаштырып ал да,- деп кеңеш берди Жо.
— Болбойт, апамы да капа кылгым келбейт, мага баарын алып берем деп ансыз деле абдан кыйналды. Ушуга ыраазы болуш керек. Жибек байпак менен жаңы мээлейлерим мени жубатып турат. Мээлейлериңди берип турганың кандай жакшы болду, Жо. Балга кие турган жаңы мээлейим бар, күндө кие турганы да бар, өзүмдү ушунчалык бай сезип турам. – Мег мээлей салган кутусун карап сүйүнүп койду. – Энни Моффаттын түнкү чепчигинде көк, кызыл ленталары бар, меникине да тигип койчу,- деп суранды Ханна үтүктөгөн апапак муслин ич кийимдерди алып келаткан Бесстен.
— Жок, мен болсом, андай кылбайт элем, анткени кооз чепчиктер жасалгасыз жупуну түнкү көйнөктөргө ылайык келбейт. Жакыр кишилер башкаларды алдабай эле койгону оң,- деди Жо чечкиндүү түрдө.
— Качандыр бир кезде менин кийимимде чыныгы торлор, чепчигимде ленталар болор бекен деп ойлойм,- деп жооп берди кыжыры келген Мег.
— Сен өткөндө эле Энни Моффаттыкына барсам, кандай бактылуу болот элем деп атпадың беле,- деди Бесс адатынча өзүн кармап.
— Албетте, айткамын! Мен азыр чынында эле бактылуумун, кежирленбей эле турам, бирок адам деген болгон сайын болсо дей берет турбайбы. Мына эми баары даяр болду, бир гана балга кие турган көйнөгүм калды, аны апам өзү салсын,- деди Мег. Жарым-жартылай толгон чемодандан көзүн алып, көп жолу жуулуп, эскиргени менен бал көйнөгү деп каадалана атаган көйнөгүн караганда жандана түштү.
Эртеси күн сонун болуп турду. Өзүн абдан жасангандай сезген Мег эки жума жыргайм деген ой менен жолго чыкты. Миссис Марч буга кыйылып туруп уруксат берди, анткени Маргарет үйгө көңүлү бузулуп кайтпаса экен деп кооптонду. Бирок кызы жалбарып сурангандыктан, Салли да өзүм карайм деп убада бергендиктен, бир жагы кышы бою иштеп чарчаган кызым бир аз эс алып келсин деген ой менен уруксат берди. Ошентип, кызы ак сөөктөрдүн чөйрөсүн көрүш үчүн жөнөп кетти.
Моффаттар чынында эле ак сөөктөрдөн болчу жана байкуш Мег алардын үйүн, чөйрөсүн көрүп оозу ачылып калды. Алар шаан-шөкөт менен жашашса да, абдан кичи пейил немелер болгондуктан, Мег тез эле уялбай, кысынбай калды. Ал өзү да билип билбей бул адамдардын маданияты башкача экенин, бул шаан-шөкөт, жасалгалар алардын чыныгы табиятын жашыра албасын сезгендей болду. Бирок эми албетте, бардар турмушта жашап, кооз экипаждарга түшүп, күн сайын сонун көйнөктөрдү кийип, көңүл ачуу менен гана жашаган сонун да. Бул жашоо ага жагып, көп өтпөй эле көргөн-уккандарын туурап, менменсинип, сүйлөгөндө французча сөздөрдү кошо коюп, чачын тармалдантып, көйнөгүнүн белин ичкертип, мода жөнүндө сүйлөп калды. Энни Моффаттын кооз буюмдарын көргөн сайын ага ичи күйүп, бай болсом деп кыялдана баштады. Өз үйү ушунчалык жупунудай, жумушу ушунчалык оордой туюлуп, жаңы мээлейи жана жибек байпагы бар экенине карабастан, өзүн ушунчалык кедей, бактысыз сезип калды.
Бирок тагдырына таарынганга көп деле убактысы болгон жок, анткени үч кыз тең – Энни, Салли жана Мег «убакытты көңүлдүү өткөрүү» менен алек болушту. Дүкөндөрдү кыдырып, сейилге чыгып, атка минип, конокко барып, театр менен операга барышып, же болбосо Эннинин курбулары менен кечелерди өткөрүп жүрүштү. Энни да бул жагынан уста болуп чыкты. Анын эжелери абдан сулуу немелер экен, бирөөсүнө сөйкө салып кетишиптир. Бул болсо Мегге абдан кызыктуудай жана романтикалуудай сезилди. Мистер Моффат толугунан келген шайыр киши экен, Мегдин атасын тааныйт экен, ал эми миссис Моффат күйөөсү сыяктуу толук, шайыр аял экен, ал да Мегге жакты. Бардыгы аны эркелетишип, Дейзи деп атап алышты. Ошентип, байкуш Мегдин башы биротоло айланып калды.
«Чакан кече» болор күнү баягы поплин көйнөктүн жарабай турганы белгилүү болуп калды, анткени башка кыздар жеңил көйнөк кийишип, абдан сулуу болуп кетишти. Чемодандан кисея көйнөктү алып чыкканга туура келди, бирок ал Саллинин кычыраган жаңы көйнөгүнүн жанында шөлпөйүп, ого бетер эски көрүнүп калды. Мег кыздардын көйнөгүн карап, тиктеше түшкөнүн сезип, бетинен от жана түштү, анткени ал уялчаак болгону менен намыскөй болчу. Эч ким эч нерсе деп айткан жок, бирок Салли чачын жасап, Энни курун курчап берди, ал эми баягы сөйкөлүү эжеси колдоруң апапакай экен деп мактады. Алардын мунусу Мегге боор ооруп жаткандай туюлуп, жүрөгү сыздап кетти, тигилер болсо ар нерсени сүйлөшүп, күлүшүп, кооз көпөлөктөрдөй болуп тегерегинде жүрүштү. Кызматчы аял гүл салынган кутуну алып киргенде, ого бетер жаман болуп кетти.
Ал бирдеме деп айта электе эле Энни капкагын ачып, баары андагы розаларды, гиацинттерди жана папоротниктерди көрүп, суктанып турушту.
— Бул, албетте, Беллага болсо керек. Жорж ага дайыма гүл жиберип турат, бирок бул жолу укмуштай гүлдөрдү жибериптир!- деди Энни терең дем алып.
— Чабарман бул мисс Марчка деп айтты, мына каты,- деп жиберди кызматчы аял, аны Мегге сунуп.
— Укмуш го! Ким жиберди экен? А биз сенин жигитиң бар экенин билбептирбиз!- деп чурулдаган кыздар Мегди ороп калышты.
— Кат апамдан, гүл болсо Лориден экен,- деп жооп берди Мег. Өзүн унутпагандарына ичинен абдан ыраазы болду.
— Чын элеби?- деп сурады Энни Мегди шылдыңдагандай карап. Мег болсо жанагы катты ич күйдүлүктөн, көйрөңдүктөн жана сылаңкороздуктан сактачу тумар сымал чөнтөгүнө катып алды.
Эми кайрадан өзүн бактылуу сезип, бир нече роза менен папоротникти өзүнө алып койду да, калганын чач-көйнөктөрүңөргө тагып алгыла деп курбуларына таратып берди. Ал гүлдөрдү ушунчалык келиштире сунду эле, Клара, Моффаттардын эң улуусу, «мындай татынакай кызды көргөн эмесмин» деп жиберди. Баары анын гүл белек кылганына таң калып калышты. Берешендигинен өзүнүн да көңүлү көтөрүлүп калды. Бардыгы миссис Моффатка көрүнгөнү кеткенде, өзү жалгыз калып, күзгүдөн каранса, көздөрү жайнап туруптур. Папоротниктерин тармал чачына, розаларды болсо эми эскиден өңү көрүнбөй калган көйнөгүнө тагып алды.
Ошол кеч өзүн абдан бактылуу сезип жүрдү, анткени каалашынча бийледи, бардыгы ага жылмая карашып, үчөө комплимент айтышты. Энни суранганынан ырдады эле, бирөө үнүнүн сонун экенин айтты. Майор Линкольн бул «көздөрү жакшынакай бейтааныш кыз» ким деп сурады, ал эми мистер Моффат мен бул кыз менен бийлейм, анткени «бул жөн кыз эмес, көзүндө оту бар кыз экен» деп туруп алды. Ошентип, баары жакшы болуп атканда, бирөөлөрдүн сүйлөшкөнүн угуп калды. Ал бал муздакка кеткен өнөгүн күтүп оранжереяда отурган эле. Капысынан гүлдөрдүн артынан бир үндү кулагы чалды:
— Ал канчада?
— Он алты же он жетиде болуш керек,- деп жооп берди башка бир үн.
— Жанагы кыздардын бири үчүн абдан жакшы болмок. Саллинин айтымында алар азыр абдан жакын имиш, чал дагы абдан жакшы көрөт дейт.
— Миссис М. келечегин ойлоп жүрсө керек, менимче, жагдайды колдон чыгарбайт. Бирок али эрте да, кыз да бул тууралуу ойлоно элек го дейм.
— Ал кат апамдан экен деп алдап койду, анткени гүл ага экенин айтканда кызарып кетпедиби. Байкуш! Эгер табитин таап кийинсе, абдан сулуу болмок. Сен кандай дейсиң, эгер бейшемби күнкү балга көйнөктөрдүн бирин кий десек, ал таарынбайбы? – деп сурады дагы бир үн.
— Ал намыскөй, бирок баш тартпайт го дейм, анткени анын болгон дүнүйөсү жанагы эскирген кисея көйнөгү турбайбы. Ал бүгүн айрылып калышы да мүмкүн, ошентип жакшыраак бир көйнөк берип койгонго шылтоо табылат.
— Көрөбүз. Мен Лоренсти чакырам, бул ага көңүл бургандык болот, анан баарыбызга күлкү да болот.
Ушул учурда Мегдин өнөгү келип, анын бети албырып, толкунданып отурганын көрдү. Ал чынында эле намыскөй болчу жана анын азыр абдан пайдасы тийди: канчалык баёо, ишенчээк болгону менен курбуларынын жанагы ушагын түшүнгөндүктөн келген ачуусун, басынганын, жийиркенгенин жашырууга жардам берди. Уккандарын унутканга аракет кылса да «Миссис М келечегин ойлоп жүрсө керек», «кат апамдан экен деп алдап койду», «эскирген кисея көйнөк» деген сөздөр кулагына угула берди, акырында үйгө барып, кайгысын айтып ыйлап, кеңеш сурагысы келип чыкты. Бирок бул мүмкүн болбогондуктан, колунан келишинче шайыр болгонго аракет кылып, бул абдан оңунан чыккандыктан, эч ким шек санаган да жок. Кече аяктаганда абдан сүйүнүп, төшөгүндө көпкө ойлонуп жатты. Таң калып, кыжыры келгенинен башы ооруп чыкты, аккан жашы ысыган бетин муздата албай койду. Жаман ниет менен айтылбаса да жанагы былжыраган сөздөр Мег бактылуу баладай жашап жүргөн эски дүйнөнүн бейкуттугун бузуп, жаңы дүйнөнү ачты: Лори экөөнүн балалык достугуна доо кетти, бардыгын өзүндөй ойлогон миссис Моффаттын сөзүнөн улам апам «келечекти» ойлойт турбайбы деген күдүк ой пайда болду, эскирген көйнөктү дүйнөдөгү эң чоң апаат катары көргөн курбуларынын кереги жок аёосунан улам жакыр адамдын кызынын гардеробу жупуну эле болуш керек деген жөнү бар чечкиндүүлүк начарлап калды. Бечара Мег түнү менен чабалактап уктай албай чыкты да, эртең менен бир чети курбуларына таарынып, бир чети алар менен ачык сүйлөшүп, бардыгын орду-ордуна коюп коё албаган өзүнө жини келип араң турду. Баары эртең менен жакшы ойгоно албай, бөлмөлөрүндө жүрүштү да, түш ченде гана араң өздөрүнө келип, сайма сая башташты. Мег курбуларынын манералары өзгөрө түшкөнүн дароо байкап, таң калды: баары мурункудан сыйлуураак мамиле жасап, сүйлөсө кунт коюп угуп, көздөрүнөн кызыккандыгы көрүнүп турду. Себебин аңдабаса да мунун баары ага жакты. Бир маалда бирдеме жазып отурган Белла башын көтөрүп, мындай дегенде гана баары түшүнүктүү боло түштү:
— Дейзи, алтыным, бейшемби күнкү балга сенин досуң мистер Лоренсти чакырып жатам. Биз аны менен таанышкыбыз келет, сага да кичинекей көңүл бурганыбыз болсун.
Мег кызарып кетти, бирок курбуларын ойноткусу келип кетти да, жасалма жооп берди:
— Чоң ыракмат, бирок ал келе албайт го дейм.
— Эмне үчүн?– деп сурады мисс Белла.
— Ал өтө эле кары.
— Койчу, кантип эле? Анын жашы канчада?- деп кызыкты мисс Клара
— Жетимишке барып калды го дейм,- деп жооп берди Мег, күлүмсүрөгөнүн эптеп жашырып.
— О, куулугун карасаң! Биз, албетте, жаш жигитти айтып атабыз!- деди Белла күлүп.
— Ал жерде жаш жигит жок, Лори али бала бойдон. – Анан эже-сиңдилердин бир кызыктай тиктеше түшкөнүн көрүп, өзү да күлүп ийди.
— Ал сени менен эле тең болуш керек,- деди Энни.
— Ал менин сиңдим Жо менен тең, мен болсо августта он жетиге толом,- деди Мег башын өйдө көтөрүп.
— Бирок анын сага гүл берип ийгени жакшы экен, чынбы?- деди Энни эмнегедир Мегди кадала карап.
— Ооба, ал бизге гүлдү көп жиберет. Мистер Лоренстин гүлдөрү көп, биз аларды абдан жакшы көрөбүз. Апам менен мистер Лоренс жакын достордон, ошондон улам биз да доспуз. – Анан эми бүттү го деп күтүп калды.
— Сыягы, гунча али ачыла элек окшойт,- деди мисс Клара Беллага.
— Аруу бойдон турбайбы,- деп койду мисс Белла ийинин куушуруп.
— Мен кыздарга бирдемелер алып келгени баратам. Силерге эч нерсенин кереги жок беле?- деп сурады жибек жабылган пилге окшоп бөлмөгө кирип келген миссис Моффат.
— Жок, ыракмат, мэм,- деп жооп берди Салли. – Бейшемби күнү кызыл жибек көйнөгүмү берип ийишет, андан башка эч нерсенин деле кереги жок.
— Мага дагы,- деп баштаган Мег чынында бир нерселер керек экенин, бирок аларды ала албасын ойлоп токтоп калды.
— Сен бейшембиде эмне киесиң?- деп сурады Салли.
— Жанагы эле ак көйнөктү. Кечээ айрылып калды, эми аны билгизбей тигип алышым керек,- деди Мег. Кайдыгер сүйлөгөнгө аракет кылганы менен ыңгайсызданып кетти.
— Үйдөн башкасын алдырып албайсыңбы?- деди Салли. Ал анча-мынчаны байкай бербеген кыз болчу.
— Башка көйнөгүм жок. – Мег муну араң айтты, бирок Салли муну байкабай, таң калып сурады?
— Башка жок? Кызык экен… — Ал сөзүн аяктай электе Белла башын чайкап, кийлигише кетти:
— Таң кала турган эч нерсе жок. Бир жакка чыкпаса, көйнөктүн эмне кереги бар? Көйнөгүң толтура болсо деле убара болуп үйдөн алдыргандын кереги жок, Дейзи, мен сага тар болуп калган сонун көк жибек көйнөгүмү берем. Киесиңби, алтыным?
— Чоң ыракмат, бирок мен эски көйнөгүмөн уялбайм. Силер уялбасаңар эле, ал көйнөк менин курагымдагы кыздарга болот,- деди Мег.
— Сени бир модага ылайык жасантайынчы, өтүнөм. Мен муну өзүм ушунчалык каалап турам. Кичине оңдоп-түзөп койсом эле келишкен сулуу болгону турасың. Даяр болгончо сени эч ким көрбөйт, анан эле Күлчү менен киндик энесиндей болуп балга кирип келебиз,- деди Белла ынандыра.
Мег чын дилден айтылган сөзгө жок дей албады жана «бир аз оңдоп-түзөсө» «келишкен сулуу» боло аларын каалоо аны макул болууга, Моффаттардын кечээги сөздөрүнөн калган жагымсыз сезимди унутууга мажбурлады.
Бейшемби күнү кечинде Белла кызматчы аял экөө бир бөлмөгө кирип алып, Мегди келишкен ледиге айландырышты. Алар чачын тармалданта жасап, моюну менен колдоруна кандайдыр бир жагымдуу упа сүртүштү, кызылыраак болсун деп эринин коралл помада менен боёшту. Гортензия ага soupcon de rouge кошуп коёюн деди, Мег такыр болбой койду. Араң дем ала тургандай жабышкан көк жибек көйнөк кийгизишти, анын көкүрөгү ушунчалык ачык экен, уялчаак Мег күзгүдөн өзүн көргөндө бети кыпкызыл болуп албырып кетти. Буга күмүш жасалгалар, билериктер, мончоктор кошумчаланды, ал турсун Гортензия кулагына жибек жип менен көрүнбөгөндөй кылып сөйкө да тагып берди. Көкүрөгүнө кооз роза тагылып, көйнөгүнүн тору да апапакай ийиндерине жарашып, бийик такалуу көк жибек туфли көңүлүнө төп келди. Тордолгон жүзаарчы, куш канатынан жасалган желпүүр жана күмүш шакек бардыгын толуктады да, мисс Белла куурчагын жасаган кичинекей кыздай өзүнө өзү ыраазы болуп карап калды.
— Мадемуазель charmante, tres jolie, чынбы?- деп Гортензия да ашыра суктанды.
— Жүр, көрсөтөлү,- деди мисс Белла, Мегди башкалар күтүп отурган бөлмөгө алып баратып.
Мег жибек көйнөгүн шуудуратып, узун этегин жайылта, сөйкөсүн шыңгыратып, тармал чачы менен жүрөгү дүкүлдөп кирип барганда, өзү үчүн «оюн-шоок» эми башталгандай сезди, анткени күзгү алдамак эмес. Курбулар биринен сала бири мактап атканда, баягы бир тамсилдеги тоостун канат-куйругун тагынып алып, шакылдаган сагызгандардын ортосунда турган каргадай болуп турду.
— Энни, мен кийингенче француз така менен узун көйнөкчөн жүргөндү үйрөтүп кой, болбосо чалынып жыгылат. Клара, күмүш көпөлөгүңдү чачынын сол жагына тагып бер. Эч кимиңер менин жасаганыма кол тийгизбегиле,- деп айткан Белла өзүнө өзү ыраазы болуп чыгып кетти.
— Ылдый түшкөндөн коркуп турам. Жарым жылаңач калгандай бир кызык болуп турам,- деди Мег Саллиге. Коңгуроо кагылып, миссис Моффат кыздар тезирээк түшсүн деп чакыртып жаткан эле.
— Сен өзүңө такыр окшобой, бирок абдан сулуу болуп турасың. Мен сага караандабай калдым. Белланын табити жакшы, сен француз кыздардай болуп калыпсың. Гүлдөрдү карабай эле кой, алар эч нерсе болбойт, андан көрө алдыңды кара, чалынып кетип жүрбө,- деп жооп берди Салли, Мегдин өзүнөн сулуураак болуп кеткенине ичи күйгөнүн билдирбөөгө аракет кылып.
Тигилердин айтканын кылып, Маргарет тепкич менен аман-эсен ылдый түшүп алды. Конок бөлмөсүнө суйсала басып кирсе, Моффаттар жана алгачкы коноктордон бир нечеси бар экен. Көп өтпөй эле кымбат баалуу кийим белгилүү бир адамдарды өзүнө тартып, сый-урматты пайда кыларын байкады. Мурун Мегге көңүл бурбай жүргөн бир нече кыз капыстан эле ынак болуп чыга келишти, ал эми мурунку кечеде карап коюп жүргөн бир нече жигит эми жөн эле карабай, аны менен тааныштырууну сурашып, бир болбогон, бирок жагымдуу комплименттерди айтып жатышты. Диванга отуруп алышып, калгандардын баарын ушактап жаткан улгайган айымдар үй айымынан бул сулуу кыздын ким экенин сурап атышты. Миссис Моффат бир айымга жооп берип жатканын кулагы чалып калды:
— Дейзи Марч… атасы полковник… армияда… биздин алгачкы үй-бүлөлөрдөн, бирок… тагдыр да… Лоренстердин жакын достору… татынакай неме… менин Недим абдан жакшы көрөт.
— О, кудай! – деп койду тигил улгайган айым Мегди жакшыраак көрүш үчүн лорнетти көзүнө жакындатып. Мег миссис Моффаттын калп айтып жатканын укпагандай түр көрсөттү.
Жанагы кызык сезим кетпей койду, бирок ал келберсиген айымдын ролун ойноп жатам деп элестетип жүрдү жана жаңы ролун түзүк эле аткарып жатты. Бирок көйнөктүн тардыгынан кыйналып, шлейфи бутуна ороло калып жатты, сөйкөм түшүп кетип жоголуп кетпесе экен деген ой да кыйнап турду. Кылыктанып, курч сүйлөгөнгө аракет кылган кавалеринин болбогон тамашасына күлүмүш болуп турду, бирок капыстан эле маңдайында турган Лоринин көрүп уялып кетти. Ал абдан таң калып, бирок жактырбагандай карап туруптур, анткени баш ийкеп жылмайганы менен ачык карашында эски эле көйнөгүмдү кийбей деп уялта турган бир нерсе бар эле. Анын үстүнө Белла чыканагы менен акырын Эннини түрткөнүн, анан экөө Лорини карап калышканын байкап калды. Кудай жалгап, Лори жаш баладай болуп тартынып туруптур.
«Келесоолор, эмне үчүн мындай ойду пайда кылышат? Мен бул жөнүндө ойлобойм жана бул ойлордун мага таасир этишине жол бербейм»,- деп ойлоду да, жибек көйнөгүн шуудуратып, досу менен учурашканы бөлмөнү кесип өттү.
— Сенин келгениңе абдан кубандым. Келбей коёт го деп корктум эле,- деди «чоңдордой» түр көрсөтүп.
— Жо барып көрүп келчи дегенинен келдим,- деди Лори андан көзүн албай. Ал Мегдин чоңдордой сүйлөгөнүнө күлкүсү келгенсип жылмайып турду.
— Ага эмне деп барасың?- деп сурады кызыгып. Бирок биринчи жолу аны менен сүйлөшкөндөн ыңгайсызданып турду.
— Чоң кыздардай көрүнүп калыптыр, тааныбай калдым, ал турсун бир аз корктум деп айтам,- деди Лори, мээлейинин топчусун кармалап.
— Койчу! Кыздар жөн эле тамашалап жасап коюшту, өзүмө да жагып калды. Жо мени көрсө таң калбайт беле?- деп сурады Мег. Өзүнүн сулуураак болуп калганын же андай болбогонун айттыргысы келди.
— Ооба, ал чын эле таң калмак,-деди Лори олуттуу тартып.
— Менин кебетем сага жакпай турабы?- деп сурады Мег.
— Ооба.
— Эмнеге?- деп сурады чочулап.
Лори анын тармалданган чачын, жылаңач ийиндерин, жасалгаланган көйнөгүнө көз чаптырды. Мурунку көнүмүш сыпайылыктан дайын жок көз карашынан Мег ыңгайсыздана түштү.
— Мен көйрөңдөрдү жаман көрөм.
Мына сага! Өзүнөн жаш баланын айтып турганын кара! Мег кыжыры келип:
— Сендей орой баланы көргөн эмесмин!- деди да, басып кетти.
Маанайы биротоло бузулганын сезди да, терезеге барып, көйнөктүн тардыгынан улам албырып чыккан бетин бир аз суутмак болду. Анан майор Линкольн жанынан өтүп баратып, апасына минтип айтканын кулагы чалып калды:
— Алар бул кызды жасантабыз деп атып кебетесин таптакыр бузуп коюшуптур. Карасаң, куурчак эле болуп калыптыр.
«О, кудай!- деп улутунду Мег. – Баягы эле өзүмдүн көйнөгүмдү кийсем эмне. Башкалардын да итиркейин келтирмек эмесмин, өзүм да мынчалык уялбайт элем.»
Ал көшөгөнүн артында маңдайын муздак айнекке такап турду, өзүнүн жакшы көргөн вальсы ойнолуп жатканына да көңүл бурган жок. Бирөөнүн колу тийгенде гана бурулуп караса, кечирим сурагансып Лори туруптур. Башын ийип, колун сунду да:
— Оройлугум үчүн кечирим сурайм. Жүр, бийлеп келели,- деди.
— Сага жакпайт го деп корком,- деп жооп берди Мег, таарынымыш болуп.
— А мен абдан каалап турам. Жүр, мен эми оройлук кылбайм. Мага сенин жасанганың эле жакпай турат, а сен өзүн абдан татынакайсың. – Анан сөзү жетпей калгансып, колун шилтеп койду.
Мег жылмайып, жумшара түштү, анан бийлегенге ыңгайлуу учурду күтүп турганда, мындай деп шыбырады:
— Абайла, этегиме чалынып калба. Ушунун азабы өттү, жиндидей болуп кийип алганымы карасаң.
— Мойнуңа ороп ал, ошондо бир аз пайдасы тийиши мүмкүн,- деп кеңеш берди ылдый караган Лори. Кичинекей көк туфли ага жаккандай болду. Экөө үйдө бийлеп жүргөндүктөн, койкоюп сонун бийлеп жүрүштү. Таарыныша түшкөндөн кийин ого бетер жакын боло түшкөн улан-кыздын кылкылдап бийлеп, бактылуу болуп жүргөнүн караган көздүн моокуму кангандай.
— Лори, мен сенден бир нерсе өтүнсөм болобу,- деп сурады Мег токтой калганда. Демиге түшкөндүктөн желпүүрү менен желпине баштады жана мунун баары жанагы тар көйнөктөн болуп жатканын өлүп баратса да айтмак эмес.
— Жан дилим менен аткарам,- деп жиберди Лори.
— Менин бүгүнкү кийимимди үйдөгүлөргө айтпай эле койчу. Мунун тамаша экенин алар түшүнүшпөйт, апам да кыжалат болот го.
«Анда эмне үчүн мындай кылдың?» деген суроо турду тигинин көзүндө. Мег шашып кетип кошумчалады:
— Мен аларга өзүм айтып берем, апама да жинди болгонуму айтып берем. Мен муну өзүм айтам, сен жөн эле койчу, макулбу?
— Айтпайм деп сөз берем, бирок алар менден сурап калса эмне дейм?
— Татынакай болуп, көңүлдүү жүрдү деп эле кой.
— Биринчисин го айтам, бирок экинчисин эмне кылам? Сенин бул кебетеңди көрүп туруп көңүлдүү жүрдү деп айтыш кыйын го. Ушундайбы? Мег Лоринин караганын көрүп, шыбыраганга мажбур болду:
— Азыр көңүлүм чөгүп турат… Мени туура түшүн. Бир аз көңүл ачайын дедим эле, бирок андай болбой, бир аз чарчап да турам.
— Нед Моффат эмнеге келатат? Буга эмне керек?- деди Лори жаш кожоюнду жактырбай, капкара каштарын үрпөйтүп.
— Ал үч бийге жазылган, ошого келатат го дейм. Ой кудай ай!– Мегдин кебетесине Лоринин күлкүсү келип кетти.
Анан кечки тамакка чейин сүйлөшүшкөн жок. Бир маалда караса, Неддин Фишер деген досу үчөө болуп шампан ичип атышыптыр. Миссис Марчтын кыздарын бир тууган агасындай караган Лори ичинен тиги экөөнү «окшошкон кемчонтойлор» деп алды.
— Мег, эгер көп ичсең, эртең башың ооруп калат. Мен сенин ордуңда болсом, мындай кылмак эмесмин. Бул апаңа да жакпайт, билесиң да,- деп шыбырады ал эңкейип. Нед анын бокалын толтурайын деп ары карап, Фишер болсо анын жерге түшүп кеткен желпүүрүн алганы эңкейип калган эле.
— Мен бүгүн Мег эмесмин, оюна келгенин кылган жинди куурчакмын. Эртең мына бул жалтырак-жултурактын барын ыргытам да, мурункудай татынакай болуп калам,- деп каткырып күлдү ал.
— Азыр эртең болуп калганда эмне,- деп күбүрөдү Лори, анын өзгөрө түшкөнүнө нааразы болуп.
Мег башка кыздардай эле бийлеп, назданып, тынбай сүйлөп, күлүп жүрдү. Кечки тамактан кийин эптеп немисче сүйлөдү, узун юбкасы менен коштоп жүргөн кавалерин жыгып ала жаздады, анын ызы-чуусуна жини келген Лори ага насаат айтмак болду. Бирок Мег ага такыр жолобой койду. Коштошордо гана жолугушту.
— Унутпа!- деди ал жылмайганга аракет кылып, анткени башы чындап эле ооруп чыккан эле.
— Silence a la mort!- деп жооп берди Лори какшыктап.
Бул Эннинин кызыгуусун туудурду, бирок Мег абдан чарчагандыктан, ушакташа албады. Маскарадда болуп, бирок күткөндөй ыракат ала албагандай бир сезим менен барып жатты. Кийинки күнү ооруп жатып, ишемби күнү үйгө жөнөдү. Эки жумага созулган «көңүл ачуудан» кыйналып, «шаан-шөкөттүү жашоого» тоюп бүткөнүн сезди.
— Көңүлүң тынч болуп, конокто жүргөндөй болбой ээн-эркин болгон кандай жакшы! Биздин үй жупуну болгону менен абдан сонун,- деди Мег жекшемби күнү кечинде каминдин жанында апасы, Жо болуп отурганда.
— Муну укканыма кубанам, алтыным. Сага биздин үй кайтып келгенден кийин абдан көңүлсүз, жакыр сезилип калат го деп корктум эле,- деп жооп берди апасы. Буга чейин ал кызын чочулай карап жүргөн, анткени эненин көзү балдарындагы өзгөрүүнү дароо эле баамдап коёт эмеспи.
Мег болгон окуяларды күлкүлүү кылып айтып берип, абдан сонун болду деп кайталап атканы менен бир нерсени айта албай кыйналып жаткансыды. Кичинекей сиңдилери уктаганы кеткенде да отту карап ойлонуп отура берди. Саат тогуз болуп, Жо барып уктайлы дегенде Мег ордунан туруп барып, Бесстин отугучуна отура кетти да, апасынын тизесине башын жөлөп, чечкиндүү айтты:
— Апа, мен бир нерсени мойнума алгым келип турат.
— Мен да бир нерсени сезип турдум эле. Эмнени айтайын дейсиң?
— Мен бара берейинби?- деп сурады Жо.
— Эмнеге? Мен сенден бир нерсе жашырчу белем? Кичинекейлердин көзүнчө айткандан уялдым, бирок силер Моффаттардын үйүндөгү акмакчылыгымды билишиңер керек.
— Биз даярбыз, айта бер,- деди миссис Марч жылмайып, бирок чочулаганы билинип турду.
— Мени абдан жасандырышты дебедимби, бирок упа сүйкөп, белимди кындай тартып, чачымды тармалдантып, куурчактай кылып коюшканын айтканым жок. Лори муну аша чапкан көйрөңдүк деп ойлойт экен. Ал муну ачык айтпаса да түшүндүм, анан коноктордун бири апасы менен сүйлөшүп атып мени куурчак деп айтты. Келесоолук болгонун билип эле турдум, бирок алар мени макташып, сулуу болуп кеттиң дешкенинен улам жол берип койдум.
— Ушул элеби?- деп сурады Жо. Миссис Марч болсо Мегдин татынакай өңүн карап, айыптай турган эч нерсе таба албай турду.
— Жок, анан шампан ичип, сүйлөп, назданымыш болдум, азыр ойлосом жиним келет,- деди Мег күнөөлүү болуп.
— Менимче, дагы бир нерсе бар. – Миссис Марч Мегдин бетинен сылады эле, албыра түштү.
— Ооба. Айткым келбейт, бирок айтам, анткени элдин Лори экөөбүздү кеп кылышканы мага жакпайт.
Анан Моффаттардыкынан уккан ушак үзүндүлөрүн айтып берди. Ал сүйлөп жатканда Жо апасынын ушундай ойлор Мегдин балалык акылына илинип калганына кейип отурганын байкады.
— Мындай тантыраган кепти уккан эмесмин,- деп жиберди кыжыры келген Жо. – Эмне үчүн чыга калып алардын бетине айткан жоксуң?
— Анте алган жокмун, эсим ооп араң тургамын. Адегенде укпай коё албадым, анан ачуум келип, бир жагынан уялганыман кетип калыш керек экени да оюма келбептир.
— Шашпасын, эми Энни Моффатка бир жолугуп калсам, эмне кылыш керек экенин көрсөтөм. Биздин «пландарыбыз» бар имиш, бай болгондуктан биз Лориге жакшы мамиле жасайт имишпиз, анан ал бизге үйлөнөт имиш. Ушундай да келжиреген кеп болобу! Карап тур, байкуш балдарды ушактаган кандай болорун көрсөтпөсөмбү! – Анан мунун баары тамаша сыяктуу сезилип кетип, Жо күлүп ийди.
— Эгер сен Лориге бир сөз айтсаң, мен сени кечирбейм! Ага эч нерсе айтпаш керек, туурабы, апа?- деди Мег жалооруп.
— Мындай былжыраган ушактарды эч качан кайталаба, аларды мүмкүн болушунча тезирээк унут,- деди миссис Марч олуттуу түрдө. – Жакшы билбеген кишилердикине жөнөтүп бекер кылган экенмин. Алар албетте, ак пейил кишилер, бирок көр пенде, тарбиясы начар, жаштардын таза мамилесин аңдай албаган адамдар окшоп калды. Сенин шагың сынып калганы жаман болуптур, кызым.
— Кыжалат болбо, апа, мен ага жол бербейм. Жамандын баарын унутуп, жакшысын гана эстеп калам, анткени мен ыракат да алдым жана жибергениң үчүн абдан ыраазымын. Мындан ары ыйлап-сыктап, жашоомо нааразы болбойм. Мен өзүмдүн али аңкоо кыз экеними билем жана чоңойгончо сени менен болом… Бирок баары сени мактап, сага суктанып турган да жакшы экен, жакпайт деп айта албайм,- деп корутунду чыгарды Мег, бир аз уялып туруп.
— Башкаларга жакканды эңсөө — табигый нерсе, анын эч кандай айыбы жок. Ага биротоло берилип, туура эмес иштерди жасабасаң болду. Өзүңөр татыктуу болгон мактоону билип, баалаганды үйрөнгүлө жана канчалык сулуу болсоңор, ошончолук жөнөкөй болгула, жакшы адамдар суктангандай болсун.
Маргарет бир азга ой басып отуруп калды, жанында турган Жо колун артына алып, кызыгуу менен карап турду, анткени Мегдин кызарып-татарып турганы, суктангандар, жигиттер жөнүндө айткандары көнүмүш нерсе эмес болчу. Ага эжеси ушул эки жуманын ичинде эле бой жетип, өзү али башбагып көрө элек бейтааныш дүйнөгө кадам таштагандай туюлуп турду.
— Апа, сенин миссис Моффат айткандай «пландарың» барбы?- деп сурады Мег уялыңкы.
— Ооба, алтыным, пландарым көп, алар бардык энелерде болот, бирок меники миссис Моффаттыкынан башкачараак го деп ойлойм. Алардын кээ бирин сага айтып берейин, анткени чын дилден чыккан сөз сенин кыялкеч акылың менен жүрөгүңдү туура жолго сала турган убакыт келди го деп ойлойм. Сен жашсың, Мег, бирок мени түшүнөсүң, анткени кыздарга мындай нерселерди энеден жакшы эч ким түшүндүрө албайт. Жо, сенин да кезегиң келет, сен да менин «пландарымы» угуп, жакшы болсо, ишке ашырганга жардам бер.
Жо креслонун таянгычына көчүк басып, олуттуу бир ишке кирише тургандай болуп калды. Миссис Марч кыздарынын колун кармап, алардын жүзүнө ойлуу карап, бир жагы кубанып, мындай деди:
— Мен кыздарымын сулуу, билимдүү жана ак пейил болушун каалайм, башкалар суктанышса экен, жакшы көрүп, сыйлашса экен, сүйгөнү менен баш кошуп, кудайдын берген анча-мынча кыйынчылыктарын жеңип, жакшы өмүр сүрүшсө экен деп тилейм. Жакшы эркектин сүйгөнү болуу, жубайы болуу – аялдын жашоосундагы эң жакшы, эң жагымдуу нерсе жана менин кыздарым да ушул бакыттын даамын татат го деп ишенем. Бул жөнүндө ойлонуу, үмүттөнүү жана аны күтүү – табигый нерсе, мунун эч кандай уяты жок, Мег. Ошондой сонун учур келгенде, ага даяр болуп, татыктуу тосуп алыш керек. Алтындарым, мен силердин бактылуу болушуңарды каалайм, бирок ойлонбой туруп, бай болгону үчүн же сонун үйү болгону үчүн эле бирөөгө турмушка чыгышыңарды каалабайм,анткени андайда сүйүү сезими болбойт. Акча – зарыл жана баалуу нерсе, туура колдонсо, жакшы максаттарга жетүү үчүн кызмат кылат, бирок ал жашоодогу эң негизги жана бирден бир максат деп ойлобогула. Мен силердин такта отурганы менен өзүн өзү сыйлабаган, жаны жай таппаган королева эмес, жубайы кедей болгону менен бактылуу жашаган сүйүктүү аял болушуңарды каалар элем.
— Кедей кыздар аракет кылып, башкалардын көңүлүн бурууга аракет кылбаса, эч качан ийгиликтүү боло албайт дейт Белла,- деп улутунду Мег.
— Анда биз кара далы болуп кала беребиз,- деп чечкиндүү айтты Жо.
— Туура айтасың, Жо, бактысыз аял же күйөө издеп чуркаган жеңил ойлуу кыз болгондон көрө бактылуу кара далы кыз болгон жакшы,- деди миссис Марч. — Кыжалат болбо, Мег, кедейлик чындап сүйгөн кишини токтото албайт. Мен тааныган эң мыкты аялдардын айрымдары кедей кыздар болушкан, бирок алар азыр сүйүктүү жар болуп жүрөт, эл да сыйлайт. Баарынын өз убактысы бар. Ушул үйдү бактылуу кылып, сунуш кылган үйдү кармоого даярдангыла, сунуш кылбаса, ушул үйгө ыраазы болуп жашай бергиле. Эсиңерде болсун, кыздарым, мен дайыма силердин курбуңар болом, атаңар досуңар болот, биз экөөбүз тең кыздарыбыз турмушка чыкса да, чыкпаса да биздин сыймыгыбыз болот, жашоодогу кубатыбыз болот деп ишенебиз.
— Биз ошондой болобуз, апа,- деп жиберишти кыздары, анан апасы жакшы түш көрүп жаткыла деп тилек айтты.
ОНУНЧУ БАП

ПИКВИК КЛУБУ
Жаз келип, адаттагыдай эле аны менен бирге жаңы иштер менен кубанычтар пайда болду, ал эми барган сайын узарып бараткан күндөр ар түрдүү иштер менен көңүл ачууларга мүмкүндүк бере турган болду. Бакты иретке келтириш керек эле, мында кыздардын ар биринин өзүнүн «бакчасы» бар эле жана алар каалаган нерсесин отургузушчу. Ханна: «Кытайга алып барып койсо да, кимдин бакчасы экенин айтып берет элем»,- деп калчу жана анын айтканында калет жок эле, анткени эже-сиңдилердин табити да мүнөздөрүнөн кем калышчу эмес. Мегдин бакчасында розалар, гелиотроптор, мирт жана померанец дарагы өсчү. Жонун жери жыл сайын өзгөрүп турчу, анткени ал жаңылык киргизип турганды жакшы көрчү. Быйыл ал күн карама айдап, бул жайкалган кооз өсүмдүктүн данын Ко-ко жеңе менен анын ызы-чуу түшкөн жөжөлөрүнө бермек. Бесс эски модадагы жытуу гүлдөрдү: аңкыган жыттуу буурчакты, резеданы, дельфиниумду, гвоздиканы, ала гүлдү, эрменди, мындан тышкары канарейка үчүн лютикти, мышык үчүн мышык жалбызды өстүрчү. Эминин бакчасында беседка бар эле, ал кичинекей болгону менен татынакай эле, шилби менен курчалып, чырмооктор каптап турчу. Жанында бийик өскөн ак лилиялар, назик папоротниктер жана ар түрдүү кооз өсүмдүктөр бар эле.
Күн ачыкта эже-сиңдилер бакта иштеп, сейилдеп, өзөндөгү кайыкка түшүшчү, гүл теришчү, ал эми жаан жааганда, үйдө түрдүү оюндарды ойношор эле. Алардын бири «П. К.» болчу. Жашыруун уюмдар мода болгондуктан жана ушундан улам андай уюм зарыл болгондуктан жана эже-сиңдилер Диккенсти жакшы көргөндүктөн, өздөрүн Пиквик клубу деп аташчу. Бир аз тыным болбосо жыл бою уюмдун ишин жүргүзүшүп, ишемби сайын кечкисин чердакка чогулушчу. Бул азем төмөнкүдөй болор эле. Үч отургуч катарынан коюлуп, столдун үстүндө лампа, ак кагаздан жасалып, түстүү карандаш менен «П. К.» деп жазылган төрт эмблема жана «Пиквик баракчасы» деген жумалык гезит турчу. Гезитти эже-сиңдилер чыгарып, Жо редакторлук кылчу, анткени ал кагаз-калемге жакын эле. Саат жетиде төртөө клубга чыгып, ар ким өз ордун ээлеп, боосу бар эмблемаларын өзгөчө салтанат менен баштарына байлашчу. Мег улуу болгондуктан, Сэмюэл Пиквик, чыгармачылыкка жакын Жо Огастес Снодграсс, толмочунан келген кызыл бет Бесс Треси Тапмен, ал эми колунан келбеген нерселерге аракет кыла берген Эми Натэниел Уинкл болчу. Пиквик, клубдун президенти, өздөрү жазган аңгемелерге, ырларга, үйдөгү жаңылыктарга, кулактандыруулар менен сунуштарга толгон гезитти үн чыгарып окучу. Мына эми ушундай кечтердин биринде мистер Пиквик айнеги жок көз айнегин мурдуна кондуруп, столду тыкылдатты да, тамагын кырып, отургучунда селкинчек тээп отурган мистер Снодграссты тартипке чакырган соң, гезитти окуй баштады:
«Пиквик баракчасы»
20-май 1961-жыл.
Акын бурчу

ЮБИЛЕЙЛИК ОДА
Өттү арадан дагы бир жыл,
Мына дагы юбилей.
Майрамга шаңдуу чакырат
Досторуң сенин күлүңдөй.
Баарыбыз денибиз сак,
Достор баары өз ордунда
Жылмайган тааныш өңдөр
Кысышкан колдор мына.
Урматтуу Пиквик мырза
Адатынча көз айнекчен
Чартылдап гезит окуйт
От чачырайт көз айнектен.
Тумоолоптур, эмне экен!
Ал турсун кырылдак да
Жашыра албайт акылды
Мурду турса бырылдап да.
Кыймылы пилдей Снодграсс!
Узун бойлуу капкара.
Жүзүнөн нуру төгүлүп
Салам айтат жаштарга.
Ыйык оту поэзиянын
Көзүн шамдай жандырган.
Бирок досум абайла
Чарт дей түшөт чагылган!
Бейкуттукту, тынчтыкты
Тапмен бизге апкелет,
Бирок даяр күлүүгө
Азил кеп тапса эртелеп.
Уинкл ban ton көргөзөт
Билбегени жок анын!
Сактаган менен салттарды
Жуунбай коёт акырын.
Биз баарыбыз ырдап-күлүп,
Клубубуз гүлдөп келет.
Чыгарманын жолундабыз
Атак-даңкка алпарат.
Ага берсин келечекте
Алкыштардын агымы
Эмгектердин натыйжасы
«Пиквиктин баракчасы».
О. Снодграсс
* * *
ТОЙ-МАСКАРАД
(Венециядагы окуя)
Граф де Аделонанын ак сарайынын мрамор тепкичтерине гондола артынан гондола келип, маскарадга чогулган эл көбөйүп жатты. Рыцарлар менен айымдар, паждар менен эргежээлдер, кечилдер менен гүл сатуучулар – баары бийлеп жатышты. Мукамдуу обондор абада каалгып, шаңга толгон маскарад уланып жатты.
«Улуу урматтуум, сиз бүгүн леди Виоланы көргөн жоксузбу?»- деп сурады бир сылык-сыпаа трубадур залдан жыбылжый басып өтүп бараткан феялардын королевасынан. «Ооба, көрдүм. Бир аз кайгылуу көрүнгөнү менен абдан татынакай эле! Көйнөгү да кылдат табит менен тандалыптыр. Ал бир жумадан кийин чыдамы кетип жаткан граф Антонио менен баш кошот».
«Чынын айтсам, мен ага бир аз ичим тарып турат. Карасаңыз, тигине, ал кара маска кийип турат. Аны алганда сулууну кантип караганын көрөбүз. Атасы катаалдыкка салып берип жатканы менен граф сулуунун жүрөгүн багындыра албаптыр»,- деп жооп берди трубадур.
«Сулуу бир жаш англиялык сүрөтчүнү сүйөт дешет, тиги да анын артынан калбайт имиш, бирок кары граф аны жактырбайт экен,- деп кошумчалады тигил айым бийлегендерге аралашкандан кийин.
Той кызып калган кезде поп келип калды. Ал бир жаш жупту кыпкызыл баркыт көшөгө тагылган жерге алып барды да, тизелетип отургузду. Ызы-чуу тып басылып, фонтандардын шылдыраганы менен дарактардын шуудураганы гана угулуп калганда, граф де Аделон мындай деди:
«Айымдар жана мырзалар, кечирип коюңуздар, сиздерди кызымын тоюна ушул кичинекей амал менен чакырдым эле. Баштай бериңиз, урматтуум, биз даярбыз».
Элдин баары тигилип карап калды да, анан күбүр-шыбыр боло түштү, анткени эки жаш маскасын албай турушкан эле. Бир жагы кызыгуудан, бир жагы таң калуудан жүрөктөр дүкүлдөп, бирок ыйык ырым-жырым аткарылып жаткан соң, баары унчукпай турушту. Анан чыдамы кеткен эл графты тегеректеп, сурай баштады.
«Мен билсем, жан-дилим менен айтып берет элем, бирок эч нерсе билбейм, бул — менин уялчаак Виоламдын өтүнүчү. Эми, балдарым, оюн бүттү. Маскаңарды алгыла, мен батамды берейин».
Бирок жаштар тизе бүгүшкөн жок. Маскаларын алганда, карап турган эл дуу дей түштү, анткени Фердинанд Деверьенин жүзү көрүндү. Сүрөтчүнүн төшүндө англиялык графтын жылдызы жана Виола сулуунун сүрөтү жаркырап туруптур. Жадырап-жайнаган Фердинанд Деверье граф де Аделонага мындай деп кайрылды:
«Милорд, сиз граф Антонионукундай атак-даңкың, байлыгың болсо гана кызымды берем деп текеберленип айттыңыз эле. Мен сизге андан ашыгын айтам: мен, граф Деверье Де Вер, өзүмдүн илгертен келаткан уругумдун атын жана сан жеткис байлыгымды мына бул өзүм сүйгөн айдай сулуу ледиге, мындан ары жубайыма берем жана сиз мындан баш тарта албайсыз».
Кары граф турган жеринде катып калды, Фердинанд болсо жадырап-жайнап элге кайрылды:
«Менин кымбаттуу досторум, мен силерге тоюңардын меникиндей бактылуу болушун, силер да мен сыяктуу той-маскарадда татынакай жубайлуу болушуңарды каалайм».
С.Пиквик.
* * *
— Пиквик клубу Вавилон жыйынына не эмнеси менен окшош?
– Мында бабыр мүчөлөр көп.
* * *
АШКАБАКТЫН ОКУЯСЫ
Бир фермер бар экен, ал айдоо жерине бир данек тигип коёт. Убакыт өтүп, ал жерден ашкабак өсүп чыгат. Октябрь айы болуп, ашкабактар бышканда, фермер алардын бирин базарга алып барат. Аны жашылча саткан бир киши сатып алат да, витринага коюп коёт. Ошол күнү эле эрте менен көк көйнөкчөн, күрөң шляпа кийген быйпыгый мурун, тегерек бет бир кичинекей кыз келип, ашкабакты апасына сатып алып кетти. Ал ашкабакты үйгө алып келди да, кесип, чоң мискейге кайнатты. Жарымын эзип, май жана туз кошуп, түшкү тамакка пюре жасады, жарымына кичине сүт, эки жумуртка, төрт кашык кум шекер, бир аз мускат жаңгагы менен кургак печенье кошуп, көпкө кайнатты. Кийинки күнү аны Марчтардын үй-бүлөсү жеп койду.
Т. Тапмен
Мистер Пиквик!
Сэр, мен сизге күнөөлөр боюнча кайрылып жатам күнөөлүү адам деп Уинкл дегенди айтып атам ал күлкүсү менен клубдун жыйналышына тоскоолдук кылат жана кээде ушул сонун гезитке өз үлүшүн кошпой коёт анын бул күнөөсүн кечирип, кийинкиде француз тамсилин жибергенге уруксат бересиз го деп үмүттөнөм анткени ал өзү эч нерсе ойлоп таба албайт анын үстүнө сабактары да көп болуп фантазиясы жетишпейт келечекте commy la fo, башкача айтканда, ылайыктуу бирдеме жазып келгенге аракет кылам азыр болсо убакыт жок анткени сабакка даярданышым керек.
Сизди урматтап Н. Уинкл
Жогорудагы кат – мурунку майда кылмыштарды моюнга алып, кечирим суроо. Эгер кичинекей досубуз пунктуацияны үйрөнсө, мындан да жакшы болмок.
* * *
КАЙГЫЛУУ ОКУЯ
Өткөн жума күнү биз баарыбыз подвалдан бир нерсенин тарс деп кулап түшкөнүн, анан кийин бирөөнүн кыйкырганын угуп, чуркап барсак, сүйүктүү президентибиз полдо сулап жатыптыр. Көрсө, ал подвалга отун алайын деп шашып баратып, шатыдан учуп кетиптир. Мистер Пиквик учуп барып башы менен суу куюлган тепшиге түшүп, кийими да тытылып кетиптир. Досубузду жана президентибизди коркунучтуу кырдаалдан алып чыгып карасак, бир аз көк ала болгонун эске албаганда, эч нерсе деле болбоптур. Азыркы учурда анын дени соо, сак-саламат жүргөнүн кубануу менен билдиребиз.
Ред.
* * *
ООР ЖОГОТУУ
Биз кайгылуу кабарды угузууга мажбур болуп турабыз: биздин сүйүктүү досубуз миссис Назик Аяк күтүүсүз жерден жоголуп кетти. Бул татынакай мышыкка достордун баары суктанышчу. Анын сулуулугу элдин баарын тамшандырып, жүрөктөрдү туткундап алчу. Азыр алардын баары аны жоктоп жатышат.
Акыркы жолу аны дарбазанын жанында касапчынын арабасын карап отурган жеринен көрүшкөн экен. Аны сулуулугуна кызыккан бирөө уурдап кетти го деп ойлойбуз. Бир нече жума өттү, бирок биздин сулуубуздун дайны чыкпады, азыр болсо үмүтүбүз биротоло үзүлдү. Ал уктачу себетке кара тасма байлап, тамак иччү табагын көмкөрүп коюп, аза күтүп жатабыз.
Кайгы тарткан бир досубуз төмөнкү шедеврди жибериптир.
ЭЛЕГИЯ
Миссис Назик Аяктын жаркын элесине
Тагдыры ташка тийип,
Аны бизден алып кетти.
Татына бир мышык эле
Ойногон түрмөк жиби калып кетти.
Баласы эмен түбүнөн
Жайрагыр жай тапты эле.
Өзүнүн мүрзөсүнө бара албайбыз
Жаш төгүп коюш шарт эле.
Түрмөк жиби, табагы жоктоп турат
Жаткан жери муздак турат.
«Мыр-мыр» деген үнү угулбай
Куйругу да булактабайт.
Сен жей турган чычкандарды,
Башка мышык жеп жүрөт.
Бирок анда сулуулук жок
Жүрөктөрдөн тапкан түнөк.
Кайда кеткен баягы күч,
Бизди сага туткундаган?
Эр элең кечирим сурабаган
Иттерди дыркыратып кубалаган.
Сендей болбос бул дүйнөдө
Ачуу жаш төгүп ыйлайбыз.
Мукамдуу обон менен
Түбөлүккө даңктайбыз.
О.С.
* * *
КУЛАКТАНДЫРУУ
Кийинки ишембиде, клубдун чогулушу аяктагандан кийин Пиквик залында атактуу мисс Оранти Благиждин «Аял жана анын коомдогу орду» деген лекциясы болот.
Кулинария боюнча жумалык сабак Ашкана залында Ханна Браун тарабынан өтүлөт. Каалоочуларга эшик ачык.
Таштанды күрөк сүйүүчүлөр коомунун мүчөлөрү кийинки шаршембиде клубдун жогорку кабатында чогулушат. Бардыгы атайын кийимчен, швабра менен күрөк алып келүүгө тийиш.
Кийинки жумада миссис Бесс Баунсер элге куурчак шляпаларынын жаңы ассортиментин көргөзөт. Соңку Париж моделдери көрсөтүлмөкчү. Заказдар алынат.
Кийинки жумаларда Амбварвиль театрында Америка сахнасында болуп көрбөгөн пьесанын премьерасы болот. Бул кызыктуу драманын аты – «Грек туткуну же Константин-өч алуучу»!!!
* * *
СУНУШТАР
Эгер С.П. колун жууганга ушунчалык көп самын кетиргенин токтотсо, таңкы тамакка убагында келип калат. О.С. көчөдө көп ышкырбашын өтүнөбүз. Т.Т., Эмиге майлык кагаз кесип берип коюңузчу. Н.У. көйнөгүнүн Мэри Паркстыкындай болуп тогуз бүктөлбөгөнү үчүн тагдырына ыраазы болсо болот.
Жумадагы ийгиликтер:
Мег – жакшы
Жо – жаман.
Бесс – абдан жакшы.
Эми – канааттандырарлык.
Президент «Пиквик баракчасын» (ушул жерден айта кетиш керек, бул bona fide кыздар тарабынан жазылган bona fide гезиттин көчүрмөсү болчу) окуп бүткөндө баары кол чабышты. Анан мистер Снодграсс сунуш киргизмек болуп ордунан турду.
— Урматтуу президент! Мырзалар!- деп баштады ал кекирейип. – Мен биздин клубга жаңы мүчө кабыл алууну сунуш кылам. Ал буга толук татыктуу жана мындай ишенимге абдан ыраазы болот. Ал биздин клубдун иш-аракетине жаңы дем берери шексиз жана биздин отурумдардын жанданышына, гезитибиздин жакшырышына сөзсүз салым кошот жана дегеле өзү абдан шайыр жана жакшы адам. Мен мистер Теодор Лоренсти Пиквик клубунун ардактуу мүчөсү кылып кабыл алууну сунуш кылам. Кана, тезирээк кабыл алалы!
Жо үнүн күтүүсүз өзгөртүп жибергенине баары күлүп жиберишти, бирок кыздар бир аз тынчсызданып тургандыктан, Снодграсс ордуна отургандан кийин эч ким унчуккан жок.
— Бул маселени добушка салабыз,- деди президент. – Макул болгондор «ооба» деп айтышсын.
Снодграсстын катуу чыккан добушуна Бесстин акырын чыккан үнү кошулганда баары таң калышты.
— Каршы болгондор «жок» деп айтышсын. – Мег менен Эми каршы болду. Мистер Уинкл ордунан туруп, кербездене мындай деди:
— Бизге балдардын кереги жок, алар шылдыңдап күлө беришет. Бул айымдардын клубу, ошондуктан биз клубдун жабык болушун, бардыгы тиешелүү таризде болушун каалайбыз.
— Ал гезитибизге күлүп, өзүбүздү шылдыңдайт деп корком,- деди Пиквик. көкүлүн кармалап. Ал бир нерсени чече албай турганда ушинте берчү.
Ушул учурда Снограсс кайра ордунан туруп, абдан олуттуу түрдө мындай деди:
— Сэр, мен жентельмендик сөзүмдү берем: Лори андай кылбайт. Ал өзү жазганды жакшы көрөт, аны менен кызматташуу биздин чыгармачылыгыбызга жаңы дем берип, сентименталдуулуктан обочо болууга жардам берет. Муну кантип түшүнбөйсүңөр? Анан калса, ал биз үчүн көп нерсе жасап жүрөт, биз болсо ал үчүн аз эле нерсени да жасай алабыз. Ошондуктан ал келгенде меймандостук көрсөтүп, арабыздан орун беришибиз керек деп эсептейм.
Лоринин кылган жакшылыгын кыйытып айтуу мистер Тапменди ордунан туруп, акыркы чечимди айтууга аргасыз кылды:
— Ооба, биз корксок да ушундай кылышыбыз керек. Мен анын жана эгер кааласа, чоң атасынын келишине да макулмун.
Бесстин мындай күтүүсүз сөзү аудиторияга катуу таасир этти, Жо ордунан тура калып, анын колун кысты.
— Азыр кайра добуш беребиз. Баарыңар билесиңер, бул биздин Лори жана баарыбыз «ооба» деп айтабыз,- деп кыйкырды Снодграсс толкунданып.
— Ооба! Ооба! Ооба!- деп удаа кыйкырышты калган үчөө.
— Жакшы! Азаматсыңар! Азыр болсо убакытты текке кетирбей клубдун жаңы мүчөсүн тааныштырууга уруксат этиңиздер. – Анан Жо тигилердин оозун ачырып шкафтын эшигин ача салды эле, анда күлкүсү келип кызарып-татарган Лори отуруптур.
— Арам десе! Чыккынчы! Жо, сен кантип ушуну кылдың? – деп кыйкырышты кыздар Снодграсс досун салтанаттуу түрдө столго жетелеп келгенде. Ал Лорини отургузуп, эмблема берип, дароо клубдун мүчөсү кылып койду.
— Бул эки алдамчынын тартынбастыгына таң калса болот,- деп баштады мистер Пиквик нааразы болумуш болуп. Бирок жүзү жадырап турду.
Бирок клубдун жаңы мүчөсү да ойдогудай болуп чыкты. ордунан туруп, президент тарапка жүгүндү да, жагымдуу түрдө мындай деди:
— Урматтуу президент жана айымдар…кечиресиздер, мырзалар! Өзүмдү тааныштырууга уруксат этиңиздер: Сэм Уэллер, сиздердин кызматыңыздардамын.
— Жакшы! Жакшы!- деп кыйкырды Жо, эски темир жылыткычты кошо такылдатып.
— Мени ушунчалык мактаган ишенимдүү досумду жана айкөл колдоочумду,- деди Лори ал жакты көрсөтүп,- жанагы кичинекей амалкөйлүк үчүн күнөөлөгөнгө болбойт. Бул менин идеям болчу, ал болгону мени кыя албай гана макул болгон.
— Токто, күнөөнүн баарын эле өзүңө ала бербе. Шкафты мен ойлоп таппадым беле,- деп кийлигишти амалына жыргап отурган Снодграсс.
— Анын сөзүнө көңүл бурбаңыздар,- деди клубдун жаңы мүчөсү таптаза уэллердик таризде мистер Пиквик тарапка жүгүнүп. – Бирок сөз берем: мындан ары эч качан мындай кылбайм жана болгон күчүмдү клубдун кызыкчылыгына жумшайм.
— Туура! Туура!- деп кыйкырды Жо, жылыткычты капкак менен литаврды ургандай шаңгырата уруп.
— Улант, уланта бер!- деп кошумчалашты Уинкл менен Тапмен, ал эми президент айкөлдүк менен баш ийкеди.
— Мен өзүмө көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылык иретинде жана чектеш жашаган мамлекеттерде жашаган улуттардын достук байланыштарынын чыңдалышы үчүн жаңы почто мекемесин ачканымды айта кетким келет. Ал бактын ылдый жагындагы кашаада жайгашкан. Эшигинде кулпусу бар, ичи ыңгайлуу, кенен, мыкты жай. Мурун ал кара чыйырчыктын уясы болуп келген, мен анын тешигин бүтөп, чатырын эшик кылып койдум. Эми ал почто кызматын аткарып, кымбат убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал жерге каттарды, кол жазмаларды, китептерди калтырууга болот жана ар бир улуттун өз ачкычы болгондуктан, абдан ыңгайлуу болот деп ойлойм. Сиздерге ачкычты тапшырууга жана ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.
Мистер Уэллер кичинекей ачкычты столго койду да, ордуна отурду. Кол чабылып, жылыткыч такылдады жана тартипке келтирүү үчүн бир аз убакыт керек болду. Анан узакка созулган талаш-тартыш башталып, клубдун ар бир мүчөсү өзүн көрсөткөнгө аракет кылды, натыйжада отурум абдан кызуу жүрүп, кеч киргенге чейин тыныгуу болгон жок. Акырында жаңы мүчөнүн урматына үч жолу «ура!» деп кыйкыруу менен чогулуш аяктады. Сэм Уэллерди мүчө кылып алганга кийин эч ким өкүнгөн жок, анткени мындай ишенимдүү, тарбиялуу жана шайыр мүчө эч бир клубда жок эле. Ал чынында эле жыйындарга жаңы «маанай» алып келип, гезитти да жандандырды. Анын сөзүн тыңдаган клубдун мүчөлөрү боору катып күлүшчү, гезитке сунуш кылган чыгармалары патриоттук, классикалык, юмористтик же драмалык мүнөздө болгону менен эч качан сентименталдуу болчу эмес. Жо аларды Бэкондун, Мильтондун жана Шекспирдин чыгармаларынан кем калышпайт деп эсептечү жана аны туурап өз чыгармаларын да оңдочу.
Кашаадагы почто мыкты табылга болуп чыкты жана абдан өнүктү. Ал аркылуу канчалаган күлкүлүү каттар менен посылкалар өттү жана бул жагынан чыныгы почтодон кем калышкан жок. Анын ичинде трагедиялар менен галстуктар, ырлар менен туздалган жашылчалар, узун каттар менен гүл уруктары, ноталар менен имбир пряниктер, ластиктер менен чакыруу, таарынычтар менен оюнчуктар бар эле. Бул оюн улгайган мистер Лоренске да жагып калып, ал да күлкүлүү жана табышмактуу белектерди, боорду эзген телеграммаларды жөнөтүп жүрдү. Ханнага ашык болуп калган анын багбаны бир жолу Жо аркылуу чыныгы сүйүү катын жөнөттү. Алардын сыры ачылып калгандан кийин боору эзилгенче күлүштү. Кийинки жылдары бул почто аркылуу канчалаган ашыктык каттары өтөрү анда алардын оюна да келген эмес.
ОН БИРИНЧИ БАП
ЖАҢЫ ТАЖРЫЙБА
-Биринчи июнь! Эртең Кингдер деңизге кетишет, анан мен бош болом. Алдыда үч айлык каникул!- деп кыйкырды Мег ысык күндордүн биринде үйгө келип. Жо диванда сулап жатыптыр, Бесс анын чаң баскан батинкесин чечип, Эми болсо бардыгына лимонад жасап атыптыр.
— Марч жеңе бүгүн кетти, кандай жакшы!- деди Жо. – Мени менен бирге барып кел деп айтабы деп аябай корктум эле. Эгер ошентсе бармакмын да. Ал эми Плампилд деген, өзүңөр билесиңер, кандай жер экенин, мүрзө да андан көңүлдүүрөөк. Бүгүн эрте мененден баштап аны жолго даярдадык, чаң-будуң түшүп эле жатып калды. Эртерээк бүтөйүн деп жанталаштым, бирок жагып калып, менден айрылгысы келбей калабы деп да корктум. Мага кайрылган сайын кыпылдап турдум, акыры экипажга отурганда гана жаным жай ала түштү. Бирок баары бир жеңем кетип баратканда башын чыгарып: «Жозефина, сен…»,- деди эле, эмне кыларымды билбей, качып жөнөдүм. Жүгүрүп барып, бир бурчка бекингенден кийин гана коркпой калдым.
— Байкуш Жо! Үйгө тим эле жоо куугандай жүгүрүп келбедиби,- деп Бесс эжесинин аягын энелик мээрим менен көкүрөгүнө кысып койду.
— Марч жеңе – турушу менен самфир, туурабы?- деди Эми, даярдап жаткан суусундугун даамдап жатып.
— Бул вампирди «самфир» деп атат, бирок боло берет. Анан калса күн да кайнап атпайбы,- деп күбүрөдү Жо.
— Эми каникулда эмне кыласыңар?- деп сурады Эми, сөздү буруп.
— Мен эрте менен турбай жыргап жата берем, эч нерсе кылбайм,- деп жооп берди термелме креслодо отурган Мег. – Кышы менен таң атпай туруп, башкалар үчүн иштеп жүрдүм, эми бир каалаганча дем алып, ыракат алайын деген оюм бар.
— Жок,- деди Жо,- мага андай үргүлөгөн эс алуу жакпайт. Мен бир топ китептерди даярдап койдум. Өзүм сүйгөн алманын бутагына отуруп алып жыргап окуйм, анан…
— «Эчкидей болуп секирем» дей көрбө,- деп ийди Эми, жанагы «сампирди» оңдогону үчүн өч алып.
— Болуптур, «эликтей болуп» дейин, бирок Лори менен.
— Бесс, кел, биз дагы эч кандай сабак окубай эле ойноп, эс алып жүрө берели,- деп сунуш кылды Эми.
— Эгер апам каршы болбосо, мен макулмун. Мен бир нече жаңы ыр үйрөнөйүн деп жүрөм, балдарымын да үстү-башы эскирип кетти, кийимдерин жаңыласам болот эле.
— Сен бизге уруксат бересиңби, апа?- деп сурады Мег. Миссис Марч кыздар «апамын бурчу» деп койчу жерде бирдеме тигип отурган.
— Ооба, бир жума ошентип жашап көргүлө. Кийинки ишембиде эле ишсиз дем алуу, дем алышсыз иштей эле жаман болорун түшүнөсүңөр.
— Ой, жок, жок! Абдан сонун болот. мен билем,- деди Мег ыраазы болуп.
— Мен тост айтайын: «досум жана өнөгүм Сара Гэмп» айткандай, өмүр бою көңүл ачып, убайым жебейли!- деди Жо лимонад ичиле баштаганда стаканын көтөрүп.
Алар сүйүнүп ичип жиберишти да, керели кечке бекер жатышты. Эртеси Мег саат ондо туруп, чайга келди. Жалгыз тамактанган көңүлсүз болду, бөлмө да каралбай калгандай болуп турду, анткени Жо вазаларга гүл койбоптур, Бесс чаңдарды сүртпөптүр, ар кайсы жерде Эминин китептери жатат. Кубанта турган эч нерсе жок, бир гана «апасынын бурчу» адаттагыдай болуп тургандыктан, Мег ошол жерге отуруп «эс алганча китеп окумак болду», бирок чындыгында эстеп коюп, алган айлыгына кандай жайкы көйнөк алсам деп кыялданып отурду. Жо эртең менен Лори экөө өзөнгө барып келди, түшкү тамактан кийин алманын бутагына отуруп алып «Кең дүйнө» деген китепти окуп көзүнөн жаш чыкканча күлүп отурду. Бесс болсо куурчактары жашаган дубалдагы чоң шкафты ачып, иретке келтирмек болду, бирок тажап кетти да, баарын чачылган бойдон таштап, идиш жуубай турганына кубанып, пианино ойногонго өттү. Эми өзүнүн эң жакшы ак көйнөгүн кийип, чачын тарады, беседкасын иретке келтиргенден кийин шилбинин түбүнө отуруп сүрөт тарта баштады да, бирөө көрүп калып бул кичинекей сүрөтчүнүн ким экенин билүүгө кызыгар деп үмүттөнүп отурду. Бирок тажатма узун буттардан башка эч ким кызыкпагандыктан, ойногону кетип, нөшөрлөгөн жаанга калып, үйгө сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөп келди.
Чай ичкенде сүйлөшүп отуруп, бул күн узун болгону менен сонун күн болду деген жыйынтыкка келишти. Түштөн кийин магазинге барып, «татынакай көк муслин» алып келген Мег анын оңуп кете турганын билгенден кийин бир аз маанайы бузулду. Жо кайыкта сүзүп жүргөндө мурдун күнгө күйгүзүп алыптыр, китепти көп окугандан башы да ооруп турду. Бесс байкуш шкафынын чачылып жатканына кыжалат болуп, үч-төрт ырды бир жаттай албасына капа болуп отурду. Эми болсо көйнөгүм суу болуп калды, эми эртең Кейти Браундукунда боло турган кечеге эмне кием, эми Флора Мак-Флимзидей болуп «киерге эч нерсем жок калды» деп кайгырып жатты. Бирок мунун баары, албетте, майда-чүйдө нерселер, негизинен, эксперимент жакшы өтүп атат деп ишендиришти алар апасын. Ал унчукпай жылмайып койду, бирок Ханнанын жардамы менен алар таштап койгон иштердин баарын жасап, үйдөгү жагымдуу маанайды сактап, чарбаны иштетип атты. Бирок бул «жыргап эс алуу процесси» бир ыңгайсыз, таң каларлык нерсеге алып келди. Күндөр эмнегедир узарып, аба ырайы да, экспериментке катышкандардын маанайы да тез-тез өзгөрүп, баары эмнегедир кыжалат болуп, зериге башташты. Мег сайма саймак болуп, бирок убакыт өтпөй туруп алгандыктан, көйнөктөрүн Моффаттардыкына окшоштурам деп атып бузуп алды. Жо көзү көрбөй калганча китеп окуй берип, акырында китепти көргүсү да келбей калды. Сиркеси суу көтөрбөй, башкасын кой ак көңүл Лори менен да урушуп кетти. Анан эмнегедир өзүнө өзү жини келип, мындан көрө Марч жеңе менен кетип калсам болмок экен деп ойлоп кетти. Бесс жакшы жүрдү, анткени «жыргап эс алуу керек экенин» унутуп коюп көнүмүш иштери менен алек болуп кетип атты. Бирок үйдөгү маанай ага да таасир этип, жаны жай албай калды, ал турсун бир жолу татынакай Жоаннаны да силкилдетип, «түрү суук» деп урушту. Баарынан Эмиге жаман болду, анткени анын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, эжелери өзүңчө эс ал деген соң «мен, мен» деп кыйынсынганы бекер экенин түшүндү. Ал куурчактарды сүйчү эмес, жомокторду өтө кичинекейлердин эрмеги деп эсептечү, ал эми сүрөттү эртеден кеске тарта бере албайсың. Жакшы уюштурулгандарын эске албаганда чайга чакыруулар пикниктер сыяктуу кызыксыз болуп калды. «Жакшынакай үйдө татынакай кыздар менен жашасаң же саякаттасаң, жай сонун өтмөк, ал эми мындай өзүмчүл үч кыз, анан бир чоң бала менен мендей болуп бир үйдө калса, периште да жинди болуп кетмек» деп ойлоду бир нече күндөн кийин жыргап эс алгандан тажап.
Эксперименттен тажаганын эч кимиси моюнга албаганы менен жума күнү кечинде аптанын аяктап баратканын ойлоп баары ичинен сүйүнүштү. Тамашакөй миссис Марч сабак эстеринде жакшыраак калсын деп экспериментти тиешелүү түрдө бүтүрмөк болду. Ханнаны дем алышка жиберип, кыздарын оюн ыракатына толук батырмак болду.
Ишемби күнү эрте менен турушса, ашканада күйгөн от жок, тамак жок, апасы да көрүнбөйт.
— Кудай сакта! Эмне болгон?- деп ийди Жо, таң калып.
Мег жогору жакка чуркап чыгып кетти да, бир маалда көңүлү жайланып, бирок бир аз уялгандай болуп түшүп келди.
— Апам оорубаптыр, болгону абдан чарчадым дейт. Кечке чейин бөлмөмдө эс алам, силер болсо оокатыңарды кыла бергиле дейт. Бул жума абдан оор болду, нааразы болуп күңкүлдөбөй өзүңөрдү өзүңөр карагыла деди.
— Бул андай деле кыйын эмес, ал турсун бул идея мага жагып турат. Мен бирдеме кылгым келип атат…- деди Жо. – Жок, көңүл ача турган жаңы нерсе каалап турам,- деп кошумчалап ийди анан шашып кетип.
Чынында эле баарынын иштегиси келип калган экен, шымаланып киришишти, бирок көп өтпөй эле Ханнанын «Чарба деген силерге оюн эмес» деп айта берчү сөзү чын экенине ишеништи. Кампада азык-түлүк толтура болгондуктан, Бесс менен Эми дасторкон жайышты, Мег менен Жо таңкы тамак даярдашты жана кызматчылар эмне үчүн иш оор деп даттана бере тургандыгына таң калышты.
— Апам мага жөн эле койгула, өзүңөрдү карай бергиле деген, бирок ага бир нерсе алып барып бериш керек,- деди Мег. Ал чоң чайнектин жанында өзүн бир үй-бүлөнүн энеси катары сезип отурган.
Тамакка киришерден мурун ашпоз батыныска тамак салып, апасына алып барып берди. Чай ачуу, омлет кургак, печенье начар болуп калганына карабастан, миссис Марч ыраазы болуп алды, бирок Мег кеткенден кийин өзүнчө ыкшып күлдү.
— Байкуштарым десе, кыйналышат, албетте, бирок мунун пайдасынан башка зыяны жок,- деди ал. Анан алып келген тамактарды куулук кылып бекитип, алдын ала камдап алган тамактарын алып чыкты.
Бул мезгилде ылдый жакта даттануулар болуп, башкы ашпоз кыжалат болуп отурду.
— Эч нерсе эмес, түшкү тамакты мен жасайм. Мен кызматчы болом, сен үй айымы болосуң да, конокторду күтүп, буйрук берип турасың,- деп жубатты Жо. Бирок ал тамак жасаган жагынан Мегден да начар болчу.
Мындай кичи пейил сунуш кубаныч менен кабыл алынды да, Маргарет конок бөлмөгө барып, кичине жыйыштырымыш болду да, чаң көрүнбөсүн деп парданы жаап койду. Өз күчүнө ишенген Жо Лори менен жарашкысы келип, дароо почтого барды да, түшкү тамакка чакырып койду.
— Адегенде жасап көрүп анан конокторду чакырсаң болмок,- деди Мег муну уккандан кийин.
— Бизде туздалган эт менен картөшкө бар экен, анан Ханна айткандай, «аппетит үчүн» спаржа менен омар сатып келем. Латук салат жасап иебиз. Кандай жасаларын билбейм, бирок эч нерсе эмес, китептен карайбыз да. Десертке бланманже менен каймак куйган земляника даярдай коём, жакшы болсун десең, кофе да берем.
— Көп тамак жасайм деп аракет кылба, Жо. Сен имбир пряник менен патока конфетти гана жакшы жасайсың. Мен сенин түшкү тамагың үчүн жооп бере албайм, анткени мага кеңешпей туруп Лорини чакырып алыпсың, эми аны өзүң ыраазы кылып жөнөт.
— Сенден эч нерсе талап кылбайм, болгону аны менен сылык-сыпаа сүйлөшүп, мага пудинг жасаганга жардам берип койсоң болду. Эгер мен кыйналып баратсам, кеп-кеңешиңди айтып турасың да, туурабы?- деди Жо бир аз таарынгандай.
— Макул, бирок мен өзүм да жакшы билбейм, нан, анан майда-чүйдө нерселерди эле билем. Андан көрө түшкү тамакка бирдемелерди сатып алардан мурун апамдан уруксат сурасаң,- деди Мег.
— Албетте, сурайм. Жинди эмесмин да. – Анан Жо Мегдин шектенгенине таарынып чыгып кетти.
— Каалаганыңды сатып ала бер, менин тынчымды алба. Мен бүгүн түштө конокко барам, түшкү тамакты ойлонгудай алым жок,- деп койду миссис Марч, Жо барганда. – Мен үй ишин эч качан жакшы көргөн эмесмин. Бүгүн болсо эс алам: китеп окуйм, жазам, конокко барам.
Эрте мененден креслодо термелип китеп окуп отурган апасын көргөн Жо күн тутулганын, жер титирегенин же жанар тоо атылганын көргөн кишиден да катуу таң калды.
— Бир нерсе болгон го,- деп күбүрөдү ал ылдый түшүп келатып. – Мына, Бесс ыйлап атат, демек үйдөгү абал чатак. Эми күнөөлүү болсо, анын катыгын колуна берем.
Өзүнүн да маанайы жакшы эмес экенин туйган Жо шашылып конок бөлмөгө кирсе, Бесс Пип деген канарейкасына ыйлап отуруптур. Тиги болсо капаста тырмактарын кишинин боору ооругандай кылып өлүп жатыптыр, сыягы ачкалыктан өлсө керек.
— Бул менин күнөөм… байкушту таптакыр унутуп коюпмун. Жеми да, суусу да калбаптыр. О, Пип! Пип! Ушунчалык таш боор болуп кеттимби,- деп ыйлап атты Бесс тиги байкушту тирилтип алчудай колуна алып.
Жо Пиптин жарым ачык көзүн карап, небак муздаган денесин кармалап көрдү да, башын чайкап, доминонун кутусун табыт кылып ал деди.
— Мешке коюп көрсөң, балким, жылыгандан кийин тирилип кетер,- деди Эми үмүттөнүп.
— Бул байкуш ачкалыктан өлсө, эми кантип мешке коёюн. Мен муну кепиндеп, бакка көмөм. Мындан кийин эч качан чымчык бакпайм, Пип, эч качан. Мен чымчык бакканга татыктуу эмесмин,- деп күбүрөдү Бесс, полдо сүйүктүү чымчыгынын өлүгүн кармап отуруп.
— Муну түштөн кийин жерге берели, баарыбыз келебиз. Болду эми, Бесс, ыйлаба. Албетте, аянычтуу, бирок бул жума бардыгы башаламан болуп, ошонун баары Пипке көрүнбөдүбү. Кепинде да, Пипти мен берген кутуга сал. Түшкү тамактан кийин көмүлөт,- деди Жо, өзүнө чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын сезип.
Калгандар Бессти жубата баштаган соң Жо ашканага кетти. Мында бардыгы башаламан болуп жатыптыр. Жо чоң алжапкычты байланып, бардык табактарды жууйун деп чогултса, от өчүп калыптыр.
— Мына сага,- деп күбүрөгөн Жо мештин эшигин калдырата ачып, кызарган чокторду көсөй баштады.
Отту кайра жагып жатып суу ысыганча базарга барып келе коёюн деп ойлоду. Көчөгө чыкканга көңүлү бир аз ачылып, жакшы эле нерселерди алдым го деп ойлонуп келатты, анткени себетинде жаш омар, эскирген спаржа жана эки куту быша элек земляника бар эле. Идиш-аякты жууп бүтүп калган маалда тамактана турган убакыт болуп калган эле. Меш да кызарып ысып чыкты. Кечээ кечинде Ханна камыр жууруп, ачысын деп коюп койгон эле, эрте менен Мег көрүп, дагы ачый түшсүн деп жылуу таш плитанын үстүнө коюп койгон болчу. Ал Салли Гардинер менен конок бөлмөсүндө отурганда капысынан эшик ачылып, босогодон үстү-башы ун болуп, ачуусу келгенден кызарып-татарган Жо көрүндү.
— Камыр чарадан ашып атса дагы ачый элек болобу?- деп сурады ал туттугуп.
Салли күлүп ийди, ал эми Мег башын ийкеди да, кашын болушунча серпти эле, тиги ошол бойдон жок болду да, ачыган камырды эмне болсо ошол болсун деп кайра ордуна коюп койду. Миссис Марч башбагып, бир сыйра карады да, кепин тигип ыйлап отурган Бессти жубаткан соң, бир жакка кетип калды. Бесстин маркум чымчыгы доминонун кутусунда жатты. Апасынын боз шляпасы көрүнбөй калгандан кийин эле кыздардын айласын кетирип мисс Крокер түшкү тамакка келип калды. Бул сары, ийне жеген иттей арык кара далы кыз болчу, мурду шиштийип, көзү ойноктоп, атайын ушак айтканга жаралгандай неме болчу. Кыздар аны жактыра беришчү эмес, бирок анын курбулары аз, өзү кедей болгондуктан аяшчу. Мег азыр да аны отургузуп, сүйлөшүп жатты, конок болсо суроо берип, тааныштарынын баарын сындап, ушактай бштады.
Ошол күнү Жонун кыжалат болгонун, кыйналганын айтпай эле коёлу, ал эми жасаган түшкү тамагы үйдө ылакап болуп калды. Дагы кеңеш сурагандан корккон неме баарын алынын жетишинче жасай берди жана ашпоз болуш үчүн энергия менен эрктен башка да маанилүүрөөк нерсе зарыл экенин байкады. Спаржаны бир саат кайнаткан соң баштары үзүлүп, сабы мурункудан да катуу болуп калды. Нан күйүп кетти, салаттын соусуна ушунчалык кыжыры келгендиктен, баарын унутуп калып аны менен бир топко алышты. Омарды эмне кыларын билбей башы катып, эптеп кабыгынан ажыратты да, анын арбайган сөлөкөтүн латук салатка эптеп жашырды. Спаржаны күтүп калышат деп шашып атып картөшкө чала бышып калыптыр. Бланманже да начар болуп калды, ал эми земляниканы болсо амалкөй сатуучу үстүнө гана бышкандарын салып коюптур.
«Эч нерсе эмес, ачка болушса, нанга май сүйкөп туздалган эт менен деле жей беришет, бирок түшкө чейин бекер убара болгонумду айтпайсыңбы»- деп ойлоду Жо, коңгуроо күндөгүсүнөн жарым саат кеч шыңгыраганда. Ал ар түрдүү сонун тамактарга көнгөн Лориге, көзү ойноктоп, кемчиликтердин баарын байкап, үйдөн чыкканда эле ушактаганга даяр болуп турган мисс Крокерге дасторконун сунуш кылып чарчап турду.
Тамактар биринин артынан бири желбей четке жылдырылып, Эми кыткылыктап күлүп, Мег кайгырып, мисс Крокер оозун чүйүрүп, Лори болсо калп эле ар нерсени айтып күлүмүш болуп, майрамдык маанай түзгөнгө аракет кылып жатканын көргөндө байкуш Жо жерге кирип кете жаздады. Кудай жалгап кум шекерден болушунча сээп, жакшы каймак менен берилген жемиштер абийирди жапкай эле деп кыпылдап отурду. Айнек идиштерге салынган жемиштер келип, элдин баары каймак деңизинде сүзүп жүргөн кызыл аралчаларга кызыга карашканын көрүп, бети мурдагыдай албырбай калды. Мисс Крокер биринчи даамдап көрдү да, бети-башын бырыштырып, суу ичип ийди. Чийкилерин алып таштагандан кийин элдин баарына жетпей калат деп өзү жебей отурган Жо кантер экен деп Лорини карады. Ал сыр билдирбей жеп жатты, болгону оозунун жанында бырыш пайда боло калып, көзүн идиштен албай отурду. Сый тамакты сүйчү Эми аптыгып бир сугунду да, бетин майлык менен басып, эшикти көздөй чуркады.
— Эмне болду?- деп ийди Жо коркуп кетип.
— Кум шекердин ордуна туз салынып, каймак да ачып кетиптир,- деди Мег кайгырып.
Жо каймакты музга койгонду унутуп койгонун, акырында жемиштерге ашканадагы столдо катар турган эки кутунун биринен кумшекер сепкенин эстеп онтоп ийди. Бети албырып, ыйлап ие турган болгондо, Лори экөө тиктеше түштү. Жанагы өмүрүндө жеп көрбөгөн нерсени эрдик менен жегенине карабастан көздөрү күлүңдөп туруптур. Жо чыдабай каткырып ийди да, көзүнөн жаш акканча күлдү. Калгандар, ал турсун мисс Крокер да күлүп ийди да, каражолтой түшкү тамак тамаша менен бүттү жана май сыйпалган нан, зайтун желди.
— Азыр менин дасторконду жыйнаганга алым келбей турат, андан көрө чымчыкты көмөлү,- деди Жо элдин баары туруп баратканда. Мисс Крокер бул жаңы окуяны тааныштарына айтып бергенге ашыгып турган.
Алар Бесстин кадыры үчүн ишке олуттуу киришти. Лори папоротниктердин арасынан жай казып, байкуш Пип көз жашын төгүп турган ээсинин көз алдында коюлуп, мох менен көмүлдү да, гүлчамбар коюлду. Анда Жо тамак жасап жүрүп чыгарган эпитафия карандаш менен жазылуу болчу:
Бул жерде Пип Марч жатат.
Көз жумду ал июль айында.
Кайгырдык канча ыйладык,
Таазим кылып жайында.
Аза күтүү аземи аяктагандан кийин Бесс көңүлү чөгүп, бир жагынан жанагы жеп ийген омардан кыйналып эс алайын деп уктоочу бөлмөсүнө барса, керебети жыйналбай жатыптыр. Анан төшөгүн жыйнап, буюмдарын ордуна коюп жатып мунун баары жеңилдегенге жардам бере турганын байкады. Мег менен Жо дасторконду жыйыштырышты, буга түштөн кийинки убакыттын жарымы кетип, шайлары ооп калгандыктан, кечинде нан менен эле чай ичмек болушту. Лори Эмини экипажына отургузуп, ойнотуп келди. Бул бардыгы үчүн боорукердик болду, анткени ачып калган каймак ансыз деле чукчуңдап турган Эмиге абдан терс таасир эткен эле. Миссис Марч үйгө келгенде үч кыз тең иштеп жатышкан экен, анан кампа жакты бир карап, эксперименттин соңку бөлүгү кандай ийгилик менен аяктаганын түшүндү.
Чарчап-чаалыккан кыздар эс алгыча дагы бир нече тааныштар келишип, конокторду тосуу үчүн шашылып кийим алмаштырып, чай даярдаш керек болду, анан толгон-токой майда-чүйдө иштер болуп, ал турсун эң зарыл тигүү иши да кийинкиге калтырылды. Күүгүм кирип күн батканда кыздар биринин артынан бири розалар ачылып келаткан крыльцого чыгып, суй жыгылгандай үшкүрүп отура кетишти.
— Абдан оор күн болду!- деп баштады Жо адатынча сөздү биринчи баштап.
— Мага адаттагыдан тез өткөндөй сезилди, бирок жагымсыз болду,- деди Мег.
— Үйдө жүргөндөй деле болгон жокмун,- деп кошумчалады Эми.
— Апам менен кичинекей Пип жок болсо, үй үйдөй деле болбой калат экен,- деп улутунду Бесс, жаш толгон көзү менен үстүндө илинип турган бош капасты тиктеп.
— Мына, апаң да келди, алтыным, кааласаң эртең башка чымчык алып берем.
Бул сөздү айткан миссис Марч келип, бул ишемби жакшы өткөндөй түр менен кыздарынын ортосуна отурду.
— Эксперименте ыраазы болдуңарбы же дагы бир жумага узарткыңар келеби?- деп сурады ал. Бесс анын көкүрөгүнө ыктап, калгандары күнгө караган гүлдөрдөй жадырап апасын карап калышты.
— Жок!- деп чечкиндүү жооп берди Жо.
— Жок!- деп жооп беришти калгандары да.
— Демек, силер айрым милдеттерди аткарып, өзүңөр үчүн эле эмес, башкалар үчүн да жашаш керек деп ойлойт турбайсыңарбы?
— Бекерчилик жана көңүл ачуу болбогон нерсе экен,- деи Жо башын чайкап. – Мен мындай жыргалдан чарчадым, бир иш баштасамбы деп турам.
— Сен жөнөкөй тамактарды жасаганды үйрөнөсүң го деп үмүттөнөм, бул абдан пайдалуу, ар бир аял үчүн эң зарыл нерсе,- деди миссис Марч. Анан мисс Крокердин көчөдөн жолугуп калып, Жонун түшкү тамагы жөнүндө айткандарын эстеп, билинер-билинбес жылмайып койду.
— Апа, сен бизди кантээр экен деп атайын таштап кетип калдыңбы?- деп сурады Мег күнү бою оюнан кетпей койгон шектенүүсүн айтып.
— Ооба, үйдөгү ыңгайлуулук ар бириңердин өз ишиңерди жоопкерчилик менен аткарганыңарга жараша болорун көрүшсүн дегем. Ханна экөөбүз силердин ишиңерди аткарып жүргөндө, баары жайында болду, бирок анда деле өтө бактылуу болгон жок окшойсуңар. Ошентип, мен силерге ар ким өзүн гана ойлосо кандай болорун көрсөткүм келди, сабак болсун дедим. Үйдө ыңгайлуу жана жагымдуу болуш үчүн бири-бириңерге жардам берип, өз ишиңерди так аткарган алда канча жакшы экенин сезген жоксуңарбы?
— Албетте, сездик, апа,- деп чурулдап ийишти кыздар.
— Анда менин айта турган кеңешим ушул: өз ишиңерди жакшылап аткаргыла, анткени алар кээде оор сыяктуу сезилгени менен абдан пайдалуу жана аларды аткара билсең, жашооң алда канча жеңил болот. Жумуш жакшы, ал баарыңарга жетет; эмгек зериктирбейт жана жаман нерселерден сактайт, ал жан дүйнө үчүн да, дене үчүн да пайдалуу. Ал акча менен сулуулукка караганда алда канча көбүрөөк күч жана көз карандысыздык берет.
— Биз аарылардай болуп эмгектенебиз, ал турсун эмгекти сүйөбүз, мына көрөсүң!- деди Жо. – Мен тамак жасаганды үйрөнөм. Менин каникулдагы тапшырмам ушул болсун: кийинки тамагым элдин баарын тамшандыра тургандай болот.
— Апа, мен сага кошулуп атама көйнөк тигем. Мен тиккенди жакшы көрбөйм, бирок ушуну аткарам. Өзүмдүн жакшынакай турган көйнөктөрүм менен алек болгондон көрө ушундай кылам.
— Мен куурчактарым менен музыкага көп убакыт кетирбей, күн сайын сабак окуйм. Мен ойноп жүрө бербей окушум керек. – Бесстин чечими ушундай болду.
Эми да эжесинен таасирленди:
— Мен сөздөрдү туура колдонгонду үйрөнөм.
— Абдан жакшы. Мен экспериментке ыраазымын жана аны кайталаштын кереги жок деп ойлойм. Бирок өтө кыйналып иштебегиле. Дем алганга да убакыт бөлүп, ар бир күнүңөрдү пайдалуу жана жагымдуу өткөргүлө. Убакытты жакшы пайдаланып, муну менен анын кымбат экенин түшүнө турганыңарды далилдегиле. Ошондо жаштык сонун болот, карыганда кедейликке карабастан жакшы жашаганыңарды түшүнөсүңөр жана кейибейсиңер да өкүнбөйсүңөр.
— Биз муну эстеп калабыз, апа! – Бул алардын эсинен чыкпай калды.
ОН ЭКИНЧИ БАП
ГЕНЕРАЛ ЛОРЕНСТИН ЛАГЕРИ
Почточунун милдетин адатта Бесс аткарчу, анткени көбнчө үйдө болгондуктан, кашаадагы почтого үзбөй барып, ачкычы менен кичинекей эшикти ачып, почто алып келгенди өзү да жакшы көрчү. Июль күндөрүнүн биринде ал бир кучак кат жана посылкаларды алып келип, каадалуу почточудай болуп баарына тарата баштады.
— Бул гүл сага экен, апа! Лори сага гүл жибергенди эч унутпайт,- деди ал, «апасынын бурчунда» турган вазага жыты буркураган гүлдөрдү салып жатып.
— Мисс Мег Марч, кат жана мээлей,- деп улантты Бесс, аларды апасынын жанында эркектердин көйнөгүнө манжет тигип отурган эжесине берип жатып.
— Мен Лоренстердикинде жуп мээлей унутуп кеттим эле, а бул болсо бирөө эле экен,- деди Мег, боз мээлейди карап. – Сен бирөөнү бакка түшүрүп койгон жоксуңбу?
— Жок, түшүргөн жокмун. Почтодо бирөө эле экен.
— Жалгыз мээлейди жаман көрөм. Болуптур эми, экинчиси да табылып калар. катта болсо мен сураган немисче ырдын котормосу бар экен. Муну мистер Брук которгон окшойт, колу Лориникине окшобой турат.
Миссис Марч татынакай көйнөкчөн, тармал көкүлү бир аз уйпаланып, иши менен алек болуп, апасынын кылт эте түшкөн оюнан кабары жок отурган Мегди карап койду. Ал ырдаганча тигип, манжалары эпилдеп, тагынган гүлүндөй таза оюнда кыз кыялы менен алек болуп отурду. Миссис Марч жылмайып, ыраазы болуп калды.
— Доктор Жого эки кат жана бүт почтону жаап калган мына бул күлкүлүү эски шляпа,- деди Бесс, Жо жазып отурган кабинетке киргенде күлүп.
— Лоринин куулугун карасаң! Бир жолу чоң шляпалар мода болсо жакшы болот эле, эшикке чыккан сайын бетим күйүп калат деп койдум эле. Ал: «Моданы карап эмне кыласың? Чоң шляпа кие бер, өзүңө ыңгайлуу болот да»,- деп айткан болчу. Мен да кие берет элем, бирок жок деп жооп бергемин. Карабайсыңбы эми, кие алар бекен деп жөнөтүп ийген тура. Эч нерсе эмес, мен муну тамашалап кийип алам да, модадан коркпой турганымы көрсөтөм. – Анан чоң шляпаны Платондун бюстуна кийгизип койду да, каттарды окуй баштады.
Биринчи кат апасынан экен, аны окуганда Жонун эки бети албырып, көздөрүнө жаш келе түштү, анткени анда мындай деп жазылыптыр:
Алтыным менин!
Мен сага бул катты сенин аракеттериңди көрүп, ыраазы болгонумду айтайын деп жазып отурам. Сен кыжалат кылган ойлоруңду, ийгиликтериң менен кемчиликтериңди эч качан айтпайсың, балким, мен байкап жүргөндөй, аларды Досумдан башка эч ким билбейт деп ойлойттурсуң. Бирок мен да баарын көрүп, байкап турам жана жемишин бере баштаган чечкиндүүлүгүңө чын жүрөгүмдөн ишенем. Ушунуңдан жазбай чыдамкайлык менен аракетиңди уланта бер, алтыным жана сени сүйгөн апаңдай эч ким терең түшүнө албасын биле жүр деп апаң.
«Сен мага кандай жардам бересиң, апа! Сенин катың миллион доллардан жана миңдеген мактоолордон да артык мен үчүн. Мен аракет кылам, апа! Аракет кылам жана чарчабайм, анткени сен барсың жана сен мага жардам бересиң».
Анан башын колуна коюп, жазып жаткан аңгемесине бир нече бактылуу көз жашын тамызды, анткени жакшы болоюн деген аракетимди эч ким көрбөйт, эч ким баалабайт деген ойдо жүрчү. Апасынын жазгандары ал үчүн абдан кымбат болду, анткени күтүүсүз келди, анын үстүнө апасынын мактоосу ал үчүн баа жеткис нерсе болчу. Күчүнө күч кошулганын сезип, эми Аполлион менен чындап кармашам деп шерденип катты көйнөгүнүн бир бүктөмүнө ишенимдүү калкандай кылып кылып тагып алган соң баарына даяр болуп, экинчи катты ачып окуй баштады. Лори шашылгандыктан мындай деп тартаңдатып жазыптыр:
Кымбаттуу Жо!
Баары абдан жакшы!
Эртең мага Англиядан балдар менен кыздар конокко келишет. Мен убакыттын көңүлдүү өтүшүн каалайм. Эгер баары макул болушса, бардыгыбыз кайык менен Лонгмедоудагы шалбаага барып, чатыр тигип, пикник уюштурсак жана крокет ойносок деп турам. Менин конокторум абдан жакшы немелер жана көңүл ачканды жакшы көрүшөт. Балдарга баш-көз болуш үчүн мистер Брук барат, ал эми кыздарды Кейт Боун көзөмөлдөйт. Мен баарыңардын барышыңарды каалайм жана Бесстин үйдө калышына эч жол бербейм – пикникте эч ким анын тынчын албайт. Азык-түлүктөн кам жебе, алардын баарын өзүм алып барам. Дос экениңди унутпай сөзсүз кел.
Кыйынчылыкта бирге бол.
Досуң Лори
— Кандай сонун!- деп кыйкырды Жо, Мегге жаңылыкты айтканы чуркап баратып.
— Сен бизге уруксат бересиң да, ээ, апа? Биз Лориге чоң жардам беребиз, анткени мен кайык айдаганды билем, Мег болсо тамакты карайт, кичинелер да бир нерсеге жардам берет.
— Ал Воуп дегендер чоң кишилер эмес бекен? Сен аларды билесиңби, Жо?- деп сурады Мег.
— Алардын төртөө экенин эле билем. Кейт сенден улуураак, Фред менен Френк (эгиздер) сени менен тең болуш керек, ал эми Грейс – кичинекей кыз, тогуз-ондордо болуш керек. Лори алар менен чет өлкөдө жүрүп таанышыптыр жана балдар ага жагат экен, ал эми эрдин кымтыганына караганда Кейтти анча жактыра бербейт окшойт.
— Француз чыт көйнөгүм жуулуу болгону жакшы болбодубу, ошону киейин, ал мага жакшы жарашат,- деди Мег ыраазы болуп. – Сенин жакшыраак бирдемең барбы, Жо?
— Кайык айдаганга кызыл костюмум бар, ошол болот. Кайык айдап, жөө баса турган болгон соң, мага эч кандай крахмалдын кереги жок. Сен барасыңбы, Бесс?
— Эгер бир да бала менен сүйлөштүрбөсөң, барам.
— Бирин да жолотпойм!
— Мен Лори ыраазы болсо экен дейм, мистер Бруктан болсо коркпойм, ал абдан жакшы киши, бирок ойногум, ырдагым жана сүйлөшкүм келбейт. Жан-дилим менен иштейм жана эч кимге жолтоо болбойм. Эгер өзүм карап жүрөм десең, барам, Жо.
— Азамат, сен тартынчаактыктан кутулганга аракет кыласың, ушунуң үчүн мен сени сүйөм. Кемчиликтен кутулуш оңой эмес жана кубаттаган ар бир сөз абдан шыктандырат – муну өзүмөн улам билем. Ыракмат, апа. – Жо апасынын эти качып калган бетинен өптү. Бул миссис Марч үчүн абдан кымбат эле, ал турсун баягы жаштык кездеги оту жанган бетин кайтара турган өбүүдөн да баалуу болчу.
— А мен болсо бир куту шоколад драже жана өзүм тарткым келип жүргөн сүрөттү алдым,- деди Эми өзүнүкүн көрсөтүп.
— Мистер Лоренс менден кечинде келип, лампаларды күйгүзгөнгө чейин пианино ойноп берчи деп өтүнүптүр,- деп жылмайды мистер Лоренс менен барган сайын ынак болуп бараткан Бесс. – Сөзсүз барам,- деп кошумчалады ал.
— Азыр болсо келгиле, эки эсе иштеп, эртең эч нерсени ойлобой жыргап ойногудай бололу,- деди Жо, калемин швабрага алмаштырып жатып.
Эртеси таң атып, күн кыздардын бөлмөлөрүн шыкаалап караса, күлкү келерликтей нерселер көрүндү. Алардын ар бири ачык абадагы майрамга зарыл деп эсептегендей даярданышыптыр. Мегдин маңдайында папильоттордун кошумча катары туруптур, Жо күнгө күйгөн бетине кремди болушунча сүйкөптүр, Бесс болсо мен келгенче куса болбосун деп Жоаннаны койнуна алып жатыптыр. Бирок Эми баарынан ашып түшүптүр: ал дайыма уят кылчу мурдун бир аз көтөрүлсүн деп кир кыпчыткычка окшогон кыпчыткыч менен кыпчытып жатыптыр. Бул адатта сүрөтчүлөр кагазды мольбертке бекитиш үчүн колдончу кыпчыткыч болгондуктан, азыркы максатка төп келиптир. Күн күлүп ийгендей жарк эте түштү эле, Жо ойгонуп кетип, эже-сиңдилерин ойготту жана Эминин жасалгасын көрүп, боору эзилгенче күлдү.
Күн менен күлкү жакшылыктын белгиси болгондой болду жана коңшулаш эки үйдө тең шаңдуу тополоң башталды. Баарынан мурун кийинген Бесс терезеде туруп алып, жасанып жаткан эжелерине телеграф кабарларын айтып жатты: — Мына, чатыр көтөргөн киши баратат! Миссис Баркер себетке салынган таңкы тамакты алып баратат. Мистер Лоренс болсо бир асманды. бир флюгерди карап атат, ал дагы биз менен барса жакшы болот эле. А мына Лори көрүндү, чыныгы моряк болуп алыптыр, азамат! О, кудай, бул ким болуп кетти! Экипаж толо эл: узун бойлуу айым, кичинекей кыз жана эки бала жүрөт. Бирөө аксап, балдак менен жүрөт. Лори бул жөнүндө эч нерсе айткан эмес эле… Тезирээк болгула, кыздар! Кеч болуп баратат. О, Нед Моффат да жүрөт го! Карасаң, Мег, тиги бир жолу дүкөндө биз менен учурашкан киши го?
— Ооба, бул Нед Моффат. Таң калыштуу, мен аны тоодо эс алып жүрсө керек деп ойлодум эле. А, мына Салли, пикникке келип калып жакшы болгон турбайбы. Мен кандай болуптурмун, Жо?- деп сурады Мег толкунданып.
— Тим эле маргаритка болуп калыпсың. Көйнөгүңдү бир аз оңдоп, шляпаңды түз кий, кыйшайта кийсең кыялкечтей көрүнүп каласың, анын үстүнө кичине шамал болсо эле учуп кетет. Кана, кеттик анда.
— О, Жо, сен ушул шляпа менен кантип барасың? Койчу! Каракчыга окшоп калат экенсиң,- деп ийди Мег сиңдисине. Ал баягы Лори тамашалап берип ийген эски чоң шляпаны кызыл лента тагып кийип алыптыр.
— Мен ушуну эле кием; сонун шляпа: күнгө күйгүзбөйт, чоң, жеңил. Күлкүлүү да болот, каракчыга окшошсом окшошупмун да, ыңгайлуу болсо болду. – Ушуну айтып Жо эшикти карай жөнөдү, калгандары аны ээрчип, эже-сиңдилердин жайкы костюмдарды кийген шляпачан кичинекей бактылуу тобу жөнөп калды.
Лори аларды досторуна тааныштырмак болуп чуркап келди. Шалбаа кабыл алуучу залга айланып, анда бир нече мүнөт кызуу сценалар болду. Мисс Кейт, бой жетип эле калган жыйырма жаштардагы кыз, жаш америкалык кыздарга үлгү боло тургандай жөнөкөй кийиниптир, мунусу Мегге абдан жакты. Мистер Нед Моффаттын сиз менен жолугушуу үчүн эле келдим деп айтканы да көңүлүн көтөрдү. Жо мисс Кейтти көргөндөн кийин эмне үчүн Лори аны айтып жатып «эринин кымтыганын» түшүндү, анткени ал кыз өзүн эркин алып жүргөн башка кыздардан айырмаланып бир топ текебер сыяктанды. Бесс бейтааныш балдарды карап туруп жанагы аксаган бала андай деле «жаман» эмес, тескерисинче уялчаак экенин байкап, ага жакшы мамиле кыла турган болду. Эмиге Грейси деген кичинекей болгону менен абдан тарбиялуу кыз жакты, экөө бир аз тиктешип тургандан кийин эле ынак болуп кетишти.
Чатыр, таңкы тамак жана крокер жабдуулары мурун жөнөтүлгөндүктөн, компания эки кайыкка түшүп, жөнөп калышты, мистер Лоренс шляпасын булгалап жээкте калды. Лори менен Жо бир кайыкты, Брук менен Нед экинчи кайыкты айдап баратышты, ал эми Фред Воун, эгиздин түгөйү, кичинекей кайыкты айдап алып шоктонуп баратты. Жонун күлкүлүү шляпасына күтүлгөндөй эле бир топ сөздөр айтылды, анткени ал бардык жагынан мыкты болуп чыкты: аны көргөндөрдүн баары күлүп, тез эле өздөрүн эркин сезип калышты, Жо калакты шилеген сайын желпилдеп жагымдуу жел пайда кылып жатты жана Жо өзү айткандай, кокус жаан жаап ие турган болсо, бардыгына кол чатыр болгонго да жарамак. Мисс Кейт Жону бир аз таң калып карап отурду, өзгөчө анын «Христофор Колумб!» деп кыйкырганы жана Лори кайыкка отуруп жатканда Жонун бутун басып алып: «Дос, кечирип кой, катуу оорудубу?» деп айтканы таң калыштуу болду. Бул таң каларлык кызды лорнет менен бир нече жолу караган соң мисс Кейт бул кыз «таң каларлык болгону менен акылдуу экен» деп чечти да, Жого алыстан карап, жылмайып койду.
Мег кийинки кайыкта сонун жерде отурду: ал кайык шилегендер менен бет маңдай отургандыктан, тигилер буга кубанып, кайыкты абдан чебердик менен айдап баратышты. Мистер Брук абдан олуттуу, көп сүйлөбөгөн, кой көз, үнү жагымдуу жигит эле. Мегге анын калбаат манерасы жакчу жана аны эки буттуу энциклопедия деп эсептечү. Ал көп сүйлөшпөгөнү менен көп карачу жана мунусунан антипатия сезилчү эмес. Нед студент болгондуктан, ар кандай биринчи курстун студенти сыяктуу эле бир аз кекирейип жүрчү. Өтө акылдуу болбогону менен ак көңүл, шайыр бала болчу жана жалпысынан алганда пикник сыяктуу той-тамашаларга толук жарай турган неме эле. Салли Гардинер ак көйнөгүн булгап албайын деп кооптонуп, бир жагынан Бессти кооптондуруп жаткан Фреддин сөзүнө кулак салуу менен алек болуп баратты.
Лонгмедоу жакын эле болчу, бирок алар келгенде, чатыр тигилип, крокеттин дарбазасы коюлуп калган экен. Жапжашыл шалбаанын ортосунда үч эмен бутак жайып туруптур, тегереги болсо крокет ойной турган тегиз талаа.
— Генерал Лоренстин лагерине кош келиңиздер,- деди жаш кожоюн, баары суктанып жээкке чыгып жатканда. – Брук – кол башчы, мен генерал-интендантмын, ал эми калган балдар офицерлер болот, ал эми силер, айымдар, биздин коногубузсуңар. Чатыр толугу менен силердин кызматынарда болот, биринчи эмендин түбү – силердин конок бөлмөңөр, экинчиси – ашкана, үчүнчүсү – талаа ашканасы. Эми күн ысып кеткенче ойнойлу, анан эртең мененки тамакты ойлонуштурабыз.
Френк, Бесс, Эми жана Грейс калган сегиз катышуучунун ойногонун карамак болуп отурушту. Мистер Брук өз командасына Мегди, Кейтти жана Фредди тандап алды, ал эми Лоринин командасына Салли, Жо жана Нед кирди. Англиялыктар жакшы ойноп жатышты, бирок америкалыктар жакшыраак согушуп, 1776-жылдын маанайы шыктандыргандай ар бир карыш жер үчүн каармандык менен салгылашышты. Өзгөчө Жо менен Фред бир нече жолу кызаңдаша түшүшүп, бир жолу кадимкидей урушуп кете жаздашты. Жо акыркы дарбазадан өткөндөн кийин жаңылышып кетти да, мунусуна абдан жини келди. Фред бир аз артта келаткан, эми оюн кезеги ага келди. Ал шарды урду эле, ал дарбазага тийип, жанына туруп калды. Дарбазанын жанында эч ким жок болгондуктан, шардын кайсы жерде жатканын көрмөкчү болуп чуркап барды да, шарды бутунун учу менен акырын тээп, дарбазага киргизип жиберди.
— Мен өттүм. Эми, мисс Жо, азыр сиздин эсебиңизди табам да, казыкка биринчи болуп барам!- деп кыйкырды жаш жентельмен, кайра урмакчы болуп.
— Сиз түртүп койдуңуз, мен көрдүм. Азыр кезек меники,- деди Жо жини келип.
— Кудай урсун, тийгеним жок, балким, ал өзү бир аз тоголонуп кеткендир. Ал болсо эрежеге каршы келбейт. Кана, жол бериңиз, казык кагайын.
— Биз, америкалыктар, көз боёмочулук кылбайбыз, силер кааласаңар, кыла бергиле,- деп жооп берди жини кайнаган Жо.
— Янкилер — эң кыйын алдамчылар, муну элдин баары билет. Мына сизге!- деп жооп берди Фред анын шарын өзүнүкү менен алыс кагып жиберип.
Жо дагы бир орой сөз айтайын деп барып карманып калды. Чачынын түбүнө чейин кызарып-татарып, бир мүнөтчө дарбазаны орнотуп турду, ошол учурда Фреддин шары казыкка тийди да, тигил оюнду аяктаганын жар салып ийди. Жо шарына барып, бадалдын арасынан көпкө издеп жүрүп таап келди. Эми өзүнө келип, кезегин сабырдуулук менен күтүп турду. Ал бир нече соккудан кийин эле мурунку позицияларын ээлегенге жетишти, бирок бул учурда мистер Бруктун командасы жеңишке жакындап, Кейтке таандык акыркы шар казыктын жанында жаткан.
— Эх! Баары кетти! Кош бол, Кейт! Мисс Жо менден өч алгысы келип турат, сен эми жеңиштен кол жуудуң го!- деп кыйкырды Фред толкунданып, бардыгы оюндун соңун көрмөк болуп чуркап келишкенде.
— Янкилер адатта душманына айкөл болушат,- деген Жо Фредди карады эле тигил кызарып кетти. — Өзгөчө аларды жеңгенде,- деп кошумчалады ал. Анан Кейттин шарына тийбестен, шарын казыкка тийгизип, командасына жеңишти алып берди.
Лори кубангандан шляпасын көккө ыргытып жиберип, анан коноктор жеңилип жатканда мындай кылуу болбой турганын эстей койду да, «ура» деген кыйкырыгын бүтүрбөй, Жого шыбырады:
— Баракелде! Анын көз боёмочулугун мен да көрдүм. Биз муну бетине ачык айта албайбыз, бирок ал мындан ары андай кылбайт, кепилдик берем.
Мег чачыңды оңдоп берейин демиш болуп Жону четке алып чыкты да, боору ооруп, бир жагы ыраазы болуп айтты:
— Абдан жаман болду, бирок сен өзүңдү кармадың, Жо. Азаматсың!
— Мени мактабай эле кой, Мег, ошол учурда мен аны жаакка чапканга даяр элем. Чалканга туруп, ачуумду эптеп баспаганда, бир балакет болмок. Менин жиним дагы эле тарай элек, ал менден оолак болсо жакшы болот эле,- деп жооп берди Жо, Фредге шляпасынан алдынан жини келе карап.
— Тамак маалы болду,- деди мистер Брук саатын карап. – Генерал-интендант, сиз суу алып келип, от жагыңыз, биз мисс Марч, мисс Гардинер болуп столду коёлу. Ким жакшы кофе кайната алат?
— Жо,- деп жооп берди Мег сиңдисинин жакшы жагын көрсөткөнгө ыңгай келгенине сүйүнүп.
Жакында өздөштүргөн кулинардык чеберчилигинин пайдасы тие тургандыгын сезген Жо кофе кайнаткычтын жанын ээледи, кичинекейлер отун терип келишти, балдар жакын жердеги булактан суу алып келип, от жагып жиберишти. Мисс Кейт альбомуна бир шилтем сүрөттөрдү тартып, Френк болсо камыштан табак койгучтарды токуп отурган Бесс менен сүйлөшүп жатты.
Кол башчы менен адъютанттары дасторкон жайып, ар түрдүү суусундуктар менен даамдарды жашыл жалбырактар менен кооздоп коюп жатышты. Көп өтпөй эле Жо кофе даяр болгонун жарыялады да, бардыгы сүйүнүп тамакка отурушту, анткени жаштар тамакты жакшы жеп, анын үстүнө таза аба да курсакты тез ачырат эмеспи. Эртең мененки тамак абдан көңүлдүү болуп, ары жакта оттоп жүргөн ат катуу чыккан каткырыктан чочуп кетип жатты. Стол бир аз кыйшайып тургандыктан, күлкүгө шылтоо болду; сүткө эмендин уругу түшүп кетип жатты, ал эми кумурскалар чакыртпастан келип эле даам татып, түктүү курттар эмне болуп атканына кызыгышып ийрелеңдеп бутактардан карап атышты. Кашаанын ары жагынан үч кичнекей сары баш кызыга карап, өзөндүн ары жагынан бир ит тынбай үрүп турду.
— Эгер кааласаң, туз бар,- деди Лори, Жого жемиш салынган табакты берип жатып.
— Ыракмат, мен жөргөмүштөрдү жакшы көрөм,- деп жжоп берди ал, каймакка түшүп калган эки кичинекей жөргөмүштү алып жатып. – Сенин тамагың ушундай сонун болуп жатканда, меникин эстетпей эле койсоң болмок,- деп кошумчалады эле, экөө тең каткырып ийишти. Идиш жетпегендиктен, бир табактан жеп жатышты.
— Ошол түшкү тамак абдан сонун болгон, азыркыга чейин унута албай жүрөм. Бул тамакка болсо менин эч кандай тиешем жок, анткени эч нерсе кылган жокмун. Баарын Мег, Брук болуп силер жасадыңар, мен силерге абдан ыраазымын. Тойгондон кийин эмне кылабыз?- деп сурады ал, тамак бүткөндөн кийин ишенген нерселери бүтүп каларын сезип.
— Салкын түшкөнчө ойноп отурабыз. Мен адабий лотону ала келгемин, мисс Кейт да жаңы, кызыктуу оюндарды билет болуш керек. Барып сурасаң, ал конок эмеспи, ага көбүрөөк көңүл бурушуң керек.
— А сен конок эмессиңби? Брукту аны менен болот деп ойлосом, ал Мег менен эле сүйлөшүп отурат, а Кейт болсо аларды тигил айнеги менен карап отурат. Болуптур, мен барайын, Жо, бирок сен мага насаат окуба, сага жарашпайт.
Мисс Кейт чын эле жаңы оюндарды билет экен. Кыздар каалабай, балдар жей албай калганда, кийинки эмендин түбүндөгү «конок бөлмөгө» барып, «болбогон кепти» ойномок болушту.
— Бирөө бир болбогон кепти айта баштайт да, каалашынча сүйлөй берет, болгону абдан кызык жерине келгенде токтошу керек. Аны башка бирөө улантат да, ал дагы жанагыдай кылат. Аракет кылса, бул абдан күлкүлүү болот жана өзүнчө эле бир трагикомедия болуп, бооруң эзилгенче күлөсүң. Кана, мистер Брук, баштаңыз,- деди Кейт өкүм үн менен. Жигиттерге мугалиминдей сый мамиле жасачу Мег буга таң калып калды.
Эки жаш кыздын бут жагында жаткан мистер Брук буйрукка баш ийип, татынакай кой көздөрү менен күн нуруна чагылышкан өзөндү тиктеп аңгемесин баштады.
— Илгери-илгери бир рыцарь болуптур, кылычы менен калканынан башка эч нерсеси жок болгондуктан, бакыт издеп жөнөптүр. Дээрлик жыйырма сегиз жыл жер кезип жүрүп бир карыган ак көңүл королдун сарайына туш болуптур. Король жакшы көргөн айгырымды ким минип үйрөтүп берсе, чоң сыйлык берем деп убада кылган экен. Рыцарь аракет кылып көрөйүн деп убада берип, анысы да оңунан чыга тургандай болуп калыптыр, анткени айгыр абдан азоо болгону менен ага көнө баштаптыр. Рыцарь күн сайын айгырды минип алып шаарга чыгып, түшүндө көргөн бир сулууну издечү экен. Бир күнү бир жымжырт көчө менен баратып, жарым-жартылай бузулган бир үйдөн баягы сулууну көрүп калат. Сураштырып көрүп, бир жаман сыйкырчы адам ал жерде колго түшкөн принцессаларды кармай турганын, алар акча төлөп кутулуш үчүн керели кечке жип ийрий турганын билет. Рыцарь аларга жардам бергиси келет, бирок кедей болгондуктан, күн сайын баягы жерден атчан өткөндөн башка колунан эч нерсе келбей, сулуунун эркиндикке чыкканын бир көрсөм деп самап жүрөт. Акырында бир күнү үйгө кирип, принцессалардын ал-жайын сурамак болот. Барып эшикти какса, зор дарбаза ачылат да…
— Айдай сулуу бир кыз чыгып: «Келе турган күнүң бар экен!»- деп кыйкырат,- деп улап кетти француз романдарын көп окуп, алардын стилине суктанып жүрчү Кейт. – «Бул ошол кыз!»- деп кыйкырган граф Густав анын бутуна жыгылды. «О, туруңуз, туруңуз!»- деди тиги кыз ага апапак колун сунуп. «Жок, сиз кантип куткарып аларымды айтмайынча, мен турбайм»,- деп салтанаттуу түрдө айтты дагы эле тизелеп турган рыцарь. «Бул тиран турганда, мен бул жерден чыга албайм». – «Ал кайда?» — «Конок бөлмөдө. Жөнөңүз, баатырым, мени куткарып калыңыз». – Айтканыңызды аткарам – же жеңиш менен келем, же өлөм!» Ал ушинткен бойдон конок бөлмөгө барып, эшикти ачып, ичкери кадам таштаганда…
— Кара мантия кийген бир чал килейген грекче сөздүк менен баштан ары берип калды,- деп улады Нед. – Жанагы рыцарь, атын унутуп калдым, дароо өзүнө келе калып тиранды кармап туруп терезеден ыргытып жиберди да, сулууга жөнөмөк болду эле эшик жабылып калыптыр. Терезенин пардасын жулуп алып, жип жасады да, аны менен ылдый түшүп баратканда, анысы үзүлүп кетип алтымыш фут бийиктиктен учуп барып суу толтурулган аңга түштү. Сууда балыктай сүзгөндүктөн сепилди бир айланып сүзүп чыкты да, эки жигит кайтарып турган кичинекей эшикке жетти. Тигил экөөнү кармап туруп, баштарын кагыштырганда, жаңгактай жарылды. Анан күчтүү болуп кеткенин байкап, эшикти оңой эле сындырды да, бир футтай калың чаң баскан таш тепкич менен жогору чыгып баратса, муштумдай бакалар менен жөргөмүштөр жүрүптүр дейт. Аларды көрсөңүз, мисс Марч, жүрөгүңүз түшүп калмак. Тепкичтин учуна жеткенде, көргөн көзүнө ишенбей, деми кысыла түштү…
— Аппак кийимчен, бети вуаль менен жабылуу, тарбайган колуна лампа кармаган упузун бирөө туруптур,- деп улады Мег. – Ал көрдөй караңгы, суук коридор менен азгырып ээрчитип баратты. Эки жакта статуялардын караандары байкалат, айлана жымжырт, лампа жалындап күйүп, тигил арбак улам бурулуп караган сайын вуалдын ары жагынан тири укмуштай көздөрү жаркырай түшүп барат. Ошентип, бир маалда көшөгө менен жабылган бир эшикке жетишти, ары жагынан сыйкырдуу музыка угулуп турат. Рыцарь эшикке жеткенде, арбак аны түртүп ийди да…
— Табакерка менен бир койду,- деди Жо кайдыгер үнү менен. Угуп отургандардын боору эзилип калды. – Рыцарь сылык-сыпаа «Чоң рахмат» деди да, тамекиден жыттап, жети жолу абдан катуу чүчкүрдү эле, башы үзүлүп кетти. «Ха-ха-ха» деп күлдү арбак. Анан ачкыч салчу тешиктен жан талашып жип ийрип жаткан принцессаларды карады да, рыцарды алып, башы жок он бир рыцарь жаткан чоң калай сандыкка салып койду. Бир маалда алардын баары тура калып…
— Хорнпайп бийлей башташты,- деп баштады Фред. – Алар бийлеп жатканда, бузулган сепил парустуу согуш кемесине айланып кетти. «Кливерди көтөр, марсел рифтерин ал, рулду солго бур, замбиректи даярдагыла!»- деп кыйкырды капитан, горизонттон сыядай капкара желеги бар португалиялык пираттардын кемеси көрүнгөндө. «Алга, менин арстандарым!» деп кыйкырды капитан, анан кандуу согуш башталды. Албетте, британиялыктар жеңишти, алар дайыма жеңишет.
— Жок, дайым эмес!- деп койду Жо өзүнчө.
— Алар португалиялык капитанды туткунга алышты, ал эми пираттардын кемесинин палубасы өлүктөргө толуп, кан суудай агып жатты, анткени пираттарга өлгөнчө согушканга буйрук берилген болчу. Британиялык капитан: «Эй, жардамчы боцман, эгер күнөөлөрүн моюнга албаса, муну дароо сууга ыргыткыла!»- деп буйрук берди. Бирок португалиялык сүйлөбөй койгондуктан, аны сууга ыргытып жиберишти. Матростор көңүл ачып жатканда, тигил акмак британиялык кеменин түбүнө сүзүп кирип, люкту ачып, кемени бүтүн экипажы менен чөктүрүп ийди. Алар деңизге чөгүп баратышса…
— О, кудай! Эми эмне деп айтам?- деп ийди Салли, анткени матростор жөнүндөгү окуган китептеринен ар кайсыны айтып аткан Фреддин баяны бүтүп калган эле. – Болуптур, анда мындай. Алар деңиздин түбүнө жеткенде, татынакай русалка тосуп алып учурашты. Башы жок рыцарлар салынган сандыкты көрүп бир топ кайгырган соң ар кандай аял сыяктуу эле кызыгып, кийин сураштырып билип алармын деди да, аларды океандын тузу менен туздап койду. Бир күнү бермет издеген бирөө келгенде, русалка ага: «Эгер алып кете алсаң, ушул бир сандык бермет сеники»,- деди. Ал тигил байкуштарды тирилтейин деп, бирок өзү жогору алып чыга албай жүргөн эле. Ошентип, тигил неме сандыкты эптеп жээкке алып чыгып караса, берметтен дайын жок. Анан капа болуп шалбаага таштап койсо, аны…
— Жүздөгөн семиз каздарды кайтарып жүргөн кичинекей кыз таап алат,- деди Эми, Саллинин фантазиясы куруп баратканда. – Кыз рыцарларды аяп кетти да, бир жакшы кемпирден эмне кылыш керек экенин сурады. «каздарыңдан сура, ошолор билет»,- деп жооп берди кемпир. Кыз каздарынан жаңы башты эмнеден жасаса боло турганын сураса, каздар бир ооздон…
— «Капустадан!» деп каркылдашты,- деп илип кетти Лори. – Кыз «Туптуура!»- деп кыйкырды да, он эки капуста алып келгени огородуна чуркап кетти. Аларды рыцарларга коюп көрдү эле, тигилер дароо тирилишип, ыракмат айтып, жолго түшүштү. Алар айырмасын билишкен да жок, анткени дүйнөдө мындай баштар көп болгондуктан, эч ким деле таң калган жок. Баягы биздин рыцар болсо сулуусун издеп сыйкырлуу сепилге барса, баары эркиндикке чыгып, күйөөгө тийгени кетип калышкан имиш. Бирок бирөө калган деп айтышты. Ал абдан толкунданып, баягы жанга өлчөлүү айгырына минип сепилге барса, сулуу бакта гүл терип жүрүптүр дейт. «Мага розаңыздан бересизби?»- деп сурайт ал. «Сиз бул жакка кирип, өзүңүз алышыңыз керек. Мен сизге барсам болбойт, уят болуп калат»- дейт ал татынакай үнү менен. Рыцарь кашаадан өтмөк болот, бирок ал улам өсүп, бийиктеп, коюулана берет. Бутактарды улам сындырып отуруп, тешик жасайт да, сулууга жалдырайт: «Киргизип койчу мени! Киргизчи!» Бирок татынакай принцесса аны түшүнбөй, роза терип жүрө берет. кашаадан өтүш рыцардын өзүнө калат. Ал өттүбү же өтө албай калдыбы, аны Френк айтып берет.
— Мен айта албайм да, ойнобойм да, мен эч качан ойногон эмесмин,- деп жиберди Френк, мындай кыйын абалдан кантип чыгарын билбей. Бесс Жонун артына бекине калды, ал эми Грейси уктап жаткан.
— Байкуш рыцарь ошентип кашаада кала береби?- деп сурады мурункусундай эле өзөндү тиктеген боюнча колундагы кичинекей гүл менен ойноп отурган мистер Брук.
— Менимче, бир аздан кийин принцесса ага эшикти ачып, гүл берет болуш керек,- деди Лори устатына бир аз жылмайып.
— Эмне эле болбогон кепти айтып жатабыз! Машыгып деги калдык, эми жөндүүрөөк бир нерсе ойлоп тапсак да болот,- деди Салли баары ойлоп тапкандарына бир сыйра күлүп бүткөндөн кийин. – А «Нукура чындыкты» билесиңерби?
— Менимче, билебиз,- деп жооп берди Мег олуттуу түрдө.
— Мен оюнду айтып атам.
— Ал кандай оюн?- деп сурады Фред.
— Абдан жөнөкөй: чүчүкулак кармайбыз, кимдин номери келсе, башкалар берген суроолордун баарына туура жооп бериши керек. Абдан күлкүлүү болот.
— Келгиле, ойноп көрөлү,- деди жаңылыкты жакшы көргөн Жо.
Мисс Кейт, мистер Брук, Мег жана Нед баш тартышты, бирок Фред, Салли, Жо жана Лори чүчүкулак кармашты. Биринчи болуп Лори жооп бере турган болду.
— Сен кимдерди баатыр деп эсептейсиң?- деп сурады Жо.
— Чоң атам менен Наполеонду.
— Сенин оюңча, ушул жердеги кыздардын кимиси сулуу?- деп сурады Салли.
— Маргарет.
— Алардын кимиси сага көбүрөөк жагат?- деп суроо берди Фред.
— Жо, албетте.
— Болбогон суроолорду койсоңорчу! – Жо тоготпогондой ийинин куушуруп койду, калгандары Лоринин кыска, олуттуу жооп бергенине күлүп калышты.
— Уланталы, бул «Чындык» деген оюн жакшы экен,- деди Фред.
— Ооба, силер үчүн абдан эле жакшы,- деп күбүрөдү Жо.
Кийинки кезек аныкы болуп чыкты.
— Сиздин эң чоң кемчилигиңиз кайсы?- деп сурады Фред, анын өзүндө жок сапатын сынап көрмөккө.
— Кызуу кандуулук.
— Сенин абдан каалаган нерсең эмне?- деп сурады Лори.
— Батинкенин боосу,- деп жооп берди Жо анын оюн билип.
— Жооп туура эмес, сен чынын айтышың керек болчу.
— Талант. Сен өзүң белек кылып бере ала турган нерсени айтышымды кааладың беле, Лори?
Ал анын айласы кете түшкөн өңүн карап кытмыр жылмайып койду.
— Эркектердин кайсы касиетин баарынан жогору баалайсың?- деп сурады Салли.
— Баатырдыгы менен чынчылдыгын.
— Кезек мага келиптир,- деди Фред номерин карап.
— Кел, айласын кетирели,- деп шыбырады Лори Жого. Тигил болсо баш ийкеди да, дароо суроо берди:
— Сиз крокет ойноп жатканда көз боёмочулук кылдыңызбы?
— Ооба, бир аз.
— Жакшы! А айтып бергениңизди «Деңиз арстаны» деген китептен алдыңызбы?
— Ооба, жарым-жартылай.
— Сиз англиялыктарды төрт тарабы төп келишкен эл деп эсептейсизби?- деп сурады салли.
— Эгер мен башкача ойлосом, уялмакмын.
— Бул чыныгы Жон Буль экен. Эми мисс Салли, кезек сизде, чүчүкулак кармабай эле коёлу. Адегенде сизди өзүм бир аз кыйнайын: сиз өзүңүздү кандайдыр бир деңгээлде наздуу деп эсептейсизби?- деп сурады Лори, Жо Фредге жараштык деп баш ийкеп жатканда.
— Өтө эле өткүр экенсиз! Албетте, жок!- деп ийди Салли, таптакыр макул эместей түр көрсөтүп.
— Баарынан эмнени жаман көрөсүз?- деп сурады Фред.
— Жөргөмүштү жана күрүч пудингди.
— А эмнени жакшы көрөсүз?- деп суроо берди Фред.
— Бийди жана француз мээлейин.
— Менимче, «Чындык» өтө деле жакшы оюн эмес экен, келгиле, андан көрө башкасына өтөлү. Менде мына адабий лото бар, билимибизди эстесек болот,- деп сунуш кылды Жо.
Нед, Френк жана кичинекей кыздар аларга кошулушту, ал эми чоңдордон үчөө өздөрүнчө маектешип отурушту. Мисс Кейт кайрадан эскизине киришти, Маргарет аны карап отурду, ал эми мистер Брук окубаган китебин кармап чөптө жатты.
— Сүрөттү сонун тартат экенсиз! Мен тарта албайм,- деди Мег суктанып, бир жагынан өкүнүп.
— Эмне үчүн окубайсыз? Менимче, сиздин табитиңиз да, талантыңыз да бар,- деп сыпаа жооп берди мисс Кейт.
— Убактым жок.
— Анда апаңыз башка таланттарыңызды өнүктүргүсү келет го. Менин апам да башында ошентчү, бирок мен сүрөтчүлүк жөндөмүм бар экенин далилдедим. Ага айтпай туруп сүрөттөн сабак алдым, кийин апам өзү улантканга уруксат берди. Сиз да гувернанткаңыздын жардамы менен ошондой кылбайсызбы?
— Менин гувернанткам жок.
— О, унутуп калган турбаймбы, Америкада биздей эмес да, кыздар да көбүнчө үйдө окушпайт. Атам силердин мектебиңерди мыкты дейт. Сиз, сыягы, менчик мектепке барасыз го?
— Мен мектепке барбайм. Өзүм гувернанткамын.
— О, коюңузчу, кантип эле? – деди мисс Кейт, бирок мунусу «О, кудай, кандай неме менен сүйлөшүп отурам» дегендей сыяктанып кетти да, Мег ачыктыгына өкүнүп калды.
Мистер Брук башын көтөрдү да, мындай деп жиберди:
— Америкада кыздар көз карандысыздыкты атактуу бабаларынан кем сүйүшпөйт. Биз өзү иштеп акча тапкан мекендеш кыздарыбызга суктанабыз жана аларды сыйлайбыз.
— О, албетте, абдан сонун, алардын мунусу абдан туура. Бизде да ушундай кылган жаш ак сөөк аялдар бар, тарбиялуу жана билимдүү болгондуктан, аристократтар гувернантка кылып алышат,- деди мисс Кейт текебердүү таризде. Ушундан улам Мегге өзүнүн иши жагымсыз эле эмес, уяла тургандай да сезилип кетти.
— Сизге немисче ырдын котормосу жактыбы, мисс Марч?- деп сурады мистер Брук ыңгайсыз тынымды бузуп.
— Ооба, абдан сонун экен, которгон кишиге абдан ыраазымын. – Мегдин бүркөлгөн кабагы ачыла түштү.
— Сиз немисче окуй албайсызбы?- деп сурады мисс Кейт ага таң кала карап.
— Окуй алам, бирок анча эмес. Атам үйрөтчү, бирок ал азыр аскерде болуп, оңдоп турган киши жок болгондуктан, өзүмчө окуу кыйын.
— Мына азыр Шиллердин «Мария Стюартын» окуп көрүңүз, мугалим да жаныңызда. – Мистер Брук китепти анын тизесине коюп, окуганга сунуш кылды.
— Бул кыйын го, мен коркуп турам,- деди Мег ыраазы болуп. Бирок тигил билимдүү жаш ледиден тартынып турду.
— Сизди сүрөп баштап берейин. – Анан мисс Кейт чыгарманын эң сонун жеринен бир үзүндүнү абдан туура окуп берди, бирок анча көркөм болгон жок.
Мистер Брук анын окуганын мактаган да жок, сындаган да жок. Китепти Мегге бергенде, ал баёо түрдө:
— Мен ыр деп ойлопмун,- деди.
— Ырлар да бар. Мына муну окуп көрүңүз. – Китепти ачып жатып мистер Брук бир аз жылмайгандай болду.
Мег жаңы мугалими көрсөткүч катары колдонгон узун чөптү ээрчий жай, уялыңкы окуй баштады жана кыйын сөздөр анын уккулуктуу үнү менен жумшак интонациясынан улам поэзияга айланып кетип жатты. Жашыл көрсөткүч китептин бети менен улам ылдыйлап баратты, Мег болсо өзү жалгыз отургандай баарын унутуп, байкуш королеванын сөздөрүн кайгылуу кылып окуй берди. Кой көздөрдүн кантип карап турганын көрсө, ал окуганын дароо токтотмок, бирок көзүн албай окугандыктан, сабак ал үчүн абдан жагымдуу болду.
— Абдан жакшы!- деди мистер Брук Мег тыным алганда. Көп сандаган каталары жөнүндө ооз ачкан жок жана түрүнө караганда, ал окутканды чындап эле сүйөт окшойт.
Мисс Кейт «айнегин» көзүнө алып барды да, муну көрүп, альбомун жапты да, сылык-сыпаа айтты:
— Акцентиңиз жагымдуу экен, бара-бара жакшы окуп кеткидейсиз. Мен сизге окуңуз деп кеңеш берер элем. Немис тилин билүү мугалим үчүн абдан маанилүү. Мен Грейске барайынчы, ал шоктонуп жатат окшойт. – Анан мисс Кейт ийинин билинер-билинбес куушуруп күбүрөнүп кетти: «Гувернантканын компаньонкасы болуп калам деп оюма да келбептир. Жаш, сулуу болгону менен баары бир гувернантка да. Бул янкилер кызык эл болот экен! Лори мындай чөйрөдө жүрүп бузулуп кетпесе болду».
— Англиялыктар гувернанткаларды теңсинбей, аларга бизден башкача мамиле кыларын унутуп калыпмын,- деди Мег, узап бараткан караанды кейий карап.
— Менин билишимче, эркек мугалимдер да ушундан улам бир топ кыйналышат. Бизге, эмгекчилерге, Америкадай жер жок, мисс Маргарет. – мистер Брук муну абдан ыраазы болуп, кубанып айткандыктан, Мег өзүнүн тагдырына даттангансыган сөзүнө уяла түштү.
— Анда мен бул жерде жашап жатканыма кубанам. Мага жумушум жакпайт, бирок анын ыракаты да бар, ошондуктан даттанбасам да болот. Сизден айырмаланып, окутканды сүйбөгөнүм гана өкүнүчтүү.
— Менимче, Лоридей окуучуңуз болсо, сиз да жумушуңузду сүймөксүз. Кийинки жылы андан айрыла турганым өкүнүчтүү,- деди мистер Брук жерди чукуп жатып.
— Ал университетке барат го, ээ? – Мегдин оозу муну айтканы менен көзү «Анда сиз эмне кыласыз?» деп кошумчалады.
— Ооба, маалы болду, даярдыгы да жакшы. Анын сабактары бүтөрү менен мен солдат болом. Мен ал жакка керекмин.
— Кандай жакшы!- деп ийди Мег. – Менимче, ар бир жигит аскерге баргысы келет, бирок үйдө калган энелер жана эже-карындаштар үчүн кыйын эле болот,- деп кошумчалады муңайыңкы.
— Менин күйө турган туугандарым жок, досторум да аз,- деди мистер Брук муңайып, анан соолуп калган розаны жанагы чуңкуруна салып, мүрзөдөй кылып көөмп койду.
— Лори менен чоң атасы сизди ойлошот болуш керек, сиз бирдеме болсоңуз, биз да абдан кайгырабыз,- деп жооп берди Мег достордой.
— Жакшы сөзүңүзгө ыракмат,- деди мистер Брук жанданып, анан бирдеме деп айтканча Нед жетип келди. Ал атка кыйын мине тургандыгын кыздарга көрсөтүү үчүн бир карыган атты минип алыптыр. Ошону менен ал күнү тынчтык болгон жок.
— Сен атка мингенди жакшы көрөсүңбү?- деп сурады Грейс Эмиден, Нед менен ара-бери чуркап жүрүп чарчаганда.
— Абдан жакшы көрөм. Атам бай кезде Мег эжем көп минчү, азыр болсо атыбыз жок. Азыр Алма Эллен эле бар,- деп кошумчалады Эми күлүп.
— Айтып берсең, ал эмне эшекпи?- деп сурады Грейс кызыгып.
— Жо атты абдан жакшы көрөт, мен да жакшы көрөм. Бизде аялдардын эски ээри бар, атыбыз болсо жок. Бакта бутагы жапыс бир алма бар, Жо ошол бутакка ээрди токуйт да, бутактын жогору ийилген жерине тизгинди байлайт, анан Алма элленди каалаганча чабабыз.
— Кызык экен!- деп күлдү Грейс. – Биздин үйдө пони бар, күндө Фред, Кейт болуп паркка барабыз да, мен аны минем. Бул абдан сонун, анткени менин досторум да Роуда ойношот. Ал жерде сейилдегендер абдан көп.
— Ах, кандай сонун! Мен да бир кезде чет өлкөгө барам деп ойлойм, бирок мен Роуга эмес, Римге баргым келет,- деди Эми. Ал Роу деген эмне экенин билчү эмес, бирок ал эмне деп сурамак да эмес.
Шалбаада ойноп жүргөн шок балдарды карап отурган Френк кичинекей кыздардын сөзүн укту да, жини келип балдагын ары түртүп койду. Адабий лотонун чачылып жаткан карточкаларын чогултуп жаткан Бесс башын көтөрүп, тартынганы менен достордой сурады:
— Сиз чарчадыңыз го, кандай жардам берсем болот?
— Сүйлөшүп отуруңузчу, жалгыз зеригип кеттим,- деп жооп берди Френк. Сыягы, үйдө анын көзүн карап турушса керек. Тартынчаак Бесс үчүн латын тилинде салтанаттуу сөз сүйлө десе да мындан жеңилирээк болмок, бирок айла жок, жашынып кала турган Жо да жакын жерде эмес. Тигил бала жалдырап карап тургандыктан, аракет кылып көрмөк болду.
— Эмне жөнүндө сүйлөшкүңүз келет?- деп сурады ал карточкаларды кармалап. Анан лента менен байлайын деп атып кайра чачып алды.
— Мен крикет, кайык айдоо жана аңчылык жөнүндө укканды жакшы көрөм,- деди Френк. Ал өзүнө али эрмек таба элек болчу.
«О кудай! Эмне деп айтам? Мен бул жөнүндө эч нерсе билбейм да»,- деп ойлоду Бесс, бирок баланын бактысыздыгын унутуп, аны сөзгө тартмакчы болду:
— Мен аңчылыкты көргөн эмесмин, бирок сиз жакшы билет болушуңуз керек.
— Бир кезде билчүмүн, бирок эми эч качан мергенчиликке чыга албайм, анткени атка секирип мине коём деп бутумду сындырып алгамын. Ошентип, аттар менен тайгандар эми меники эмес,- деди Френк үшкүрүп. Муну уккан байкуш Бесс аңкоолугу үчүн өзүн жек көрүп кетти.
— Силердин бугуларыңар биздин бизондордон көрктүүрөөк,- деди ал Жо окуп жүрчү балдардын китептеринен окуп калганына кубанып.
Бизондор жөнүндөгү сөз жакшы кетти жана Бесс тигил баланы алаксытам деп жатып өзүн таптакыр унутуп калды. Өзү айткан «жаман балдардын» бири менен оозу тынбай сүйлөшүп отурган сиңдисин көрүп эже-сиңдилери бир жагынан таң калып, бир жагынан сүйүнүп жатышты.
— Кудай өзүң жалгай көр! Ал тигил балага боору ооруганынан жакшы мамиле кылып атат,- деди крокет аянтындагы Жо Бесс жакты жылмая карап.
— Мен дайыма айтам: бул – кичинекей периште,- деп кошумчалады Мег, мындан ары шек санаганга болбой тургансып.
— Френктин мындай күлгөнүн көптөн бери уга элек болчумун,- деди Грейс Эмиге. Экөө эмендин уругунун кабыгынан чыны жасап, куурчактар жөнүндө сүйлөшүп отурушкан.
— Бесс эжем абдан жыттуу,- деп жооп берди Эми эжесине ыраазы болуп. Ал «жылдыздуу» деп айтайын деген болчу, бирок Грейс эки сөздүн тең маанисин жакшы билбегендиктен, «жыттуу» дегени өзүнө абдан таасирдүү сезилди.
Ойдон чыгарылган цирк, «карышкырлар менен койлор» оюну жана эки команданын крокет аянтындагы кайрадан беттешүүсү менен кеч кирди. Чатыр чечилип, тамак-аштын калганы, идиш-аяктар таңылып, кайыктарга жүктөлгөн соң бүтүн компания кайыкка түшүп, ырдап баратышты. Сезимге алдырган Нед кайырманы муңкана созуп жиберди:
О, жалгызмын мен!
Анан ырга өтүп:
Биз экөөбүз жапжашпыз,
Жүрөктөрдө ыр менен жаз,
Ах, эмне үчүн курбум менин,
Кылбайсың сен мага наз?- деп Мегди кылгырып карады эле, ал күлүп ийип, ыр бузулуп калды.
— Мынча таш боорсуз?- деп шыбырады ал хор ырдап жатышканда. – Керели кечке тигил чоюлган англиялык кыздын жанынан жылбай койдуңуз, эми болсо теңсинбей, шылдыңдап күлүп атасыз.
— Мен сизди капа кылгым келген жок, бирок сиздин кебетеңиз ушунчалык күлкүлүү болгондуктан, чыдай албай күлүп ийдим,- деп жооп берди Мег, тигинин сөзүнүн биринчи бөлүгүнө көңүл бурбай. Баягы Моффаттардыкындагы кечеден жана апасы менен сүйлөшкөндөн кийин андан чындап эле качып жүргөн.
Нед таарынып, Саллиге арызданды:
— Бул кыз назданган неме окшойт!
— Бир аз, бирок сонун кыз,- деп жооп берди Салли. Ал курбуларынын кемчилигин моюнга алганы менен баары бир коргоп турчу.
— Сонун эмей эле көңүл калтыра турган кыз окшойт,- деди Нед, башка жигиттердей эле курч сүйлөгөнгө аракет кылып.
Кичинекей компаниянын ктышуучулары эрте менен жолуккан шалбаада «Көрүшкөнчө!» деп жакын достордой коштошушту, анткени Воундар эртеси Канадага кетишмек. Бак аралап кетип бараткан эже-сиңдилерди карап турган мисс Кейт чын дилинен мындай деди:
— Манералары абдан эркин болгону менен америкалык кыздар жакындан таанышканда сонун болот экен.
— Сизге толук кошулам,- деп жооп берди мистер Брук.
ОН ҮЧҮНЧҮ БАП
КЫЯЛДАГЫ СЕПИЛ
Сентябрдын мемиреген жылуу күндөрүнүн биринде Лори гамакта жаткан, анан кошуна кыздар эмне кылып ата болду экен деп ойлоп, бирок барып билгенден эринди. Бул күнү пайдалуу натыйжалар да, канааттануу да болбогондуктан, көңүлү чөгүп, кайра жашоого болбой турганына өкүндү. Ысыктан жалкоолонуп, мистер Бруктун сабырын сынап окуган жок, дээрлик жарым күн рояль ойноп, чоң атасынын жинин келтирди, иттердин бири кутуруп кеткен окшойт деп тамашалай коюп кызматчы аялдардын жүрөгүн түшүрдү, атты жакшы карабайсың деп атчылардын бирин урушкандан кийин ачуусу келип гамакка жата кетти. Анан бейкут күндүн жымжырттыгы аны эркине койбой мемиретип баратты. Каштандардын үстүндөгү көк мейкинди карап жатып ар түрдүү ойлор келе берди. Кыялында океанды жиреп, дүйнөнү түрө кыдырып саякаттап жүргөндө, кандайдыр бир үндөр угулуп калды. Гамактын торунан караса, кошуна кыздар экспедицияга чыгышкансып кетип баратышыптыр.
«Бу кыздар кайда жөнөштү экен?»- деп ойлоду Лори, уйкулуу көзүн чоңураак ачып, анткени алардын көрүнүшү башкачараак эле. Бардыгы чоң шляпа кийип, колдоруна таяк алып алышыптыр, ийиндеринде чоң кара баштык. Мег жаздык, Жо китеп, Бесс себет, а Эми болсо сүрөт тарта турган кагаз алып алыптыр. Алар бак аркылуу өтүп, калиткадан чыгышты да, өзөн жактагы дөбөнү карай бет алышты.
«Бул жакшы эмес,- деп күбүрөндү Лори. Пикник баратышып чакырып да коюшпайт! Кайык менен бара алышпайт, анткени аларда кайыктар турган сарайдын ачкычы жок. Балким, ачкычты унутуп калышкандыр? Ачкычты бергенче, эмне болуп атканын билип келейин».
Шляпалары беш-алтоо болгону менен ылайыктуусун тапканча бир аз убакыт өттү, анан ачкычты издеп, акыры бир чөнтөгүнөн тапты. Кашаадан секирип өтүп караса, кыздар кетип калышыптыр. Кыска жол менен сарайга барып, күтүп отурду, бирок кыздар келген жок. Эмне болгонун көрүш үчүн дөбөгө чыкты. Дөбөдө өсүп турган кызыл карагайлардын арасынан бир үндөр угулгансыды.
«Сонун көрүнөт экен!» деп ойлоду Лори. Эс алып турганга маанайы көтөрүлүп калыптыр. Анан караса эже-сиңдилер карагайдын көлөкөсүндө отурушуптур, аларга ала көлөкө түшүп, желаргы беттерин, чачтарын аймалап турат. Кыздардын ар кимиси өз иштери менен алек экен. Мег жашыл чөптүн фонунда кызгылтым көйнөк кийип гүлдөй болуп отуруптур. Бесс карагайдын түбүндөгү тобурчактардын чоңдорун тандап атат, ал булардан абдан кооз нерселерди жасайт. Эми папоротниктердин сүрөтүн тартып, Жо үн чыгарып окуп жатыптыр. Лори чакырбагандан кийин кетип эле калайын деп ойлоду, бирок кеткиси келбей кыйылды, анткени үйдө баары бир зерикмек, мында болсо баары кызыктуу. Ал былк этпей тургандыктан, карагайда тобурчак уулап жүргөн тыйын чычкан ылдый түшүп келди да, бир маалда аны көрө калып, чыйылдаган боюнча жогору кетти. Бесс башын көтөрдү да, Лорини көрүп, жылмая баш ийкеди.
— Мен силерге кошулсам болобу? Же жолтоо боломбу?- деп сурады ал жакындай бергенде.
Мегдин кашы серпиле түшкөнсүдү, Жо болсо ачуулунгандай бир карады да, дароо жооп берди:
— Албетте, болот. Биз сени чакырышыбыз керек эле, бирок кыздардын бул сыяктуу көңүл ачуусу сага жакпайбы деп ойлодук.
— Мага силердин оюн-тамашаңар дайыма жагат, бирок эгер Мег каалабаса, кетейин.
— Бир нерсе менен алек болсоң, мен каршы эмесмин, бирок бекер отуруу эрежеге каршы келет,- деп жооп берди Мег олуттуу түрдө.
— Ыракмат. Эмнени кааласаңар, баарын жасайм, болгону араңарда болгонго уруксат берсеңер болду, анткени ылдый жакта Сахара чөлүндөй кызыксыз. Мен эмне кылышым керек? Сайма саяйынбы, окуйунбу, тобурчак издейинби же сүрөт тартайынбы? Же бардыгын бир учурда аткарайынбы? Мен ар кандай ишке даярмын. – Лори баш ийип отуруп калды.
— Аңгемени аягыеа чейин окуп бер, мен байпактын согончогун токуй коёюн,- деген Жо ага китепти карматты.
— Макул, мэм,- деди да, «Эмгекчил аарылар коомуна» мүчө болуп киргенине ыраазы болгонун билдирип окуй баштады.
Аңгеме кыска эле экен, Лори аны заматта эле бүтүрдү да, татыктуу болдум го деген ой менен суроо бере баштады.
— Мэм, сурасам болобу: бул адаттан тыш кызыктуу жана пайдалуу адат жаңы пайда болдубу?
— Айталыбы?- деп сурады Мег сиңдилеринен.
— Шылдыңдайт,- деп эскертти Эми.
— Эмне болмок эле?- деди Жо.
— Менимче, Лориге жагат,- деди Бесс.
— Албетте, жагат! Шылдыңдабайм деп сөз берем. Айта бер, Жо, коркпо.
— Эмнеге коркмок элек! Билесиңби, биз «Пилигримдин саякаты» деген оюн ойнойбуз. Кышы-жайы дебей, олуттуу түрдө ойнойбуз.
— Ооба, билем,- деп баш ийкеди Лори.
— Ким айтты сага?- деп сурады Жо.
— Периштелер.
— Жок, мен айткамын. Бир жолу кечинде баарыңар үйдө жокто капа болуп келгенде алаксытайын деп айтып бергемин. Лориге абдан жаккан. Мени урушпа, Жо,- деди Бесс акырын.
— Сен сыр сактай албайсың. Эми эч нерсе эмес, тескерисинче жакшы болду, саймедиреп айтып отуруштун кереги жок.
— Улантсаң,- деп өтүндү Лори, Жо нааразы болуп кайра өз иши менен алек болуп калганда.
— Ал сага биздин жаңы планыбыз жөнүндө айтып берген жок беле? Биз каникулубуз бошко кетпесин деп абдан аракет кылдык: ар бирибиз өз алдыбызга максат коюп, ага жетиш үчүн талбай эмгектендик. Эми болсо каникул аяктап, белигиленген иштерди баары аткарылды жана баарыбыз жалкоолонбой иштегенибизге кубанып жатабыз.
— Ооба, албетте. – Лори бекер өткөргөн күндөрүн ойлоп өкүнүп калды.
— Апам ачык абада мүмкүн болушунча көбүрөөк болушубузду каалайт, ошондуктан биз ушул жакка келип иштейбиз. Күлкүлүү болуш үчүн буюмдарыбызды кендир баштыктарга салып, эски шляпаларды кийип, дөбөгө чыгыш үчүн таяк алып алабыз да, кичине кездегидей пилигрим болуп ойнойбуз. Бул дөбөнү Ыракат тоосу деп коёбуз, анткени бул жерден алыс жактарды карап, качандыр бир кезде көчүп бара турган сыйкырдуу өлкөнү көрө алабыз.
Лори башын көтөрүп, Жо көрсөткөн жакты карады. Дарактардын ары жагынан көгөргөн дарыяны, аркы өйүздөгү шалбааны, анын ары жагынан чоң шаардын караанын жана бийик дөбөлөрдү көрдү. Күн уясына жакындап, батыш жак кызарып турат. Дөбөлөрдүн үстүндө сапсары жана кыпкызыл булуттар каалгып, асман шаарынын бийик мунараларындай нурлар көрүнөт.
— Кандай кооз! – деди Лори күбүрөп. Ал ар кандай кооздукту илгиртпей таанычу.
— Бул жерде мындай көрүнүштөр көп болот, биз аларды карап отурганды жакшы көрөбүз, анткени алар эч качан кайталанбайт жана ар бири өзүнчө кооз,- деди Эми. Анан азыркы учурду тартса жакшы болор эле деп ойлоп койду.
— Жо бизге бир кезде көчүп бара турган өлкөбүз жөнүндө айтып берет. Ал чочколору, балапандары, чөп оро турган жерлери бар айыл жери болот дейт. Бул абдан сонун болмок, бирок мен асмандагы сыйкырдуу өлкөгө барганды каалар элем,- деди Бесс ойлуу.
— Андан да кооз өлкө бар, эгер биз жакшы жашап өтсөк, ошол жактан жай табабыз,- деди Мег назик үнү менен.
— Бирок аны көпкө күтүш керек, ал эми күтүү кыйын. Мен ал жакка чабалекейдей болуп сызып барып, заңгыраган дарбазасына кирсем дейм.
— Сен эртедир-кечтир сөзсүз ошол жакка барасың, Бесс,- деди Жо. – А мен болсо күрөшүп, эмгектенип, күтүп, кыйналышым керек, мен ошондойлордонмун. А балким, эч качан жетпешим да мүмкүн.
— Мен да сага шерик болушум мүмкүн, бирок бул мени жубата алабы же албайбы, билбейм. Силердин асмандагы шаарыңарды көргөнчө көп жер кезет болушум керек. Эгер өтө кечигип барсам, мага жардам берип кой, Бесс, макулбу?
Кичинекей кыз Лоринин жүзүн карап тынчсыздана түштү, бирок жай жылып, өзгөрүп бараткан булутту карап туруп кубана жооп берди:
— Эгер адамдар ал жакка барганды чын дилинен каалап, өмүр бою чындап аракет кылса, сөзсүз жетет. Мен ал сепилдин дарбазасы же кароолчусу бар экенине ишенбейм. Аны дайыма жаркыраган периштелер суудан чыгып келаткан байкуш Христианга кол сунуп турган «Пилигримдин саякаты» деген сүрөткө окшоштура берем.
— Кыялыбыздагы асман сепилдери чын болуп, аларда жашай алсак кандай сонун болор эле,- деди Жо бир аз тынымдан кийин.
— Аларды ушунчалык көп курдум дейсиң, кайсынысында жашаарымды билбей кыйналмакмын,- деп жооп берди Лори, бир тобурчакты тыйын чычканды көздөй ыргытып.
— Сен эң жакшы көргөнүңдө жашамаксың. Ал кандай?- деп сурады Мег.
— Меникин айтып берсем, сен өзүңкүн айтып бересиңби?
— Ооба, эгер башка кыздар да айтып берсе.
— Биз макулбуз. Башта, Лори.
— Дүйнөнү каалаганча кыдырып көргөндөн кийин Германияга жайгашып, каалаганча музыка укмакмын. Атагы таш жарган музыкант болуп, бардыгы менин музыкамды эңсемек. Акчаны же ишти ойлобой, өзүмө жаккан гана нерселер менен алек болмокмун жана жыргап жашамакмын. Ушул менин жакшы көргөн асмандагы сепилим. А сеники кандай, Мег?
Маргарет сөзүн баштай албай кыйналгансып турду да, анан жок чиркейлерди кубалагансып папоротник менен бетин желпип туруп, жай айта баштады:
— Ичинде баары – түркүн тамак-аш, кооз кийим-кечелер, кымбат эмеректер, жагымдуу адамдар жана көп акча бар заңгыраган үйүм болсо дейм. Өзүм үй айыма болом да, баарын өзүм каалагандай башкарам. Көп кызматчыларым болот да, эч иш кылбайм. Кандай бактылуу болмокмун! Бош отурмак эмесмин, бардыгына жакшылык кылып, бардыгы мени жакшы көрүшмөк.
— Асмандагы сепилиңдин ээси болобу?- деп сурады Лори кууланып.
— Мен айтпадымбы жагымдуу адамдар болсо деп. – Ушуну айткан Мег туфлисинин боосун байламыш болуп калды да, жүзү көрүнбөй калды.
— Эмне үчүн мыкты, акылдуу, ак көңүл күйөөм, периштедей болгон балдарым болот деп айтпайсың? Сен билесиң, аларсыз сепилиң толук болбойт,- деди жаап-жашырганды билбеген Жо. Анын өзүнүн назик кыялдары али жок эле, китептен кездешкен ашыктык окуяларына да көп маани берчү эмес.
— Сеникинде аттардан, сыя менен китептерден башка эч нерсе жок болуш керек,- деп жооп берди Мег кыртышы сүйбөй.
— Кантип болбосун? Менин арап күлүктөрүнө толгон атканам, китеп толо бөлмөлөрүм болмок, өзүм болсо жазып жатмакмын, чыгармаларым Лоринин музыкасы сыяктуу шедевр болмок. Бирок ак сарайыма барадан мурун адамдар таң калып, мен өлгөндөн кийин да айтып жүрө турган бир жасамакмын. Кандай болорун билбейм, өзүм да күтүп жүрөм, бирок сөзсүз болот да, ошондо баарыңар мага таң каласыңар. Кыялымда китеп жазам жана абдан бай, атактуу болом. Менин сүйгөн кыялым ушундай.
Меники – атам-апам менен чогуу болуп, үй-бүлөгө кам көрүү,- деди Бесс ыраазы болуп.
— Башка эч нерсени каалабайсыңбы?- деп сурды Лори.
— Кичинекей пианинолуу болгондон бери мен абдан бактылуумун. Баарыбыз денибиз сак болуп, чогуу жүрсөк болду, башка эч нерсенин кереги жок.
— Менин каалоом көп, бирок негизгиси — сүрөтчү болуу, римге барып, сонун сүрөттөрдү тартып, дүйнөдөгү эң мыкты сүрөтчү болуу. – Эминин жупуну кыялдары ушундай болду.
— Атак-даңкты жакшы көргөн компания окшойбуз. Бесстен башкабыз бай, атактуу жана бардык жагынан келишкен адам болууну каалайт экенбиз. Кызык, ушул каалоолорубуз качандыр бир кезде ишке ашар бекен?- деди ой баскан Лори торпокко окшоп чөй чайнап жатып.
— Менин асмандагы сепилимдин ачкычы менде, бирок эшигин ача аламбы, ал кийин белгилүү болот,- деди Жо сырдуу.
— Менин да ачкычым бар, бирок ачып көргөнгө жол беришпейт. Ошол универститет деген немени көрөйүн деген көзүм жок,- деп кейиди Лори үшкүрүп.
— Мына менин ачкычым! – Эми карандашын булгалады.
— Менин ачкычым жок,- деди Мег үмүтсүз.
— Бар,- деди Лори.
— Кандай?
— Сенин сулуу жүзүң.
— Болбогон сөз, мындан эч кандай пайда жок.
— Көрөбүз,- деп жооп берди Лори, өзү гана билген бир сыр бардай күлүп.
Мег кызарып кетти да, папоротникке бетин жашырып, дарыя жакты тиктеп калды. Анын мунусу баягы мистер Брук рыцарь жөнүндөгү окуяны айтып берип жаткандагыга окшоп кетти.
— Эгер он жылдан кийин тирүү болсок, жолугалы да, тилегибиз канчалык аткарылганын же ага канчалык жакындаганыбызды көрөлү,- деп сунуш кылды дайыма пландары даяр турчу Жо.
— О кудай! Мен анда жыйырма жетиге чыгып карып калам да!- деп жиберди араң эле он жетиге толгону менен өзүн чоң сезген Мег.
— Биз экөөбүз Тедди жыйырма алтыда болобуз, Бесс жыйырма төрттө, Эми жыйырма экиде болот. Кандай абройлуу компания!- деди Жо.
— Мен ага чейин сыймыктана тургандай бир нерсе жасайм деп үмүттөнөм. Бирок мен ушундай жалкоомун, Жо, сен айткандай, «жалкоолонуп жүрө беремби» деп корком.
— Апам сага стимул, түрткү керек дейт, ошол болсо эле сени иштеп кетет деп ишенет.
— Ал ошентеби? Юпитер урсун, ошондой болсо эле мен иштейм! – деп жиберди Лори капыстан жанданып. – Мен чоң атамды ыраазы кылганга кубанышым керек жана ошого аракет кылам, бирок өзүм муну каалабагандыктан, кыйналам. Ал мени өзүндөй болуп соодагер болсо, Индия менен соода кылса дейт, бирок мен аны эч каалабайм. Анын эски кемелери алып келген чай, жибек, татымал жана башка нерселерди көргүм келбейт. Мен алардын ээси болгондон кийин мага баары бир болот, мага демектен баары чөгүп кетсин. Менимче, ага жагыш үчүн мен университетке барышым керек, анткени ал үчүн төрт жыл сарптаганга макул болсом, соода компаниясында иштете албай, коё бергенге мажбур болот. Бирок ал өжөр, атам сыяктуу качып кетпесем, өзүнүн ишин мага да кылдырабы деп корком. Чал менен кала турган бирөө болсо, мен эртең эле качып кетмекмин.
Лори абдан толкунданып сүйлөп жатты жана кичине эле шылтоо болсо, жанагы айткандарын аткара тургандыгы көрүп турду, анткени ал абдан тез өсүп жаткан жана бардар жашаганына карабастан, ар кандай жаш жигит сыяктуу эле көз карандылыкты жек көрүп, өзүмчө жашасам дегенде эки көзү төрт болчу.
— Мен сага кемелериңдин бири менен кетип калып, өзүңчө жашагандан тажаганда гана кел деп кеңеш берер элем,- деди Жо. Анын оюна эрдик кылуу келе калды, бир жагынан «Теддинин мыйзамдуу укуктары бузулуп жатканына» боору ооруду.
— Сеники туура эмес, Жо, сен минтип айтпашың керек, Лори да сенин жаман кеңешиңди укпашы керек. Сен чоң атаңдын айтканын гана аткарууга тийишсиң,- деди Мег энедей болуп. – Университетте жакшы окуганга аракет кыл, аны көргөндөн кийин чоң атаң сага катаалдык кыла албай калат. Өзүң айткандай, аны менен кала турган, аны карай турган эч ким жок, эгер айтпай туруп кетип калсаң, сен өзүңдү өзүң эч качан кечире албай жүрүп өтөсүң. Капа болбой, ачууланбай, болгону өз милдетиңди так аткарсаң, мистер Брук сыяктуу сый-урматка ээ болосуң.
— Брук жөнүндө эмне билесиң?- деп сурады Лори. Ал жакшы кеңешке ыраазы болгону менен Мегдин насаат айткандай тонуна жини келип турганда, сөздү башкага бура салганына кубанып кетти.
— Мен чоң атаң айтып бергенин эле билем: ал апасын өлөр-өлгөнгө чейин караптыр жана чет өлкөгө абдан бай бир үй-бүлөгө чакырганда да апамды таштай албайм деп барбаптыр. Азыр да апасын карап жүргөн бир кемпирге жардам берет, бирок анысын эч кимге айтпайт дейт. Айкөл, ак көңүл жана сабырдуу дейт.
— Ал так ошондой, менин эски досум!- деп жиберди Лори, Мег өз сөзүнөн улам толкундап кетип токтой калганда. – Чоң атам ушундай: кишиге эч нерсе айтпай туруп эле ал жөнүндө баарын билип алат да, аны жакшы көрүшсүн деп жакшы сапатарынын баарын элге жаят. А Брук болсо эмне үчүн апаңар ага жакшы мамиле кыларын, мени менен кошо үйүңөргө чакырарын билбейт. Ал апаңарды абдан жакшы киши деп мактай берет. Эгер качандыр бир кезде кыялдарым ишке ашса, Брукка эмне кылганымды көрөсүңөр!
— Аны азыр башта да, көп кыйнаба,- деди Мег дароо.
— А мен аны эмне кылып кыйнап жатыпмын, мис?
— Мен аны үйгө келгендеги өңүнөн эле байкап коём. Эгер сен тил алып, жакшы окусаң, ыраазы болуп, тез басып келет. Сен анын ачуусуна тийген болсоң, кайгылуу болуп, жай басып, кайра барып, өз ишин кайра аткаргысы келгендей болуп келет.
— Мм, бул мага жакты! Демек, силер менин кандай баа алганымды Бруктун жүзүнөн эле билип коёт турбайсыңарбы? Силердин терезеңердин тушунан өтүп баратканда баш ийкеп, жылмайып учурашканын көрүп калчу элем, бирок мындай телеграф куруп алганыңарды билбептирмин.
— Биз эч нерсе курган жокпуз. Ачууланба жана менин айткандарымды ага айтпа. Мен болгону сага ийгилик каалай турганымы билсин дедим. Бул жерде айтылгандардын баары сыр бойдон калууга тийиш, өзүң билесиң!- деди Мег ойлонбой айткан сөзүмөн бир балээ чыкпасын деп.
— Мен ушакчы эмесмин,- деп жооп берди Лори, Жо айткандай, «керкейип». – Эгер Брук термометр болсо, анда мен этият болуп, аба ырайын карап жүрүшүм керек экен.
— Суранам, капа болбо. Мен сага насаат айтайын же ушак айтайын деген эмесмин. Болгону Жонун сөзүнө кирип, кийин катуу өкүнүп калбасын дедим. Биз сени бир тууганыбыздай көрөбүз жана оюбуздун баарын ачык айта беребиз. Кечирип кой. – Мег бир жагынан тартынып, бир жагынан жакшы көрүп колун сунду.
Кыжыры келип кеткенине уялган Лори кичинекей назик колду кысты да, чын дилинен айтты:
— Мен силерден кечирим сурашым керек. Бүгүн эмнегедир сиркем суу көтөрбөй турат. Кемчиликтеримди бетиме айтып, бир туугандай мамиле кылганыңар мага абдан жагат, ошондуктан кээде күңкүлдөп койсом, кечирип койгула. Мен силерге баары бир абдан ыраазымын.
Анан таарынбаганын далилдеш үчүн болушунча кич пейил болгонго аракет кылды: Мегдин жибин жандырып, Жого китеп окуп берди, Бесске тобурчак түшүрүп берип, Эмиге папоротниктерди тартканга жардамдашты. Ошентип, «Эмгекчил аарылар коомунун» татыктуу мүчөсү экенин көрсөттү. Таш бакалардын (бул сонун жаныбарлардын бири дарыядан дөбөнү көздөй келатыптыр) үй-бүлөлүк адаттары жөнүндө талкуу кызуу жүрүп жатканда, алыстан чыккан коңгуроонун үнү Ханнанын чай койгонун жана кечки тамакка жетип баргыдай гана убакыт калганын билдирди.
— Мен дагы келсем болобу?- деп сурады Лори.
— Ооба, жакшы жүрсөң жана даярдоо классынын окуучуларына айтышкандай, китебиңди сүйсөң,- деп жооп берди Мег жылмайып.
— Аракет кылам.
— Келсең, мен сага токуганды үйрөтөм, шотландиялык эркектер токуйт турбайбы,- деди Жо, калитканын жанынан коштошуп жатып. – Байпактар азыр абдан керек,- деп кошумчалады ал, көк байпакты желектей булгалап.
Ошол күнү күүгүмдө Бесс мистер Лоренске пианино ойноп берип жатканда, көшөгөнүн артында дайыма жанын жай алдыра турган «Кичинекей Дэвид» аттуу жөнөкөй мелодияны тыңдап турган Лори чоң атасын да карап турду. Ал аппак башын колуна таяп, чарчап калган сүйүктүү кызын эстеп отурду. Анан токойдогу сөз эсине түшүп, өзүнө өзү өрөпкүп сөз берди: «Кыялдагы сепил эмне болсо ошол болсун, мен чоң атам менен калам, мен ага керекмин, анын менден башка эч кимиси жок».
ОН ТӨРТҮНЧҮ БАП
СЫРЛАР
Октябрь күндөрү суук тартып, кечки убакыт кыскарды жана Жо бош убактысынын көбүн чердакта өткөрө турган болду. Бийик терезеден эки-үч саат мемиреген күн тийип, эски диванда жазып отурган Жону жылытат. Кагаздар алдындагы сандыктын үстүндө жайылып жатат, ал эми Скребл, бакма келемиш, мурутуна сыймыктанган улуу баласын ээрчитип алып, ары-бери жүгүрөт.
Өз ишине баш-оту менен кирген Жо шашып жазып отуруп, акыры соңку барактын аягына чыкты да, анан аягына атын жазып, калемин ыргытп жиберип, мындай деди:
— Мына, колумдан келгенин кылдым! Эгер бул басканга жарабаса, анда жакшыраак жазганды үйрөнгөнчө күтө туруш керек.
Ал диванга чалкалай отуруп, жазгандарын кунт коюп окуп чыкты, кээ бир жерлерин белгилеп, кичинекей шарга окшогон көптөгөн белгилерди койду, анан жакшынакай кызыл лента менен таңды да аны карап ойлонуп отуруп калды. Дубалга асылган эски калай ашкана кутусу Жо үчүн шкафтын милдетин аткарып, анда кагаздар, китептер сакталып турчу, болбосо адабиятты сүйгөн Скребл барактарды таратып иймек. Ошол калай кутудан экинчи кол жазманы алып чыкты да, экөөнү тең чөнтөгүнө салып, калемди кемирип, сыянын даамын татып көрсүн үчүн досторуна калтырып акырын ылдый түштү.
Шляпасы менен жакетин шыбыш чыгарбай кийип, крыльцонун чатырына чыкчу арткы терезеге барды да, ал жак менен жерге түшүп, айланып жолго чыкты. Эми көңүлү жайланып, өтүп бараткан омнибусту токтотту да, шаарга жөнөп кетти.
Эгер бирөө байкап турган болсо, ага абдан таң калмак, анткени ал түшкөндөн кийин эл көп көчөлөрдүн бириндеги үйгө жеткенче шыпылдап тез басып барды да, бир аз кыйынчылык менен керектүү эшикти таап, ичкери кирди да, ыплас тепкичти карап бир аз турган соң, кайра эшикке атып чыкты. Ал мунусун бир нече жолу кайталады, ал эми маңдайдагы үйдүн терезесиндеги креслодо отурган кара көз жигит муну ыраазы болуп карап отурду. Жо үчүнчү жолу кайрылып келди да, кайраттанып, шляпасын көзүнө түшүрө кийип, тепкич менен жогору жөнөп калды.
Жо кирген эшиктин алдында тиш доктурдун да рекламасы бар эле. Жанагы жигит аппак тиштерге элдин көңүлүн буруп ачылып жабылып жаткан жасалма жаактарды карады да, пальтосун кийип, шляпасын алды да, ылдый түшүп баратып өзүнчө бирдеме деп күбүрөдү:
— Жалгыз келгенин карасаң! Эгер кыйналса, үйгө жеткире турган бирөө керек да.
Он мүнөттөн кийин кызарып-татарган Жо ылдый түштү, анын өңү азыр эле кыйноо көргөн кишиникиндей болуп турду. Тиги жигитти көрүп, жылмайбастан баш ийкеп гана өтүп кетти, бирок тигил артынан келип боор ооругандай сурады:
— Оорудубу?
— Анча деле эмес.
— Тез эле чыктың го.
— Ооба.
— Эмне үчүн жалгыз келдиң?
— Эч ким билбесин дедим.
— Кызык экенсиң! Канчоону алдырдың?
Жо досуна эмнени айтып жатканын түшүнбөгөндөй карады да, анан каткырып күлүп ийди.
— Жулдургум келген эки тишим бар, бирок эки жума күтүшүм керек.
— Эмнеге күлүп атасың? Сен бир нерсе кылганы турат окшосуң, Жо,- деди Лори кызыгып.
— Сен дагы. Сиз бильярдканада эмне кылып жүрдүңүз эле, сэр?
— Кечирип коёсуз, мэм, ал жер бильярдкана эмес, гимнастика залы, мен ал жерден фехтования сабагын алам.
— Абдан кубандым.
— Эмнеге?
— «Гамлетти» койгондо, сен мага үйрөтөсүң. Сен Лаэрт болосуң да, экөөбүз шпага менен чабышабыз.
Лори жаш балдардай болуп чын дилинен каткырды эле өтүп бараткандардан бир-экөө да аргасыздан жылмайышты.
— «Гамлетти» койсок да, койбосок да мен сени үйрөтөм. Кылыч чабыш – абдан жакшы оюн, бүкүрөйгөндөн да кутуласың. Бирок сенин ушул үчүн эле «абдан кубанычтуумун» деп айтканыңа ишенбей турам. Ушундайбы, айтсаң?
— Мен сенин бильярдканада болбогонуна кубандым жана эч качан андай жерлерге барбайт деп ишенем. Сен барбайсың да?
— Барам, бирок кээде гана.
— Мен сенин барбашыңды каалар элем.
— Анын жаман эч нерсеси жок, Жо. Үйдө да бильярд бар, бирок жакшы өнөктөрсүз ойногон кызыксыз. Бильярдды жакшы көргөндүктөн, кээде Нед Моффатка же башка бирөөгө барып ойнойм.
— О кудай, сенин барганыңа капа болуп турам, анткени андай нерселер барган сайын кызыктыра берет да, акча менен убакытты бошко кетирип, аягында мен жаман көргөн көйрөңдөргө окшоп каласың. А мен болсо сени сый-урматка ээ болуп, достордун сыймыгы болот деп ишенчү элем,- деди Жо башын чайкап.
— Сый-урматка ээ болгон адам деле кээде көңүл ачса болот да?- деди Лори бир аз капа болуп.
— Бардыгы кайда жана кантип көңүл ачканына жараша болот. Мага Нед жана анын компаниясы жакпайт, мен сенин алардан алыс болушуңду каалар элем. Ал конокко келем дегенде да апам уруксат бербей койгон. Эгер сен да ага окшоп калсаң, апам биздин дос болуп, азыркыдай ойноп жүрүшүбүзгө уруксат бербей коёт.
— Макул болбойбу?- деп сурады Лори чрчулап.
— Жок, апамдын андай сылаңкороздорду көрөйүн деген көзү жок, алар менен сүйлөштүргөндөн көрө жашырып коёт.
— Жашыргандын кереги жок. Мен андайлардан эмесмин жана андай болгум да келбейт, бирок көңүл ачканды жакшы көрөм. Сен деле жакшы көрөсүң да, чынбы?
— Жакшы көрөм, эч ким ага каршы да эмес, бирок сен тигилердей болбо, макулбу? Болбосо азыркы кубанычтардын баары бүтөт.
— Мен чыныгы периште болом.
— Периштелерди жаман көрөм. Жөн эле чынчыл, жөнөкөй, ак ниет бала болсоң, биз дайыма сени менен болобуз. Сен мистер Кингдин баласындай болсоң, билбейм эмне кылат элек. Анын акчасы көп, кайда жумшарын билбей, ичет, карта ойнойт, үйдөн качып кетет. Менимче, ал атасынын атын да унутуп калат. Иши кылса киши кылбаганды кылат.
— Сен мени ошондой кылышы мүмкүн деп ойлойсуңбу? Чоң ыракмат.
— Жок, андай деп ойлобойм, о кудай, албетте, жок. Бирок акча деген абдан азгырма нерсе дегенди уккамын. Кээде мен сенин кедей болушуңду каалап кетем, анда сенден мынчалык кыжалат болмок эмесмин.
— Сен мени ойлоносуңбу, Жо?
— Бир аз, кээде кабагың бүркөлүп калганда. Сенин катуусуң, эгер бир жолу адашсаң, сени токтотуш кыйын болот го деп корком.
Лори бир азга унчукпай калды. Жо аны карап, жанагы сөздөрдү айтпай эле койбой деп өкүнүп калды, анткени эриндери бир аз жылмайгансыганы менен көздөрүнөн жини келе түшкөнү байкалып турат.
— Сен жетер жеткенче мага насаат окуйсуңбу,- деп сурады анан ал.
— Албетте, жок. Эмне болду?
— Эгер ошондой болсо, омнибуска түшөйүн, андай болбосо, кетип баратып бир абдан кызыктуу нерсени айтып берейин дедим эле.
— Башка насаат айтпайм, жаңылык уккум келет.
— Абдан жакшы, анда кеттик. Бирок бул жашыруун сыр, мен айтып бергенден кийин сен өзүңкүн айтып беришиң керек.
— Менин эч кандай сырым жок,- деп баштаган Жо андай эмес экенин ойлоп унчукпай калды.
— Бар экенин билесиң да! Сен эч нерсени жашыра албайсың! Айт, болбосо мен да айтпайм,- деп ийди Лори.
— А сеники чыныгы сырбы?
— Болгондо да кандай дейсиң! Сен билген кишилер жөнүндө. Абдан күлкүлүү! Сен угушуң керек, мен өзүм да сага айткым келип жүргөн. Кана, кезек сенде.
— Бирок сен үйдө эч нерсе айтпа, макулбу?
— Бир сөз да айтпайм.
— Экөөбүз болгондо мени шылдындабайсыңбы?
— Эч качан шылдыңдабайм.
— Шылдындайсың. Сен ар кандай нерсени айттырып аласың. Кандай кыласың билбейм, бирок сен тубаса айттыргычсың.
— Ыракмат. Айта бер.
— Мен «Каалгыган бүркүт» гезитинин редакторуна эки аңгеме калтырып келатам, ал кийинки жумада жообун бермек болду,- деп шыбырады Жо ишенген кишисинин кулагына.
— Жашасын мисс Марч, атактуу америкалык жазуучу!- деп кыйкырып жиберди Лори, шляпасын көккө ыргытып. Анан эки өрдөктү, төрт мышыкты, беш тоокту жана жолдун боюндагы беш-алты ирландиялык баланы ыраазы кылып шляпасын кайра тутуп алды.
— Акырын! Балким, мындан эч нерсе деле чыкпайттыр, бирок берип көрбөсөм, жаным жай алгыдай эмес. Үйдөгүлөргө эч нерсе айткан жокмун, анткени алардын көңүлүн калтыргым келбейт.
— Ийгилик болбой койбойт, Жо. Сенин аңгемелериң жанагы гезиттерге күндө чыгып аткан немелерге караганда — Шекспирдин чыгармалары. Сенин чыгармаларың жарыяланып калса, кандай сонун болор эле. Анда биз баарыбыз жазуучубуз менен сыймыктанмакпыз.
Жонун көздөрү жайнай түштү: сага ишенишсе, дайыма жагымдуу, ал эми досуңдун мактаганы гезит макалаларынан да жакшы да.
— А сенин сырыңчы? Алдабай ойно, Тедди, болбосо мен сага ишенбей калам,- деди ал Лоринин сөзүнөн улам дүрт эте түшкөн үмүт отун басаңдаткысы келип.
— Сага айта турган нерселерден жаман болушу мүмкүн. Бирок эми сөз бергенден кийин айтайын, анткени сени менен бөлүшпөсөм, өзүмүн да жаным жай алгыдай эмес. Мен Мегдин мээлейи кайда экенин билем!
— Ушул элеби?- деди Жо алымсынбай. Лори баш ийкеди, анын көздөрү жайнап, өңү сырдуу болуп турду.
— Ушул эле, бирок кандай. Кайда экенин айтсам, сен да макул болосуң.
— Айт анда.
Лори эңкейип, Жонун кулагына үч сөздү шыбырады эле, таң каларлык өзгөрүү болду: ал тык токтоп, бир азга таң калып, бир жагы нааразы болуп карап калды да, кадамын улап, дароо сурады:
— Сен кайдан билесиң?
— Көрдүм.
— Кайдан?
— Чөнтөгүнөн.
— Ошондон бериби?
— Ооба, романтикалуу бекен?
— Жок, жийиркеничтүү.
— Сага жаккан жокпу?
— Албетте, жок. Бул абдан жаман нерсе, мындай кылганга болбойт. кандай жаман! Мег укса эмне дейт?
— Сен эч кимге айтпайсың, эсиңде болсун.
— Мен убада берген эмесмин.
— Мен сага ишенип айтпадымбы.
— Болуптур, айтпайм. Азырынча. Мындай жаман нерсени мага айтпай эле койсоң болмок.
— Мен сени сүйүнөт го деп ойлогом.
— Бирөө келип, Мегди алып кетеринеби? Жок, сүйүнбөйм, ыраакмат.
— Сен муну бирөө өзүңдү алып кетейин деп келгенде түшүнөсүң.
— Ошентип көрсүнчү,- деди Жо жини келип.
— Мен да көрсөм болот эле!- Анан Лори каткырып күлүп ийди.
— Мага сенин сырыңды уккан болбойт ойшойт. Сен жанагыны айткандан кийин башым айланып калды,- деди Жо.
— Кел, дөбөдөн ылдый жарышып чуркайбыз, дароо жакшы болуп каласың,- деп сунуш кылды Жо.
Айлана ээн болуп, дөбөдөн ылдый кеткен жол азыгырып тургандыктан, Жо сызган бойдон жөнөдү. Шляпасы, тарагы, шпилькалары жолдо түшүп калды. Лори марага биринчи болуп жетти да, өзүнүн дарылоо методуна ыраазы болуп калды, анткени анын Аталантасы энтигип, чачтары жайылып, көздөрү жайнап, бети нурданып келди.
— Ат болсом жакшы болмок, анда ушундай таза абада тынбай чуркап, эч качан энтикмек эмесмин. Абдан сонун болду, бирок мен эми эмнеге окшоп калдым? Буюмдарымды чогултуп келчи, сен менин досумсуң го,- деп өтүндү Жо, кыпкызы жалбырактар төшөлүп жаткан клёндун түбүнө отуруп.
Лори жоголгон нерселерди таап келгени кеткенден кийин Жо чачын түйүп, өзүмү иретке келтирип алганча эч ким өтө койбос деп күтүп отуруп калды. Бирок бирөө пайда болду, болгондо да Мег экен, конокко баргандыктан, татынакай болуп жасанып алыптыр.
— О кудай, сен бул жерде эмне кылып отурасың?- деп сурады тарбиялуу лединин сабыры менен саксайган сиңдисин карап.
— Жалбырак чогултуп,- деп жооп берди Жо, азыр эле тагынган кызыл жалбырактарын тиктеп.
— Мына шпилькалар,- деди Лори аларды Жого берип. – Алар тарак жана күрөң шляпа сыяктуу эле жол жээгинде өсөт экен, Мег.
— Сен жүгүргөн турбайсыңбы, Жо! кантип ушундай болсун! Мындай шоктугуңду качан коёсун деги?- деп урушту Мег, манжеттерин оңдоп, чачын сылап жатып.
— Карып, отурсам тура албай, турсам отура албай, балдак таянып калганда эле болбосо, эч качан. Мени маалынан эрте чоңойтпо, Мег. Сенин өзгөргөнүң деле жетишет, мен кичинекей бойдон эле жүрөйүнчү.
Жо ушуну айтып, эриндеринин титирегенин көрсөтпөш үчүн жалбырактарды карап калды. Соңку кездерде Маргарет аялга айланып баратканын сезип жүрчү, ал эми бүгүн Лори айткан сырдан улам жакында ажырашарын туюп ого бетер коркуп калды. Лори анын толкунданганын байкады да, сөздү башкага бурду:
— Сен мынча жасанып алып кайда бардың?
— Гардинерлерге. Салли Белла Моффаттын тоюн айтып берди. Абдан сонун болду дейт, жаш жубайлар кышында Парижде болушат экен. Элестетип көрсөң! Кандай ыракат!
— Ага ичиң күйүп турабы, Мег?- деп сурады Лори.
— Ооба.
— Абдан сүйүндүм!- деп күбүрөдү Жо, шляпасынын лентасын калтырап байлап жатып.
— Эмнеге?- деп сурады Мег, таң калып.
— Анткени сен үчүн байлык ушунчалык маанилүү болсо, анда эч качан кедейге турмушка чыкпайсың,- деп жооп берди Жо, байкап сүйлөчү дегендей жалдырап тиктеп турган Лориге карап.
— Мен эч качан жөн эле бирөөгө тийбейм,- деген Мег кериле басып үйдү көздөй жөнөп калды. Анын артынан Жо менен Лори күлүп, шыбырашып, жолдогу таштардан секирип ойноп, Мег айткандай, «жаш балдардай болуп» баратышты. Эгер жасанып албаса, Мег да кошулуп кете беле, ким билсин.
Жо бир-эки жумадай бир кызык болуп жүрдү, буга эже-сиңдилери да таң калышты. Почточу келгенде атып чыгат, мистер Брук менен жолукканда орой сүйлөшөт, кээде Мегди карап кайгыргандай карап отура берет да, анан кучактап өөп жиберет. Лори экөө ымдашып сүйлөшүп, кайдагы бир «каалгыган бүркүттү» айтып калышат, муну уккан эже-сиңдилер бул экөө акылдан бир аз айнып калды деген жыйынтыкка келишти. Ишемби күнү, Жо шаарга барып келгенден туптуура эки жума өткөндөн кийин, терезенин жанында сайма сайып отурган Мег Лори менен Жонун бакта куушуп жүргөнүн көрүп калды. Акырында Лори Жону беселкадан кармап алды да, көрүнбөй калышты, бирок ал жактан тигилердин каткырыгы, сүйлөшкөндөрү угулуп жатты.
— Бул кызды эмне кылса болот? Өзүн кыздай алып жүргөндү эч үйрөнбөс болду,- деп үшкүрдү Мег, тигилерди жактырбай.
— Үйрөнбөй эле койсун, ал абдан шайыр жана татынакай,- деди Бесс, Жо өзүнөн башка бирөө менен сырдашып жүргөнүн жашырып.
— Албетте, жакшы эмес, бирок биз аны эч качан commy la fо кыла албайбыз го деп корком,- деп кошумчалады көйнөгүнө жаңы тор тигип отурган Эми. Ушул торунан жана лента менен байланган тармал чачынан улам ал бүгүн өзүн абдан назик, сулуу сезип отурган.
Көп өтпөй эле бөлмөгө Жо кирип келди да, диванга жата кетип, бир нерсе окуп калды.
— Кызык нерсе бекен?- деп сурады Мег.
— Жок, жөн эле бир аңгеме экен,- деп жооп берди Жо, гезитти аңгеменин аты көрүнбөгөндөй кармап.
— Бизге да окуп берсең, куушуп эле ойноп жүрө бербей,- деди Эми чоңдорду туурап.
— Аңгеменин аты кандай экен?- деп сурады Бесс, Жонун гезит менен бетин жаап алганына таң калып.
— «Атаандашкан сүрөтчүлөр».
— Аты жаман эмес экен, окусаң,- деди Мег.
Тамагын жасап, терең дем алган Жо окуп кирди. Кыздар кызыгып тыңдашты. Окуя абдан романтикалуу экен, каармандардын көпчүлүгү акырында өлгөндүктөн, таасирдүү да болду.
— Мага жанагы сонун сүрөт жөнүндө айтылган жери жакты,- деди Эми Жо окуп болгондон кийин.
— А мага сүйүүсү жакты. Кызык, Виола менен Анжело – биз жакшы көргөн аттар экен, чынбы?- деди Мег жашын сүртүп, анткени сүйүү трагедиялуу аяктаган эле.
— Автору ким экен?- деп сурады Бесс.
Диктор туруп отурду да, гезитти ары коюп, кызарып-татарган жүзүн көрсөттү да, салтанаттуу түрдө толкунданып айтты:
— Силердин эжеңер.
— Сенби?- деп кыйкырган Мегдин саймасы түшүп кетти.
— Абдан жашы аңгеме экен,- деди Эми сынчыдай болуп.
— Мен билгемин! Билгемин! О, менин Жом, мен сени менен ушунчалык сыймыктанам! – Бесс чуркап келип кучактап калды да, анан кубангынан секирип-секирип ийди.
Эми алардын кандай суктанганын сурабай эле коюңуз! Мег гезитте басылып турган «мисс Марч» деген сөздөрдү окуганча караманча ишенбей турду. Эми болсо аңгеменин сүрөт жөнүндө баяндалган жерлерин талдап, кандай улантса болру жөнүндөгү кеп-кеңешин айтты, бирок каармандардын экөө тең өлүп калгандыктан, аларды ишке ашырууга мүмкүн эмес эле. Бесстин толкунданып, кубанганынан секирип ырдап ийгенин айтпай эле коёлу. Ханна кирип келди да: «Мына сага! Өмүрүмдө мындайды көргөн эмесмин!» деди таң калып, анан «биздин Жо чыгарма жазганына» абдан сыймыктанганын айтты. Миссис Марч көзүнө жаш алып, өзүн мактанчаак тоос куштай сезип турганын, гезиттин колдон колго өтүп жатканын көрүп, көркөмдөп айтканда, Марчтардын үйүнүн үстүндө «бүркүт салтанаттуу каалгып» жүргөнүн айтты!
— Бардыгын айтып берсең. Мындай идея качан пайда болду? Бул үчүн сага канча төлөштү? Атам эмне дейт болду экен? Эми Лори күлөт болуш керек!- деп жатышты алар Жону тегеректеп алышып, анткени бул бирин-бири сүйгөн адамдар үй-бүлөдөгү кичинекей кубанычты да чоң майрамга айландырып жиберишчү.
— Чурулдабагыла, кыздар, баарын айтып берем,- деп жылмайды Жо. Анан мисс Берни да «Эвелинасы» менен мен «Атаандашкан сүрөтчүлөр» менен сыймыктангандай сыймыктанды бекен деп ойлоп койду. Аңгемелерин эмне кылганын айтып бергенден кийин, Жо мындай деп кошумчалады: — Анан жообун алайын деп барсам, тигил киши эки аңгеме тең жакты, бирок биз жаңы баштаган авторлорго калем акы төлөбөйбүз, болгону чыгармасын жарыялап беребиз деп айтты. Анан аңгеме жазган жакшы практика болорун, жакшыраак жаза баштагандан кийин баары калем акы берерин да айтты. Мен эки аңгемени тең бердим, анан алар мага бүгүн гезиттин ушул номерин берип ийишиптир. Лори бактан көрүп калып, көрсөт деп туруп алды. Окуп чыккандан кийин аңгемең жакшы экен, жазганыңды уланта бер, мен кийинкилерине акча төлөгүдөй кылып берем деди. Мен ушунчалык бактылуумун, анткени кийинчерээк өзүмдү өзүм багып, силерге да жардам беришим мүмкүн.
