О`Шакир: Болочоктун жомогу

  • 24.05.2023
  • 4285

Илгери бир заманда
желаргылуу аралда,
ак калпак эл жашаптыр
айкөл болуп жаралган.

Келет мезгил эгемен,
эгемендик деген эл
кан шайлаган экен бир
теңирине теңеген.

Каны чыгып сайпана,
арсалаңдап жар сала,
кан сөөлөтү жок экен
кайсы өлкөгө барса да.

Ал ажонун акылы
ашынса да акыры,
колго алыптыр бийликти
койнундагы катыны.

Башкаралбай бир-бирин
башаламан бийлигиң,
эстен такыр чыгарат
элдин жакыр тирлигин.

Эңшерилип жукарган
эл ырысын жутарлар
тентек үчүн өлкөдөн
тентий баштайт букарлар.

Тагдыр күтмөй болушту
таштап ата конушту.
Калкала деп канатка
казак менен орусту.

Жалпы өлкө каржалып,
жарандары сандалып,
жан сактоого өтүшөт
жалданганы жалданып.

Тентип көбү алыска,
тебеленет намыс да.
Өндүрүшү тонолуп
өлкө батат карызга.

Залим бийлик зарпынан –
запкы көрөт кан чыгар
мыктылардын мыктысы
куугунтук жеп артынан.

Эл каймагы дегендер,
эки жүздүү кеменгер,
дес көрсөтпөй бийликке
дежүр болот берендер.

Шаңдуу чыгып бакырык,
шайлоо деген чакырык
эбегейсиз шаңкылдап
элди кылат макулук.

Чындык бираз өөдөлөп,
чыркыраса көө болот.
Бул өлкөнүн мыйзамы
буйдаланган төө болот.

Зиялылар зирилдеп,
зил көңүлү ириңдеп,
санаа чегип өлкөдө
саналуулар бириндейт.

Көсөм деген жигиттер
көч болалбайт бириккен.
Саясаты өлкөнүн
сазга айланат чириктен.

Эл акыры эл экен,
ээ-жаа бербес сел экен.
Букарага букара
булчуң экен, бел экен.

Кан дөөгүрсүп түгөткүр,
кайран өлкө жүдөптүр.
Айкөл элдин сабыры
акырында түгөптүр.

Кенин сатып чалкыган,
жерин сатып артынан,
жексур ажо акыры
жек көрүнөт калкына.

Калк бир күнү үйүлүп,
как муштумдай түйүлүп,
канды тактан алганы
кансарайга түрүлөт.

Тарых ошол күндөгү
тактан канды сүргөнү – 
төңкөрүш деп тургузду
төбө чачын дүйнөнүн.

Кансарайга киргени
канды таппай жиндеди.
Кабылганын алдынан
камыр кылып ийледи.

Төбөлдөрдү кармады,
төбөсүнөн каңдады.
Көпкөндөрдү Акүйдөн
көчүккө тээп айдады.

Канын ичмек андабы,
канды кармай албады.
Калчылдаган бечара
калк кычуусу канбады.

Качаар таппай тешикти,
кайтарттырып эшикти,
калктан коркуп карайлап
каны житип кетиптир.

Кансыз бийлик болбойт деп,
кансыз өлкө оңбойт деп,
канды кайра шайлашат
калк турмушун оңдойт деп.

Кудай болсун калысым,
куудул экен анысы.
Айылдагы өкүмөт –
ажо болор намысы.

Оңой келип тактыга,
оңбойт элдин бакты даа.
Осол чыкты падыша
Ой келдини чапчыган.

Кечеңдебей тез эле,
көч оңолор кез эле.
Төңкөрүштүн тарыхы
төбөлдөргө сес эле.

Эски бийлик забынан,
эл өх-ү деп жаңыдан,
ажо шайлап кайрале
арылган жок зарынан.

Калкы сыздап бул дагы,
канды тартты мурдагы.
Баягыле бийликтин
бапылдады сурнайы.

Сабак болбой баштагы
саясатты баштады.
Баягыле баягы
Батальондон ашпады.

Канга коюп талапты,
каршылашкан тарапты,
бөрүлөрү бийликтин
бөлүп, бөлүп таратты.

Акүй ичи кууланган
арылбады туугандан.
Эссиз бийлик калтырган
эскирбеди чуулар да.

Батальону бакырып,
референдум чакырып,
падышадай мурдагы
элди кылды макулук.

Курчоосунда бийликтин
куйтулар көп бирдиктүү...

Октябрь, 2007-ж.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз