Ар бир окурман үчүн дилазык: Тобону билбес томсорот

  • 30.01.2023
  • 2347

ИКАЯ 

Илгери бир айылда өтө кедей абышка жашаптыр. Анын келбети келишкен күлүк айгыры болот. Анын атына кызыккан адамдар көп болуп, ал тургай падыша да жигиттерин жиберип, толгон токой байлык, акча сунуш кылышат, бирок ал адам атын сатпайт. Бир күнү турса короодо байланган күлүк айгыры жок.

– Карыган алжыгыр десе! Ушуну көрмөксүң, мындан көрө сатып ийсең пайдасын көрүп жакшы жашабайт белең, – деп шылдыңдашат кошуналары.

– Минтип айтуу али эрте, – дейт абышка, – аттын жоголгону чындык, бирок мунун аягы кандай болорун бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Балким жакшылык, балким жамандыктыр. Мен аны азырынча билбейм, анткени бул окуянын бир үзүмү гана. Артынан эмне болорун ким билет?

Эл карыяга күлүштү. Алар дайыма анын бир аз жинди чалыш экенин билишчү. 15 күн өтөт, бир түнү айгыр кайтып келди. Аны уурдашпаптыр, жөн гана бошонуп кеткени го. Баарынан кызыгы, ал өзү менен кошо он чакты жылкыны ээрчите келиптир…

Кайрадан эл чогулуп:

– Абышка, туура айтыпсың. Бул жаман ийгилик эмес. Бул сага чоң жакшылык алып келиптир, – деп чурулдашты.

— Дагы аша чаап кеттиңер. Айгырдын кайра келгени – бул жакшылыкпы же жокпу, ким билет? — деди камаарабас карыя.

Бул жолу эл көп деле талашкан жок, бирок ичтеринен аныкы туура эмес деп чечишти, – он эки сулуу ат кошулуп келгени жаманбы!

Карыянын жалгыз уулу бар экен, ал жылкыларды мине баштады. Бир жумадан кийин эле аттан жыгылып, эки буту сынды. Эл кайрадан чогулду:

– Сиз өз айканыңызды дагы бир жолу далилдедиңиз! Бул – кырсык. Жалгыз уулуң бутунан ажырап, карыганда куурамай болдуң. Азыр сен мурункуңдан да кедейсиң.

– Анчалык катуу кетпегиле эй! Баланын буту сынды деп эле айткыла. Кырсыкпы же жакшылыкпы – эч ким билбейт. Жашоо деген ар кандай, бизди дагы эмне күтүп турганын кайдан билебиз.

Бир нече жумадан кийин согуш башталып, бардык жигиттер армияга кетти. Карыянын баласы гана калды, анткени ал майып болчу.

Чечүүчү согуш болгондуктан, жаштардын көбү кайтпасын билген бүт айыл чурулдап, боздоп жатты. Алар карыяга келип:

– Сиздин айтканыңыз дагы туура болуп чыкты, аксакал. Ооба, балаң майып, бирок ал сени менен калат, а биздин уулдарыбыз биротоло кетишти.

Абышка аларга мындай деди:

– Жөн эле божомолдой бербегиле. Эмне болорун эч ким билбейт! Уулдарыбыз аскерге жарактуу деп эле айткыла, менин балам аскерге жарабайт. Бул кырсыкпы же жакшылыкпы – бир Кудай билет.

Тыянак: Бир нерсеге жетпей калдым деп өкүнбөгүлө, ар бир жакшы болду деп сүйүнүп тапкан нерсе жамандыктын, а жетпей калдым деп өкүндүргөн нерсе жакшылыктын башталышы болушу мүмкүн.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз