ТУНЖУРАП КАЛУУДАН БААРЫБЫЗ САКТАНАЛЫ

  • 11.09.2023
  • 1908
  • 1

ТУНЖУРАП КАЛУУДАН БААРЫБЫЗ САКТАНАЛЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге

Бир катар замандаштардын

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Улуттук адабиятты өнүктүрүү жана коомду агартуу мүдөөсүн көздөгөн “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду. “Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал улам бир төӊкөрүштү кайталай бергенден оӊолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу деп эскертип келген.

“Өнөр алды – кызыл тил” деп кыргыз эли эзелтен сөз кадырын эӊ жакшы билген. Өз оюн ачык айткандарды эл башылар эч качан куугунтуктаган эмес. Жаӊылыш же жалаа кепти жүйө менен, көзгө көрүнөрлүк иши менен эле төгүндөп турган.

Олжобай Шакирдин камалышы коомчулукта нааразылыкты күчөтүп жаткандыгы социалдык тармактардагы коомдук пикирлерден ачык байкалууда. Ооба, Олжобайды баатыр көргөзүүдөн алыспыз. Бирок бир чындыкка көз жуумп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы эмес экендигине кепил боло алабыз. Кошоматчылардын барымтасында калган бийликтин күнү тез эле бүтөрүн буга чейинки үч төңкөрүш далилдебеди беле?

Олжобай – элди маданий-агартуу ишине башын сайып, айлыксыз, өз үйүн офис кылып, күнү-түнү жанын карч уруп иштеп жаткан коомдук ишмер. Эл ичинен демөөрчү таап, канча адабий конкурстарды өткөрдү. Мындай демилге өнүккөн өлкөлөрдө сөзсүз түрдө колдоого алынары белгилүү.

“Баш кесмек бар, тил кесмек жок” – бул адамды кордоого эч качан жол бербеген, карөзгөйлүккө дайым каршы туруп келген элибиздин уӊгулуу касиети. Бул өз пикирин, көз карашын ачык айтканы үчүн эч ким куугунтукка алынбашы керек деген эзелки жобо.

Түркүн маселелер боюнча көз караштар сөзсүз айырмаланат, талаш-тартыш жүрүп турат. Коомдун тазарып, өнүгүүгө багыт алышы үчүн бул өтө зарыл шарт.

Ар бир адамдын укугу сакталган, эч кимдин кадыр-баркы тебеленбеген, соттор мыйзамды бекем сактаган, мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга аралашпаган, кары-жашы илим-билимди, маданиятты туу туткан, эли тозбогон мамлекетте жашасак экен деген мүдөө ар бирибиздин оюбузда болсун!

Карөзгөйлүк, өкүмзордук менен эч ким келечектүү, бийик максаттарга жетпейт. Орустун улуу акыны А.С.Пушкиндин “Борис Годунов” трагедиясынын аягындагы сөздөрдү эстеп, ойлонгула: “Эл ТУНЖУРАП турду...”

Түркүн пикирлерди угуп, маселени сөз менен, жүйө менен чечкенге умтулбаган, мыйзамды сыйлабаган жагдай улам бир төӊкөрүшкө баштаган карөзгөй күчтөргө жол ачып коёт.

Урматтуу Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич! Азыр өлкөдөгү мыйзамдуулук силердин эркиӊерге байланыштуу, демек, мамлекеттин тагдыры силердин колуӊарда.

Кыргыздын эзелки наркындагы айкөлдүк, Сөз баалаган калыстык, баарына бирдей караган мыйзамдуулук азыркы бийликтин жолун айкын, кенен кылат деп үмүттөнөбүз.

Жазуучуну боштондукка чыгарыӊыздар!

Сиздерди урматтап,

1.Үмүт Култаева, профессор, филология илимдеринин доктору

2. Садык Алахан, профессор, филология илимдеринин доктору

3. Эсенбай Нурушев, адабиятчы, журналист

4. Жолдош Турдубаев, адабиятчы

5. Назгүл Осмонова, акын

6. Шабдан Сулайманов, акын

7. Аскер Сакыбаева, журналист

8. Аким Кожоев, жазуучу

9. Венера Акматова, профессор, филология илимдеринин доктору

10. Улук Уракун, жазуучу

11. Нурзат Мокенова, акын

12. Рысбек Эшматов, адабиятчы

13. Рахат Аманова, тарыхчы

14. Кенжебек Алдаяр, комузчу

15. Мастура Бердибекова, комузчу, күү изилдөөчү

16. Мезгил Исатов, акын

17. Афина Бакирова, акын

18. Залкарбек Назарматов, адабиятчы

19. Марат Токоев, журналист, акын, котормочу

20. Абдыжапар Нурдинов, журналист

21. Нурмира Жамангулова,

22. Ардак Токой уулу,

23. Тайир Аширбай, акын

24. Сайпидин Султаналиев, журналист

25. Дөөлөткан Кабыкова, психолог

26. Гүлжамал Искендерова

27. Баялы Саркулов, эколог

28. Нурланбек Кайрыев, физика илимдеринин кандидаты, акын

29. Махабат Касейинова, акын

30. Бакай Алмаз, журналист

31. Чолпон Жамгыр,

32. Айтбүбү Орунбаева,

33. Бекдоктур Касымов, окутуучу

34. Мая Осмонкулова, акын

35. Мырза Каримов, коомдук ишмер

36. Замира Сатыбалдиева, пенсионер

37. Жаркын Жакыпова,

38. Кундузбү Маматова, акын

39. Миргүл Өмүралиева, адабият таануучу, мигрант блогер

40. Бакытбек Абдуллаев, адабиятчы

41. Эшмамат Жалилов,

42. Токтобек Үсөнов, сценарист, драматург

43. Индира Алымбаева,

44. Абдывахап Нурбаев, коомдук ишмер

45. Рафаэль Жаныбеков,

46. Сапалкан Арипов, көркөм сүрөт изилдөөчү

47. Айгүл Бакеева, журналист

48. Карыбек Байбосунов, философия илимдеринин кандидаты, профессор

49. Сайрагүл Канаева,

50. Арсыкан Момунтаева,

51. Нурайым Шаршенбаева, жазуучу

52. Айсулуу Көкөева, Жазуучулар союзунун мүчөсү

53. Айнагүл Базарбаева, Жазуучулар союзунун мүчөсү

54. Карамат Токтобаева, журналист

55. Чынара Сарбагышева, акын

56. Райхан Усманалиева,

57. Нуриза Өмүрбаева, акын

58. Бакай Алмаз, жаш калемгер, журналист

59. Гүлзат Бектемирова, жаш калемгер

60. Мундузбек Усупбек уулу, төкмө акын

61. Койчуман кызы Орозгүл, аспирант РУДН

62. Нарсулуу Гургубаева, акын, котормочу

63. Мундузбек Борончуев, төкмө акын

64. Чолпон Босумбаева, калемгер

65. Самат Уранкай, калемгер

66. Накан Жазы, акын

67. Кубантай Эрназаров, физик, окумуштуу

68. Чынара Термечикова, психолог

69. Элгиза Бусурманкулова, акын

70. Манат Бообекова, акын

71. Нурзат Казакова, филология илимдеринин кандидаты, доцент, адабиятчы

72. Жылдыз Камчыбекова, юрист

73. Жылдыз Сатылганова, кыргыз жараны

74. Абдыбакыт Айбашев,

75. Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны

76. Эльдар Абакир, коомдук ишмер

77. Илмира Бечелова

78. Тынчтыкбек Бекташтегин, педагог

79. Мээрим Сайдилкан, котормочу

80. Капар Токтошов, журналист, жазуучу, котормочу

81. Алиман Абдыкеримова, акын

82. Салтанат Орозобекова, акын

83. Кубанычбек Аркабаев, жазуучу, котормочу

84. Төлөгөн Сулайманов, журналист

85. Нургүл Абазбек кызы, мугалим

86. Улукбек Омокеев, мугалим, акын

87. Мелис Маматжанов, мугалим, акын

88. Күлсүнбүбү Соорбекова

89. Амирбек Азам уулу, журналист

90. Клара Кудайбергенова, Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясынын Кыргызстандагы өкүлү

91. Сапар Орозбаков, пенсионер

92. Гүлжамал Искендерова

93. Жылдыз Орозалиева

94. Турдубек Чокиев, композитор

95. Замира Сатыбалдиева

96. Гүлзат Бектемир

97. Кундуз Суранбаева

98. Шайназар Нурали уулу

99. Чолпон Жылдыз

100. Нурсултан Данияров

101. Асылбек Жоодонбеков, педагог

102. Турсунай Сыргатаева, пенсионер

103. Айнура Иманбекова

104. Тахмина Эсеналиева

105. Нургүл Абасбек кызы, мугалим,

106. Акай Бегалиев

107. Индира Алымбаева

108. Сайрагүл Канаева

109. Айнагүл Базарбаева, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү

110. Жумагүл Барктабасова, журналист

111. Ноорузбек Сайпидин уулу

112. Шамшидин Токтосунов

113. Жылдызай Аттокурова

114. Аман Кармышаков, окумуштуу педагог

115. Айзат Кудайберди кызы, акын

116. Жанара Каденова, журналист, “Акчабар” медиасы

117. Арым Абдылдабекоа, маданият кызматкери

118. Анара Кидиева

119. Жакшылык Айтбаев

120. Жанарбек Өмүракунов

121. Гүлина Султанназирова, пенсионер

122. Гүлзат Кудайбердиева, калемгер

123. Тынчтык Чоротегин, тарыхчы, публицист.

124. Акулуева Наргиза, бухгалтер

125. Рысбек Алимов, филолог

126. Ризван Исмаилова, жазуучу, публицист

127. Зуура Маметова, журналист

128. Самат Көчөрбаев, манасчы

129. Гүлмира Жуманазарова

130. Сатканбай Момуналиев, акын, ОшМУ доценти

131. Самара Босумбаева, журналист

132. Гүлнара Джурабаева, фрилансер

133. Өмүрбек Абдырахман, коомдук ишмер

134. Элдияр Элчибек, журналист,

135. Семетей Талас Уулу, журналист

136. Динара Бейшеналиева, жазуучу,

137. Айдай Ивакова, журналист,

138. Бермет Байкелова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,

139. Азиз Дүйшөбаев, журналист,

140. Гүлзада Медралиева, журналист,

141. Саид Рахман, жарандык активист,

142. Жаркынай Кадыркулова, журналист,

143. Азиза Абдирасулова, укук коргоочу,

144. Кайыргүл Урумканова, журналист,

145. Нускайым Манкушева, Кыргызстандын жараны,

146. Бегайым Талантбекова, журналист,

147. Жалил Сапаров, журналист,

148. Мика Үсөналиева, адабиятчы,

149. Дөөлөтбек Шадыбеков, КР Аксакалдар кеңешинин мүчөсү,

150. Азиз Бектурсунов, журналист,

151. Эрнис Кыязов, журналист,

152. Алмазбек Темирбеков, журналист,

153. Бакытбек Уметов, Кыргызстандын жараны,

154. Алмир Алмамбетов, журналист,

155. Перизат Суранова, жарандык активист,

156. Гуля Чороева, Кыргызстандын жараны,

157. Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер,

158. Руслан Акматбек, коомдук ишмер,

159. Алтынай Ташыбекова, мигрант,

160. Рита Карасартова, укук коргоочу,

161. Эрнис Нурдин, Кыргызстандын жараны,

162. Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер,

163. Максатбек Казакбаев, Кыргызстандын жараны,

164. Саку Байзакова, акын,

165. Мелс Кадралиев, Кыргызстандын жараны,

166. Эркина Убышева, укук коргоочу,

167. Мукай Турганбаев, Кыргызстандын жараны,

168. Айгүл Насирдинова, архитектор-урбанист,

169. Нургүл Болотбекова, пенсионер,

170. Бактыгүл Чыныбаева, журналист,

171. Чолпон Орозобекова, журналист, эл аралык эксперт,

172. Нупана Султангазиева, пенсионер,

173. Муктар Тагаев, фрилансер,

174. Гүлнара Баатырбекова, пенсионер,

175. Медер Бишкек, Чыгыш өнөрү боюнча адис,

176. Гүлнур Ракова, нутрициолог,

177. Бактыгүл Капалова, изилдөөчү,

178. Абдыкайым Рахманалы уулу, тарыхчы,

179. Кундуз Исмаилова, журналист,

180. Догдуркүл Кендирбаева, агартуучу,

181. Марат Мүсүралиев, жарандык активист, жеке ишкер,

182. Бурул Калчабаева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург,

183. Эсен Өмүракунов, котормочу,

184. Жетиген Асанбек кызы, мугалим,

185. Нарынгүл Узакбаева, пенсионер,

186. Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу,

187. Айбек Турдалиев, медиаэксперт,

188. Уларбек Ибраимов, Кыргызстандын жараны,

189. Абийрбек Абыкаев, котормочу,

190. Абдыбакыт Айбашев, Кыргызстандын жараны,

191. Назгүл Мамытова, журналист,

192. Айгүл Ниязалиева, журналист,

193. Гүлмира Конушбаева, Кыргызстандын жараны,

194. Саматбек Жетиген, Манас таануучу,

195. Мелис Арыпбек, журналист, публицист, жазуучу,

196. Рахат Жолдошалиева, салыштырма жана эл аралык билим берүү боюнча адис,

197. Эрнис Жээнтаев, жарандык активист,

198. Венера Жуматаева, журналист,

199. Асел Сооронбаева, иликтөөчү журналист,

200. Ниязбек Мамытов, адабиятты сүйүүчү,

201. Баян Жумагулова, журналист, пенсионер.

(Бул кайрылууну колдоп, кол койгусу келгендер коммент жазып, тизмеге кошула берсе болот. Кесибин же иштеген жерин да көрсөтүү керек)

Комментарийлер (1)

  • - Авазбек Жусупбеков (Аваз Жокей) - пенсионер-инженер, жазуучу.

    Толук кошулам. Олжобай Шакирге боштондук!

Комментарий калтырыңыз