Ушул жерге келгенде Жо туттугуп, гезит менен бетин жаап, кичинекей аңгемесине тунук жашын тамызып алды, анткени көз карандысыз болуп, сүйгөн адамдарынын мактоосуна татыктуу болуу анын эңсеген максаты болчу жана сыягы, ал биринчи кадамын таштагандай болду.
ОН БЕШИНЧИ БАП
ТЕЛЕГРАММА
— Ноябрь – жылдын эң жагымсыз айы,- деди Маргарет, бүркөө күндөрдүн биринде терезеден суукка кайыккан бакты карап туруп.
— Ошол үчүн мен дал ушул айда туулгамын,- деп кайдыгер айтып койду Жо, мурду сыя болуп калганын билбей.
— Эгер азыр абдан жагымдуу бир нерсе болсо, бул ай абдан сонун деп айтар элек,- деди Бесс баарына үмүт менен караган Бесс.
— Биздин үй-бүлөдө эч качан эч кандай жакшы нерсе болбойт,- деп жооп кайтарды сиркеси суу көтөрбөй турган Мег. – Эртеден кечке иштейбиз, эч кандай өзгөрүү жок, көңүл ачуу деген жок. Сүргүндөгүдөй эле.
— Кудай сага сабыр берсин, жаман болуп турсасың го,- деди Жо. – Байкушум десе, бир жагынан мен сага таң калбайм деле, анткени башка кыздардын жыргап жүргөнүн көрөсүң да. Каармандарыма түзгөн жагдайды сага түзүп берсем, кандай жакшы болор эле! Сен сулуусуң, мүнөзүң жа жакшы, кандайдыр бир тууганың байлыгын мураска калтыргандай кылып койсом эле иш бүтөт эле. Анда сен бай мураскор болуп калмаксың да, менменсинип жүргөндөрдү тоготпой, суз мамиле жасап, чет өлкөгө кетмексиң да, келишкен бай леди болуп кайтмаксың.
— Азыркы заманда адамдар антип мурас албайт. Эркектер иштеши керек, ал эми аялдар акчанын айынан күйөөгө тийишет. Бул дүйнөдө адилеттүүлүк деген жок,- деди Мег кайгырып.
— Он жыл эптеп чыдап турсаңар, Жо экөөбүз силерди байытабыз,- деп сөзгө кошулду бурчта ылайдан маска, чымчык жана мөмөлөрдү жасап отурган Эми.
— Жакшы ниетиңер үчүн ыракмат, бирок мен сыя менен ылайга анча ишене бербейм.
Мег улутунду да, кайрадан суукка кайыккан бакты карады. Жо үшкүрүп, столду кучактап отуруп калды, бирок Эми ылайын тынбай ийлей берди. Аркы терезенин жанында отурган Бесс жылмайып мындай деди:
— Азыр эки жагымдуу окуя болуп атат: көчөдө апам келатат жана Лори бир жакшы кабар айтчудай бакты аралап чуркап келатат.
Бир аздан кийин алар экөө тең конок бөлмөгө киришти да, апасы адатынча: «Атаңардан кат келген жокпу, кыздар?»- деп сурады. Лори да адатынча сунуш кылды:
— Экипажга түшүп сейилдеп келбейлиби? Мен бүгүн математика менен отуруп абдан чарчадым, баш сергитсемби деп турам. Күн бүркөө, бирок аба абдан сонун болуп турат. Брукту үйүнө жеткизгенче барып келели. Кеттик, Жо, сен Бесс менен барасыңбы?
— Албетте, барабыз.
— Ыракмат, мен бош эмесмин. – Мег себетин алдына жылдырып койду, анткени апасы экөө тигил жаш жигит менен көп чогуу жүргөнгө болбойт деп сүйлөшүшкөн эле.
— Биз үчөөбүз бир мүнөттөн кийин даяр болобуз!- деп кыйкырды Эми, колун жууганы чуркап баратып.
— Сизге эмне кылып жардам берсем болот, апа?- деп эркелей сурады Лори, миссис Марчка эңиле карап.
— Ыракмат, болгону эгер мүмкүн болсо, почтону карап коёсуңбу? Бизге бүгүн кат келиш керек эле, бирок почточу келбептир. Атабыз абдан так эле, сыягы, бир нерсе болгон окшойт.
— Капыстан коңгуроо кагылып, бир аздан кийин колуна кагаз кармаган Ханна кирди.
— Баягы тереграфтын кагаздарынан экен,- деди ал, телеграмманы жарылып кетип, бир балакет болчудай этият сунуп.
Миссис Марч «телеграф» деген сөздү угары менен кагазды дароо алды да, андагы эки сапты окууру менен бул кагаз ок жүрөгүнө тийгендей купкуу болуп креслого отуруп калды. Лори суу алып келгени ылдый чуркады, Мег менен Ханна чуркап барып миссис Марчты кармай калышты, Жо коркуп атып араң окуду:
МИССИС МАРЧ, КҮЙӨӨҢҮЗДҮН ООРУСУ КАТУУ. ТЕЗ КЕЛИҢИЗ. С. ХЕЙЛ. Н. ГОСПИТАЛЫ. ВАШИНГТОН.
Кыздар болгон бактысынан, жалгыз таянычынан ажырачудай коркуп, үрпөйүп апасын тегеректей калышты. Үйдө жымжырттык өкүм сүрүп, күүгүм кире түшкөндөй, дүйнө өзгөрүлүп кеткендей болду. Анан миссис Марч өзүнө келип, телеграмманы кайра окуду да, кыздарынын өмүр бою эсинен кетпей кала тургандай тон менен айтты:
— Мен дароо жөнөйм, бирок кеч болуп калышы да мүмкүн. О, балдарым, мага жардам бере көргүлө!
— Бөлмөдө бышактап ыйлаган үндөр, жубаткан, убада кылган сөздөр гана угулуп калды. Байкуш Ханна биринчи болуп өзүнө келди да, өзүдө билип билбей калгандарына үлгү көрсөттү, анткени ал үчүн жумуш бардык кайгы-капанын эң мыкты дарысы болчу.
— Ардактуу кожоюнубузду кудай сактасын! Мен көз жашымды төгө бербей, сиздин камыңызды көрөйүн, мэм,- деди ал. Анан алжапкычы менен бетин сүртүп, миссис Марчтын колун катуу кысты да, ишине кетти.
— Ханна туура айтат, ыйлаганга убакыт жок. Ыйлабагыла, алтындарым, мен да ойлоноюн.
Кыздар соорогонго аракет кылып жатышты, ал эми купкуу болуп өндөн кеткен апасы кыздарымы эмне кылам деп ойлоно баштады.
— Лори кайда?- деп сурады ал, оюн топтоп, биринчи эмне кылыш керек экендигин чечкенден кийин.
— Мындамын, мэм. Эмне кылсам болот?- деп жиберди тигил. Ал өздөрүнчө ыйлап алышсын деп коңшу бөлмөгө кирип кеткен эле.
— Дароо жөнөгөн атат деп телеграмма жөнөт. Кийинки поезд таң атпай кетет, мен ошого түшөйүн.
— Дагы эмне кылайын? Аттар даяр, кайда болсо бара берем,- деди ал баарына даяр сыяктуу.
— Марч жеңеге кат алып барып бересиң. Жо, мага кагаз менен калем берчи.
Жо жазып жаткан барагынын таза жерин айрып берди да, столду апасына карай жылдырды. Ал узак жана кайгылуу саякат үчүн акча карыз албаса болсун түшүнүп, кичине болсо да ошого жардам бергиси келип турду.
— Мына, бар эми, алтыным, абайла, өтө шашпа, анын зарылдыгы деле жок.
Миссис Марчтын эскерткени кулагынын сыртынан кеткен окшойт, беш мүнөт өтпөй эле Лори терезенин жанынан чаап өттү.
— Жо, сен менин иштеген жериме барып, миссис Кингге мени эртең келбейт деп айтып кой. Келатып мына бул мен жазгандарды ала кел. Аларды менин эсебиме жазып коюшсун. Мунун баары зарыл, анткени атаңды караганга жакшы даярданышым керек. Госпиталдарда баары эле боло бербейт. Бесс, мистер Лоренстен эки бөтөлкө жакшы шарап сурап кел. Мен атаң үчүн баарын жасайм, ал эң жакшы нерселерди алат. Эми, Ханнага айт, кара сандыкчаны алып келсин. Мег, жүр, сен мага буюмдарымды чогултканга жардам бер, болбосо башым айланып турат.
Байкуш аял бир учурда жазып, ойлонуп, буйрук берүү менен алек болуп атып кыйналып кеткендиктен, Мег аны өз бөлмөсүнө отургузуп койду да, сиңдилери менен ишке киришти. Баары шамал учурган жалбырактай чачылышып, телеграмма каардуу сыйкырчынын дубасы болгон сыяктуу бактылуу, бейкут үй күтүүсүз жерден чаң-будуң түшүп жатып калды.
Мистер Лоренс карбаластап Бесс менен кошо келди, байкуш чал оорулууга керек дегендеринин баарын көтөрө келиптир. Ал кыздарга көз салып турам деп убада кылды, муну уккан апасынын санаасы тына түштү. Ал халатынан баштап, чогуу барып келейин дегенге чейин баарын сунуш кылды. Чалдын узак сапарга чыгышын миссис Марч каалаган жок, бирок көзүнөн кыжалат болуп турганы көрүнүп турду. мистер Лоренс муну байкады да, кашын үксүйтө ойлонуп, колун укалап турду да, анан бир аздан кийин келем деп кетип калды. Аны кайра эстегенче эле бир колуна галош, бир колуна бир чөйчөк чай алып бараткан Мег кире бериштен мистер Брук менен кездеше түштү.
— Мен угуп абдан кайгырдым, мисс Марч,- деди ал көңүл жайланта турган жагымдуу үнү менен. – Азыр болсо апаңызга сизди коштоп барып келейин деп сунуш кылганы келдим. Мистер Лоренс мени бир тапшырма менен Вашингтонго жөнөтүп жатат, эгер пайдам тие турган болсо, кубанар элем.
— Мег ушундай болуп колун сунганда, галош түшүп кетти, чай да аз жерден калды. Мистер Брук да буга катуу таасирленди жана ал мындан да чоң кызмат кылууга даяр эле.
— Силер баарыңар кандай жакшысыңар! Апам макул болот деп ишенем, биздин да карай турган киши бар экенин билип санаабыз тынчы болот. Чоң ыракмат!
Мег апасын ойлоп абдан толкунданып сүйлөдү, анан өзүн тиктеген кой көздөрдү көрүп, чай эсине түштү да, мистер Брукту конок үйгө чакырды.
Лори Марч жеңенин катын алып кайра келгенде, баары чечилип калган эле. Марч жеңе сураган акчаны берип, дайыма айта жүргөн сөзүн катка да жазыптыр, тактап айтканда, Марчтын аскерге бекерге барганын, мунун аягы жакшы болбойт деп башынан эле айтып келатканын жана эми анын кеңешине кулак салышат го деп үмүт кыларын жазыптыр. Миссис Марч катты отко, акчаны капчыкка салып, эрдин кымтыган бойдон даярдыгын көрө берди.
Кеч киргенде бардык тапшырмалар аткарылды. Мег менен апасы керектүү нерселерди тигип, Бесс менен Эми чай ичкенге дасторкон даярдап, Ханна өзү айткандай «жан талашып» үтүктөп жатты, ал эми Жо эмнегедир кечигип атты. Баары кыжалат болуп, Лори чочулап аны издегени кетти, анткени анын эмне кылып иерин эч ким билчү эмес. Бирок экөө кайчылаш кетиптир да, Жо келип калды. Анын өңүндө күлкү да, кооптонуу да, канааттануу менен өкүнүү да бар эле. Бардыгы аны көрүп бир таң калса, апасынын алдына койгон акчаны көрүп андан бешбетер таң калышты.
— Бул менин атамды айыктырып алып келгенге кошкон салымым!
— Алтыным, муну сен кайдан алдың? Жыйырма беш доллар! Жо, сен бейчеки эч нерсе кылган жоксуңбу?
— Жок, бул мага тиешелүү нерсе. Мен тилемчилик кылган жокмун, карыз алган жокмун, уурдаган да жокмун. Силер жаман ойлобогула, мен өзүмө тиешелүү нерсени гана саттым.
Жо ушул сөздү айтып шляпасын алды. Бардыгы кыйкырып ийишти, анткени ал чачын алдырып таштаптыр.
— Сенин чачың! Сенин сонун чачың!
— О, Жо, кантип ушуну кылдың? Сенин сулуулугуң ошол эмес беле!
— Кызым, мунун эч кандай кереги жок эле да.
— Бул менин Жомо окшош эмес, бирок бул кылганы үчүн мен аны мурункудан да катуураак сүйөм.
— Ыйлактаба, Бесс, улуттун тагдырына бул эч кандай таасир этпейт. Менменсигендиктен кутулууга да жардам берет, болбосо чачыма өтө эле манчыркап кеткемин. Мээге да пайдалуу, башым жеңилдеп, сергип калды. Чачтарач чачың жакында жаш балдардыкындай сонун болуп калат деди. Тарайм деп убара да болбойсуң дейт. Өзүм да абдан ыраазымын, келгиле андан көрө тамак ичели.
— Мага айтып бер, Жо. Мен ыраазы эмесмин, бирок сени күнөөлөй албайм, анткени атаңды сүйүүдөн улам «манчыркаганды» жеңгениңди билем. Бирок, алтыным, мунун анча деле зарылдыгы жок болчу, өзүң да өкүнүп каласыңбы деп корком,- деди миссис Марч.
— Жок, өкүнбөйм,- деп чечкиндүү айтты Жо. Бардыгы бир ооздон айыптабаганын көрүп жеңилдей түштү.
— Сага эмне түрткү болду?- деп сурады тармал чачынан көрө башынан айрылганды артык көргөн Эми.
— Мен атам үчүн бир нерсе жасагым келди,- деп жооп берди Жо, бардыгы тамакка отургандан кийин. Жаштар кандай болсо да тамактан баш тартпайт эмеспи. – Апамын акча карыз алып жатканын көрүп кыйналдым, анткени Марч жеңеден бир тыйын карыз сурасаң да, наалып жатып араң берет, муну мен жакшы билем. Мег үч айлык маянасын үйдүн акысына төлөдү, а мен болсо кийим алып алгандыктан, өзүмдү өзүм жек көрүп жүргөмүн. Мен акча табыш үчүн мурдумду да сатмакмын.
— Антип өзүңдү жек көрбө, кызым, кышка кийимиң жок болгондуктан өз мээнетиң менен тапкан акчаңа эң зарылын сатып алдың да,- деп миссис Марч Жону жубатты.
— Адегенде чачымды сатайын деп ойлогон да эмесмин, бирок көчөдө баратып да ойлоно бердим, ал турсун бир бай дүкөндү тоносомбу деген да ой келди. Анан бир парикмахердин терезесинен чачтардын үлгүлөрүн баасы менен көрүп калдым. Меникиндей чачтар кырк доллар турат экен. Ошондо акча тапсам болот турбайбы деген ой келди. Дароо кирдим да, менин чачымды канчага аласыңар деп сурадым.
— Кантип корккон жоксуң?- деп сурады Бесс коркуп.
— Анда бир кичинекей киши бар экен, ал чачы менен эле алек болот окшойт. Ал мага чачын сунуш кылган кызды биринчи жолу көрүп жаткандай карады. Анан менин чачым керек эмес экенин, мындай чачтар модадан чыкканын, чачты алган күндө да арзан аларын, анткени көп иш талап кыларын айтып кирди. Кеч болуп бараткандыктан, чачты азыр сатып жибербесем, кийин кеч болорун билдим. Мени билесиңер, бир нерсени баштасам, аягына чыкмайынча койбойм. Мен ага жалдырап, эмне үчүн сатып атканымды да айтып бердим. Балким, бул келесоолуктур, бирок баары бир жардам берди: анын аялы мени тыңдап туруп аягында: «Чачын ал, Томас, кызга жардам берип кой. Мен да биздин Жимми үчүн керек болсо акыркы бир тутам чачымды берер элем»,- деди.
— Жимми деген ким экен?- деп сурады баарын сурамжылай берчү Эми.
— Ал уулу экен, азыр аскердей дейт. Ушундай нерселер бейтааныш адамдарды да жакындаштырып коёт турбайбы. Күйөөсү чачымды алып бүткөнчө, ар нерселерди айтып алаксытып турду.
— Ала баштаганда корксоң керек,- деди Мег калтырап.
— Тиги киши инструментин алып чыкканда, чачымды акыркы жолу карадым, ошону менен бүттү. Мен мындай майда-чүйдө нерселерге эч качан кайгырбайм. Бирок жашырган менен болобу, столдон тааныш чачтарды көргөндө бир кызыктай сезимдер болду. Колумдан же бутумдан айрылгандай эле болду. Аял мени түшүндү окшойт, эң узун бир тутамды эстеликке берди. Мен аны сага берейин, апа, көргөндө менин мурунку узун чачымды эстей жүрөсүң. Мындан кийин мындай узун жалды өстүрбөйт деле болушум керек, анткени кыска чач абдан ыңгайлуу болот экен.
Миссис Марч бир тутам тармал чачты алды да, дагы бир ак, кыска чач жаткан столуна катып койду. Ал «Ыракмат, алтыным» деп гана койду, бирок өңү бузула түшкөндүктөн кызлар сөздү башкага буруп, мистер Бруктун ак көңүлдүгү, эртең аба ырайы жакшы боло тургандыгы, атасы келгенде кандай жакшы болору жана аны кантип караша тургандыгы жөнүндө сүйлөшүп калышты.
Саат ондордо миссис Марч акыркы нерсесин тигип бүтүп, «Эми жаталы, кыздар»,- деп айтканча эч кимдин уктагысы келген жок. Бесс фортепьяносуна отуруп, атасынын жакшы көргөн псаломун ойноп кирди. Адегенде көңүлдүү башташканы менен бара-бара муңдуу тартып, акырында чыдай албай ыйлап ийишти жана бир гана Бесс жалгыз ырдап калды, анткени ал үчүн музыка дайым көңүл жубатар нерсе болчу.
— Эми барып сүйлөшүп жата бербей уктагыла. Эртең эрте турушубуз керек, уйкуну кандыргыла. Жакшы түш көрүп жаткыла, алтындарым,- деди миссис Марч псалом бүткөндөн кийин, анткени башка эч ким ырдагысы келген жок.
Коңшу бөлмөдө жакын бирөө ооруп жаткандай унчукпай өбүшүштү да, уктаганы жөнөштү. Көп өтпөй эле Бесс менен Эми уктап калышты, Мег уктай албай жатты жана мындан мурун келбеген олттуу ойлор келе берди. Жо былк этпей жаткандыктан уктап калды го деп ойлогон, бирок бир маалда булкулдап акырын ыйлап жатканын укту.
— Жо, алтыным, эмне болду? Атама ыйлап атасыңбы?
— Жок, ага эмес.
— Анда эмнеге?
— Өзүмүн… чачыма!- деп жаздыкты тиштеп жаткан Жо жарылып кетти.
Сиңдисин кучактап өөп, эркелеткен Мег үчүн бул тамашадай туюлган жок.
— Мен өкүнгөн жокмун,- деди ал үшкүрүп. Эгер керек болсо, эртең да ушуну жасамакмын. Менин ичимдеги өзүмчүлдүгүм жиндидей болуп ыйлап атат. Эч кимге айтпа, эми ыйлабайм. Мен сени уктап калды го деп ойлоп, кичине бугумду чыгарып алайын дегем. Сен эмнеге уктабай жатасың?
— Кыжалат болуп уйкум келбей атат,- деди Мег.
— Жагымдуу нерселерди ойлосоң, уктап кетесиң.
— Аракет кылдым, бирок уйкум биротоло качып кетти.
— Эмнени ойлодуң эле?
— Сулуу өңдөрдү… өзгөчө көздөрдү,- деп жооп берди Мег, караңгыда жылмайып.
— Сага кандайлары жагат?
— Кой көздөр… кээде көк көздөр.
Жо күлүп ийгендиктен, Мег эч кимге айтпа деп урушту, анан эртең чачыңды жакшынакай кылып жасап берем деп убада берди да, уйкуга кетти.
Саат он экини кагып түн жарымы болгондо, аппак кийимчен бирөө төшөктөн төшөккө барып, жаздыктарды оңдоп, жууркандарды кайра жаап, уктап жаткандардын ар бирин узакка мээримин төгө тиктеп, беттеринен өөп, энелерден гана чыга турган тилегин үн-сөзсүз тилеп жүрдү. Парданы акырын ачса, капыстан булут баскан ай чыга калды да, жарык чачып: «Камтама болбо, алтыным! Булуттун артында дайыма жарык бар»,- деп шыбырагандай болду.
ОН АЛТЫНЧЫ БАП
КАТТАР
Бозоргон суук таң атты. Эже-сиңдилер лампаны күйгүзүшүп, кичинекей китепчелеринен бир бапты мурун болбогондой олуттуу окушту, анткени чыныгы кырсыктын көлөкөсү басып турганда, бул китепчелер кайраттандырып, көңүл жубатар нерсе болмок. Кыздар кийинип жатып алыс жолго чыгып бараткан апабызды ыйлап-сыктабай жакшы узаталы деп сүйлөшүштү. Ылдый түшүшкөндө, сырт күүгүмдөнүп кыймылсыз тургандай, үйдүн ичи болсо адаттан тыш жарык, ызы-чуудай сезилди. Мындай эрте чай ичүү кызыктай сеилип, ал турсун түнкү чепчикчен ары-бери жүгүп жүргөн Ханнанын өңү да таң каларлыктай туюлду. Кире бериште апасынын чемоданы турат, диванда плащы менен шляпасы жатат, өзү болсо чай ичимиш болуп отурат, бирок уйкудан калганга өңү купкуу болуп тургандыктан, жанагы убадага туруш кыйын болуп атты. Мегдин көзү эмнегедир өзүнөн өзү жашка толуп, Жо чайнекке жашына калып атты, кичинекейлер болсо үрпөйүп отурушат. Көп сүйлөгөн киши болгон жок, бирок экипаж күтүп отурганда, миссис Марч бири жоолугун бүктөп, бири шляпасынын тасмасын үтүктөп, үчүнчүсү бутун кийгизип, төртүнчүсү чемоданын жаап жаткан кыздарына мындай деди:
— Балдарым, мен силерди Ханна менен мистер Лоренске таштап кетип баратам. Ханна – абдан берилген ишенимдүү киши, ал эми биздин ак көңүл кошунабыз силерди өз баласындай карайт. Мен силерди ойлоп коркпойм, бирок бул кырсыкты туура кабыл алгыла. Мен жокто кайгырып капаланбагыла, бирок көңүл ачсак, унутулуп калат деп да ойлобогула. Үмүтүңөрдү үзбөй иштей бергиле жана эч качан атасыз калат экенбиз деп ойлобогула.
— Жарайт, апа.
— Мег, алтыным, этият болуп, сиңдилериңе көз сал, Ханна менен кеңешип иш кыл, эгер бир нерседен кыйналсаң, мистер Лоренске кайрыл. Жо, сен сабырдуу бол, ойлонбой туруп бир нерселерди жасаба. Кат жазып тур, мен сага ишенем. Бесс, музыка менен өзүңдү алаксыт, өзүңдүн кичинекей милдеттериңди унутпа, а сен болсо, Эми, колуңдан келишинче эжелериңе жардам берип, тилин алып, үйдөгү тынчтыкты сакта.
— Сөзсүз, апа! Сөзсүз!
Келаткан экипаждын үнү угулуп, баары кулак түрүп калышты. Бул абдан оор учур эле, бирок кыздар өздөрүн кармашты: бирөө да ыйлаган жок, жүрөгү сыздап турган менен бирөө да билдирген жок. Атасына салам айтып жатышканда, балким, кеч болуп калгандыр деген жаман ой баарына келди. Алар апасын кучактап өөп, мүмкүн болушунча көңүлдүү кол булгалаганга аракет кылышты.
Лори чоң атасы экөө коштошкону келишти жана мистер Брукс ушунчалык күчтүү, акылдуу жана ак көңүл болуп чыккандыктан, кыздар аны «Айкөл мистер» деп атап алышты.
— Жакшы калгыла, алтындарым! Баарыңарды кудайга тапшырдым!- деп шыбырады миссис Марч кыздарынын биринен сала бирин өөп жатып. Анан шашкан бойдон экипажга отурду.
Экипаж узай түшкөндө, булуттардын арасынан күн чыкты. Апасы кайрылып карап, жакшы белги көргөндөй болду: дарбазанын оозунда турган кичинекей топко күн нуру жаркырап тийип туруптур. Алар да муну байкашты окшойт, кол булгалап ийишти. Экипаж бурула берерде төрт кызды, анан ишенимдүү сакчылардай болуп алардын артында турушкан мистер Лоренсти, Ханнаны жана Лорини көрдү.
— Кандай жакшы адамдар!- деди ал бурулуп, мистер Бруктун оюн билгиси келгендей.
— Сизге жаман мамиле кылыш мүмкүн эмес!- деп жооп берген жаш жигит каткырып күлдү эле, миссис Марч да буга жылмайбай коё алган жок. Ошентип, узак сапар жакшы белги – күн, жылмаюу жана тамаша сөздөр менен башталды.
— Мага жер титирөө болгондой сезилип атат,- деди Жо, кошуналар тамактанганы кетип, өздөрү жалгыз калганда.
— Үйдүн жарымы кеткендей болуп калды,- деп кошумчалады Мег ындыны өчүп.
Бесс оозун ачып, бирдеме дейин деп барып, анан апасынын столунун үстүндө жаткан жамалуу байпактарды гана көрсөттү: байкуш апасы кетип баратып да аларды ойлоп, алар үчүн иштеп кетиптир. Бул, албетте, майда-чүйдө нерсе, бирок ал ар биринин жүрөгүн сыздатып ийди жана алар кайраттуу бололу дегенине карабай буркурап ыйлап ийишти.
Акылдуу Ханна бугун чыгарып алышсын деп бир аз күтүп турду да, анан кофе алып келди.
— Мына эми, алтындарым, апаңардын айткандарын унутпагыла жана кыжалат болбогула. Келгиле, бир чөйчөктөн кофе ичели да, ишке киришели жана үй-бүлөнүн атына шек келтирбейли.
Кофе бул үйдө сейрек ичилчү сый тамак болгондуктан, Ханна муну атайын кайнатты. Анын сөзүнө жана кофенин жагымдуу жытына эч ким каршы боло алган жок. Столго келишип, жүзаарчыларын майлыкка алмаштырышты, анан он мүнөттөн кийин эле баары жайына келип калды.
— «Ишенүү жана эмгектенүү» — мына биздин урааныбыз. Ким муну эсине жакшы сактаарын көрөлү. Мен адаттагыдай эле Марч жеңеге барам. Ал мага бүгүн ушундай бир насаат окуйт дейсиң!- деди Жо, кофеден кичинеден ууртап жатып кайраттана.
— Мен болсо Кингдериме барам, бирок үйдө калып, чарба менен алек болгум келип турат,- деди Мег, көзүм аябай кызарып калса керек деп кыжалат болуп.
— Жөн эле кой. Биз үйдүн ишин Бесс экөөбүз эле бүтүрүп коёбуз деди,- деди Эми өзүнчө керкейимиш болуп.
— Ханна бизге эмне иш кылыш керек экенин айтып берет. Ошентип, силер келгенде баары даяр болуп калат,- деп кошумчалды Бесс, убакытты текке кетирбей идиш жуучу чара менен мочалканы алып атып.
— Менимче, толкундануу –абдан кызык нерсе,- деди Эми, кантты ойлонуп жеп жатып.
Кыздар чыдай албай күлүп ийишти да, жеңилдей түшүштү. Мег баары бир кант менен өзүн жубатып жаткан сиңдисин карап башын чайкап койду.
Жарым тегерек май токочторду көрүп, Жо олуттуу боло түштү. Мег экөө үйдөн чыккандан кийин апасы карап турчу терезени бир тиктеп коюшту. Апасы жок болгону менен Бесс үйдөгү кичинекей салтты унутпай терезеде туруптур жана кытай мандарининдей жадырап жылмайды.
— Алтыным десе!- деди Жо ыраазы болуп, анан шляпасын булгалады. – Көрүшкөнчө, Мег, Кингдер бүгүн сени тажата койбос. Атамды көп ойлоно бербе,- деп кошумчалады ал, эжеси менен коштошуп жатып.
— Марч жеңе да наалый койбос. Чачың сага сонун жарашып калат экен, түрүң да эркек баланыкындай болуп татынакай болуп турат,- деп жооп берди Мег, кичирейип кеткен тармал чач башты карап. Анан күлүп ие жаздап араң калды.
— Мени жубаткан жалгыз нерсе ушул. – Анан Лори берген чоң шляпасын оңдой, өзүн шамалдуу күнү кыркылган койдой сезип кете берди.
Атасы жөнүндөгү кабарлар кыздарды жубатып турду, анткени ал катуу ооруп жатканы менен жанында жубайынын болгону пайда берип жатыптыр. Мистер Брук күн сайын билдирүү жөнөтүп турду жана Мег үйдүн башчысы катары аларды баарына угуза окуп берип жатты. Бир жумадан кийин каттар оптимисттик маанайда келе баштады. Адегенде баары кат жазгысы келип, Вашингтонго кат жөнөтүп жатканына керсейишип, конвертти почто кутусуна этият салып жүрүштү. Ушундай конверттердин бириндеги компанияга мүнөздүү каттардын бирин окуп көрөлү.
Кымбаттуу апа!
Сенин акыркы катың бизди кандай бактылуу кылганын жазыш кыйын; жаңылыктар ушунчалык кубанычтуу болгондуктан, баарыбыз ыйлай да бердик, күлө да бердик. Мистер Брукту кудай жалгасын, анын мистер Лоренстин иши менен сенин жаныңда болуп жатканы да жакшы болду, анткени ал сага да, бизге да жардам берип жатпайбы. Кыздардын баары кыз эмес эле алтын. Жо мага тиккенге жардам берет жана оор иштердин баарын өзүм жасайм деп турат. Өтө чарчап калат деп коркмокмун, бирок анын мындай «алпейимдеги» узакка созулбайт го деп ойлойм. Бесс өз милдеттерин так аткарат жана айтылгандарды эч унутпайт. Атамы ойлоп санааркайт, көп ойлонот, пианиносуна отурганда гна жанданат. Эми тилимду угуп жүрөт жана ага көп убакыт бөлөм. Чачын өзү тарайт, мен ага токугнды жана байпак жамаганды үйрөтүп жатам. Анын аракети жакшы жана келгенде ийгиликтерин көрүп кубанасың го деп ойлойм. Мистер Лоренс бизди Жо айткандай, жумуртка баскан тооктой эле карап жүрөт. Лори да жакшы. Ал Жо экөө көңүлүбүздү ачканга аракет кылат, бирок сен жок болгондуктан, кээде аябай жетимсиреп, куса болобуз. Ханна болсо периште: эч наалыбайт, мага «мисс Маргарет» деп кайрылып, сыйлп турат. Баарыбыздын денибиз сак, иш менен алекпиз, бирок күнү-түнү сенин келишиңди тилейбиз. Атама ысык слам айт.
Сенин Мегиң
Сулуу кол менен атыр себилген кагазга жазылган бул кат жука чет элдик кагазга тартаңдата жазылып, оңдолуп-чийилген төмөндөгү каттын карама-каршысы болуп эсептелет.
Кымбаттуу апа!
Ардактуу атабыздын урматына үч кайталап «ура!» дейбиз! Брук – азамат, дароо телеграмма жиберип, атамын жакшы болуп калганын билдирди. А кат келгенде, учкан бойдон чердакка чыктым да, кудайга миң мертебе ыракмат айтып, ыйлап ийдим да, «Кандай кубаныч! Кандай кубаныч!» деп кайталай бердим. Балким, чыныгы сыйынуу ушундай болор? Анткени жүрөгүмдө ушунчалык көп сезим бар эле. Биз көп күлөбүз жана мен абдан кубанып жүрөм, анткени баары жакшы болгондуктан, үй куркулдайдын уясындай жайлуу. Мег столдун төрүнө отуруп алып, үй-бүлөнүн энеси болуп атканын көрсөң, күлүп атып бооруң эзилмек! Ал барган сайын сулуу болуп баратат, кээде тим эле ичим элжиреп кетет. Бесс менен Эми – чыныгы периштелер, а мен болсо баягы эле Жомун жана эч качан башка болбойм. О, мен сага айтышым керек, биз Лори экөөбүз урушуп кеттик. Болбогон эле бир нерседен улам сөздүн ачыгын айтсам, ал таарынып калды. Меники туура, бирок башкача айтсам болмок. Анан ал кечирим сурабасаң экинчи келбейм деп үйүнө кетип калды. Мен да жиним келип кечирим сурабайм дедим. Бул бир күнгө созулуп, аябай кыйналдым. Сен жанымда болсоң эмне. Биз Лори экөөбүз тең намыскөй болгондуктан, кечирим сурашыбыз да кыйын, бирок меники туура болгондуктан, кечирим сурап келет болуш керек деп ойлодум. Бирок ал келген жок, кеч киргенде баягы Эми сууга чөгүп кете жаздагандагы сөзүңдү эстедим. Китепчемди окуп, көңүлүм бир аз жайланган соң, көпкө таарынбайын деп чечтим. Лориден кечирим сурамак болуп баратсам, ал да менден кечирим сурайын деп келатыптыр. Экөөбүз аябай күлүп, бири-бирибизден кечирим сурагандан кийин, жаныбыз жай алып калды.
Кечээ Ханнага кир жуушуп жатып, ыр чыгардым эле. Атам менин жазгандарымды жакшы көрөт эмеспи, кошо салып жиберейин, окуп алаксысын. Аны кучактап, чалды-куйду кызың Жо үчүн он эки жолу өп.
САМЫН КӨБҮГҮНӨН ЫР
Канышамын тепшиге
Оюн салып ырдаймын!
Иш жакшысы кир жууганды
Так ырымдай сүйөмүн.
Шамал менен күнгө мен
Иш таап берем көбүнчө.
Колдон келсе атаганат
Жалкоолукту кетирсем.
А кайгылуу жүздөрдөн
Кайгысын жууп кетирсем.
Анда жерге күн келмек
Баарын жууп кетирген.
Максат эмгек болгон соң
Жан дүйнөбүз жайдары.
Иштеген акыл чын экен
Кусалыкты айдаары.
Ойлорду айдап салалы
Тазарып жатып калалы.
Сезимдер болсун жүрөктө,
Ойлор турсун каректе.
Кубанып мен колго айтам:
Милдеттүүсүң иштөөгө.
Билем мага иш керек
Пайда келер бирөөнө.
Кымбаттуу апа!
Бул катта салам айтып, анан баягы атама деп бакта өстүргөн маргариткадан бир нече кургатылганын салганга гана орун бар. Мен күн сайын эрте менен баягы китепчемди окуп, керели кечке жакшы кыз болгонго аракет кылып жүрөм. Түндөсү болсо атам акшы көргөн ырларды ырдайм. «Бейиш өлкөнү» гана ырдай албайм, анткени ырдасам эле ыйлап жиберем. Баары жакшы мамиле жасашат жана биз мүмкүн болушунча бактылуу жашаганга аракет кылып жатабыз. Эми барактын калганын мага бер деп жатат, ошондуктан ушуну менен катымды аяктайм. Шкафтар менен сандыктарды жапканды, саатты бураганды унуткан жокмун жана бөлмөлөрдү күн сайын желдетем. Атамды меники деген бетинен өөп коюңуз. Силердин тезирээк келишиңерди тилеп
Бесс.
Ma chere mamma
Биз баарыбыз жакшы жүрөбүз мен сабактардын баарын аткарып кыздар менен конфликт болуп жүрөм Мег сен компания дегенди ушинтип айтып атасың дейт экөөнү тең жаздым туурасын сиз тандаңыз. Мег мени жубатып, кыямды каалашымча жегенге уруксат берет. Жо бул пайдалуу дейт, анткени ушундан улам мүнөз оңолот имиш. Лори бир аз сылык сыпаа мамиле жасаса болмок, анткени мен деле чоңойдум да, бирок ал мени дагы эле «балапан» деп чакырат. Мен Хэтти Кингди туурап mersi или ban jour дегенде мени менен французча быдылдап сүйлөшүп иет да мен эч нерсени түшүнбөй калам. Көк көйнөгүмүн жеңи такыр жыртылып калып, Мег жамап берди алдынан жакшы эле көрүнөт, бирок көйнөктүн өзүнөн көгүрөөк. Мен каарамандык менен бардык нерсеге кыжырымы келтирбей жүрөм, бирок Ханна менин фартугумду жууганда крахмалды көбүрөөк кошушун жана күн сайын гречка ботко жасашын каалар элем. Кантип эле ошондой кылганга болбосун? Суроо белгим кандай түшүптүр? Мег сенин пунктуацияң менен орфографияң абдан жаман деп калат, бирок аны ойлонгонго менде убакыт жок. Adieu, ысык салам papa.
Кызыңар Эми кертис Марч
Кымбаттуу миссис Марч!
Мен сизге иштердин баары жакшы деп бир-эки сап жазайын дедим. Кыздардын баары азамат, бурап койгон немедей иш кылышат. Мегден жакшы үй айымы чыгат, анын буга таланты бар, баарын тез үйрөнөт. Жо алдына ат салдырбайт, баарын ыкчам жасайт, бирок ойлонбой жасагандыктан, кайсы жерден эмне кылып иерин билбейсиң. Дүйшөмбү күнү бир тепши кир жууду, бирок самынын чайкагандан мурун крахмал салып жиберип, кызыл көйнөк көгөрүп калды, өлгүдөй күлдүм. Бесстен жакшы кыз жок, ал менин ишенген жардамчым. Ал баарын үйрөнгөнгө араке кылат, кичинекей болсо да базарга барып келет, менин жардамым менен эсепти жүргүзөт. Кофени, сиз айткандай, жумасына бир жолу гана берип, кыздарды жөнөкөй, бакыбат тамактандырып жатам. Эң жакшы көйнөктөрүн кийип, таттуу жегендиктен, Эми көп таарынбайт. Мистер Лори адатынча шоктонуп жүрөт жана үйдүн ичин үч көтөрүшөт, бирок ал кыздардын көңүлүн ачкандыктан, мен да мейличи деп коём. Карыган мистер Лоренс күн сайын ар нерселерди бере берип тажатып да жиберет, бирок мен анын жакшылык гана кааларын билем жана ага бир нерсе деп айтуу менин ишим эмес. Камырым ачып калды, катымды аяктайын. Мистер Марчка салам айтыңыз. Бул өпкөсүнүн акыркы ооруганы болсун.
Сизди урматтап Ханна Мюллет.

No 2 палатанын кароочусуна
Раппаханокада баары тынч, аскерлердин абалы жакшы, интенданттык кызмат жакшы иштөөдө. Полковник Тедди жетектеген кароолчулар дайым постто, башкы кол башчы генерал Лоренс күн сайын аскерлерди кароодон өткөрөт, квартирмейстер Мюллет лагердеги тартипти сактап, майор Лев түндөсү пикетке чыгат. Вашингтондон жакшы кабар келгендиктен жыйырма төрт замбиректен салют атылып, парад болду. Башкы кол башчы жакшы каалоолорун айтат жана мен да ага чын дилимден кошулам.
полковник Тедди
Кымбаттуу миссис Марч!
Кыздар жакшы жүрүшөт, Бесс менен уулум мага күн сайын билдирүү берип турушат. Ханна – үлгү болорлук кызматчы жана татынакай Мегди ажыдаардай кайтарат. Аба ырайы жакшы болуп турганына кубанып жатам жана Бруктун жардамы тийсе экен деп тилейм. Чыгымдар ойлогондон көбүрөөк боло турган болсо, мага кайрылыңыз. Күйөөңүз толук камсыз болгондой болсун. Кудайга шүгүр, ал айыгып баратыптыр.
Сиздин ишенимдүү досуңуз жана кызматчыңыз Жеймс Лоренс
ОН ЖЕТИНЧИ БАП
«КИЧИНЕКЕЙ АК НИЕТТҮҮЛҮК»
Биринчи жумада Марчтардын эски үйүндөгү жакшы сапаттар бүт аймакка ашыгы менен жетчүдөй болуп турду. Бул чынында эле таң кала турган көрүнүш эле, анткени бардыгынын маанайы башкача болуп, өзүн курмандыкка чалуу мода болду. Бирок атасынан көңүлү жайлана түшкөн кыздардын мурунку аракети начарлап, мурунку адаттары кайра пайда боло баштады. Алар «ишенүү жана эмгектенүү» деген ураанын унутушпаганы менен эс алуу – биз толук татыктуу болгон сыйлык деген сезим пайда болуп, көбүрөөк эс ала турган болушту.
Жо чачы алынган башына жылуу баш кийим кийип жүрбөгөндүктөн, суук тийип, ооруп калды жана кырылдаган үн менен китеп окуп бергенди жаман көргөн Марч жеңе айыкканча үйдө жат деп буюрду. Жо сүйүнүп, чердактан жертөлөгө чейин издеп жүрүп, акырында дивандан жай тапты да, оорусун мышьяк жана китептер менен дарылай баштады. Эми үйдөгү милдеттер менен искусство бири-бирине шайкеш келбейт экен деп чечти да, ылайдан фигура жасоо өнөрүнө өттү. Мег балдарды караганы күндө барат да, үйдө тигип же ойлонуп отурат, бирок убактысынын көбүн апасына узун каттарды жазып же Вашингтондон келген каттарды кайра-кайра окуу менен өткөрөт. Кээде гана эс алганы болбосо, Бесс гана мурункусундай иштей берди. Ал ар күнү өзүнүн кичинекей милдеттерин так аткарып, эже-сиңдилеринин унутуп калган иштерин да жасап койчу. Ал апасын сагынып куса болгондо же атасын ойлоп корккондо, гардеробго барып, апасынын эски көйнөгүнө башын катып булкулдап алчу же кудайга сыйынчу. Анын кантип кайраттанып каларын эч ким билчу эмес, бирок анын ак көңүл жана пайдалуу экенин баары сезип, кеңеш сурашчу.
Алар бул сыноонун мүнөздү текшерүү экенин аңдашкан жок жана биринчи толкундануу басаңдаары менен эле жакшы экенибизди көрсөттүк, эми дем ала берсек болот деп ойлошту. Албетте, ошондой болчу, бирок алардын катасы жакшы сапаттарын көрсөтүүнү токтотуп койгонунда болду жана мунун жаңылыштык болгонун көптөгөн азап-тозоктордон кийин гана билишти.
— Мег, сен Хаммелдердикине барып келбейсиңби, апам аларды унутпагыла дебеди беле,- деди Бесс миссис Марчтын кеткенине он күн болгондо.
— Мен бүгүн абдан чарчадым,- деп жооп берди Мег, креслосунда термелип бир нерсе тигип отуруп.
— А сен, Жо, барып келбейсиңби?- деп сурады Бесс.
— Күн суук болуп турат, мага болсо суук тийген да.
— Менимче, ал өтүп кетти.
— Мен бакта Лори менен чуркап ойношум мүмкүн, бирок Хаммелдердикине баргыдай боло элекмин,- деп күлдү Жо.
— А эмнеге өзүң барбайсың? деп сурады Мег.
— Мен күн сайын барып турам, бирок бөбөк оорулуу болгондуктан, эмне кылышты билбей атам. Миссис Хаммел жумушка кетет да, баланы Лотхен карап калат, бирок ал күн сайын начарлап баратат, силер барсаңар же Ханна барса, жакшы болор эле.
Бесс абдан кызууланып кеткендиктен, Мег эртең барам деп убада берди.
— Ханнадан даамдуу бир нерсе ал да, аларга жеткирип бер, Бес. Сага сейилдеген пайдалуу,- деди Жо. Анан айыптуудай кошумчалады: — Мен барат элем, бирок аңгемени бүтүрүшүм керек болуп атат.
— Башым ооруп, чарчап турам. Мен силердин бирөөңөр барат го деп ойлодум эле,- деди Бесс.
— Азыр Эми келет, биздин ордубузга ошол барып келсин,- деп сунуш кылды Мег.
— Жарайт, эс алганча күтүп турайын.
Бесс диванга жата кетти, башкалар кайра иши менен алек болушуп, Хаммелдерди унутуп калышты. Бир саат өттү, Эми келген жок. Мег жаңы пальтосун кийип көргөнү бөлмөсүнө кетти, Жо аңгемесине баш-оту менен кирип кетти, Ханна болсо ашканада көзү илинип кетти. Бесс акырын капорун кийди да, себетине байкуш балдар үчүн бир нерселерди салып алып, башы ооруганына карабай аязга чыкты. Ал кайтып келгенде кеч болуп калган эле, жогору чыгып, апасынын бөлмөсүнө кирип кеткенин эч ким байкаган да жок. Жарым саат өткөндөн кийин Жо апасынын шкафынан бирдемени алганы барса, көздөрү кызарган, кайгылуу Бесс камфаранын бөтөлкөсүн кармап отуруптур.
— Христофор Колумб! Эмне болду?- деп ийди Жо. Бесс аны келбе дегендей колун көтөрдү да, ашыгып сурады:
— Сен скарлатина болдуң беле?
— Андан бери жүз жыл өттү, Анда Мег да ооруган. Эмне болду?
— Анда сага айтайын. О, Жо, бөбөк чарчап калды!
— Кайсы бөбөк?
— Миссис Хаммелдин баласы. Ал келгенче эле менин тиземде жатып өлүп калды,- деп ыйлап ийди Бесс.
— Байкушум десе, жаман болгон турбайбы! Сенин ордуңа мен барышым керек эле,- деди Жо өкүнүп. Сиңдисин кучактап, апасынын чоң креслосуна отургузду.
— Жок, Жо, мен корккон деле жокмун, бирок абдан кайгылуу болду! Начарлап баратканын дароо эле байкадым, бирок Лотхен апам доктурга кетти деп айтканынан Лоттини алдыма алып отурдум. Ал уктап аткандай болгон, бирок бир маалда кыйкырып ийди да, титиреп барып денеси жайыла түштү. Бутун жылытайын деп аракет кылдым, сүт да бердим, бирок карасам кыймылдабайт, ошондо түшүндүм: өлүп калыптыр.
— Ыйлаба, алтыным! Анан эмне кылдың?
— Миссис Хаммел доктур менен келгенче алдыма алып отура бердим. Доктур бала чарчап калыптыр деди да, Хейнрих менен Миннаны текшерди, анткени алардын да тамагы ооруп аткан. «Скарлатина, мэм. Мени эртерээк чакырсаңар болмок»,- деди ал ачууланып. Миссис Хаммел кедей экенин, баланы өзү дарылаганга аракет кылганын, бирок кеч болуп калганын айтып, эми калгандарына жардам бериңиз деп жалдырады. Доктур жылмайып, ачуусу келбей калды, бирок мунун баары абдан кайгылуу болгондуктан, ыйлап атсам, ал мага карап, үйүңө бар да, дароо белладона ич, болбосо сен да скарлатина болосуң деп урушту.
— Жок, болбойсуң!- деп ийди коркуп кеткен Жо аны бооруна кысып. – О, Бесс, эгер сен ооруп калсаң, мен өзүмдү эч качан кечирбейм. Эми эмне кылыш керек?
— Коркпо, менимче, көп кыйналбайм. Апамдын китебин карасам, скарлатина баш оору, тамак оорудан башталат экен да, алың кетет экен. Белладона ичтим эле, бир аз жакшы болуп калдым,- деди Бесс, муздак колун күйүп жанган маңдайына коюп.
— Апам үйдө болсо эмне!- деп ийди Жо, апасынын китебин алып. Бир бетти окуду да, Бессти карап, маңдайына колун басып, тамагын караган соң, олуттуу айтты: — Сен бир жумадан ашык күн сайын бала менен болуп жүрдүң, ошондуктан ооруп каласың го деп корком, Бесс. Ханнаны чакырайын, ал оорулардын баарын билет.
— Эмини киргизбе, ал скарлатина менен ооруган эмес, жугуп калып жүрбөсүн. Мег экөөң кайра ооруп калбайсыңарбы?- деп сурады Бесс чочулап.
— Менимче, оорубайбыз. Оорусам ооруп калайын, чала болот эле мага окшогон манчыркаган чочкого! Сени жиберип коюп, болбогон бирдемени жазымыш болуп отурдум!- деп күбүрөгөн Жо Ханна менен кеңешейин деп деп чечти.
Байкуш Бесс дароо туруп, ишке киришти да, Жону кыжалат болбо, скарлатина бардыгында болот жана андан эч ким өлгөн эмес деп ишендире баштады. Жонун көңүлү бир аз жайланып, Ханна менен Мегди чакырганы кетти. Анан көп өтпөй эле үчөө келип калышты.
— Эми мындай кылабыз,- деди Ханна, Бессти карап, сурамжылап бүткөндөн кийин. – Доктор Бенгсти чакыралы, ал сени текшерсин, балким, биз жаңылышкан чыгарбыз. Эмини убактылуу Марч жеңеникине жибере туралы, болбосо ага да жугуп калышы мүмкүн. Силердин бирөөңөр жумуштан калып, бир-эки күн Бессти карагыла.
— Албетте, мен калайын, улуусумун да,- деди Мег. Кыжалат болуп, абийири да кыйнап турганы көрүнүп турду.
— Жок, мен калам. Ал менин айыман ооруп калды. Бардык тапшырмаларды өзүм аткарам деп апама убада бердим эле, бирок аткарган жокмун,- деди Жо өкүм үн менен.
— Сен кимди каалайсың, Бесс? Бирөө болсо жетишет да,- деди Ханна.
— Жо калсын. – Бесс эжесинин көкүрөгүнө башын жөлөп, маселени биротоло чечти.
— Эмиге жеңеңкине барасың деп айтайын,- деди Мег кетип баратып. Ал бир аз таарынгандай болгону менен жеңилдей түштү, анткени, Жодон айырмаланып, ооруган кишини караганды сүйчү эмес.
Эми жини келип, Марч жеңеникине баргандан көрө скарлатина менен ооруганым жакшы деп чыкты. Мегдин жалынып жалбарганы, өтүнгөнү, буйрук кылганы таасир этпеди. Ал эч качан барбайм деп салтанатуу ант берген соң айласы кеткен Мег Ханна менен кеңешкени кетти. Лори конок бөлмөгө кирсе, Эми жаздыкка бетин басып ыйлап жатыптыр. Лорини боор ооруйт го деп баарын төкпөй чачпай айтып берди эле, ал колун чөнтөгүнө салып, ойлонгондой кабагын салып ары-бери басып турду.
Анан Эминин жанына отурду да, жайгара сүйлөдү:
— Менин оюмду уккуң келсе, акылдуу айым бол да, тигилердин айтканын кыл. Болду, болду эми, ыйлаба, уксаң, менин оюма бир нерсе келди. Сен Марч жеңеникине барасың, а мен болсо күн сайын келип, сени ойнотуп, сейилдетип турам. Экөөбүз аябай жыргайбыз. Бул жерде ыйлап отургандан көрө ошол жакшы эмеспи?
— Мени жолтоо болуп жаткандай айдаганы жатышпайбы,- деп баштады Эми таарынып.
— Койчу, сени оорубасын деп ушинтип атышат да. Сен ооругуң келбейт, ушундайбы?
— Албетте, келбейт, бирок баары бир ооруйм го, анткени Бесс менен чогуу жүрдүм да.
— Ошол оорубай калыш үчүн сен сөзсүз кетишиң керек. Менимче, аба менен чөйрөнү алмаштыруу оорубай калышыңа жардам берет, ал эми ооруп кала турган болсоң, тезирээк айыкканга көмөк болот. Мен сага тезирээк кет деп кеңеш берер элем. Скарлатина, мисс, тамаша эмес.
— Бирок Марч жеңеники абдан көңүлсүз, өзү да абдан ачуулуу,- деди Эми коркуп.
— Зерикпейсиң, мен күндө барып, Бесстин кабарын айтып, ойнотуп, сейилдетип турам. Карыган леди мени жакшы көрөт, мен да ага жакшы мамиле жасайм, ошентип ал наалыбайт го деп ойлойм.
— Сен мени кичинекей коляскага түшүрөсүңбү?
— Сөз берем.
— Күн сайын келип турасыңбы?
— Ооба.
— Бесс айыгары менен кайра алып келесиңби?
— Дароо.
— Театрга алып барасың?
— Эгер үлгүрсөк, он чакты театрга алып барам.
— Болуптур… анда… барайын,- деди Эми акырын.
— Азамат! Мегди чакыр да, барам деп айт,- деди Лори, Эмини далыга таптап. Эминин буга ачуусу келе түштү.
Ылдый түшкөн Мег менен Жо бул укмушка таң калышты, ал эми өзүн сүйүктүү сезе түшкөн Эми доктур Бессти оорулуу деп айтса, Марч жеңеникине кетем деп убада берди.
— Ал кантип атат, байкуш?- деп сурады Лори кыжалат болуп, анткени Бессти жакшы абдан көрчү.
Апамдын керебетинде жатат. Кичине жакшы болуп калды. Баланын өлүмү ага катуу таасир этиптир. Суук тийген го деп ойлоп турам. Ханна да ошенткени менен бир аз коркконсуп турат, аны көрүп кыжалат болуп атам,- деп жооп берди Мег.
— Дүйнөң менен куруп кал!- деди Жо, чачын уйпалап. – Бир балээден кутула албай жатсаң, экинчиси басып калат. Апам да жок, эмне кыларымды да билбей калдым.
— Чүткөр болбо, сага жарашпайт. Чачыңды жаткыр да, айт, апаңа телеграмма жөнөтөйүнбү же жөн эле коёюнбу?- деп сурады Жонун чачын алдырып таштаганына эч көнө албай жүргөн Лори.
— Ушул мени ойлондуруп турат,- деди Мег. Менимче, эгер Бесс чындап эле ооруп калган болсо, биз апама кабар беришим керек, бирок Ханна апам атамды таштап келе албай турган болгондуктан, бул кабар аны кыжалат гана кылат деп жатат. Бесс тез эле айыгат жана Ханна эмне кылышты билет, апам болсо Ханнанын тилинен чыкпагыла деп айткан. Сыягы, биз ага баш иебиз го.
— Мм, билбейм. Доктур келип кеткенден кийин чоң атам менен да сүйлөшүп көрбөйсүңөрбү.
— Сөзсүз. Жо, бар да, доктор Бэнгсти чакырып кел,- деп буйрук берди Мег. — Ал келмейинче биз эч нерсе кыла албайбыз.
— Сен отура бер, Жо. Бул үйдө мен чабаганмын,- деди Лори, шляпасын алып.
— Сенин колуң бош эмес го,- деди Мег.
— Жок, мен бүгүнкү сабактардын баарын аткарып койгомун.
— Сен каникулда да окуй бересиңби?- деп сурады Жо.
— Кошуналардан үлгү алам,- деп жооп берди Лори, өкчөсү менен кайрылып бөлмөдөн чыгып баратканда.
— Бул баладан үмүтүм чоң,- деди Жо, кашаадан секирип өтүп бараткан Лорини жылмая карап.
— Өз жашындагы бала үчүн… бул бала абдан жакшы,- деп койду Мег көңүлкош.
Доктор Бенгс келди да, Бессте скарлатинанын бардык белгилери бар, бирок тез эле айыгат болуш керек деди. Анан Хаммелдерди угуп кабагы бүркөлө түштү. Эмини дароо кетсин дегендиктен, ал дары-дармектерди алып, Жо менен Лоринин коштоосунда толкунданган бойдон кетти.
Марч жеңе аларды адаттагы меймандостугу менен тосуп алды.
— Эми эмне керек болуп кетти силерге?- деп сурады көз айнегинин артынан теше карап. Отургучтун аркасында отурган тоту кушу кыйкырып ийди:
— Жогол! Балдар келбейт бул жерге!
Лори терезе жакка басып кетти, Жо иштин жайын түшүндүрдү.
— Ушундай болорун билгемин. Кедейлердин арасында жүрсөңөр, ушундай болосуңар да. Эми оорубаса, калып, мага жардам берсин, бирок өңү жакшы эмес, шек санап турам. Ыйлаба, балам, ыйлаганды жаман көрөм.
Эми ыйлаганы калды, бирок ушул учурда Лори тоту кушту куйругунан тартып койду эле, тиги кыркырап: «Кудай, батинкемди жалгай көр!»- деп кыйкырып ийди. Ыйлаганы турган Эми чыдай албай күлүп жиберди.
— Апаңар эмне деп жазып атат?- деп сурады карыган леди кыртышы сүйбөй.
— Атам жакшы болуп калыптыр,- деп жооп берди Жо, олуттуу түрүн бузбаганга аракет кылып.
— А, ошондой бекен? Анда тез эле онолуп кетет болуш керек. Марч башынан эле чыдамкай эмес болчу. – Жооп ушундай болду.
— Ха-ха! Капаланба! Бир жыттам тамеки ал. Көрүшкөнчө, көрүшкөнчө!- деп чайылдады тоту куш, анан тыбырчылап, карыган лединин чепчигин апчып алды, анткени Лори аны артынан сайып койгон эле.
— Үнүңдү бас, карыган шайтан! А сен, Жо, үйгө дароо жөнө, бул бекерчи бала менен кечинде жүрө бербей…
— Үнүңдү бас, карыган шайтан! – деп кыйкырган тоту куш отургучтан бери умтулуп, кийинки сөзгө боору катып күлүп аткан «бекерчи баланы» чокумак болду.
«Чыдай албайм деп корком, бирок аракет кылам»,- деп ойлоду Марч жеңе менен калган Эми.
— Жогол сен, каракчы,- деп чайылдады тоту куш, Эми чыдай албай ыйлап ийди.
ОН СЕГИЗИНЧИ БАП
КАЙГЫЛУУ КҮНДӨР
Бесс чындап эле скарлатина менен ооруп калды жана абалы Ханна жана доктордон башкалар ойлогондон алда канча жаман болуп чыкты. Кыздар оору жөнүндө эч нерсе билишчү эмес, мистер Лоренске болсо оорулууну көргөнгө уруксат беришкен жок, ошентип Ханна өз билгениндей дарылап жатты. Колу бошобогон доктор Бэнгс колунан келишинче аракет кылды, бирок ал да көбүнчө Ханнага ишенди. Оору Кингдердин үйүнө да жукпасын деп Мег үйдө болуп, чарба менен алек болуп жатты. Ал бир топ чочулап, ал турсун Бесстин оорусу жөнүндө айтылбаган узун каттарды жазып жатканда, өзүн айыптуу сезип да жүрдү. Мег апасын алдоону туура көргөн жок, бирок Ханнага баш ийүү буйрук кылынган эле, ал болсо «буга окшогон майда-чүйдө нерселерди жазып миссис Марчты кыжалат кылууга болбойт» деп кашайып койду. Жо өзүн баш-оту менен Бесске арнап, күнү-түнү жанында болуп атты, бирок бул кыйын деле болгон жок, анткени Бесс абдан чыдамкай болгондуктан, бардыгын үн чыгарбай көтөрө берди. Бирок кээде жөөлүп, кыркыраган үнү менен бир нерселерди айтып, сүйүктүү пианиносунда ойногондой жуурканда ойноп, ырдаганга аракет кылчу, бирок тамагы шишип кеткендиктен, анте алчу эмес. Кээде жанында отургандарды тааныбай, башкалардын атын айтып, апасын жалбарып чакырчу. Андайда Жо коркуп, Мег апама чынын жазалы деп жалдырачу, ал турсун Ханна да «азырынча коркунуч жок, бирок ойлонуп көрөйүн» дечү. Вашингтондон келген кат ого бетер кыжалат кылды: мистер Марчтын оорусу кайра кармап, жакын арада келе албайт экен.
Күндөр кайгылуу болуп, айлана томсоруп, эже-сиңдилердин иштеп жатканда ойлонгон сайын жүрөгү сыздап, баягы бактылуу үйдү өлүм көлөкөсү каптап турду. Ошондо Маргарет жалгыз көз жашын тамызып сайма сайып отуруп, мурун кандай бай жашашканын, андай байлыкты, сүйүүнү, жыргалчылык менен ден соолукту эч кандай акчага сатып алууга мүмкүн эместигин түшүндү. Ошондо караңгы бөлмөдө оорудан кыйналган сиңдисин карап, анын алсыраган үнүн угуп отурган Жо Бесстин жан дүйнө сулуулугун, башкаларды назик сүйгөндүгүн, анын башкалар үчүн жашаганын баалаганды үйрөндү, анын жөнөкөй асыл сапаттары талант, байлык же сулуулуктан жогору турарын аңдады. Ал эми сүргүндө жүргөн Эми болсо үйдү эңсеп, Бесс үчүн талбай иштейт элем, эч кандай жумуш оор же тажатма болбойт эле деп ойлоп, байкуш Бесс анын унутуп койгон иштеринин канчасын аткарып жүргөнүнө өкүнүп жатты. Лори да жаны жай таппай үйгө келе берчү, ал эми мистер Лоренс кечке маал ойноп берип, жарпын жазган кичинекей кошунамды эстетпесин деп роялды жаап таштады. Бардыгы Бессти жоктоп жатышты. Сүт сатуучу, наабайчы, дүкөнчү жана касапчы – баары аны сурап жатышты, байкуш миссис Хаммел Миннага кепиндикке кездеме сурап келгенде этиятсыздыгы үчүн кечирим сурады, кошуналар ар түрдүү таттууларын алып келишип, айыгып кетсин деп жатышты. Ал турсун эң жакын адамдары да тартынчаак Бесстин ушунча досу бар экенине таң калышты.
Ал болсо жөөлүп жатканда да баягы Жоаннасын унутпай, жанына алып жатып жүрдү. Мышыктарын абдан сагынды, бирок ооруп калат деп коркуп, алып келтирген жок. Жону ойлоп да кооптонду. Эмиге мээримин төгө кат жазып, апасына да жакында кат жазарымы айтып койгула деп жатты. Атам мени унутуп калды дебесин деп кат жазганга камынып жүрдү. Бирок көп өтпөй эле эсине келе калган мындай учурлары азайып, сааттар бою чабалактап жөөлүп же уйку-соонун арасында жата бере турган болду. Доктор Бэнгс күн сайын эки маал келет, Ханна түнү менен уктабай отурат, Жо жанынан чыкпайт. Мегдин столунда жазылган даяр телеграмма жатты.
Биринчи декабрда чындап кыш түштү: ызгаардуу шамал согуп, кар жаап жатты жана жыл аяктай тургандай болуп турду. Эрте менен келген доктор Бэнгс Бессти карап турду да, анан ыпысык колун кармап, кайра акырын койду да, Ханнага акырын айтты:
— Эгер миссис Марч күйөөсүн таштап келе алса, кабар жибериш керек.
Ханна үнсүз баш ийкеди, бирок эиндери титирей түштү. Мег креслого кулап түштү, сыягы жанагы сөздөр биротоло алдан тайдыргандай болду. Жо купкуу болуп бир аз турду да, анан конок бөлмөгө чуркап барып телеграмманы алып, пальтосун кийди да, бороонго чуркап чыкты. Көп өтпөй эле кайтып келип, пальтосун шыбыш алдырбай чечип жатканда, Лори мистер Марч кайра оңолуп келатыптыр деген катты алып келип калды. Жо катты окуп ыраазы болгонсуганы менен жүрөгү дагы эле сыздап, өңү ушунчалык кайгылуу болгондуктан, Лори сурап ийди:
— Эмне болду? Катуу ооруп атабы?
— Апама телеграмма жибердим,- деди Жо, батинкесин чечип жатып.
— Койчу, Жо! Сен аны өзүң билип жөнөттүңбү?- деп сурады Лори, анан колу титиреп жатканын байкап, стулга отургузду да, чече албай жаткан батинкесин чечти.
— Жок, доктор айтты.
— О, Жо, ошончолук катуубу?- деп ийди Лори коркуп кетип.
— Ооба. Бизди тааный албай, ал турсун туш кагаздагы жүзүмдүн жашыл жалбырактарын жашыл көгүчкөндөр деп да айта албай калды. Баягы Бессим жок, жардам бере турган да эч ким жок. Апам менен атам Вашингтондо, кудай болсо алыста, жетиш кыйын.
Байкуш Жонун көзүнөн жашы куюлуп, караңгыда бараткандай колу менен кайсалаганда, Лори аны колунан алып, тамагына бир нерсе тура калгандай болуп араң шыбырады:
— Мен жаныңдамын. Мага таян, Жо, алтыным.
Ал сүйлөй алган жок, бирок досунун колун кысканы бир аз да болсо жубатты. Лори абдан назик, жубата турган бир сөз айтайын деди эле, бирок эч нерсе оюна келбей, адатта апасы сылагандай Жонун башынан назик сылап тура берди. Анын колунан келгени ушул болду, бирок мунун таасири ар кандай сөздөн күчтүү болуп, Жо анын боору ооруп турганын туйду. Көп өтпөй эле көз жашы токтоп, бир аз жеңилдей түшкөн соң, ыраазы болуп карады.
— Ыракмат, Тедди, бир аз жеңилдей түштүм. Өзүмдү мурункудай жалгыз сезбей, бардыгына даяр болуп калдым.
— Үмүтүңдү үзбө, ал сага жардам берет, Жо. Жакында апаң да келет, анан баары жакшы болот.
— Атам жакшы болуп калганына кубанып атам, эми апам аны калтырып келе бере алат. Кудай ай! Кырсыктын баары бир келип, эң оору мага түштү окшойт,- деп үшкүрдү Жо, тизесиндеги ным жүзаарчысын кургасын деп бүктөп жатып.
— Мег жардам бербейби?- деп сурады Лори нааразы болуп.
— Ал аракет кылат, бирок Бессти мендей жакшы көрө албайт. Бесс да мени жоктоп турат дайым. Бесс – менин абийирим, мен аны жогото албайм. Жогото албайм!
Жо жүзүн кайра ным бетаарчысы менен жаап, буркурап ыйлап ийди, анткени мурунку күндөрү ыйлабай жүргөнү үчүн бук болуп калган окшойт. Лори көзүн басып, титиреген эриндерин токтоткончо сүйлөгөн жок. Балким, бул эркектин жоругу эместир, бирок ал өзүн токтото албай койду. Акырында Жонун ыйы басаңдай түшкөндө, үмүт менен мындай деди:
— Мен анын өлөрүнө ишенбейм, ал ушундай жакшы, биз баарыбыз аны сүйөбүз. Кудай аны тез эле алып кетип каларына ишенбейм.
— Жакшы, сүйүктүү адамдар дайыма өлүп калат,- деди Жо, бирок ыйын токтотту. Досу өзү коркуп турганына карабастан анын сөздөрү Жону кайраттандырды.
— Байкушум, сен такыр эле болбой калыпсың. Сен мындай эмес элең го. Болду, мен сени азыр заматта өзүңө келтирем.
Лори эки баскычты бир аттап чуркап кеткен соң Жо башын Бесстин кичинекей күрөң капоруна коюп отурду. Аны столдон алып койгонго эч кимдин колу барган эмес. Сыягы, уяң ээсинин руху анда да калган окшойт, анткени Лори келгенде Жо жылмайып, кадимкидей өзүнө келип калган экен.
— Менин Бессимин ден соолугу үчүн! Сен мыкты доктурсуң, Тедди жана ушунчалык ишенимдүү доссуң. Мен мунуңду кантип актайм?- деди ал, шарап денесине күч бергенин туюп.
— Убагы келгенде, эсепти жөнөтөм, азырынча жүрөгүңдү шараптан да күчтүүрөөк ысыта турган бир нерсе берем,- деди ал, өзүнө өзү ыраазы болгонун жашыра албай.
— Ал эмне?- деп ийди Жо, кайгысын дароо унутуп.
— Кечээ мен апаңарга телеграмма жибергем, Брук анын келе тургандыгын билдирди. Ал бүгүн кечинде келет, анан баары жакшы болот. Буга кубанасыңбы?
Лори быдылдап сүйлөп, кыпкызыл болуп кетти жана толкундап турду, анткени кыздарга уят боломбу же Бесске зыяны тийип калабы деп планын эч кимге айткан эмес. Жо купкуу болуп кетти да, ордунан атып туруп, досунун мойнунан кучактап, кыйкырып ийди:
— О, Лори! О, апа! Мен ушунчалык кубанычтуумун!
Бул жолу ал ыйлаган жок, күлүп, титиреп, бул күтүүсүз кабардан улам эс-акылынан ажырай түшкөндөй досуна ыктады.
Лори таң калганы менен өзүн жоготкон жок: далысынан эркелете сылап, анын өзүнө келе баштаганын сезип, уялыңкы бир-эки өөп алды. Жо өзүнө келе түштү да, периланы кармап, Лорини жумшак түртүп, күбүрөдү:
— О, жок, кереги жок! Мен минтейин деген эмесмин, эмне кылып койдум. Бирок сен азаматсың, Ханнага карабай туруп ушуну кылдың, ошондуктан сени кучактабай коё албадым. Баарын айтып бер, анан мага шарап бербе, көрдүң го эмне болгонун.
— Мен каршы эмесмин,- деп күлдү Лори галстугун оңдоп. – Мен да, чоң атам да аябай кыжалат болдук. Анан Ханна өзүм билемдик кылып атат, апасы баарын билиш керек деп ойлодук. Эгер Бесс… Бесс бирдеме болсо, ал бизди эч качан кечирмек эмес. Ошентип, мен акырында чоң атамды ынандырдым да, почтону көздөй чуркадым. Доктур кечээ абдан кыжалат болгонунан Ханнага телеграмма жөнөтөлү деп айтсам, башымы жулуп ала жаздаган. Мен мага буйрук бергенди жаман көрөм, бул да мага түрткү болду окшойт, анан ошентип телеграмма жөнөтүп ийдим. Апаң келет, мен билем. Акыркы поезд түнкү саат экиде келет, мен барып тосуп келем. Силер болсо өзүңөрдү кармап, апаңар келгенче, Бесстин тынчын албай тургула.
— Лори, сен периштесиң! Ушунуңду качандыр бир кезде актаар бекемин?
— Дагы бир жолу кучактачы, мага жагып калды,- деди Лори эки жумадан бери биринчи жолу шоктонуп.
— Жок, ыракмат. Мен эми муну чоң атаң келгенде ортомчу аркылуу кылам. Эми жиниме тийбей, үйүңө барып эс ал, түнү менен уктабай чыкканы жатпайсыңбы. Кудай жалгасын сени, Тедди!
Жо бурчту карай кетенчиктеди, анан сөзүн бүткөн соң ашканага кирип кетти да, столго отуруп, чогула калган мышыктарга: «бактылуумун, ах, кандай бактылуумун!»- деп айтты. Лори болсо иш оңунан чыкты деп үйүнө кетти.
— Мындай өжөр, тажатма баланы өмүрүмдө көргөн эмесмин, бирок мен аны кечирдим жана миссис Марч келип калат деп үмүттөнөм,- деди ал Жо жакшы кабарды айткандан кийин жеңилдей түшүп.
Мег абдан сүйүндү жана Жо оорулуунун бөлмөсүн иретке келтирип, Ханна «күтүүсүз коноктор» келгенде жасай сала турган пирог бышырып жатканда, Лори алып келген катты окуп ойлонуп отурду. Үйгө таза желаргы киргендей, тынч бөлмөлөргө күн нуру жарык чачкандай боло түштү. Бардыгы муну туйгандай болушту: Бесстин чымчыгы кайра сайрай баштады, терезеде турган Эминин гүлүндө бир гунча пайда болгонун байкашты, каминдеги от демейдегиден жарыгыраак күйүп, кыздар бири-бирине кездеше калган сайын жайнай түшүп, бирин-бири кучактап: «Апам келатат, алтыным! Апам келатат»!- деп шыбырап жатышты. Бесстен башканын баары сүйүнүп жатышты, тиги байкуш болсо үмүттү да, кубанычты да, шектенүүнү да, коркууну да билбей жата берди. Анын өңү боор ооругудай эле: баягы кыпкызыл беттен дайын жок, иштен тажабаган кичинекей колдору шалдайып жатат, жылмайып турчу эриндери кыймылсыз, дайыма таралып турчу чачы уйпаланып, жаздыкта жайылып жатты. Кээде гана бир аз козголуп, кургаган эриндерин кыбыратып: «Суу!» демиш болгону болбосо керели кечке ушинтип жатты. Жо менен Мег күнү бою жанынан жылышкан жок, кудайга, апасына ишенип, ошолорго жалынып-жалбара беришти. Күнү бою шамал ышкырып, кар жаап, саат жебеси жылбай турду. Акырында түн кирип, саат каккан сайын төшөктүн эки жагында отурган эже-сиңдилер кымыңдап сүйүнө тиктеше түшүп жатышты, анткени ар бир саат жардамды жакындатып жаткан. Доктур келип, түн жарымда Бесстин абалы оңолот же начарлайт, ага чейин келип кетем деди.
Чарчап суй жыгылган Ханна төшөктүн аяк жагындагы диванга жата кетти да, тез эле уктап кетти. Конок бөлмөдө мистер Лоренс ары-бери тынбай басып, миссис Марчтын үйгө киргендеги корккон өңүн көргөндөн көрө козголоңчул түштүктүктөрдүн батареясы менен бет келишсем жеңил болмок деп ойлонуп жатты. Лори килемде уктамыш болуп жатканы менен оттон көз албай карап жатты жана ушундан улам көздөрү абдан назик тартып, жалжылдап турду.
Кыздар бул түндү өмүр бою эстеп калышты. Уйкулары качып, өздөрүнүн ушунчалык алсыз экенин туюп, нөөмөттө туруп жатышты.
— Эгер кудай Бессти сактап калса, мен эч качан эч нерсеге даттанбайм,- деп шыбырады өрөпкүгөн Бег.
— Эгер кудай Бессти сактап калса, мен аны сүйүп, ага өмүр бою кызмат кылам,- деп жооп берди Жо ошондой эле өрөпкүгөн таризде.
— Ушинтип ооругандан көрө жүрөгүм жок болуп калса болмок экен,- үшкүрдү Мег бир унчукпай калып.
— Эгер жашоодо тез-тез эле ушундай кыйынчылыктр боло берсе, кантип жашайбыз, билбейм,- деп кошумчалады сиңдиси үмүтү үзүлгөндөй.
Ушул учурда саат түн жарымды сокту да, экөө тең өздөрүн унутуп, Бессти карап калышты, анткени анын купкуу өңүндө бир өзгөрүү болуп жаткандай сыяктанды. Үй бейиттей тунжурап, муну шамалдын улуганы гана бузуп жатты. Суй жыгылып чарчаган Ханна баягыдай эле уктап аткан, ошондуктан оорулууга түшкөн көлөкө сыяктуу бүдөмүк немени эже-сиңдилер гана көрүштү. Бир саат өттү, бирок эч нерсе өзгөргөн жок, бир гана Лори жылып чыгып, станцияга кетти. Дагы бир саат өттү, баягыдай эле тунжураган тынчтык өкүм сүрүп, бороондон улам поезд кечигип келеби, же жолдо кырсык болдубу, же болбосо эң жаманы Вашингтондо бир жамандык болдубу деген ойлор кыжалат кылып, жүрөктү өйүп турду.
Саат үч болду. Терезеде сыртты карап, ушунчалык түнөрөт экен да деп ойлонуп турган Жо керебет жактан бир дабыш угуп бурулса, Мег апасынын отургучунун жанында бетин басып, тизелеп отуруптур. Жо селейе түштү: «Бесс өлүп, Мег аны мага айта албай жаткан экен».
Керебеттин жанына жетип барса, толкундагандан болсо керек, бир өзгөрүү болгондой сезилди. Сиңдисинин бети баягыдай алоолонуп кызарбай, бир аз өзүнө келгендей болуп, тынч ала түшкөндөй түрү бар. Сүйгүнчүк сиңдисине эңкейип, нымдашкан маңдайынан өптү да, назик шыбырады: «Кош, менин Бессим, кош!»
Ханна бирөө түрткүлөгөндөй ойгонуп кетти да, төшөккө жетти. Бессти карап, колун кармап, дем алганын тыңшап турду да, анан алжапкычын башына жаап, отура кетти да, термеле шыбырады:
— Ысытмасы кайтып калыптыр, кадимкидей уктап атат; териси нымдуу, жеңил дем алып жатат. О, кудай!
Кыздар бул кубанычтуу кабарга ишенер-ишенбесин билбей турганда, доктур келип калды. Демейде өңү серт көрүнгөн бул адам жадырай жылмайып, атадай карады:
— Ооба, алтындарым, менимче, Бесс айыгып кетет. Тынчын албагыла, уктасын, ойгонгондо ага…
Эмне бериш керек экенин кыздар угушкан да жок: экөө караңгы кире беришке чыгышты да, тепкичке отуруп, кучакташа ыйлап ийишти. Кубанып өрөпкүгөндүктөн, сөз да ашыкча болуп турду. Кайра киргенде, байкуш Ханна кучактап өөп, бооруна кысты. Бесс адатынча колун бетине жазданып жатты, баягыдай купкуу болбой, азыр эле уктагандай бир калыпта дем алып жатты.
— Азыр апам келип калса!- деди Жо, таң атайын деп калганда.
— Карачы,- деди Мег, ачылайын деп калган ак розаны көрсөтүп. – Кечээ кокус Бесс… чарчап калса, колуна карматканга ачылбайт го деп ойлодум эле. Бирок, көрбөйсүңбү, ачылып калыптыр, эми вазама салып, Бесстин жанына коюп коём. Биздин сүйгүнчүгүбүз ойгонгондо ушул розаны, анан апамын жүзүн көргөндөй болсун.
Күн эч качан мындай кооз чыккан эмес, дүйнө эч качан мындай керемет сезилген эмес. Уйкудан калган Мег менен Жо терезенин жанында ушул таңкы кооздукту карап суктанып отурушту.
— Сыйкырдуу дүйнө деген ушундай болот болуш керек,- деди Мег жылмая, сырттан көзүн албай.
— Уктуңбу?- деп ийди Жо ордунан атып туруп. Ооба, чын эле төмөн жактан эшиктин коңгуроосунун кагылганы, Ханнанын кыйкырып ийгени угулду да, кирип келген Лори аптыга айтты:
— Кыздар, келди! Апаңар келди!
ОН ТОГУЗУНЧУ БАП
ЭМИНИН КЕРЭЭЗИ
Үйдө ушул окуялар болуп жатканда, Эми да башынан оор күндөрдү өткөрүп жатты. Ал сүргүндөн кыйналып, үйдө кандай сүйүп, эркелетип жүрүшкөнүн биринчи жолу түшүндү. Марч жеңе эч кимди эч качан эркелеткен эмес, мындай нерсени жактырчу да эмес, бирок бул кичинекей тарбиялуу кыз жагып калгандыктан, жакшы мамиле кылганга аракет кылды. Ал өзү мойнуна алгысы келбегени менен жээнинин балдарын жакшы көрчү. Эми үчүн бардыгын кылып жатам деп ойлогону менен чындыгында андай эмес эле. Кээ бир карылар чачын ак басып, жүзүн бырыш басканы менен жан дүйнөсү жаш бойдон кала берет да, балдардын кичинекей кайгы-кубанычын сезе алат, алар менен дос болуп, ойноп жатып эле аларды тарбиялай берет. Бирок Марч жеңеге кудай мындай таланттан айтпагандыктан, өзүнүн эрежелери жана буйруктары, түгөнбөс акыл-насааттары менен Эминин шайын оодарды. Анын эжесине караганда тил алчаак жана жайдары экенин байкаган соң карыган леди жээнинин үйүндө өкүм сүргөн эркиндиктин кесепеттерин жойгонго аракет кылды. Ал Эмини колго алып, алтымыш жыл мурун өзүн тарбиялагандай тарбиялай баштады. Натыйжада байкуш Эми өзүн каардуу жөргөмүштүн торуна түшүп калган чымындай эле сезип калды. Ал күн сайын эртең менен идиш-аяктарды жууп, эски кашыктарды жана бөйрөктүү күмүш чайнекти жалтыраганча сүртүшү керек эле. Анан дагы бир азаптуу иш – бөлмөнүн чаңын сүртүш бар болчу. Марч жеңе бир сүртүм чаңды да көз жаздымдан кетирчү эмес, ал эми эмеректердин буттары ийри-буйру болгондуктан, ойдогудай сүртүү мүмкүн эмес болчу. Андан кийин тоту кушка жем берүү, итти тароо сыяктуу жумуштар бар эле. Андан тышкары карыган леди аксап баскандыктан жана креслосунан сейрек учурларда гана тургандыктан, отуруп алып ар нерсеге жумшай берчү. Ушундай оор жумуштардан кийин сабак окуш керек болчу жана бул да өзүнчө бир оор сыноо эле. Андан кийин ойногонго бир саат берилчү жана бул өзүнчө жыргал болор эле. Лори күн сайын келип, Марч жеңени алдап-соолап жатып, Эмини экипаж менен жөө сейилге алып чыкчу. Түшкү тамактан кийин карыган ледиге китеп окуп берчү жана ал адатта биринчи беттен эле уктап кеткендиктен, жанында унчукпай отурчу. Анан байкуш Эми күүгүм киргенче керебет жапкычка же сүлгүгө сайма сайчу да, чайга чейин бир аз эс алчу. Баарынан жаманы кечкисин болчу: Марч жеңе жаш кезин саймедиреп айта баштачу жана бул ушунчалык тажатма болгондуктан, Эми төшөгүнө жатканда сүйүнчү да, тагдырына кейип, бир-эки тамчы жаш төккөнгө үлгүрүп-үлгүрбөй уктап кетчү.
Эгер Лори менен Марч жеңенин карыган кызматчысы Эстер болбогондо, мындай оор азапка чыдай албасын Эми сезчү. Бир эле тоту куш аны жинди кылып салмак, анткени тигил кудай урган куш анын жактырбай турганын билип алып, ар кандай кылып өч алчу. Жанына бара калса чачын жулчу, капасты тазалары менен сүттү төгүп, нанды чаччу, карыган леди үргүлөп баратканда пуделди чокуп ийип ойготуп жиберчү, коноктордун көзүнчө Эмини ар кандай жаман сөздөрдү айтып тилдечү. Эми пуделди да жек көрчү, анткени ал жүнүн тарап жатканда ыркырап үрүп, курсагы ачканда төрт аягын асманды каратып жатып алчу жана кыжырды келтирген бул нерсе күнүнө он жолу кайталанчу. Ашпоз аял тажаал, атчы дүлөй болгондуктан, Эмиге бир гана Эстер көңүл бурчу.
Эстер өзү айткандай «мадам» менен көп жылдардан бери жашап келаткан француз аял болчу. Карыган леди аны бир топ кыйнаганы менен ансыз жашай алчу эмес. Чын аты Эстелла экен, бирок Марч жеңе ысымыңды өзгөрт дегенде, ал диними өзгөртүүгө мажбурлабайсыз деген шарт менен макул болуптур. Ага кичинекей «мадемуазель» жагып калгандыктан, «мадамдын» тор кийимдерин крахмалдап жа аүтуктөп жатып, Франциядагы жашоосун кызыктуу кылып айтып берчү. Мындан тышкары Эминин заңгыраган чоң үйдү кыдырып, Марч жеңе сагызгандан бетер чогулта берген кызыктуу жана кооз буюмдарга толгон чоң шкафтар менен эски сандыктарды карап чыгышына уруксат берчү. Эми баарынан да Индиядан келген шкафка таң калчу, анткени анын ар түрдүү жасалгалар сакталган кичинекей тартмалары, суурмалары, кутулары бар эле. Жасагаларды кармалап, өзүнчө коюу Эми үчүн өзүнчө эле ыракат болчу, кырк жыл мурун сулуу леди тагынып жүргөн, эми болсо баркыт жаздыкчаларда жаткан жасалгалар турган кутулар өзгөчө кызыктырчу. Алардын арасында гранат билерик, лединин атасы үйлөнүү тоюнда берген бермет, күйөөсү үйлөнгөндө таккан бриллиант, аза күткөндөгү шакек, кара янтарь төөнөгүч, өлгөн достордун сүрөттөрү салынган эски медальондор, кыздардын биринин кичинекейиндеги билериги, Марч абанын көп балдар ойногон чоң сааты бар эле. Өзүнчө кутуда Марч жеңенин нике шакеги бар эле, азыр шишик чалган манжасына батпай калганына карабастан, кымбат баалуу буюм катары сакталып турчу.
— Эгер бирин тандап ал десе, эмнени алар элеңиз, мадемуазель?- деп сурады дайым жанында карап отуруп, баарын кайра кулпулап койчу Эстер бир жолу.
— Мага баарынан брилианттар жагат, бирок чынжыры жок, ансыз көркүнө чыкпайт. Ошентип, мен муну тандап алар элем, эгер мүмкүн болсо,- деп жооп берди Эми, алтынга бууланган оор крести бар алтын аралаш эбен мончокту суктана карап.
— Мен да ушуну алмакмын, бирок мончок катары эмес, о, жок! Католик дининдеги киши катары мен муну теспе катары колдонмокмун,- деди Эстер, кооз буюмду кайгылуу карап.
— Анда сиз муну күзгүңүздө илинип турган жыгач мончоктордой кылып колдонмок турбайсызбы, ээ?- деп сурады Эми.
— Ооба, ошондой, сыйыныш үчүн. Мындай сонун буюмду жөн эле кооздук үчүн эмес, сыйыныш үчүн алып жүрсө, кудайга да жакмак.
— Сыягы, сиз сыйынуу менен өзүңүздү жубатат окшойсуз, Эстер, анткени ал жактан дайыма санааңыз тынып түшөсүз. Мен да ошондой кыла алсам жакшы болмок.
— Эгер сиз, мадемуазель, католик болсоңуз, чыныгы жубатуу эмне экенин билмексиз, бирок эми андай болбогондон кийин жок дегенде күн сайын жалгыз калып, ойлонуп, сыйынып турсаңыз жакшы болот. Мен мурун кызмат кылган үйдүн ээси ошондой кылчу эле. Ал кайгырганда, кыйналганда, кичинекей чиркөөсүнө барып, өзүн өзү жубатып келер эле.
— Мен ошондой кылсам туура болобу?- деп сурады Эми, анткени ал жалгыздыктан улам кандайдыр бир колдоого муктаж болуп, эске салып турчу Бесс жок болгондуктан, баягы кичинекей китепчесин да унутуп калган эле.
— Анда сону болмок, эгер кааласаңыз, ал үчүн кичинекей кийим бөлмөсүн даярдап берейин. Мадамга эч нерсе деп айтпаңыз, ал уктап калганда, ошол жакка барып, жакшы нерселерди ойлоп, кудайдан эжемди сактап кал деп сураныңыз.
Эстер абдан динчил болгондуктан, кеңешти чын дилинен берди жана оор күндө калган эже-сиңдилерге боору ачып турду. Эмиге бул идея жагып калды да, бөлмөсүнүн жанындагы жарык гардероб бөлмөнү даярдатмай болуп, эми жеңилдейм го деп үмүттөнүп калды.
— Марч жеңе өлгөндөн кийин бул кооз буюмдар эмне болор экен?- деп сурады ал, жаркыраган теспени ордуна коюп, кымбат баалуу буюмдар бар кутуларды жаап жатып.
— Сизге жана сиздин эжелериңизге калат. Мен билем, муну мага мадам сыр кылып айткан. Анын керээзине күбө катары кол койгомун. Анда кандай деп жазылса, баары ошондой болот,- деп шыбырады Эстер жылмайып.
— Кандай жакшы! Бирок мен азыр беришин каалар элем. Жазып койгону жакшы дечи, бирок көпкө күтүш керек да!- деди Эми брилианттарды акыркы жолу карап жатып.
— Сиз жана сиздин эжелериңиз буларды тагынганга жаштык кыласыңар. Ким биринчи күйөөгө кетсе, берметти алат, мадам ушундай деп айткан. Менимче, кичинекей бирюза шакекти үйгө кетип баратканда сизге берет болуш керек, анткени сиздин жүрүм-турумуңуз жана манераңыз мадамга аябай жакты.
— Сиз ошондой деп ойлойсузбу? Бул татынакай шакекти алыш үчүн мен козудан да жоош болом! Бул Китти Брайанттыкынан алда канча коозураак экен. Марч жеңе мага баары бир жагат. – Эми көк шакекти тагынып көрүп, суктана карап койду.
Ушул күндөн баштап мурдагыдан да тил алчаак болуп калды жана карыган леди өзүнүн тарбиялоо методунун натыйжасына суктана турган болду. Эстер гардероб бөлмөгө кичинекей стол алып келип, анын жанына бир отургуч коюп, үстүнө башка бир киши жашабаган бөлмөдөн алып келген сүрөттү илип койду. Анын ою боюнча, сүрөт анчалык деле баалуу болбогону менен сюжети ылайыктуу эле. Мадам муну эч качан билбейт, билсе да эч нерсе демек эмес. Бирок ал атактуу бир сүрөттүн мыкты көчүрмөсү болгондуктан, сулуулукту тааныган Эминин көздөрү муну дароо билип, кудай эненин жүзүнөн көзүн албай тиктеп отура берчү жана караган сайын апасы жөнүндөгү назик ойлор пайда болчу. Столго өзүнүн «Евангелиесин» жана псалма китепчесин коюп койду, ал эми вазада Лори алып келген гүлдөрдүн эң жакшылары турчу. Эми «жалгыз отуруп, жакшы нерселерди ойлоп, эжесин сактап калышын кудайдан тилөө үчүн» бул жерге күн сайын келчү. Эстер күмүш крести бар кара мончок берди, бирок Эми бул протестанттар үчүн болбосо керек деп дубалга илип койду.
Мунун баарын ал чын дилинен кылып жатты, анткени туулуп өскөн үйүнөн сыртка чыккан соң колдоого муктаж болду да, өзүнөн өзү эле атасындай камкор, күчтүү жана ак пейил Досуна кайрылды. Өзүн түшүнүп, карманыш үчүн ага апасынын жардамы жетишпей турду, бирок үмүт кылып, апасы айткан багытка салды. Эми жаш пилигрим богондуктан, жүгү бул жолкусунда өтө оор сыяктанды. Ал өзүн унутканга аракет кылып, башкаларды гана ойлоп, бирөө көрүп, мактабаса да туура жолдо баратканына ыраазы болду. Ушул абдан жакшы адам болоюн деген умтулушунда эгер скарлатина менен ооруп, өлүп калсам, мал-мүлкүм калыс бөлүштүрүлсүн деген ниетте баарынан мурун Марч жеңе сыяктуу керээз жазмак болду. Өзүнүн улгайган лединин бриллианттарынан кем калышпаган кичинекей байлыгынан баш тартуу ал үчүн чынында эле оор болду.
Оюнга бөлүнгөн сааттардын биринде Эстердин жардамы менен бир топ кыйналып-кысталып жатып ушул маанилүү документти жазды жана акырында боорукер француз аял кол койгондон кийин экинчи күбө болгон Лори кол коёрдо көрсөтмөк болуп, бекитип койду. Күн жаап тургандыктан, тоту кушту шерик кылып алды да, чоң бөлмөлөрдүн биринде ойномок болуп жогору чыкты. Бул бөлмөдө эски көйнөктөр илинген шкаф бар болчу, Эми бул жерден Эстердин уруксаты менен өзү сүйгөн парча көйнөктү кийип, күзгүнүн алдында келишкен реверанстарды жасар эле. Бүл күнү ушунчалык берилип кеткендиктен Лоринин коңгуроо какканын да, акырын кирип карап турганын да туйган жок. Желпүүр менен желпинип, көк парча көйнөккө анча коошо бербеген чоң кызыл чалманы чалынып ары-бери басып турду. Туфлинин такасы бийик болгондуктан абайлап басканга туура келди жана кийин Лори айтып бергендей, жандай баскан тоту куш да аны туурап, башын кекирейте кыйкырып жүрүптүр:
— Сулуу бекенбиз? Жогол, каракчы! Жаагыңды бас! Мени өөп койчу, алтыным! Ха! Ха!
Күлкүсүн араң тыйган Лори эшикти кагып киргенде, Эми аны жакшы тосуп алды.
— Отуруп бир аз дем ал, мен сени менен бир олуттуу маселе боюнча кеңешейин деп турам,- деди Эми, жанагы келишкен көйнөгүн көрсөтүп, тоту кушту камагандан кийин. – Бул куш башка түшкөн бир азап болду,- деди ал башындагы кызыл тоону алып жатып. – Кечээ жеңем үргүлөп кеткенде мышыктай болуп тынч отурсам, бул кыйкырып-өкүрүп, капаста туйлай баштады. Барып карасам, капаска бир килейген жөргөмүш кирип кетиптир. Аны алып ыргытсам, шкафтын түбүнө кирип кетти, тоту куш артынан барып, эңкейип карады да, көзүн кысып: «Ойноп келбейлиби, алтыным!»- деп атпайбы. Каткырып ийсем, тоту куш сөгүнө баштады, анан жеңем ойгонуп кетип, экөөбүздү урушту.
— Анан эмне болду? Жөргөмүш чалдын сунушун кабыл алдыбы?- деп сурады Лори, эстеп.
— Ооба, чыкты эле тоту куш жүрөгү түшүп жеңемдин креслосуна чыга качты да, «Карма тигини! Карма тигини! Карма тигини!» деп кыйкыра баштады.
— Баары калп! О кудай!- деп кыйкырды тоту куш, Лоринин ботинкесин чокулап.
— Эгер меники болсоң, мойнуңду кайрып коймокмун, карыган шайтан!- деп кыйкырды Лори, ага муштумун кезеп. Тиги болсо башын кыйшайтып, олуттуу чарылдады:
— Кудайга шүгүр! Топчуларыңды кудай жалгасын, алтыным!
— Мына, мен даярмын,- деди Эми, көйнөк шкафты жаап, чөнтөгүнөн бир барак кагазды алып жатып. – Сен муну окуп чык да, баары туура жана мыйзамдуу экенин айт. Мен мунун керек экенин сезип турам, анткени ар нерсе болушу мүмкүн жана бейитимде жаман ойлор болушун да каалабайм. Лори эптеп эрдин тиштеди да, бир аз бурулуп, абдан олуттуу жана туура жазылган төмөнкү документти окуй баштады:
Менин акыркы каалоом жана керээзим
Мен, Эми Куртис Марч, эс-акылым жайында туруп болгон мүлкүмдү калтырам – viz, б.а., атап айтканда:
Атама – эң мыкты сүрөттөрүм, эскиздерим, карталарым жана башка чыгармаларым алкактары менен. Ошондой эле 100 долларым ага толугу менен берилет.
Апама – чөнтөктүү көк алжапкычтан башка бардык кийимдерим, портретим, медальонум ысык сүйүүм менен.
Кымбаттуу эжем Маргаретке бирюза шакегими (эгер алып калсам), капкагында көгүчкөнү бар жашал кутумду, моюнга такчу торумду жана «кичинекей кызын» эстеп жүрсүн деп мен тарткан өзүнүн портретин.
Жого болсо сургуч менен желимделген брошумду, коло сыя куйгучумду (анын капкагын өзү жоготуп ийген) жана гипс коёнумду калтырам, анткени китебин өрттөп ийгениме азыркыга чейин өкүнөм.
Бесске (андан мурун өлсөм) бардык куурчактарымды, жазуу столумду, желпүүрдү, такма жакамды жана ооруп жатканда арыктап, батып калса, жаңы үй туфлимди калтырам. Карыган Жоаннаны шылдыңдап күлгөнүмө өкүнөрүмдү да билдирем.
Досум жана коңшум Теодор Лоренске папе машьеден жасалган папкамды, мойну жок экен деп сындаганына карабастан ылайдан жасалган атымды калтырам. Башыма оор күн түшүп турганда кылган жакшылыгына ыраазы болуп, каалаган көркөм чыгармасын, жакшысы Noter Dame деген чыгарманы тандап алсын дейм.
Биз урматтаган мистер Лоренске айнек капкактуу кутумду калтырам, ал карандаш, калем салганга ылайыктуу жана үй-бүлөсүнө, өзгөчө Бесске кылган жакшылыгы үчүн абдан ыраазы болуп жүрчү кичинекей кызды эске салып турат.
Сүйүктүү курбум Китти Брайант көк жибек алжапкычымды жана алтын бисер шакегимди алсын жана аны менен өбүшүп коштошом.
Ханнага алгысы келип жүргөн шляпанын картонун жана жамаачы төшөк жапкычты калтырам, алар көргөн сайын мени эске салып турсун.
Мына эми эң баалуу мүлкүмдү бөлүштүрүп бүткөндөн кийин бардыгы ыраазы болуп, артыман жаман сөз айтпайт го деп үмүттөнөм. Мен баарын кечирдим жана баарыбыз кыяматта көрүшөбүз деп ишенем. Оомийин.
Керээзге колумду коюп, мөөрүмдү бастым.
20-ноябрь Anni Domino 1861.
Эми Кертис Марч
Күбөлөр:
Эстелла Вальнор, Теодор Лоренс.
Соңку ысым карандаш менен жазылгандыктан, Эми муну сыя менен жазып, документти тиешелүү түрдө конвертке салып, мөөр басыш керек деди. — Муну эмнеден улам жаздың? Сага бирөө Бесс өзүнүн буямдарын таратып жатат деп айттыбы?- деп сурады Лори, Эми алдына бир кесим кызыл тасма, сургуч жана сыя челекти алдына койгондо.
Ал баарын айтып берип, анан кооптонуп сурады:
— Сен Бесс жөнүндө эмне дедиң?
— Муну айтпай эле койсом болмок, бирок эми оозумдан чыгып кеткен соң айта берейин. Өткөндө абалы абдан начарлаганда, Жого пианинону Мегге, мышыкты Эмиге, байкуш эски куурчакты сага калтырайын деп айтыптыр. Калтыра турган нерселери аз экенине кайгырып, калгандары менин чачымдан эстеликке алышсын, чоң атама ысык салам айткыла дептир. Бирок минтип керээз жазыш анын акылына да келбептир.
Лори муну айтып жатып кол койду да, бир тамчы жаш таамп кеткенче өйдө караган жок. Эминин кабагы бүркөлө түштү да, минтип сурады:
— Керээзге постскриптумдан кийин дагы бир нерселерди кошумчаласа болобу?
— Ооба, ал «кодицилл» деп аталат.
— Анда мындай деп кошумчала: мен өлгөндөн кийин чачымды кыркып, досторума таратып беришсин. Мен муну унутуп калыпмын. Кебетем бузулса да ушундай болсун.
Лори анын өтүнүчүн аткарды да, Эминин акыркы чоң курмандыгына күлкүсү келип жылмайып койду. Анан бир сааттай аны алаксытып, дартын угуп отурду. Бир маалда кетмекчи болгондо Эми кармай калды да, эриндери калтырап шыбырады:
— Бесс жаман болуп атабы?
— Ооба, бирок биз жакшылыктан үмүт үзбөшүбүз керек, алтыным, ыйлаба. – Анан Лори аны агасындай кучактап койду эле Эми жеңилдей түштү.
Ал кеткенден кийин Эми кичинекей чиркөөсүнө барып, кеч күүгүмдө тартынчаак эжесинен айрыла турган болсо, миллион бирюза шакек да түккө турбасын туюп, көзүнөн жашы он талаа болуп куюлуп, кудайга жалынып отурду.
ЖЫЙЫРМАНЧЫ БАП
МОЮНГА АЛУУ
Апасы менен кыздарынын кантип көрүшкөнүн сөз менен айтуу кыйын. Мындай учурларды баштан өткөрүү жагымдуу болгону менен баяндап берүү кыйын болгондуктан, аны окурмандар өздөрү элестетип алышсын. Мен болгону үй бакытка мелт-калт толгонун жана Мегдин үмүтү ишке ашып, Бесс узак уйкудан көз ачканда эле кичинекей розаны жана апасынын жүзүн көрдү. Таң калганга да алы келбей, апасынын кучагында жылмайып, эңсегени келгенин туюп жатты. Анан кайра уктап кеткен соң, кыздар апасын чечиндире башташты, анткени Бесстин илмийген арык колдору уктап жатып да апасыныкын коё бербей койду.
Карбаластаган Ханна сонун тамак даярдап жиберди, Мег менен Жо тарбия көргөн жаш илегилектердей болуп апасына тамак беришип, апаы болсо атасынын ал-абалын, мистер Брук Вашингтондо атасын карап калганын, жолдогоу бороондон улам поезд кечиккенин, кыжалат болуп, чарчап станцияга келгенде Лорини көрүп жеңилдей түшкөнүн айтып отурду.
Бул күн ушунчалык таң калыштуу, ошол эле учурда ушунчалык жагымдуу да болду. Биринчи кардан улам эшикти карасаң көз уялат, үй ичинде жымжырт бейкуттук, анткени уйкусуз түндөн кийин баары уктап жатышты. Бир гана үргүлөгөн Ханна эшиктин жанында отурду. Оор жүктөн кутулган Мег менен Жо бороон-чапкындан кутулуп, мемиреген булуңга кирген кемедей жандары жай алып жатышты. Миссис Марч Бесстин жанынан жылбай чоң креслого отуруп көзү илинип кетсе да, кымбат буюмун кайра сатып алган немедей улам барып кызын карап коюп жатты.
Бул учурда Лори Эмиге жетип барып, бардык окуяны ушунчалык сонун кылып айтып берди эле, Марч жеңе үргүлөп кетип, айтылуу «мен айткамын» дегенин да айта албай калды. Эми өзүн ушунчалык жакшы кармады, менимче, кичинекей чиркөөдөгү «жакшы ойлор» өз натыйжаларын бере баштады окшойт. Ал дароо көз жашын аарчып, улгайган леди Лоринин Эми өзүн «мыкты кичинекей айым» катары көрсөттү деген сөзүнө чын дилинен кошулганда да бирюза шакек жөнүндө ойлонгон жок. Ал турсун бул тоту кушка да таасир эткендей болду, анткени ал Эмини «жакшы кыз» деп, «топчуңду кудай жалгасын», «эшикке чыгып ойноп кел» дегенин да унуткан жок. Күн ачыкта ойноп келмекчи болду, бирок Лори канчалык билдирбейин дегени менен чарчаганынан жыгылайын деп турганын байкап, апама кат жазганча жата тур деп диванга жаткырды. Кат жазып бүтүп келсе, Лори колун жазданган бойдон чалкасынан түшүп уктап атыптыр, ал эми Марч жеңе шторду жаап коюп отуруптур.
Бир аздан кийин бул кечке чейин ойгонбойт го деп корко башташты, балким, ошондой болмок беле, ким билсин, бирок эшиктен апасын көрө койгон Эминин кубанычтуу чыңырыгынан улам ойгонуп кетти. Ошол күнү шаарда жана шаардын чет-жакасында бактылуу кыздар көп эле болсо керек, бирок апасынын тизесине отуруп алып, болгон арыз-муңун айтып, апасы болсо улам жубатып, эркелетип отурган Эмидей бактылуу кыз болбосо керек. Экөө кичинекей чиркөөгө да барышты, буга апасы эч кандай каршы болгон жок.
— Тескерисинче, бул мага абдан жагат, алтыным,- деди ал чаң баскан теспени, кичинекей китепчени жана дубалдагы жашыл чырмоок орогон кооз сүрөттү карап туруп. – Кандайдыр бир нерсеге кыжалат болуп же кыйналып турганда, өзүң жалгыз боло ала турган жериң болгон жакшы да, бул жакшы идея. Бул жашоодо кыйналган учурлар көп эле болот, бирок жардам сурай турган жерди билсек, ар кандай кыйынчылыкты жеңебиз. Менимче, кызым, сен да муну түшүнө баштаган окшойсуң.
— Ооба, апа, үйгө баргандан кийин чоң гардеробдон бир бурч даярдайм да, китептерими коюп, бул сүрөттүн өзүм тарткан көчүрмөсүн илип коём. Аялдын бети анча окшобой калды, абдан сулуу болгондуктан ойшоштура алгыдай эмесмин, ал эми бала жакшыраак болду, мен аны абдан жакшы көрөм. Анын да бала болгону мага абдан жагат, анткени ушундан улам Ал жакындай сезилет жана мунун өзү мага жардам берет.
Кудай эненин тизесинде күлүп отурган бала Христосту көргөзгөндө, миссис Марч анын колунан бир нерсени байкап, жылмайып койду. Ал эч нерсе деп айткан жок, бирок Эми бул көз карашты түшүндү да, бир аз арсар болуп туруп, олуттуу түрдө кошумчалады:
— Мен сага айтайын деп унутуп калыпмын. Жеңем бул шакекти бүгүн берген. Өзү чакырып өптү да, колума салып, сен менин сыймыгымсың, меникинде биротоло калсаң жакшы болот эле деп айтты. Шакек түшүп калбасын деп мына бул күлкүлүү нерсени да берди. Мен муну дайым тагынып жүргүм келет. Мүмкүнбү, апа?
— Абдан кооз экен, бирок менимче, муну тагынганга сага али эрте, Эми,- деп жооп берди миссис Марч анын сөөмөйүндөгү көк таштуу шакекти карап туруп.
— Мен көйрөң болбогонго аракет кылам,- деди Эми. – Менимче, бул мага кооз болгон үчүн эле жаккан жок. Мен муну баягы аңгемедеги кызга окшоп бир нерсени эске салыш туруш үчүн тагынып жүргүм келет.
— Марч жеңеникинде жүргөнүңдүбү?- деп сурады апасы күлүп.
— Жок, мен өзүмдү гана ойлобошум керек экенин. – Эми муну чын дилинен айтып, түрү да абдан олуттуу болгондуктан, апасы күлгөнүн токтотуп, анын кичинекей планын кунт коюп укту.
— Мен акыркы убактарда өзүмдүн кемчиликтерим жөнүндө көп ойлондум. Алардын эң чоңу өзүмчүлдүгүм экен, эми мен колуман келишинче аракет кылып, андан кутулбасам болбойт. Бесс өзүмчүл эмес, ушунусу үчүн баары аны жакшы көрүшөт жана айрылып калабызбы деп коркушат. Эгер мен ооруп калсам, анын жарымындай да кыйналышмак эмес, анткени өзүм да ушуга татыктуумун. Бирок мен көптөгөн досторум мени сүйүшүн каалайм, мени ойлоп куса болушун каалайм, ошондуктан колумдан келишинче Бесс сыяктуу богонго аракет кылам. Мен муну унутуп калышым мүмкүн, ошондуктан эске салып тура турган бир нерсе болсо жакшы болор эле. Аракет кылып көрсөм болобу?
— Албетте, бирок мен сенин бурчуңа көбүрөөк ишенем. Шакегиңди тагын да, аракет кыла бер, алтыным. Менимче, сен максатыңа жетесиң, анткени жакшы болууну чын дилден каалоо – ийгиликтин ачкычы. Мен эми Бесске барайын. Капаланба, кызым, сен тез эле бизге кайтып келесиң.
Ошол күнү кечинде, Мег атасына апасынын тынч-аман келгенин жазып жатканда Жо акырын жогору чыкты да, Бесстин бөлмөсүнө кирип, апасын көргөн соң, чачын кармалап, олку-солку болуп туруп калды.
— Эмне болду, алтыным?- деп сурады миссис Марч, колун суна ачык сүйлөшкөнгө аракет кылып.
— Мен сага бир нерсени айсамбы деп турам, апа.
— Мег жөнүндөбү?
— Кантип билип алдың?! Ооба, ал жөнүндө, майда-чүйдө нерсе болгону менен кыжалат болуп жүрөм.
— Бесс уктап атат, акырын айта бер. Баягы Моффат келген жокпу?- деп сурады миссис Марч.
— Жок, эгер ал келсе, мен эшикти жаап коймокмун,- деди Жо, апасынын бут жагына жайланыша отуруп. – Былтыр жайында Мег мээлейин Лоренстердикинде унутуп калып, кийин бирин эле алган. Ал унутулуп деле калган, бирок Тедди мээлейдин бири мистер Брукта экенин айтты. Аны дайыма жилетинин чөнтөгүнө салып жүрөт экен, бир күнү түшүрүп жиберип, Тедди шылдыңдай баштаса, Мегди жакшы көрөм деп айтыптыр. Бирок Мег жаш, өзү болсо кедей болгондуктан, айта албай жүрөт имиш. Ушул эми жакшыбы?
— Сенин оюңча, ал Мегге жагабы?- деп сурады миссис Марч, тынчсыздана түшүп.
— Кудай сакта! Мен сүйүү-пүйүү деген нерселерди такыр билбейм! – деп жиберди Жо, бир жагынан кызыгып, бир жагынан иренжигенсип. – Романдарда сүйүп калган кыздар калтырашат, кызарып-татарышат, эстери ооп жыгылат, арыкташат жана өздөрүнчө жинди боло беришет. А Мег болсо ичип-жеп, уктап эле жүрөт, мага да ал жөнүндө сүйлөп жатсам тике карайт, болгону Тедди ашыктар жөнүндө тамаша айтканда, бир аз кызара түшөт. Мен аны койдура албай койдум.
— Демек, сенин оюңча, Мег Жонго кызыкпайт турбайбы?
— Кимге?- деп ийди Жо апасына таң кала карап.
— Мистер Брукка. Мен аны азыр Жон дейм. Биз госпиталда ушинтпи айта баштадык жана бул анын өзүнө абдан жагат.
— О кудай! Сен ал тарапта болоруңду билгемин: ал атамы жакшы карады, ошондуктан Мег макул болсо, ага берип ийесиң. Кандай эки жүздүүлүк! Атамы карамыш болуп, сага жардам беримиш болуп силердин көңүлүңөрдү алган турбайбы. – Жо жини келгенинен чачын булкуп алды.
— Алтыным, ачууланба, мен сага баарын айтып берем. Жон мени менен мистер Лоренстин өтүнүчү боюнча барган жана байкуш атаңды ушунчалык абдан жакшы карагандыктан, биз аны жакшы көрбөй коё албадык. Ал Мег жөнүндө кандай ойдо экенин да жаап-жашырбай ачык айтып берди. Аны сүйөм, бирок жакшы үй алгандан кийин гана колун сурайм деп айтты. Болгону аны сүйгөнгө, ал үчүн иштегенге жана ага жакканга аракет кылганга гана уруксат бергиле деп сурады. Ал чынында мыкты жигит, мын Мегдин мынча эрте сөйкө салынышына макул боло албаганым менен аны укпай коё албадык.
— Албетте, жок, бул деген акмакчылык да! Мен бир нерсе болуп атканын билгем, сезгемин, бирок иш мен ойлогондон да жаман турбайбы. Мен Мегге үйлөнүп, ал биз менен жыргап жашай берсе, кандай жакшы болор эле.
Миссис Марч кызынын балалыгына жылмайды да, анан олуттуу түрдө мындай деди.
— Жо, мен сага ишенем жана Мегге эч нерсе айтпайсың го деп ойлойм. Жон келип, экөөнү бир байкагандан кийин ачык болот го.
— Мег анын өзү кээде айтып калчу сулуу көздөрүн бир карайт да, ошону менен иш бүтөт. Анын жүрөгү ушунчалык жумшак, бирөө телмирип карап койсо эле күнгө койгон майдай эрип кетет. Ал анын кыска жазган каттарын сеникине караганда көп окучу, мен аны айтып койсом, чымчып алган. Ага анын кой көздөрү жагат жана Жон деген жакшы ысым деп айтат. Ошентип, ал келгенде Мег аны сүйүп калат да, ошону менен бейкуттук да, тамаша да, жакшы мезгил да бүтөт. Мен мунун баарын билип турам! Алар бири-бирине ашык болуп үйдүн тегерегинде жүрүшөт, биз болсо кездешип калбайлы деп качабыз. Мег баш-оту менен ага берилип кетет да, бизди унутуп калат. Брук эптеп акча топтойт да, аны алып кетет, ошентип биздин үйдө жарака пайда болот. Жүрөгүм сыздап, эч нерсеге көңүлүм келбей калат. О кудай! Баарыбыз эркек бала болуп калсак эмне, эч кандай маселе болмок эмес!
Жо айласы кетип, ээгин тизесине койду да, Жонго жини келип муштумун кезеди. Миссис Марч улутунуп койду, Жо карай койсо, жеңилдей түшкөндөй көрүндү.
— Бул сага дагы жакпайбы, апа? Кандай жакшы! Кел, Жонго бизге кийлигишпе, Мегге эч нерсе деп айтпа дейли, ошентип, баарыбыз мурункудай бактылуу бойдон калабыз.
— Мен жөн эле улутундум, Жо. Ар бириңер өзүңөрчө үйлүү-жайлуу болосуңар жана мунун өзү табигый нерсе, бирок мен кыздарым жанымда көбүрөөк болушун каалар элем. Мег он жетиге араң чыкты, бир нече жыл өтпөй эле Жон үй сатып алат. Биз атаң экөөбүз Мег жыйырмага чыкканча күйөөгө чыкпасын же кандайдыр бир милдеттенме албасын дегенге макул болдук. Эгер алар Жон экөө бири-бирин сүйүшсө, бир аз күтүп, сезимдерин текшерип көрүшсүн. Мег абдан абийирдүүү кыз, менимче, ал кара ниеттик кыла албайт. Алтыным десе, бир жакшы кыз да! Бактылуу болсо экен.
— Сен анын байга турмушка чыгышын каалабайсыңбы?- деп сурады Жо, апасынын үнү соңунда кардыга түшкөндө.
— Акча – жакшы, пайдалуу нерсе, Жо, менин кыздарым эч качан андан кыйналбайт жана эч качан анын артынан түшпөйт деген үмүтүм бар. Жондун жагдайы жакшы болуп, кирешеси жетиштүү болуп, Мег үчүн каразга батпаса экен деп тилейм. Кыздарыма ашып-ташкан байлыкты, коомдогу атак-даңкты деле издебейм. Эгер атак-даңк жана акча сүйүү жана жакшы касиеттер менен бирге келсе, кубанып кабыл алам жана силердин байлыгыңарга сүйүнөм, бирок өз тарыйбамдан улам күнүмдүк эмгеги менен нан тапкан жупуну үйдө да суктанарлык бакыт болорун жана айрым жетишпестиктер кубанычтын даамын арттырарын билем. Мегдин жашоосун жупунудан башташына макулмун, анткени, эгер жаңылбасам, анын сүйгөн жары болот, бул болсо ар кандай байлыктан жогору турат.
— Мен баарын түшүнөм жана баарына макулмун, бирок Мегге ичим чыкпай турат, анткени Теддиге чыгып, бардар турмушта жашап өтөт го деп ойлочу элем. Ошондой болсо, эмне жаман болот беле?- деп сурады Жо, апасын жандана карап.
— Ал Мегден жаш, билесиң да,- деп баштады миссис Марч, бирок Жо анын сөзүн бузуп ийди.
— Бир аз эле да, ал улуу көрүнөт, бою да бийик, эгер кааласа өзүн чоңдордой алып жүрө алат. Анан дагы бай, колу ачык, ак көңүл жана баарыбызды жакшы көрөт. Менин пландарымдын баары бузулбадыбы.
— Мегге Лори жаштык кылат деп корком, анын үстүнө ал али токтоло элек, ишенгенге да болбойт. План түзө бербе, Жо, досторуңдун мамилесин убакыт менен алардын жүрөгүнө кой. Мындай иштерге кийлигишкен болбойт, достукту бузбаш үчүн өзүң айткан «романтикалуу былжырактарды» көп ойлой бербеш керек.
— Жарайт, бирок баары тескери кетип атканына ичим күйүп атпайбы. Оңдоп-түзөп койсо. жакшы боло беле дейм да. Чоңойбош үчүн башыбызга үтүк коюп жүрсөк бейм. Бирок кандай кылсаң да гунчалар роза болуп, мышыктын балдары мышык болуп кетип атпайбы!
— Эмне эле үтүк менен мышыкты айтып атасың?- деп сурады колуна жазган катын кармап акырын кирип келген Мег.
— Жазгандарыман айтып берип атам. Мен жатканы кеттим, жүр, Мег,- деди Жо, дароо сөздү буруп.
— Жакшы жазыпсың, болгону менден Жонго салам айтып кой,- деди миссис Марч, катты окуп чыккан соң кызына берип.
— Сен аны Жон дейсиңби?- деп сурады Мег баёо көздөрү менен апасына жоодурай карап.
— Ооба, ал бизге балабыздай болуп калды, аны абдан жакшы көрөбүз,- деп жооп берди миссис Марч.
— Абдан кубанычтуумун, анткени ал байкуш жалгыз да. Жакшы түш көрүп жат, апа. Сенин үйдө болгонуң кандай жакшы,- деди Мег.
Кызын назик өөп узаткан соң миссис Марч бир чети ыраазы болуп, бир чети кайгыргандай күбүрөдү:
— Жонду али сүйө элек экен, бирок эми сүйүп кетет да.
ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ БАП
УРУШТУРГАН ЛОРИ ЖАНА ЖАРАШТЫРГАН ЖО
Кийинки күнү эрте менен Жонун жүзүнөн сыр алдыргысы келбегени менен жаңы сыр кыйнаганы билинип турду. Мег муну байкады, бирок эч нерсе деп сураган жок, анткени эң жакшысы күтө турса, Жо өзү эле баарын айтып берерин жакшы билчү. Ошондуктан сиңдисинин унчукпай жүргөнү создугуп кеткенине таң калды, анан Жонун кекирейгенине жини келип, ал да өзүнчө кекирейип, апасына кам көрүп жүрдү. Натыйжада Жо өзү менен өзү болуп калды, анткени миссис Марч Бессти өзү карамакчы болуп, сейилдеп, чериңди жазып ал, мунун жанында отура берип бук болгондурсуң деп ойду. Эми дагы эле Марч жеңеникинде болгондуктан, Жонун Лориден башка бара турган жери жок эле, бирок аны жакшы көргөнү менен бул шайтан менин сырымды баары бир билип алат деп коркуп турду.
Мунун жөнү бар эле, анткени тигил бир нерсенин шегин билип калып, Жонун жанын койгон жок. Ар нерсени айтып алдап, коркутуп, шылдыңдап да көрдү, кайдыгер болумуш болуп да көрдү, айтпасаң кой, мен сенсиз деле баарын билем деп атып акыры Мег менен мистер Брукка тиешелүү сырды болжолдоп билип алды. Насаатчысы сырын айтпай койгонуна кыжыры келген Жо андан жакшылап өч алмак болду.
Мег бул учурда Жонун сырын унутуп, атасынын келишине даярдана баштады, бирок ушул учурда кескин өзгөрүп кетти. Бирөө сүйлөсө селт этип кетет, карап коюшса, албырып кетет, түнт тартып бир нерсеге кыжалат болгонсуп сайма сайып отура берет. Апасы сураса баары жайында деп коёт, ал эми Жодон тынчымды албачы деп кутулат.
— Бул эмне өкүм сүрүп атканын (мен сүйүүнү айтып атам) сезип атат, дароо эле ооруп калды. Биринчи белгилери бар: калтырап, жини келет, тамак жебейт, уктабай, ары-бери баса берет. Бүгүн ал которуп берген ырды ырдап жатканын угуп калдым, бир жолу аны сен айткандай Жон деп алып кызарып кетти. Эми эмне кылабыз?- деп сурады Жо бардык нерсеге бара тургандай болуп.
— Эч нерсе, болгону күтүш керек. Аны жайына кой, жакшы мамиле жасап, сабырдуу бол, атаң келгенде баары өз ордуна келип калат,- деп жооп берди апасы.
— Сага кет келди, Мег. Чаптап коюптур. Кызык, Тедди мага кат жазганда эч качан чаптачу эмес эле,- деди Жо эртеси кичинекей почтодон алып келгендерин таратып жатып.
Мег кыйкырып ийгенде, миссис Марч менен Жо өз иштери менен алек болуп жатышкан. Карай салышса, тиги катты тиктеген бойдон отуруп калыптыр.
— Эмне болду, кызым?- деп ийди апасы жетип барып. Жо катты алмакчы болду.
— Ал кат жазган эмес турбайбы! О, Жо, ушуга кантип колуң барды? – Мег бетин басып, буркурап ийди.
— Менби? Мен эч нерсе кылган эмесмин! Бул эмнени айтып атат?- деди Жо абдаарып.
Мегдин уялчаак көздөрүнөн каар төгүлүп, чөнтөгүнөн бир барак кагазды алып чыкты да, Жого ыргытты:
— Муну сен жаздың, жанагы шайтандай болгон бала сага жардам берди. Силер ушунчалык оройлукка, жамандыкка жана таш боордукка кантип бардыңар?
Жо эч нерсени уккан жок, анткени апасы экөө бейтааныш кол менен жазылган катты окуп жатышкан эле.
Кымбаттуу Маргарет!
Мен мындан ары сүйүүмдү жашыра албайм жана кайра барганча тагдырымды билишим керек. Сиздин ата-энеңиз менен сүйлөшкөнгө батына алганым жок, бирок алар бири-бирибизди кандай сүйөрүбүздү көрүп туруп каршы болбойт го деп ойлойм. Мистер Лоренс жакшы жумушка орношууга жардам берет, мына ошондо сиз, алтыным, мени бактылуу кыласыз. Туугандарыңызга эч нерсе айтпай турушуңузду өтүнөм, бирок Лори аркылуу бир үмүт шооласын билдирип коюңуз.
Сүйгөнүңүз Жон
— Ах, кичинекей шайтан десе! Апама берген убадам үчүн менден ушинтип өч алып жаткан турбайбы. Мен азыр анын катыгын колуна берип, алып келип кечирим суратпасамбы!- деп жөнөдү Жо. Бирок апасы аны токтотту да, түрү бузулуп мындай деди:
— Токто, Жо, сен адегенде өзүңдү акташың керек. Сен абдан шоксуң, буга сен да кошулсаң керек.
— Кудай урсун, апа, мен эч нерсе билбейм! Мен бул катты эч көргөн эмесмин, чын айтам,- деп безилдеп ийди Жо. Ага баары ишене түшүштү. – Эгер мен катышкан болсом, алда канча жакшыраак кылып, катты да оңдуураак жазмакмын. Мистер Брук мындай былжыраган немени жазбасын сен деле дароо түшүнмөксүң да,- деп кошумчалады ал, катты итиркейи келип ыргытып жиберип.
— Бул анын колуна окшош,- деди Мег, тиги катты колундагы менен салыштырып.
— О, Мег, сен ага жооп берген жок белең?- деп ийди миссис Марч.
— Жооп бергемин! – Мег уялганынан бетин басты.
— Мына сага! Азыр мен тигил баланы алып келейин, шыбагасын алсын. Мен аны алып келмейинче койбойм. – Жо кайра эшикке жөнөдү.
— Токто! Мен муну өз колума албасам болбой калды, анткени мен ойлогондон да жаман турбайбы. Маргарет, сен баарын төкпөй-чачпай атып берчи,- деп буйрук берди миссис Марч Мегдин жанына отуруп. качып кетпесин деп Жону да колунан кармай отурду.
— Мен биринчи катты Лоринин колунан алдым. Ал эмне жазылганын билбеген сыяктуу болуп көрүнгөн,- деп баштады Мег, жерден көзүн албай. – Адегенде чочулап, сага айтсамбы дедим, анан мистер Брукту жакшы көрөрүңдү эстеп, бир нече күн сыр кылып сактай турсам, каршы болбосо керек деп ойлодум. Мен жинди болдум: эч ким эч нерсе билбейт деп, романдардагы ушундай каттарга жооп жазган кыздарга окшоп кыялданып, эмне деп жооп жазсам деп жүрдүм. кечирип кой, апа. Мен жазамды алдым: анын бетин эч качан карай алгыс болдум.
— Сен ага эмне деп жооп бердиң?- деп сурады миссис Марч.
— Мен азырынча жашмын, апамдан эч нерсени жашыргым келбейт, атам менен сүйлөшүшүңүз керек деп эле жазгамын. Жакшылыгыңызга абдан ыраазымын, досуңуз болом, азырынча ушул дегемин.
Миссис Марч ыраазы болгондой жылмайып койду, Жо болсо алаканын чаап күлүп ийди:
— Сен укмуш акылдуу турбайсыңбы! Андан ары эмне болду, Мег? Ал эмне деп жооп жазды?
— Ал тапкыр башкача тон менен жазып, эч кандай ашыктык катын жазган эмесмин, шок сиңдиңиз экөөбүздү ушинтип шакаба кылганына бир аз өкүнөм дептир. Абдан сылык-сыпайы жазыптыр, бирок менин кандай уят болгонумду билесиңби!
Мег айласы кетип апасына ыктады, Жо болсо ары-бери басып, Лорини тилдеп жатты. Анан капыстан эле эки катты алды да, кунт коюп карап чыккан соң, кесе айтты:
— Мен Бруктун бул каттарды көргөнүнө ишенбейм. Бул каттардын экөөнү тең Тедди жазды да, сенин катыңды сактап койду. Мунун баарын менден өч алыш үчүн кылды, анткени мен сырымды айтпай койгомун.
— Сыр сактабай эле кой, Жо. Бардыгын апама айта бер, өзүңө жакшы болот. Мен да ошондой кылсам болмок,- деди Мег эскертип.
— Кудай сактасын! Мен аны апаман уккамын.
— Болду, Жо. Сен барып, Лорини ээрчитип кел, мен Мегди жубатып турайын. Мен бул иштин аягына чыгам жана буга окшогон шоктукту тыям.
Жо кеткен соң миссис Марч Мегге мистер Бруктун чыныгы сезимдерин айтып берди.
— А сен аны кандай көрөсүң, алтыным? Сен аны үй алганча күткүдөй сүйөсүңбү же азырынча эркин болгонду каалайсыңбы?
— Мен ушунчалык коркуп калдым, мындай иштер менен, балким, эч качан алек болбойм,- деп жооп берди Мег кейип. – Эгер Жон бул жөнүндө эч нерсе билбесе, ага эч нерсе деп айтпа, Жо менен Лоринин да оозун тыйып кой. Мени алдап, кыйнап, жинди катары көрүшүн каалабайм! Кандай уят болдум!
Демейде уялчаак кызынын каарданып турганын, намысына тийип коюшканын байкаган миссис Марч аны баары ушул бойдон эч ким билбей калат деп жубатты. Эшиктен Лоринин үнү угулду да, Мег бөлмөдөн чыгып кетти. Миссис Марч айыптууну өзү тосуп алды. Жо келбей коёт го деп коркуп эмнеге чакырышканын айткан эмес, бирок ал миссис Марчтын түрүн көрүп эле баарын түшүндү да, шляпасын кармалап айыптуу кишидей болуп туруп калды. Жо тышка чыгып, качып кетпесин деп эшикте кароолчудай болуп туруп калды. Ичкериде үн бир бийиктеп, бир басаңдап жатты жана жарым сааттын ичинде эмнени сүйлөшкөндөрүн кыздар билбей калды.
Кайра конок бөлмөгө киришкенде, Лори апасынын алдында ушунчалык аянычтуу болуп тургандыктан, Жо дароо кечирди, бирок сыр алдырган жок. Мег анын кечирим сураганын укту жана Бруктун бул тамаша жөнүндө эч нерсе билбей тургандыгын укканда, абдан сүйүндү.
— Мен ага өмүрүмдүн аягына чейин бир да сөз айтпайм, кыскач менен тартып да чыгара албайсың. Мени кечирип кой, Мег, эмне кыл десең, ошону кылайын,- деп кошумчалады ал жети өмүрү жерге кирип.
— Мен кечиргенге аракет кылам, бирок сеники жакшы болбой калды. Сени ушунчалык алдамчы, куу болот деп оюма да келбептир, Лори,- деп жооп берди Мег, уялып турганын билдирбегенге аракет кылып.
— Бул абдан жийиркене турган иш болду, мени менен бир ай сүйлөшпөй койсоңор да болот, бирок силер мени антип жазалабайсынар да, чынбы? – Эки колун жайып, ушинтип жалдырап турган Лорини кечирбей коюшка мүмкүн эмес эле. Мег аны кечирди, Лоринин ар кандай жазага макул болуп, басынып, уялып турганын көргөн миссис Марчтын түрү да сыр алдыргысы келбегени менен жумшарып калды.
Жо четте сыр алдырбай айыптагансып карап турду. Лори ал жакты бир-эки жолу жалжылдап карап, бирок тигинин түрүн көргөн соң артын салып туруп алды да, аягында коштошуп чыгып кетти.
Ал кеткен соң бир аз кечиримдүүрөөк болсом болмок деп өкүнүп калды да, апасы менен Мег жогору кеткенден кийин эмнегедир Теддини ойлоп жалгызсырап калды. Бир аз арсар болуп турду да, мистер Лоренске бере турган китебин алып, кошуна үйгө жөнөдү.
— Мистер Лоренс үйдөбү?- деп сурады ал жогортон түшүп келаткан кызматчы аялдан.
— Ооба, мисс, бирок ал азыр сиз менен көрүшө албайт го.
— Эмне үчүн? Ал ооруп калдыбы?
— Жок, мисс, ал мистер Лори менен катуу сүйлөштү. Чал анын сиркеси суу көтөрбөй турганына катуу ачууланды. Мен азыр ага бара албайм.
— А Лори кайда?
— Кабинетине кирип, эшигин жаап алды, каксам да жооп бербей койду. Тамакты эмне кыларымды билбейм. Баары даяр, жеген эч ким жок.
— Мен барып билип келейин. Мен эч кимисинен коркпойм.
Жо жогору чыкты да, Лоринин чакан кабинетинин эшигин катуу какты.
— Токтот, болбосо эшикти ачам да, көргүлүктү көрсөтөм! – деп коркутту жаш жентельмен ичкериден.
Жо кайра какты эле, эшик ачылды, анан Лори өзүнө келгенче, ичкери кирип кетти. Анын чындап эле жини келип турганын көрүп, эмне кыларын билбей, чөгөлөй калды:
— Кечирип кой, аябай жиним келген эле сага. Мен жарашканы келдим жана сен мени кечирмейинче кетпейм.
— Баары жакшы. Тур, Жо, кантесиң.
— Ыракмат. Эмне болгонун сурасам болобу? Сенин ачууң келип турат го дейм.
— Мени жакамдан алып силкилдетишти, мен буга чыдай албайм!- деп ыркырады Лори.
— Ким сага батынды?- деп сурады Жо.
— Чоң атам. Эгер башка бирөө болсо, мен… – Намыстанган улан оң колун кескин шилтеп койду.
— Эмне болуптур? Мен деле сени силкилдетем, эч нерсе болбой эле жүрбөйсүңбү.
— Сен деген кызсың, анын үстүнө тамашалайсың. А эркектерге мен жол бербейм.
— Сен азыркыдай түнөрүп турсаң, эч ким сага батына алмак эмес. Эмне үчүн андай болду?
— Апаң эмнеге чакырганын айтпай койгонум үчүн эле. Мен айтпайм деп убада бергемин, анан албетте, сөзүмдө турдум.
— Чоң атаңдын көңүлүн башкача кылып жайгарсаң болбойт беле?
— Жок, ага чындык керек, чындыктан башка эч нерсенин кереги жок. Эгер мен жанагы окуяны айтсам, Мегди аралаштырбай айтышым керек болчу. Бирок андай кыла албагандан кийин унчукпай сөгүүнү угуп отура бердим. Жакамдан алып силкилдете баштаганда, өзүмдү кармай албай калбайын деп коркуп качып кеттим.
— Жакшы иш болбоптур, бирок ал өзү деле өкүнүп жаткан болуш керек. Ылдый түш да, кечирим сура. Мен сага жардам берем.
— Барсам каргыш урсун! Кичинекей шоктук үчүн баары насаат окуп, басынта беришин каалабайм. Туура, мен Мегдин алдында айыптуумун жана эркек катары мен андан кечирим сурадым. Бирок азыр эч күнөөм жок туруп эле кечирим сурай албайм.
— Бирок ал эч нерсени билбейт да.
— Ал мага ишениши керек жана мага бала сыяктуу мамиле кылбашы керек. Жо, мен өзүмдү өзүм карай алам, мени аркандап отургандын кереги жок. Ал ушуну түшүнүшү керек.
— Экөөң тең кудай урган кызуу кандуу немелер экенсиңер!- деп үшкүрдү Жо. – Эми бул ишти кантип бүтүрөсүңөр?
— Ал менден кечирим сурашы керек. Айта албайм дегенден кийин түшүнүшү керек эле да.
— Койчу! Ал антпейт.
— Ал кечирим сурамайынча мен ылдый түшпөйм.
— Кой, Тедди, акылыңа кел. Муну көңүлүңө алба. Сен бул жерде өмүр бою отура албагандан кийин мындай мелодраманын эмне кереги бар?
— Кандай болгон күндө да мен бул жерде көпкө кала албайм. Бир жакка качып кетем, анан өкүнүп жатсын.
— Качып кетип аны кайгыга салганың болбойт.
— Мени үйрөтпөй эле кой. Вашингтонго, Брукка кетип калам. Ал жакта кызык, алаксыйт болушум керек.
— Жыргайт турбайсыңбы! Мен дагы кетсем кандай жакшы болмок,- деп ийди Жо борбордогу жашоону элестетип ийгенден улам өзүнүн насаатчылык ролун унутуп.
— Анда кеттик! Эмнеге болбосун? Атаңды көрөсүң, мен болсо Брукка барам. Бул сонун тамаша болот, Жо, кеттик. Баары жайында деп кат жазып таштайбыз да, кетип калабыз. Менде акча бар, сага да пайдалуу, анткени атаңды көрүп келгендин эмнеси жаман?
Бир саамга Жо макул боло тургандай болуп кетти, анткени бул план канчалык кашкөй болсо да, көңүлүнө төп келди. Күүгүм тарткан караңгы бөлмөдө оорулуу сиңдисин карап отуруп чарчаган неме кандайдыр бир жаңы нерсени каалап турду, оюна мурун көрбөгөн аскердик лагерлер менен госпиталдар, эркиндик жана көңүл ачуулар келди. Көзү жана түшүп, терезени карады эле, маңдайдагы эски үйү көрүндү. Анан ал кайгылуу түрдө башын чайкады:
— Эгер мен эркек бала болсом, экөөбүз Вашингтонго качып кетип, жыргап келмекпиз. Бирок мен бактысыз бир кыз болгондуктан, салт-санааны буза албайм. Мени азгырба, Тедди, бул планың болбойт.
— Ошонусу кызыктуу болуп атпайбы,- деп баштады Лори ээлигип.
— Токтот!- деп кыйкырды Жо, кулагын басып. – «Кылыктануу жана созулуу» — менин энчим, мен буга баш ием. Мен бул жерге сунуш укканы эмес, насаат айтканы келгемин.
— Муну Мег айтса түшүнмөкмүн, бирок мен сени эр жүрөк деп ойлочу элем,- деди Лори акырын кыйытып.
— Шайтан бала, токтот! Отур да, өзүңдүн күнөөлөрүңдү ойло, меникин да көбөйтпө. Эгер чоң атаңды кечирим суратсам, качам дегениңди коёсуңбу?- деп сурады Жо олуттуу.
— Ооба, бирок сен андай кыла албайсың,- деп жооп берди Лори. Ал жарашкысы келип турганы менен ызасын унута албай турду.
— Жашын жайгарган болсом, карысын да жайгарам,- деп күбүрөдү Жо чыгып баратып. Лори темир жол картасын караган бойдон калды.
— Кириңиз!- Жо эшикти какканда, Мистер Лоренстин ороюраак үнү демейдегиден катуураак чыкты.
— Бул мен эле,сэр. Китебиңизди алып келдим,- деп сылык-сыпаа айтты киргенде.
— Дагы берейинби?- деп сурады чал. Анын кыжыры келип турганын билдиргиси келбей жатканы сезилип турду.
— Ооба. Мага Сэм жагып калды, экинчи томун алайын,- деп жооп берди Жо. Чал сунуш кылган Босуэллдин «Жонсонунун» экинчи томун алып, анын көңүлүн алмак болду.
Жонсондун чыгармалары жана анын чыгармачылыгы жөнүндөгү китептер турган текчеге тепкичти алып келгенде, чалдын үксүйгөн кашы бир аз жайылып калган экен. Тепкичке чыгып, жогорку тепкичтен китеп издемиш болуп жатканы менен Жо өзүнүн опурталдуу максатын кантип ишке ашырышты ойлонуп жатты. Мистер Лоренс да бир нерседен шек санап калды окшойт, анткени бөлмөдө ары-бери басып туруп, күтүүсүз сүйлөп жиберди эле, колундагы «Расселас» жерге түшүп кетти.
— Бул бала дагы эмне кылып ийди? Аны актабай эле кой. Билем, ал бир нерсе кылды. Мен аны үйгө кайтып келгенде эле байкадым. Бир да сөз айттыра албай койдум. Чындыкты айтып бересиң деп силкилдетсем, жогору жакка качып кетти, бөлмөсүнө бекинип алды.
— Ал жакшы иш кылган жок, бирок биз баарыбыз аны кечирдик жана эч кимге айтпайбыз деп сөз бердик,- деп баштады Жо.
— Андай болбойт, боорукер кыздардын берген убадасына жамынган жарабайт. Эгер ал айып иш кылган болсо, мойнуна алып кечирим сурасын да, жазасын алсын. Эмне болгонун ачык айт, Жо. Мен кабардар болгонду каалайм.
Мистер Лоренстин түрү бузулуп, катуулап баратканын көргөн Жо качып кеткиси келди, бирок бийик тепкичте тургандыктан жана анын жолун тоскон арстан жерде тургандыктан, калышка туура келди.
— Чын айтам, сэр, мен сизге эч нерсе айта албайм. Апам тыюу салган. Лори баарын мойнуна алып кечирим сураган жана жазасын алган. Биз мунун баарын ал үчүн эмес, башка киши үчүн жашырып жатабыз, ошондуктан сиздин кийлигишпей эле койгонуңуз оң. Сизден суранам, мында менин да күнөөм бар. Ошондуктан муну унуталы да «Рамблер» же бир башка жагымдуу нерсе жөнүндө сүйлөшөлү.
— «Рамблер» жерге кирсин! Түш да, бул шок бала эч кандай жаман иш кылган жок деп убада бер. Эгер ушундай жакшы мамиле кылган силерге ошондой иш кылган болсо, аны өз колум менен сабайм.
Чал коркутканы менен Жо чочуган жок, анткени ачуусу чукул чал канчалык бакырып-өкүргөнү менен небересине кол тийгизбей турганын жакшы билчү. Ал жерге түштү да, Мегди аралаштырбай, колунан келишинче чындыктан да алыстабай баарын айтып берди.
— Гм, эгер ал көктүгүнөн эмес, берген убадасынан улам унчукпай койгон болсо, мен аны кечирем. Бул бала абдан көк, тилин табыш кыйын,- деди мистер Лоренс чачын сылап. катаал жүзү да жумшаргансып, жеңилдегенсип калды.
— Мен да ошондоймун, бирок жакшы сөз айтып койсо эле жибип кетем,- деди Жо бир чатактан чыгып келип эле экинчисине кабылган байкуш досуна жардам бергиси келип.
— Сенин оюңча, мен ага жакшы мамиле кылбайт турбаймбы, ушундайбы?- деп өкүм сурады чал.
— О кудай, жок, сиз тескерисинче кээде өтө эле ак көңүл болуп кетесиз, бирок кээде жиниңизге тийгенде чыдабай кететесиз. Сиз буга макул эмессизби?
Жо ишке киришейин деп калды. Жанагы сөзүн айтып жатканда үнү бир калтыраганы менен сыр алдырган жок. Чал Жону таң калтырып, көз айнегин столго таштап жиберди да, чын дилинен айтты:
— Сен туура айттың, кызым! Мен аны жакшы көрөм, бирок ал өзү өтө эле эркелеп кетет. Ушинте берсе, эмне менен бүтөт, билбейм.
— Эмне менен бүтөрүн мен билем. Ал качып кетет. – Жо айтарын айтып ийип өкүнүп калды.
Ал болгону Лоринин чектөөгө чыдай албасын эскертип, балага жумшагыраак мамиле керек экенин эле айтайын деген. Бирок мистер Лоренстин кызарган өңү өзгөрө түштү да, столдун үстүндө илинип турган келишимдүү кишинин сүрөтүн карап отуруп калды. Ал Лоринин атасы болчу жана жаш кезинде чын эле үйдөн качып кетип, өкүм чалдын тилин албай үйлөнүп алган экен. Чал эми өткөндү эстеп кайгырат, айтпай эле койбой деп өкүнүп калды.
— Ал таптакыр чыдабай калганча андай кылбайт, окуудан чарчаганда ушинтип коркутуп калат. Мен өзүм да кээде, өзгөчө чачымды алдырып таштагандан бери качып кетким келет. Эгер бир күнү бизди таппай калсаңар, эки бала жоголду деп кулактандыруу берип, Индияга кетчү кемелерден издей бергиле.
Ал ушуну айтып күлүп ийди. Мистер Лорен болсо тамашалап жаткан экен деп көңүлү жайлана түштү.
— Сен, шайтан кыз, кантип сүйлөшүп жатасың? Сый-урмат деген, тарбия деген кайда? Ой, ушул балдар менен кыздар! Бала эмес эле балээсиңер, бирок силерсиз да болбойт,- деди ал эркелете бетинен чымчып. – Бар эми, тиги баланы алып кел, баары жайында, трагедия кылбай эле кой деп айт. Мен ага чыдай албайм.
— Ал келбейт, сэр; сиз анын сөзүнө ишенбей койгон турбайсызбы, ошого абдан жаман болуп атат. Менимче, сиздин силкилдеткениңиз ага өтө оор тийиптир.
Жо тигинин зээнин кейитейин деп аракет кылган эле, бирок болбой калды окшойт, анткени мистер Лоренс каткырып күлүп жиберди. Жо жеңгенин билди.
— Кап, жаман болгон турбайбы, ал мени силкилдетип ийсе болмок экен. Бул бала эмнени каалайт экен деги? – Чал ачуусу чукулдугунан бир аз уялгансып турду.
— Мен сиздин ордуңузда болсом, жазуу түрүндө кечирим сурайт элем. Ал кечирим сурамайынча ылдый түшпөйм, Вашингтонго качып кетем деген сыяктуу бирдемелерди айтып атат. Формалдуу түрдө кечирим суроо анын жөн эле жинди болуп атканын түшүндүрөт да, көңүлү жайланып түшүп келет. Аракет кылып көрүңүз, ал тамашаны жакшы көрөт, анын үстүнө айткандан көрө жазган жакшы да. Мен катыңызды алып барып берип, эмне кылышы керектигин түшүндүрөм.
Мистер Лоренс аны кунт кою карады да, көз айнегин тагынган соң, жай айтты:
— Ах шайтан кыз десе, мунун куулугун көр. Макул эми Бесс экөөңөр мени өзүңөр эле билесиңер. Кагаз бер, бул ишти бүтүрөлү.
Кат бир жентельмендин көңүлүн катуу ооруткан жентельмен жазгандай таризде жазылды. Жо мистер Лоренстин кашка башынан өптү да, жогору чыгып, катты Лоринин эшигине кыстарып, колунан келишинче жакшы кеңеш бермекчи болду эле, эшик жабык экен. Катты кыстарып, акырын ылдый түшүп келатканда, жаш жентельмен перила менен зуулдап түшүп, төмөндөн ыраазы боло тосуп тосуп алды.
— Сен кандай мыкты баласың, Жо! Сени да уруштубу?- деп сурады ал күлүп.
— Жок, урушкан деле жок.
— Ах! Акыры кутулдум. Сен дагы мени карабай койгонуңан мен баарына даяр болуп калдым эле,- деп баштады ал айыптуудай.
— Антип айтпа. Баракты ач да, башынан башта, Тедди уулум.
— Мен мурун дептеримди булгагандай эле улам бир баракты булгап алып атпаймбы. Мунун аягы болбойт окшоп калды,- деди ал кейип.
— Бар, тамактансаң, жеңилдеп каласың. Эркектер ачка болгондо наалый беришет. – Анан Жо чоң эшикти көздөй кетти.
— Сен мени «дискирдитация» кылып атасың,- деп жооп берди Лори Эмини туурап. Анан чоң атасы менен тамактанганга барды. Тигил болсо сыр алдырбай, абдан сылык мамиле кылып калыптыр.
Бардыгы бул иш бүттү, каптап келаткан кара булут тарап кетти деп ойлошту, бирок Мегдин эсинен чыкпай калды. Ал бирөөнү айтпаганы менен тез-тез ойлой бере турган болду. Жо бир жолу эжесинин столун марка издеп аңтарып жатып «Миссис Маргарет Брук» деп жазылган кагазды таап алды да, онтоп ийип, кагазды дароо отко салды, бирок Лоринин шоктугу өзүн кайгырта турган күндү жакындатып койгонун туйду.
ЖЫЙЫРМА ЭКИНЧИ БАП
БАКТЫЛУУ ШАЛБАА
Кийинки бейкут жумалар бороондон кийинки ачылган күндөй болду. Ооругандар тез эле сакая башташты жана миссис Марч жаңы жылдын башында атаңар келип калат го деп айта баштады. Бесс кабинеттеги диванда жатып алып, адегенде мышыктары менен алаксып жатты, анан бара-бара кароосуз калган куурчактары менен алек боло баштады. Анын мурунку тыпылдаган буттары алсыз болуп калгандыктан, Жо күн сайын эшикке көтөрүп чыгып, таза абадан эс алдырып жүрдү. Мег апапакай колдорун булгап жана күйгүзүп, «сүйгүнчүк» сиңдиси үчүн тамак жасап жүрдү, ал эми өз ыктыяры менен шакекке кул болгон Эми келери менен болгон мүлкүн эжелерине таратып берди.
Рождество жакындап, майрам алдындагы сырлар пайда боло баштады. Жо бул Рождество абдан көңүлдүү болсун деп өтө эле киши ишенгис сунуштарды айтып жатты. Лори болсо ишке ашпай турган долбоорлорду сунуш кылып, от жагып, фейерверк уюштуралы, салтанаттуу арка жасайлы деп үгүттөй баштады. Кызыл кекиртек болгончо талашып-тартышып, пландары четке кагылгандан кийин бул экөө үмүтү үзүлүп, бирок экөө жалгыз калганда боорлору эзилгенче күлүп да жүрүштү.
Рождествонун алдында күн сонун болуп мемиреп турду. Ханна «сөөк-саагым абдан жакшы боло турганын» айтып жатат деп көзү ачык немедей айткан экен, чынында эле ошондой болду. Баарынан мурун мистер Марчтан жакында барам деген кат келди, анан Бесс өзүн абдан жакшы сезгендиктен, апасы белек кылган кызыл жүн капотту кийип алып, Жо менен Лоринин тартуусун көргөнү терезеге барды. «Азоолор» деген атка конгон бул экөө чын эле атына татыктуу болуп түнү менен күлкүлүү сюрприз даярдап коюшуптур. Бакта керилген кар кыз бир колуна мөмө-жемиштер менен гүлгө толгон себет, экинчи колуна жаңы ноталарды кармап туруп калыптыр. Муздак ийинине кооз жүн жоолук жамынып алыптыр, оозунда болсо кызыл кагаз вымпелге жазылган Рождество ыры турат:
ЮНГФРАУ БЕССКЕ
Рождество күнү тоолордон салам!
Дарыя болуп аксын
Сага, менин Элизабетим,
Ден соолук менен тынчтыгың.
Мына нота, кайгы качсын,
Мына мөмө, мына гүл.
А бул болсо жүн жоолук
Буттарыңды ороп жүр.
Жоаннанын портрети
Элдин баарын суктандырат.
Биздин жаңы Рафаэль
Өнөрү менен өргө чабат.
Балмуздак сунат сага
Татынакай Мег.
Муздай болуп жаркырайт ал
Алыскы тоодон келдим деп.
Көк тасма менен
Мышыктын куйругун кооздо.
Кааласаң мойнуна так,
Өзүң бил, өзүң оңдо.
Көкүрөгүм толо сүйүү
Ал эми атым баёо.
Сүйүү менен тоо кызын сунат
Лори менен Жо.
Аны көргөндө Бесс ушунчалык сүйүндү, Лори безген тейден барып, белектерди алып келди да, Жо аларды берип жатып аябай күлкүлүү сөздөрдү айтты.
— Атам гана жок, ал болгондо толук бактылуу болот элем,- деди Бесс ыраазы боло улутунуп. Жо аны катуу толкундангандан кийин бир аз эс алсын жана «Юнгфрау» жиберген жүзүмдүн даамын татсын деп кабинетке алып барды.
— Мен дагы,- деп баш ийкеди Жо, көптөн күткөн «Ундина жана Сантрам» жаткан чөнтөгүн чапкылап.
— Албетте, мен дагы,- деп кайталады Эми, апасы белек кылып берген кооз алкактуу гравюраны – балалуу мадоннаны кунт коюп карап.
— Мен дагы!- деп ийди Мег, өзүнүн биринчи жибек көйнөгүн сылап. Муну мистер Лоренс болбой жатып белек кылган эле.
— А менде башка сезим болушу мүмкүнбү?- деди миссис Марч жадырап. Анан күйөөсүнүн катын бир карап алган соң Бессти карады да, азыр эле кыздары төшүнө таккан ак саргыл, сапсары, кара күрөң жана кара чачтардан жасалган брошканы сылап койду.
Кээде бул көңүлсүз, зериктирме дүйнөдө жомок сыяктуу кермет окуялар болуп калат жана алар бизди кандай сүйүндүрөт. Баары бир тамчы гана бакыт жетишпей турганын айтып чыккандан жарым саат өтпөй эле ал тамчы да тамды. Лори конок бөлмөнүн эшигин ачты да, акырын башбакты. Анын түрү азыр эле сальто жасап ие тургандай же индеецтердин согуштук ураанын чакырып ие тургандай болуп өрөпкүп, бирок үнү гана кубанычтан кабар бергендей калтырап чыкты:
— Марчтардын үй-бүлөсүнө дагы бир Рождество белеги бар!
Лори ушуну айтып эле кайра жок болуп кетти да, анын ордуна көзүнө чейин оронуп-чулганган бийик бойлуу бир киши дагы бир бойлуу кишиге колтуктатып кирип келди. Анан эле опур-топур, чаң-будуң түшүп жатып калды. Мистер Марч жанындай жакшы көргөн төрт кучактын ичинде калды. Жо уят болду: эсинен тана түшүп, Лори араң эсине келтирди. Мистер Брук эмнегедир Мегди өөп алды да, көпкө чейин актанды. Адатта керилип-чоюлган Эми отургучка чалынып жыгылды да, өйдө турайын деп убара болбостон эле атасынын өтүгүн кучактап, көз жашын төгүп ийди. Миссис Марч биринчи болуп эсине келди да, колун көтөрүп эскертти: «Тынчыраак! Бесс бар эмеспи!»
Бирок кеч болуп калган эле. Кабинеттин эшиги ачылып, босогодо кызыл халат пайда болду да, бутунда араң турган Бесс түз эле атасынын кучагына боюн таштады. Андан кийинкисин айтпай эле коёлу: жүрөктөр толкуп-ташып, мурунку кайгы-капанын баары жуулуп, азыркы таттуу кез гана калды.
Анан колундагы семиз үндүгүн кармаган бойдон ашканадан чуркап келип, ыйлап турган Ханнаны көргөндө баары каткырып күлүштү. Күлкү бир аз басылганда, миссис Марч күйөөсүн жакшы карап, алып келгени үчүн мистер Брукка чын дилден ыраазы экенин айтты, мистер Брук болсо мистер Марч эс алышы керек экенин айтып, Лори экөө шашылып чыгып кетишти. Эки оорулууну жаткырышты да, жанына отуруп узун сөзгө киришти.
Мистер Марч күтүүсүз келип таң калтырайын дегенин, анан күн жакшы болуп тургандыктан доктор уруксат бергенин жана мистер Бруктун кандай берилип кызмат кылганын, дегеле абдан мыкты жигит экенин айтып отурду. Анан бир аз унчукпай калып, отту көсөп калган Мегди бир карады да, анан аялын сынагандай карап койду. Миссис акырын баш ийкеди да, күйөөсүнөн бир нерсе жегиң келбейби деп сурады. Жо апасынын көз карашынан эле баарын түшүндү да, шарап менен уй этинен жасалган шорпо алып келмек болуп чыгып баратып күбүрөндү: «Мен ошол кой көз жигитти жек көрөм!»
Бул күнкүдөй Рождество тамагы болгон эмес. Ханна алып келген кызарып бышкан, ичи толтурулган семиз үндүк карап эле отургандай эле. Кайналы пудинг, килкилдектер да сонун болуп, Эми балды сезген чымындай аларды айланчыктап жүрдү. Ханна сүйүнгөнүнөн үндүктүн ичине жүзүм салбай, пудингди бир аз өткөрүп ийипмин деп актанып жатты.
Мистер Лоренс небереси жана мистер Брук менен келди. Жо мистер Брукту түнөрө карап, Лори болсо абдан көңүлдүү отурду. Столдун төрүндөгү эки креслодо Бесс атасы экөө отурушту жана тоок эти менен мөмө-жемиштерден аз-аздан жеп жатышты. Баары тост айтышып, аңгемелешип, ырдашып, өткөн-кеткен окуяларды эстешип, абдан жакшы отурушту. Чана тебели деген пландары бар эле, бирок кыздар атасынын жанынан чыккылары келген жок. Коноктор эрте эле кетишти, анан бактылуу үй-бүлө от тегеректеп өздөрүнчө калышты.
— Бир жыл мурун Рождествону күтүп кайгырып отурганбыз, эсиңердеби?- деп сурады Жо, бир топко сүйлөшүп отургандан кийинки тынымды бузуп.
— Жалпысынан жакшы эле жыл болду,- деди Мег. Ал отту карап, мистер Брук менен сыр алдырбай сүйлөшкөнүнө кубанып отурган.
— Менимче, бир топ эле кыйын жыл болду,- деди Эми, жаркыраган шакегин ойлуу карап.
— Мен абдан сүйүнүп атам, анткени сен келбедиңби,- деп шыбырады атасынын тизесинде отурган Бесс.
— Силер бир топ эле оор жолду басып өттүңөр, менин кичинекей пилигримдерим, айрыкча акыркы бөлүгү кыйын болду окшойт. Бирок силер баарын көтөрдүңөр, менимче, мындан ары жүгүңөр жеңилдеп калат,- деди мистер Марч өзүн тегеректеген кыздарынын жүзүн ыраазы боло карап.
— Сен кантип билип алдың? Апам айттыбы?- деп сурады Жо.
— Жок, бирок мен өзүм бүгүн өзгөрүүлөр болгонун байкадым.
— О, айтып берчи!- деп кыйкырды Мег, атасынын жанына отуруп.
— Анын бири мына. – Анан атасы креслону кармап турган Мегдин колун алды да, туурулган манжаларды, күйгөн жерин жана алаканындагы эки-үч такты көрсөттү. – Менин эсимде, бул колдор апапакай жана жупжумшак болчу жана сен муну абдан жакшы карачусуң. Анда бул колдор абдан татынакай эле, бирок мага азыр андан да татынакай көрүнүп турат, анткени бул колдор көп нерсени айтып турат. Бул күйүк менен манчыркоо да кошо күйүп жок болуптур, бул чор баскан алакан өз ээсине ыйлаакчадан алда канча чоң нерсени бергенин көрүп турам. Канча жолу ийне кирген бул манжалардан чыккан буюм бышык болоруна ишенем, анткени ага канча аракет сарпталган. Мег, алтыным, мен аялдын чеберчилигин абдан жогору баалайм, анткени үйдүн бактысы ушуга жараша болот. Ушул жакшынакай мээнеткеч колду кыса кармап турганыма сыймыктанам жана муну сурагандар кечирээк келсе экен деп үмүттөнөм.
Атасынын эркелете колун кысып, тиктеп турушу Мег үчүн узакка созулган оор эмгегинин сыйлыгындай сезилди.
— А Жо? Аны да мактап койчу, ал абдан аракет кылып, мени да жакшы карап жүрдү,- деп шыбырады Бесс атасына.
— Чачы кыска болгонуна карабастан, бир жыл мурунку «Жо уулумду» тааныбай турам,- деди мистер Марч. – Мен жакасын түз тагынган, батинкесинин боосун тыкан байлаган, ышкырбаган, кераяк сөздөрдү сүйлөбөгөн жана мурункудай болуп килемде оонап жатпаган жаш ледини көрүп турам. Узун түндөрү уктабай, кыжалат болгондуктан, арыктап, өңү кубарып турат, бирок аны караган жагымдуу, анткени жумшарып, үнү ичкерип, секирбей, чоюлупкалыптыр жана кичинекей сиңдилерин караганын көрүп суктанып турам. Мага мурунку азоо кызым жетишпей турат, бирок анын ордуна күчтүү, пайдалуу жана боорукер кыз алып, ыраазы болуп турам. Билбейм, биздин кара козубуз, балким чачын кырктыргандан кийин жоошуп калгандыр, бирок бүтүн Вашингтондон менин боорукер кызым берип жиберген жыйырма беш долларга татый турган бир да кымбат буюм таба алган жокмун.
Атасынын мактоосун угуп жатып Жонун көзү караңгылай түшүп, арык жүзү албырып чыкты жана буга татыктуу экенин туйду.
— Эми Бесс жөнүндө,- деди Эми өзүнө кезек келишин күтүп.
— Ал уялганынан биротоло жок болуп кетеби деп коркуп турам, бирок андай деген менен ал мурункудай уялчаак болбой калыптыр,- деп көңүлдүү баштады атасы. Бирок андан ажырап кала жаздагандарын эстей коюп, кызын бекем кучактады, бетин бетине басты: — Сен аман калдың, кызым, буюрса, эми сени көздүн карегиндей сактайбыз.
Бир мүнөтчө унчукпай калды да, анан жапыс отургучта отурган Эминин чачынан сылап, мындай деди:
— Мен байкап турсам, Эми түшкү тамакта үндүктүн бутун алды, кечке чейин апасынын тапшырмаларын аткарып жүгүрүп жүрдү, оттун жанындагы ордун Мег эжесине бошотуп берди жана бардыгына жардам берип жүрдү. Мындан тышкары, таарынбаганын, күзгүгө каранбаганын, кооз шакек тагынып жүрүп ал тууралуу бир сөз да айтпаганын байкадым. Ошентип, өзүн азыраак, башкаларды көбүрөөк ойлогонду үйрөнүптүр, мүнөзүн өзүнүн кичинекей ылай оюнчуктарындай эле ийлеп, бышырып жаткан экен деген жыйынтыкка келдим. Мен буга кубанам, анткени жашоону башкалар үчүн да, өзү үчүн да кооздой турган таланты бар кызым бар экен. Анын татынакай айкелдери менен сыймыктануу деле мен үчүн жетиштүү болмок.
— Эмнени ойлонуп атасың, Бесс?- деп сурады Жо, Эми атасына ыракмат айтып, шакектин окуясын айтып бергенден кийин.
— Мен бүгүн «Пилигримдин саякатынан» Христиан менен Ишенимдүү көп сыноолордон өткөндөн кийин жыл бою лилиялар гүлдөй турган ажайып жашыл шалбаага келип, азыркы биздей болуп жыргап эс алган жерин окудум,- деп жооп берди Бесс, анан атасынын кучагынан акырын чыгып, пианиносуна бармакчы болуп жатып кошмчалады:
— Ырдай турган маал келди, мен өз ордума барайын. Пилигримдер уккан малчынын ырын ырдап берейин. Мен атайын музыка чыгаргамын, анткени бул ыр атама жагат.
Анан Бесс кичинекей сүйүктүү пианиносуна отуруп, клавиштерди назик басып, өзү чыгарган музыканын коштоосунда түбөлүккө укпай кала жаздаган үнү менен таң каларлык гимнди ырдай баштады:
Коркпойт кулагандан төмөндөгү,
Жупуну жан-дили бар көөдөндөгү.
Күмөн саноо тааныш эмес аларга
Ишенгени бир Кудайы, жөлөгү.
Жаратканым, ушунуңа ыраазымын,
Тагдырыма сен берген карыздармын.
Бул дүйнөдө өкүнбөймүн эч нерсеге
Ыраазымын сен менен калсам дайым.
Алар бир карапайым пилигрим
Байлык – жүк, жууйт алар колдун кирин.
Шаан-шөкөткө, дүнүйөгө карабайт,
Жыргалы Теңирдин азгырат ар бирин.
ЖЫЙЫРМА ҮЧҮНЧҮ БАП
МАРЧ ЖЕҢЕ МАСЕЛЕНИ ЧЕЧТИ
Эртеси күнү миссис Марч кыздары менен энесин айланып учкан аарылардай болуп мистер Марчты тегеректеп, баарын таштап коюп аны карап, сөзүн тыңшап жатышты жана ал турсун жүдөтүп да жиберишти. Туш-тарабына жаздык коюлган Бесстин жанындагы креслодо үч кызынын курчоосунда отурганда Ханна анда-санда башбагып, «кымбаттуу кожоюнду» карап коюп жатты. Мына бакыт деп ушуну айт десе болор эле. Бирок бир нерсе жетишпей тургандай болду жана эч ким мойнуна алгысы келбегени менен чоңдор муну туюшту. Мистер жана миссис Марч Мегдин көз карашын байкап, тиктеше түшүп атышты. Жо капысынан эле түнт тартып калды, ал турсун мистер Брук унутуп кеткен кире бериштеги кол чатырга муштумун кезеп жатканын да көрүштү. Мег болсо өзүнчө эле ой басып, унчукпай, коңгуроо кагылган сайын селт дей түшүп, Жондун атын айтканда, кызарып кетип жатты. Эми: «Баары бир нерсени күтүп, тынч ала албай жатышат, кызык, атам үйдө, айыгып баратпайбы»,- деди, ал эми Бесс болсо кошуналардын мурункудай көп келбей калганына таң калып жатты.
Түштөн кийин үйдүн жанынан өтүп бараткан Лори терезеден Мегди көрдү да, мелодрама ойноп ийди: карга тизелей калып, көкүрөгүн ургулап, чачын жулуп, колун жайып бир нерсени сурап жалдырагандай болду, Мег токтот дегенден кийин жүзаарчысы менен жащын сүрүмүш болуп, темтеңдеп басып кетти.
— Бул акмак бала эмнени көрсөткүсү келди?- деп сурады Мег сыр алдырбай күлүп.
— Ал сенин Жонуңду көрсөтүп атат. Ичиң эзилип кеттиби?- деди Жо жини келип.
— «Сенин Жонуң» дебе, бул уят жана андай эмес. – Мегге «сенин Жонуң» деген сөз жага түшкөндөй болду. – Жо, сен жөн эле мага асыла бербечи, ал мага анча деле жакпайт деп айтпадымбы, башка айта турган эч нерсе деле жок, биз мурункудай эле дос бойдон кала беребиз.
— Баары бир мурункудай болбой калды, баягы Лоринин жоругунан кийин сен өзгөрүп калдың. Муну апам экөөбүз тең байкап жүрөбүз. Мен сени тажатпайм, баарына эркектей чыдайм, бирок баары ачык, так болушун каалайм. Күткөндү жинимдей жаман көрөм, ошондуктан бир нерсе кыла турган болсоң тезирээк кыл, бул ишти бүтүрөлү,- деди Жо кыжыры келип.
— Мен сага эч нерсе деп айта албайм дагы, бир нерсе кыла албайм дагы. Ал да азыр бир нерсе деп айта албайт, анткени атам мени азырынча өтө жаш деп коюптур,- деп баштады Мег сайма сайып жатып. Анын таң каларлык жылмайышынан улам атасынын пикирине макул эместиги билинип калды.
— А эгер ал сөз айтса, «жок» деп кесе айткандын ордуна жооп бере албай ыйлап иесиң же кызарып кетесиң, же анын эркине баш иесиң да.
— Мен сен ойлогондой акылсыз, эрксиз эмесмин. Мен эмне деп айтышты билем, баарын ойлонуштурдум жана баарына даярмын. Эмне болорун билбейм, бирок баарына даяр болууну каалайм.
Жо Мегдин олуттуу боло калган жүзүн, албыра түшкөн бетин крүп жылмайбай коё албады.
— Мүмкүн, сен айта турган жообуңду мага айтарсың?- деп сурады Жо, бир аз сыпайыланып.
— Албетте, айтам. Сен он алтыга чыктың, мага сырдаш болсоң болот жана менин тажрыйбам кийин мындай иштерде сен үчүн да пайдалуу болуп калышы мүмкүн.
— Мен мындай иштерди каалабайм. Башкалардыкын карасаң кызык, бирок мен өзүмдү жиндидей сезмекмин,- деди Жо коркуп кетип.
— Эгер сага бирөө жакса, ал да сени жактырса, андай болбойт,- деди Мег өзүн айтып жаткансып. Анан жайдын күндөрү кечке күүгүмдө ашыктар сейилдечү жолду карап калды.
— Сен тиги кишиге айта турган жообуңду айтайын деп атпадың беле. – Жо эжесинин кыялын бузуп ийди.
— О, мен жөн гана минтип айтам: «Ыракмат, мистер Брук, сиз абдан жакшы адамсыз, бирок мен да атамдын оюна кошулам: мен кандайдыр бир милдеттенме алганга али жашмын, ошондуктан бул сөздү коёлу да, дос бойдон жүрө берели».
— О, бир топ токтоо жана суз жооп экен. Бирок мен сенин ушинтип айтарыңдан шегим бар жана ушинтип айтсаң эле тигинин тынчып каларына да ишенбейм. Ал китептердеги каармандардай болуп өжөрлөнө баштаса, аны капа кылып албайын деп макул болосуң да.
— Жок, макул болбойм. Мен ага менин чечимим өзгөрбөйт деп айтам да, зыңкыйган бойдон башка бөлмөгө чыгып кетем.
Мег ушуну айтып, кантип чыгып кетерин бир көрөйүн дегенче эшиктен бирөөнүн келатканын угуп кайра ордуна отура калды да, саймасын мурдагыдан да тезирээк сая баштады. Анын дароо өзгөргөнүн карап турган Жо күлкүсүн араң тыйды да, эшик кагылганда, мисирейген түрү менен ачты.
— Саламатсыңарбы? Мен кол чатырыма келдим эле… жок, атаңардан кабар алайын деп кирип калдым,- деди мистер Брук экөөнү алмак-салмак уялыңкы карап.
— Абдан жакшы, ал кийим илгичте турат, азыр алып келем, сизди келди деп айтам. – Анан атасы менен кол чатырды аралаштыра жооп айткан Жо Мег баягы даярдаган сөзүн айтып, өзүнүн намыстуулугун көрсөтсүн деп акырын бөлмөдөн чыгып кетти.
Бирок Мег сиңдиси чыгып кетери менен эшик жакка капталы менен жылып күбүрөдү:
— Апам сиздин келгениңизге кубанат. Отуруңуз, мен аны чакырып келейин.
— Кетпеңиз. Сиз менден коркосузбу, Маргарет? – Мистер Брук ушунчалык кайгылуу караганынан улам Мег одоно бир нерсе кылып койдум окшойт деп ойлоду да, көкүлүнө чейин кызарып кетти. Ал мурун эч качан аны Маргарет деп айткан эмес, бирок өзүнүн аты анын оозунан ушунчалык жагымдуу угулганына таң калды. Анан жайдары көрүнгүсү келип, колун сунду да, ыраазычылыгын билдирди:
— Атама жакшылык кылган кишиден кантип коркмок элем. Мен сизге абдан ыраазымын.
— Муну кантип айтса болорун көрсөтөйүнбү?- деди мистер Брук Мегдин кичинекей колун кош колдоп кармап. Анын кой көздөрү сүйүп карап турганын көргөн Жонун жүрөгү титиреп, бир жагынан качкысы, бир жагынан эмне айтарын уккусу келип кетти.
— О, жок, кереги жок… жөн эле коюңузчу,- деп күбүрөдү ал колун алганга аракет кылып.
— Мен сиздин тынчыңызды албайм, болгону билгим келет: мен сизге бир аз болсо да жагамбы, Мег? Мен сизди ушунчалык сүйөм,- деп назик айтты мистер Брук.
Баягы ачык жоопту айта турган мезгил азыр болчу, бирок Мег аны айта алган жок; даярдап алган сөздөрүнүн баарын унутуп, башын төмөн салды да: «Билбейм»- деп акырын айтты. Байкуш Жон муну эңкейип атып араң укту.
Бирок абдан ыраазы болгондой жылмайды да, Мегдин бойтойгон колун кыса кармап, мындай деп ынанымдуу айтты:
— Сизден суранам, чынын айтыңыз. Мен ушунчалык билгим келет! Менин эмгегимдин сыйлыгы болобу же болбойбу, муну билмейинче мен жан дилим менен иштей албайм.
— Мен али жашмын,- деп араң айтты Мег, өзүнүн ушунчалык толкундап жатканына таң калып.
— Мен күтөм, а сиз мени сүйгөндү үйрөнгөнчө күтөм. Бул кыйын сиз үчүн сабак болобу?
— Жок, эгер мен үйрөнгөндү кааласам кыйын деле болбойт, бирок…
— Сизден суранам, Мег, каалаңызчы. Мен үйрөткөндү жакшы көрөм, а бул болсо немис тилинен жеңил болот,- деди Жон, экинчи колун кармап. Анан эңкейип Мегдин жүзүн карады.
Анын үнү жалдырагандай чыкты, бирок Мег акырын караса, көзүндө назиктик менен бирге шоктук, өз жеңишине ишенгендик да бар экен. Муну көргөн соң жыйрыла түштү. Баягы Энни Моффаттын наздануу жөнүндөгү насааты эсине түштү да, кичинекей айымдардын эң жакшысында да боло турган бийлик эңсөөсү ойгонуп, бүт эркин бийлеп кетти. Ал эмне кыларын билбей толкундап, колун тартып алды да, кесе айтты:
— Мен каалабайм. Сизден өтүнөм, чыгып кетиңиз да, мени жайыма коюңуз.
Байкуш мистер Брук кыялындагы сепили башына кулап түшкөндөй болду, анткени Мегдин мындай түрүн мурун көрбөгөндуктөн, эндирей түштү.
— Сиз чын айтып атасызбы?- деп сурады ал артынан ээрчий кооптонуп.
— Ооба. Мен мындай сөздөр менен тынчымды алганды каалабайм. Атам айткандай, азырынча өтө эрте жана кереги да жок.
— Бирок кийинчерээк ойлонуп көрөт го деп үмүт кылсам болобу? Мен күтөм жана сиз ойлонгончо, эч нерсе айтпайм. Мени менен ойнобоңузчу, Мег. Мен сизди мындай деп ойлободум эле.
— Мен жөнүндө такыр ойлобоңуз. Мен аны каалабайм,- деди Мег өзүн сүйгөн кишини кыйнаганына жана өзүнүн бийлигине ыраазы болуп.
Ал романдардагы өзү суктанган каармандардай болуп олуттуу тартып, кубарып турду, бирок алардай болуп маңдайын бир чаап, бөлмөдө ары-бери жүгүргөн жок. Болгону Мегди ушунчалык кайгылуу, ушунчалык назик карап турду, муну көргөн Мегдин жүрөгү өзү каалабаса да жумшара түштү. Мунун аягы кандай болот эле, ким билет, бирок ушул учурда бөлмөгө аксаңдап Марч жеңе кирип калды.
Карыган леди сейилдегени чыгып Лориге жолугуп калыптыр да, мистер Марчтын келгенин угуп, учурашайын деп келиптир. Үйдөгүлөр үйдүн артында өз иштери менен алек болуп жаткандыктан, таң калтырайын деп акырын кириптир. Бул экөөнү ушунчалык таң калтыргандыктан, Мег арбак көргөн немедей чочуп кетти, мистер Брук коңшу бөлмөгө кире качты.
— Кудай сакта, мынча эмне болду?- деп сурады карыган леди таягы менен полду дүңк дедире уруп, бир кубарган жаш жентельменди, бир жаш ледини карап.
— Бул – атамдын досу. Сизди көргөнүмө абдан таң калдым!- деп араң айткан Мег азыр тигинин насаат окуй турганын сезди.
— Таң калганың көрүнп турат,- деп жооп берди Марч жеңе отуруп атып. Атаңдын досу сен пион сыяктуу кыпкызыл болуп кеткидей эмне айтты? Мында бир нерсе болуп жаткан окшойт, кана, мага баарын төкпөй-чачпай айтып бер. – Кайра таягы менен полду дүңк дедире бир койду.
— Биз жөн эле сүйлөшүп отурганбыз. Мистер Брук унутуп кеткен кол чатырын алганы келген экен,- деп баштаган Мег мистер Брук менен кол чатыры аман-эсен үйдөн кетип калгай эле деп ойлоп койду.
— Брук? Жанагы баланын мугалимиби? Аа, эми баары түшүнүктүү болду. Мен баарын билем. Жо бир жолу атаңдын ал жөнүндө жазганын окуп берген, анан мен баарын айтырып алгамын. Бирок сен анын сунушун кабыл алган жоксуң да, кызым, ушундайбы?- деп сурады Марч жеңе кыжыры келгендей.
— Акырын, угуп калат. Апамды чакырайынбы?- деп жиберди чочулаган Мег.
— Коё тур. Мен сага бир нерсени айтып, жеңилдеп алайын. Айтчы, сен ушул Кукка турмушка чыгайын деп атасыңбы? Эгер андай кылсаң, менин акчамдан бир тыйын да албайсың. Акылдуу бол да, ушуну эсиңден чыгарба,- деп баса айтты карыган леди.
Чынын айтыш керек, Марч жеңе абдан уялчаак адамдардын да карама-каршы сезимдерин ойготконго уста болчу. Биздин ар бирибизде өзүм билемдик бар жана жаш кезде, өзгөчө ашык болуп турган мезгилде көбүрөөк болот. Эгер Марч жеңе Жон Бруктун сунушуна макул бол деп жалынса, Мег ал жөнүндө ойлогум да келбейт, уккум да келбейт деп коймок. Бирок азыр аны сүйбө деп буйрук бергенде, аны сүйөм деп чечти. Жактыруу менен өжөрлүк бул чечимге өбөлгө болду да, Мег карыган ледиге айыгыша каршылык көрсөттү.
— Мен өзүмө жаккан кишиге турмушка чыгам, а сиз болсо акчаңызды каалаган кишиңизге калтыра бериңиз,- деди ал башын тик көтөрүп.
— Мына сага! Менин кеңешимди ушундай кабыл алат турбайсызбы ээ, мисс! Кепеден бейиш издеп, мурудуңа суу жеткенде өкүнүп калып жүрбө.
— Өкүнсөм, чоң үйдөгүлөрчөлүк өкүнөрмүн,- деп каяша айтты Мег.
Марч жеңе көз айнегин тагынды да, аны кунт коюп карады, анткени мындай түрүн мурун көргөн эмес эле. Ал турсун Мег өзү да ушунчалык эр жүрөк экенине, Жонду, өзүнүн сүйүү укугун коргоп жатканына таң калып турду. Марч жеңе ишти башкача баштасам болмок экен деп ойлоду да, башкача аракетке өттү:
— Мег, алтыным, акылыңа кел да, менин сөзүмө кулак сал. Мен сага жакшылык гана каалайм, олуттуу жаңылыштык кетирип, жашоосун бузуп албаса экен дейм. Сен жакшы күйөөгө чыгып, үй-бүлөңө жардам беришиң керек; сенин милдетиң – бай күйөө табуу, сен муну билүүгө тийишсиң.
— Атам менен апам андай ойлобойт. Алар кедей болсо да Жонду жакшы көрүшөт.
— Сенин ата-энеңдин турмушка көз карашы, алтыным, эки баланыкындай эле.
— Мен ошого кубанам!- деп кесе айтты Мег. Марч жеңе буга көңүл бурбай, акыл-насаатын уланта берди:
— Бул Рук кедей жана анын бай туугандары да жок, ушундайбы?
— Ооба, ошондой, бирок анын жакын достору көп.
— Жакын достордун эсебинен жашай албайсың – башыңа келгенде көрөсүң, алардын баары четтеп калат. Анын жакшы кызматы же орду да жок, ушундайбы?
— Азырынча жок. мистер Лоренс жардам берем деп жүрөт.
— Анын достугу көпкө созулбайт. Жеймс Лоренс — өз билгенин кылган чал, ага ишенгенге болбойт. Демек, сен акчасы жок, коомдогу орду же кирешелүү иши жок бир немеге турмушка чыкканы жатасың, кийин азыркыдан көбүрөөк иштейсиң. Менин тилимди алсаң, өмүрүңдүн аягына чейин жыргап жашамаксың. Мен сени акылдуу деп ойлочу элем, Мег.
— Жашоомун жарымын күтүп өткөрсөм да, мындан жакшысын таба албайм. Жон ак көңүл жана акылдуу, ар кандай таланттары бар, ал эмгекке даяр жана, албетте, ийгиликке жетишет, анткени ал жигердүү жана эч нерседен тартынбайт. Аны баары жакшы көрүшөт жана сыйлашат, мен анын сүйгөнүнө сыймыктанам, анткени кедеймин, жашмын жана акылсызмын,- деди Жо кызууланып. Азыр ал мурункудан да сулуу болуп турду.
— Ал сенин бай туугандарың бар экенин билет, балам, анын сүйүүсүнүн сыры ушул эле.
— Ушуну кантип айтып атасыз, жеңе? Жон андай пас киши эмес, эгер сиз минтсеңиз, сөзүңүздү укпайм!- деп кыйкырып жиберди Мег. – Менин Жонум акча үчүн үйлөнбөйт, мен да акча деп күйөөгө чыкпайм. Мен кедейликтен коркпойм, анткени азыркыга чейин кедей болсом да бактылуу жашап келдим жана аны менен да бактылуу болом, анткени ал мени сүйөт жана мен…
Ушул жерге келгенде Мег али эч нерсе чечиле электигин, жана эле «өзүнүн Жонуна» жайыма коюңуз деп айтканын эстей калып унчукпай калды.
Марч жеңенин абдан ачуусу келди: байкуш кыз бактылуу болсо экен десе, карабайсыңбы эми. Жаш кыздын бактылуу жүзүн көргөн карыган леди бир жагы өкүнүп, бир жагы кыжыры келип турду.
— Болуптур, мен эми буга экинчи кийлигишпейм. Сен, ээнбаш кыз, эмнеден куржалак калып жатканыңды түшүнбөй турасың. Жок, мен бул жерде кала албайм. Сен менин үмүтүмдү алдап кеттиң, атаң менен да учурашкым келбей калды. Күйөөгө чыкканда, менден эч нерсе күтпө. Сага мистер Бругуңдун достору жардам бере берсин. Мен сенден биротоло кол үздүм.
Анан көңүлү калган Марч жеңе эшикти тарс жаап кетип калды. Аны менен кошо Мегдин баатырдыгы да кеткендей болду: ал ыйларын же күлөрүн биле албай дендароо болуп туруп калды. Анан өзүнө келгенче эле мистер Брук келди да, аптыгып сүйлөй баштады:
— Мен баарын угуп турдум, Мег. Мага болушканыңызга ыракмат, мени сүйөрүңүздү далилдегенге жардамдашканы үчүн Марч жеңеге да ыракмат.
— Сизди кордой баштаганга чейин өзүм да билген эмесмин,- деп баштады Мег.
— Эми мен кетпей эле бактылуу болуп кала берсем болобу, алтыным?
Так кесер жоопту айтып туруп, бөлмөдөн салтанаттуу чыгып кетиштин дагы бир ыңгайы келди, бирок Мег булардын бирин да ойлобой, Жонун көзүнчө түбөлүккө уят болуп: «Ооба, Жон»,- деп шыбырады да, мистер Бруктун жилетине бетин катты.
Марч жеңе кеткенден он беш мүнөт кийин Жо акырын ылдый түштү да, конок бөлмөнүн эшигинде көз ирмемге токтой калып, үн чыкпаган соң, баш ийкеп жылмайды да: «Аны өзү айткандай кылып жөнөтүп жиберген окшойт. Иш бүттү. Эми бир күлөлү».
Бирок байкуш Жо күлө алган жок, анткени шиктен кирип эле көзү кандай чоң ачылса, оозу да ошондой ачылып калды. Жеңилген душманын шылдыңдап, чечкиндүү эжесин куттуктайм деп кирген неме таптакыр карама-каршы нерсени көрдү: жанагы душман диванда жайылып отуруптур, ал эми чечкиндүү эжеси ага баш ийген таризде анын тизесинде экен! Жо үстүнө бир чака муздак сууну куюп ийген немедей аптыгып кетти. Анын таң каларлык үнүн уккан ашыктар бурулуп, аны карап калышты. Жо айткандай «тигил киши» күлүп жиберди да, Жону бетинен өөп, мындай деди:
— Жо, бизди куттуктаңыз!
Бул өтө аша чапкан кордук болгондуктан, Жо чыдай албай колун силкти да, үн-сөзсүз жок болду. Жогору учуп чыгып, оорулуулар жаткан бөлмөгө атып кирди да, баарын коркутуп кыйкырып ийди:
— О, тезирээк! Ылдый түшкүлөчү! Жон Брук акмактык кылып атса, Мегге ошол жагат экен!
Мистер жана миссис Марч шашкан бойдон кетишти, ал эми Жо керебетке жатып алып ыйлап да атты, тилдеп да атты, Бесс менен Эмиге жаман кабарды айтып да атты. Бирок сиңдилери бул окуяны жагымдуу жана кызыктуу деп эсептешкендиктен, алардан эч кандай колдоо болгон жок. Ошондуктан чердакка чыгып кетти да, арыз-арманын келемиштерге айтты.
Ошол күнү кечинде конок бөлмөдө эмне болгонун кыздар билишкен жок, бирок көп сөз болуп, демейде жоош мистер Брук досторун чечендиги жана жигердүүлүгү менен таң калтырып, өз пландарын айтып, аларды кантип аткарарына баарын ынандырып жатты.
Мистер Брук Мег үчүн жарата турган бейишти айтып бүткөнчө чайга коңгуроо кагылды да, ал Мегди сыймык менен столго алып барды. Экөө ушунчалык бактылуу көрүнгөндүктөн, Жо кызгана албай калды. Эмиге Жондун махабаты жана Мегдин шаңдуу көрүнүшү абдан катуу таасир этти. Бесс ашыктарды алыстан жылмая карап, мистер жана миссис Марч жаштарга ыраазы боло карап отурушту, сыягы, Марч жеңе «Сенин ата-энеңдин турмушка көз карашы, алтыным, эки баланыкындай эле» деп бекеринен айткан эмес окшойт. Баары ьамакты аз жешкени менен абдан бактылуу болуп, эски караңгы бөлмө жаркырап, үй-бүлөдөгү биринчи махабат окуясы болуп жатты.
— Эми сен биздин үй-бүлөдө эч качан жагымдуу нерсе болбойт деп айпайсың да, ээ Мег,- деди Эми тарта турган сүрөтүндө сүйүшкөндөрдү кандай жайгаштырарын ойлонуп жатып.
— Жо, айтпайм. Мен аны айткандан бери канча нерсе өзгөрдү! Сыягы, ал былтыр болсо керек эле,- деп жооп берди кыялында нан жана май сыяктуу көнүмүш нерселерден өтө бийикте жыргап жүргөн Мег.
— Бул жолу кайгылар тез эле кубанычка айланып кетип жатат жана менимче, өзгөрүүлөр башталды,- деди миссис Марч. – Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө окуяларга бай мезгилдер болот, бул жыл биз үчүн ошондой болду, бирок эч нерсеге карабастан, жакшылык менен аяктады.
— Кийинки жыл жакшыраак аяктаса экен,- деп күбүрөдү Жо. Мегдин «чоочун бирөө» бирөө менен жыргап отурганы азыраак гана кишилерди сүйүп, алардын сүйүүсүн жоготкондон аябай корккон Жого оор тийди.
— А мен эң бактылуу жыл үч жылдан кийин болот деп ишенем. Буюрса, пландарым аткарылса, так ошондой болот,- деди мистер Брук Мегге жылмайып. Анын кебетесине караганда, эми ал үчүн мүмкүн эмес нерсе жок сыяктуу эле.
— Узак эмеспи?- деп сурады үйлөнүү тоюн тезирээк көргүсү келген Эми.
— Мага өз чарбамды жүргүзгөндү үйрөнүш үчүн көп убакыт керек, ошондуктан бул мөөнөт мага узак деле сезилбейт,- деп мурун байкалбаган суктанарлык олуттуулук жооп берди Мег.
— Сен күтүшүң гана керек, калганын мен өзүм жасайм,- деди Жон, Мегдин түшүп кеткен майлыгын алып берип жатып. Муну көргөн Жо башын чайкады да, сырткы эшик ачылганын угуп, жеңилдей түштү: «Мына, Лори келатат. Эми жөндүү бир нерсе угабыз».
Бирок Жо жаңылыптыр, анткени Лори шадыраңдап кирип келди да, «миссис Маргарет Брукка» абдан сонун букет берип, бардыгы менин мыкты жетекчилигим менен жакшы аяктады деген жаңылыш ойдо экенин айтты.
— Мен Бруктун баарын ойлогондой кыларын билгемин. Ал бир нерсени ушундай болот деп чечсе, асман кулап түшсө да ошондой болот деп эсептей бериш керек,- деди ал белегин берип, куттуктагандан кийин.
— Мындай рекомендация үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен муну бактылуу көз ачыктык катары кабыл алам да, сени дароо эле үйлөнүү тоюна чакырам,- деп жооп берди мистер Брук бардык адамзатка, анын ичинде шок окуучусуна да ичи элжиреп.
— Мен жердин түбүнөн болсо да келем. Андай окуяга Жонун кебетесин көрүш үчүн эле келсе болот. Сиздин маанайыңыз майрамдагыдай эмес, мэм, эмне болду?- деп сурады Лори бардыгы карыган мистер Лоренс келгенин көрүп утурулай басышканда.
— Бул нике мага жакпайт, бирок мен көндүм жана бир дагы каршы сөз айтпайм,- деп билдирди Жо салтанаттуу түрдө. – Мегди ага бериш мен үчүн кандай оор экенин билбейсиң да,- деди ал үнү бир аз каргылданып.
— Сен аны берген жоксуң, экөөңөр тең бөлүп алдыңар,- деди Лори аны жубатып.
— Эми баары бир мурункудай болбойт. Мен эң жакын досумдан айрылдым,- деп улутунду Жо.
— Кандай болгондо да жаныңда мен бармын. Билем, көп нерсеге жарабайм, бирок, Жо, сени менен өмүрүмдүн аягына чейин бирге болом. Чын айтам! – Лори муну чын дилинен айтты.
— Мен билем жана терең ыраазымын. Сен мени дайыма жубатасың, Тедди,- деп жооп бердиЖо досунун колун кысып.
— Эми сен көп эле капа боло бербе. Көрүп турбайсыңбы, баары жайында. Мег бактылуу, Брук дароо бир жерге орношот, чоң атам ага жардам берет. Мег өзүнүн кичинекей үйүндө жүргөнүн көргөндө жыргап күлөт болушубуз керек. Биз да сонун жашайбыз. Ал кеткенден кийин көп өтпөй эле мен университетти бүтүрөм да, экөөбүз чет өлкөгө барып келебиз. Бул сени жубатпайбы?
— Жубатат, бирок ким билет үч жылдын ичинде эмне болуп кетерин,- деди Жо ойлонуп.
— Аның чын. Сен келечекке башбагып, кимизбидин кайда болорубузду көргүң келеби? Мен көргүм келет,- деди Лори.
— Жок, анткени ал жакта кайгылуу нерсе болушу мүмкүн, азыр болсо баары бактылуу. Аларга мындан да жакшы болоруна ишенбейм. – Жо бөлмөнү кыдырата карап чыгып, кабагы ачыла түштү, анткени көрүнүш абдан жагымдуу болчу.
Атасы менен апасы жыйырма жыл мурун башталган романдарынын биринчи бабын эстеп жыргап отурушат. Эми эки ашыктын сүрөтүн тартып жатат, тигилер болсо өздөрүнчө дүйнө болуп обочо отуруп алышкан, жүздөрү жайнайт, кичинекей сүрөтчү аны тарта албай убара. Бесс диванда эски досу мистер Лоренс менен сүйлөшүп отурат, ал тигинин кичинекей колун жол көрсөтчү немедей кармап алган. Жо өзүнө баарынан сонун жараша турган олуттуу, сабырдуу түрү менен өзүнүн сүйгөн жапыс креслосунда чалкаоап отурат. Креслонун аркасына таянган Лори анын тармал чачына ээги тие тургандай болуп турат жана экөө көрүнүп турган күзгүгө карап, башын ийкеп жадырап жылмаят.
Ушул жерден көшөгө жабылат да, Мег, Жо, Бесс жана Эми көрүнбөй калат. Анын кайра ачылышы «Кичинекей айымдар» аттуу үй-бүлөлүк драманын биринчи актысынын кандай кабыл алынарына жараша болот.

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