Осаму Дадзай: Тыйылуудан азат күн

  • 01.05.2023
  • 0

АҢГЕМЕ

Мындан төрт жыл мурда болгон окуя. Жайкысын Идзудагы ашынамдын үйүндө экинчи кабатта жашап, иттин ичегисиндей чубалган «роман стилиндеги» повестимди жазып жүргөн кербезим. Бир жолу түнкүсүн мас болуп шаар аралай өзүмдөн кетип велосипед тээп баратып оңкомдон кеттим да, оң бутумду кызыл ашыктан өйдө кокустатып алдым.

Башында анча маани бербедим, кийин кан токтобогонунан доктурга кайрылышка туура келди. Жергиликтүү доктур жашы отуз экидеги толмоч, кебетеси бир караганда Сайго Такамориге[1] окшош жигит. Барсам бутуна тура албай мас. Кабылдамага темтеңдей кирип келсе, аны көрүп кадимкидей соолуга түштүм. Окшошпой жерге кирели, экөөбүз тең ким бирөө айтмакчы, бапбарабар-бипбирдей экенбиз. Жараатымды карап жаткан аны көрүп тарс жарыла жаздаганымчы. Ал да ичтен быкшып күлө берип жарылайын деп калган экен, бир маалда экөөбүз тең тарс каткырып жиберип, ыкшып күлдүк.

Ошондон бери экөөбүз ынакпыз. Кийин байкасам, доктур жарыктык адабияттагы философиялык темаларга аябай кызыккан жан экен, мен да философиялык темалар дегенде жантыгымдан жата калат эмесминби, экөөбүз бул темада сукбатташып калдык. Анын дүйнөлүк көз карашы примитивдүү дуалистикалык теорияга такалат: биз жашаган дүйнөнүн өзөгүндө эки башталыштын күрөшү жатат – мээрим менен жек көрүүнүн кыл чайнашкан кармашы десек жарашат, өз теориясын далилдеп берсе, мунусу кулакка ишенимдүү угулду. А мен Сүйүү деген бир кудайга таянам да, бар болуунун маңызы ушунда дегенге ишенем. Бирок доктур эки башталыштын чуулгандуу күрөшүн талкуулап баштаганда, анын айткандары тамтыгы чыгып тытылган жан-дүйнөмдү сакайтып жибергенсиди, анын айткандарына көп жеринен макулмун. Мен келердин алдын аялына бизге пиво апкелип кой дегени – мээримдин башаты, аный деген аялы андан көрө муну эрмектегиле деп карта көтөрүп келгени – жек көрүүнүн башаты.

Доктурдун аялы бою пекене, тегерек бет, ак жуумалынан келген сындуу жан. Эрди-катындын ортосунда бала жок экен, экинчи кабатта доктур аялдын уяң мүнөз иниси жашайт. Нумадзудагы коммерциялык училищада билим алып жатыптыр.

Кайран доктур беш гезитке жазылыптыр, мага кудай бербеспи, эрте менен сейилдеп жүрүп анын үйүнө бурулам да, жарым саат, кээде бир саат жыргап гезит окуйм. Демейде анын үйүнө арткы эшигинен кирем, верандага олтуруп, доктур аялы сунган кофеден ууртаганча барактары шамалга дирилдеген гезиттен баш көтөрүлбөйт. Кол жеткидей жердеги жашыл көлмөнүн аркы тарабынан суусу ашып-ташкан чакан дайра агат. Дайра жээгиндеги жалгыз аяк жол менен бараткан сүт пуруш мага дайым жадырап салам жолдоп өтөт. Ар күнү ошол маалда дары алганы бир жаш келин келет. Үстүндө жупуну көйнөк, бутунда гэта[2]. Сынынан кандайдыр бир пакизалык байкалат. Кабылдамада анын доктур менен бирдемелерди сүйлөшүп, шаңкылдап күлгөнү кез-кез угулат да, кээде доктур аны тээ чыга беришке дейре коштой басып узатып коёт.

– Дагы бир аз чыдай тур, – бир күнү доктур ага ушинтип кыйкырды.

Бир жолу доктур аял мага бул келиндин таржымалын айтып берди. Жергиликтүү башталгыч мектептеги мугалимдин жубайы экен. Үч жыл мурун күйөөсүнүн өпкөсү ооруп, эми гана оңоло баштаптыр. «Азыр эң маанилүү учур», – деди доктур келинди дагы сабыр кыла турушун эскертип. Келин курган доктурдун айтканынан чыкпайт, кээде гана бук болгон адамдай доктурду жалооруй карап: «Качан анан?» – деп коёт. Анда доктур араң өзүн кармап: «Бир аз чыдай тур дедим го…»

Август этеги ажайып көз ирмемдин күбөсү болдум. Эрте менен адатымча доктурдун верандасында гезит окуп олтурсам, жанымда олтурган доктурдун аялы мага шыбырады:

– Карасаң, өзүнчө жыргап алыптыр…

Башымды өйдө көтөрсөм, маңдайдагы жолдо баягы жупуну көйнөкчөн келин бут учунда каалгый учуп барат, тулку-боюнан кандайдыр бир аруулук жанат… Колунда аппак кол чатыр.

– Доктур ага бүгүн уруксат берди, – доктур аял дагы шыбырады.

Үч жыл – бул айтканга оңой, чамалай келсең жүрөк мыкчылат. Канчалык көп мезгил өткөн сайын, келиндин ошол көз ирмемде калган элеси ансайын ажары артып эсте калды. Буга кээде доктур аялды күнөөлөп кетем…  

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.

[1] Сайго Такамори (1827–1877) – жапон тарыхындагы өтө таасирдүү самурайлардын бири. Аскердик жана саясый ишмердүүлүгү менен өлкөгө таанымал адам.

[2] Гэта – таманы жыгачтан жасалган жапондордун улуттук бут кийими.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз