ГАПАРОВ Мурза: МУРЗА ГАПАРОВ: НАТАША РОСТОВАНЫН БИРИНЧИ БАЛЫ

АҢГЕМЕ

Кыздын эртели-кеч тою түшөт. Эчак эл көзүнөн жашырын берилген калың алынган. Сеп даярдалган. Азыр мейманкана аталган кошуна бөлмөдө айылдын чебер деп таанылган кыз-келиндери шашылыш түрдө анын кийип кетүүчү кийим-кечесин тигишип, дагы бир башка бөлмөдө билерман аялдардын тобу кудагыйларга кандай сарпай кийгизүү жөнүндө сагызгандарча шакылыктап жатышат.

Бирок кыз, кыздын өзү болсо… ушулардын баарысын унутуп коюп, ээн калган кичинекей ашканада, жанараакта эле өзү жууп, жыйнаштырган казан-аяктардын арасындагы, дайыма чака коюлуп жүрүүчү дөңгөчтүн үстүнө олтуруп алып, тамдын артындагы коюу бакка караган алакандай терезенин күңүрт жарыгында «Согуш жана тынчтыкты» окуп олтурат. Бирок ал, өзүнүн ушул олтурушун да унутуп койгон. Азыр ал, 1809-жылдын 31-декабринде, эртең жаңы жыл деген кечте, кандайдыр Екатерина заманындагы вельмождукунда болуп жаткан балда жүрөт. Бул жерге ал Наташа Ростова деген, өзү курактуу жапжаш, сүйкүмдүү кыздын үй-бүлөсү менен кошо келген.

О, бул балда, ал, кандай гана ажайыптарды көрүп жатпады! Кыпкызыл сукно төшөлгөн подъезд, жаркыраган залдар, эки четине гүлдөр тизилген тепкичтер, ак, көк, кызгылтым көйнөк кийишип, жылаңач колдору менен моюндарына бриллиант, каухар таккан аялдар, мундирчен, жылдыз, лента тагынган эркектер… Бирок али эң кызыгы баштала элек. Азыр бул жерге падышанын өзү келмек.

Мына эмесе!.. баары дүрбөй түшүп, эл кобур-собур болуп, алга жүткүнүп, анан кайра чегинди да, экиге бөлүнө түшкөн элдин ортосуна, күү черткен музыканын табышы менен кошо падыша кирип келди. Падышанын артынан үйдүн эрди-катын ээси кирди. Жолугушуунун биринчи минутасынан тезирээк кутулайын дегенсип, падыша оңго, солго башын ийкеп, ылдамдай басты. Музыканттар, атайы жазылган сөзү боюнча, ошол кезде белгилүү болгон польскийди ойноду. Ал ыр мындай сөздөр менен баштала турган: «Александр, Елизавета, кубанычыбыз силерсиңер»[1]. Падыша мейманканага кирип кетти да, топураган калк артынан кошо сүрдүктү: өңү өзгөргөн бир нече киши ал жакка шашыла кирип, кайра чыкты. Үйдүн байбичеси менен сүйлөшө, падыша мейманкананын эшигинен көрүнгөндө, эл кайра сүрдүктү. Кайсалаган бир жигит аялдардын бутун басып алып, кечирим сурады. Жогорку чөйрөнүн каадасын такыр унутуп койгондой кейиптенген, өздөрүнүн туалетин бузган бир нече аял сыгылып алга чыгып кетти. Эркектер дамаларынын жанына келип польскийди бийлөө үчүн жуп-жуптан тизиле баштады.

Баары жол бошото берди да, падыша күлүмсүрөп, үйдүн байбичесинин колунан кармап, мейманкананын эшигинен такт менен басып чыкты. Бий башталды. Бал кызыды.

Мына ушул учурда эртели-кеч тою түшө турган кыз, өзүнүн сүйкүмдүү курбусу Наташанын «польскийди бийлөөгө чакырылбай, дубал жакка сүрүлүп чыга берген анча-мынча аялдардын катарында калганын» байкап калды. Анын Наташага зээни кейиди. Бечара Наташа… Бул анын өмүрүндөгү эң биринчи чоң балы болучу. О, бул балга барам, бул балда бийлейм деп кандай гана сүйүндү эле. «Ошо күнү ал эртең мененки саат сегизде туруп, керели-кечке жаны жай таппай, безгек болгон» эмедей жүрбөдү беле? Эми болсо…

«Наташа өзүнүн чилмийген ичке колдорун салаңдатып, бир калыпта көтөрүлүп жаткан, билинер-билинбес көкүрөгү менен демин кыса чыгарып, эң зор кубанычка да, эң зор кайгыга да даяр болуп, коркуп алган жалжылдаган көздөрү менен алга карап турду». Аны падыша да, башка кадырлуу кишилер да кызыктырган жок. «…Анын башында бир гана ой болду. «Чын эле мага эч ким басып келбейби, биринчи болуп бийлегендер менен кошо чын эле бийлебей каламбы, азыр мени көрмөксөн болгон, көрсө да: а баягы кыз эмес го; караганда эмне! дегенсиген мына бу эркектердин баары чын эле мени байкабай коюшабы. Жок, андай болушу мүмкүн эмес!»— деп ойлоду ал. «Менин бийлегим келип турганын, эң сонун бийлей турганымы, мени менен бийлешсе, кумарлары кана тургандарын эркектер билүүгө тийиш да».

Бир кыйлага созулган польскийдин үндөрү Наташанын кулагына муңдуу угула баштады. Анын ыйлагысы келди. Бечара…

Кокусунан, эртели-кеч тою түшө турган кыздын бажырайган капкара көздөрү жашка толуп чыкты. Тамгалар эми таанылбай, бардыгы бири-бирине окшошуп, жол боюна тигилген катар теректер сыяктанган карарган бир нерселерге айланды.

Кыз башын көтөрдү. Көзүнүн жээктеринен ашып-ташып чыгып жаткан ысык жаштан улам, ансыз да караңгылашып бараткан ашкананын ичи кандайдыр терең үңкүргө окшоп көрүндү. Андагы буюмдардын бирөө да көзгө илээшпеди.

Кыз көзүн бекем жумуп, узун-узун, коюу кирпиктеринин арасынан жашын сыгып чыгарып жиберип, үйдү жарытуу үчүн өйдө турду.

Терезенин ары жагындагы картаң өрүктөрдүн арбайган капкара шактарынын арасынан кыпкызыл тегерек ай көтөрүлүп келатыптыр. Кыз аны бир топко кыялдуу карап туруп, анан акырын ак сурптан тигилген парданы тартып койду. Бак да, ай да көрүнбөй калды. Андан бетер караңгылаша түшкөн ашкананын дубалынан көпкө сыйпалап жатып кнопканы тапты да, аны чык эттире басып коюп, кайра ордуна отурду.

Ал балга дагы келди. Наташа дале мурдагы ордунда — бийлөөгө чакырылбай, дубал жакка сүрүлүп ташталган аялдардын катарында турат. Бирок кокусунан, капалыктын түнөргөн булутунан кубанычтын күнү чыга келди. Наташа бийге чакырылды! Князь Андрей ага вальстан бир тур бийлөөнү сунуш кылды. Белгилүү князь Андрей Болконский!

«Азапка да, кубанычка да даяр турган Наташанын жалдыраган өңү бактысына ыраазы болгон Даланыкындай жайнай түштү.

Бийлебей калбагай элем деп коркуп, ыйлаганы турган кыз кубана күлүңдөп князь Андрейдин ийнине колун койгондо: «Сени көптөн бери күтүп тургам»— деп жаткандай сыяктанды.

А эртели-кеч тою түшкөнү жаткан кыздын көздөрү болсо кайрадан жашка толду. Тамгалар дагы көрүнбөй калды. Ансыз да жүрөгү кубанычка толуп чыккан кыз, окуй албастан, башын көтөрдү. Бул жолу ал көзүн жуумп, жашын сыгып таштоого ашыккан жок.

Ушинтип турганда, ашкананын картаң эшиги ачуу кычырап, тыштан жоош-момун жүзү бар, жаш келин кирип келди. Бул — кыздын жеңеси болучу.

— Жеңе! — деп кыйкырып жиберди кыз, аны көрүп. — Наташаны бийге чакырышты!

Жеңеси кайынсиңдисинин кубанычтан минтип кыйкырганын көп күндөн бери биринчи жолу угушу болучу. Бирок анын эмнеге кубанып жатканын түшүнгөн жок. «Наташаны бийге чакырышты!» деген кабар ага эчтекени билдирбеди.

Ошентсе да, кайынсиңдисинин бактылуу жүзүн көрүп, анын кубанычын бөлүшкүсү келди окшойт, өзүнүн тартынчаак, ажардуу жылмаюусу менён жылмая, басаң, уккулуктуу үнү менен:

— Наташа дегениңиз ким болот, кыз? — деп сурады.

Бирок кыз ага түшүндүрүп отурган жок.

— Ой-ей, жеңе, ушу сиз такыр китеп окубайсыз да,— деп нааразы болду ал.

Жеңеси күнөкөр жылмайды.

— Окуганды билбесем, кантип окуюн, кыз?—деди ал.

— А неге билбейсиз?

— Мен сизге окшоп сегизинчи классты бүтпөсөм…

— А неге бүтпөдүңүз?

— Ой кыз, сиз бала бойдон элесиз да,— деп жылмайды жеңеси. — Мени окутушпаса, кантип бүтөйүн? Мага түк мектеп бетинкөрсөтүшпөдү. Дайыма эле тоо-таштарга качырышып… А он алтыга эми гана чыкканымда күйөөгө, сиздин акеңизге берип жиберишти…

Кыз, кат билбегенине жеңесинин өзү айыптуу эмес экенин түшүнүп, аяп, урматтап карап турду. Ал ансыз деле жеңесин жакшы көрүчү. Ошентсе да, жүрөгүнүн тереңинде, аны таптакыр актап жибере алган жок.

— А сиз эмне үчүн макул болосуз? Күйөөгө чыкпайм дебейсизби? — деди ал, мурдагысына караганда жайыраак.

Жеңеси дагы жылмайды.

— Кыз,— деди анан ал. — Сиз кызык эле сүйлөйсүз да. Ата-эненин айтканына да каршы чыгып болобу? Алардын айтканы айткан, дегени деген да. Анан кала берсе, биздин энчибиз ушундай турбайбы… Биз эрге тийишибиз керек, бала төрөшүбүз керек, бала багышыбыз керек… Мейли, сиз мугалим болуң, доктур болуң, артист болуң — баары бир булардан качып кутула албайсыз. Э, муну бир айтасызбы, эки айтасызбы…

Жеңе нааразы боло колун шилтеп, бас болду.

«Биздин энчибиз».

Бул сөз кайынсиңдиге жага бербеди. Ага аялзаты бүт бойдон кирип жаткан болучу. «Демек, жеңем мени да кошуп жатат да» — деп ойлоду кыз. Анан, кокусунан, китептин кызыгына берилип олтуруп, унутуп койгон нерсесин — өзүнүн эртели-кеч тою түшөрүн эсине түшүрүп алды. Бирпаста, Наташа Ростова катышып жүргөн салтанаттуу бал — кооз дүйнө анын көз алдынан качып кетип, анын ордуна өзүнүн эртели-кеч чечиле турган өкүнүчтүү тагдыры бетме-бет келип, туруп калды.

Ошондо, кыз жеңесин, таттуу түшүнөн ойготуп жибергендиги үчүн апасына заарын чача карап, ыйлап жиберүүгө даяр турган баладай тиктеп турду. «Жок, жок» — деди ал ичинен. Анан, кокусунан, бүткүл ачуусун чачырата, жеңесине:

— Жок! Жок! Жок!—деп кыйкырып жиберди.

Байкуш жеңеси анын эмне болуп кеткенине түшүнбөй, коркуп, алдастап калды.

— Кыз, кыз! — деди ал, шашып. — Ботом сизге имне болду? Кыз жан, мен сизди капа кылайын деген оюм жок эде. Агер сизге бир жамандык ойлосом, жашабай калайын, ылайым.

Кыз, жеңесине бекер эле кыйкырганын, ал байкушта эч кандай күнөө жок экенин ойлоп, ошол эле замат кайра жоошуй түштү.

Жеңеси ага жакын келип, анын жаактарын жаап турган, мажирим талдын чыбыктарындай майда өрүлгөн чачтарын сылай баштады.

— Кыз,— деди анан ал, бирпастан кийин,— Секин жүрүң, мейманканага кирели.

— Неге?

— Келиндер, кирсин, тигилип жаткан кийимдерин боюна өлчөп көрөлү дешип жатат.

Кыз башын көтөрүп, жеңесин кайра ачуулуу карады.

— Акылыңыз менен болуң,— деди жеңеси, кайынсиңдисинин ачуусун байкап.— Жүрүң.

Кыз, жеңесине ачууланганы менен баары бир эч нерсе өзгөрбөсүн түшүнүп, акырын ордунан туруп, жеңесин ээрчиди.

Мейманканада кыз, келиндер көп болучу.

Алар куунак чурулдап кызды ороп алышып, анан, али бүтө элек камзир, желек, көйнөк, тондорду анын боюна өлчөшүп, алардын тар же кең, узун же кыска экендиги жөнүндө талашып-тартышып киришти. Тамашалашты, күлүштү. Бирок кыз болсо, булардын бардыгы ага кыпындай да тиешеси жоктой, көңүл кош, айлан деген жактарына айланып, бурул деген жактарына бурулуп, мисирейип тура берди. Өзүнүн азыркы ролу менен ал, куду магазиндердин витриналарында турган кийимчен манакендерге окшошуп жатты.

Кийимдерди өлчөшүп бүткөндөн кийин, келиндердин экөө тамаша үчүн, өздөрү кештелеп жаткан чоң көшөгөнү кыздын алдына тарта салышты. Кыз жалгыз өзү үйдүн бурчу менен көшөгөнүн ортосунда калды. Ошондо ал, эми андан такыр чыкпай кала тургансып, жакындап келаткан кыздык курагы менен коштошуу сааты жетип калгансып, көздөрү ала чакмак болуп, аябай коркуп кетти. Ал бирпаска, аскага камалып калган эликтей шаштысы кете түшүп, анан, кокусунан, бардык күчү менен көшөгөнүн бир четин кармап турган келинди жыга түрттү да, эшикке атырылды. Артынан үйдү солкулдаткан каткырык көтөрүлдү. Кимдир бирөөлөр «Тазагүл, Тазагүл?» — деп кыйкырып да калышты. Бирок Тазагүл эчтекени уккан жок.

Ал тышка чуркап чыгып, үйдү айланып барып, анын бурчундагы картаң өрүккө жөлөнүп туруп калганда гана бир аз эсине келип, жеңилдей түштү.

Тышта баары жымжырт эле.

Ай көтөрүлүп калган. Анын купкуу, муздак нурлары өрүктөрдүн түбүндөгү бариктерге түшкөн кыроого чагылышып, түрдүү түскө кубулжуп турду.

Тазагүл өрүккө жөлөнүп, айдын нурларына өзүнүн капалуу жүзүн, жаңыдан көтөрүлүп келаткан көкүрөгүн тосуп, бир топко ойлонуп турду да, анан, көп алыс эмес жердеги, жалгыз терезесинен жарык түшүп турган кошуналардын үйүнө карай басты.

Кошуналар, өткөн эле жылы баш кошушуп, а жакында уулдуу болушкан, жапжаш кишилер эле.

Тазагүл, жаш келин менен эжели-сиңдилердей сырдаш болучу. Азыр да ага барып, күйөөсү жок болсо, аны менен бирпаска олтуруп, өзүнүн жүрөгүнө топтолгон муң-зарынан айтып берип, кусалыгын таркатып келүүгө баратты.

Ал жалгыз терезесинин түбүнө келип, акырын ичкериге көз жүгүрттү. Эрди-катындар үйлөрүндө экен. Аялы оту күйүп жаткан очоктун боюна супрасын жайып алып, камыр жууруп жатыптыр Күйөөсү болсо төрдө, дубалга жөлөнүп, буттарын кайчылаштыра сунуп коюп, көздөрүн чала жумган калыпта, комуз дыңгыратып олтурат. А анын жанындагы кичинекей жеңил жууркан улам кыбырап, астынан наристенин заар үнү чыгат.

— Ой, дейм,— деди ушул учурда жаш эне күйөөсүнө — жаныңыздагы баланы бир сооротуп койсоңуз, кудай жалгагыр.

— Балаң мага сооронбойт,— деди ата, калыбын өзгөртпөй.

— Кантип эле сооронбосун? Колуңузга алып, ай-пай десеңиз адегенде.

— Баары бир сооронбойт. Бала апасына гана сооронот. Өзүң ал.

— Ой, ушу сиз ай…

Жаш эне ордунан туруп барып, камыр колу менен чөргөөдөгү баласын алып келди да, анан аны бир колу менен кучактап, экинчиси менен камырын жууруй баштады.

