КЫЙЫТМА
Атым Калыс, отуз жыл мурда, токойдун четинде мени ылайдан кишинин турпатына окшотуп жасашкан. Бүгүн тилге келип, көп жылдар бою айта албай жүргөн бугумду төгүп берем.
Кээ бир өзгөчөлүктөрүм бар. Мисалы, оң колум бышырылган ылайдан, ал эми сол колум кам ылайдан жасалган. Анан да көзүм, кулагым аябай чоң, а бирок оозум жок жасалганмын. Ал учурда мени жасап жаткандар бири-бирине жымыңдашып, утуру бакалдарды кагыштырып майрамдап жатышса, мунун сырын түшүнгөн эмес элем. Кийинки отуз жылда муну менен мени жасагандар эмнени максат кылганын, эмне үчүн мени мынтип жасашкандыгын терең түшүндүм. Аттиң...
Отуз жыл бою Калатыстандын ортосунда турам. Токой калкынын ортосундагы карым-катнашты мен жөнгө салам. Кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп калса аны чечкени же токойго кандайдыр бир жаңылык киргизиш керек болсо мага келишет уруксат алганы. Анткени мен, токой калкына тили өткөн жападан жалгыз күчмүн. Керек болсо, Калатыстанда менин алдымда арстан менен кумурска бирдей мамиле көрөрү айтылат... Ал кептин учугу мында>>> Кыскасы, мени жасагандар өзүмө өзүмдү ушинтип тааныштырган жана «Сага ушундай ыйык озуйпаны жүктөгөнү жатабыз!» дегенинен, «Макул, токойдун ортосунда кар-кыш дебей, бардык катаалдыкка чыдап, токой калкы үчүн түбөлүккө тик туруп жашап берем!» деп сунушту кабыл алдым эле...
«Торпоктун чуркаганы саманканага чейин»,- дегендей, мени жасаган кишилердин тайыз кишилер экендигин, мени өз кызыкчылыгына ыңгайлуураак кылык жасаганын, көп өтпөй сезе баштадым. Денемдеги кээ бир өзгөчөлүктөрдү байкабастан кетирилген мүчүлүштүк деп ойлочумун. Көрсө, атайын кетирилген «ката» экен…
Отуз жылдан бери Калатыстанда болуп өткөн нелерди гана көрбөдүм. Жылан тарабынан уясына кол салган учурда балапанын коргой албай чыйпылдаган куш эненин күйүтүн, аргасыздыгын, купуя ыйын көрдүм, уктум. Жыланга чара көрүлгөнүн көрбөдүм да, укпадым. Бирок үн ката албадым. Кумурсканын жайы бою эмгектенип, кашыктап толтурган камасын туш келди тараптан жыра тартып чөмүчтөп ташып байыган келемишти көрдүм. Акысын жедирип, ачка калган кумурсканын ыйын, арзы-муңун угуп, көрүп турдум. Ал эми келемиш уурдаганын заматта жер түбүнө ташыгандыктан, эч жоопко тартылганын көрбөдүм. Дыйкандын эгининен бир данды тиштеп үйүнө алып бараткан кумурсканы уру деп, даяр кампадан жыра тартып жегенге көнгөн, кызыл карын келемишти (жердин астында болгондугу үчүн) чагылдыра албаган маймылды көрүп турдум, бирок кеп кошо албадым. Калатыстанда жекелей кумурсканын баркталбагандыгын, алардын үнүнүн көп угулбагандыгын, ыйына кулак берилбегендигин, качан гана жалпылай бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарганда гана алардан кызыкчылыктары менен эсептешилерин көрдүм. Көрсө мени баштан эле, сен көп нерсени көр, ук, бирок сүйлөбө, пикир билдирбе деп кулак, көзүмдү чоң жасап, оозумду түбөлүккө мөөрдөгөн экен...
Отуз жыл бою мени жасагандар мен уккан жана көргөндөрдү өздөрү каалагандай жоромолдошту, өздөрү каалагандай түшүнүштү жана менин көз карашым катары кумурскаларга угузушту. Эч бир учурда менин ичимдеги чыңырыкты угушпады, уккулары келбеди. Токой калкынын адилетсиздикке учурагандарына жалдыраган, жаш куюлган көздөрүм менен ой билдире албай туруп бергенге гана жарадым. «Мен буга макул эмесмин» - деп чыңырып жашап келем. Бирок оозум мөөрдөлгөндүктөн чыңырыгымдын жаңырыгы ичимде гана калып келет...
Токой калкынын көбү менин ыйымдан, кайгырганымдан бейкапар жашап келишет. Көпчүлүгүнүн көзүндө мен байлардын арзыматымын, итимин, токмогумун, маскарасымын... Кызыгы, минтип ойлонгондугу толугу менен эле негизсиз да эмес. Токойдо мен сүйлөбөйм, менин ой-пикирим жоромолдордон гана турат. Андыктан кимдин үнү катуу чыкса менин оозумдан сүйлөй берет... Мен – мени жазгандардын жалганчысымын!
