О'ШАКИР
БИЙЛИККЕ АЛКЫШ!
Досту мактап, кас-душманды тилдейбиз,
Кастын кээде жакшылыгын билбейбиз.
Бийлик менин берер болуп жазамды,
Бүттүм далай аңгемени, казалды.
Эркиндикте соцтармакка тутулдум:
ТикТок, Фейсбук азгырыгы учурдун.
Интернеттен башым чыкпай күнү-түн,
Тартып келдим Украина күйүтүн.
Мээге толгон оор таштанды жүк менен,
Көп чыгарма баштап койгом. Бүтпөгөм.
Дос, туугандар – убакыттын уурусу,
Жолугушуу, чакыруулар чууручу.
О куураган кыргыз көпкө тойлобос,
Убактыңдын эч убалын ойлобос.
Абак мени бошотту көп мүшкүлдөн,
Азыр менде көз жок, кейип үшкүргөн.
30- КАМЕРА
Телмирип сыртты карайм –
темир тор, туш-туш бекем.
Жатам да күнүм санайм:
“Үйүмө качан кетем?”