«О-о-ой» — деди Тазагүл алакандары менен көздөрүн басып.

Анан артына бурулуп, кайда баратканын өзү да жакшы сезбей, бактын ичине карай басты. Ал төшөлгөн калың бариктерди, арбайган жылаңач шактардан түшкөн көлөкөлөрдү аралай, секин басып, кең бактын башка бир четине келатты. Кокусунан, ал, эки картаң өрүктүн ортосунда, өзүнүн сөөлөттүү, ийри-муйру бою менен айдын тегерек көзүн бекитип турган төөнү көрдү. Төө колхоздуку болучу. Ал көптөн бери ушул бактан кетпей жүргөн.

Кызга болсо төө өзүнүн жооштугу менен абдан жага турган.

Ал анын жанына жай басып келди. Төө кепшегенин токтотуп, аны бир сүзүлүп карап алды да, анан кайрадан кепшеп кирди.

Кыз, кичинекей алакандары менен төөнүн көкүрөк жүндөрүн бирпаска сылап туруп, анан кокусунан, башын төөнүн көкүрөгүнө угуп, шолоктоп ыйлай баштады.

Бир оокумда ал, башын тез көтөрдү. Ушул минуталарда анын өз үйүнөн, өзүнүн сүйүктүү ата-энесинен качкысы келди.

Мындай ой ага өмүрүндө биринчи жолу келип турган болучу.

Ал кескин түрдө бурулду да, бактын ары жагындагы айдын нуруна кактанып жаткан күзгү талаага карай басты. Ал адегенде чечкинсиз түрдө анда-санда кадам шилтеп барып, анан кокусунан, бирөө артынан кубалап жаткансып, чуркап жөнөдү. Бирок анысы да көпкө созулбады. Күтпөгөн жерден, кандайдыр бир алп колдор анын назик ийиндеринен мыжыга кармап токтотту да, күч менен артына кайрылтты. Ошондон анын көзүнө биринчи болуп бактын башка бир төрүндө кыпкызыл болуп ачылып турган жапжалгыз гүл көрүндү. Гүл — өздөрүнүн ашканасынын алакандай терезесинен түшүп турган коюу нур эле…

Тазагүлдүн дароо деми кайтып, бүт денеси шалдырап, алсызданып кетти. Ал бир топко кыймылдаарга алы келбей, жаш толгон көздөрү менен бактын түпкүрүндөгү кызыл гүлдү телмире карап туруп, анан калтыраган алсыз буттары менен сенделе басып, башын төмөн салып, ындыны өчкөн кейпи менен ошол гүлгө карай жөнөдү.

Гүл али алда канча алыста болучу. Бирок эми ага улам жакындаган сайын, кыздын көзүнө гүл, гүл болуудан калып, жөнөкөй гана терезеге айлана баштады. Ал эми терезенин ары жагындагы турмушка кайрадан жан кирди. Бөлмөлөр, буюмдар, кишилер сүйлөшө баштады.

Ушундан улам, кыз дагы айныды. Буттары өзүнөн өзү алга жылбай, жүрөгү коркунучту сезген коёндун жүрөгүндөй сого баштады. «Жок, жок, жок»—деп шыбырады, дирилдеген эриндери.

Ошондо кыз, бирпаска өздөрүнүн терезесин, аны менен арбашып жаткандай, үн-сөзсүз карап турду да, анан өзүнүн душманы менен бетме-бет келе түшкөн коёнчо, шарт артына бурулуп, чуркап жөнөдү.

Бирпаска бактын чегине чыга келди. Бак менен айлуу талааны бөлүп турган, терең, эндүү аң боло турган. Андан секирди. Аз жерден аңга түшүп кала жаздады. Жардын четин кучактай жыгылып, мурдун канатып алды, алакандарын чөңөргө тилдирди. Бирок ал аларга караган жок. Эптеп ордунан туруп, кайра чуркап жөнөдү.

Көп өтпөй, өзү арасында ойноп чоңойгон, ичи караңгылыкка толгон, коюу, чоң бак, бактын башка бир төрүндөгү, алыстан кыпкызыл гүлгө окшоп көрүнгөн жалгыз терезе таптакыр артта калып кетти…

1966.

[1] «Согуш жана тынчтык» романынан келтирилген үзүндүлөр С.Бектурсуновдун котормосу боюнча берилди. (автор)