Эч эсимден кетпейт. Бир учурларда, бири-бирине доо коюп, короз менен түлкү келген эле алдыма. Кыскасы, бир күн мурун түлкү тоокканага кирген экен. Дал ошол учурда коргонуу рефлекси иштеген короз түлкүнүн бир көзүнө тээп, тырмактары менен көзүн оё койгон экен. Мынчалыгын күтпөгөн түлкү качып чыгып, араң кутулуптур. Короз үй-бүлөсүн коргогондугун, ал эми түлкү тоокканага жөн гана зыяратка киргендигин, эч кимге кол салайын деген ою болбогондугун жана жок жерден жапа тартып калгандыгын айтып өздөрүн жакташты. Бул ишти караган сот аларды угуп болуп, «Калысбек, жөнү жок жерге түлкүнү тепкилегендиги үчүн, жөн гана салам берип өтөйүн деген жакшы ниетин жаманга жоругандыгы үчүн, тооктор менен түлкүнүн ортосунда пайда боло турган достукка доо кетиргендиги үчүн корозду нечен жылга тоокканасынан ажыратты» деп билдирүү окуган...
Оң кол, сол кол
Мени жасагандар айыптууну кээде оң колум менен, кээде сол колум менен жазалоону буюрушат эле. Адатта күчсүз, үнү бийик чыкпаган, кедей айыптууларды сол колум менен жазалатыптырмын. Бышкан ылайдан жасалгандыгы үчүн чабаарым менен сулата койчумун. Сол колумдун катуулугунан улам нечендерин сулаттым, этин эздим, сазайын бердим. Бул колум менен жанагы короздун да тырмагын чага чапканымды билем. Ушунчалык катуу чапкан экенмин, ал короз өмүрүнүн агына чейин үй-бүлөсүнө кол салган эч кимди тепкилей албай өттү...
Албетте, айыптууну таанышы күчтүү болсо да, кээде жазага тартпай койгонго мүмкүн болбогон абалдар да жаралып жатты. Кумурскалардын көбү бирөөнүн күнөөсүнө күбө болуп калса айла жок экен да. Анткени кумурсканын толкуну жаман, бир толкуса арстанды жетинчи кабаттан кууп түшкөнгө да жетет. Андыктан кээде эл ырыскысына кол салган ууруну, элге жалган сүйлөгөн кыянатчыны да жазалатып коюшумду буюруп жатышты. Кызыгы, аларды дайыма оң колум менен чапчумун. Ойлонуп көрсөм, кам ылайдан жасалгандыгы үчүн эч бир учурда уурунун колун, жегичтин тишин сындыра чаба албапмын. Канча катуу чапсам деле алардын колу же тиши сынгыча өзүмдүн билегим сынып, урганыма бушайман болуп билегимди кармап отуруп калчумун...
Бирок натыйжада бул иш-аракеттердин баары кумурсканын калың катмарын алдаганга жарачу. «Мыйзам иштеп жатат экен» деген түшүнүк жаралып, менин колдорумдагы адилетсиздикке каршы чыккан көп киши болбойт эле.
Ичимден айыптуу экенин даана көрсөм, билсем да аларды жазага тарта албаган учурларым көп болду, азыр да ушундай. Анткени, мен аларды айыптуу деп туйган менен, менин оозумдан алардын күнөөсүз экендиги жаңырып, жаңыртылып турду. Мындайларга катуу колум тургай, жумшак колумду да тийгизе албай келем.
Калың элдин канын, айласы кеткен энелердин көз жашын хансарайынын фонтанынан агызып маашырланган көп кишини көрдүм. Кумурскалардын көзүнөн ыраактарда, Калатыстандан узактарда ыракатына баткан адам турпатындагы макулуктарды көрөм. Анткени менин көзүм так ошол үчүн чоң. Так ошондой эле чоң кулактарымдан улам, токойдун эң ыраактагы учунда жашаган жалгыз кумурска эненин күйүтүн, ыйын, капаланган демин, чарасы куруганда чыккан үшкүрүгүн да угам... Бирок менин колу-бутумду эзелтен байлашкан булар, көзүм менен кулагымды токой элин кыпынына чейин көзөмөлдөп, билип туруу үчүн, алар үчүн эң майда коркунуч пайда болору менен кабардар болуп туруу үчүн чоң жасашкан... Булар, токой элинин абалын, чарасыздыгын, ыйын ийне-жибине чейин көрүп, угуп, аңдап туруп алардын канын соргондон ыракаттана турганчалык пас, нахал, рухсуз алтургай жараткандын жанын кейите турган макулуктар...
Урматтуу калатыстандыктар! Менин оозумду кайрадан жаап, мөөрлөп коюшат кайрадан. Бирок силер бул айткандарымды унутпагыла. Чындыкты менин тилимден эмес, көзүмдөн издегиле. Адатта жансыз жаратылган эстелик, бул чыркыраган чындыкты силерге айтып коюу үчүн, табиятынан чанып өзүнө жан киргизди, тилге келди. Калатыстандагы балит кылыктар жансызды сүйлөтүп ийе турганчалык аша чапты, чектен чыкты.