Жантуйгума
Сен жөнөткөн кургак мөмө-жемиштер
мага дем-күч, кубат берер жемиштер.
Кем-карчымдын баарын үйдө койбопсуң,
Калың-жука байпак, майкем ойлопсуң.
Абактагы туюп кайгы, зарымды унутпапсың,
ичим жүрөр дарымды.
Эмне зарым – жөнөтүпсүң. Унутпайм!
Мен абакта чөкпөйм, сынбайм, буюкпайм!
Сен өзүңө жакшы кара, жалжалым
жандүйнөңдү убайымга салбагын.
Сыноо баары – мага дагы, сага даа,
мен жок үйдө жалгыздыктан жадаба!
30.08.23
03.09.23
Көз ирмейм – жанымдасың,
бассам-турсам элесиң.
Сен мага табылгасың,
жашоомдогу белексиң.
Абакта ойлор кербен –
каалгып көчкөн булуттай.
Сот мага өкүм берген –
убактылуу турук-жай.
Сен болдуң сагынарым,
ой-санаамдан кетпеген.
Сен болдуң жалынарым,
кучагыңа жетпеген.
Эрдикке шыктандырган,
жантуйгумсуң, жөлөксүң.
Абактан чыккан күн бар –
кучагыңда өрөпкүйм...